Не десем экен... мага койсо даярына эле барган жакшы. Эркек болгон соң баарын даярдап алып эле үйлөнгөнү оң. Аял алгандан кийин аялдын ансызда түйшүгү көп, үй жумуштары, боюнда болот, төрөйт, бала багат айтсаң көп,акча табабы же...Мен чогуу иштегенге каршымын, аялдын орду үйдө. Ушу иштеп жүргөндө арада кызганычда чыгып кетип уруш болушу да мүмкүн. Жеке мен иштегим келбейт кийин, үйдө эле өзүмдүн ордумду билгеним жакшы. Турмуштуу түшүнгөн болсо кадырына жетет күйөөсүнүн тапканын да туура пайдаланат.
Үйлөнгөнгө чейинки даярдык Үйлөнгөнгө чейинки даярдык
#21 30 Апрель 2013 - 16:16
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#22 04 Май 2013 - 16:23
Негизи шартка карап болотта, баардык нерсе биз ойлогондой боло бербейт экен, мисалы мен озум эле биринчи уй жайга жетейин деп журуп ушул жашка кандай чыкканымды сезбей калыптырмын.
Азыркы максатым уйлонуш.
Азыркы мезгилде уйлонгондон кийин деле уй жайга жетишсе болот, турмушта андайларды баарыбыз эле коруп билип журобуз..
Азыркы мезгилде уйлонгондон кийин деле уй жайга жетишсе болот, турмушта андайларды баарыбыз эле коруп билип журобуз..
#23 09 Май 2013 - 16:57
Баркына жеткенде да соонун жетет дейсин.Андан башка да кооп проблемалар чыгат ошого даяр бол.
#24 13 Июнь 2013 - 23:48
Лучше баарын даярдап алып эле үйлөнгөн жакшы, себеби үйбүлө кургандан кийин бала чакалуу болосуз, аларга жакшы шарт түзүп бериш керек, если сиз үйлөнүп алып анан ремонт баштайм десеңиз анда үй-бүлөңүздү кыйнап коёсуз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#25 16 Июнь 2013 - 05:16
Ата эне деле балам кыйынчылык корбосун деп балага бут шартты тузуп анан келин алып бергенди каалашат эмесби.Менин жээним 24 жашында бир кызды жактырып уйундогулорго уйлоном десе жездебиз менен эжебиз сага деп салып жаткан уйубуз буткондо гана уйлоносун деп каршы чыгышкан,ачуусу келип ата энесине жинденип москвага келе берет да бул жерден 2 баласы бар келин менен таанышып ага уйлонуп аялынын боюнда болгондо айылга барышты.акыры айласы кеткенде ата энеси ошол 2 балалуу келинди алып берди.баласына деп салып жаткан уйун ага бербей андан кийинки инисине берип коюшту.азыр келини журот 2 балалуу болду.иштеп уй алсак чондорумду деле жаныма алып келип алмакмын деп журот.
#26 18 Июнь 2013 - 17:37
Мага дагы аз эле калды уйлоном болду
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#27 20 Июнь 2013 - 13:35
Уйлоно бериниз,морал,
физ жактан даяр болсонуз...Ырыскыныз балким ошол келининиздедир.
..
#28 02 Июль 2013 - 19:19
Уйлонгонго чейин бардык шартын тузуп алса жакшы болот.Уйлонот жыл айланбай балалуу болот,уй салат элем деп баласын таштап Россиялап же кыйналып журбостон
#30 14 Ноябрь 2013 - 21:14
Күз мезгилинде үлпөт тойлор башталып, бир топ жаштар жаңы жашоо башташат. Убакыттын өтүшү менен үйлөнүү той да кымбат шаан- шөкөттөрдүн катарына кирүүдө. Болочоктогу колуктуларга,
жаш жубайларга жардам болсун деген ниетте үлпөт тойуна канча чыгым кетээрин изилдеп, бааларын тактап чыктык.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#31 14 Ноябрь 2013 - 21:15
Үлпөт көйнөк Сатып алуу 7000 сомдон - 39000 сомго чейин болсо, убактылуу прокатка алганга 8000 миң сомдон - 15000 сомго чейин. Көйнөккө тагылуучу фата - 150 сомдон 6000 сомго чейин. Кол кап 350 сомдон 900 сомго чейин, ал эми көйнөккө ылайыкталган жасалгалар 500 сомдон 7000 сомго чейин. Көйнөккө жарашыктуу бут кийимдердин баасы - 350 сомдон жогору карай. Көйнөктү ижарага алгандарга айрым дүкөндөрдө жасалгалары,
гүлдөрү, фатаны атайын арзандатылган баада беришет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#32 14 Ноябрь 2013 - 21:16
Нике шакек Нике шакектин алтындан жасалгандары көлөмүнө, салмагына жараша болот. Орточо жоондуктагы шакектердин бирөө 2000 сом, түгөйү менен 4000 сомго алууга болот. Ичке шакектердин бирөө 1000 сом, түгөйү менен 200 сом турат. Нике шакектердин ичине жубайлардын аттарын жаздырыш үчүн атайын чеберлердин кызматына кайрылуу керек. Даяр сатып барган шакекке атыңызды жаздырууга 700 сомдон 1000 сомго чейин акча төлөйсүз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#33 14 Ноябрь 2013 - 21:17
Лимузин Лимузиндин жалдаш үчүн бир-бир жарым ай мурун кезекке туруш керек. Жөн эле шаардын ичин кыдырып чыкканга бир саатына 150 доллар акы алышат. Ал эми шаардын четине чыга турган болсоңуз, ар бир километрине 1 доллардан төлөйсүз. Лимузинди эгерде айдоочу өзү кооздой турган болсо 500 сомдон 800 сомго чейин акча алат. Ал эми атайын унааларды кооздой турган фирмалардын кызматынан пайдалангыңыз келсе 3000 сомдон 8000 сомго чейин акча төлөйсүз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#34 14 Ноябрь 2013 - 21:18
Гүл Эгерде гүлдү көйнөк менен алсаңыз 300 сомдон 700 сомго чейин алууга мүмкүн. Ал эми жандуу гүлдөр менен букет жасаткыңыз келсе бир тал розаны 50 сомдон сатып алып, жасаткан эмгегине 200 сом төлөш керек. Адатта бир букетти 9 тал роза менен жасашат. Ошондо жандуу бир букет гүлдүн баасы 650 сомдон жогору.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#35 14 Ноябрь 2013 - 21:19
Сүрөтчү Тойго сүрөтчү жалдаш үчүн бир күн кечке иштешип 2000 сом акча алышат. Ал эми операторлор сапаты мыкты кымбат-баадагы камералар менен тартышса 4000 сом акы алышат, ал эми катардагы камералар менен тарткандар 2000 сом төлөп берүү керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#36 14 Ноябрь 2013 - 21:20
Көгүчкөндөр Жаштардын көбү эркиндиктин символу болгон көгүчкөндү колго алып асманга учургандан ырахат алышат эмеспи. Көгүчкөндөрдү асманга учуруш үчүн бирөөсүн 500 сомго, экөөнү 1000 сомго сатып аласыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#37 14 Ноябрь 2013 - 21:20
Үйлөнүү тоюндагы ырым-жырымдар Той болоор күнү жаан же кар жааса бакытка алып келет. Тойдон кийин күйөөсү колуктусун колуна көтөрүп киргени оң, колуктуну колго көтөрүп, бардык жаман нерселерден сактай алат. Үйдүн же ЗАГСтын босогосун түгөйлөрдүн кимиси биринчи аттаса, кийин үй-бүлөдө ошол башчы болот. Келечекте үйдө көп уруш- талаш болбош үчүн колукту күйөөсүнүн үйүнө кирээрде айнек табак сындырып, экөө жердеги табактын сыныктарын аттап өтүшөт. Эгерде колукту өзүнүн артынан эжеси же сиңидиси турмушка чыгуусун кааласа, чыгып бара жатканда дасторкондун учун өзүн көздөй тартып коюшу керек. Фата, гүл, бут кийим сатып алгандан кайрып берген акчаны көпкө чейин коротпой сактап, бөлөк бирөө албагыдай жерге катып койгон оң. Себеби, акча канчалык узак сакталса, үйдө ошончолук береке көп болот деген ишеним бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#38 14 Ноябрь 2013 - 21:23
Качан уйлонот экем эээ.......)
Билдирүүнү түзөткөн: kanat4ik: 14 Ноябрь 2013 - 21:25
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#39 14 Ноябрь 2013 - 21:24
Жолдошу нике шакекти колуктуга тагаары менен бош калган идишти колукту албашы керек. Бул жумушту бойдок курбулары аткарганы туура. Шакек тагаарда кокус аны жерге түшүрүп алса, жубайлардын ортосунда бири-биринин көзүнө чөп салуу болот. Нике шакектердин экөөнү тең күйөөсү бир күндө, бир жерден алганы оң. Нике шакек колго канчалык тыгызыраак тагылса, үй-бүлөлүк жашоо ошончолук бекем болот. ЗАГСка кирип бараткан жубайлардын алдынан бир дагы адам кесе өтпөш керек. Фата кыска, жарашыксыз болсо, төрөлгөн балдар оорукчан болуп калышы мүмкүн. Көпкө чейин башыңыздан бактылуу турмуш кечирем десеңиз, сатып алган үлпөт көйнөгүңүздү эч кимге сатпаңыз. Үлпөт тойго бермет жасалга тагынса, колукту көз жашын көп төгөт. Колукту көйнөгүн кийип алып кайра-кайра күзгүгө каранса, майда, жагымсыз окуялар турмушта көп болот. Колуктуну ата-энесинин үйүнөн алып кетип жатканда күйөөсү эч убакта артын кылчайып карабашы керек. Тойго келген коноктор кара көйнөк кийбеши зарыл. ЗАГСка бараарда кыз-күйөө бир конфетти бөлүп жешсе, жашоосу таттуу болот. Жаш жубайларга бычак, вилка, саат белек кылган болбойт. Мындай белектер үй-бүлөлүк жашоосунун ынтымагын кетирет. Болбой эле бирөө- жарым ушундай белектерди алып келсе ырым кылып акча берип коюңуз. Бактылуу турмуш кечирүүнү кааласаңыз,
биринчи түнү башыңызга күзгү жаздап жатыңыз.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#40 14 Ноябрь 2013 - 22:12
Авторго рахмат жакшы экен бирок толук болбой калыптыр Уйлонсон бир кеминде 10 мин $ барат да . Бирок Мамлекетик Манополия департаменти карап чыгыш керек экен бизнес баасынан ашыкча кошуп салбаш учун, Кыргызстанда жонокой кызматкердин 1 жылдык кирешеси мынчага барбайт кээбиринин колунан келет кээбиринин колунан келбейт дегендей. Бирок Уйлону той бир жолу болгон сон колдон келишинче жакшы откоруш керек да .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)