Суперстан: Эриндер эмне дейт? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Эриндер эмне дейт?

#1 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 18:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Чоң ооз Чоң ооздуу адамдар тамак жегенди жакшы көрүшөт. Алардын тамакка эле эмес, бардык нерсеге табити чоң: физикалык, материалдык, интеллектуалдык баалуулуктарга. Чоң ооздун ээлери ар кандай адам менен тил табышып кетүүгө жөндөмдүү, мамилечил, кичипейил, боорукер болушат. Мындай адамдар эмоциясын ачык чагылдырганды жакшы көрүшөт. Адамдын оозу канчалык чоң болсо - ал ошончолук сүйлөөк. Дайыма жана баарынан өзүн биринчи планга чыгарганды сүйгөнү менен курулай мактанганды сүйбөйт. Ошондой эле чоң ооз камырабаган, чечкинсиз мүнөз тууралуу да айтып турат. Мындай адамдар көбүнчө өздөрүнүн ишенчээктигинин курмандыктары болуп калат. Айымдардын чоң ооздуулары үй кожойкеси болгонго караганда карьера жасаганга көп ыкташат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 18:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кичине ооз Кичине ооздуу адамдардын тескерисинче, тамакка болгон табити сыяктуу өз ою менен сезимдерин чагылдыруусу да чектелүү. Ооз канчалык кичине болсо - адам ошончолук түнт. Ал адам ойлорун жашырып, каалап турган нерсесин да ичине катууга көнгөн. Мындай адамдарга катуулук, тактык, оор басырыктуулук, шектенүүчүлүк мүнөздөрү таандык. Алар бир нерсе айтаарда ошол сөздү ичинен таразалап, ойлонуп анан сүйлөшөт. Ошентип бир чечимге келгенче ыңгайлуу учурду өткөрүп да жиберишет. Кичине ооздуу адамдардын ички дүйнөсү бай болот, ошол ички дүйнөсү менен алышып, өзү менен өзү жүрө бергендиктен, сыртынан түнт көрүнөт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 18:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Толук, кенен эриндер Эгер бул айым өзүнө жаккан нерсесине - ал сумка болобу, эркек болобу, ага тезинен ээ болууну каалайт. Ал эркин, башкалардын өзү жөнүндөгү ойлору аны кызыктырып да койбойт. Ошондой эле энергиялуу. Мындай эриндүү айымдар демилгени өз колуна алуудан, жолугушууга эркекти өзү чакыруудан же телефон чалуудан уялбайт. Анын жашоосу дайыма кызыктуу нерселер менен коштолуп жүрөт. "Же азыр, болбосо, эч качан" - бул анын урааны.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 18:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ичке, кенен эриндер Мындай адамдар бардык нерсени алдын-ала пландаганды жакшы көрөт. Жаңы жылдык белектерди бир ай мурун алып койгондон тышкары сапарга да бир ай мурун даярданып, чемодандарын салыштырып коёт. Ушул процесстен ал ырахат алат. Бул айым коомчулуктун алдында эмоциясын чыгарганды жактырбайт, андыктан, ал көбүнчө муздак, түнт, бой көтөрмөдөй сезилет. Ал жактырган эркегинен көп деле сапаттарды талап кылбайт, эң негизгиси, ишенимдүү болсо болду
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 18:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ичке, кичине эриндер Бир орунда отура албаган мындай айым адреналинди, ар кандай жоруктарга туш болгонду жакшы көрөт. Репутациясын бузбоо үчүн башкалар баш тарткан тобокелчиликке бара алат. Анын күчтүүлүгү, эрктүүлүгү эркектерди чочутат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 18:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Ичке, кичине эриндер Бир орунда отура албаган мындай айым адреналинди, ар кандай жоруктарга туш болгонду жакшы көрөт. Репутациясын бузбоо үчүн башкалар баш тарткан тобокелчиликке бара алат. Анын күчтүүлүгү, эрктүүлүгү эркектерди чочутат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 18:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Асыңкы эрини үстүңкүсүнөн чоң Ал дайыма көңүл борборунда болот, анткени, топтон өзгөчөлөнүп турат. Мындай айым өзүнө өзгөчө эркек керек экендигин билет, андай эркек жолукканга чейин убактысынын өтүп жатканына да кайыл. Ал эркегинин кемчилигине көп маани бербейт, аны биринчи көргөндө ким жагып калса, ошол эркек кызыктырат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   saltanat.   06 Ноябрь 2013 - 18:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Жомок болуп кеткен го. Менин 2тааныш кыздарым бар,ооздору кичине,,анан өөөллөө обжора. Тамакты менден көп жешет.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 19:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бантик формасындагы эриндер Мындай формадагы эриндер - чыныгы аялга таандык эриндер. Ал ээсиндеги сүйкүмдүүлүктү, наздуулукту, сезимталдуулукту, ошол эле учурда анткорлукту, калпычылыкты да билдирип турат. Ал эми эркектердеги мындай эрин көйрөңдүктүн жана жеңил ойлуулуктун белгиси. Бул адамдар көңүл борборунда болууну каалашат. Негизинен, алар аябай ак көңүл, кандай гана маселе болбосун чечүүгө жөндөмдүү келишет. Кычыктары ылдый түшүп турган эриндер Бул пессимизмдин белгиси. Мындай ооздун ээлери турмуштун ар кандай татаал кырдаалдарынан чыгууга өздөрүн жөндөмсүз деп эсептешет. Ошол эле учурда алар айланасындагыларды үстүнөн кароого, айыптаганга, уяткарганга жөндөмдүү. Кычыктары өйдө көтөрүлүп турган эриндер Мындай эриндерге ээ адамдар жашоону жана айланасындагыларды сүйүшөт. Андыктан алар менен тил табышуу дайыма жеңил.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Ноябрь 2013 - 19:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Кашка адамдын мүнөзү жашырылган Догоо сымал каштар адамдын назик жан- дүйнөсүнөн кабар берет. Мындай адам сынды жакшы кабыл албайт, кемчилигин айтканды көтөрө албайт. Апрелде төрөлгөн мындай каштуулар эң жакшы дипломаттар, аябай кылдат адамдар. Бардык ишти ойлонуп жасайт, өнүккөн фантазияга, тубаса актёрлук талантка ээ. Алар аферист да болуп кетет, интрига жасаганды жакшы көрөт. Эгер алар декабрь айында төрөлгөн болсо, анда мүнөзү оор. Жумушта талапты катуу коюп, сын айтканды жакшы көрөт. Лидерликке умтулат. Эгер жетекчилик кызматта болсо, кол алдындагыларынын кактабай канын алат. Мындай каштуу адамдар финансисттер, экономисттер, башкы бухгалтерлер болушу мүмкүн. Узун каштуу адамдар эмгекчил, таланттуу адамдар болушат. Мындай каштуулардан көбүнчө юристтер, прокурорлор, соттор чыгат. Декабрда төрөлгөндөр жеке турмушунда жолу болбойт, бир нече жолу ажырашышы мүмкүн. Аялдардын мындай каштуулары - кооздукту баалоочулар. Алар кымбат идиштерди, ар кандай статуэткаларды, кыскасы, оригиналдуу буюмдарды жакшы көрүшөт. Детективдик романдарды жана чет элдик авторлордун гана китептерин окушат. Майда төрөлгөн мындай каштуулар көбүнчө тамеки чегишет. Ал эми августта төрөлгөн айымдар эркектерге назданып, аларды өзүнө тартканга жөндөмдүү. Зер буюмдарын жакшы көрүшөт. Келбеттүү болушат. Уйкусунан ойгонгон соң төшөгүндө ооналактап жатып, кеч турушат. Эркектер болсо куйкум сөздүү болот. Алардын көз карандысыздыгын ушундан билиңиз, аялынын тамак жасап, алдына коюшун күтпөй эле баарын өзү жасап жиберет. Мындай адамдар саясатта, дипломатияда, финансы жана экономика чөйрөсүндө ийгиликке жетише алышат. Коюу каштар - ээсинин өжөр, чечкиндүү экендигинен кабар берет. Эгер бул эркек болуп, декабрь айында төрөлсө, карьераны тез жасап, жетекилик кызматка тез көтөрүлөт. Бул үй- бүлөгө карамдуу эркек, бирок, көпчүлүк убактысын жумушунда өткөрөт. Мындай каштуу эркектер өтө эле кылдат, бирөөгө оңойчулук менен ишенбейт. Ал эми коюу каштуу аялдар эркектерден кем эмес, күчтүү, кайраттуу мүнөзгө ээ. Үй-бүлөгө анча камкор эмес, ага караганда карьера жасаганга жакын. Декабрда төрөлгөн мындай каштуу аялдар турмушка кыйынчылык менен чыгышат, көбүнчө турмуштан жалгыз бой өтөт. Көздөн бийик жайгашкан каштар - юмордун, ачык мүнөздүн, шайырдыктын белгиси. Эгер мындай каштар мартта же июнда төрөлгөн аялдарда болсо, алар физикалык жактан алсыз болгону менен эмгекчил келишет. Көзгө жакын жайгашкан каштар - терең ойлуулуктун, үнөмдүүлүктүн, көтөрүмдүүлүктүн белгиси. Муну эки каштын ортосундагы аралыктан да билүүгө болот: аралык канчалык чоң болсо, адам ошончолук көтөрүмдүү, аралык канчалык кичине болсо, ал ошончолук көтөрүмсүз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Janyla   06 Ноябрь 2013 - 19:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Суроттору менен болсо жакшы болмок, жакшы элестете албайтам( н:бантик сымал эринди).Анан да эрини нормальныйлар деле бар коп суйлогон,кээде карап туруп,тили мене жаагына боорум ооруп кетет :crazy-girl:
Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Жолоочу_altinim_* 07 Ноябрь 2013 - 12:09

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Просмотр сообщения kanat4ik (06 Ноябрь 2013 - 15:53) жазган:

"Толук" - эриндер Эгер бул айым өзүнө жаккан нерсесине - ал сумка болобу, эркек болобу, ага тезинен ээ болууну каалайт. Ал эркин, башкалардын өзү жөнүндөгү ойлору аны кызыктырып да койбойт. Ошондой эле энергиялуу. Мындай эриндүү айымдар демилгени өз колуна алуудан, жолугушууга эркекти өзү чакыруудан же телефон чалуудан уялбайт. Анын жашоосу дайыма кызыктуу нерселер менен коштолуп жүрөт. "Же азыр, болбосо, эч качан" - бул анын урааны.




копиямго копиям)))) анан толук эриндер темпераменттуу да келишет деп окуп калчулем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   msTenteK   07 Ноябрь 2013 - 21:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 15
  • Катталган: 01 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2014 20:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:BISHKEK

a men 4on ooooozgo kowulam men tamakty kop jeym en ele kop suyloym jana suyuugo karaganda karera jazaganga areket kylam tupatuuuuuuuura
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   MEDER_KULETOV   07 Ноябрь 2013 - 21:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 553
  • Катталган: 01 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:16
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас Кара-Буура

биздин форумда коп болсо керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   aj227   12 Ноябрь 2013 - 13:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 27 Август 12
  • Соңку аракети: 09 Сен 2014 02:01
  • Жынысы:Аялзаты

Асыңкы эрини үстүңкүсүнөн чоң Ал
дайыма көңүл борборунда болот,
анткени, топтон өзгөчөлөнүп турат.
Мындай айым өзүнө өзгөчө эркек керек
экендигин билет, андай эркек
жолукканга чейин убактысынын өтүп
жатканына да кайыл. Ал эркегинин
кемчилигине көп маани бербейт, аны
биринчи көргөндө ким жагып калса,
ошол эркек кызыктырат.




ушу мен жонундо экен.туура жазыптырсыз Канат4ик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Askaruli   12 Ноябрь 2013 - 17:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 993
  • Катталган: 22 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Июл 2016 13:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сатуля Мышуля.

Мага бир маалымат жакпады ушулардын арасынан,андай болбой эле койсунчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Prosto-Anjelina   22 Ноябрь 2013 - 02:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 436
  • Катталган: 25 Август 13
  • Соңку аракети: 30 Авг 2021 17:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыскасы бир жерда

Канатчик мырза эң бир акылдуу жан экен даже мен да мынча нерсе билбейм кыз болуп туруп.

Молодец байке так держать СүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   dina   03 Январь 2014 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 593
  • Катталган: 17 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Янв 2022 19:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек-Ankara

Жакшы жазылыптыр, озумдун эринимди кузгудон карап бир жылмайып алдым))) Анан тиги каштар, торолгон даталарга тишим отпой калды.
Буйруса, сиздин көчөңүздө да той болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Negr   03 Январь 2014 - 23:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 309
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Янв 2014 03:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Африка

Просмотр сообщения Prosto-Anjelina (22 Ноябрь 2013 - 02:42) жазган:

Канатчик мырза эң бир акылдуу жан экен даже мен да мынча нерсе билбейм кыз болуп туруп.

Молодец байке так держать СүрөтСүрөтСүрөт

Daje men dagy dep ozundu kim sezip aldyn wumduk.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Sonunka   08 Январь 2014 - 19:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 58
  • Катталган: 17 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 27 Сен 2020 23:37
  • Жынысы:Аялзаты

Асыңкы эрини үстүңкүсүнөн чоң Ал дайыма көңүл борборунда болот, анткени, топтон өзгөчөлөнүп турат. Мындай айым өзүнө өзгөчө эркек керек экендигин билет, андай эркек жолукканга чейин убактысынын өтүп жатканына да кайыл. Ал эркегинин кемчилигине көп маани бербейт, аны биринчи көргөндө ким жагып калса, ошол эркек кызыктырат.
Ушу мен жонундо окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 12 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 12, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 22:20

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: