Аялзаты өтө назик, сезимтал, жумшак келет. Эгерде сүйгөнү таштап кетсе же сүйүүсү жоопсуз калса, жан дүйнөсү катуу жараланып, депрессияга түшөт. Унуталбай абдан кыйналат. Дегеле, бактысыз сүйүүдөн "айыгууга"
, аны биротоло унутууга болобу? Албетте, болот... Окумуштуулар өз изилдөөлөрүндө бактысыз сүйүүдөн дарылануунун бир канча жолу жана ар биринин мөөнөтү бар экендигин далилдеп чыгышкан.
Бактысыз сүйүүдөн "дарылануунун" жолдору
#1 07 November 2013 - 14:40
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 07 November 2013 - 14:42
Ыйлоо Кандайдыр бир деңгээлде көз жаш адамды стресс абалынан чыгарууга, кайгынын жеңилдешине жардам берет. Бирок кимдир бирөөнүн көзүнчө ыйлоо зарыл эмес. Мүмкүн болушунча жалгыз калган кездерде эч кимге көрүнбөй жашыруун ыйлаганга аракет кылыңыз
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 07 November 2013 - 14:43
Өзүн-өзү аёо Күнү-түнү өзүңүздү-өзүңүз аяп, боор ооруй бериңиз. Жакшысы, жалгыздыкта эмес, курбуларыңыздын катышуусу менен болсун. Аларды чайга чакырып, арманыңызды айтыңыз. Ошондо курбуларыңыз "акмак тура!", "кантип сени таштап кетти?", "ушунусу туура эмес да", "кайгырба,
эркек көп" деген сыяктуу сөздөрдү айтышары турган иш. Бул аны унутууга жардам берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 07 November 2013 - 14:44
Ачуулануу Жерди бутуңуз менен катуу-катуу тепкилеңиз,
кыйкырыңыз,
кайсы бир идишти сындырып салыңыз, анын сүрөттөрүн айрып-тытып жок кылыңыз, берген белектерин ыргытып жибериңиз...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 07 November 2013 - 14:45
Аны жек көрүү Сизди баалабай-барктабай,
сүйбөй, сыйлабай койгону же көзүңүзгө чөп салып башкага алмаштырып кеткени кандай оор! Сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу бир кадам эмеспи. Аны бардык жаман нерсеге күнөөлөңүз.
Мисалы, байкабай чайды төгүп алсаңыз да ал күнөөлүү болсун. Себеби, сиз анын айынан капаланып атып төгүп алдыңыз...
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 07 November 2013 - 14:47
Өч алуу тууралуу ойлонуу "Мен сенсиз деле сонун жашап кете алам" деген ойго келиңиз. Бул - сиздин "айыга"
баштаганыңыздын белгиси. Эми өч алуунун планын түзсөңүз болот. Мисалы, келечекте жакшы мырза менен таанышып, мамиле түзөсүз. Анан жасанып-түзөнүп,
модалуу кийинип алып, жаңы таанышкан мырзаңыз менен көчөдөн ээрчишип баратсаңыз алдыңыздан ал чыгат. Ал абдан жүдөп, сиз жок кыйналып жатканын айтып кечирим сурайт, бутуңузга чөгөлөйт. А сиз унчукпай күлө карап берки мырзаңызды ээрчип басып кетесиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 07 November 2013 - 14:48
Өч алуудан баш тартуу Башка мырза менен таанышып, мамиле түзүшүңүз мүмкүн деңизчи. Бирок андан өч алууну ойлоо туура эмес. Анын үстүнө, ал сизден кечирим сурабай деле коюшу, алтургай жолукпай калышыңар деле ыктымал. Жогорудагы план сизге оптимист болуу үчүн гана керек болгонун түшүнүңүз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 07 November 2013 - 14:49
"Эмнеге кайгырдым?"
деп күлүү Дайыма кабагы бүркөө жүргөн адамды эч ким жактырбасын унутпаңыз. Күлкү менен сиз өз нервиңизди сактайсыз жана башкаларга жагымдуу көрүнөсүз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 07 November 2013 - 14:50
Аны таптакыр эстебөө Албетте, бул өтө кыйын. Ошого карабай, күн сайын "мен бүгүн аны эстебейм"
деп өзүңүзгө-өзүңүз эскертип турсаңыз, бара-бара бул адатка айланып көнүп кетесиз. Унутуш үчүн конокко барыңыз, китеп окуңуз, жаңы адамдар менен таанышыңыз.
..
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 07 November 2013 - 14:52
досум деп эсептөө Эми ал сиз үчүн дос гана. Дос катары эстеген сайын өзүңүзчө жылмайып коюңуз. Жаман жагын эмес, жакшы жактарын гана эстеңиз. Качандыр бир убакта окуп бүткөн китепти эстегендей эстешиңиз керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 07 November 2013 - 14:53
Жакшы тема экен,унутуу бул онойлук эмесго,бирок конул калуу тез эле.,,,,,,,.Стресс болгон убакта озунон башка,сага эчким жардам бере албайт ,,,,,,,,,,,
#12 07 November 2013 - 14:53
Башкаларга жагуу Бактысыз сүйүүнүн эң жакшы дарысы - башка эркек. Өзүңүзгө кам көрүп, мырзаларга жагууга аракеттениңиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 07 November 2013 - 14:55
Эртең менен бактылуу ойгонуу Бул жерде ашыкча сөздүн деле кереги жок. Баары айтпаса да түшүнүктүү.
Кайсы бир күнү жаңы бактыңыз, жаңы сүйүүңүз менен бактылуу ойгоноруңузга ишениңиз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#14 07 November 2013 - 15:22
+ Бир ок менен атып кетүү! Жаа мененби, же мылтык менен, жыйынтыгы = о дүйнө болушу керек!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#15 07 November 2013 - 15:52
Ыйласан жан дуйнон бошоп,сонун женилдеп каласын.Же эч ким жок жерде бакырып ырдоо дагы.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#16 07 November 2013 - 16:06
Озунду озун алаксытсан эле баары отуп кетет убакыттын отушу менен.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
#17 07 November 2013 - 18:26
Албетте кыйналат да анткени аял заты ото назик келишет.Бирок жашоо эч качан токтоп калбайт кучтуу болуп озун кармаш керек эмне болсо да.Себеби жашоодо жакшы кундор боло бербейт ар бир адам жакшы жаман кундо да эрки кучтуулук менен баарысын жениш керек.
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
#18 12 November 2013 - 17:19
Анан эч качан каргабагыла,
таштап кеткен болсо,наоборот бактылуу болсун десенер,озунорда бактылуу болосунар,башкасы менен болсода.
#19 19 November 2013 - 22:15
Эң жакшы жолу "плевать на всех" деген жол... Өзүң да ыраазы, башкалардын да иши жок...
Судьба не приговор, судьба творение...
#20 22 November 2013 - 20:06
Askaruli, туура айтасыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















