Суперстан: "Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Мен кыргызмын!
• > Адабият жана поэзия
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (22 бет)

• « 1

• 15
• 16
• 17
• 18
• 19

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

"Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. Райханга азап тартуулаган сүйүү.

#321 Пользователь офлайн   Sairagul77   06 Ноябрь 2013 - 14:12

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 177
• Катталган: 04 Октябрь 13
• Соңку аракети: 04 Авг 2015 08:44
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Кыргызстан

Чыгарма турмуштан алынганы даана корунуп турат.Мага Райхандын токтоолугу, сабырдуулугу жакты.Мурда гезиттен толук окуп бутпой калганыма окунгон элем.Кларанын шарапаты менен толук окуп буттум рахмат.Экинчисин чыдамсыздык менен кутом.Чыгарманын авторуна алкыш.:ханыша:
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#322 Пользователь офлайн   Dani.94   06 Ноябрь 2013 - 14:12

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 7
• Катталган: 08 Июнь 13
• Соңку аракети: 25 Дек 2013 17:15

Аябай кызыктуу экен эми 2чисин чыдамсыздык м.н кутом го. Клара эже чон рахмат сизге жазып койгонунузга. Нуржамал эже сиз дагы коптогон чыгармаларды жаратып журо бериниз ийгилик сизге!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#323 Пользователь офлайн   Karalin   06 Ноябрь 2013 - 14:16

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 18 Июнь 13
• Соңку аракети: 26 Мар 2014 03:47

Лолу кыз деп, суперге чыкса керек эле. 2003-2005 жылдары жэ 2002 би эсте жок. Экинчиси качан жазылат, жэ жокпу экинчи болугу??
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#324 Пользователь офлайн   Ханбийке   06 Ноябрь 2013 - 14:16

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 247
• Катталган: 24 Май 09
• Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
• Жынысы:Белгисиз

Теманы 57 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 12, коноктор 45, жашыруун
колдонуучулар 0
Ханбийке,
uluk_kgz ,
Агата Кристи ,
Joldoshbekova.a ,
Dani.94 ,
Sairagul77 ,
Beka_89_kg ,
Karalin ,
Azem2013 ,
Clara_Zh ,
k_a_lebedi ,
sonka89.
Мындай "рекордду" корбосом керек.)))))))))))))
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#325 Пользователь офлайн   Clara_Zh   06 Ноябрь 2013 - 14:16

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 930
• Катталган: 24 Апрель 13
• Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

Агата Кристи (06 Ноябрь 2013 - 14:06) жазган:

Мага он минут бергиле ээ, архивден карап таап о у сун ондоп акырын бере баштайын. Мен дагы Кларага окшойп майдалап, жакшы жерине келгенде токтотуп коюп кыйнайт окшойм)))

Сиз эми, комп менен эле жазасыз да. Кобурооктон эле жаза бериниз.
Меники озунчо эле сериалдардай болуп кетти окшойт. Мурун, башында кызык жеринен токтоткон кызык болчу мага, мен келгенче " уландысыы , калганыы, анан эмне болдуу, ыйлайын деп калдыым" дегендерин окуп алып куло берчу элем. Кийин кайра "мен келгенче тытып жиберишпесе экен" деп кызык эмес жерин издеп калбадымбы :tongue: :)
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#326 Пользователь офлайн   Joldoshbekova.a   06 Ноябрь 2013 - 14:18

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 151
• Катталган: 07 Октябрь 13
• Соңку аракети: 31 Мар 2014 19:17
• Жынысы:Белгисиз

Бул канчанчы жылдары болгон окуя?

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#327 Пользователь офлайн   Karalin   06 Ноябрь 2013 - 14:22

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 47
• Катталган: 18 Июнь 13
• Соңку аракети: 26 Мар 2014 03:47

Агата Кристи (06 Ноябрь 2013 - 10:42) жазган:

Баса, туугандар менден Сюрприз! "Цыган кыз-2" чыгармамды Клара бул чыгарманы буткондон кийин жарыялап баштайын деп турам. Анда Райхандын кызынын тагдыры суротолот. Эгерде уландысын окуганды кааласанар мен даярмын!)))

Тагдыр-Оюну 2 сезон чыгарма 1 болум бутту. Тагдыр-Оюну 2 сезон, башталды деп кое берсек туура эле болот экен.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#328 Пользователь офлайн   Агата Кристи   06 Ноябрь 2013 - 14:31

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Бисмиляхи-исмиляхи- рахмани рахиим деп баштй берели, ээ.
& nbsp;"Цыган кыз-2"

Райхандын алдында чачы иреттүү жыйылган, шыңга бойлуу бийкеч турган эле. Сөз айтайын десе көмөкөйү кургап, кыздын көзүнөн көзү өтүп кетти. Анын көздөрү дал өзүнүкүндөй сулуу, өткүр болчу. Ошол сулуу көздөр муздак тигилип турду да, терс бурула апасынан жүз үйрүп кетти. Райхандын жүрөгү үзүлүп кетчүдөй булкуп алды.
-Алия! Кызым... Мен...
- Мен сизди кечире албайм. Кетиңиз!
-Кызым, сен түшүнбөй жатасың. Жаштык кылып жатасың. Мен баарын түшүндүрүп берем, убакыт гана бер...
- Жок!
Кыз көшөрө баш чайкап алды. Райхан колун созо кызына карай кадам шилтеди. Кыз куду ооруп жугуп калчудай& nbsp; жийиркене& nbsp; кетенчиктеп кетти да, бул көрүнүшкө аң-таң калып карап турган жигитке кыска буйрук берди:
- Абиш, буну & nbsp;узатып кой...-деди.
Жигит башын ийкеп,   аялга жол көрсөтө берди. Райхан эшикке жеткенде артына кылчайды. Кыз бурулган жок. Аргасыз чыгып кетти.
& nbsp;     & nbsp;     & nbsp;     & nbsp;     ххх< br>– & nbsp; Алия...- кирип келген жигит акырын үн салганы менен жооп уккан жок. "Ыйлап жатат. Мейли, бугун чыгарып алсын..." деп ойлоду ал боор толгой.
– Кеттиби?- деди кыз артына кылчайбай туруп.
- Кетти.
Кыз ичинен тына үшкүрүп алды.
- Абиш, бүгүн иштей албайбыз. Үйүңө бара бер сен. Эртең бүтүрөбүз калганын...< br>- Үйгө деле баргым келген жок. Андан көрө, сен...
- Мен жалгыз калгым келип турат,- деди кыз сөздү кескин буруп.
Жигит үн катпай эшикке бет алды. Алиянын мүнөзүн жакшы билет. Мындай учурда бир нерсе деп тажатканды, жоошутканды жаман көрөт. Эгерде кимдир бирөө ага аяп тигилип калса, жаалы бетине чыга жинденип кетмейи да бар. Мына ушундай кыялы чатак кыз,бу... Ошентсе да чыгып кете албай, эшиктин кыйгач ачып Алияны тиктеп   кызды тиктеп турду.
Алия столунда турган атасынын сүрөтүнүн алдында отурган экен. Сүрөт менен тиктешкендей көзүн албайт. А чынында ал оюнда атасы менен сүйлөшүп жаткан эле."Мына атаке, экөөбүздү жалгыз таштаган, бардык бактысыздыгыбыздын себепчиси болгон аял! Менин апам! Сенин аялың...”
& nbsp;   Көңүл түпкүрүнөн дүрт эткен кыжыры ойгонуп, көз алдында балалык күндөрү тартылды. ...Райхандын Диязды ээрчип качып кеткени Икрам акенин   үй-бүлөсүнө& nbsp; оор сокку болду. Ал   кеткенден кийин үй-бүлөнүн куту качып, тез эле & nbsp;бапыраган үй томсоро түштү. Келини кетип калгандан кийин бир жылдан кийин Икрам аке, анын артынан кемпири оо дүйнө салды."Атадан алтоо болсо да ар жалгыздык башта бар" дегендей, Болоттун иниси Темир өз алдынча түтүн булатып кетти. Болоттун кунарсыз өмүрүнө шоола чачкан жылдыз -   кызы Алияболчу. Анын үстүнө апасына аябай окшош эле. Кызыгы, канча жыл өтсө да Болоттун Райханга болгон сүйүүсү өчкөн жок. Кийин Райхандын басып турганы эсине түшө бергендиктен, ал үйдү сатып жиберип, кызы экөө чакан үйгө & nbsp;жашап калышты. Ошентип Алия апасыз өстү. Кийин апасына болгон   кусалыгы таарынычка айланып,   ал таарыныч жек көрүүгө өттү. Атасы & nbsp;негедир апасы тууралуу таптакыр кеп козгочу эмес.
Кабинетине кирип келген кызын көрүп Болот столунан чарчаңкы козголду.< br>- Ата, кофе алып келдим.
- Ах, кызым, чарчап турганда ырас кылбадыңбы ...
Болот кызына мээримдүү карап ордунан турду.
–Ата.. .
- Ов.
–Билесиңби, бүгүн & nbsp;түшүмө апам кириптир...< br>Болот талуу жерине бирөө тийгендей кабагын чытып алды. Бирок, үн каткан жок. Кызынын бул жөнүндө жөн сөз баштабаганын билип турду.
- Ата, мен апам экөөң тууралуу билгим келет. Апам кеткенде мен кичине кыз болчумун. Көп сөздөрдү уктум ал жөнүндө. Чоңойдум, эми мен баарын билүүгө укугум бар деп ойлойм.
-Алия...
- Ата, мен чындыкты билүүгө тийишмин.
Болоткызын кыжаалат тиктеп алып, & nbsp;кагаздарына үңүлө берди. Тунжураганжымжырттыкта экөө көпкө отурушту. Атасынын унчукпаганына кыз & nbsp;ансайын көжөлдү. “Акыры баарын билишим керек” деди оюнда. Бир кезде башын көтөргөн Болот & nbsp;кызын мелтейип дагы деле өзүн күтүп турганын көрүп айласыз   башын& nbsp; чайкады.
–    Болуптур,- деди ал чарчаңкы. – Кааласаң мен сага баарын айтып берем. Апаңа окшоп өжөрсүң. Баары бир билмейинче тынч албайсың. Райхан экөөбүз үйлөнгөндө ал он алты жашта болчу. Жашырбайм, мен андан бир топ жаш улуу болчумун. Апаң & nbsp;сулуу болчу... Жок, башкысы ал деле эмес... Ал... ал мага татыктуу аял боло алган жок. Биринчи жолу тентиген селсаяк менен качып кеткенинде орто жолдон кайрып келдим. "Эми жаш, түшүнбөй жатат жашоону" деп ойлогом. Бирок ал менин аяганымды билген жок. Эми эсине келер деген сайын эсирди. Жанагысын унута албай куттуу босогомду булгап, анысы азкелгенсип. .. тигинин башка аялдан туулган уулун мага бактырып...& nbsp;
Өх, апаңдын мага кылбаганы калган жок. Бирок баарына чыдадым. Сен үчүн, ата-энем үчүн...Жашырганда эмне, мен аны сүйөр элем. Өтө сүйчүмүн. Райхан болсо эч нерсени караган жок. Мага эле эмес, жатынынан чыккан сага да бир кайрылбай баса берди.
& nbsp;     Болот көкүрөгүндөгү ич күптүсүн, таарынычын, арманын сыртка шилеп жатты. Ыйманына камчы чапкан булганыч сөздөр кызынын жан дүйнөсүн ууландырып, ишеничин, акактай аппак дүйнөсүн& nbsp; кыйратып жатканын байкабады. Бир кезде караса Алия көзүн чылк жуумп отурган экен. Ошондо гана кызынын жүрөгүн жаралап жатканын түшүндү.
– Алия...
Ордунан тура калган кыз эшикти көздөй атылды.
- Алия, сен кайда? Кызым, токто!..< br>Буулуккан кыз эшикти тарс жаап үйдөн чуркап чыкты. Ошол күндөн тартып апасына болгон жек көрүүсү күчөп бара жатты. Жаркылдаган жароокер кыздын жүрөгүнө муз тоңду. Болот кызынын минтип кескин өзгөргөнүн байкаган менен өзөгү эмнеде экенин түшүнө албай жүрдү. Кийин оору алкымдан алганда гана Алия тууралуу ойлонууга мажбур болду.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 07 Ноябрь 2013 - 13:18

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#329 Пользователь офлайн   Агата Кристи   07 Ноябрь 2013 - 09:55

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

... Кабинетине кирип келген Болотту көргөндө Исабек ордунан тура калды.
- Келиңиз, Болот аке.
-Келдим, Исабек, кандай жаңылыгың бар?
Негедир врачы бир нерсени айта албагандай күймөлүп кетти.
-Исабек, сен экөөбүз бир туугандай эле болуп калбадыкпы. Раматылык агаң менин жакшы досум болчу. Өзүң түшүнөсүң менин жагдайымды. Эгерде бүтөр күнүм жакындап калса ачык айт. Азыр айт. Мен алдын алгандай болоюн... - деди Болот.
- Мен сиздин күчүңүзгө ишенем, Болот аке. Сиз күчтүү адамсыз Ошондуктан, баарын билүүгө тийишсиз... Мына, анализдер... Үмүттөнө турган эч нерсе жок.
Оорукананын эшигинин алдында Болот көпкө отурду. Анан илкий басып кайдадыр басып жөнөдү. Эч кимдин аны менен иши жок ар ким өз иштери менен кайдадыр шашууда... Өмүрдүн ушунчалык кыскалыгын, таттуулугун болот ошондо түшүндү. Эркин топтоп кайратына келди. "Мен эмне, бул жашоого устун болом деп ойлоп жүрдүм беле? Акыры башта бир өлүм эмеспи... Анча эмне бошодум? Кызым... Бир гана Алиям..." Ошол күнү үйүнө маанайы пас келди.
Компьютерден башын көтөрбөй ойноп жаткан кызын муңая карап турду да, акырын үн катты:
-Алия...
Кыз болсо экрандагы кишилерди аткылап ойноп жатканын токтоткон жок. Куду өчү бардайжинигет. ..
-Эмне, мындан башка оюн жок бекен?- деди Болот көпкө карап туруп.
- Мага ушул жагат,- деди кыз кескин гана.
-Алия, кийинки кездерде эмнегедир башкача болуп бара жатасың? Эмне, мага таарынып жүрөсүңбү?
- Жок, ата.
Кыз оюнун токтото салып атасына боор толгой карады. Атасынын чачтары агарып, бырыштары көбөйө түшкөнүн биринчи ирет байкады. Бирин-бири унчукпай аяп турушту. "Сенин күнүң не болот? Бул жашоодо жалгыз калтырып кантип кетем?" деп ойлоду ата түйшөлө...
-Кызым, сен мындан ары фирмада иштөөгө туура келет...
–Менби?
- Сен. Эртеңден баштап окууңдан кийин түз эле офиске барасың. Мага сенин жардамың керек...
Кызын ооз ачканга үлгүртпөй Болот бөлмөсүнө бет алды. Өзүнүн ченелүү күнү калганын билген Болот кызын кичине болсо да ишке аралаштырайын деп ойлогон эле. Эртеси эле Болот өзүнүн эң ишенимдүү адамы Абдрахманга кызын тапшырды.
-Алия, сени ушул жигит үйрөтөт. Бул биздин фирманын адвокаты, менин кеңешчим.Фирманын келечеги экөөңдүн колуңда... Биргелешип иш алып барышыңар керек.
Ардайым алдындагы адамын тикчие тиктеген кыздан көпчүлүгү көзүн тартып кетишчү. Бирок, бул жигит кабак алдынан мээримдүү тигилип көзүн тартып албай тура берди. Бул жигитти Алия анча жактыра берген жок. Акырын гана колун сунду.
-Алия.
-Абдрахман. Бирок бул жердегилердин баары Абиш дешет...
Жигиттин коңур үнү да өзүнө жарашыктуу экен. Ушул үнгө, ушул мээримге кыз өзү да билбей арбала түштү.
ххх
Болот түшүнөн чочуп ойгонду. Көзүн жумуп түшүн эстеп жатты. Райхан түшүнө кириптир. Карааны жакын эле жерде тургансыган менен жете албай далбастап жатып ойгонуп кетти. “Жок дегенде түшүмдө жете албаганымды кара..” деп күңгүрөнүп алды.
Ордунан туруп кофе ичти. Телевизор сайды. Иш кагаздарын аралаштырып карап отуруп, Райхандын сүрөтүн таап алып жаш баладай сүйүндү. Анан өзүнө өзү таң калды. Өзүнүн сүйүүсүнө таң калды. Өчөт деген сайын өчөгүшкөн, качкан сайын кубалаган бул сезимге тан берди да таң калды. Ого бетер жаны кыйналып, көксөөсүн эмне менен басаарын билбей бөлмөдө каршы-терши баса берди. "Хм, түшүмө бекер кирген жок. Убактым аз калган окшойт го... Балким, көңүл көксөөмдү басып жок дегенде караанын көрүп өлсөм бекен..." деп турду бир көңүлү. Ушул ойду ойлогондо көптөн бери жоготуп таба албай жаткан жогун тапкансып сүйүнүп кетти. "Ооба, акыркы жолу бир көрүп, анан..." деп алды күнгүрөнө. Көңүлү да ачыла түштү. Ушул учурда эшиктен кызы кирип келди.
– Ата, бүгүн жумушка барбайсыңбы?
–Эмнегедир өзүмдү оор сезип турам. Бүгүн менсиз эле бараберчи, кызым,- деди Болот.
Алия атасынын жанына келип, адатынча чекесинен өптүргөн жатып столдун үстүндө турган сүрөткө көзү түшө калды.
– Булким, ата? - деп бара жатып сөзүн бүтүрбөй токтотту. Жүрөгү "болк" дейтүштү. Сүрөттөгү сулуу аял өзүнүн апасы Райхан экенин тааный койду. Үйдөгү сүрөттөрүнүн баарын кичине кезинде эле атасы катып салган эле. Үн-сөзсүз туруп калышты.
–Ата...
Атасы уруусун карматкан баладай көзүн ала качты.
- Ата, мага берчи бул сүрөттү.- деди кыжырланган кыз.
– Эмне кыласың?
–Менби, бул сүрөттүбү... Тытам, өрттөйм, жок кылам...- Алия сүрөттү алып ортосунан айрып-айрып жиберди да, эшикке атылды.
–Алия, бул эмне кылганың? Ал... ал сенин апаң эмес, акылсызым...
Болот кызынын артынан кыйкырып обдулуп барып, бир кадам жасай электе буту бир нерсеге чалына түшкөнсүп барып көзү караңгылап кулап түштү. Жүрөгү адаттан тышкары согуп, энтиге дем алды. "Бүттү! Бүтөт деген ушубу? Алия... Алиям эмне болот! Райхан..." Чагылгандай көз ирмемде ушуларды ойлоп жибергенге үлгүрдү. Диртилдеп барып соолуп жатып калды.
Ушундай болду. Ээн үйдө, оозуна суу тамызган киши жок, акыркы жолку башын көтөрүп жардам бергенге жакыны жок үзүлүп кетти. Анын акыркы ой туюмунда дагы да болсоРайхан калганын эч ким билбеди.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 07 Ноябрь 2013 - 13:32

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#330 Пользователь офлайн   Агата Кристи   08 Ноябрь 2013 - 09:39

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

ххх< /font>< br>- Ата... Мен келдим...- деп көңүлдүү үн салып келе жатып Алия & nbsp;атасынын бөлмөсүнө кирип тык токтоду. Көмкөрөсүнөн түшкөн атасы эшикке эки кадам жетпей жыгылган экен.
– Ата...
Үн жок. Кыз калтырап кетенчиктеп барып дубалга сүйөнө туруп калды.
– Ата, мен... мен келдим,- деди акырын шыбырай. Коркунуч карегине жанып барып кыйкырып жиберди.
– Ааа-а!
Бөлмөгө толуп чыккан жапан үндөн теребел "селт" дей түшкөнсүдү. Заңгыраган үйдө атасынын жансыз денесин кучактаган кыз боздоп ыйлай берди. Өзөгү өрттөнүп өксүп жатты.
– Ата, атаке, мени кимге таштадың? Мени кантип жалгыз таштадың? Эми мен эмне болом? Атаке, көзүңдү аччы...
Эртеси эртең менен Болот менен Алия жумушка келбегенине кабатырланган Абиш үйүнө келип каргашалуу иштин үстүнөн чыкты.
– Алия!
Босогодон кирип келген Абиш чачтары иретсиз чачылып, атасынын башын кучактап селейип олтурган Алияны көрдү. Денеси “дүр” дей түштү.
- Алия...
Чөгөлөй калган жигит кыздын колдорун атасынан акырын бошотуп өзүнө каратты. Кыздын көздөрү жансыз телмирет. Бооруна кысканда гана көзүн көтөрүп жигитке аянычтуу карады.
– Абиш, сен келдиңби?< br>– Кечирип кой, кичинекейим. .. Мен сени жалгыз калтырбашым керек эле. Кечир...
– Атам...
Кыздын алсыз эриндери ушуларды күбүрөдү. Кайгынын оордугу алсыз ийиндерин майыштырып турган эле. Абиш бооруна дагы кысты. Жигиттин денесинин жылуулугу өтүп кыз бүрүшө мойнунан кучактады.< br>Эки күндөн кийин Болотту жерге беришти. Абиш үйгө кирип келип Алиянын жалдырап шыпты тиктеп жатканын байкады.
– Алия, болбодубу эми. Качанкыга чейин эле ушинте бересиң?
Столдун үстүндөгү тамакка колу да тийбеген экен. Кыздын титиреген денесинен ыйлап жатканы билинип турду. Абиш чыдабай   жетип барып:
– Минте берсең өзүңдү өлтүрүп албайсыңбы? - деп жулкулдатып жиберди.
– А мен өлгүм келип атсачы...- деди кыз онтоп.
– Жок! Сен өлбөйсүң. Сен жашашың керек. Сен жашоого тийишсиң. Укчу, ар бир адам өз тагдырына өзү жооптуу. Сен атаң же апаң үчүн жашабайсың, сен өзүң үчүн жашашың керек. Алардын күнөөсүнө да сен жооп бербейсиң.< br>Абиштин кыйкырыгы Алиянын ордуна тургузду. Чын эле аздан кийин Алия ордунан туруп, тамак ичүүгө отурду.
– Мына, жана эле ошентпейсиңби? Эртең сени офистен күтөм,- деди да Абиш эшикке бет алды. Муңая жылмайган кыз акырын үн катты:
– Абиш...
– Ов.
– Рахмат сага.
Экөө бири-бирине үн катпай карап турушту. Ашыкча сөздүн кереги жок эле.

< br>Мына, азыр ушулар көз алдына чууруп жаткан. Алия ийнинен тына үшкүрүп алды. Өз кайгысынан оордугу ийнине басып, селейген боюн жаза албай тура берди.
ххх
Мүдүрүлө басып келе жаткан Райханды көрөрү менен Дияз машинасынан ыргып түшүп утурлай басып кучактай калды. "Иш оңунан болбогон экен! Кызы сөзгө келбеген окшойт" деп ойлоп алды ичинен тына. "Эмне болду?" деген сөз ооз учунда турса да сурай алган жок. Унчугушпай түшүнүштү.& nbsp;
- Жүрү, эми кайталы,- деди бир кезде Дияз.
& nbsp;     & nbsp;    Мындан бир ай мурун куш тилиндей кагаз келип Дияздын колуна тийген. Бирок бул жөнүндө Райханга айта албай көпкө кыйналды. Акыры чыдай албады.
– Райхан...
- Ов.
Дияз аялын сүйүп да, аяп да карап алды. Канча жылдар өтсө да Дияз үчүн Райхан баягы эле көл жээгинен көргөн секелектей эле. Суктандырган кумарлуу көздөр азыр да өзгөрбөгөн. Чексиз сүйүүнү өзүнө чөгөрүп алган көздөр...
- Бир нерсе болдубу?
Дияз үн катпай башын ийкеди да колундагы кагазды берди.
– Бул эмне?
- Сага!
Райхан ала салып, баракка көз жүгүртүп окуп чыкты да өңү кумсарып кетти. Белгисиз бир адам кызы Алиянын жалгыз калганын, атасы Болот күтүүсүздөн каза болгонун жазган экен. "Кечигип каласыз, тез келиңиз" деп бүтүрүптүр катты.
- Кечирип кой, кат мындан үч күн мурун келген. Бирок мен сага берсемби, бербесемби деп ойлоп жаттым. Сени кызыңдан биротоло айрылтканга акым жок экенин түшүндүм. Ошентип издеп келишкен эле. Бирок эненин үмүтү таш каап, & nbsp;кызынан жылуу сөз укпай кетерин билген эмес.
- Райхан...

- Райхан дейм.
- Ов, угуп атам, Дияз,- көзүн ачкан Райхан үшү кете карап турган Диязды көрүп күңгүрөнүп алды. & nbsp;
- Аттиң, ай, азабың болдум го... Азабыңа туулган окшойм. Эми кантейин. Экөө жетелеше машинени көздөй басышты.
Кызына жолугуп келгенден Райхан ооруп калды. Төшөктө жаткан эле. Калдалаңдап шашып келе жаткан Дияз алыстан эле үн сала берди.
- Райхан, менин сүйүнүчтүү кабарым бар...
Күйөөсүнүн кубанган үнүн угуп көз жашын жеңи менен сүртө ордунан турду. Жакын келген Дияз Райхандын жүзүн көрүп кубанычы бир паста & nbsp;күбүлүп томсоро түштү.
- Дагы ыйладыңбы?< br>- ...
– Дагы ыйлаган экенсиң го...- деп шалдая отуруп калды. Райхан үн каткан жок. Тек гана күнөөлүүдөй күлүмсүрөп күйөөсүнүн мойнуна колун артта берди.
– Менин ыйлаган жокмун, жаным. Жөн эле кызым эсиме түшүп... Баса,
жанагы сүйүнүчтүү кабарың   айта салчы.
- Уулуң келет экен ушул дем алышта. Мага телефон чалды. Апамды сагындым дейт.
- Кагылып кетейин, жөжөм келет экен го...
Уулу Алишер Москвада сүрөтчүнүн окуусунда окучу. Жанындай көргөн уулу алыска кеткенине көнө албай Райхан көпкө ыйлап жүрдү. Кээде Диязды да күнөөлөп калчу. "Сен жибердиң. Ансыз деле жанымда жүрөт эле. Минтип экөөбүздү эки жакка бөлүп..." деп муңканып калчу. Ата-эненин жүзүндө кубаныч күлкүсү ойноду. Эненин жүрөгүндөгү оор кайгыны жакшылыктын сүйүнүчтүн зээри учуруп кетти.
ххх
& nbsp;     & nbsp;    Бир күнү Алиянын ой-боюна койбой шаардын сыртына алып чыкты Абиш. Атайын ошентти. Сабагынан үзүлгөн гүлдөй атасынан кийин күндөн күнгө чөгүп бара жаткан кызды алаксытпаса болчудай эмес. Шаардан сыртында таякеси жашачу. Тоолуу карагай бактары көркөм бул жайды алар “фазенде” деп атап коюшкан. Таякеси менен таажеңеси чөптөн башкага зыяны жок жакшы кишилер болчу. Алияны да куду өз кызындай мээрим төгө күтүп алышты.
- Алия, атка минип көрдүң беле?
- Минип көргөм, атам мени өзү менен алып жүрүп баарына үйрөткөн. Сүзгөндү да, атка мингенди да, ал тургай балык кармаганды да атаман үйрөнгөмүн, -  деген кыздын үнү адаттан тышкары шаңдуу.
- Жүрү, анда экөөбүз жарышабыз...
- Мейли.
Алиянын жоошураак атка мингизип жетелей берген Абиш атын "чү" деп темингенче кыз эпчилдик менен тизгинди ала салып, атты чаап жөнөдү. Алгач коркуп кеткен Абиш кыйкырып жиберди.
– Алия, токтоо-о! Жыгыласың...
Дуулдаган шамалдан Алия анын үнүн уккан жок. Көптөн бери думугуп жүргөн көкүрөгү бошой түшкөндөй сезилди. Оо, далайга чаап барып кайрылып келди.
- Мен жеңдимби? Утушумду бер...- жадырай жылмайган кыздын чачы өрүмүнөн жанып кетиптир. Башынан кепкасын алып көк чөпкө отура кеткен Абиштин өңү купкуу эле.
- Абиш, сен эмне...
- Коркуп кетпедимби, - деди Абиш актангансып.
- Мен сага айтпадымбы, мен үчүн эч качан коркпо...
Ушуларды айтты да, ордунан тура калып чуркап жөнөдү. Анын артынан узата караган Абиш башын чайкап өзүнчө күлүп алды. Күндөр өтүп жатты. Кырсык таптакыр алар күтпөгөн тараптан келди.
- Абиш, бул кагаздарың. ..- деп сүйлөнүп кирип келе жаткан Алия кабинетте эки чоң жигит отурганын көрүп токтоп калды. Негедир үрөйлөрү башка. Кадимки кардарларга окшобойт. Бири эки бутун талтайта отуруп куду доосун өндүргөнгө келген адамдай тиктесе, экинчиси сагызды былчылдата чайнап...
- Мына, кожойкенин өзү да келип калды... - деди сагыз чайнаганы Алиянын жүзүн суктана тиктеп. Кыз анын көз карашынан бутуна бака жабышкандай ичиркене түштү.
- Ошол, жанагы маселени бул ханышаңа айтып кой. Биз эртең келебиз. Түшүндүң да...- деди күржүйгөн жигит.
Ошентишти да экөө кабинеттен чыгып кетишти.
- Абиш, булар кимдер?-
- Булар... Жөн койчу буларды. Бир жүргөн келесоолор да...
Абиш атайылап сөздү башкага бурганга аракет кыла кагаздарын кармалай кетти.
- Абиш дейм...
- Ов.
- Булар кимдер?
-“Рэкет" деген нерсени уктуң белең?
- Анын кандай тиешеси бар?
- Түздөн-түз. Анткени жанагы келгендерди “рэкеттер” деп коюшат. Мындайча айтканда талоончулар. Биздикиндей чакан фирмаларды саап турушат. Ар бир ай сайын мурун аз гана акча берип турчубуз. Эми Болот аке жоктугунан пайдаланып мурункудан үч эсе көп акча сурап жатышат. Башында сүйлөшүп ыкка келтирем деп ойлогом. Бирок...
Кыз шалдайып отуруп калды.
- Эч нерсе эмес, биз кандай болсо жолун табабыз,- деди бир топтон кийин & nbsp;чечкиндүү.
– Албетте.

Билдирүүнү түзөткөн: Gupa: 12 Ноябрь 2013 - 09:28

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#331 Пользователь офлайн   Beka_89_kg   09 Ноябрь 2013 - 01:05

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 33
• Катталган: 04 Май 13
• Соңку аракети: 02 Июл 2015 23:41

Beka_89_kg (08 Ноябрь 2013 - 15:59) жазган:

биз бишкекте эмеспиз копчулук форумчулар чет олкодон киребиз,агата кристи эжеке комптон жазат экенсиз ,кобурооктон жазынчы сураныыыч эжекооов

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#332 Пользователь офлайн   Clara_Zh   09 Ноябрь 2013 - 22:10

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 930
• Катталган: 24 Апрель 13
• Соңку аракети: 06 Апр 2020 22:18
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Балалыгым өткөн жерде.

detective (09 Ноябрь 2013 - 19:43) жазган:

Клара эже, Нуржамал эже келгиче уланта беринчи, же сизде экинчиси жокпу? бирөөнөр токтоп калган жерден экинчинер уланта бериниздерчи, сураныч?

Жоок, тилекке каршы экинчиси менде да жок. Мен деле силерге окшоп кайра-кайра акмалап коём темага кирип.
Бирок, 1-кунго чейин кутпой эле коюшубуз керек. Анткени, эже айтпады беле архивден карап жазып жатам деп. Демек, жумушка келгенде эле жазат экен деп тушундум мен.
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#333 Пользователь офлайн   Агата Кристи   11 Ноябрь 2013 - 09:12

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Зор кабинет. Креслодо отузга чамалап калган бүркүт кабак, кара тору жигит отурган эле. Сыртынан караган адамга сыпайы көрүнгөн бул жигитте көп өнөр бар эле. Анын кайра кайтпаган кашкөй мүнөзүн, мыкаачылыгын, жана түлкүдөй мант берген куулугун көптөр билчү эмес. Билгендер андан алыс болгонго аракет кылса, айрымдары тескерисинче анын колтугунан коргоонуну издешээр эле. Ал болсо курмандыктарына акырын тор жайып, аны тузагына түшүрүп алган соң мышык чычканды эркмек кылгандай эрмектечү. Азыр да ээсиз калган, Болоттун "Семан" фирмасын колго алууну ойлоп жаткан. Кабинетине жиберген жигиттеринин бири кирип келди.
- Ии, кандай иштер?
- Адвокат менен сүйлөштүк. Эми көрөбүз да...
-Улам "ставканы" жогорулатып айласын кетиргиле. Туш-тушунан кысымга алсаңар тез эле колго түшүп беришет.
Жигит чыгып кетишти.
Ххх
Абиш канчалык жан айласын кылып арга издесе да бөрүдөй жулунган жигиттер күндөн-күнгө күч ала берди. Кантсе да алардын көздөгөнү фирма. "Болуптур, күч сынашса күч сынашып көрөлү" деген Абиш ушул күндөрү башын көтөрбөй иштеп жатты. Иштеп жатып байкабай калган экен. Бир кезде башын көтөрсө Алия аны тиктеп турган экен.
- Сен кете элексиңби? Жумушуң эбак эле бүтпөдүбү?
- А сенин жумушуң бүткөн жокпу?
– Мен дагы көпкө отурам.
Абиш кайрадан кагаздарына үңүлүп калды.
- Эй, сен эмне? Менин кызматкерлерим дем алышсыз иштегенге уруксат бере албайм. Же сен менин кол алдымда иштеп жатканыңды унутуп койдуңбу?
-Бу... бул эмне дегениң? Мен сен үчүн деп...- шалдайып отуруп калды Абиш.
Кыз бырс күлүп жиберди.
- Тамаша, мен сени сынайын дегем. Бирок, сен бардык ишти мен үчүн чечкениңди токтотчу. Мен дагы өз салымым бар. Сенин канча күндөн бери баш көтөрбөй иштеп жатканыңды көрүп отуруп жиним келип кетти.
Кыз мээримдүү жылмайды. Бийкечтин керемет жылмаюусунун алдында көп адамдар алсыз эле. Буга Абиш да туруштук бере албады.
- Болуптур, өзүм да чарчап турган элем.
Чарчаңкы ордунан турган Абиш кызды ээрчий кабинеттен чыкты. Ошондон аз өтпөй алар бирөөнүнү юбилейине чакыруу кагазын алышты. Барбай койгонго болбойт эле. анткени Болот өнөктөштөрү менен тыгыз иштешчү.
Алия өзүнө тигилген көздөрдөн кутула албай кыйналып жатты. Негедир Абиштин карааны көрүнбөгөндөн улам бушайман боло түштү. Оор улутунуп алып, бокалды оозуна тийгизээр-тийгизмексен болуп ойго туна түштү. Бул кечеге келейин деген ою жок эле. Бирок, Абиш көжөлүп туруп алды. "Биздин фирманын жүзү сенсиң. Мен иш алып барып жатканым менен фирманын жетекчиси сен экениңди жакшы билишет. Эгерде барбай койсоң..." деп сөзүн туюк бүтүрдү.
Алия айласыз макул болгон. Эми бул кечеде өз ордун таба албай, эмне кылаарын, кимге эмне деп сүйлөп, кандай мамиле жасаарын билбей бурчта турат. Залдын тиги бурчунан келе жаткан Абишти көрөөрү менен ыйламсырап жиберди.
- Кайда жүрөсүң?
- Иштер менен...
- Менин жанымдан кетпечи...
- Алия, сен эч нерседен корпогун. Мен жаныңда турам го... Эгерде кимдир бирөө жаныңа келип сүйлөшкүсү келсе качпагын. Ыгы менен суроосуна жооп бере бер. Бирок, фирманын иштери жөнүндө эч нерсе деп айтпа. Кана, мени кара... Өңүңдү кумсартпай эле кой. Бул чөйрөгө да көнүшүң керек.
Ушуларды айткан Абиш кызды ийнинен аста кысып койду да бурула берди.
- Сен кайда?
- Азыр...
Абиш кечирим сурагандай жылмайып алып, ары жөнөдү. Кыз кайрадан жалгыз калды. Эриндерин тиштене ийиндерин түздөп алды да, башын бийик көтөрдү. Арыраакта көз салып турган Абиш эрксизден жылмайып алды. Алиянын бул кыймылы ага тааныш эле. Кыйын кезеңде же өзүнө кайрат берген учурда ушинтип ийиндерин түздөп, башын бийик көтөрүп алмай адаты бар. Ушул учурда эшик шарт ачылды. Кечеге чакырылган адамдардын көбү ушуну күтүп тургандай жандана түшүштү.
- Оо, куш келипсиз...
- Сизди күтүп жаттык эле.
Негедир абиш тез басып келип Алиянын жанына тура калды.
- Бул ким, Абиш?- деди таң калган кыз.
- Бул бизнес дүйнөсүндө аты чыккан Хан деген адам. Өз аты башка болуш керек. Кличкасы "жаналгыч" деп коюшат. Эгерде буга бир нерсе керек болсо жанкечтиленип жатып эле тартып алып коет имиш. Азыр көптөгөн соода тармагы ушул адамдын колунда.
Кыз кирип келген адамга көпкө тигиле берип жүзүн бура берди. Бирок, кечигип калган эле. Кирип келген адамдын бейтынч көздөрү кыздын карегине көз ирмемге туташа түшкөн болчу. Бир гана көз ирмем...
Топту жарып кирип келген, кадырлуу жерден орун алган адамдын аты Хан эле. Атасы азан чакырып койгон аты Кантемир. Кийин бул чөйрөгө аралашканда Темири өзүнөн-өзү түшүп, Хан деген ысымга ээ болгон. Анын чыныгы атын да, мурунку жашоосун да эч бир адам билчү эмес. Өз акылы, адамда чанда кезикчү айлакерлиги менен ушул даражага жеткен.Сулуулук кимди арбабаган, кимдерди тизе бүктүрбөгөн. Кечедеги көркөм кыздын элеси көпкө чейин Хандын көз алдында келе берди.Каректери ошол караанды издеп жатты. Башын бийик көтөрүп, ийиндерин түптүз кармап, өз баасын, өз кунун билип, текебер тигилген кызга баа бере карады. "Оо, чанда кезикчү куш белем. Кайдан келген бул "бөрү" үңкүргө..."
Хан не таңкалыштуу, не кызыкдар ойдон өзүн бошото албай жатты. Ушу учурда каректер дагы чагыла түштү. Тепчий караган көздөр кыздын шилисине чыга түшкөндөй болду. Купуя тирешүүнү сезгендей Алия да көзүн тартып кетпей тиктеп тура берди. Хан мыскылдуу жылмая берди.Чанда гана адам Хандын көз карашына туруштук бере алчу. Бул жолугуу акыркы эмес экенин көкүрөгүндө экөө тең сезип турду.
Ушундан бир нече күн өткөндөн кийин Хан борбордун бир мыкты ресторанында көздөй досу менен сүйлөшүп отурду.
- Неге мынча ойлуусуң?
Хан сырдуу жылмайып койду.Кайрадан тамекисинин түтүнүн буркурата тунжурайт.Өзүнө гана дайын бир купуя сырды айтууга батынбагандай майышып жатты.
- Билесиңби, экөөбүз Москвада жүргөн кезибизде...
- Ооба, эсимде.
Хан кайрадан унчукпай калды. Жан сырын досуна айтсамбы, айтпасамбы деген кыязда. Көзү ачык дейбизби, олуя дейбизби бир касиетти бар адам менен таанышып калды. Бул еврей чал менен ата-баладай жакшы болуп кеткен. Анын айтканы айткандай, дегени дегендей келгенин өзү дагы сезип, таңкалып калчу. Бир күнү болбой жатып, “менин келечегимди айтып бер” деп көгөрүп отуруп айттырып алган. "Сага Кудай-таалам акыл-эсти, өң- түстү берген менен үйбүлөлүк бакыт берген эмес. Жалгыздыкта жүрүп күнүң өтөт. Бирок, жылдызың асманга оболоп, бийлигиң менен көп адамды баш ийдиресиң. Тигине, көп адамдан бийик турганың көрүнүп жатат. Бирок, жаңыңда башыңды жөлөп, жан тартар эч кимиң жок. Эгерде бир адамды кезиктирбесең, турмушуң өзүң каалагандай бейпил өтөт. Жолуңда турган ошол кыз сенин кырсыгың болот. Балдарың да да, жарың да ал адамдай жакын боло албайт. Башың булутка жетейин дегенде, жолуңдан адаштырган ал адамдын тузагына илинбесең анда көп жашайсың " деген. Ооба, еврей чалдын айтканынын баары келди. Үйбүлөлүү да болду. Колунда бар атанын эрке кызы анын сезимин ойгото албады. Тез эле эрки майтарылып, Хандын колундагы куурчакка айланган эле. Ооба, эки баланын энеси үчүн гана кээде келип, ал-акыбалын сурап кетчү. Бири бештеги, экинчиси үчтөгү эки эркек баласы бар. Байлыгына сан жетпейт. Бирок, негедир ошонун баары көңүл бөксөсүн толтура албай кимдир бирөөнү издей берчү. Ким экенин толук биле албай, көңүлүндө ошол адамга кусасы артылып кадимкидей сагынчу. Бирок, күнүмдүк турмушунун азгырыгы , жашоо кумары алып учуп, ал ойду терең, түбүнө жеткире ойлончу эмес. Өткөнкү кечеде көзү өткүр кызды жолуктургуча бул тууралуу терең ойлонуп көрбөгөн экен.
- Досум, негедир бүгүн табыңда эмессиң,- деди кайрадан досу.
- Андан көрө айтчы. Кайып-каскагынан жолуңдан бир адам чыга калса кандай абалда калат элең?
- Түшүнгөн жокмун.
- Ошол сенин түшүнө албасыңды билип айткым келген жок. Бул маселеде сен мага эч кандай жардам бере албайсың. Бирок канткен менен эң жакын ишенген досум сенсиң. Ошон үчүн сени менен жолуккум келди. Кел, досум, шараптан ичели дейт беле Омар Хаям. - деди Хан чарчаңкы гана.
- Сен үчүн!
Ххх
Алия эртең менен уйкусунан ойгоно албай кыйналып жатты. Түшүнө атасы кириптир. Кандайдыр бир кырсык келе жатканын айтып колдорун жаңсап жатат. Бирок, экөөнүн ортосундагы суунун шарынан эч нерсе угулбайт.
Кыз ойгонуп кетти. Жанында отурган Абишти көрүп жылмайып алды.
- Сенби?
- Мен.
- Ох, жаман түш көрүп жаткан экемин. Ырас ойготподуңбу. ..
- Ошондой, тим эле үйдү үч көтөрүп кыйкырып жатыпсың. Алия, бүгүн иш кагаздарына кол коюп...
- Бүгүн дем алыш эмеспи... Бир күн эс алдырасыңбы? - кыз туйтуңдап нары бурулду.
Ушинтип эркелеп алмайы да бар. Абиш күнөөлүүдөй босогодо туруп калды. "Али эч нерсени билбейт. Туш тараптан кысып, карышкырдай каптап келе жатышат. Айтсамбы, же коё турайынчы. Балким, өзүм эле жайгарармын" деп ойлоп турду ал айласы кете. Хандын жигиттери күндөн-күнгөн кысымга алып жатканын ушинтип бул жолу да жашырды.
- Болуптур, бүгүн эс ал. Эртең болсо жакшылап иштейсиң. Бүгүн экөөбүз тең эс алабыз.
- Макул, мен азыр.
Кыздын жагымдуу жылмаюсу жүрөгүн адеп тыз эттирди. Бул тызылдоо кийинки убактарда адат болуп бара жаткан. Бирине-бири атаандаша жарышкан экөө машинелери менен күн чыгышты беттеп бара жатышты. Кыздын чачтары желге желбирейт. Бирине-бири дем, кубаныч болуп, жүздөрүнөн шаттык төгүлүп кетип бара жатышты. Абиштин көздөрүнөн чачыраган учкундун сырын кыз али түшүнө элек болчу. Абиш жүзүнөн нур төгүлгөн кызды алдыртан карап коюп кетип бара жатты. "Али эрте, мени ага катары гана жакшы көрөт. Андан башка ой да келбеши мүмкүн. Азыр эмес... Убагы келгенде...”
Экөө адатынча көпкө машиналары менен кубалашып жүрүп отуруп, өздөрү жакшы көргөн жашыл талаага келгенде бир токтошту. Абиштин таякесинин фермасы жайгашкан. Кең пейил, берекелүү адам ар дайым Абиш менен Алиянын келгенине кубанып калчу.
- Келгиле, балдарым...
- Кандайсыз таеке, шаардын үп абасынан тажап, кайрадан сиздерге келдик. Канча күнгө конок кыласыздар?
Абиш кызга күлүңдөй көз кысып койду.
- Канча кааласаң ошончо. Бирок, өзүң чыдабай кетесиң го...
Карс-карс күлгөн таекеси үйдү көздөй баштады.
- Апаң-атаң кандай жүрөт?
- Жүрүшөт, алынча эле...
Таекеси экөө ал-жайды сурап, үйдү көздүй басышты. Бул учурда Алия атканага кирип, өзүнүн жакшы көргөн жылкысын жетелеп чыгып калган эле.
- Эмне, кызым, атка мингиң келдиби?
Канча күндөн бери Абиштин кулагынын кужурун алып "атка мингим келди" дей бергенинен улам алып келген эле. Тез эле атты токуп, алдына тарта берди таеке.
- Абайла, жыгыласың...
Абиш акырын үн салды. "Кам санаба" дегенсип башын ийкеген кыз аттын оозун кое берди. Артынан узата карап турган Абишти таеке аягандай карап койду.
- Эмне, таеке?
- Кана, эми ачыгын айт? Бул кыз ким сага?
- Айтпадым беле. Болот акенин жалгыз кызы. Сиз деле тааныйсыз да.
- Болоттун кызы экенин сенсиз деле билем. Бирок, сенин кандай тиешең бар бу кызга?
- Болот аке каза болгондон кийин фирма бул кыздын колуна өткөн.
- Анан?
- Анан ошол.
- Абиш, мен сени өз уулумдай жакшы көрөм. Бирок, жүрөгүм сезип турат. Жаман кыз деп айтпайм. Кантсе да, байдын кызы. Анын үстүнө, жаш. Ойлонуп көрчү өзүң деле...
- Таяке...
Таякеси сөз бүттү дегендей басып кетти.
Ошентип, күндөр өтүп жатты. Абиш канчалык аракет кылып, сөзгө келтирейин деген сайын дөгүрсүгөн Хандын жигиттери баш бербей, күндөн- күнгө кысымын күчөгөндөн күчөтүштү.
- Алия...
- Абиш, мен баарын билем. Хасанов мага азыр эле айтты,- деди кыз токтоо гана. - Эмнеге мага мурун айткан жок элең?
- Мен өзүм эле жайгарам деп ойлодум эле...
- Баары бир мен бул жерде эмне болуп жаткнын билишим керек го деп ойлойм.
- Кечирип кой.
- Болуптур, аны анан... Мындан аркы ишти кандай кылабыз.
- Хан мени менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатат. Жигиттерин күндө жиберип коркутуп-үркүтүп анан фирманы колго алгысы бар.
Кыз унчукпай калды.Бир маалда башын шарт көтөрдү да, чечкиндүү унчукту.
- Мен өзүм барам.
- Эмне-е?
- Мен өзүм барам, Абиш. Бүгүн жигиттери келсе айтып кой.
- Барбайсың! Карышкырдын үңкүрүнө башыңды өзүң салып бермекчисиңби?
- Жок.
- Анда мен сени менен барам.
Кыз катуу кыйкырып жиберди.
- Жок, сен барбайсың! Кереги жок, Абиш.
- Акылсыз десе, эмне деп жатасың?
Абиштин жаак эттери түйүлө түштү. Кыз муну күтпөгөн эле. Көздөрү алая түштү.
-Мен барышым керек, Абиш - деди бир аздан кийин акырын гана.
Анан ордунан туруп эшикке чыгып кетти. Шалдайган Абиш артынан узата карады. Алыстап кетип бара жаткан кыздын карааны карап жүрөгү мыкчыла түштү.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#334 Пользователь офлайн   admin_superstan   11 Ноябрь 2013 - 09:15

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Супермодератор
• Билдирүүсү: 13 231
• Катталган: 05 Сентябрь 11
• Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:SUPER.KG

admin_superstan (05 Ноябрь 2013 - 17:32) жазган:

Суперстандыктар, теманы булгабай, комментарийлерди тиешелүү темага жазгыла:
http://www. super.kg/...dpost& p=1288742
Мындан аркы билдирүүлөр өчүрүлөт!

Сүрөт Кайталанса, БАН!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#335 Пользователь офлайн   Агата Кристи   12 Ноябрь 2013 - 09:00

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

ххх
Сыбызгыган жай музыка... Алар борбордун мыкты ресторандарынын биринде отурушту.
– Жолукканыбыз үчүн, бийкеч.
– Жолукканыбыз үчүн...
Кыз бокалга оозун тийгизе берип, көзүн өйдө көтөрдү. Түз, тике көз караш Ханды апкаарытып жиберди. Кыз да өз кезегинде Ханды сынай карап алды. "Анчалык деле коркунучтуу адам эмес көрүнөт. Карышкыр эле карышкыр дегендей эмнеси бар экен?! Бир караган көзгө сүрдүү көрүнгөнү менен... "
- Канчадасың?
- Он жетиде.
- Оо, али да алдыңда сен аша элек далай ашуу бар экен го...
- Балким...
Алия чыйрыга жооп берди. Негедир көкүрөгү бир нерсени туйгандай, бул жерден азыр туруп кетип калгысы келди. Кайра өзүн токтотуп калды. "Жок, анын келгендеги максатым башка.Мен бул жерге бекер келген жокмун". Хан кыздын жүзүн карап, анда эмне деген бурганак болуп жатканын сезип, мыйыгынан мыскыл жылмайып койду.
- Анда сүйлөй отур, сулуу... Жигиттериме "өзүм жолугам" деген экенсиң.
- Өзүңүз билесиз... Жигитериңиз тынчыбызды алганына көп болду. Фирманын мураскору мен болгондуктан, өзүм сизге жолугуп сүйлөшүүнү кааладым. Ошентип, алдыңызда отурам.
- Ошондой дечи...
-Ошондой.
Сураныч эмес, суроо салган өкүм үн... Хан кыздын өткүр көз карашына, түз сөзүнө тан берип калды. Эчен менменсинген жигиттер алдына даап келе албай жүргөндө, бул секелек кыздын келип отурушу көкүрөгүндөгү дымып жаткан отту "дүрт" эттирип жиберди.
- Менин алдыма келгенден корккон жоксуңбу?
Кыз кайдыгер гана ийинин куушуруп койду. Көзүндө "эмнеден коркмок элем?" дегендей таңдануу бар.
Хан өмүрүндө канча аялзатына жолугуп, эчендерди торуна салган. Менменсинген сулууларын да, акылдуусунган амалкөйлөрүн да колдон өткөргөн. Бирок, алардын бирине да бир айдан ашык токтолгон эмес. "Ата даңкы менен кыз өтөт" дегендей, бир кезде атасынын баркы, байлыгы үчүн алысты көздөгөн аялына үйлөнгөн эле. Кийин жүүнү бош аялы аны таптакыр кызыктыра албай серпилген часындыдай четте кала берген. Аялы менен сыр чечишип сүйлөшүү мындай турсун, аны менен бир столдо тамак ичпегенине көп болду. Кээде гана кайнатасынын көңүлү үчүн кечелерге алып барчу. Аялына караганда эки уулуна тартылып, майрам сайын көчөгө алып чыгып, көп убактысын ошолор менен өткөрчү.
Анан минтип... Хан кызды тиктеген сайын көкүрөгү алып учуп жатты. Көптөн күткөн адамы жолунан чыга калганда, кадимкидей апкаарыды. АлдастадыАялзатынан мындай кашкөйлүктү, өткүрлүктү жолуктурам деп эч ойлобогон эле.Эми колдон чыгарууга болбойт.
ххх
Кабинетинде ойлуу отурган Хан тынчын кирип келген жигит бузду.
- Шеф, тиги фирманы эмне кылабыз? Балдар "отметканы" ...
- Коё тур, эми аларды жайына койгула.
Тиги түшүнбөй ийинин куушура берди.
- Аларга эч кандай кысым көрсөтпөгүлө. Сыртынан карап, байкоого алгыла.
- Шеф...
- Болду, азырынча ушу.
Хан сөз бүттү дегендей колун жаңсай берди. Тиги эшикке чыга жөнөдү. Ушинтип Алия Ханга барып жолугуп келгенден кийин анын кутурган иттей жулкунган жигиттеринен кутулуп калышты. Бирок Абиш ошондон бери таарынычтуу.
- Айтчы, эмнеге таарынып жатасың?

- Мен ишти жайгарып келдим го?!”Эми силерге эч кимди тийгизбейм. Ал тургай жигиттерим өзү силерди көзөмөлдөп сыртынан кайтарат” деди.
- Хан өзү айттыбы?
- Ооба.
"Карасаң, жөргөмүштүн желесин тартып келе жатканын..." деп ойлоп турду Абиш.
- Болдубу эми? Кечке эле таарына бересиңби?
- Эми иштериңди Хан менен бүтүрөт турбайсыңбы? ! Менин сага эмне керегим бар?
- Абиш, сен мага таарынбачы.
- Жок, Алия, мен сага таарынбайм. Бир гана ... айтайын дегеним... ал сага алыстан тор жайып жатат.
Кыз чыдамсыздана ордунан тура калып, эшикке бет алды.
- Алия дейм, токтосоң, токтоп турсаң...
Кылчая калды.
- Ал сени... ал сени... Ал өтө жаман адам. Канатыңды кайрып коёбу деп корком. Суранам сенден, андан алыс болчу.
Кыз баш ийкеп койду да, кабинеттен чыгып кетти. Абиш шалдая түштү. Эшикти караса, Алия машинасына отуруп, кайдадыр кетүүгө камданып жаткан экен. Куду колундагы кушу учуп бара жаткандай ичи ачыша түштү.Машина жүрүп кетти.
Батыш жак алоолонуп, күн батып бара жаткан кез болчу. Кыз ашыгып бара жатты. Күтүүгө, зарыгууга толгон жүрөгү аптыгат. Кайдадыр өзү билбеген, бар экен деп шек санабаган кооз дүйнө аны чакырып жатты. Телефонундагы "Мен сени күтөм " деген кыска билдирүү акыл токтоотууга да, баш аягын жыйганга да мүмкүнчүлүк бербеди. Канчадан бери өзү ушул нерсени күтүп жаткандай элеп-желеп болуп ашыгып жөнөдү. Билдирүү Хандан болчу. Экөөнүн жолугуусунан кийин кандайдыр бир билинбеген күч аларды жипсиз байлап салганын экөө тең сезишкен. Адамдар өздөрү да аңдабай, өзүнө окшош адамдарды издейт көрүнбөйбү? ! Бул жолу да ошондой болду. Тарбиясы да, жаштары да, ал тургай жашоого болгон көз карашы да башка болгону менен экөөнүн ортосунда бир окшоштук бар эле. Канаты күйгөн көпөлөктөй экөө тең бири-бирине тартылып жатышты.
- Келдиңби ?
- Келдим.
Тек гана ушул сөздү айтыш үчүн келгендей, бири-бирин тиктеп тура беришти. Экөөнүн үндөшө тез-тез соккон жүрөктөрү дирилдеп турду. Эч качан аял аттуунун алдында сүрдөп көрбөгөн Хан эмне дээрин билбей апкарыды.
- Мен сени келбейт го деп ойлогон элем - деди акырын гана.
- Эмнеге?
- Мен жөнүндө көп эле уксаң керек. Кээ бирөөлөрдүн айтуусунда мен өтө эле жаман адаммын.
- Билбейм, мага андай сезилбейт. Балким, мен жаңылып жаткандырмын. ..
Хан кыздын дирилдеп турган колдорун кысып жиберди.
- Демек, мага ишенет экенсиң да?!
- Өзүмө ишенгендей. ..
Хан көпкө чейин Алияны карап турду.
- Рахмат сага!
Эмнеге рахмат айтканын өзү деле түшүнбөй турду. Экөө жетелеше машинага карай басышты.
ххх
- Эмне маанайың пас?
Абиш үстүнө үйрүлүп түшкөн апасына да жооп бербестен өз бөлмөсүнө кирип кетти.
- Буга эмне болгон?
Диванда газета окуп жаткан атасы да кабагын түйө суроо салды. Кийнки кездери түнөргөндөн түнөрүп бара жаткан баласынын мүнөзүнө ата -эне тынчсызданып баштаган эле. Артынан кирип келген апасы уулунун жүзүнө тигиле карап калды.
-Эмне болду балам? Өңүң кантет? Эмне иштериң жакшы болбой жатабы ?
-Жакшы эле, апа.
Абиш жүзүн буруп кетти да акырын сүйлөдү.
– Апа, мен жалгыз калтырыңызчы. Жалгыз болгум келип жатат.
Үнсүз бурулган апасы аргасыз артына бурулду. Жалгыз калганда деле жанына арга табалбады. Кимдир бирөө көкүрөгүн жулуп алгансып коңултуктап, көңүлү жайдакталып турганын сезди. "Чыдоо керек. чыдашым керек. Азыр жанынан кетип кала албайм.. Эптеп чыдоо керек. Бирок чыдоо күндөн күнгө оор болуп баратат го... " деди өзүнө өзү күбүрөп. Ооба, анын ички дүйнөсүндө кандай кагылышуу болуп жатканын эч бир адам байкаган жок. Кабинетине кирип келген Алия Абишке жадырай карады.
-Салам!
-Салам!-деди Абиш суз гана.
Бул Алиянын көз жаздымынан калган жок. Тек гана кабак алдынан тиктеген көздөр аны не аяп, не таарынып тиктөөдөн талбайт. "Эмнеге? Эмне үчүн? Кайсы жолго түшүп баратасың?" деп суроолуу караган Абиштин көздөрүнөн көзүн ала качып, жанынан кеткиче шашып кетти.
- Абиш, сен магаг таарынып жатасыңбы? -деди кыз акырын гана.
- Жок, эмнеге антет элем? Жөн эле чарчап жүрөм. Иш көп...
- Мурункудай эмессиң го...
- Анткени сен мурункудай болбой калдың Алия. Ошон үчүн мен сага мурункудай көрүнбөй жатам.
Суз жүзү, кайдыгер өңү кыздын жүрөгүн сыздатып жиберди. Аз эле убакытта Абишти бир боорундай көрүп калган эле. Жалооруй тигилди.
-Антпечи Абиш, мен сенсиз кантем. Билесиңби , мен кичине кезимде эгизим болгон. Анын ысмы Али эле. Экөөбүз кичине кезибизде ушунчалык жакын элек. Бири-бирибизсиз жашай албачудай сезилчү.Эсимде экөөбүздү ажыратып кеткенде мен ага куса болуп ооруп да калгам. Ошондон кийин мен эч бир адам мага Алидей жакын болгон эмес. Сен болсо... Сен менин ошо жоготкон адамымды кайрып бердиң. Аны менен кошо жоготкон ишенимиди дагы... Эми мен сени да жоготкум келбейт. Түшүнөсүңбү, сенден жакын менин эч кимим жок. Суранам, сенден мени таштай көрбө...
Абиш көзүн көтөрө берип селдее катты. Жүрөгү мыкчыла түштү. Канчалык жек көрөйүн десе да болбой жүрөгүнүн бир жери ага тартып турганын сезди.
-Болуптур, - деди чарчаңкы гана.
Алия чыгып кетти. Абиш чалкалай берип, көзүн жумду.Канчага чейин минтип чыдоого болот? Жүрөгүнүн кыйкырыгын кантип басат? Күндөн- күнгө бул сезим менен алышып, өзү алсырап бара жатканын сезип турду. Жүрөгүн тешип чыкчудай болгон сезимин акылдын, эрктин күчү менен баскан Абиш кыздын артынан узата карап кала берди. Андан башка айласы да жок эле.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#336 Пользователь офлайн   Агата Кристи   14 Ноябрь 2013 - 10:24

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Хандын жанында ар дайым дулдуйган, бою узун бир жигит ээрчип жүрчү. Хандын бирден-бир көздөй адамы, кожоюнуна берилген ушул жигит эле. Бир гана ошол адамга Хан отурган бөлмөгө уруксатсыз кирип барганга укук берилген. Бул жолу да досу менен тамактанып отурган Хандын үстүнө уруксатсыз кирип келди.
- Шеф, мен...- деп келе жатып досун көрүп "тык" токтоду.
- Болуптур, киргенден кийин айта бер.
- Баары жайында, мен үйүнө чейин жеткирип кайра кайттым. Эч кандай шектүү нерсени байкаганым жок.
- Рахмат, бошсуң мындан ары. Кете берсең болот.
Ал чыгып кетээри менен досу мыскылдуу жылмайды:
- Досум, тузакка катуу илинсең керек, ээ. Сенин мындай абалыңды биринчи жолу көрүшүм.
- Ошондой го...
Хан кайрадан ойго түшүп кетти.
- Билесиңби, ал кыз таптакыр башкача. Ушул жашка чыгып, мен өмүрүмдө мындай азгырыктуу да, аруу да аялзатын көрбөгөм.
- Айтымыңа караганда, мамилеңер бир топ эле болуп калса керек. Үйбүлөң, уулдарыңды кантесиң? Ал жөнүндө сулууң билеби?
- Билбейт.
- Билсе эмне дээр экен?- деди досу кадыресе кабатырланып.
-Билбейм. Бир билгеним, ал баары бир ал меники болот. Бизди эч ким, эч нерсе ажырата албайт.
- Эмне, ажырашасыңбы?
- Мен сөздүн түз маанисинде азыр деле бойдокмун. Ал башкы маселе эмес.
- Анда башкы маселе эмне?
- Бул кыз мен жөнүндө азыр эч нерсе билбейт. Махабатка мас болуп, билгиси да келбей жүрөт. Менин иштеримди билсе, жанымда бир мүнөт турбай качабы деп ойлойм. Бирок, бир күнү баары бир реалдуу жашоого кайтып келебиз. Ошол нерседен корком. Эң башкы экөөбүздүн ортобузда турган нерсе да ошол.
ххх
Шаардын сыртындагы көрүстөндүн четине кечкурун машина келип токтоду. Колундагы гүлдестесин абайлай кармаган кыз томсоргон бейиттердин арасынан атакесинин сүрөтүнүн тушуна келип токтоду. Бул Алия эле. Ар дайым жуманын ушул күнү атасынын бейитине келчү.
- Атаке, мен келдим...
Мрамордон жасалган муздак күмбөзгө бетин басып көпкө турду.
- Атаке, мен сени сагындым. Сөз менен айтып жеткире албагандай сагындым.
Аңгырап турган ээн үйүнө баргысы жок башын эстеликке жөлөп отура берди. Акырындап түн кирип көз байлана баштады. Бейит жанына машина келип токтогону угулду. "Жети түндө машина бул жакка эмнеге келет?" деп ойлонгуча болбой эки-үчөө түшүп, багаждан бир нерсени сүйрөп түшүп, көтөрүп жөнөштү. Бул эмнеси? Демин ичине алган кыз тигилерди ээрчий карап турду. Дүпүрөшкөн алар тез-тез жерди казып жиберишти. Ансайын кызыккан кыз демин ичине ала тиктеп турду. Өлүк! Жанагы көтөрүп келишкен нерсе адамдын өлүгү экенин көргөнүндө, кыздын көздөрү чанагынан чыга бакырып жибере жаздады. Оозун күчтөп басып бери бурулган кыздын кулагына тааныш үн угула калгансыды.
- Болду, эч ким таппайт. Өзүм жооп берем. Эми эч кимиңердин оозуңардан чыкпасын,- деди өкүм үн.
Кыз киркиреп сүйлөгөн бул үндү кайдандыр бир жерден укканын эстей койду. Кайрылып карагыча караандар алыстап кетишкен экен. "Бул эмнеси? Кимдер булар? Эмнеге тааныш үн ? Мен кайдан уктум экен?" Аз өтпөй кыз шалдырай ордунан турду. Кетип бара жатып да жанагы киркиреген үн кулагына жаңыра берди. Үйүнө келип төшөгүнө кулады. Кайдагы уйку?! Көзүн жумса эле бейит башынан көргөн окуя көз алдына тартылат.
Ушу учурда телефон шыңгырады. Кыз ушул эле нерсени күтүп жаткандай ордунан обдула телефонун колуна алды. Телефон чалган Хан экен.
– Алло...
Кыздын буулуккан үнү адаттагыдан башкача угулду.
– Сага эмне болду?
– Эч нерсе. Хан, сени менен жолуккум келип жатат. Мүмкүн болсо баягы жерден...
– Макул.
Алия колунан телефонун түшүрүп туруп калды. Жүрөгү булкунуп алда бир нерседен коркуп жаткандай энтиге сыртка чыгып тез машинасына түштү да, зымырап жөнөдү. Хан алыстан эле Алиянын машинасын көрүп утурлай басты.
Хандын шаардын сыртындагы үйү ушу болчу. Ар дайым Алия экөө ушул жерден кезигишчү.
– Өңүңдөн аза түшкөндөйсүң, Алия, сага бир нерсе болдубу?- деди Хан.
– Эч нерсе деле болгон жок. Бирок, мен коркуп жүрөм.
– Кимден?
Кыз ушуну эле күтүп тургандай аптыга сүйлөй берди.
– Сенден, жашоодон, өзүмдүн сага болгон сезимимден. ..Кийинки кездерде сен жөнүндө коркунучтуу нерселерди укчу болдум. Бирок, мен ага ишенгим келбейт. Сени менен мага эч нерсе коркунучтуу эмес. Бирок... эмнегедир бир күнү ушул жакшы түшүмдөн ажырап калчудаймын. Ушунун баары жалган болуп калчудай сезилип...
Аптыгып кеткен кыз Ханга жардам сурагандай жалооруп жиберди. Азыр Хан бардыгын жокко чыгарса , ушуну менен өзүндөгү шектенүүлөрдү алып салса...Ал анткен жок. Ойлуу отура берди. Эмне дейт? Мынабул кыздын назик манжаларын кармап турган колдору канга батканын, канча адамды азапка салганын кантип айтат? "Кримчөйрө" деген тикенектүү дүйнөдө жашаарын, өзүнө-өзү туткун болуп, бул чөйрөдөн чыга албай калганын кантип түшүндүрөт? Көпкө чейин унчукпай турду да, көзүн көтөрө кызды салмактуу тиктеп калды.
– Алия, азырынча эч нерсени айта албайм. Болгону, менин сезимиме ишенишиңди каалар элем. Ооба, мен ошону каалайм.
Алия бир нерсе деп айтайын деп бара жатты эле, аны Хандын бир көз карашы токтоту. Хан жанына жакын келди да, кыздын тизесин кучактай калды. Канчалык оолактайын деген менен кыздын кудурети жетпеди. Жеткен жок. Эки дене бири-бирине кыналыша берди. Сезимдер дүрт этип , эч кандай күч менен токтото албагандай кумар оту аларды өз кучагына тартып кетти.
Кыз бир нерседен чочуп ойгонуп кетти. Көзүн бардап ачып караса, эки кишилик керебетте жаткан экен. Ошол замат кимдир бирөөдөн уялгансып жуурканды жамына салды. Алдастап онтоп алды. Ушул учурда наркы үйдөн киркиреген үн угула түшкөндөй болду. Кыздын денеси жыйрыла түштү. Ооба, тааныш үн. Кыз ордунан тура калып, эшиктин кичине ачылып турган жеринен көз жиберди. Ошол замат денесине муздак суу куюлгандай ичиркене түштү. Бул баягы көрүстөндөн уккан үн эле. Ошол үн... Кыз эч нерсеге түшүнбөй турду.
– Шеф, мен сиздин тапшырмаңызды жакшы аткараарымды билесиз. Баарын жакшы бүтүрдүм. Аны эми эң мыкты деген "сыщиктер" да таба албайт.
– Болуптур.
Хан кыска жооп берип, бери бурулду. Тез тигини "кете бер" дегендей колун шилтеди да ичкериге жөнөдү. Кирсе Алия кийинип алган экен.
– Кайда барасың?
– Үйгө.
– Эми мен сени эч кайда кетирбейм. Сен эми меникисиң, Алия.
– Кызык, мен антип бүтүм чыгара элекмин. Эмне үчүн мен үчүн да чечим чыгарып койдуң? Балким, мен...
Ушинтип келе жаткан кыздын өңү кумсара түштү.
– Хан, азыр сенден чыгып кеткен адам ким?
– Эмне кыласың?
– Мен аны кайсы бир жерден көргөндөй болуп жатам. Бул ким?
Кыздын талап кылып сурап турушу Хандын жинине тийди. Ошол замат кабагы чимириле бир нерсе деп айтып жибере жаздап барып, кайра өзүн токтотту.
– Алия, мындан ары эсиңде болсун. Менин кишилериме, менин ишиме кийлигишпе. Мен сага керек нерсени өзүм айтып турам.
Кыз үн катпастан эшикке атырылып чуркап жөнөдү.
– Алия! Токто дейм... Алия....
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#337 Пользователь офлайн   Arstan   14 Ноябрь 2013 - 12:19

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 6 069
• Катталган: 06 Декабрь 09
• Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
• Жынысы:Эркек

Рахмат, ушунча убактынызды болуп жазып отурасыз.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#338 Пользователь офлайн   Агата Кристи   15 Ноябрь 2013 - 13:53

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Кыз үн катпастан эшикке атырылып чуркап жөнөдү.
– Алия! Токто дейм... Алия....
Хандын артынан кыйкырганын уккан жок. Тез машинесине жетти да, от алдырып жөнөп калды. Кан жолдо катуу кетип бара жатып өзүнө бет келген машинаны да көрбөй калды. Токтотууга кеч болуп калган эле. "Өлдүм" деген ой гана анын мээсине чагылгандай тийди. Рулду солго бурганга жетишпей калды. Көзүн жуумп жиберип, колун рулдан бошото берди. Карс-курс, тарс-турс...
Бир аздан кийин алыстан угулган үндөрдү араң эшитти.
– Мас болсо керек...
– Болбосо ушунча да куюндата айдайбы?
– Түү-ү, жапжаш кыз тура...
Алия көзүн акырын ачты да, топураган адамдарды көрдү.
–Аман калган экенмин да...
Бетиндеги канды алаканы менен аарчый берип, милицияларга карады.
- Кечиресиз, мен... мен байкабай эле...
Алия ушуларды күбүрөй берип, тигил машинаны жалт карай салды.
- Тигилер аман бекен?
- Аны милиция бөлүмүнөн териштиребиз, сулуу кыз, сиз азыр биз менен барасыз.
Аз өтпөй эле эки колун аркасына алган кызды милиционерлердин машинасына дегдеңдете салышып, алып кетип бара жатышты. Темир тор. Алия күңүрт бөлмөлөрдүн арасынан темир торлуу бөлмөнү гана ажырата алды.
- Кир, кир...
Эми эмне кылат? Оюна Абиш келди. "Абишке кабар кылышым керек. Ал куткарып алат. Ал сөзсүз куткарат" . Кызды камеранын ичине түртүп жиберген милиционерге жалдырай карады.
- Мен бир жерге кабар кылышым керек. Мен телефон чалышым керек.
- Уруксат жок.
Ушинтип ооз учунан күңкүлдөп койгон тигил нары басты.Эртең менен көзү илинип кеткен экен. Кимдир бирөөнүн мээримдүү колдору жүзүнөн сылап жатканынан ойгонду.
- Алия...
Көзүн акырын ачкан кыз алдында жылмая тигилген Абишти көрдү.
- Абиш?!
- Тур, кеттик.
- Кантип... сен кантип уктуң?
- Сенин машинаң жолдун четинде турганын биздин балдардын бирөө көрүп калыптыр. Ал мага айтып келди. Түнү менен издеп жатып араң таптым. Жүрү, кеттик.
- Эмне, баары бүттүбү?
- Ооба.
- Кантип?
- Мен адвокат экеним эсиңден чыгып кеттиби?
- Абиш, мен... мен киши өлтүрдүмбү?
Кыздын үмүттүү көздөрүн көрүп, Абиш аргасыз жылмайып жиберди.
- Жок, акылсызым, алар эч нерсе болушпаптыр.
Кыз Абиштин мойнунан кучактай калып, эчкире ыйлап жиберди.
- Болду, баары жайында. Жүрү, үйгө кетебиз.
Алия Абиштин жетегине көнүп берди.
Бул окуя жөнүндө Хан билбейт беле, билет беле, ким билсин?! Ошол күнү эртең менен анын баканооз жигиттеринин бири кирип келди. Бул Алиянын артынан аңдытып койгон адамдарынын бири болчу. Аз гана убакытка Алияны көз жаздымынан калтырган ал милицияга түшүп калганын байкабай калган. Качан гана Абиш аны милиция бөлүмүнөн алып чыгып кетип бара жатканда байкап калышкан эле. Эми шефине кантип айтаарын билбейт турду. Алия мындай кырсыкка кабылганын, анан да аны Абиш куткарып чыгып кеткенин билсе, бирин эмес баарынын терисин тескери сыйрып салаары турган иш. Айтпай коёлу дешсе, баары бир башкадан угат. Хан кирип келген жигитине бир карап эле калпыс иш болгонун түшүнө койду.
- Айт...
- Шеф, биз азга эле көз кырыбыздан чыгарып...
- Айт деп жатам! Эмне болду?
- Анын милиция бөлүмүнө түшүп калганын кеч угуп калдык. Биз өзүбүз деле чыгарып алат элек, шеф. Айтып жатпаймынбы кеч угуп калып...
- Эмне болуп түштү?
- Сизден чыккандан кийин эле машинасына түшүп катуу айдап кетип бара жатты. Кайсы багытты бет алганын билбей адашып калдык. Ошентип, катуу кетип бара жатып машинаны уруп алган экен. "Менттер" аны дароо бөлүмгө алып жөнөшүптүр. Биз изине түшкөндө башка адам аны бөлүмдөн чыгарып кеткен экен.
Хандын жүрөгү "зырп" дей түштү.
- Ким ал?
Хандын суроосуна буйдала түшкн жигитке жаралуу арстандай бакырып алды.
- Айт дейм, буйтактатпай! Ким ал?
- Аты Абдрахман. Көпчүлүгү Абиш дешет. Ал фирманын өзгөчө ишеничтүү адамы имиш.
Ошол замат колун тетири шилтеп тигиге "кете бер" дегендей ишарат кылды. Жалгыз калгандан кийин муштумдары өзүнөн-өзү түйүлө берди. Ошол замат эшикке бой урду. Зымыраган машина тез эле Алиянын үйүнүн жанында турду. Тигине, колтугунан аяр сүйөп, кызды жетелеп үйгө кирип келе жаткан Абиш. "Хм-м... демек, Абиш деген ушул экен да?! Баатырсынганын. .. Куткаргыч болуп кеткенин мунун... ". Ушул күндөн кийин Абиштин аркасынан да эки адам аңдыганга өттү. Көлөкөдөй ээрчип жүрчү аларды Абиш таптакыр байкаган жок. Ал эми Абиштин баскан турганы, үйбүлөсү тууралуу "отчёт" күндө Хандын иш столунда жатчу болду. Ушу күндөрү алия суз тартып кетти. Абиш акыры чыбадай кетип кабинетине кирип келди.

- Эмне болду сага, Алия? Балким, мага баарын айтаарсың?
Кыз ийиндерин куушуруп койду. Чын эле эмне деп айтмак? Бутунан чабылган капкандан бошоно албай жатканын айтабы? Чындыгында ал капкандан бошонууну өзү деле каалабай турбайбы... Башын чаташтырган карама-каршылыктан деми кесилип турганын Абиш да түшүндү.
- Алия...
- Абиш, мен өзүм да билбейм мага эмне болду?
- Ханбы?
Кыз “ооба” дегендей башын ийкеди.
-Мен ага байланып калдым, Абиш. Анын адамдары менин артымдан жүргөндөрүн сезип жүрөм. Бирок, эң башкысы ал эмес.
- Анан?
- Мен ансыз жашай албай калдым.
Көзүнөн чаар чымын учкан Абиштин ааламы аңтарылып, жер айланкөчөк болгонсуп кетти.
Кыз болсо эч нерсени элес алган жок. Тек гана сүйлөй берди.
- Билесиңби, Абиш... Мен качандыр бир кезде ушундай сезимге туш болом деп ойлогон эмесмин. Атанын тарбиясынанбы, өтө катуу болуп чоңойдум. Мектепте окуп жүргөндө да мени эң эле тентек, эң эле кырс, адепсиз кыз катары баалашчу. Анткени, кат жазган балдарды мазактап, аларды шылдың кылуу менин адатым эле. Ошондуктан, мени баары сезимсиз жан катары кабыл алышчу. Өзүм да ошондой болуп көрүнгүм келчү. Баатырсынганды жакшы көрөөр элем. Өзүмдүн алсыздыгымды ошентип жашырчумун. Анан да мен атама окшогон күчтүү адам тууралуу кыялданаар элем. Бирок, андай адам жок болуш керек деп ойлочумун. Анан Ханга жолукканымда. .. Ал мени бир гана көз караш менен багынтып алды. Ушул адамга гана баш ийишим керек экенин сездим. Эч нерсени ойлогум келген жок. Бирок, ошол нерсе мени мынчалык кыйноого саларын да сезип турам. Абиш, сен мени түшүнөсүңбү?

- Абиш, сен бирөөнү ушинтип сүйүп көрдүң беле?
- Жок.
Абиштин муздак үнүнөн улам кыз селт дей түштү. Абиш кайгылуу гана башын чулгуй берди.
- Жок, мен эч кимди сүйгөн эмесмин, Алия.
- Отура турсаң...
- Жок, мен кетишим керек.
Ордуна турган Абиш эшикке бет алды.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#339 Пользователь офлайн   Агата Кристи   18 Ноябрь 2013 - 09:01

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

ххх
Хан канча айдан бери аялынын босогосун аттаганы бүгүн. Бүгүн деле келмек эмес. Бирок, уулдарынын бири ооруп калган экен.
Эшикти өз ачкычы менен ачып кирген Хан түз эле уулдарынын бөлмөсүнө башбакты. Экөө тең атасын көрөөрү менен кыйкырып коё беришти.
- Атам!
- Ураа! Атам келди...
Уулдарын колуна алган Хан балдарын сагынып калганын сезди. Уулдары өзүнө куюп койгондой окшош эле.
- Ата, сен кайда жүрдүң?
Улуусу адаттагы суроосун сурады. Хан буйдала түштү. Мурункудай шарт кесе жооп бере албай, тек гана баласынын башынан жыттап койду. Негедир баланын балапан жытын Алиянын жытына окшоштуруп жиберди. Ушул балдарынын жанында отурганда да Алиянын элеси тынч алдырбай жатканына таң калды. Ооруп жаткан баласын кымтылап, эмнеси ооруп жатканын сурамыш болду. Ошол учурда аялы Айнура кирип келди.
- Кандайсың? Бала эмне болуп ооруп калды?
- Тигил таятасыныкына жиберген элем. Анан шамалдап калса керек. Минтип...
- Экинчи балдарды ал жакка жибербе.
Айтчусун айткан Хан тез эле аялынын үйүнөн чыкканча шашты. Артынын балдары чуркап чыгып, кол булгалап жатышканын да элес алган жок.
Ххх
Бул учурда Алиянын апасы Райхан да өз алдынча кайгы тартып жүрдү. Эненин балага болгон кусасына эч нерсе тең келбес. Муну Дияз жакшы түшүнчү. Канчалык Райхандын кайгысын жеңилдеткенге аракет кылган менен ал дагы чарасыз эле. Ушул күндөрдүн биринде Райхан ооруп калды. Катуу жыгылды. Керебетте алсыз жаткан аялынын жанында отурган Дияз акырын унчукту.
- Алың кандай?
- Өх, кандай болсун, алынча эле.
Аялынын колун кармап отурган Дияз шуу үшкүрдү
- Айтчы, жаным, эмне кылайын?
Аял бактылуу жылмайып алды.
- Дияз, экөөбүз бактылуу жашадык, ээ.
- Ооба, жаным. Дагы көп жыл бактылуу жашайбыз. Баары жайында болот, берекем...
Биринин демин бири эш болуп, сыздап турган көңүлүнө карабай аял жеңилдене түштү. "Мындан башка жол жок эле го?! Өткөн күнүмдү унутам дегем.Кантейин, энемин да, энемин...” Райхандын ойлору куюн болуп алып учту. Ушул учурда эшиктен Жайсан атанын кубанычтуу үнү угулду.
- Дияз, уулуң келди. Али келди...
Райхан ордунан обдула тура калды. Эшиктен кирип келген Али апасына карай бой таштады.
- Мынча коркуттуңар го. Атамдын телефондогу үнүн угуп коркконумдан дароо жолго чыктым.
-Берекем, мен коркутуп эмне кылайын. Болгону, аябай сагындым сени.
Райхан кой дегенге болбой ордунан туруп уулунун сүйүктүү тамактарын даярдап кирди. Түн ичинде ата-бала өзүнчө сүйлөшүүгө отурушту.
- Уулум, эми сен чоңоюп калдың. Сен экөөбүз эркектерче сүйлөшөлү...
- Угуп жатам, ата...
- Апаңдын абалын көрүп турасың.
- Эмне, өтө коркунучтуубу?
- Балам, кеп апаң жөнүндө эмес. Алия тууралуу...
Али атасын таңкала тиктеп калды. Эч качан бул тууралуу экөө сүйлөшүп көргөн эмес. Бири-биринин жүрөгүн аяган үчөөнүн ортосунда билинбеген келишим бар эле.
- Алияны көрүп келгенден бери ооруп калды апаң.. Эми эмне кылаарымды билбей калдым.
Тунжурап отуруп калышты. Али бир убакта башын көтөрүп атасына карады.
-Ата, мен барып келейин... Апама айтпай эле коёлу. Мен барып өзүнө жолугуп сүйлөшүп көрөйүн. Мурун эле көңүлүмдө жүргөн. Бирок, апам экөөңөрдү эмне дейт деп тартынып жүргөн элем.. Мен ага баарын түшүндүргөнгө аракет кылам.
Дияз уулун ойлуу тиктеп калды. Чын эле, балким, ушул жолго түшүп көрүшсө жакшы болоор... Эртеси Али чын эле карындашын карай сапар тартты.
ххх
Хан каардуу. Мындай учурда эч бир адам ага батынып сүйлөй албай калат. Жигиттерине тапшырманын үстүнө тапшырма берип, кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеп зиркилдеп эле калды. Бутунун учунан басып, бири-бирине тымызын ийин куушурган жигиттери шефине эмне болгонун түшүнө алышпай бушайман.
Хан ансайын туталанат. Анын көңүл бурганагы өзүнө гана дайын эле. Ал көптөн бери Алияга телефон чалбай калган. Алгач "сагынганда өзү чалат, кайда кетмек эле" деп жүргөн. Өчөшкөнсүп кыз дагы чалбай койду. Бири-бирине эрегишкен экөө эки жактан саргарып жүрүшкөнүнө көп болду.Кабинетине кирип келген жигит шашып кирди.
- Шеф, жаңылык...
- Айта бер.
- Кыздын артынан дагы бир адам пайда болду.
Хан ордунан учуп турду. Көңүлү жабыркап турганда бул сөз ага ок менен аткандай тийди.
- Ким экен?
- Мына, сүрөтүн тартып калганга үлгүрдүм...
Койнунан алып чыккан сүрөттү кунт коё тиктеп калды. Сүрөттө жаш жигит өзүнө тигилип турган экен. Бул эми кайдан чыга калды? Бул табышмагынын жандырмагын жандырып бүтсө тиги табышмагы чыгат.
- Кыздан көз албагыла. Ар бир кадамын санагыла. Азырынча бул жигит менен жолуктурбоонун айласын кыл.
Жигит баш ийкеп чыгып кетти. Турган ордунда катып калган Хан сүрөттү мыжыга берди. Жүрөгү дүкүлдөп чыккан экен. Эч качан эч кимди мынчалык кызганбаганын ойлоду. Көз алдында өзүн табышмактуу тиктеген Алияын элеси. Эрксизден онтоп жиберди. "Жок, мындан ары чыдай албайм. Мен ага телефон чалышым керек. Же алыстан болсо да бир көрүп албасам болбойт" деди өзүнө-өзү. Ордунан шарт турду да, эшикти көздөй жөнөдү. Кан жолдо тез эле Хандын машинасы пайда болду.
Куюндай учурган кандайдыр бир күч кантип Алиянын үйүнө келип калганын билбей калды. Кыз эки тизесин кучактап ойлуу отурган. Ханды көрбөгөнүнө көп болду. "Балким, ушул туурадыр... Балким, анын жашоосунан кетип калганым жакшы болоор. Бирок, кантип?" Канчалык көзүн жумуп коёюн десе да болбой, бир күч Хан жакка тартып жатканын сезди. Ушул учурда телефону шыңгырап калды. Телефондогу номерге көз жүгүртүп, өңү кумсарып кетти. Тула боюн каптаган ысык толкун кубанычпы же коркунучпу аңдай албай турду. Калтыраган колдор өзүнөн-өзү телефонго сунула берди.
- Алло...
– Алия... Жолугушубуз керек болуп жатат.
Кыз эшикке атылды. Жашоодо мындай көз ирмемдер аз гана мүнөткө созулса керек. Үнсүз гана кызды бооруна кыса берди. Анан жетелеп жөнөдү. Кыз каршылык көрсөтпөдү. Тек гана алсыз үн катты.
- Кайда барабыз?
- Алыска, менин кичинекейим, алыска...
Экөө баарына баш байлап кол кармаша кетип бара жатышты. Экөө гана боло турган үйгө бет алышты. Хан аздан соң уктап кеткен перисинин жүзүнө тигилип, уйкусу качып жатты. Кыздын ай чырай жүзү бир калыпта күнөөсүз мемирейт. Мына, селкиси жанында. Ушуну менен эле маселе бүтүп калса гана... Мындан ары кандай кылат? Деги эле бул маселени кандай чечүүгө болот? Түнү менен түйшөлө берди. Эртең менен турган Алия Хандын эбак туруп, иш столунда отурганын көрдү. Жанына келген бийкечинин жаагынан искей берген Хан "отурчу" дегендей кол жаңсады.
- Эмнеге мени да ойготуп койгон жоксуң?
- Уктасын дедим.
Кыз "түшүнүктүү" дегендей жылмайып койду.
- Алия, экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек...
- Эмне тууралуу?
- Сенин жашооңо киришейин деген оюм жок. Бирок, мен бир нерселер тууралуу билишим керек.
- Эмне тууралуу?
- Сени бир адам издеп жүрөт имиш. Жашы он тогуздарда. Казакстандан келген экен.
- Ким экен? Аты ким?
- Аты Алишер дешти.
- Али...
- Ким эле ал? Алия, мен билишим керек. Ким дейм?
- Ал менин бир тууганым. Атам менен апам ажырашып кеткенде ал апам менен кеткен. Мен болсом атам менен калгам.Көрүшпөгөнүбүзгө өтө көп болду. Эми... эми билбейм, эмнеге издеп келгенин...
- Сен аны менен жолуккуң келеби? Мен бул жолугушууну уюштура алам. Алгач сенден анын ким экенин билип алгандан кийин жолуктурайын дегем.
Алия "ооба" дегендей башын ийкеди. Кечкурун эки караан жол жээктей басып бара жатышты. Бул качандыр бир кездеги эгиз козудай чогуу өскөн Алия менен Алишер эле.
- Ошентип, апаң сени мага жиберди дечи...
- Алия, апам... экөөбүздүн апабыз эң жакшы адам. Сен түшүнбөй жатасың. Ал бир мүнөт да сени оюнан чыгарган жок. Анын жашоосун тозокко айланткан атабыз күнөөлүү... Мен апамды билем го... Ал атабыз менен турмушу болбой калгандыктан гана аргасыз кеткен. Анын үстүнө, атам менен апам...
- А менчи? Билесиңби, менин балалыгым апамды күтүү менен өттү. Акыры чоңойгон сайын ал мага кайрылып келбесин сезе баштадым. Анан жек көрө баштадым. Экинчи "апа" деген сөздү оозума албаска ант бердим. Атам байкуштун бактысыздыгын сезгенимде ого бетер жек көрө баштадым. Эми кечире албайм. Убара болбой эле кой.
- Апамдын анчалык күнөөсү жок, Алия,
- Апаңдын күнөөсү башынан ашкан. Ал тургай сени да алдаган. Ал сенин апаң эмес, Али. Экөөбүздү эгиз кылып багып алган.
- Сен эмне деп жатасың, келесоо? Апамды менин апам эмес дейсиңби? Айтчы, сага андай жомокту ким айтып жүрөт?
- Мейлиң, ишенгиң келбесе ишенбей эле кой...
- Алия, бул чындыкты мен мурун эле билем. Билем, менин апам Райхан эмес.
Кыз таңкала тигилди.
- Сен билген белең?
- Ишенип кой, бул сырды мен сенден жакшыраак билем.Көкүрөгүмдө жалгыз гана өзүмдүн апам Райхан жашайт. Мен андан башка апаны көргүм да келбейт, билгим да келбейт.
- Кантип? Билип туруп эле баарын кечирип койдуңбу?
- Атам менен апамдын сүйүүсүн түшүнгөнгө аракет кылсаң сен дагы кечире аласың. Алар жөн гана келишпестиктин курмандыгы болушкан. Алия, жок нерселерге ишенгенден көрө апам менен бир жолу жолугушуп сүйлөшүп көрчү. Суранам сенден...
- Жок, Али, убара болбо... Эми апаң экөөбүз эч качан эне- бала боло албай калдык го.
Али дагы да үмүтүн үзө албай жабык эшикти каккылагандай далбастай берди.
- Апам... Апам сени аябай күтүп жүрөт. Ал ушунчалык мээримдүү адам. Сени жөн гана "ал жаман аял" деп ишендирип коюшкан. Андай тагдырга эч ким күнөөлүү эмес да, Алия. Сүйүүгө да эч ким күнөөлүү эмес. Кийин өзүң да бирөөнү сүйөсүң. Жалынга оролуп жандалбастап турганда апамды түшүнөсүң. Ошондо апамды аяйсың.
Алинин сөздөрү ичиркентип жиберди. Чындагында эле Хан жанында турганда өзү бүт ааламды унутуп калганы калппы? Бирок, көкүрөгүнүн түпкүрүндө орун алган балалык ызасы, кордугу коё бербей жатты. Алия жай гана башын чайкады.
- Али, баары бир мен аны түшүнө албайм...
Канчалык далбастаган менен аны көндүрө албасына көзү жеткен Али унчукпай калды. Көпкө жетелеше басып жүрө беришти. Бирок, бир тыянакка келе албады. Келгендеги максаты орундалбаган Али кетүүгө камынды.
- Болуптур, өз акылың өзүңө оң. Мындан ары да ойлонуп көрөөрсүң.
- Капа болбо, Али. Мен сага кек санабайм. Ар дайым сен үчүн эшигим ачык.
Экөө кучакташа коштошуп, жигит өз жолу менен кете берди. Артынан шалдая караган Алия көпкө чейин тиктеп турду. Анан ийинине тийген колдон артына кылчая карады. Көзүнөн кубанычтын оту жарк дей түштү.
- Сен кайдан келдиң?
- Мен ар дайым сени менен жүрөөрүмдү унутпа. Сенин артыңдан ар дайым менин көзүм турат да... Алигиче ошону биле элексиңби?- деди Хан тамашага чала.
Кыз "түшүнүктүү" дегендей жылмайып койду. Экөө ээрчише машинаны көздөй басышты.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#340 Пользователь офлайн   Агата Кристи   19 Ноябрь 2013 - 09:20

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 69
• Катталган: 14 Март 09
• Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

ххх
Райхан күндөн-күнгө Алинин караанын күтүүдө. "Карындашын ээрчитип келе кала турган күнү болсочу?!" деп күнүгө Кудайга жалынат. Үмүтүн медер кылган энесинин жүзүн кантип карайм деп Али кыжаалат болуп келе жатты. Эшиктен кирип келген уулун көрүп, Райхан ордунан тура калды.
– Али, келдиңби?
– Келдим, апа...
Экөө тең бири-биринин көз карашынан түшүнүштү. Энесинин кучагына боюн таштаган жигит акырын үн катты.
-Кечир, апа. Бардык аракетти кылып көрдүм. Бирок...
- Неге кечирим сурайсың? Өчпөгөн үмүт энеңди дагы эрмек кылаар. Кудайдын мунусуна да шүгүр. Жанымда сен барсың. Атаң бар.
Райхандын үмүтү үзүлбөдү. Күндө кызына жакшы тилек арнап ойгонуп, жакшы тилек айтып уктоону адат кылып алды.Тагдырдын татаалдыгына айла жок. Апасынын сүйүүсүн түшүнгүсү келбеген Алия эми өзү да ээ-жаа бербеген жалындын арасында калды. Ойлогону да, издегени да Хан.
- Алия, сага эмне болду?
– Иштей албай жатам.
Алдында тоо болуп үйүлүп жаткан кагаздарды көңүлсүз караган кыз ушинтип жооп берди.
- Мунун эмнеси оор, Алия? Мен баарын ирээттеп анан сага бергем. Мына, карасаң...
Кагазга үңүлө берген Абиш жигер менен түшүндүрүп баштады. Бир топ убакыт өткөндөн кийин гана Алиянын ою башка жакта экенин байкады.
- Алия...
- Кечир, оюм бир жерде болбой жатат. Абиш, мындан ары бардык ишти өзүң көзөмөлдөчү. Балким...
Кыз үйүлгөн кагаздарды карап туруп оор үшкүрүп алды. Абиш андан аркысын уккусу келген жок. Шарт бурулуп кабинеттен чыга жөнөдү.
- Абиш...
Кыжыры келген кыз кайрадан креслосуна отуруп, кагаздарды кыжырлана барактай баштады.
- Мен өзүмдү колго алышым керек. Мен иштешим керек. Болду жетишет.
Ошол күнү керээли-кечке иштеди. Кечке маал эшиктин жылчыгынан шыкаалаган Абиш кабагы бирде жазылып, бирде бүркөлүп, кагаздарды айбаттана тиктеп отурган кызды көрдү. Өзүнө-өзү маашырлана жылмайып алды.
– Азаматсың! Менин кайраттуум. ..
Алия бир кезде курсагы ачып кеткенин сезип өйдө карай берди эле, сааттын жебеси он экини көрсөтүп турган экен. Сыртта караңгы түн. Ошол замат эсине Хан түштү. "Кайда жүрөт? Неге телефон чалбады?" Кайрадан көкүрөгүн думуктурган сезим аны ороп алды.. Бул сезимден кантип кутулуу керек? Жан-териң чыкканча иштесең да, алты чакырым жерге чуркасаң да, жата калып оонасаң да өзүнөн эч бөлүнбөй турган нерсе тура. Канчалык өзүн-өзү колго алса да болбой колдору телефонго сунула берди. Өзүнө тааныш номерди тере баштады. Өчөшкөнсүп Хан таптакыр телефонду албай койду. Андан нары эмне кылып, эмне коюп жатканын өзү да түшүнбөй калды. Ордунан шак тура калып, эшикке атылды. "Азыр көрүүгө тийишмин. Азыр көрбөсөм болбойт".
Хан тиешеси жок ишке кийлигишкенди өтө жаман көрчү. Бирок, бул жолу өзү да байкабай, бутун капканга салып алды. Шаарда өзү менен тең- тайлашкан, тизгин талашкан бир криминалдык топ бар эле. Бул топтун кожоюну Хан менен качандыр бир кезде афган согушуна катышып келген Жору деген атка конгон адам болчу. Ар дайым өз курмандыгынын көзүн чукуп же тилин кесип кеткен мыкаачылыгы үчүн аны ушундай деп атап коюшчу. Көп жылдан бери экөөнүн ортосунда тымызын күрөш жүрүп келе жатат. Бирок, ачык согушка чыгыша элек болчу. Бул жолу Хандын жигиттери алардын территориясындагы бир фирмадан "отметка "алып коюшкан экен. Чыр мына ушундан башталды.
- Кана, эмне болдуңар?
Кирип келген жигиттерди сүрдүү карады .
- Келишели деп көп аракет жасадык. Бирок, болчудай эмес. Кожоюну сиз менен көзмө-көз сүйлөшүүнү каалап жатыптыр.
Хан ойлуу отуруп калды. Тигил негедир бир нерсени айта албай жаткансып буйдалып туруп калды.
- Дагы эмне болду? Айт...
- Сизге бир адам келди. Күтүп жатат.
Хан андан аркысын айттырбай тура жөнөдү. Түн койнунда өзүн тиктеп турган Алия көрө койду.
- Эмне болду?
- Эч нерсе. Жөн гана сени көргүм келди.
- Келесоо кыз десе... Эч качан менин уруксатымсыз бул жакка келбе деп айтпадым беле ...
- Чыдабадым.
Кыз кыска гана жооп берди. Жанатан бери Хандын кайнап жаткан жини кайдадыр жоголуп кетти. Эрки майтарыла түштү.
- Бул эмне кылганың, тентек кыз? Бул сен жүрүүчү жер эмес. Билесиңби, бул жер...
- Билем, карышкырдын үңкүрү экенин...
- Эмнеге келдиң?
Кыз жарасына бирөө тийгендей чекеси тырыша түштү. Учуп-күйүп келгендеги угаар сөзү ушул беле?
- Сени көргүм келди,- деди эрдин тиштене.
- Мен өзүм керек кезде сага барам деп айтпадым беле? Сен мени издебе. Керек жерден өзүм таап алам деп айтпадым беле. Эки күндөн кийин өзүм жолугат элем го сага.
- А мен ага чейин күткүм келбесечи? Мен сени күндө көргүм келет.
Хан Алияны үн катпай карап турду. Тигил жакта ишин эптей албай жатканда анын уруксатысыз келгенине чындап жини келип турду. Анын ар бир кадамы азыр аяр болушу экенин бул эселекке кантип түшүндүрөт? Эч кимге колтук ачпай көнгөн адам Алиянын минтип жашоосуна чакыртпай кирип келишине даяр эмес эле. Кыздын капкара каректери өрттөнүп турду. Хан үн катпастан Алияны бооруна кыса берди.
- Кичинекейим менин...
- Сагындым сени...
Экөө үчүн аалам тоголонуп айлан-көчөк атып, баштары дуулдап, дүйнөдө бардык нерсени унутуп турушту. Терезеден кирген жел сулуунун жүзүн жумшак аймалап жатты. Хан акырын эңиле берип маңдайынан сылады. "Кичинекейим, эми эмне кылам сени? От менен чокту аралап жүргөнүмдү, эртең эмне болорумду өзүм да билбейм. Ошон үчүн жанымдан артык көргөн балдарымды да өзүмдөн алыстатым. А бирок сени өзүмдөн алыстатууга эрким жетер бекен? Жок, сенден баш тарта албайм." Өмүрүндө биринчи жолу бир адамга чын дилинен байланганын эми туйду. Жок, эми эч качан андан ажырабайт. Көзүн ачкан кызды эркелете тиктеп койду.
-Уйкуңуз кандыбы бийкеч?
-Канды.
Бактылуу жылмайган кыздын жүзү жаркып, Хандын мойнуна кучактай берди.
-Мен бактылуумун- деди Хан үнү буулуга.
-Эмне үчүн ар дайым ушунтип жашоого болбосун?.
Хан кабагы бүркөлө калып кызды өзүнөн оолактата берди.
-Эмне үчүн? Эмнеге менин сезимимен, өзүңдөн сезимиңден качып жатасың. Сен мени сүйөсүң го... Мен сенсиз жашай албагандай, сен дагы менсиз жашай албай калганыңды сезип турам. Же жалганбы?
Кыздын жаштуу көздөрү Ханды жалдырай карады.
Хандын денеси ток менен ургандай дирт дей түштү.Артына бурулбай туруп кыйкырып алды.
-Ооба! Сенсиз жашай албаймын. Андан да жаманы мен сени кое бергим келбейт. Бирок андай болбошу керек. Билесиңби бул сен үчүн кырсыктуу жол. Мен сени кое беришим керек экенин сезип турдум.Бирок кое бере албайм. Азабым ай, кайсы азабыңа мага жолуктуң эле? Эгерде билген болсоң...
Жаалданган кыйкырыктын арты айласыздыкка айланып Хандын үнү ичтен сызган бир муңга айланды. Анын сезими өзүнүкүнөн да күчтүү экенин түшүнгөн кыз Хандын кучактай берди.
-Мага мындан ашык нерсенин кереги жок. Мен сага керек экенимди билем. Мага ошо жетет.
Бул анын артка чегинбес чечими эле.Ушундан аз күн өтпөй чачылган бөлмөнүн ортосунда Абиш менен Алия жаалдана кыйкырып жатышты.
-Сен эч нерсени түшүнбөйсүң. Мен ага керекмин. Мен кетишим керек.
-Келесоо кыз десе, ага азыр гана, убактылуу керексиң. Анан кийин эмне болосуң.
Алия Абиштин сөзүнө кулак салбай кийимдерин чаңызгыта чача берди. Азыр ага баары бир болчу. Болгон максаты сүйүктүүсүнүн жанында болуу, андан башка эч нерсе көзүнө көрүнбөй калган эле.
-Кое бер мени, Абиш суранам сенден...
-Мен сени кое бере албайм.Жок, сен мени биринчи угуп турчу. Мен сени кое бергенге акым жок экенин түшүнчү.Фирманын иштерин эмне кыласың. Сенин наамыңда канча нерсе бар экенин түшүнөсүңбү? Атаңды эстечи. Бар байлыгын сен деп деп жыйнаган. Кантип атаңдын аманатын...
-Атамдын аманатынбы?
Бул сөз кыздын талуу жерине тийди. Жиндеп кийимдерин чаңызгытып жаткан жаны шалдая түштү.
-Атаң өлөрүнө эки күн калганда баардык документтерди сенин наамыңа жаздырган эле. Ошол күнү мени чакырып алып мындай деди...
Абиштин көз алдына ошо кеч тартыла калды.Ооба, Болот алысты көрө билген адам эле. Жакшы адвокат катары Абишти өтө баалачу. Ошо күнү кабинетине Абишти чакырып алып төмөндөгүлөрдү аткан эле.
-Абиш, сен мага уулумдай болуп калдың. Кудай мага уул ыраа көрбөдү. Бирок арман кылбайм. Кызым бар. Эми бардык байлыгым Алиянын колунда калат. Бирок тилекке каршы кызым өтө жаш. Жашоосунда дагы канча нерселер болот ким билет. Мен кызымды сага тапшырдым. Фирманын иштерин да кызымдын тагдырын да сага тапшырдым. Мен сени уулумдай көрөм. Качандыр бир кезде бул сөздөрүмдү Алияга айтарсың. Өз ишин колуна алганга чейин бул дүйнөдө да тиги дүйнөдө да сен жооптусуң. Ал менсиз эч кимиси жок калат.
-Болот ага, антип айтпаңызчы.
-Абиш, сен экөөбүз эркекпиз. Ошон үчүн сага баарын айтууга туура келип жатат. Мен врачта болдум. Акыры дартым алып тынат көрүнөт. Ким билет дагы канча жашайм. Ошон үчүн алдын алгым келди.
Абиш оор улутунуп алды. Мына ошондой болгон эле. Мындан бир канча убакыт мурун эле Алиянын жапшоосуна милдеткер болп калган. Ошол күн күнү бүгүнкүдөй көз алдында турду.
-Алия, мен сага муну айтпай эле койсом болмок. Бирок айтууга туура келип жатат. Сен кетип кала албайсың. Мен сени кое бере албайм.
- Атакем... атам!
Ушу сөздөрдү күбүрөп шалдырай бүк түшкөн кыз алды жакты телмире тиктеп көпкө отурду. Атасынын элеси көз алдына тартыла түштү. "Сен ушинтет белең? Менин сага арнаган ак тилегим , асыл оюм текке кетеби?Кантип кызым? " деп жаткансыды. Өмүр бою кызынын жашоосунда зор роль ойноп келген Болот бул жолу да кызды жипсиз тушап турду.
"Демек ал өлөрүн билген экен да. Эмне үчүн оорусу тууралуу мага айткан жок? Билгенимде жок дегенде акыркы күндөрүндө жанында болбойт белем. Канча сөздөр канча суроолор калды атаке? Эмнеге мени ушу чаташкан нерсеге жалгыз таштып кете бердиң?"
Кыз көпкө чейин шалдырап отуруп калды.Бир жагынан атасы, экинчи жагынан жанын жай алдырбай өрттөп жиберчүдөй болгон жалындаган махабаты, үчүнчүдөн өтүнүч менен караган Абиштин көз карашы анын жипсиз тушап турду. Оор үшкүрүп алды да башын көтөрдү. Кайрадан Абиштин үмүттүү көздөрүнө кабылып, башы шылк эте түштү.
-Алия...
-Жок, Абиш суранба , саенден эч нерсени сурана көрбө. Мен артка чегине албай калдым.
-Ушунча байландым дечи...Мен сени анча- мынча аялдардан күчтүү деп ойлодум эле. Көрсө...
-Ооба, силер атам экөөң мени ар дайым күчтүү көргүңөр келген. Бирок мен аялмын! Менде да жүрөк бар.Мен да бирөөнү сүйүш үчүн , бирөөнүн жары болуш үчүн жаралгам. А силер...
Абиштин үнү мыскылдуу чыкты.
-Демек, бир утурумдук сезим үчүн атанын алдыңдагы парзыңдан да, байлыктан да, баарынан кечип кеткенге даяр экенсиң го. Болуптур, өз акылың өзүңдө. Мен сени байлап кала албайм. Кош бол!
Ушуну айтты да Абиш шарт бурулду. Карс жабылган эшиктин дабышынын селт дейт түштү Алия. Ордунан тура албай башын көтөргөнгө алы келбей көпкө отурду. Чырылдаган телефондун үнү гана аны реалдуу жашоого алып келди.
-Алло...
-Алия, жыйналып бүттүңбү? Даяр болсоң эки сааттан кийин алып кетем.
-Хан...
-Алия, балким мен сени шаштырып жаткандырмын. Балким сага убакыт керектир. Эсиңде болсун, менин жээгиме өткөн соң артыңа кайрылууга таптакыр жол жок болуп калат. Сен өзүңдүн мурдагы жашооң менен, коштошууга туура келет. Эгерде сен ошонун баарына даяр болсоң гана , мен сени алып кете алам.
Хандын салмактуу үнүн кыздын көңүлүн дүрт этирип жиберди.
-Азыр мен сага керекмин. Башка эч нерсени ойлогум келген жок. Эки сааттан кийин даяр болом.
Кыз чыйрыга үн катты. Ордунан чечкиндүү туруп, кийимдерин жыйнап баштады. Эч нерсени ойлобоско, чечиминен артка чегинбеске аракет кылып жатты. Босогого жеткенде эрки жетпей артка бурулду. Өзүнүн жарымы, өмүрүнүн жартысы ушу үйдө калып жаткандай толгонуп токтоду. Төрдө илинип турган атасынын чоңойтулган сүрөттүнө көзү түштү.
-"Кечир атаке,эмгегиңди актай албадым. Уул катары тутунуп, уул катары атымды өчүрбөйт деп тилек кылдың эле. Ишеничиң чоң болчу. Аттиң ай, кыз эч качан уулдун ордун толтура албайт тура. Алсыздык кылдым, атаке..." Көзүнөн жашы куюлуп кетти. Бир кезде башын бийик көтөрдү да атасынын сүрөтүн бир карап алып эшикке бет алды. Сыртта машинеси менен Хан күтүп турган экен.
-Кеттикпи?
-Кеттик.
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Адабият жана поэзия
• Кийинки тема →

• (22 бет)

• « 1

• 15
• 16
• 17
• 18
• 19

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 22 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 22, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 21 Июл 2025 01:15

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: