Кандай гана бала болбосун, 4-5 жаш курагында фантазиясы өнүгүп, бир нерселерди ойдон чыгарып алуу жөндөмдүүлүгү күчөйт. Дал ушул куракта болбогон окуяларды айтып баарынын ооздорун ачат. Мисалы, чоңдугу уйдай болгон ит көргөнүн, атасы апасынын чачынан сүйрөгөнүн.
.. Буга таң калуунун, тынчсыздануунун кереги жок. Анткени, бул балдардын өнүгүшүндөгү мыйзамченемдүү көрүнүш.
Балдар эмне үчүн калп айтышат?
#1 07 November 2013 - 22:30
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 07 November 2013 - 22:32
Балдар калптарды кайдан табышат? Бала бул куракта түшү менен чындыкты аралаштырып жиберет. Ошондо түшүндө көргөн нерселерин жашоодо болгондой кылып айта баштайт. Мисалы, досторуна оюнда кыялданып жүргөн буюмун атасы сатып бергенин айтышы мүмкүн
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 07 November 2013 - 22:33
Баланын калпын кандай кабылдоо керек? Психологдор балдардын бул курактагы фантастикалык окуяларын эч кандай эмоцияга алдырбай, кадимки көрүнүш катары кабылдоону сунушташат.
Балдардын фантазиясы менен калп - экөө эки башка нерсе. Чындыкка өтө эле туура келбеген сөздөрүн суроонун жардамы менен жокко чыгарып койсоңуз болот. Мисалы: "Чын эле мышык учат бекен? Кантип эле?" Ошондо бала өзү фантазия менен реалдуулукту карама- каршы коюуга үйрөнөт. Фантазия баланын өнүгүшүнө кандай таасир тийгизет? Уккан-көргөнүн фантазиялоо менен бирге бала айлана-чөйрөнү бир топ түшүнүктүү жана кызыктуу кылып алат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 07 November 2013 - 22:34
Балдардын калпы кооптуубу? Психологдордун көз карашы боюнча, алты жашка чейинки балдардын калп сүйлөгөнүнөн кооптонууга негиз жок. Тескерисинче,
мунун зыянына караганда пайдасы көп. Бала уккан-көргөнүн фантазиялоодо ой жүгүртүүсү өнүгүп, бул баланын нравалык баалуулуктарынын калыптанышына оң таасирин тийгизет. Бирок, эске алчу бир учур бар: эгерде балаңыз алты жаштан кийин да калп сүйлөгөнүн койбосо, анда олуттуу чара көрүүгө туура келет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 07 November 2013 - 22:35
Баланы кантип чынчыл кылып тарбиялоо керек? 1-кеңеш. Балаңызга ишениңиз. Бала сиз ага ишенгениңизди билсин жана сезсин. Ошол эле убакта ал да сизге ишенсин. Ишеничине кирүү үчүн ага берген сөзүңүзгө туруңуз. Кокусунан убадаңызды аткара албай калсаңыз, себебин түшүндүрүп,
кечирим сураңыз. Балаңыз болсо сизден үлгү алып чоңоёт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 07 November 2013 - 22:36
2-кеңеш. Чындык дүйнөнү кармап тураарын кичинекейиңизге баланын тили менен түшүндүрүңүз.
Калпычы адамдар жашоодо чоң жеңилүүгө дуушар болоорун, аларга эч ким ишенбестигин жана аларды эч ким сыйлабастыгын айтыңыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 07 November 2013 - 22:37
3-кеңеш. Чындыкка караганда калп айтууга оңой болгон абалды жаратпаңыз.
Кокус балаңыз чыныны сындырып коюп, аны сиз билип турсаңыз, андан: "Чыныны ким сындырды?"
деп сурабаңыз. Андан көрө: "Мен билем, чыныны сен сындырдың. Айтчы, эмне кылып сындырдың?"
деңиз. Мындай аныктама баланы калп айтуудан сактайт. Анын үстүнө сиздин жумшак мамилеңизден улам балага калп айтуунун зарылчылыгы жок болуп калат. Ата-эненин ашыкча эле катуу жазасы, талабы баланын калп айта баштоосуна алып келет. Кээде бала ата-энесинин талабын аткарууга күчү жетпесин сезип, калп айтат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 07 November 2013 - 22:38
4-кеңеш. Балаңызды суракка албаңыз. Эгер бала дароо эле моюнуна албаса, аны суракка алуу, зордоо пайдасыз. "Жок, мен кылган жокмун!"
- "Сен кылдың!"
- "Мен эмес!" Эгерде балаңыздан шек санасаңыз, жөн гана: "Сен чын айтып жатасың деп ойлойм. Эгер андай болбосо, анда мен капа болом" деп койгонуңуз жетиштүү болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 07 November 2013 - 22:39
5-кеңеш. Балаңыз чындыкты айтса, ал үчүн мактаңыз: "Сен чындыкты моюнга алганың үчүн мен кубанычтамын"
. Мындай учурда "жазаласамбы,
жазалабасамбы?
" деген эки анжы ой туулат. Албетте, жазалоо шарттуу түрдө гана болууга тийиш. Балаңызга катасын оңдоого мүмкүнчүлүк бериңиз. Негизгиси, ага болгон нааразычылыгыңызды билдирип коюңуз. Балаңыз сизди капа кылып койгонун сезсин. Ошондо экинчи жолу мындай кылбоого аракет кылат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 07 November 2013 - 22:40
6-кеңеш. Өзүңүз үлгү болуңуз. Эгер үйдө отуруп телефонго өзүңүздү жок дедиртип койсоңуз, театрга барганда жаш акчаңызды сарамжалдоо максатында жети жаштагы балаңызды беш жашта деп балдар билетин алсаңыз, анда балаңыздын калп айтышына өзүңүз жол көрсөтүп жаткан болосуз. Эгер ушундай абалга туш болуп, ага балаңыз күбө болуп калса, анда сөзсүз түрдө бул иш-аракетиңиздин чыныгы себебин балаңызга түшүндүрүңүз.
Калп айтып, ката кетиргениңизди моюнуңузга алып, мунун өтө ыңгайсыз экенин, бирок, жашоодо кээде болуп тураарын айтыңыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 07 November 2013 - 23:28
Сизге чон рахмат. Ото эле пайдалуу кенштер экен. Теманы дагы улантуунузду суранам.
#12 09 November 2013 - 23:05
Ушуну кайсы жерден окудум эле эч эле эстей албай атам. Бирок, точно окуган экенмин.
Жакшы кенештер. Билбегендер окуп билип алышат.
Жакшы кенештер. Билбегендер окуп билип алышат.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#13 06 April 2014 - 13:00
Жаш балдар коркконунан жалган суйлойт. Баштан откон. Жаштыкта кирингени каналга тушот элек. Апам "кой" десе болбой.Кайра келгенде "дагы каналга туштунбу?"
десе "жок" деп тура берет элем. Болбосо бозоруп билинип эле турам.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#14 14 August 2014 - 18:30
Керектүү кеңештер экен . Улантсак жакшы болмок , тажрыйбасы бар ата - энелер жазсаңар жакшы болмок .
#15 17 August 2014 - 15:22
Чын эле балдар ойдон чыгарып бирдемелерди айта беришет, анан ошого ишенип алышат го бала калп айтпайт деп. Апам айтып калат тагамын кызы кичинекей убагында тайэнеси келсе сизди энем Саадат жинди деди дептир.Анда тайэнем байкуш ой качан,антип калп айтпай жүргүн десе кайра айттыңыз го оона өрүктүн түбүндө турганда деп уят кылган деп.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#16 07 February 2015 - 17:35
Калп айтуу тууралуу ырлар керек болотат эле таап бере аластарбы?
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!

Супер-Инфо
super.kg
видео













