Үй ичиндеги бардык бөлмөлөрдүн ичинен ашкана өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ал - тамактануучу жай. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү тамактануу учурунда чогуу болушат, конок келсе да даам ооз тийгени биринчи эле ашканага башбагат. Ашкананын жасалгаланышы,
андагы идиштердин,
буюмдардын колдонулушу жана жайгашышы жана башка ушул сыяктуу биз көңүл бурбаган майда-барат нерселер да үй ичиндеги энергияга, гармонияга таасир берип турат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Идиш-аяктарда табышмактуу сырлар бар
#1 08 November 2013 - 20:10
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 08 November 2013 - 20:13
Эгерде сиз дайыма тамактанчу идиштин түзүлүшү… Төрт бурчтуу болсо, анда мындай идишти колдонууда абайлаңыз. Себеби, дайыма төрт бурчтуу идиштен тамак ичкен адам чечкиндүү жана ачуулуу, каардуу боло баштайт. Табиятынан урушчаак, чатак мүнөздүүлөрдүн жаман жактары мурункудан да күчөйт. Эгерде сиз өтө жоош, чечкинсиз, бирөөгө көз каранды болсоңуз, күнүгө дал ушундай идиштен тамактанууга өтүңүз. Болбосо мындай идиштерди конок чакырганда гана колдонуу туура. Тегерек болсо, үй-бүлөгө гармония, ынтымак алып келет. Тамактанып жаткан ээсине оң энергия бөлүп чыгарат. Натыйжада, ичкен ашыңыз бат жана жакшы сиңет. Үч бурчтуу болсо, ээсин ойлонбой иш жасоого жана туура эмес сүйлөй берүүгө алып келет. Чыр мүнөздүү жана тез ачуусу келе турган адам болсоңуз, аталган идиштен тамактанбай эле койгонуңуз жакшы болот. Мындай идиштерди сүйүшкөндөр романтикалуу жагдайда тамактануу учурунда колдонушса гана натыйжалуу:
сүйүүнүн күчөшүнө жардам берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 08 November 2013 - 20:15
Ал эми түсү… Кызыл болсо, сүйүүңүздү,
кумардуулугуңузду жалындатат.
Темпераментиңизди күчөтөт. Кара же күрөң болсо, ишенимдүүлүктү,
жан дүйнөңүзгө тынчтыкты берет. Ак болсо, сиздеги ак ниеттүүлүктү жаратат. Көгүлтүр же ток сары болсо, кыялкеч болуп, фантазияңыз өркүндөйт. Идиштерди колдонууда жыл мезгилин эске алыңыз Жазында жашыл түстүү идиштерди колдонууга басым кылыңыз. Анткени, мындай идиштер суукта жана ооруп калган учурларда кошумча энергия берүүгө жөндөмдүү. Жайында столуңуздун үстүндө кызыл, пушту, көк түстөгү идиштер турсун. Булар сезимтал кылып, сүйүүнү жөнгө салат. Мамилелердин жакшы болушуна таасир берет. Күзүндө көк жана ток кызыл түстөгү идиштерди пайдалансаңыз,
булар акылмандуулуктун,
ар нерседеги тажрыйбалуулуктун,
терең ой жүгүртө билүүнүн болушун шарттайт. Кышында кара, күрөң түстөгү идиштер күчүңүздүн сакталышына,
энергиянын топтолушуна көмөк кылат. Ошондой эле… Чопо идиштер үй ээсине байлыкты чакырат. Андыктан, эгерде акча, дүнүйө топтоону көздөп жүргөн болсоңуз, чопо идиштерден тамактана баштаңыз. Мындан тышкары, турмуштан жолу болбой жүргөндөр да чопо идиш колдонуулары зарыл. Фарфор идиштер ачык-айрым, жеңил-желпи сүйлөшүүнү камсыздайт.
Эгерде үйүңүзгө бейтааныш коноктор келсе, бул идиштер оңой-олтоң пикир алышууга, тез тил табышууга жардам кылат. Ашыкча нервденип, көп ыйлап жүргөн болсоңуз, күн сайын фарфор идиштен азыктанууңуз кажет. Бул сизди тынчытып гана тим болбостон, жаңы-жаңы идеяларды жаратышыңызга жол ачат. Эртең менен жумушка жакшы маанайда кетүүнү кааласаңыз да фарфор идиш жардамга келет. Ал эми жатарда фарфорду колдонбой эле коюңуз: уйкусуздукту пайда кылат. Кокус таң аткыча уктабай отуруу керек болсо, фарфор кружкага даярдалган кофе ичиңиз. Айнек идиштер ар бир кожойкеге өзгөчө керек. Булар жан дүйнөңүзгө тынчтык берип, гармонияны пайда кылат. Адамдардын ортосундагы достук бекемделип,
үй-бүлөдөгү чыр-чатактар жакшы жагына чечилет. Сүйүшкөндөр үчүн романтикалуу жагдайды түзөт. Ошондуктан,
сүйүктүүңүздү тамактанууга чакырсаңыз,
столдун үстүнө айнек идиштерди көбүрөөк коюуга аракеттениңиз.
Жаңы баш кошкондорго да айнек идиштерди белек кылган жакшы. Себеби, бул белек алардын бири- бирине тез көнүп кетишине, ынтымактуу жашап кетүүлөрүнө көмөк кылат. Жыгач идиштер туугандардын ортосундагы мамилени чыңдайт. Жыгач идиш өзүнө салынган тамакка оң энергия бөлүп чыгарат, натыйжада, аны жеп-ичкен сиздин күчүңүзгө-күч кошулат. Жаңгактан жасалган идишке чай ичсеңиз, ар нерсени алдын-ала сезе билүү туюмуңуз күч алат. Дары чөптөрдүн күчү жоголбой жакшы сакталсын десеңиз, байтеректен жасалган идишке салып коюңуз. Карагай идиштерди колдонгон кожойкеде акылдуулук,
өткүрдүк бар болот. Керамика идиштер жан дүйнөнү тынч кылып, эмоционалдык абалды жөндөйт. Мындай идиш колдонсоңуз,
адамдар менен тез тил табыша аласыз. Чоюн идиштер сырдуу күчкө ээ. Сизге жаңы күч берип, ички органдарыңызды ар кандай оорулардан сактайт. Ашкана "коргоочулары"
1. Алоэ гүлү. Колуңузду бычакка кестирип алсаңыз, же ысык сууга, отко күйгүзүп алсаңыз, ошол жериңизге алоэнин жалбырагын бассаңыз тез айыгат. Ашканада өстүрүлгөн алоэ кожойкесин ар кандай кырсыктардан,
тамагын жаман жасап алуудан сактайт. 2. Пияз, сарымсак, калемпир. Булардын бирин жипке өткөзүп туруп, ашкананын бир бурчуна илип коюңуз да, тамак-ашка колдонбоңуз.
Же терезеге деле коюп койсоңуз болот. Булар терс энергиянын баарын өздөрүнө сиңирип алышат. Сырттан тескери күчтөрдүн үйгө киришине тоскоолдук кылышат. 3. Ичине сулу салынган идиш. Муну нан турган жерге коюу керек. Ошондо ал үй-бүлөңүздү ачкачылыктан сактайт. 4. Соку, депкир, элек, калбыр үйдө дайыма турса, чыр-чатак, кырсык болуунун алдын-алат. Тынчтык болот. 5. Бал, кыям куюучу идиштер колдонулган үйдө сүйүү жашайт. 6. Туз. Дасторкон даярдап жатканда эң биринчи тузду коюп, жыйнаганда эң акырында алыңыз. Туз тамактанып жаткандарды жамандыктан коргойт. Дасторконго туздан мурда куру идиш, кашык-вилкаларды коюу үйгө жакырчылыкты алып келет. 7. Дасторкондун түсү. Ак түстө болсо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жай жана тынчтыкта пикир алышуусун шарттайт. Оройлукту, уруш-талашты алыс кылат. Сары түс чөккөн көңүлдү көтөрөт. Көк түс ачык-айрым сүйлөшүүгө көмөк кылат. Пушту түс сүйүүнү күчөтөт. Кызыл түс кумардуулукту арттырат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 08 November 2013 - 20:16
Булар кожойке үчүн өтө маанилүү Плита - ийгиликтин символу, От стихиясынын элементи, үй-бүлөнүн очогу. Аны дайыма таза кармоо сизге тынч, бактылуу жашоо алып келет. Андыктан, плитанын кирдеп, булганып калышына жол бербеңиз. Ошондой эле жанына туруп ыйлаганга, урушканга, ырдаганга, өбүшкөнгө, пияз туураганга болбойт. Плитаны ашкананын ортосуна каратып жайгаштырса,
бул үйгө оң энергияны жана байлыкты, акчаны алып келет. Сырткы эшик, даараткана,
ванна, тепкич жана керебет жакты карап, же терезеге жакын турбашы зарыл. Ага тамак жасап жатканда далыңыз ашкананын эшигин карап калса туура эмес. Эч болбосо бөлмөгө кирип келаткан адамды кароо үчүн башыңыз 45 градуска чейин гана бурулушу кажет. Эгерде плитаны ушундай абалда жайгаштырууга мүмкүн болбосо, анда жанына каалга көрүнүп тургудай кылып күзгү илип коюңуз. Бул ашкана буюму От стихиясынын элементи болгондуктан,
Суу стихиясынын элементтерине (раковина, муздаткыч) карама-каршы.
Буларды катар коюу үйдөгү ынтымакты кетирет. Ошол себептүү, плита менен муздаткычтын же раковинанын ортосун Дарак стихиясынын элементтери менен бөлүп коюшуңуз абзел. Мисалы, жыгач табуретка, өсүмдүк тартылган картина, идишке өстүрүлгөн гүл, жашыл сүлгү, ашкананын дубалын же кафелин жашыл түстө кылуу. Эскерте кетүүчү нерсе, духовка дагы От стихиясынын элементине кирет. Раковина - Суу стихиясынын элементи. Аны таза жана жакшы абалда күтүү капчыгыңыздын дайыма толуп турушуна таасир берет. Демек, раковинаны кирдетпеңиз,
түтүктөрүнө идиш жуугандан кийинки тамак- аштын калдыктары тыгылып калып, анын натыйжасында суу акпай калбасын. Буларга көңүл буруңуз. Раковинага түнкүсүн кир идиштерди калтырып койсоңуз, терс энергияларды чогултат. Андыктан, аларды жууп-тазалап жаткан туура. Жакшысы, раковинаңыз металлдан жасалган болсун. Анткени, металлдан жасалган раковина үйгө сырттан кирген терс энергияларды жок кылат. Ал эми таштан, айнектен жана башка нерселерден жасалса, мындай касиетке ээ болбойт. Муздаткыч сиздин финансылык ал-абалыңызды оң жолго салат. Ал үчүн анын ичин кирдетпей дайыма таза кармоо керек экендигин унутпаңыз. Эгерде "муздаткычымдын ичинде азык-түлүк толуп турсун, эч качан түгөнбөсүн"
десеңиз, ичине күзгү орнотуп коюңуз. Колдонулбаган идиштер ашканада турбаш керек, же алардын баарын колдонууга аракеттениңиз.
Болбосо башка бөлмөгө жайгаштырыңыз.
Мунун себеби, узак убакытка колдонулбай калган идиштер өздөрүнө бардык терс энергияларды жыйнап алышат да, үй-бүлөдө чыр-чатактын чыгышын алып келет. Кызыл, пушту,ток сары түстөр - От стихиясынын түстөрү. Бул түстөр үйгө конфликтти чакырат. Андыктан, ашканаңызды ак, көгүлтүр жана ачык жашыл түстө жасалгалаңыз.
Ашканадагы терезенин айнеги ар качан таза болсо, үйгө ийгилик келип турат. Шкафтын, буфеттин эшиги ачык калса, үйдөгү оң энергиянын баарын өзүнө тартып алат. Аны дайыма бекем жаап коюп туруңуз. Ашкананын ачык турган бурчтары терс энергия берип турат. Андан сактануу үчүн бурчтарга гүл коюп койсоңуз жетиштүү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 10 November 2013 - 02:53
Идиштер адамды эмес, адам идиштерди башкарып турса керек? Мындай заманбап ырым-жырымдар курулай убаракерчиликти гана жаратат. Адам чечкиндуу болуш учун торт бурчтуу идишке тамак ичкендин ордуна чечкинсиздигинин себеби эмнеде экенин билуусу керек. Уй буломдо ынтымак болсун деп тегерек идиштерди издесек, акылсыз болобуз. Андан горо уй було мучолоруно туура мамиле жасаганга, балдарга туура тарбия бергенге уйронсок алда канча жакшы болбойбу
#9 17 November 2013 - 17:05
Арнерсенин табышмактуу жагын айтып эле басып журот экенда бул Канатчик деген.
Айтаарым азыр адамдар ырым-жырымга ишенбейт!
Айтаарым азыр адамдар ырым-жырымга ишенбейт!
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#10 29 November 2013 - 17:22
Ракмат,Бул билдируудон он жана терс энергиядан мурун кухнядагы хозайкага тазалыкты жана иретуулукту,
кооздуктун сырын айтылып жаткандай сезилди.Ракмат балам тугонбос кенч жана чарчабас эрки кучтуу жигит окшойсун.
#11 29 November 2013 - 17:35
Фен-шуй китебин катыра окупсуз го,эмгегинизге рахмат!!
!Каалоочулар колдонушса керек,жеке мен коп маани бере бербейм,мунозумон го...
#12 30 November 2014 - 22:37
Ушундай кенештерди берилип окуйм бирок дароо эле эсимен чыгып калат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#14 22 June 2015 - 23:37
"
Эмаль идишти тазалоо"
Эмаль тузга жана кислотага
каршы тургандыгы жагынан эң
бекем материал болуп
эсептелинет. Ал эми анын
кемчилиги – соккуга жана
температуранын кескин
өзгөрүшүнө морттугу. Мындай
учурда эмаль көчүп кетет. Ичи
көчүп кеткен эмаль идишти
тамак жасоодо колдонууга
болбойт, анткени бир аз эле
соккудан ал кайра көчүп,
эгерде анын бөлүктөрү тамак
менен организмге кирсе, ден
соолукка олуттуу зыян
келтирет.
Эмаль тузга жана кислотага
каршы тургандыгы жагынан эң
бекем материал болуп
эсептелинет. Ал эми анын
кемчилиги – соккуга жана
температуранын кескин
өзгөрүшүнө морттугу. Мындай
учурда эмаль көчүп кетет. Ичи
көчүп кеткен эмаль идишти
тамак жасоодо колдонууга
болбойт, анткени бир аз эле
соккудан ал кайра көчүп,
эгерде анын бөлүктөрү тамак
менен организмге кирсе, ден
соолукка олуттуу зыян
келтирет.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#15 22 June 2015 - 23:37
- Эмаль идишти ысык сууга
идиш жуучу каражат же сода
менен жууганга болот. Металл
щётка менен кырганга
болбойт. Эгерде тамак күйүп
кетсе жана ал дароо кетпесе,
идишке муздак суу куюп, туз же
сода салып эки саат коюп коюу
керек.
- Катуу чүпүрөктү сода
кошулган ысык сууга малып,
идишти ошону менен сүрсөңүз
да болот.
идиш жуучу каражат же сода
менен жууганга болот. Металл
щётка менен кырганга
болбойт. Эгерде тамак күйүп
кетсе жана ал дароо кетпесе,
идишке муздак суу куюп, туз же
сода салып эки саат коюп коюу
керек.
- Катуу чүпүрөктү сода
кошулган ысык сууга малып,
идишти ошону менен сүрсөңүз
да болот.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#16 22 June 2015 - 23:38
- Ысык мискейге муздак суу
куюуга болбойт, мындан
эмалдан жарака кетет.
Хрусталь идиш
- Хрусталь идишти муздак сууга
жууңуз. Ысык суудан ал
бозомук тартып,
жалтырактыгын жоготот.
- Бозоруп калган хрусталь
вазаны ирик туз менен уксустун
аралашмасына жуусаңыз
болот.
куюуга болбойт, мындан
эмалдан жарака кетет.
Хрусталь идиш
- Хрусталь идишти муздак сууга
жууңуз. Ысык суудан ал
бозомук тартып,
жалтырактыгын жоготот.
- Бозоруп калган хрусталь
вазаны ирик туз менен уксустун
аралашмасына жуусаңыз
болот.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#17 22 June 2015 - 23:41
- Бир нече тамчы нашатырь
спирти кошулган жылуу сууга
жуулган хрусталь да
жалтырайт.
- Таза чүпүрөккө малып спирт
менен сүртсөңүз, хрусталыңыз
жаркырап сонун көрүнөт.
- Хрусталды жаркыратуунун
дагы бир жолу аны бир нече
тамчы уксус кошулган сууга
чайкап, так калбаш үчүн
идишти таза сүлгү менен
аарчып кургатасыз.
спирти кошулган жылуу сууга
жуулган хрусталь да
жалтырайт.
- Таза чүпүрөккө малып спирт
менен сүртсөңүз, хрусталыңыз
жаркырап сонун көрүнөт.
- Хрусталды жаркыратуунун
дагы бир жолу аны бир нече
тамчы уксус кошулган сууга
чайкап, так калбаш үчүн
идишти таза сүлгү менен
аарчып кургатасыз.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#18 22 June 2015 - 23:43
Темир идиш
- Духовканын дат баскан темир
калыптарын мындай жол
менен тазаласаңыз болот:
күлдүн, ирик туздун жардамы
менен жууп, кургатасыз. Андан
соң өсүмдүк майы менен
майлап, 200°Сден кем эмес
температурага буу жок
болмоюнча ысытасыз. Мындан
соң темир калыпта жука
майлуу чел кабык пайда болот.
Бул чел кабык духовкага
бышырылган азыкты күйүп
калуудан сактайт.
- Духовканын дат баскан темир
калыптарын мындай жол
менен тазаласаңыз болот:
күлдүн, ирик туздун жардамы
менен жууп, кургатасыз. Андан
соң өсүмдүк майы менен
майлап, 200°Сден кем эмес
температурага буу жок
болмоюнча ысытасыз. Мындан
соң темир калыпта жука
майлуу чел кабык пайда болот.
Бул чел кабык духовкага
бышырылган азыкты күйүп
калуудан сактайт.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#19 22 June 2015 - 23:44
Дат баскан калыпты
тазалоонун дагы бир ыкмасы:
калыпка майда кум же ирик
туздан себелеп, кадимки эле
капрон колготкинин
айрындысы менен
жышысаңыз, бат эле таптаза
болуп калат.
тазалоонун дагы бир ыкмасы:
калыпка майда кум же ирик
туздан себелеп, кадимки эле
капрон колготкинин
айрындысы менен
жышысаңыз, бат эле таптаза
болуп калат.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#20 22 June 2015 - 23:45
Айнек идиш
- Айнек стакан, банка,
вазаларды жууган сууга 1-2 чоң
кашык уксус жана 1 чоң кашык
туз кошуп жууп, андан соң таза
суу менен чайкап койсоңуз,
идиштериңиз жалтырап калат.
- Айнек стакан, банка,
вазаларды жууган сууга 1-2 чоң
кашык уксус жана 1 чоң кашык
туз кошуп жууп, андан соң таза
суу менен чайкап койсоңуз,
идиштериңиз жалтырап калат.
Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео















