Аял күйөөсүнө баласындай мамиле жасайт "Кийимиңди ордуна кой деп сага канча жолу айтыш керек?", "Алтыным,
эч нерсеңди унуткан жоксуңбу?"
, "Бул кийим менен үшүбөйсүңбү?
" Күйөөңүзгө катара бул фразаларды сиз да колдоносузбу?
Анда туура эмес кыласыз. Бул аялдар арасында эң кеңири жайылган катачылыктардын бири. Сиз "ал өзүнө-өзү кам көрө албайт, менин көзөмөлүмсүз эч нерсе жасай албайт" деп ойлойсуз. Бирок эсиңизде болсун, күйөөңүзгө баладай мамиле жасаган сайын ал өзүн жаш баладай алып жүрө баштайт. Бардык керектөөлөрүн моюнуңузга алган сайын ал ошончолук сизден көз каранды болуп калат. А көз каранды болуп калгандан кийин менден эч жакка кете албайт деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз.
Сиздин энелик мамилеңиз алгач күйөөңүзгө жагышы мүмкүн, бирок, бара-бара союздун бузулушуна алып келет. Аялдар кетирген бул катачылык сексуалдык нааразычылыктын чыгышынын бирден-бир себеби. Сиздин мамилеңизден улам күйөөңүз сизди энесиндей сезе баштайт. Анан кайсы эркек энеси менен бир төшөктө жатууну кааласын?
Аялдар кетирген катачылыктар
#1 06 Ноябрь 2013 - 19:10
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 06 Ноябрь 2013 - 19:10
2-катачылык. Аял күйөөсү үчүн өзүн курмандыкка чалат Көпчүлүк аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын күйөөсүнө жакпаган үчүн курмандыкка чалышат, ал жактырбаган курбулары же туугандары менен мамилени үзүшөт. Өздөрүн күйөөсүнөн кийинки орунга койгон аялдар өз каалоолорунан баш тартып, күйөөсү аны кандай көргүсү келсе, ошондой болууга аракет кылышат. Күйөөсү үчүн көз карашын, өзүнүн жүрүм- турумун өзгөртө алган мындай аялдарды "эмоционалдык хамелеондор"
деп атап койсо болот. Ошону менен бирге алар күйөөсүнүн максаттарын ишке ашыруу үчүн өздөрүнүн максаттарынан баш тартышат. Эгер сизде да ушундай катачылык бар болсо, анда "күйөөм мени мурдагыдан да көбүрөөк сүйөт, анткени, мен анын каалаганындай болуп жатам" деп ойлооруңуз бышык. Бул оюңуз кээде ордунан чыгышы мүмкүн, бирок, көбүнчө тескерисинен чыгат. Мунун себеби мындай: сиз эркектин сүйүүсүнө арзуу үчүн ар бир курмандыкка барган сайын өзүңүздүн бир бөлүгүңүздү жогото бересиз. Акыры сиздин эч нерсеңиз калбайт, анткени, сүйүктүү болуу үчүн аялдык жан-дүйнөңүздүн баарын жоготуп аласыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 06 Ноябрь 2013 - 19:11
3-катачылык. Аял күйөөсүнө атасындай карайт Кээде аялдар эркектерге аңкоо, эч нерсени түшүнбөгөндөй болуп көрүнгүлөрү келет. Мындай учурда эркектер өздөрүн бир топ тажрыйбалуу,
көп нерсени билген адам катары сезишет. Муну менен аял- күйөөнүн ортосунда ата-кыздай мамиле пайда болот. Эгер сизге күйөөңүз айрым учурларда гана аталык кам көрүп койсо эч нерсе болбойт, бирок, ал сизге такай атаңыздай мамиле кылса - бул олуттуу маселе. Мындай мамилеге көнүп калган соң өз алдыңызча бир нерсе кыла албай каласыз. Качан болсо күйөөңүз келип, сактап калышын күтүп отурасыз. Бул көбүнчө бала кезинде ата мээримин көрбөгөн аялдарга тиешелүү. Анткорсунган мамилеңиз, билип турсаңыз да билмексенге салганыңыз,
түшүнмөксөн болуп ар кайсыны сураганыңыз күйөөңүзгө жагаарында шек жок. Ал мындан ырахат алат, өзүн маанилүү, жоопкерчиликтүү,
күчтүү сезет, бирок, сизди сыйлабай калат, аялындай эмес, кичинекей кыздай мамиле кылууга өтөт. Натыйжада, ортодо сүйүү азайгандан азайып кете берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 06 Ноябрь 2013 - 19:12
4-катачылык. Аял өзүнүн баасын жашырат Айрым аялдар күйөөлөрүнөн өздөрүнүн интеллекттин,
жөндөмдүүлүктөрүн,
талантын жашырышат. Эркектер аялдардагы сонундуктарды жактырышат.
Өзүнүн баасын жашыруу менен жөнөкөй болуп, ошону менен күйөөсүнүн сүйүүсүнө татыктуу болууну каалаган аялдар жаңылышат. Өзүнүн баалуулуктарын күйөөсүнөн жашырууну көнүмүш адатка айланткан аялдар бара-бара аны өздөрүнөн жашыра баштайт. Ар бир эркек жанында өзүнө ишенген аял жүрүүсүн каалайт. Андыктан ичиңизге катып жүргөн сапаттарыңыздын баарын сыртка чыгарып, ачылыңыз!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 06 Ноябрь 2013 - 19:13
5-катачылык. Аял эркекке баш ийип берет аялдын эркекке баш ийүүсүнө кадимки көрүнүш катары карап, атүгүл көпчүлүгүбүз колдойбуз. Бул жерде сыйлоо менен баш ийүүнү ажырата билүүгө тийишпиз. Күйөөңүздүн сынынан коркуп жашаганыңыз - бул аны сыйлаганыңыз эмес. Анын сизге үнүн бийик көтөрүп буйрук бергенине жол берүү менен сиз өзүңүздүн сыйыңызды жоготуп жатасыз. Мунун баарына аялдар өздөрү күнөөлүү. Эмне үчүн? Сизди жаман сөздөр менен урушуп, кыйкырган күйөөңүздөн кайра өзүңүз кечирим сурап, бетинен өбөсүз, бир нече мүнөт мурун эле сиздин сезимдериңизди кордогон күйөөңүз менен төшөк оюнун ойноодон баш тарта албайсыз. Мындан эркек "менин менчигим, ошондуктан,
каалагандай калчайм. Мен эмне кылсам да ал эч нерсе дей албайт, анткени, мени сүйөт" деген жыйынтыкка келет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 06 Ноябрь 2013 - 19:50
Анда канткенде ката кетирбей туруктуу, өчпөс сүйүү менен жашаса болот?
Денги и слава приходят и уходят.
Здоровье- самое главное...
Здоровье- самое главное...
#7 06 Ноябрь 2013 - 20:01
Катасыз жашаш кыйын. Аялдар күйөөсүнө кандай мамиле кылганды өздөрү билишет. Антип каталарын айта берсең ката кетирбей койсо эркектердин жашоосу кандай болор экен.
Баштадыңбы аягына чейин чыгар.
#8 06 Ноябрь 2013 - 20:22
Ката кетирген менен турмуш да,бардыгы эле идеалдуу болсо билбейм анан.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#9 06 Ноябрь 2013 - 21:32
Тема 2-катачылык менен карама каршы келеткеен.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#10 06 Ноябрь 2013 - 22:11
стерва бололубу 'эми ?

Билдирүүнү түзөткөн: altinim: 06 Ноябрь 2013 - 22:12
#11 09 Ноябрь 2013 - 01:12

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12 09 Ноябрь 2013 - 20:18
Урушуп, талашып, кызганыш бул эркек менен аялдын ортосундагы кадимки эле корнушко!
Ансыз жашоо кызыксыз болуп калат! Уй булолу болгон аялдардан сурасанар!
Сизди куйонуз урган же каттуу соз менен бакырганбы деп сурасанар, мени эч качан урбаган бакырбаган деп айта албайт! Эми аялын урбасада!
Каттуу соз менен уй болосун башкарып жургон эркектер коп!
#13 10 Ноябрь 2013 - 02:10
Хмм...карап отурсан жашоодо кездешчу нерселердин баары катачылык экен. Эми жубайлардын артыкчылыктарын жазып тема ачсаныз болчудай...
Altinim, а эгерде биз стерва болсок, баягыле "кобра" деген атка конобуз.
Кыскасы жубайындын табитин таба билуу...
3-су тааааакыр жаккан жок...(
Altinim, а эгерде биз стерва болсок, баягыле "кобра" деген атка конобуз.
Кыскасы жубайындын табитин таба билуу...
3-су тааааакыр жаккан жок...(
В каждой шутке есть доля правды...
#14 10 Ноябрь 2013 - 10:20
Жашоо ушул катачылыктар менен кызык да. Элдин баары ката кетирбей идеальный болуп кетсе анда да кызыксыз болуп калмак.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#15 11 Ноябрь 2013 - 14:04
Анда светая болуп жашаганга конушубуз керекго менимче,,,,,,,
,.
#16 20 Ноябрь 2013 - 21:22
Эркектер кетирген катачылыктарды деле жазгыла, алар деле билип алышсын..
#17 22 Ноябрь 2013 - 20:09
Сын менен адам өсөт дейт, ошондуктан бул сөздөрдү туура кабыл ала билүү керек айымдар!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#19 25 Ноябрь 2013 - 02:51
#20 25 Ноябрь 2013 - 03:31
Katachylygy jok adam bolboit.
Katachylygyn aitpai, jakshy jagyn aitsak jakshy bolmok. Kimdin jakshy jagyn kop aitsak, jakshy jagy koboiot.
Jaman jagyn aita bersek, jaman jagy koboiot.
Katachylygyn aitpai, jakshy jagyn aitsak jakshy bolmok. Kimdin jakshy jagyn kop aitsak, jakshy jagy koboiot.
Jaman jagyn aita bersek, jaman jagy koboiot.