Библияга (Християндарга) суроом бар
#2141 10 Ноябрь 2013 - 01:36
Тенирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсине сактай берсен, анда ким туруштук бере алат?
Бирок Сенде кечирим бар, баары Сенден коркуп турушсун. 129-Забур: 3,4
#2142 12 Ноябрь 2013 - 11:27
#2143 13 Ноябрь 2013 - 01:08
Ал эми биз мындай иш кылгандарга Кудайдын адилет соту жургузулорун билебиз.
Ушундай иш кылгандарды соттоп жатып, ошол эле иштерди жасаган адам, сен Кудайдын сотунан кутулам деп ойлоп турасынбы? Рим.2:1,2,3.
Бугун ушул аяттарды окуп, соз менен айта алгыс абалда калдым. Кимди соттогон болсом, кимге туура эмес нерсе жазган болсом, кимдин ачуусуна тийип, акылсыз создор менен конул оорутсам, кечирим сурайм.
Башкаларды кечирсенер силерди Кудай кечирет, кечирбесенер Кудай да силерди кечирбейт,-деген да аят бар, азыр эсимде калгандай жаздым. Урматтуу форумчулар! Кечиргиле! Ошондо силерди да Кудай кечирет! Баарынарга Кудайдын улуу ырайымын каалайм. Баталуу болгула.
#2144 13 Ноябрь 2013 - 01:28
Мындай бир суроо менен кайрылгым келди эле:
Кыргызстан мамлекет башчылыгына баш ийбеген тартипсиздик жактан эн алдынкы орунда турса керек, ээ? Анткен себебим "атын чыкпаса, жер ортто" деген созду девиз кылып алгансып, башка олкодо Кыргызстан жонундо соз болсо, кыргыздардын пикетке, революцияга, провокацияга ж.б.у.с. ызы-чуу нерселерге ото жондомдуу экендиги жонундо соз болот экен. Бири-бирибизди коро албаган адатыбызды моюнга алалы, тообо кылып Кудайдан кечирим сурайлы. Келгиле катачылыгыбызды ондоого аракет кылып королу. Бул нерсе Кудайга да жагат деп ойлойм. Баарынан да ушактап соз кылганыбызды коелу, туугандар, анткени бул куноо, жалан жакшы нерселерди айтып уйронолу депутат, министрлер жонундо. Баарыбызга ушул нерседе Кудай жардам берсин.
#2145 13 Ноябрь 2013 - 01:36
Jesu2010 (13 Ноябрь 2013 - 01:08) жазган:
Ал эми биз мындай иш кылгандарга Кудайдын адилет соту жургузулорун билебиз.
Ушундай иш кылгандарды соттоп жатып, ошол эле иштерди жасаган адам, сен Кудайдын сотунан кутулам деп ойлоп турасынбы? Рим.2:1,2,3.
Бугун ушул аяттарды окуп, соз менен айта алгыс абалда калдым. Кимди соттогон болсом, кимге туура эмес нерсе жазган болсом, кимдин ачуусуна тийип, акылсыз создор менен конул оорутсам, кечирим сурайм.
Башкаларды кечирсенер силерди Кудай кечирет, кечирбесенер Кудай да силерди кечирбейт,-деген да аят бар, азыр эсимде калгандай жаздым. Урматтуу форумчулар! Кечиргиле! Ошондо силерди да Кудай кечирет! Баарынарга Кудайдын улуу ырайымын каалайм. Баталуу болгула.
Рахмат каалоо тилектерине кечиримдуу болуу керек кечиримдуулук жакшы сапат.
#2146 13 Ноябрь 2013 - 01:43
Сиздин азыркы создорунузду окуп эле "кой онололу, ушак айтпайлы..." деп элдин (т.е. биздин) онолуп кетээрине олуп баратсам да козум жетпейт... Тилди башкаруу охохоой(!) оной иш эмес го. Ар кимдин башы озундо, укпастар укпай эле коет, билсе да билмексенге салып. Андыктан сиз да жон эле алтын нервдеринизди олтурбонуз. ..
Баарыбыздын журогубуз ыйманга болонсун, Аллахым озу туура жолго салсын бизди, аминь!
#2147 13 Ноябрь 2013 - 02:12
#2148 13 Ноябрь 2013 - 09:31
Jesu2010 (13 Ноябрь 2013 - 01:28) жазган:
Мамлекет башчы, депутаттар жана министрлер баш ийүү үчүн шайланбайт. Алардын эң негизги милдети - кыскача айтканда, мамлекет, анын экономикасын өнүктүрүү, беделин көтөрүү, элге керектүү, сабаттуу жана туура мыйзамдарды кабыл алуу үчүн тикесинен тик туруп, чын дилинен кызмат кылуу.
Сиз айткандай, алар тууралуу жакшы нерселерди айтуу үчүн, алар жакшы нерселерди жасашы керек. Ал эми "баш ийүү" - бул эски замандардан калган кулчулук психология.
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 13 Ноябрь 2013 - 09:43
#2149 13 Ноябрь 2013 - 11:20
Jesu2010 (13 Ноябрь 2013 - 01:28) жазган:
Мындай бир суроо менен кайрылгым келди эле:
Кыргызстан мамлекет башчылыгына баш ийбеген тартипсиздик жактан эн алдынкы орунда турса керек, ээ? Анткен себебим "атын чыкпаса, жер ортто" деген созду девиз кылып алгансып, башка олкодо Кыргызстан жонундо соз болсо, кыргыздардын пикетке, революцияга, провокацияга ж.б.у.с. ызы-чуу нерселерге ото жондомдуу экендиги жонундо соз болот экен. Бири-бирибизди коро албаган адатыбызды моюнга алалы, тообо кылып Кудайдан кечирим сурайлы. Келгиле катачылыгыбызды ондоого аракет кылып королу. Бул нерсе Кудайга да жагат деп ойлойм. Баарынан да ушактап соз кылганыбызды коелу, туугандар, анткени бул куноо, жалан жакшы нерселерди айтып уйронолу депутат, министрлер жонундо. Баарыбызга ушул нерседе Кудай жардам берсин.
Туура айтасын жакшы соз жарым ырыс деген соз бар кыргызда, ниетибизди ондойлу Пайгамбарыбыз айтып кеткендей бардык нерсе ниеттерден деп бирок башчыларыбызга эмес башчыларыбыз менен чогуу баш мыйзамыбызга баш ийсек гана онолуу жолуна тушобуз.Биз биринчиден мыйзамыбызды жакшылап окуп билип озубуздун укуктарыбызды терен оздоштургондо, маданияттуу жол менен ошол укуктарыбызды жетекчилердин кулагына жеткире алсак анан ошол чондорубуз оздорунун жоопкерчилигин сезе билип оз эли жери учун кызмат кылууга даяр болсо ошондо гана ортодогу тушунбостуктордон арыла алабыз.Бул учун бизге эн биринчи жакшы мыйзамдар керек элибиздин, жерибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыктарын камтыган....
#2150 13 Ноябрь 2013 - 12:01
Кичине аргументтештирип, анан тема ачсак...
Жеңиш - менин тагдырым.
#2151 13 Ноябрь 2013 - 12:21
#2152 13 Ноябрь 2013 - 12:54
teltaeb (13 Ноябрь 2013 - 12:21) жазган:
2010-жылы мартта курултай өткөн, эгер катышкандар болсо, көбүнүн эсинде чыгар. Кайтыш болгондор тууралуу жаман айтпайт деп коюшат, бирок факт үчүн айтып коюу чекилик эместир. Маркум муфтий Муратаалы ажы Курманбек Бакиевге карата "Падыша - бул кудайдын көлөкөсү. Ким аны урматтаса, Алла тарабынан урматталат. Ким аны кордосо, ал Алла тарабынан кордолот" ,- деп айткан (атайы, ошол учурда жазып жүргөн блокнотумду зерикпей карап, таап чыктым).
Балким ушул сөз сиз айткан китепте жазылгандыр?
Бирок эч качан ушул кылымдын жашоочусу да боло туруп, диний көз караштарды мамлекеттик деңгээлдеги иштерге таңуулабоо керек. Кыргызстан динден эркин өлкө. Биздин мамлекеттеги президент Кудайдын көлөкөсү эмес! Ал элдин тандоосу менен шайланып келген адам!
Жеңиш - менин тагдырым.
#2153 13 Ноябрь 2013 - 13:40
#2154 13 Ноябрь 2013 - 14:20
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#2155 13 Ноябрь 2013 - 14:21
aske2012 (13 Ноябрь 2013 - 13:40) жазган:
Жогорку бийлик органдарында иштеген адамдар жөнөкөй кызматкер эмес, алар - саясатчылар, б.а кайсы бир багыт, тармак боюнча мамлекеттин саясатын аныктаган адамдар. Саясатка аралашууга бел байлаган адам баарына даяр болушу керек - сындаганга да, жамандаганга да, мактаганга да. Эгер элдин сөзүнө чыдай адбаса, кетип калганы оң саясаттан.
Өз салымыбыз тууралуу оюңузга кошулам. Бирок биз салым кошоордон мурун, аны эмнеге, каякка кошуу керек экендиги анык, так болуш керек. Бул жумушту так ошол саясатчылар жасашат.
#2156 13 Ноябрь 2013 - 16:20
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#2157 13 Ноябрь 2013 - 16:32
#2158 13 Ноябрь 2013 - 22:58
Башта Кураанды толук окуп алсак кантет...?
Библияны жаман дебедим,анын Кураанга туура келген создору коп,бирок ошентседа мусулман пенде учун Кураанда толук чындык бар.(Библияга караганда).
#2159 13 Ноябрь 2013 - 23:08
Анан бийликтегилер башта бири-биринин айтканын кылышсынчы, анан элдер биз алардын айтканын кылалы.
#2160 14 Ноябрь 2013 - 10:32

