Келин келди, келин келди! Жаш балдар ушинтип дуулдап чуркап, аялдар боорсогун, жоолугун көтөрүп, этегине чалына шашып калышты. Сигналы жер-сууну бузган апакай "Мерседес"
сүзүп кетчүдөй качырып келип, дарбазага такай токтоду. Машинанын алдыңкы эшиги шарт ачылып, бир аз кызуу Арстан байкем чыкты. Ал жоо чаап келгендей менменсине эки жагын карап алып анан: - Келин келди! Кана, жеңелер, алып киргиле үйгө!- деди буйрук бере сүйлөп. Аялдар жөжө көргөн кулаалыдай машинага жабылып, андан чабалекейдей кызды сүйрөп түшүштү. Чачтары саксайып, корккондон жүзү кумсара, ыйдан көздөрү шишиген арык, али балапан түгү жүзүнөн түшө элек кичинекей кыз эч кимге бой бербей колу жеткенин чаап, туш келе калганын тиштеп, тепкилеп чаңырып жатты. Үрөй учурган бул көрүнүштү карап туруп, карышкырлар талап жаткан эликти элестеттим.
Адамдар деле кээде айбан кебетеленип кетерин балалык өмүрүмдө биринчи жолу ошондо көрдүм. Ызы-чуу түшкөн аялдар кызды туш-туштан жулмалай колдон-буттан алып үйгө сүйрөп жөнөштү. Кыздын ошондогу көздөрү дале көзүмдө. Айласы кеткен бото көздөрү менен эки жагын жардам сурагандай жалооруй карап, чыңырып ыйлай берип бүтүп калган алсыз үнү менен "апа, өлдүм..." деди солуктай. Ошол учурда экөөбүздүн көздөрүбүз чагыла түшүп, анын жалдырай жардам сураган көздөрүн карап тура албай тамды айлана басып кеттим. Баарынан да ушунун баарын карап туруп, колуман эч нерсе келбегенине ичим ачышты. Кечке маал "келиндин апалары келди" дегенде кубанып кеттим. "Азыр баарын урушуп, кызын алып кетишет" дедим балалык кыялымда. Жок, мен ойлогондой болгон жок. Оболу "баарыңды сотко берем, түрмөдө чиритем!"
деп атырылып, сөз укпай алкынып жаткан апасы качан аксакалдар "ачуу басар" деп боолонгон акчаны алдына койгондо жоошуй түштү. - Кыз жыргар жерине ыйлап барат, Алмакан карындашым.
Кызыңа батаңды берип кет, биз да жаман жер эмеспиз,- деди Асан абам. - Ии, биздей жерге куда болсом деп көксөгөндөр канча,- деп Калый апам коштой берди эле, Асан абам көзү менен жекире карап тыйып койду. - Менин кызыма деле көз арткандар толтура. Силерден бай, силерден мыкты жерден келгенде "кызым жаш" деп койбодум беле,- деди кыздын апасы кайрадан көзү бузулуп. - Муну нике кайып, насип дейт, кудагый, катуу кетпейли. Кулдугубуз бар, курубузду мойнубузга салып кечирим сурап турабыз, бир ачууңузду бизге бериңиз эми. Балдар табышып калыптыр, бөгөт болбойлу,- деди Асан абам бакылдап. Чоң эле кишинин каратып туруп калп айтканына таң калдым. Көңүлдөрү табышса, кыз тигинтип чыркырап ыйлап келмек беле? Тигил аял улам жоошуп, анан бир кезде калп эле кыйылган болуп, боолонгон акчаны койнуна салып алды. Кудум мени таштап кетип бараткандай ындыным өчүп сыртка чыгып кеттим. Көз алдымда кыздын жардам сурай жалооруган көздөрү… Ошол бойдон мага жеңе болгон кызды бир жумадан кийин көрдүм. Таң эрте уйду бадага кошкону сыртка чыксам, жеңем короо шыпырып жүрүптүр. Баягы жер-сууну бузуп чыңырган кыз жок. Тагдырына баш ийгендей эки ийини салбырап, кыймылы суз. "Учурашсамбы же көрмөксөн болуп койсомбу?"
деп эки анжы ойдо туруп калдым. Ал менин добушумду уктубу, баш көтөрө бери бурулду. Шашканыман:
- Кандайсыз?- деп жибердим. Жеңем муңайым күлүмсүрөдү.
- Жакшы,- деди акырын. Көздөрү эч бир кубаныч-кайгысы жок, кандайдыр дил үшүткөн муздак кайдыгерлик уялап жансыз тигилет. Бирдеме деп кубандыргым келди, бирок кубандырар сөз жок болчу. Алсыздыгымды сезүү абдан оор тийди. Не кыларымды, ушундай учурга кандай сөз ылайык келерин билбей басып кеттим. Бададан келип, үйгө киргим келбей сарайда максатсыз эле ары-бери басып жүрө бердим. Карегимде жеңемдин көздөрү.
Жеңе
#1 08 November 2013 - 20:27
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 08 November 2013 - 20:30
Мага жеңемдин көздөрүн көрүүдөн оор тозок жок. Күлдө калган алтын капыстан шамал жүзүн ачып, күнгө чагылгандай кээде гана көздөрү алда нени эстегендей нурдана жылт этет да, кайра кайдыгерлик көшөгөлөйт.
Кыймылы бир калыпта суз, милдетин аткарып жаткан немедей жумуштан баш көтөрбөйт, эч кимибиз менен сүйлөшпөйт.
Мен билген көп эле ага- жеңелерим жаңы баш кошкон кезде бири-бирине жоодурай карашканын,
алышып ойногонун көрүп ичим жылып, өзүмөн-өзүм жүзүм албырып, мен да тез эле ушулардай чоңоюп кимдир бирөөнү сүйгүм келип аптыкчумун.
Ал эми булардан мындай мамилени бир жолу да байкаган жокмун. Бейтааныш немелердей бири-бири менен иши жок. Сарайды тазалап жаткам. - Кичине бала,- деген жылаажын үндөн чоочуп кеттим. Жалт бурулсам жеңем. Сүйлөп атканда обон салган мындай коңгуроо үндү биринчи угушум. - Эмне болду?- оозума ушул сөз кириптир. - Сизди чай ичсин дейт. Эмне кылып жатасыз? - Жөн эле, малдын алдын кургактап аткам. - Жардамдашып жиберейинби?
- Жок, өзүм эле, сиз бара бериңиз, мен азыр. - Чайыңыз муздап калат,- деди кете албай кыйылып. Жеңемдин мени менен сүйлөшкүсү келип атканын сезе коюп кубанып кеттим. Не дээримди билбей: - Жеңе, атыңыз ким?- дедим акырын. - Нурзат, сиздикичи?- менин атымды сурарын сурап алып, кайра кызарып кетти,- Мен баары бир сиздин атыңызды айта албайм да. - Эмнеге? Айта бериңиз. Менин атым Нурлан. - Мага сиздин, деги эле бул айылдын адамдарынын биринин да атын атаганга болбойт, салтта жок,- жеңемдин көздөрү муңга толо көлөкөлөндү.
- Сиз салт десе эле макул боло бересизби? - Менин макулдугумду ким сурайт дейсиз. Качан кыз көңүлүнө карап, "кимге тиесиң?" деп сурачу эле. Ата-энелүү кыздар каалаганына тие албагандан кийин мендей жетим кызга эмне жок. - Апаңыз келди го? - Өгөй апам. Ошол күндөн экөөбүз жакын болуп кеттик. Ошол күндөн мага азап башталды. Караганым, аңдыганым эле жеңем. "Качан сууга барат, качан ээндейт?"
деп акмалап караанын кайтарам. Бул сезим эмне экенин аңдай албай, аңдаганга чамам да жетпей өзүм менен өзүм алыштым да калдым. Жеңемди кадимкидей агаман кызганчу болдум. Мунун арты эмне менен бүтөрү мени тынчсыздандырбай,
бассам-турсам эле агамды аңдый берчү болдум.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 08 November 2013 - 20:32
Таң атпай ат сугарганы барсам, жеңем суу алып жатыптыр. Бели бир тутам, такымына чабылган олоң чачы эңкейген сайын ай далысында жыландай ойдолоп эрке чайпалат. Ал чакаларын толтуруп бурула бергенде, атчан демитип турган мени көрүп чочуп кетти. - Сууга келдиңизби?
- дедим жер тиктеп. - Ой, кичине бала, чочутуп жибердиң,- деди ал биринчи жолу кашкая күлүп. Берметтей тизилген тиштери көз уялта жарк этти. Жүзүндө баягыдай кайдыгер муң, уялуу жок, көздөрү баланын көзүндөй күнөөсүз, ошол эле учурда шоктоно жайнап турду. Анан ал алда неге кубангансып шыңк күлүп, баканын ийинине сала бураңдай басып кетти. Оозуман келмем түшүп кала бердим. Бир күнү кечинде кезүүдөн келатсам, жеңем жалгыз уй айдап келатыптыр.
Баглан козунун куйругундай көркөм жамбашы баскан сайын көз кычыштыра наздуу чайпалып, бир тутам бели буралат. - Кандайсыз, жеңе?- канчалык үнүмдү шандуу чыгарсам да, кардыга тамагым кургап кетти. Ал жалт бурула жайдары жарк этти. - Ии, кичине бала, келатасызбы?
- Эмне кечке маал жалгыз? - Сизди утурлап,- деди шоктоно шыңк этип. Бул сөздүн тамаша экенин билсем да өрөпкүп, жүрөгүм тез-тез согуп, бүткөн боюм ысып кетти. - Мен да сизге ээндеп жолукчу учурду күтүп жүрөм,- дедим көзүнөн көзүмдү албай. Эми эле шоктонгон карагат каректери корккондой чоңоё түшүп, жүзү олуттуу тартты. - Кантет, тамашалап койдум. Аттан түшө калып билектен алдым. Жумуру билектери баланыкындай сыпсыйда, жупжумшак экен. - Тамашалагандан өтүп кетти,- дедим энтигип. - Өтүп кеткени эмнеси?- ал колумду кайраттуу кагып салды да,- кантээр экен десе өзүн жигит сезип алганын кантейин, мурдуңду жакшылап аарчып алып, анан тийиш, эркектана,- деп шарт басып кетти. Башыман ылдый бирөө шыргалаң суу куюп жибергендей денем ичиркенип, намыстанганыман ыйлагым келип кетти. "Көрсөтөм сага мурун аарчыганды"
дедим алсыз кекенип. Биздин чөптү дайыма атам "коромжу кыласыңар"
деп ишенбей өзү кыркчу. Бир күнү атам Чоң-Алайга мал алып келгени жөнөп калды. Баратып "Нурлан, чөптү сен кырк, майда, тегиз кылып, ашыкча кылбай өлчөп кырк" деп мага дайындады. Ичимен жым эте түштүм. Жеңем кечинде уй сааганы чыкканда артынан чыктым. Чачын төбөсүнө түйүп, бир байлам өрттөй кызыл жоолукту кыйгачынан бууп алган жеңем көзүмө мурдагыдан да сулуу көрүндү. Чочутуп албайын деп ага көрүнбөй чөптү кыркып, анан качан жеңем жумушун бүтүп, түшө берерде чөптөн сарайга сыйгаланып түштүм да, караңгыга боюмду тарта күтүп турдум. Боюна жабышкан чөп-чарды тазалап келаткан жеңем мени байкаган жок. - Жеңе, мурун аарчыганга жүз аарчы жок беле? Жеңем чочуганынан аз жерден чыңырып жибербей, кайра өзү оозун басып калды. Кетенчиктей берген келинди кымча белден ала боорума кысып жалынып жибердим. - Жеңе, коё тур, качпачы менден. Жаман оюм жок. - Коё бер, бала, кыйкырам!
- деди энтигип. - Кыйкыр, жеңе, кошо кыйкыралы, мен да жүрөгүмдү курттай жеген сагынычтан,
кызганычтан кыйкыра албай араң жүрөм. Эмне, сага менин агамдан башка эр табылбадыбы?
Эмне мени азапка салып биздин үйгө келдиң?- дедим көптөн бери жыйылган ызам тилиме чыгып. - Андай дебе, бала, муну нике кайып дейт,- деди ал мени жоошутууга аркеттенип токтоо сүйлөп. Мен жоошучу кезден өтүп кеткен элем. Жеңемден келген жыпар жыт, жүзүмө бүркүлгөн ысык дем дене-боюмду өрттөп, жарылып кетчүдөй чыңалып бараткам. - Жеңе, мен сенсиз жашай албай калдым. Мейли, каргап, башка-көзгө койгулап кыйкыр, артыңан калбайм,- дедим аптыга боорума дагы бекемирээк кысып. - Баласың да...- жеңем мурдагыдай качпай, терең күрсүнө мойнума жумуру билектерин орой көкүрөгүмө башын койду. Ошондо чыдабай бүлдүркөн эриндеринен өпкүлөп жибердим. Ысык эриндер бири-бирине чапталып, эс-учубузду жогото чөпкө куладык. Башым тумандап, бүткөн боюм ичимди каптап кеткен өрттөн жарылып кетчүдөй чыңалып, колдорум өзүнөн-өзү келиндин көйнөгүн түрүп салып, кош мамагына жармашты. Ысык мамактар тирсие чыңалып титиреп туруптур. - Бала...- деди таттуу онтоп. Бул онтоо менин акыркы чыдамымды жууп кетти. Карбаластай бир колдоп чечинип, бир колум менен келиндин ичке белин бекем кучактай көкүрөгүм менен ныгыра бастым. Жеңемдин апакай тизелери караңгыда агарып көзгө ысык. Өрттөнгөн ысык "уяча" менин сүйүү артынган, жан кумар эңсеген эркектик кудуретимди күтүп тургандай өзүнө тартып кетти
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 08 November 2013 - 20:33
Айланайын, ай, күнөөмө өрттөлмөй болдуң го,- деди ал оозунан жалын бүркө. Бул кыңкыс онтоодо нааразылык эмес, жан жыргаткан кумар бар болчу. Биз бир бүтүнгө айланып, жыландай туйлап канча жаттык билбейм. Биринчи келин эсине келди. - Тур, бала, бирөө келип калбасын,- деди мойнуман кучактай ысык шыбырап. Боорума кыса кучактап жалындым. - Каралдым, жеңе, ай, эми адам эмес, ажал келсе да коркпойм. - Антпе, чечек, ажалдын сенде эмнеси бар экен? Сен эмне, баласың да, сенде эмне күнөө? Мен бейбакты Кудай урду. - Жеңе, мен сени... "Сүйөм"
деген сөздү айтуу ушундай оор экенин биринчи жолу азыр сездим. Канча кыздарга бул сөздү айтканда анын мындай кудуреттүү,
сүрдүү экенин сезбептирмин.
- Барагой, экинчи минтпей жүр, бала,- деди бою башын оңдоп жаткан жеңем, уурулугу кармалып калган немедей көзүмө тик карай албай. Бураң бел келин чыгып баратып, босогого жеткенде бирдеме айтчудай кыйыла токтоп калды да, мени муң толгон карагат каректери менен ушундай бир армандуу карап туруп, анан көз чарасында кылгырган жашын сөөмөйү менен чертип салып, шарт чыгып кетти. Жеңем айткандай эми "минтпей"
коё алмак эмесмин. Алдыда эмне күтсө да, бул ысык, таттуу эриндерден,
өрттүү кучактан, наздуу кумардан, ичке белден баш тарта албасымды, балалык менен коштошконумду тээ дил тереңинен сездим.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 08 November 2013 - 21:08
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#10 08 November 2013 - 21:46
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 08 November 2013 - 21:53
#15 09 November 2013 - 00:38
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#18 10 November 2013 - 20:29
Бул чыгарманы кыргыздын белгилуу эле калемгери жазган. Атын унутуп жатам. Так ышто Канатчик уланта албайт
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#20 10 November 2013 - 21:33
Мына сага .... Бул чыгарма бираз аша чаап кеттиби бейм.....деги эмнеси болсо да ыйман берсинчи ошол иничекке,женесине да ....

Супер-Инфо
super.kg
видео



















