Кийинүүдө түстөрдү бири-бирине туура айкалыштыра билүү зарыл. Бул адамды модалуу жана стилдүү көрсөтөт, ал эми туура эмес тандоо сырткы келбетти бузуп коёрунда шек жок. Эсиңизде болсун, жакшы түс болбойт, сизге жарашкан түс болот.
Кийимдеги түстөрдү туура айкалыштыруу Aйымдарга кеп-кенеш))
#1 06 November 2013 - 16:44
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 06 November 2013 - 16:45
Түстөрдүн мааниси Кызыл - бул жашоонун түсү. Бул түс активдүүлүктүн,
энергиянын,
күчтүн, кайраттуулуктун,
чечкиндүүлүктүн,
сүйүүнүн, берилгендиктин,
ошол эле убакта ачуунун, каардын белгиси. Астрологияда кызыл түс Марска тийиштүү. Кызыл менен актын айкалышуусу тазалыкты жана гармонияны билдирет. Ал эми кызыл жашыл менен чогуу болбоого тийиш. Анткени, мифологиядан алып караганда Венера (жашыл) Марстын (кызыл) аялы болгон жана ага Фобос (коркунуч) менен Демосту (ужас) төрөп берген.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 06 November 2013 - 16:46
Ач кызыл - бул оптимизмдин түсү. Ач кызылдын психологиялык күчү кызылдыкына караганда алсызыраак.
Бул секелек кыздардын түсү болуп эсептелинет.
Ач кызыл таза сүйүүнү, назиктикти,
жаштыкты, алсыздыкты,
жагымдуулукту элестетет. Бул түстүн өзгөчөлүгү - адамды жумшартат. Дал ушул үчүн айрым өнүккөн өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө агрессивдүү кылмышкерлерди ач кызыл түс менен боёлгон камерага камашат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 06 November 2013 - 16:47
Сары - илим, байкоо жүргүзүү, анализ жүргүзүү менен байланышкан.
Өзүнүн өзгөчөлүгү боюнча сары байлыкты, кыялды, фантазияны,
күчтүүлүктү,
кубанычты, кызганычты билдирет. Жагымсыз жагы - сары - бул убайым, санаа, ажырашуу. Ачык-сары түскө боёлгон жайда көп отуруу башты оорутат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 06 November 2013 - 16:48
Ток сары - бул ден-соолуктун белгиси. Бул түс көбүнчө медицина менен байланыштуу.
Өзүнүн сапаты боюнча энергиянын,
кубанычтын,
жылуулуктун белгиси. Ток сары менен каранын айкалышуусу - бул баатырдык, эрдик дегенди билдирет. Астрологияда бул Күндүн түсү. Ток сары менен көгүлтүр түстү айкалыштырууга болбойт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 06 November 2013 - 16:50
Жашыл түс ден-соолуктун абалын түшүндүрөт.
Психология боюнча бул көктүктү, туруктуулукту билдирет. Жашыл түс көбүнчө жан-дүйнө жабыркаганда,
нерв чарчаганда колдонулат.
Карта оюндары ойнолуучу столдун, бильярд столунун түсү бекеринен жашыл болбойт. Адамдын өзүн-өзү башкаруусунда,
психикалык тең салмактуулукту кармоодо бул түстүн мааниси бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 06 November 2013 - 16:50
Көгүлтүр түс чындыктын, жандануунун белгиси. Ошондой эле бул түс - күнөөсүздүк,
аманчылык. Астрологияда көгүлтүр түс Юпитердин белгиси болуп эсептелинет.
Бул түстү баалаган балдардан эркиндик, камаарабастык сыяктуу сапаттар көрүнүп турат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 06 November 2013 - 16:53
Көк түс - акылмандуулукту,
жооштукту билдирип турат. Астрология боюнча бул Сатурндун белгиси. Сыя - түн, сыр, мистика ошондой эле кайгы, кырсык, карылык дегенди билдирет. Кара - караңгылыкты,
өлүмдү, аза күтүүнү, кыйынчылыкты,
көңүлсүздүктү түшүндүрөт.
Күрөң - оор, орой катары кабыл алынат. Ак түс - тазалыкты, күнөөсүздүктү,
чындыкты түшүндүрөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 06 November 2013 - 16:54
Кийинүүдө муздак жана жылуу түстөрдү айкалыштырууга болбойт! Эгер сиз бир түстүү кийим кийгиңиз келсе, абайлаңыз: башыңыздан аягыңызга чейин жалаң кара, күрөң же боз кийсеңиз, бул түстөр сизди өтө эле капалуу кылып көрсөтүп коёт. Ак түс таасирдүү көрүнгөнү менен бат эле кир болуп калат. Ал эми башыңыздан аягыңызга чейин ачык түстү, мисалы, жашыл же ач кызыл түстүү кийем десеңиз, бул өзүңүздүн эле эмес, айланадагылардын да нервине таасир этет. Андыктан, бир нече түстү айкалыштырып кийинүү сунушталат.
Бирок, бул да эрежеси менен болууга тийиш. А эрежеси эң эле жөнөкөй: жылуу түстөр жылуу түс менен, муздак түстөр муздак түс менен жакшы жарашат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 06 November 2013 - 16:55
Жылуу жана муздак түстөр Түстөр шарттуу түрдө жылуу жана муздак болуп экиге бөлүнөт. Буларды ажыратуу оңой: Суу, муз. Булар муздак. Демек, көк, көгүлтүр жана ушуларга жакын түстөр муздак болуп эсептелинет.
Ал эми күн, от ысык. Демек, кызыл, сары, ток сары жана буларга жакын түстөр жылуу болуп эсептелинет.
Ушуга жараша жаз жана күз мезгилдери жылуутүстөргө басым жасаган кийимдерди талап кылса, жай жана кыш муздак түстүү кийимдерди талап кылат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#12 06 November 2013 - 16:56
Кимге кандай түс жарашат? Ак түс - баарына жараша берет. Бир гана бетинин териси өтө эле кубарган аялдарга көп жарашпайт. Ак түстү башка бардык түстөр менен айкалыштырса болот. Кара түс да бардык курактагы аялдарга жарашат. Ачык түстөрдүн баары менен айкалышат. Сары түс кара чачтуу, кара-тору аялдарга жакшы жарашат. Жашыл түстүү кийимдерди кара-торулар да, ак-саргылдар да кийсе боло берет. Сары чачтуу айымдар жашыл түстүү кийимдерди кийсе жаңылышпайт.
Боз түс - жаш курагына жана келбетинин өзгөчөлүктөрүнө карабай бардык аялдарга туура келет. Бул түс өзгөчө кара жана кызыл түстөр менен жакшы жарашат. Кызыл түстүү кийимдер кара чачтуу, тунук беттүү айымдардын түсү. Көк жана көгүлтүр түстөр ак-саргыл аялдарды көркүнө чыгарат. Бул түстөрдү ак, боз кээде кара түстөр менен кийсе болот. Күрөң чачтууларга сапсары жана кыпкызыл түстөр сунуш кылынбайт. Сүрөттүү кийимдерди тандоодо бир эрежени эске алуу керек: туурасынан кеткен сүрөттөр айымды толук кылып көрсөтөт, ал эми кийимге тигинен түшүрүлгөн сүрөттөр тескерисинче арык кылып көрсөтөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 06 November 2013 - 16:57
kanat4ik
,
мына туура бөлүм!
Кара түстөгү кийимдерди кандай адамдар кийишет? (мүнөзү)
#14 06 November 2013 - 17:30
kanat4ik
,
мына туура бөлүм!
Кара түстөгү кийимдерди канай адамдар кийишет? (мүнөзү)
Мунозу оор басырыктуу адамдар кийсе керек деп ойлойм (жеке оюм))
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#15 06 November 2013 - 18:41
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
#16 06 November 2013 - 19:08
#17 06 November 2013 - 19:10
#18 12 November 2013 - 17:29
Болбогон эле кеп э,анда мени энергиялуу же суйууго туруктуу экен деп ойлошсун деп сары же кызылбы,айтоор жогорудагы тустогу кийимдерди кийип журо берсем болгудай болуп калбайбы?!
#19 05 February 2014 - 19:01
Мен да окугандарымды жаза кетейин.
Бул жылкы кийилүүчү кийимдер күңүрт өңдө
болушу керек: көк,кара же кочкул жашыл. Бир
нече өндөрдү бирдей аралаштырыпалуу модага
ылайык келбейт. Кышкысын жылкынын
терисинеокшош кездемелерден тигилген жана
жалын элестеткен сүрөттөр түшүрүлгөн кийимдерге басым жасасаңыз, быйылкы жылдын
саркечи сиз болосуз.
Психологдордун айтымында көк түс
түбөлүктүүлүктүн символу. Бул түстү
жактыргандар узак жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Кызыгы, көк түс адамдын нерв клеткаларын эс
алдырып, ыңгайлуулукту жаратат. Жаңы жылдык
көйнөк- төр майр амдык маанай берип туруусу керек. Ал үчүн көк түстүү көйнөк тандоонун
алдында анын ар кандай шуру-мончок- тор менен
кооздолгонуна көңүл буруңуз. Кочкул көк түстүү
көйнөктөр түндү элестетип, аны кооздогон
мончоктору жылдыз сы- мал көрүнүп, ажарыңыз-
ды ачат. Эгерде көйнөк- түн кездемесин билгиңиз келсе-таза жибек, баркыт жана жүн
кездемелеринен тигилген көйнөктөргө басым
жасаңыз. Көйнөккө жараша турган шуру,
чынжырча жана сөйкө тандоо абзел. Бул
жагынан алганда адистер быйылкы жылдын
түсүнө жараша сөйкөлөрдүн жана чынжырчалардын жыгачтан жасалган түрүн
сунушташат.

Эгер жашоону түшүнгүң келсе - айтылып жана
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.
жазылып жаткандардын баарына ишене берүүңдү
токтот. Андан көрө, көңүл төшөп көзөмөлдө жана
сезимиң менен ирге.

Супер-Инфо
super.kg
видео