Айылда бул кара көз, бели бир тутам, дүркүрөгөн жоон өрүм чачы санына чабылган кара-тору келинди Мавлюда жинди деп коюшат. Биздин айылга кантип келин болуп келгени эсимде жок, бирок, биринчи жолу көргөнүм али да көз алдымда турат. Ыраматылык Сапар аке биринчи аялынан бала көрбөй ажырашып, ушул келинге үйлөнгөн. Сапар аке чукугандай сөз тапкан, шайыр, ырдаса ташка жан киргизген жигит болчу. Алчактаган жорго ак боз ат минип, суусар тебетейи кубакай жүзүнө куп жарашып жолдон өткөндө бой жеткен кыздар кылгыра карап калышчу. Ал ырдаганда тебетейин артына түртүп коюп, ак маңдайы жаркый шаңшып ырдачу. Сапар аке көп кызды үмүткөр кылып негедир көпкө үйлөнбөй жүрдү. "Акыры үйлөнгөн экен да" деген ойго удаа эле "аялы кандай болду экен?" дедим кызыгуум ичимди тепкилеп. Апамдар келин көргөнү барып, негедир көңүлү толбой келишти. Мен апаман акырын: - Апа, Сапар акенин келинчеги сулуу бекен?-деп сурадым. Апам шуу үшкүрдү да, санаалуу гана: - Сулуулугу эмне кылып берет дейсиң? Төрөп берсе болду кургурга,-деп койду. Мен болсо "апам эмнеге минтет, сулуу эмес го сыягы?" деп ойлой бердим. Бир күнү апам: - Зейнеп, тиги Сапар акеңдин аялы гезит суратып жибериптир,
алып барып бер,-деп калды. Айылдагылардын баары бизден гезит алып, аны текчеге идиштин алдына төшөшөөр эле. Айрыкча жеңемдин гезит төшөгөнү мага жакчу. Башкалар жөн эле төшөп койсо, агамдын келинчеги гезитке түрдүү оюм салып кыркып, анан текчеге салып чыкчу. Дубал бооруна түрдүү роза гүлдөрдүн сүрөтүн тартып кооздочу. Жылтылдаган капкара тармал чачтары жоолуктан коңгуроолоно башбагып, албырган ак жүзүн көрктөп турган жеңем андайда абдан кыялкеч тартып, кандайдыр башка, мен биле элек ааламда жүргөндөй сезилээр эле. Ал бул ишти жан дили менен жасачу. Негедир ушул азыр Сапар акенин келинчегин жеңеме окшогон сулуу келин элестеттим.
Ал да ошентип оюм салып кыркып төшөп чыкчудай сезилди. "Эмнеге өзү келип алып кетпейт? Баса, атам кайнагасы эмеспи, качат да. Жакшы болду көрүп келем" деп кубанып кеттим. Атам колу менен жасаган китеп текчеде турган топ гезиттен алып, Сапар акенин үйүнө чуркадым. Жете бергенде кемселимдин чөнтөгүндө жүрчү кичинекей таш күзгүгө каранып, жоолугумду оңдодум да, анан үйгө башбактым. Кооз гүлдөрү бар кызыл халат кийген келин текчеден идиштерди алып жерге коюп жатыптыр. - Жакшысызбы жеңе? - Келиң кыз,-деди келин тааныштай жаркырай күлүп. Кирпиктери төгүлгөн капкара көздөрү сулуу болгон менен кандайдыр бош экен. Менин жеңемдин көздөрүндө күлкү, ошол эле учурда жагдайга жараша ой түнөп, кандайдыр сыр катып тургандай сезилчү. А бул көздөр сулуу болгон менен эч кандай ой, сыр жок бош эле. - Гезит сураган экенсиз?-дедим тартынып. - Сиз агайдын кызысызбы? Апаңыз мага эже болот экен. Ал да чөлдүн кызы турбайбы. Сапар акеңиз азыр келсе үйүм жаркырап калыптыр деп кубанып калсын ээ. Жаңы гезиттерди салып, идиштерди тизип коёюн. Келин жаш баладай өзүнчө эле кудуңдап сүйүнүп, мени унутуп койгондой идиштерин тизип кирди. Бизде адатта кичине балабы, чоң кишиби үйгө келген адамга дасторкон жайып, чай коёт. Айрыкча, жаңы келиндер конокко элпек келишчү. Бул болсо мени унутуп койгондой гезиттерди шагырата текчеге төшөп, алдына түшүп кеткен олоң чачын артына улам ыргытып коюп өзү менен өзү. Демим сууй сыртка бет алдым. Менин кеткеним менен деле иши болгон жок кара көз келиндин. Кетип баратып анын биздин айылдагы келиндерге окшобогон бир тутам ичке белин, тирсийген көкүрөгүн элестете бердим. Биздин келиндер калың кийинип, башын бир аз жерге салып жүргөнгөбү,
баары жоон, көкүрөгү жоктой сезилчү. Бул болсо кандайдыр эркин, айтор, кызыктай экен. Ошол күндөн баштап Сапар акенин аялын карап, ар бир кыймылын аңдый берчү болдум. Мага бир нерсеси жетишпей жаткандай туюлуп туруп алды. Сууга барганда суук болсо да өзүнө куп жарашкан кооз халатын кийип барчу. Андайда бир тутам белин бир аз чалкалата берип, узун чачы балтырына ороло көлөкөсүн карана кыялдуу басчу. Атчан өткөн эркектерден тартынып да койбой, ар бири менен көз сүзө жылмайып учурашаар эле. Кийинки учурларда шок боз жигиттер гана анын көз сүзгөн саламына жооп бербесе, эркектер жалтайлап, Мавлюдадан алыс өтчү болушту. Арадан көп өтпөй эле атам башка айылдагы мектепке директор болуп, биз көчүп кеттик. Бир күнү эле сырттан ит үрүп, шыңкылдаган күлкү угулду. Чуркап чыксам Сапар аке келинчегин аттан көтөрүп түшүрүп жатыптыр. Ал күйөөсүнүн мойнуна ороло асылып, жерге бут койбой назданат. - Кантет, түш эми, бирөө чыгып калбасын!
- Сапар аке акырын күңкүлдөдү.
Мавлюда болсо акыштана күлүп: - Чыкса эмне экен, аялыңыз экеним жалганбы? Өөп коюңчу?!-деди шыңкылдап. Мен бир күнөө кылгандай уялып кетип, боюмду далдаага тарттым. Сапар аке өптү окшойт, Мавлюда ыраазы боло кайсар күлдү. Качан Сапар акенин бери баскан кадамы угулганда утурлай чыгып учураштым. Мавлюда мурдагыдан да сулуу болуп, бир жеринде тагы жок тунук жүзү тотугуп толо түшүптүр. Ал мени эч бир ой жок күлүңдөгөн көздөрү менен карап, жаркырай учурашты. Алар ошол күнү биздикине түнөп калышты. Мавлюда кош бойлуу экен, ошону доктурга каттатканы алып баратыптыр.
Сапар аке анын кош бойлуу экенине жетине албай тим эле көзүн карайт. Мавлюда атамдан да тартынбай эле күйөөсүнө ыктап көз сүзө назданат. Мен карап отура албай уялып сырткы үйгө чыгып кеттим. Апам аларга кире беришке жай салып берди. Түн бир оокумда онтогон үндөн ойгонуп кеттим. Оюма эле дароо "Мавлюда төрөп жаткан го" деген ой келди. Апамдар тээ ички үйдө болчу, аларга эч нерсе угулбайт, ошон үчүн апама айтканы ордуман туруп акырын башбактым. Айдын жарыгы шоолаланткан күңүрт бөлмөдө Мавлюда Сапар акенин үстүнө минип алып желип жатыптыр. Капкара чачы ай далысы ылдый төгүлүп, аппак ийиндери, чытыраган сандары айга чагыла жаркырайт. Сапар аке анын ичке белинен кармап алып каргылдана акырын жалынат. - Акырын, жаным, баланы абайла... Ичкеридегилер угуп калбасын, уят. - Укса эмне экен, сиз менин никелүү эримсиз. Мени жакшы көрөсүз да, ээ? - Ал эңкейе Сапар акенин жүзүнөн чопулдата өпкүлөдү. Сапар аке тумчуга жалынып, келинчегин имере кучактап, бооруна баса экөө оодарылып кетти. Эми келиндин көкүрөгү жарк этти. Тирсийген мамактары айдын жарыгында үрпү карара титирейт. Сапар аке аны кош колдой мыкчыганда ушул ажайып кооздукту сындырып койчудай көзүмдү жуумп жибердим. Негедир жүрөгүм башкача согуп, буттарым калтырап чыкты. Ич кийимим сууланганын сезип, кандайдыр уялуу менен бирге бир башкача, эмнеге экенин өзүм билбеген каалоодон аптыкканымды сездим. Эртеси бир уяттуу иш кылгандай алар кеткенче көрүнгөн жокмун. Апам гана "киши келгенде ушинтет бекен? Жакпаса да билдирбей узатып коюш керек. Конок ыйык" деди да, анан өзүнчө күңгүрөнүп:
"Кайран жигит сулуулугуна алданып, делбеге кор болмой болду. Төрөгөндө күчөп кетпесе эле" деди.
Жиндинин махабаты
#1 06 November 2013 - 20:06
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 06 November 2013 - 20:08
- Ким делбе?-дедим чочулап. - Эч ким, мен өзүмчө эле,-деп койду апам капалуу. Көз алдыма Мавлюданын эч бир ой жок көздөрү келе түштү. Ошого удаа эле анын тикчийген ажайып көкүрөгү, чытыраган сандары, аппак ийиндери, далысын жапкан олоң чачы, Сапар акенин алп колдоруна бир оролгон ичке бели элестеди. Апам оюмду билип койгондой уялып, басып кеткенче шаштым. Ошол бойдон аларды бир топ жылга чейин көргөн жокмун. Үчүнчү курста окуп жатканда "Сапар аке жүрөк оорудан өлдү" деп угуп абдан кейидим. Анын комуз менен шаңгырай кошо шаңшыган үнүн, суусар тебетей куп жарашкан кубакай жүзүн, ойноктогон өткүр, шок көздөрүн, эки ийинин күйшөй баскан зор келбетин ичим эңшерилип эстедим. Көз алдыма анын сулуу келинчеги келди. Айылга барганда апам акырын: - Сапар ыраматылык тиги жиндинин айынан эле өлдү,-деди бирөө угуп койчудай шыбырап. - Кайсы жинди? - Мавлюда. Анын бир мандеми бар экенин биринчи көргөндө эле сезгем. Сапар укпай койбодубу. Сулуулугуна азгырылды кургур. Эркектин шору да, кудурети да сулуулук алдында алсыздыгы. Аялынын оорусу күчөп кеткенин көтөрө албады бейтаалай. Балдары кантет десең? - Канча балалуу болду эле? - Төртөө. Биз батага барганда Мавлюда ыйлаган жок. Баягы сулуу жүзүн бырыш желелеп, картая түшсө да сулуулугун жоготпоптур.
Дагы эле бели төрөбөгөн аялдай бир тутам, чачы согончогуна чабылат. Балдары да адамга суз, муздак карашат, бирок, көздөрү Сапар акенин көзүндөй оттуу, ойлуу. Ушунусуна сүйүндүм. Көздө ой жок болгону баарынан жаман. Ошону менен жан боор айылга кайра көптө бардым. Автобуска чыкканда эле айылдыктар биринен сала бири кучакташып учураша башташты. Бир гана ак жоолукту чекесине байлап алган аял четтеп саламдашкан жок. Көзүмө жылуу учурады. - Жакшысызбы?
-дедим бүшүркөй. - Кандай, Зейнеп сиңдим. Азыр мени менен аялы деле, эркеги деле учурашпайт.
Мен мурдагыдай эле жашмын, сулуумун, кумарлуумун,
болгону аялдар көрө албайт, эркектер болсо мага сүйлөгүсү келсе да аялынан коркот. Ошондо гана Мавлюданы тааныдым. Ал мага жакын санаалашын көргөндөй жакындай берип сүйлөп жатты. Көздөрү баягыдай эле ой жок, бирок, өзү айткандай кумарлуу, сулуу. - Билесиңби, мага күндө сенин агаң келет,-деди ал ойкуштап. - Кайсы агам?-деп чочуп кеттим. Мага жакын отурган айылдаш жеңем Санабар капталга нукуй "унчукпа"
дегендей көз кысып койду. Мавлюда көздөрү жандана шыңк күлүп сөзүн улады: - Тиги мугалим агаң. Ал эле эмес, кошунам Кутман да күндө келет. Бая күнү боорум ооруп киргизип койсом таң атканча уктатпай койсо! - Ал дагы акыштана күлүп алды да сөзүн улады: - Баары келет, тим эле аялы жок жерде изимди аңдып, "Минаш, кел эми бир эле жолу киргизип койчу" деп жалынышат, сууга барсам жолумду тороп бура бастырышпайт.
Ээ, алар куруп кетсин, мен болсо тиги доктур жигитти сүйүп калбадымбы!
- Мавлюданын эми эле ойноктогон көздөрү муңданып жаш толо түштү. Ал күйүттүү жаш кыздай шуу үшкүрдү. Доктур жөнүндө төгүлүп сүйлөп жаткан Мавлюданы карап туруп баягы биздин үйдөгү түндү эстедим. Ошондогу эркекти жалынткан, кудуретине тизелеткен периштенин азыркы келбетине ичим оорунду. Ичимден "бүт эле аялзаты ушинтип өзүн бүт эркек сүйөөрүн каалап, болгону алар мунусун акылы менен жашырат болуу керек. А бул болсо акылы жок үчүн сезими менен жашап жүрөт" деп ойлодум. Тоо аралап баратып көз алдыма бирде шаңшып ырдаган, сулуулукту,
ырды, жашоону элден башкача, өзүн курмандыкка чалып сүйгөн Сапар аке тартылса, бирде сезимин жашыра албаган, бирок, канчалык сезимге алдырбасын,
акылы кем болбосун балдарын таштап койбой, жонуна артып, иттей оозуна тиштеп чоңойткон Мавлюда сулуунун чатыраган жаштыгы тартылды. Сүйүү акыл жок болсо да өлбөсүн, кадырын жоготпосун,
ал эми акыл сүйүү жок кунарсыз, муздак, байкуш болоорун сездим. Энелик сүйүү, аялдык сүйүү кандай кудуреттүү!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 06 November 2013 - 23:25
aijan
Бүгүн, 10:18
Мындан ары автордон
башка колдонуучулардын
билдируулору эскертуусуз
очурулот, флуддагандар
жазаланат. Эгер автор 3
кундун ичинде улантпаса,
тема убактылуу жабыл
Түшүндүң да?
Бүгүн, 10:18
Мындан ары автордон
башка колдонуучулардын
билдируулору эскертуусуз
очурулот, флуддагандар
жазаланат. Эгер автор 3
кундун ичинде улантпаса,
тема убактылуу жабыл
Түшүндүң да?
#6 07 November 2013 - 01:07
Жоок мен башка чыгармасы тууралу жазгам.Даагы бир жерде чыгармасы турат да аягына чыкпай.3 күндун ичинде улантпаса тема жабылат экен

Супер-Инфо
super.kg
видео











