Үй - адамдын жаны жана денеси жашаган жер. Үйдүн ичиндеги бардык буюмдар кандайдыр бир деңгээлде үй ээсинин аң-сезимине,
жеке жашоосуна, ден соолугуна жана келечегине таасирин тийгизет. Үй ичинин жакшынакай,
жагымдуу, тыкан көрүнүшү андагы керексиз буюмдардын аздыгына же таптакыр жоктугуна да байланыштуу болот.
- (2 )
-
- 1
- 2
Үйдөгү керексиз буюмдар үй ээсине зыян алып келет
#1 09 November 2013 - 11:49
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 09 November 2013 - 11:49
Хлам деген эмне?
Хлам - бул үйгө оң энергиянын келишине тоскоолдук кылган керексиз буюмдар. Алар үй ичинде ашыкча орунду ээлеп, чаң чогултуп эле тим болбостон, үй жыйноо учурунда кожойкенин ашыкча убактысы менен күчүн алат, Дегеле, үйдө турган ар бир буюм ошол үйдүн ичиндеги энергия менен "азыктанып"
турат. Кээ бир буюмдар үйдөгү терс энергияларды соруп алышат, үй ээлерине бакыт алып келишет. Ал эми айрымдары, тескерисинче,
терс энергия бөлүп чыгарышып, бактысыздыктын келишине өбөлгө болушат.
>Үйдүн ичи - бул анда жашаган адамдар менен жансыз буюмдардын ортосунда тыгыз байланыш жүргөн, өзүнүн жеке энергиясына ээ мейкиндик. Бул жашоодо жандуу жана жансыз табияттын ортосунда дайыма энергия алмашуу болуп турарын ар бирибиз биле жүрүшүбүз керек. Адам өзүнүн энергиясын сактоого үйрөнүүсү зарыл. Мисалы, жаңы сатып келинген жакшынакай картинаны үй ээси кубанып, оң эмоция менен кабыл алат. Ал эми бул оң эмоция үй ичиндеги жалпы энергияны түзөт. Эски буюмдар болсо өзүнө качанкы бир убакта болуп өткөн эски эмоция менен эски сезимди, эски ойлорду сактап турат жана терс энергия берет. Андыктан, аларды сактабай эле коюу туура.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 09 November 2013 - 11:50
Адамга терс энергия берүүчү буюмдар
>Сизге жакпаган же сиз таптакыр колдонбой турган нерселердин баары. ">Сынган,
талкаланган буюмдар, чети кетилген жана жараңка кеткен идиштер.
">Бирөөнөн алган, бирок жактырбаган белегиңиз
" "Качандыр бир убакта кереги тийип калат го" деп ойлоп сактаган, а чындыгында,
керексиз нерселер.
">Унутта калган, эскирип бүткөн открыткалар,
каттар. ">Ичи бош эски гүл өстүрүүчү идиштер.
">Сиз эч убакта колдонбой турган ар кандай тамак-аштардын рецепттери жазылган китеп-дептерлер.
">
Мөөнөтү эбак өтүп кеткен, жарабай калган кагаз-документтер.
">
Эч качан окулбай турган пайдасыз гезит-журналдар,
китептер.
<br >Жазбай калган калем саптар.
Жарым-жартылай колдонулуп,
ошол боюнча колдонулбай калган косметикалар
">
Түгөнгөн косметиканын бош идиштери.
">Жаңы,
бирок чак болбой же жакпай калгандыктан,
эч качан кийгиңиз келбеген жана эскирип, жыртылып бүткөн кийимдер.
">Эски,
жыртык байпактар, сүлгүлөр.
">Жыртылган,
кийилбей калган бут кийимдер.
">Мөөнөтү өтүп кеткен, жегенге жараксыз тамак-аштар.
; ">Пайдаланылбаган бош бутылкалар,
целлофандар,
желим идиштер, коробкалар,
календарь жана плакаттар.
">
Соолуп калган гүлдөр."
>Жараксыз диск, кассеталар,
батарейкалар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 09 November 2013 - 11:53
кантип арылса болот?
>Башкысы,
сизге пайдасыз буюмдар чын эле пайдасызбы,
кереги жокпу, ушуну түшүнүңүз. Аларды таштандыга ыргытардын алдында өзүңүзгө төмөнкү суроолорду бериңиз:
">- бул буюм мен үчүн баалуубу жана чын эле керекпи?
>- акыркы бир жылдын ичинде мен бул буюмду эч болбосо бир жолу колдондумбу?
>- бул буюм менде кандай эмоцияны пайда кылат?"
>Өзүңүздү ушинтип текшерген соң ишти жөнөкөйүнөн баштаңыз. Дароо эле үйдүн баарын ирээттеп чыгууга киришпеңиз.
Ошондой эле керексиз буюмдардын баарын дароо ыргытуунун да кажети жок. Баарын акырындык менен абайлап жасасаңыз, жашооңуз да жакшы жагына жеңил жана тез бурулат. Алгач бир жашиктин, же шкафтын, же бир бөлмөнүн гана ичин хламдан тазалап чыгууну көздөңүз жана буюмдарды бир канча категорияларга бөлүп алыңыз:"
>- сактала турган керектүү буюмдар;
<">- башка жерге коюуга, ордун алмаштырууга зарыл болгон буюмдар;
>- ыргытып жибере турган буюмдар;
">Мындайда сизге ишенимдүүлүк өтө керек. Ишенимдүүлүктүн аркасында гана керексиз деп эсептеген буюмдардан арылсаңыз, бөлмөңүз бошоп, керектүү буюмдар үчүн орун пайда болот."
>Кээде сизге керексиз буюмдар башкаларга керек болуп калышы мүмкүн. Демек, бул хламдан дароо арылуу керек эмес экендигин дагы бир жолу айгинелейт.
Жакшылап ойлонуп, алардын айрымдарын дос-тааныштарыңызга,
туугандарыңызга,
жетишпеген үй-бүлөлөргө,
жетим-жесирлерге белек катары берип коюңуз. Анткени, үйүңүздө чаң басып жаткан кээ бир буюмдар башка адамдарга кубаныч тартуулашы мүмкүн.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 09 November 2013 - 11:56
Керексиз буюмдардын чогулуп калуусунун себептери
>
Сизге кереги жок болсо да кимдир бирөөнөн мураска калган же бирөө белекке берген, ошон үчүн эле ыргытпайсыз.
">
Жакпайт,
ошондуктан,
колдонгон жоксуз.<
br ">Кийин керек болуп калабы деген ой менен сактап жүрөсүз.
">Ыргытып жиберүүгө кудуретиңиз жетпейт, жүрө берсин дейсиз.:
Кайсы бир убакта кымбат баада сатып алгансыз, ушул себептүү ыргытып жиберүү оор ж.б
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 09 November 2013 - 11:58
адамдын жашоосуна тийгизген терс таасирлери
>
Оң энергияңыздын баарын өзүнө соруп алып, кайра терс энергия бөлүп чыгарат.
">Бат-
баттан депрессияга түшүп турууңузга себеп болот. ">Эмоционалдык,
физикалык жактан өзүңүздү жаман сезесиз.
">Көп чарчап, дем алууга аба жетпей жаткансып кыйналасыз.
">Алар башыңыздан өткөн жагымсыз жашооңузду унутууга мүмкүнчүлүк бербейт.
>Ден соолугуңуз начарлап, ар кандай оорулар пайда болот.<
br ">Ийгиликтерге мүмкүнчүлүктөрүңүз чектелет.
">Жеке жашооңуз тынч эмес, чыр-чатактуу болот."
>Проблемаларыңыз өз учурунда чечилбейт.
">Жаткан диваныңыздын алдында хлам бар болсо, уйкуңуз тынч болбойт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 09 November 2013 - 15:54
ушул баланы супер активист кылып койгулачы бай болгурлар
ЛЮБОВЬ ЗЛА ПОЛЮБИШЬ И КОЗЛА!
#8 09 November 2013 - 22:36
Жакшы тема ачыпсын. Эртенден баштап керексиз буюмдардын баарын сорттоп мусорго ыргытпасам элеби
”Адам көөнү ~ эң назик айнек идиш,
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
Абайла, зирек кармап, сындырбай ич.”
(Жусуп Баласагын)
#9 10 November 2013 - 05:26
#10 14 November 2013 - 11:52
А мен тескерисинче,
антихламов экемин.. Мындай ашыкча буюмдар менин кыжырымды гана келтирет. Ким белек кылбасын, керек болбосо, ойлонбой чогултуп туруп ыргытып салам. Бирок, мага облегчение болот ошол да.. Уй жыйналып, таза болгондой сезилет. Корсо, жакшы тура
#11 14 November 2013 - 12:23
Зыян алып келбейт,тескерсинче складка койуп кой тураберет эч кимге зыян келтирбейт
#12 16 November 2013 - 05:34
Баарын факт менен айтып салгансынго.
Болушу мумкун эмес....
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#13 22 November 2013 - 17:47
Мен дагы ушул Канатчиктин билдирусуно кыстырма кылып кетким келип жатат да:Негизи керексиз буюмдардан арыла албаган адамдар,жашоосунда да коптогон озуно зыян алып келуучу маалыматтарды же болбосо мунозун кемчиликтерин озгорткусу келбейт имиш деп окуган жайым бар эле.Ошондуктан кереги жок оокатты смело эле ыргытып же бироого берип койгонунуз он болот экен.
#14 22 November 2013 - 20:02
Айрым нерселерди ыргыта албайм
"Издегенде иттин б.гу дары". Анан да "Озундо болбосо озгодо жок".
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#15 22 November 2013 - 20:11
Кыргызда ушундай экенбиз да өзү))
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#16 07 December 2013 - 02:35
Ашык доолот, баш жарбайт. Тыкаан кылып жыйнап койсо кереги тийет да бит куну.
#18 02 January 2014 - 18:28
Бул нерселердин баары адамдын ойлоо,кабыл алуу,ишенимине жараша таасир этет.
#19 03 January 2014 - 01:06
жакшы тема экен, мен да жаман кором кереги жок буюмдардын уйдо топтолуп турганын, бир жолу эжем уйундогу майда -чуйдодон баштап эмерегине чейин эшике (коп кабаттуу уйдо жашайт) чыгарып салган эч нерсеге карабай, тан калганбыз, бирок чын эле уйу кадимкидей уютный болуп калган
#20 07 January 2014 - 23:26
Ашыкча буюм сактаганды жаман кором. Кереги жок буюмдарды ыргытып, орттоп, бере турганын берип салам.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео

















