Акыркы жылдары Кыргызстанда медицинанын алсыздыгы, ооруканалардын абалы, тажрыйбалуу жана билимдүү дарыгерлердин жетишсиздиги,
алыскы аймактарда жашаган кош бойлуу айымдардын керектүү маалыматтарга муктаждыгы,
ж.б. улам төрөт учурунда каза тапкан жаш энелердин саны көбөйүүдө
- (2 )
-
- 1
- 2
Төрөт өмүр менен өлүмдүн ортосунда
#1 05 November 2013 - 12:07
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 05 November 2013 - 12:09
Өлүмдүн себептери: Кош бойлуу айымдардын өлүмүн акушер-гинекологдор бир нече себептер менен байланыштырышат.
Мисалы: Биринчи кезекте кош бойлуу учурунда туура эмес тамактануу,
эт, сүт, жумуртка жана башка пайдалуу азыктардын аз колдонулушу,
керектүү витаминдердин жетишсиздиги.
Туура эмес тамактануу анемияга, кан басымдын жогорулашына,
шишиктердин пайда болушуна алып келет. Мындай ооруларга көпчүлүк учурда алыскы райондо жашаган аялдар чалдыгышат.
Алардын көпчүлүгү акушер-гинекологдун көзөмөлүнөн өтө алышпайт. Алардын бир айда бир барып дарыгерге көрүнүп турууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Айылдагы мед.пунктардын абалы талапка жооп бербейт. Айыл жергесиндеги кош бойлуу айымдар кандай учурда гинекологго барыш керек экендиги боюнча маалыматы дагы жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 05 November 2013 - 12:10
Төрөт үйлөрү техникалык аппараттарга муктаж Учурда республикадагы бардык төрөт үйлөрү жогорку деңгээлдеги техникалык аппараттарга муктаж. Былтыркы жылдын эсеби боюнча, "АУБ-кайрымдуулук"
фонду 4 миллион 800 миң сомду республиканын областарында жайгашкан төрөт үйлөрүнө бөлүп берген. Чүй областындагы биринчи төрөт үйүнө, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл областтык төрөт үйлөрүнө кош бойлуу айымдарды текшерүү үчүн туура жана так диагноз койгон феталдык мониторлор орнотулган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 05 November 2013 - 12:11
тажрыйбалуу дарыгерлер жетишсиз Совет мезгилинде дарыгерлерди атайын бир нече баскычтардан турган окууларга жиберип, алардын арасынан мыктыларды гана тандап алышчу. Ал эми ооруканаларда10-
15 жылдык иш тажрыйбасы бар дарыгерлер иштешчү. Учурда мындай көрүнүштү байкоого болбойт. Гинекологдор,
акушерлер, жаш балдар дарыгерлери жетишсиз, алыскы аймактарда дарыгерлер дээрлик жокко эсе. Ал эми неотологдор Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө 70% жетишсиз. Ошентсе да, учурда Кыргызстандагы гинеколог- акушерлер эне жана балдарды коргоо маселесинин тегерегинде өткөрүлгөн эл аралык илим-тажрыйбалык конференцияларга катышып, башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашып турушат. Мындай окутуулар медицинада чоң роль ойнойт, гинекологдордун билимин жогорулатууга жол ачылат
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 05 November 2013 - 12:12
Өлүм...биринчи.
.. "Кыргызстан КМШ өлкөлөрү ичинде жаш энелердин өлүмү боюнча алдынкы орунду ээлейт". Мындай маалымат Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан даярдалган докладда айтылган. Мунун бирден бир себеби болуп, кош бойлуу айымдарга медициналык кызматтын начар көрсөтүлүшү,
оорулууларга жетиштүү кам көрүү эмес, кадрлардын жетишсиздиги,
материалдык жана техникалык базанын төмөндүгү. Жаш энелердин өлүмүн медициналык көйгөйлөрдөн тышкары социалдык аспектерди да эске алуу керек деп эсептешет Саламаттыкты сактоо министрлигин кызматкерлери.
Кош бойлуу айымдардын туура эмес тамактануусу,
өзүнүн ден соолугуна кайдыгер мамиле жасоосу, оор жумуштарды аткаруу, экономикалык кыйынчылыктар,
төрөткө чейин бир да жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтпөөсү бирден бир мисал боло алат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 05 November 2013 - 12:13
Гинекологиялык операцияга муктаж болгон аялдар көбөйүүдө Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин 2011-жылдын апрель айында берген маалыматы боюнча гинекологиялык оорулардан жабыр тартып, алардын ичинен операцияга муктаж болгон аялдардын саны 40% ды түзгөн. Алардын көбү 35 жаштан жогоркулар жана 20%ы 30 жашка чейинки кыз-келиндер болгон. Алардын арасында кан жоготууга, анафилактикалык шокко, экстрогениталдык ооруларга чалдыккандар да бар. Мындай көрүнүш ден соолугу чың ымыркайлардын төрөлүшүнө терс таасирин тийгизет. Кош бойлуулардын көбү аз кандуулук жана кан басымдын көтөрүлүшү,
бөйрөк оорулары менен жабыр тартышат. Аз кандуулук туура эмес тамактануудан пайда болот да, энеден балага өтүү коркунучу бар. Кыргызстандын алыскы аймактарындагы төрөт үйлөрүнүн жараксыз абалы, жаш энелерге төрөт учурунда бат квалификациялык жардам берүү жагынан аксагандыктан,
жаңы төрөлгөн балдарды кароого шарттын жоктугунан улам, гинекологиялык ооруларга чалдыгып, опперацияга муктаж болгон аялдардын саны көбөйүүдө.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 07 November 2013 - 16:13
Эн туура эмнегедир кырг врачтарга менин анча ишенгим келбейт.Жада калса узилери да так айтып бере албайт,текшерилгени барсан бироосу тоо десе экинчиси бээ деп айтат.Кудай сактасын эми ар бир коз жарып жаткан аялдарыбызды кудайым озу колдосун эсен-аман коз жарып алышсын.
УЛЫБАЙСЯ даже если душа болит..
#8 09 November 2013 - 01:07
Menin jubaiym 7 ailyk boiunda bar Bishkekte turabyz.Kaisy torot uiuno baryp toroso jakshy bolot?Keneshinizderdi kutom.
#9 09 November 2013 - 01:28
бизде оруканаларда Тейло (обслуживания) кызматы ото начар врачтар сылык сыпа суйлошту билбейт эн эле жонокой нерсе ото орой суйлойт олгонго гомгон кылып Врачтарга орукчандарга кандай мамиле кылуу керек экенин уйротуш керек жон эле ооз учунда эмес каттуу талап менен . Барып айылдарда катоодо турган аялдарга тушундуруу иштерин жургузуп туруш керек . анан азыр жеке клиникаларга эле алып барган жакшы убактысынан эртерек .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#10 09 November 2013 - 04:19
Канатчик,чынын айтсам теманды баштан аяк окуган жокмун.Теманын аталышына карап оз оюмду жазсам,анткени мен да торогон аялмын.
Негизинен бардык койгой аялдын озуно байланыштуу. Мисал келтирсем оюм жеткиликтуу болоор деген ойдомун. Классташ кызым "Колу жука" тоолук жигитке турмушка чыкты. Боюнда бар кезде торкулоп келип бизди,классташ кыздарды чакырганынан барган кезде коруп тааныбай кала жаздадым. Анемиядан бетине чаар ала дак тушуп "Ужас" болуп калыптыр.
Кыскасы алдын алып дарыланбагандыктан торотто кыйналып жан берди,жарыкка келген наристеси аман калды. Аял киши оз ден-соолугуна кам коро билуусу зарыл экендигин гана баса белгилеп кетким келет.
Негизинен бардык койгой аялдын озуно байланыштуу. Мисал келтирсем оюм жеткиликтуу болоор деген ойдомун. Классташ кызым "Колу жука" тоолук жигитке турмушка чыкты. Боюнда бар кезде торкулоп келип бизди,классташ кыздарды чакырганынан барган кезде коруп тааныбай кала жаздадым. Анемиядан бетине чаар ала дак тушуп "Ужас" болуп калыптыр.
Кыскасы алдын алып дарыланбагандыктан торотто кыйналып жан берди,жарыкка келген наристеси аман калды. Аял киши оз ден-соолугуна кам коро билуусу зарыл экендигин гана баса белгилеп кетким келет.
#11 09 November 2013 - 14:05
Туура айтасыз эжеке. Кош бойлуу кезде жакшылап конул болуш керек жаш энелер озуно.Кайсы бир кайнене доктурлар айта берет,дей берет мен тоодо мал багып журуп эле торогом деп доктурга жонотпойт экен.Тумоолоп атса ич оорунун даарысын берип коет экен,мэ моону ич,-деп.Дагы бир кайнене болсо ,келини ичим ооруп атат десе козу ачыкка жетелеп барыптыр,ужжжаааасс)))!
Ушундай карангылыктын курмандыгы болушатда байкуш жаш энелер.А мындай кайненеден жуздоп саналат кыргызстандын булун- бурчунда.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#12 11 November 2013 - 02:44
Врачтарыбызда шалаакы качан баланын башы чыкканда карашат.Суусу куюлуп журсо бастырып коюшат,бала кургап калат анан эле разрыв боло берет.Россияда торогондор билсе керек кандай шартта торотушот.Уколдорду берип торогучо ордундан тургузбай карап туруп торотушот.Врачтардын да куноосу бар,колунан иш келген адам болуп карап койгондон эринип акырында анемияга шылташат.
#13 11 November 2013 - 03:28
Боюнда бар кезде ар бир аял озун жана баласын гана ойлош керек. Атайын врачтан текшеруудон отуп керектуу витаминдерди ичиш керек. Мисалы мен москвада тородум врачтар аябай жакшы мамиле кылышат экен. Акча дегендин А сын сурашпайт ал эми кыргызстанда болсо больницага жеткен кундон баштап самынга акча ага акча буга акча деп чыккычан карыз кылат. Москванын врачтары воопще жакшы сылык суйлоп тушундурушуп катуу тийбейт еще роддомдон чыгарда балага комплект памперс крем озуно сут кобойтуучу чай ж.б. нерселерди берип чыгарышат бир тыйын алышпайт
#14 11 November 2013 - 03:31
Кесерева болгондон кийин озу торосо болобу же кайра кесерева болобу билгендер болсо айтып койгула
#15 12 November 2013 - 18:32
Кесерево болгондон кийин минимум 3 жыл сактаныш керек. Эгер эрежени туура сактасаныз,
озунуз торосонуз болот. А эгерде моонотунон эрте боюнузга бутуп калса, анда 9 айга жеткирип жеткирбей кайрадан кесерево кылып торотушот. Андайда 3 эле жолу торогонго мумкун. 4су риск!
#16 12 November 2013 - 20:36
Роддомдогу врачтарды мен да жаза кетейин.. Дубалга бизде баары бекер деп жазып коюшуп, ар бир кадамына акча алышат экен. Пациенттерди болушуп алышат экен. Ар ким озуно тиешелуу гана адамдардын абалын сурайт. Операциядан кийин операция кылган врачы дагы, кармалашканы дагы акча алат, а эртеси башка эле мадсестра келип операционный жипке 500 сом алат. Коп болсо 10см болсо керек! Еще операционныйдагылар ошол эле минутта алчусун алган да.. Анан абал су Анан дубалдагы жазуусу эмнени бекер деп жазган жазуу..
#17 12 November 2013 - 21:03
Ал сиз учун тартылган плакат эмес, комиссия учун да йе
сиз как положено и не положено толой бересиз.
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#18 05 December 2013 - 22:26
Мындан 3жыл мурун кызымды Кыргызстанга барып бир райондук борбордогу роддомдон тородум.Экинчи торотум болгондуктан баарынан кабарым бар болчу.Учётум москвада болгондуктан документтерими алып алган элем жаныма.Толгоом башталып роддомдун эшигин аттаганда эле башталды документерин неге ал жактыкы(болбосо паспортум кыргыз эле)келген сон бул жака учётко турбайсынбы деп.Тушундурдум эптеп акча менен.Род залга киргизип койуп менден кабар алаган киши жок,уже бала келип калды,санитарка эже барып врачтарды чакырса ал кыз эми эле келди азыр торобойт деп койушуптур.
Ошентип врач жок эле санитарка эже торотуп алды.Байкуш эжеге ушунчалык ыраазы болдум озу жалгыз жугуруп журот.Бир топ убакыттан сон врач келип,аии тороп алдынбы деп ичи башымды кармалап койгон болуп кеткен.Палатага чыгарышты кечки саат 18де торогом тунку 2лерге чейин жаттым бирок негедир кан келген жок.Кабар алып келеген медсестрага менден кан келбей калды десем,жур врачка корсотойун деп эрчитип барды.Врач болсо жон эле мени коруп койгондун ордуна,шаарда жургон киши болуп силер куйгуздунор келет барып жата бер деп тилдеп салды.келип туну менен уктай албадым кыжаалат болуп.Эрте менен обходко келди врач айттым дагы.Ичимди басып коруп жакшына эле экен арыздана бербе,экинчи торотун тура биринчи болсо да мейли деп койот камырыбай.Экинчи куну кечинде температура болуп,ичим ооруп баштады.Бул сонку толгоо деп анда да маани беришпей кетанов ичип кой дешти.Тан атканча аран чыдадым.Обход болгончо эле врачка кирдим,чыдабай калдым деп.Сенин бойрогун ооруйт окшойт деп терапевке жиберди медсестра менен.Терапевт мени коруп эле срочно узи кылгыла бул озунордун ошибканар деп жолго салды.Узи кылып эле оздорунчо бытырап башташты,мен балам жонундо деле ойлонбой озумдун жаным менен болуп жатам.Корсо ичимден кан чыкбай топтолуп калыптыр,кеминде 6 литрдей суюуктук алдык ичинден дешти озумо келсем.Мени урушуп шаардык деп тилдеген врач бир жакшына мамиле кылып калыптыр.Мейли баары артта калды деп жатып калдым.Корсо ошол кундору торогон келиндер бут эле мендей болуп кыйналышкан экен.13келиндин ичинен кан алышты бир кундо.Кун кечтеп калганда замглаврач келет текшерип,силерди сурайт баары жакшы деп койгула деп врач эжекебиз журот.Замглаврач келип сурады бизди неге мындай болду деп,мен эч нерсе айтпадым,кудайга шугур элемин го деп ичимен.Бир убакта врач эже организими алсыз россияда журуп ошого кан чыкбай калган десе мени корсотуп.Мен го россиядан бардым мейли калган 13 айылдык чын келиндерчи деп сураган киши жок.Ушундай кайдыгерликтен канчалаган келиндер жабыркап жатышат.Ушуга окшогон врачтар кантип болум башчы болуп калышканына тан каласын.Эми бул бир гана врачтын кылыгы оз козу менен коргон.Муну менен бут врачтарды жаман дегим жок болгону оз убагында конул койуп,иштерине так болсо ушундай окуялар азыраак болот беле..
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
#19 05 December 2013 - 23:15
Форумда торот уйундо иштегендер жок бекен ээ, же алардын туугандары болсо, окуп жыйынтык чыгарышса го дегеним
#20 06 December 2013 - 14:25
"Аялдын бир ажалы тороттон"
дешет го,ошондуктан озунорду жакшы карагыла.Бир чети тороттон олгон аялдардын кобуно эле врачтар куноолуу.Жаны ооруп аран турса жиркип урушуп,кагып тилдешет.Кантсин анан аял киши жаны ооруса да тилин тиштеп чыдайт экен.Россиялык жарандыгы бар женем да Москвада тороду "врачтардын сылык-сыпаа мамилесине аябай ичим жылыды ашыкча акча алышпайт экен"деди,
aitowa11 айткандай кайра чыкканында комплект,памперс,
крем,дарыларды бекер беришет экен.Белеги олуп кетсин жок дегенде мамилесин оносунчу врачтар.Эми,
буйруса,мен да Жараткандан тороттун женилин сурап отурам.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

















