Саламатсызбы Үмүт?Дайым ийгиликтин үстүндө жүрүңүз!
1.Жашоо сиз үчүн....?
2.Адамдын сезимдери жөнүндө жазыңызчы?
3.Сүйүү бул- ?(сиз үчүн)
1.Жашоо сиз үчүн....?
2.Адамдын сезимдери жөнүндө жазыңызчы?
3.Сүйүү бул- ?(сиз үчүн)
Саламатсызбы? Рахмат!
Чынында өтө оор суроолор экен. Ойлонуш керек...Философияга жакын эмесмин да.
1. Жашоо мен үчүн ата-энемдин, бир туугандарымдын үмүтүн актоо, алардын ишениминен чыкпай, үлгүлүү болуп жүрүү.
2. Эми адамда көп сезимдер болот эмеспи. Жакшы көрүү, сүйүү, жек көрүү, жаман көрүү, жийиркенүү, жактыруу, бактылуулук, ич күйдүүлүк ж.б. Сезимдер жаманыбы, жакшысыбы негизинен жүрөктөн (душа) чыгат. Калп сезимдер - оюнан.
Жакшы сезимдер адамга жашаганга, жамандык менен күрөшүүгө жардам берип, жакшылыкка үндөйт. Жаман сезимдер "адамды" жеп-жутуп коет. Азыр жакшы сезимдери бар адам жок эмес, аз. Бирок аз деп эле биз дагы сезимдерди кирдете бербешибиз керек."Зло пораждает зло", "Мир не без добрых людей" дегендерди унутпашыбыз керек.
Башкысы адамдык касиеттерибизди, сапаттарыбызды жоготпошубуз зарыл.
3. Сүйүү - мен үчүн... Эхх, эгер сен бирөөнүн жанында өзүңдү эң сулуу, күчтүү, колуңан баары келчүдөй сезип, өзүңө өзүң ишенип, ал да сенин ишеничиңди өзүнө арттырып жүрсө мына ошол сүйүү.

Супер-Инфо
super.kg
видео














