Заманбап медицина адамдагы оорулар менен анын көргөн түшүнүн так байланышын изилдеп чыккан. Бул жерде эч кандай мистика жок. Белгилүү болгондой, уйку абалында да мээ эс албайт. Сырткы факторлорго таасирленбейт,
анткен менен биздин организмибиздин ишин текшерип турат. Азырынча олуттуу оору болбосо деле органдарыбызда кичине эле мандем болсо, бул тууралуу мээге белги жетет. Күндүзү биз бул белгини кабыл албайбыз, а түнү түш аркылуу белги берилет. Мындай түштөргө ишенүү керек.
Оору менен түштүн байланышы барбы?
#1 05 November 2013 - 22:55
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 05 November 2013 - 22:56
Коркунучтуу түштөрдү көрүп, түн ортосунда муздак тер басып кеткен учурлар болот. Бул - жүрөк оорусунан кабар берет. Ошондой эле жүрөк оорулуулардын түшүнө көбүнчө кимдир-бирөөлөрдүн артынан түшүп такай куушу, түпсүз аңга же жардан кулашы кирет. Мындай түштөрдүн баарында өлүм коркунучу болбой койбойт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 05 November 2013 - 22:57
Аягы жок үзүк-үзүк түштөр болушу мүмкүн. Мында көбүнчө жаратылыш кырсыктары:
жер титирөө, жер көчкү, бороон, үйлөрдүн бузулушу... Сиз же сиздин жакын адамдарыңыз урандыралдын астында калып, чуңкурга түшүп, түтүктөргө кирип кетиши мүмкүн. Же болбосо аскердик курал- жарактар атылып, андагы жаңырган үндөрдөн кулагыңыз тунат. Анда сизде гипертония,
башкача айтканда, кан басымыңыздын жогорулашы күтүлүүдө
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 05 November 2013 - 22:58
Мунарык сыяктуу бирде көрүнүп, бирде көрүнбөгөн түштөр. Кыймылдай албаган, кандайдыр оор жүктү көтөрүш керек болгон, чоң дарыядан сүзүүгө туура келген сезимдер. Коркунуч жок, кандайдыр бир кенебестик,
баарыбир деген сезим пайда болот. Эгер сизде да мындай түштөр кайталанып жатса - демек, кан бысымыңыз түшүп кетти.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 05 November 2013 - 23:01
Тез кыймылдар менен коштолгон даана, кээде фантастикалык түштөр кирет. Сизди муунтуп жаткандай, оор бир нерсе төшүңүздө отургандай сезим болот. Же болбосо сизди тирүүлөй жерге көмүшсө, чөгүп баратсаңыз,
дем алууга мүмкүн болбогон жерге же аба жок башка планетага барып калсаңыз, анда сиздин дем алуу органдарыңызда мандем бар. Астма оорусунан сак болуңуз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 05 November 2013 - 23:02
Түшүңүздө картинаны көрүү менен гана чектелбей, кандайдыр бир жагымсыз даамды сезген болсоңуз, кандайдыр бир уруш-согуш, бычактан жарадар болуу, кандын даамы... Мунун баары ашказан-ичеги оорулары .
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 05 November 2013 - 23:03
Эгер түшүңүздө бузулган чийки эт, сасыган балык, уулуу жашылча- жемиштерди көрсөңүз, желбей турган нерселерди жеп алсаңыз же тишиңиз түшүп калса - бул тамак сиңирүүнүн бузулушу .
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 05 November 2013 - 23:06
Кандайдыр бир туңгуюктан,
токойдон, бөлмөдөн жол таба албай камалып калган сезимдер менен коштолгон түштөр болот. Өзүңүзгө тааныш эле жерде жүргөндөйсүз,
бирок, ал кокусунан эле өзгөрүп, баары түшүнүксүз жана таң калыштуу болуп калат. Бул түштөр аркылуу өзүңүздөгү невроздон жана депрессиядан кабар ала берсеңиз болот. Ошондой эле депрессияда караңгыда адашып калуу, коркунучтуу адамдардан жашынуу, өзүнүн өлүп калышы сыяктуу түштөр кирет. Невроздун дагы башка белгилери - тоскоолдуктарды жеңе албоо. Акыркы вагонго жетпей каласыз, башкалар оңой эле секирген аңдан сиз секире албайсыз, таңкалыштуу кийимдерди кийген тааныштарыңызды жолуктурасыз.
ш
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 05 November 2013 - 23:07
Түшүңүздө өзүңүздү өзүңүз жылаңач көрсөңүз, отко күйүп жатсаңыз, мончодо бууланып отурсаңыз, тар, ыңгайсыз кийимдерди кийип алган болсоңуз, канчалык сууну көп ичсеңиз да чаңкооңуз канбай жатса - бул сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын белгиси.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 05 November 2013 - 23:10
Колуңузга салынган кишен же бутуңузга кийип алган тар бут кийим тууралуу түштөрдү көрсөңүз, анда сиздин муундарыңызда жана омуртка сөөктөрүңүздө мандем бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 05 November 2013 - 23:13
Психиатрия чөйрөсүндөгү белгилүү психологдор эгер төмөндөгүдөй түштөр кайра-кайра кирсе, жалпы эле ден-соолугуңузга көңүл буруп коюуну сунушташат:
Эгер түшүңүздө ак көпөлөк көрсөңүз; Сынган ваза, банка же стакан көрсөңүз; Барабандын үнүн уксаңыз; Кир сууну ичсеңиз же ошол сууну бойлой бассаңыз; Тырмактын сыныгын же кыркылган чачтын жерде жатканын көрсөңүз; Чымын, кене көрсөңүз; Лампанын өчкөнүн же Айдын тутулганын көрсөңүз; Күкүктүн үнүн уксаңыз; Чатырда салаңдап турган музду көрсөңүз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#12 05 November 2013 - 23:14
Эгер түштү туура жоруй билсеңиз, ал аркылуу ден-соолугуңузга байланышкан көп нерселерди билип алсаңыз болот. Бирок бул түштөрдүн баарынан эле чочулай бербеңиз, тескерисинче,
алар жакындап келаткан оорулар тууралуу эскертет. А кээде түштөр мындай касиетин жоготуп да коюшу мүмкүн. Андыктан кандайдыр бир жыйынтык чыгараардан мурун түштү жакшылап анализдеп алган оң.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 05 November 2013 - 23:15
А оорудан айыгууда түшкө эмнелер кирет? Ачык тийген күн, жарыкка карай баруу, таптаза, тунук сууга түшүү; Башка бирөөнүн, өзгөчө жаман көргөн адамынын өлүмү; Мушташта, согушта, мелдеште жеңүү; Ачылган гүлдөр, көңүлдүү жаш балдар
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#14 06 November 2013 - 00:45
Туура кобунчо коргон тушум он келет.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#15 06 November 2013 - 09:11
Бул бала козу ачылып жатабы же.... иши кылып сонун темаларды ачып жатат, бирок бул тема туш жоруу темасына ле кошулчудай тема кен.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#16 13 March 2014 - 13:16
Бул бала козу ачылып жатабы же.... иши кылып сонун темаларды ачып жатат, бирок бул тема туш жоруу темасына ле кошулчудай тема кен.
Туш жорууга кошууга болбойт, себеби бул жерде оору жонундо соз козголуп жатпайбы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#18 16 March 2014 - 12:39
Эгер түштү туура жоруй билсеңиз, ал аркылуу ден-соолугуңузга байланышкан көп нерселерди билип алсаңыз болот. Бирок бул түштөрдүн баарынан эле чочулай бербеңиз, тескерисинче,
алар жакындап келаткан оорулар тууралуу эскертет. А кээде түштөр мындай касиетин жоготуп да коюшу мүмкүн. Андыктан кандайдыр бир жыйынтык чыгараардан мурун түштү жакшылап анализдеп алган оң.
Бул жерде жогоруку билдируулорго кайчы пикир жаралып калыптыр. Кээде туштор касиетин жоготот деп...
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#19 27 July 2014 - 14:36
Адамдын түшүнө кирген нерсе анын ден соолугуна түздөн-түз байланышы бар. Мисалы түшүңүзгө өтө коркунучтуу түш кирсе башыңыз тез-тез ооруурун маалымдаса,
жүрөгү ооруган адам түшүндө аны топурак менен басылып калганын же кимдир бирөө көкүрөк тушка сайганын көрөт. Адатта өпкөсү же боору ооруган адамдар үстүнөн оор жүк басып араң дем алып жаткан түш же болбосо ийиндерин кыскан тар кийим түштөрүнө көп кирсе, түшүндө ылай сууну көп кечкендердин буту оорушу мүмкүн. Ал эми ачык түстөгү (сары, ачык жашыл) өңдөрдү түшүңүздө көп көрсөңүз көзүңүздүн көрүүсү начардыгынан кабар берет. Эгерде түшүңүздө айрылган же тар баш кийим кийип жүргөн болсоңуз, мээңиз өтө бат чарчайт. Албетте мындай жагымсыз түштөрдүн киришине биринчи кезекте оңтойсуз салынып жаткан төшөк же ыңгайсыз абалда жатканыңыз себепчи. Ошондуктан жогоруда саналган жагымсыз түштөр кирсе кооптонуп, ызы-чуу кылыштын анча деле зарылдыгы жок. Болгону уктоочу бөлмөңүздү желдетип, өзүңүзгө кам көрүп, жагымдуу жагдай түзсөңүз жагымсыз түштөрдөн арыла аласыз
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........

Супер-Инфо
super.kg
видео













