КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ, КИМ МЕНЕН ЖҮРДҮҢ ЭКЕН?
Кызгалдактай кулпуруп бул жалганда,
Кимге шерик, жар болуп жаралгансың?
Кол кармашып, жетелешип, эркелешип,
Кайсыл жолдо, ким менен баратасың?..
Кызыгың эч тарабай кыткылыктап,
Кимди коштоп, жылмайып күлдүң экен?
Кылыктанып,
назданып, сүйө карап,
Кай дубанда, ким менен жүрдүң экен?..
Коюу түндө нур чачкан Айга окшоп,
Кайсыл жандын шамы болуп жандың экен?..
Качандыр бир мага айткан сөздөрүңдү,
Кайсыл жанга шыбырап айттың экен?..
Колтукташып,
ким менен, айлуу түндө,
Кыялданып, ой көлүнө чөктүң экен?..
Кыналып, бек кучактап коё бербей,
Кай адамдын эрининен өптүң экен.?..
Адашып, изиңди мен таппай калдым,
Аркарга окшоп, артта калган үйүрүнөн.
А балким акыретте көрөөрмүн деп,
Аалам кезип, дербиштей тентип жүрөм...
Ыр сабындагы жаңырыктар Сүйүү ырлары, жүрөк сырлары
#82 20 April 2013 - 05:59
алгач коруп коздоруно каадалдым карагаттай карегине арбалдым.
журогумдун тупкурунон бекемдеп, конулумдон очпос, кетпес жай алдын.
а сен жаным мага конул бурбадын, башкасынын суйуусундо от жандын
эми болсо карегимден очо баштап, бутпой калган дастаныма айландын....
журогумдун тупкурунон бекемдеп, конулумдон очпос, кетпес жай алдын.
а сен жаным мага конул бурбадын, башкасынын суйуусундо от жандын
эми болсо карегимден очо баштап, бутпой калган дастаныма айландын....
#83 24 April 2013 - 16:10
ЭНЕМДИН ЖОМОГУ
Эселек бала болчум,
Энем менен жайлоодомун,
Эрмеги болуп аны зериктирбей.
Эстегенде бир жомогун сурай берчүм,
Этегине жабышып коё бербей...
Олтургузуп кучагына мени энем,
Чогун көсөп ортодогу очоктун.
Башымдан сылап кайра жыттап алып,
Баштаар эле күндө айткан жомогун.
Алдын тоскон аска тоону ашып өтүп,
Баатырыбыз айласын табаар эле.
Энем мага “сен дагы баатырыңдай,
Акылдуу болгунуң” деп айтаар эле.
Канаттары сынып калган көгүчкөндүн,
Биздин баатыр жараатын таңаар эле.
Энем мага “мерездик жаман сапат,
Мээримдүү болгунуң” деп айтаар эле.
Жеңилбеген эч кимден, ажыдаардын,
Баатырыбыз башын кесип алаар эле.
Энем мага “ажалдан да жалтанбаган,
Эр көкүрөк болгунуң” деп айтаар эле.
Баарын жеңип баатырыбыз өз үйүнө,
Сүйүктүүсүн учкаштырып кайтаар эле.
Алаканым чапкылап, так секирип,
Мен кубансам, Энем күлүп калаар эле.
Энекемдин жомогунун аягында,
Ай-ааламга адилеттик орноор эле.
Ташбоорлор жок кылынып жер жүзүнөн,
Айлана шаң-күлкүгө толоор эле.
Энеке... адилеттик, чындык, сүйүү,
Жок окшойт го, көп издедим... таппай келем.
Анын баары сен өзүң ойлоп тапкан,
Жомоктор дүйнөсүндө калган белем...
Эр жетип, көзүм жетип көп нерсеге,
Энеке, мен жаныңа кайткым келди.
Жийиркеничтүү адамдардан алыс болуп,
Жомоктор дүйнөсүндө калгым келди...
Эселек бала болчум,
Энем менен жайлоодомун,
Эрмеги болуп аны зериктирбей.
Эстегенде бир жомогун сурай берчүм,
Этегине жабышып коё бербей...
Олтургузуп кучагына мени энем,
Чогун көсөп ортодогу очоктун.
Башымдан сылап кайра жыттап алып,
Баштаар эле күндө айткан жомогун.
Алдын тоскон аска тоону ашып өтүп,
Баатырыбыз айласын табаар эле.
Энем мага “сен дагы баатырыңдай,
Акылдуу болгунуң” деп айтаар эле.
Канаттары сынып калган көгүчкөндүн,
Биздин баатыр жараатын таңаар эле.
Энем мага “мерездик жаман сапат,
Мээримдүү болгунуң” деп айтаар эле.
Жеңилбеген эч кимден, ажыдаардын,
Баатырыбыз башын кесип алаар эле.
Энем мага “ажалдан да жалтанбаган,
Эр көкүрөк болгунуң” деп айтаар эле.
Баарын жеңип баатырыбыз өз үйүнө,
Сүйүктүүсүн учкаштырып кайтаар эле.
Алаканым чапкылап, так секирип,
Мен кубансам, Энем күлүп калаар эле.
Энекемдин жомогунун аягында,
Ай-ааламга адилеттик орноор эле.
Ташбоорлор жок кылынып жер жүзүнөн,
Айлана шаң-күлкүгө толоор эле.
Энеке... адилеттик, чындык, сүйүү,
Жок окшойт го, көп издедим... таппай келем.
Анын баары сен өзүң ойлоп тапкан,
Жомоктор дүйнөсүндө калган белем...
Эр жетип, көзүм жетип көп нерсеге,
Энеке, мен жаныңа кайткым келди.
Жийиркеничтүү адамдардан алыс болуп,
Жомоктор дүйнөсүндө калгым келди...
#84 03 May 2013 - 05:40
ЭНЕКЕ, ЖЫРТЫЛГАН ЖАН-ДҮЙНӨМДҮ ЖАМАП БЕРЧИ!
Энеке...бар дүйнөмдүн жарымысың,
Мен болсом бир тал чырпык,
Энекем, сен анын тамырысың.
Эки дүйнө жыргалын берсе дагы,
Эч нерсеге өзүңдү алмашпаймын.
Пайгамбарым бейишке барат деген,
Эң кымбат адамысың... бул ааламдын...
Энеке, эстеп кеттим,
Жайлоодо козу-улакка аралашып,
Жаныңда жүргөн кезим.
Унутпай жүрөм дале... укпай кебиң,
Чукулап ойногонум, боз үйдүн тешиктерин. ..
Сен дагы эстейсиңби. ..
Күн күркүрөп,
Жамгыр төккөн бир күнү,
Чырылдап... катуу коркком чагылгандан,
Көз ирмемге жарык кылган кара түндү...
Эсимден өчпөй калды...
Шамал болуп, кычырап боз үй уугу,
Тамчылап, тешиктерден жамгыр суусу,
Табалап турган өңдүү сезилди эле,
Асмандын күркүрөгөн ызы-чуусу.
Энеке эстедиңби...
Жабышып, койо бербей этегиңди,
“Жүрөгүм үшүп жатат” дегенимди...
А мен болсо унутпадым...
Жылмайып, колуң менен аяр сылап,
Жүрөгүмдү “жылытып” бергениңди. ..
Эсимде дале турат...
Жыртыгын байпагымдын,
Үшкүрүп, чечип алып жамаганың...
Үзүлгөн топчусун көйнөгүмдүн,
Үкөктөн башкасын таап кадаганың...
Үшүгөндө, суук тийип,
Үлүл сымал, түйүлүп ооруганым.
Көз алдымда дале турат,
Үнөмдөп, бекиткен кант-набатың,
Үйрүлүп, оозума кармаганың. ..
Энеке...билесиңби. ..
Боз үйдүн кийизиндей,
Тешишти...жасап алган кооз дүйнөмдү.
Жыртыктардан кирген шамал,
Сапырат жалындан калган “күлдү”.
Апкаарып кургур жүрөк дүк-дүк кагат,
Укчудай “коркунучтуу” тааныш үндү...
Эңсетти Эне...колдоруңдуң жылуулугун,
Тынчы жок жүрөгүмдүн титиреп “үшүгөнү”. ..
Энекебай, азыр эми,
Айта албай койдум сага,
Байпак эмес, жыртылганын жан-дүйнөмдүн.
Алданып, абийирсиз адамдарга,
Топчу эмес, үмүт жиби үзүлгөнүн.
Кечээги “жакын” болгон көр пенделер,
Бүгүн минтип жүздөрүн үйрүгөнүн...
Мунун баарын билгениңде,
Үкөктөн издеп таап “ийне-жибиң”,
“Дүйнөңдү жамаймын” деп жөнөөр белең...
Учугу “үмүт жиптин” табылбастыр,
Дегениме алтын энем көнөөр белең...
Жолумду күндө карап, күтүп мени,
Белендеп, берейин деп, бар дүйнөңдү,
Деп ойлоп, кирип келээр эрте-кечпи.
Барганымда, батынып айта аламбы:
“Энеке, жыртылган жан-дүйнөмдү,
Жамап берчи?!”
Энеке...бар дүйнөмдүн жарымысың,
Мен болсом бир тал чырпык,
Энекем, сен анын тамырысың.
Эки дүйнө жыргалын берсе дагы,
Эч нерсеге өзүңдү алмашпаймын.
Пайгамбарым бейишке барат деген,
Эң кымбат адамысың... бул ааламдын...
Энеке, эстеп кеттим,
Жайлоодо козу-улакка аралашып,
Жаныңда жүргөн кезим.
Унутпай жүрөм дале... укпай кебиң,
Чукулап ойногонум, боз үйдүн тешиктерин. ..
Сен дагы эстейсиңби. ..
Күн күркүрөп,
Жамгыр төккөн бир күнү,
Чырылдап... катуу коркком чагылгандан,
Көз ирмемге жарык кылган кара түндү...
Эсимден өчпөй калды...
Шамал болуп, кычырап боз үй уугу,
Тамчылап, тешиктерден жамгыр суусу,
Табалап турган өңдүү сезилди эле,
Асмандын күркүрөгөн ызы-чуусу.
Энеке эстедиңби...
Жабышып, койо бербей этегиңди,
“Жүрөгүм үшүп жатат” дегенимди...
А мен болсо унутпадым...
Жылмайып, колуң менен аяр сылап,
Жүрөгүмдү “жылытып” бергениңди. ..
Эсимде дале турат...
Жыртыгын байпагымдын,
Үшкүрүп, чечип алып жамаганың...
Үзүлгөн топчусун көйнөгүмдүн,
Үкөктөн башкасын таап кадаганың...
Үшүгөндө, суук тийип,
Үлүл сымал, түйүлүп ооруганым.
Көз алдымда дале турат,
Үнөмдөп, бекиткен кант-набатың,
Үйрүлүп, оозума кармаганың. ..
Энеке...билесиңби. ..
Боз үйдүн кийизиндей,
Тешишти...жасап алган кооз дүйнөмдү.
Жыртыктардан кирген шамал,
Сапырат жалындан калган “күлдү”.
Апкаарып кургур жүрөк дүк-дүк кагат,
Укчудай “коркунучтуу” тааныш үндү...
Эңсетти Эне...колдоруңдуң жылуулугун,
Тынчы жок жүрөгүмдүн титиреп “үшүгөнү”. ..
Энекебай, азыр эми,
Айта албай койдум сага,
Байпак эмес, жыртылганын жан-дүйнөмдүн.
Алданып, абийирсиз адамдарга,
Топчу эмес, үмүт жиби үзүлгөнүн.
Кечээги “жакын” болгон көр пенделер,
Бүгүн минтип жүздөрүн үйрүгөнүн...
Мунун баарын билгениңде,
Үкөктөн издеп таап “ийне-жибиң”,
“Дүйнөңдү жамаймын” деп жөнөөр белең...
Учугу “үмүт жиптин” табылбастыр,
Дегениме алтын энем көнөөр белең...
Жолумду күндө карап, күтүп мени,
Белендеп, берейин деп, бар дүйнөңдү,
Деп ойлоп, кирип келээр эрте-кечпи.
Барганымда, батынып айта аламбы:
“Энеке, жыртылган жан-дүйнөмдү,
Жамап берчи?!”
#85 08 May 2013 - 03:09
БИР КЕЛИП КЕТ
Карааныңды издеп жүрүп садага,
Канча жылым өтүп кетти азапта.
Кезигишсек бир бет келип жашоодо,
Кол кармашып жүрөөр белек жанаша.
Жолуң таппай, бара албадым жаныңа,
Жаш жанымды куйкаладым жалынга.
Жолугушуп, жүз көрүшсөк бир жолу,
Жандап басып жүрөөр белең жанымда.
Токтоно албай ак жамгырдай төгүлдүм,
Тумчуктурган караңгыга көмүлдүм.
Тирүүлүктө бир ирет жолугушсак,
Тынчып балким калаар беле көңүлүм.
Өмүр чиркин... баарыбызга өлчөнгөн,
Өзөн сымал агып барат күтпөстөн.
Өзүңдү бир көрүп калсам өмүрдө,
Өкүнбөстөн өтөөр элем дүйнөдөн...
Өзөгүмө бир дарт кирген, сезилбей,
Өрттөсө да жашап жүрөм жеңилбей.
Өлүм мага келе электе асылым,
Өтүнөөрүм бир келип кет, кечикпей...
Карааныңды издеп жүрүп садага,
Канча жылым өтүп кетти азапта.
Кезигишсек бир бет келип жашоодо,
Кол кармашып жүрөөр белек жанаша.
Жолуң таппай, бара албадым жаныңа,
Жаш жанымды куйкаладым жалынга.
Жолугушуп, жүз көрүшсөк бир жолу,
Жандап басып жүрөөр белең жанымда.
Токтоно албай ак жамгырдай төгүлдүм,
Тумчуктурган караңгыга көмүлдүм.
Тирүүлүктө бир ирет жолугушсак,
Тынчып балким калаар беле көңүлүм.
Өмүр чиркин... баарыбызга өлчөнгөн,
Өзөн сымал агып барат күтпөстөн.
Өзүңдү бир көрүп калсам өмүрдө,
Өкүнбөстөн өтөөр элем дүйнөдөн...
Өзөгүмө бир дарт кирген, сезилбей,
Өрттөсө да жашап жүрөм жеңилбей.
Өлүм мага келе электе асылым,
Өтүнөөрүм бир келип кет, кечикпей...
#86 10 June 2013 - 03:57
КҮН
Ордуңду капкараңгы түнгө таштап,
Кызарып, тоо артына батканыңда.
Канча жан сени менен кошо батты,
Түгөнүп ичээр суусу бул жалганда.
Кайрадан караңгыны сүрүп чыгып,
Тоо учунан көрүнүп күлгөнүндө.
Ыңаалап, көзүн ачып канча бөбөк,
Таңыркап кирип келди бул дүйнөгө.
Бүгүн сени көргөнүмө жетине албай,
Кубанып, жашап жүрөм шүгүр кылып.
Жатаарда Жаратканга дуба кылам,
Эртең дагы көрөөрмүн деп үмүт кылып.
Ордуңду капкараңгы түнгө таштап,
Кызарып, тоо артына батканыңда.
Канча жан сени менен кошо батты,
Түгөнүп ичээр суусу бул жалганда.
Кайрадан караңгыны сүрүп чыгып,
Тоо учунан көрүнүп күлгөнүндө.
Ыңаалап, көзүн ачып канча бөбөк,
Таңыркап кирип келди бул дүйнөгө.
Бүгүн сени көргөнүмө жетине албай,
Кубанып, жашап жүрөм шүгүр кылып.
Жатаарда Жаратканга дуба кылам,
Эртең дагы көрөөрмүн деп үмүт кылып.
#87 10 June 2013 - 05:02
Калеминиз курчуй берсин!ырларын аябай маанилуу.
маңыздуу
мага аябай жагат баардык ырларыңызды окуп турам.Сизге ийгилик каалайм.
#88 17 July 2013 - 00:43
МЭЭРИМДҮҮ БОЛОЛУЧУ
Беш күндүк бул дүйнөдө
Адамдык сапатты сактайлычы
Таарынтпай
Таарынышпай жашайлычы
Оорутуп көңүлдөрдү
Оор сөздөр айтпайлычы
Жөн гана “адам” үчүн
Адамзатын
Сыйлайлычы, барктайлычы. ..
Ар бир таңды
Күлүмсүрөп тосолучу
Жылуу сөз айткандарды
Жылмайып коштойлучу
Мээрим чачып айланага
Мерез эмес
Боорукер бололучу...
Беш күндүк бул дүйнөдө
Адамдык сапатты сактайлычы
Таарынтпай
Таарынышпай жашайлычы
Оорутуп көңүлдөрдү
Оор сөздөр айтпайлычы
Жөн гана “адам” үчүн
Адамзатын
Сыйлайлычы, барктайлычы. ..
Ар бир таңды
Күлүмсүрөп тосолучу
Жылуу сөз айткандарды
Жылмайып коштойлучу
Мээрим чачып айланага
Мерез эмес
Боорукер бололучу...
#89 01 August 2013 - 09:28
СҮРӨТҮМ
Колуңа алып кагаз менен карандашты,
Көчүрүп өзүң тарткан сүрөтүмдү.
Жаздыгыңдын түбүнө катып алып,
Жатаарда дале карап жүрөсүңбү?..
Элесим түшүрүлгөн аппак барак,
Эстен чыгып, бырышып, жыртылдыбы? ..
Эски күндөн эстелик калбасын деп,
Эки бөлүп таштандыга ыргыттыңбы?
Колуңа алып кагаз менен карандашты,
Көчүрүп өзүң тарткан сүрөтүмдү.
Жаздыгыңдын түбүнө катып алып,
Жатаарда дале карап жүрөсүңбү?..
Элесим түшүрүлгөн аппак барак,
Эстен чыгып, бырышып, жыртылдыбы? ..
Эски күндөн эстелик калбасын деп,
Эки бөлүп таштандыга ыргыттыңбы?
#90 04 August 2013 - 20:39
МЕН КАЧАН КӨЧӨӨР ЭКЕМ?..
Жайы-кышы жер которгон чабанга окшоп,
Журтум таштап качан мен көчөөр экем?..
Жалбырттап күйүп бүткөн коломтодой,
Жалыным кайсыл күнү өчөөр экен?..
Кыйрап калган зилзала болгонунда,
Кара тамдай качан мен ураар экем?..
Кучагына имерип кайсыл күнү,
Кара жер бүт денемди жутаар экен?..
Жылдызга окшоп асмандан түшүп кеткен,
Жаза басып кайсыл күнү кулаар экем?..
Жаздык кылып, кайсыл күнү топуракты,
Жаным тынчып, түбөлүккө уктаар экем?..
Күн менен кошо батып, кайсыл күнү,
Кайра чыкпай ошол бойдон калаар экем?..
Жаратып, жашоо берген Алла Таала,
Жанымды кайсыл күнү алаар экен?..
Жайы-кышы жер которгон чабанга окшоп,
Журтум таштап качан мен көчөөр экем?..
Жалбырттап күйүп бүткөн коломтодой,
Жалыным кайсыл күнү өчөөр экен?..
Кыйрап калган зилзала болгонунда,
Кара тамдай качан мен ураар экем?..
Кучагына имерип кайсыл күнү,
Кара жер бүт денемди жутаар экен?..
Жылдызга окшоп асмандан түшүп кеткен,
Жаза басып кайсыл күнү кулаар экем?..
Жаздык кылып, кайсыл күнү топуракты,
Жаным тынчып, түбөлүккө уктаар экем?..
Күн менен кошо батып, кайсыл күнү,
Кайра чыкпай ошол бойдон калаар экем?..
Жаратып, жашоо берген Алла Таала,
Жанымды кайсыл күнү алаар экен?..
#91 04 August 2013 - 20:43
КЕЧИРГИЛЕ МЕНИ АДАМДАР...
Жүдөттү мени
Жүрөктүн катуу соккону.
Жыйрылып барып
Жазылып кайра койгону.
Бир туруп тынчыйт
Бөбөктөй болуп уктаган.
Бир туруп туйлайт
Балыктай болуп тордогу...
Көкүрөк тушум
Кысылып турат дем жетпей.
Кыйналып барам
Көл-шал суу болуп тер кетпей.
Тамырлар дагы
Тартылып араң турушат.
Чыйралып барып
Үзүлүп азыр кетээрдей...
Кайсыл бир күнү
Кагышы токтоп жүрөктүн.
Кыйнаган мени
Кан тамыр дагы жарылаар.
Катуу сөз айтып,
Кимдерди капа кылсам да
Кечирим сурайм
Кечирим сурайм... адамдар...
Жүдөттү мени
Жүрөктүн катуу соккону.
Жыйрылып барып
Жазылып кайра койгону.
Бир туруп тынчыйт
Бөбөктөй болуп уктаган.
Бир туруп туйлайт
Балыктай болуп тордогу...
Көкүрөк тушум
Кысылып турат дем жетпей.
Кыйналып барам
Көл-шал суу болуп тер кетпей.
Тамырлар дагы
Тартылып араң турушат.
Чыйралып барып
Үзүлүп азыр кетээрдей...
Кайсыл бир күнү
Кагышы токтоп жүрөктүн.
Кыйнаган мени
Кан тамыр дагы жарылаар.
Катуу сөз айтып,
Кимдерди капа кылсам да
Кечирим сурайм
Кечирим сурайм... адамдар...
#93 10 November 2013 - 18:09
#95 30 November 2013 - 00:46
Көз жаруу жалгыз, көр тирлик жалгыз, Көз жумуу жалгыз, түгөйсүз. Көз жумулса, көз жарып кайра Жарыкты эки көрбөйбүз. Балалык жалгыз, балакат жалгыз, Жаштыгың – жалгыз жаңырык. Жел менен учкан жебедей болуп Жетери – жалгыз карылык.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#96 30 November 2013 - 00:47
Кыжаалат бугуп, кысталып, буулуп, Кыйналат жүрөк эмнеге? Кыбалап күйүп, кыйноону үйүп, Кысымга алат тим эле. Шаң менен шаттык өзүмдү таштап, Шашылып кайда барасың? Шамалга туштап, жолуңду буруп, Шар аккан суудай агасың. Күн менен чыгып, оболоп батып, Күлүктөй неге чуркайсың? Күндөрүм менен күлгүндөй кездин Күдөрүн кайра улайсың. Жылмаюу, күлүү, каткыруу деген Жигиңди кайда катасың? Жылдары менен тагдырын берген Жолумдан буйтап качасың.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#97 30 November 2013 - 00:49
Ар нерсе болот өмүрдө, Арсыздык орноп көңүлгө, Арманга тунуп кыялың, Алсырап ойго чөмүлгө! Убакыт алса жамалды, Убайым алат амалды. Убара тартпай бекерге, Унуткар бардык санааңды!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#98 30 November 2013 - 13:30
Ооруп турам,негедир ооруп турам
Ойдон очуп сени деген кыялдарым.
Журогумдон коёбербей кооруп турам,
Сени катып бир куну тынар жаным.
Качтынбеле? Азыргаче тушунбойм...
Эми сени коргон кезди тушум дейм.
Гулумдойсун, жалбырагын тушурбойм
Анан сени суйоорум чын тушун дейм!
Ойдон очуп сени деген кыялдарым.
Журогумдон коёбербей кооруп турам,
Сени катып бир куну тынар жаным.
Качтынбеле? Азыргаче тушунбойм...
Эми сени коргон кезди тушум дейм.
Гулумдойсун, жалбырагын тушурбойм
Анан сени суйоорум чын тушун дейм!
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#99 14 March 2014 - 13:50
Мага айтышты: -Кайт артыңа! Сага тыюу салынган...
Мен жооп бердим: -Мыйзамдар бузуу үчүн алынган!
Мага айтышты: -Бул нерсени жасоого жетпейт күчүң...
Мен жооп бердим: -Аракетим аябайм жетүү үчүн!
Мага айтышты: -Бул кылганың жарабайт, эми токтот...
Мен жооп бердим: -Бул дүйнөдө баары болот!
Мага айтышты: -Айчы кана, ал адамдан эмне таптың...?
Мен жооп бердим: -Махабаттын даамын таттым!
Мага айтышты: -Ал да сени сендей болуп сүйдү беле...?
Ызаланып суроосуна... ...........Тил буулду, туталанып келбей кепке...
Мага айтышты: -Билбесең, кыйналбагын, унуткунуң!
Чыдабай кыйкыргамын: -Силердей эмесмин мен! Махабатка туруктуумун! !!
Мен жооп бердим: -Мыйзамдар бузуу үчүн алынган!
Мага айтышты: -Бул нерсени жасоого жетпейт күчүң...
Мен жооп бердим: -Аракетим аябайм жетүү үчүн!
Мага айтышты: -Бул кылганың жарабайт, эми токтот...
Мен жооп бердим: -Бул дүйнөдө баары болот!
Мага айтышты: -Айчы кана, ал адамдан эмне таптың...?
Мен жооп бердим: -Махабаттын даамын таттым!
Мага айтышты: -Ал да сени сендей болуп сүйдү беле...?
Ызаланып суроосуна... ...........Тил буулду, туталанып келбей кепке...
Мага айтышты: -Билбесең, кыйналбагын, унуткунуң!
Чыдабай кыйкыргамын: -Силердей эмесмин мен! Махабатка туруктуумун! !!
Ээх журокту тилип кетти..кандай гана саптар...!!!
#100 27 October 2015 - 14:25
Суроом жок.Сураарым жок
Жообум жок.Жолдорум жок
Бир келген суйууну
Чанып турганым жок
Кунум жок кулушум жок
Уйкум жок тушторум жок
Кыйналганда УГА турган
Бир дагы сырдашым жок
Жообум жок.Жолдорум жок
Бир келген суйууну
Чанып турганым жок
Кунум жок кулушум жок
Уйкум жок тушторум жок
Кыйналганда УГА турган
Бир дагы сырдашым жок

Супер-Инфо
super.kg
видео













