Адамдын физикалык денесинен да башка дагы көзгө көрүнбөгөн алты дене бар. Алардын бири - астралдык дене деп аталат. Астралдык дене дененин экинчи катмары болуп саналат. Байыркы заманда эле адамдардын астралдык сыноолору болгон. Астралдык саякаттардын сүрөттөлүшүн Египеттин, Индиянын, Кытайдын жана Тибеттин тарых барактарынан кездештирсек болот. Тибеттин салты боюнча астралдык ишке жөндөмдүү адамдарды "делогдор"
деп аташат. Бул термин "четке чыгып кетип, кайра кайрылгандар"
деген маанини түшүндүрөт.
Таң калтырган табигат сырлары! Шумдук!
#1 16 November 2013 - 23:08
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 16 November 2013 - 23:12
Күзгүлөр кандай сырларды катышат?.. Күзгүлөрдүн жардамы менен кээ бир адамдар башка дүйнө менен сүйлөшүшөт.
Байыртадан бери эле күзгүлөр бирден-бир сырдуу жана мистикага толгон интерьердик буюм катары саналып келет. Эгер үйдө кимдир бирөө өлгөн болсо, ал адамдын арбагы күзгүнүн ичине кирип кетпеши үчүн күзгүнүн бетин чүпүрөк менен жаап коюшат. Ошол эле күзгүнүн жардамы аркылуу кээ бир адамдар башка жашоо менен сүйлөшүп, адамдардын келечегинде кандай окуялар болоорун айтып беришет. Күзгүлөр бир нече миллион кылымдар мурун пайда болгон. Аларды байыркы Шумерде, Индияда жана Египетте жасашкан. Алгач күзгүлөрдү жалтырак нерселерден,
күмүштөн, колодон жана алтындан жасап келишкен. Б.з. XII кылымда гана айнек күзгүлөр пайда боло баштаган. Ар бир өлкөдө күзгүгө байланыштуу өздөрүнүн салттары бар. Мисалы, чыгыш өлкөлөрүндө күзгүнү үйгө кирип келе жаткандагы киреберишке илип коюшат. Анткени, үйгө кирип келген коноктун кандайдыр бир ички терс энергиясы үйдүн ичине кирбей, ошол күзгүгө чагылышып калыш үчүн ошол жакка илип коюшат. Европада болсо, күзгүнү терезеге каратып коюшат. Кошунасынын жаман ойлорунан же болбосо, жакынкы аралыкта жайгашкан оорукананын жана түрмөнүн имараттарынын терс таасири тийип кетпеш үчүн чагылтып турат. Ал эми байыркы Россияда аялдар айыз болуп жаткан мезгилинде күзгүгө каранышчу эмес. Күзгүгө каранган аял ал учурда кандайдыр бир ооруну жуктуруп алат деп ойлошкон.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 16 November 2013 - 23:13
Күзгү-өлтүрүүчү куралга айланган Күзгү менен кээ бир мистикалык окуялардын байланышы болуп кетет. Орто кылымдарда бир бай аялынын өзүн алмаштыруусу тууралуу билип калып, аялын үйүндөгү аябагандай чоң күзгүнүн алдынан өлтүргөн экен. Ошол окуядан кийин ал үйгө көчүп келген аялдар ошол чоң күзгүнүн алдынан өзүлөрүнүн өлүп жаткан абалын көрүп турушкан. Күзгү-өлтүрүчү ошентип, бир кожоюндан экинчисине өтүп турган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 16 November 2013 - 23:15
Күзгүлөрдө адамдыкындай эс тутум болот: Окумуштуулардын көпчүлүгү күзгүнү башка буюмдар сыяктуу эле көрүнбөгөн талаа менен курчалып тураарын аныкташкан.
Кээ бир күзгүлөр жакшы энергияны камтып турса, башкалары эгер ал күзгүнүн алдында адам өлтүрүү, уруш, чыр-чатактар,
мушташтар болсо, терс энергияны өзүнө сиңирип алышат. Ошондуктан,
окумуштуулар жана экстрасенстер күзгү менен иш алып барууну, анын жардамы менен адамдардын келечегин айтууну сунуш кылышпайт. Күзгүнүн соккусу адамдардын ички энергиясына өтө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андан тышкары, күзгүлөрдө эс тутум болот. Ошондуктан,
качандыр бир убактарда күзгү сактап калган маалымат чагылышып, адамга таасир этет. Бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары мындай көрүнүштөрдү колдонуп жатышат. Күзгү менен иш алып баруу барган сайын профессионалдуу деңгээлге жетип келатат. Жыл сайын иликтөөчүлөр жаңы-жаңы нерселерди ачып келишет. Баарыбызга белгилүү болгондой, каранган адамды чагылтып турган күзгүнү ойлоп табышкан. Бирок, бул нерсе күзгүнүн жалгыз гана касиети эмес. Күзгүлөрдүн бардык сырларын ачуу үчүн окумуштууларга дагы далай убакыт талап кылынат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 16 November 2013 - 23:16
Жардан өйдөнү көздөй аккан суу элдин эсин оодарганда : Суу бардык жерде ылдый карай агаары баарыбызга белгилүү эмеспи. Бирок, Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда жүргөн туристтер капысынан өйдө көздөй аккан сууга кабылышкан.
Эки турист автоунаа менен саякат жасап жүрүшүп, өргө туш болушат. Мындай жарга автоунаа менен көтөрүлүшкө мүмкүн эмес экенин түшүнүшкөн туристтер машинелерин токтотуп коюшуп, жөө чыгууну ойлошот. Бирок алар ойлогондой болбой калган. Өчүрүлгөн мотор менен машина өзүнөн-өзү токтобостон,
жогору карай жылып жөнөйт. Көздөгөн жерге жетип машине токтогондо,
анын ылдамдыгы 30 км/саатты көрсөтүп турган. Сыртка чыккан туристтер жардан жогору көздөй агып жаткан сууну көрүшүп, өз көздөрүнө өздөрү ишене алышпай, эстери ооп туруп калышкан.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 16 November 2013 - 23:17
Сырдуу жерлер адамды ооруга чалдыктырат:
Албетте, буга чейин окумуштуулар ойлоп чыгарган көлдүн үстүндө өзү жүргөн, бийиктикке өзү чыккан машинелер жөнүндө биздин жашообузда көп эле кездешип калып жүрөт дечи. Бирок, алар бул аномалдуу кубулуштун сырын ача албай баштарын катырып келишүүдө. Бир гана баарын ойго салган нерсе статистикада мына ушундай табышмактуу аномалдуу жерге туш болгон адамдар психикалык жактан жабыркашып,
белгисиз бир ооруларга кабылышат экен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 16 November 2013 - 23:33
"Астралдык"
десениз, кино эсиме тушуп кетти, коргондон кийин коопко чейин коркуп жургом. И ошол кино акыркы чекити болду окшойт... Ошондон кийин ужас кино корбойм...
Маалыматтарынызга таазим. Талбаныз...
Маалыматтарынызга таазим. Талбаныз...
В каждой шутке есть доля правды...
#8 16 November 2013 - 23:33
Шайтандардын уюлу АКШнын Невада штатынын чөлдүү жеринде жайгашкан абдан таң калыштуу жер- бул уюлдун үстүнкү бетинин аянты 9-12 метрди гана түзөт. "Шайтандын уюлун" көлүндө башка деңиздерде жок балыктар жашашат. Анын тереңдиги болжол менен 120 метрди түзөт. Ал эми толук тереңдигин эч ким билбей келет. Геологдордун айтымына караганда эки тектоникалык плиталардын ортосунда жайгашкандыктан аны "шайтан уюлу" деп атап коюшкан. Ал эми ал жерде шайтандар жашаарын азырынча окумуштуулар толук изилдеп бүтүшө элек. Тектоникалык плиталардын беттеринде таң калыштуу нерселердин болуп турушу окумуштууларды андан бетер ойго салып келүүдө.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 16 November 2013 - 23:34
Сыйкырдуу Тоо Россиянын Волгоград областында жайгашкан сырдуу тоодо көп таң калыштуу окуялар болуп турат. Ал жакта жашаган элдердин айтуусуна караганда, сырдуу 293 метр бийиктеги тоо дайыма чагылган түшүрүп турган булуттарды тартып турат экен. Адамдардын маанайларына жана айбанаттардын кылык-жоруктарына тескери таасирин тийгизип турат. Ал көрүнүштү баамдаган адамдар кээде тоонун чокусунан кандайдыр бир жарыктардын чагылыштары чыгып калгандыктарын айтышат. Ошондой учурда тоонун жанынан өтүп бара жаткан машиналардын кыймылдаткычтары,
анын үстүнөн учуп бара жаткан самолёт, вертолёттордун да кыймылдаткычтары иштебей калат экен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 16 November 2013 - 23:35
Бобровиктеги болгон окуя Бобровик - Беларуссиядагы айыл. Бул айылда "Полтергейст"
филминдегидей окуялар болуп турат. Бул айылдагы жашоочулардын үйлөрүнүн ичинен кожойкесинин көз алдында эле ар кандай буюм-тайымдар өзүнөн-өзү эле күйүп кетип турган. Александр Павлов аттуу тургундун үйүндө 3 жашар баласы уктап жаткан бөлмөнүн пардосу жана алдына салынып турган шейшеби өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр келип жалындап жаткан өрттү өчүрүшкөндө,
Александрдын баласы жаткан жактагы кездеме гана күйбөй, калган бөлүгү бүт бойдон күйүп кеткен. Ал эми ал "тилсиз жоо" наристеге эч кандай залалын тийгизген эмес.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 16 November 2013 - 23:37
"БАРСАКЕЛЬМЕС"
аралынын укмуштуу сыры Аралдын өзү айтып тургандай эле барса - келбес деп аталган арал Арал деңизинин батыш жагында 27-12 -чакырымында жайгашкан. Бул арал тууралуу ал жерде болуп келген ар кандай уламыштар айтылып келет. Аралга жакын жашаган адамдардын айтуусу боюнча бир жолу чуркап жүргөн спортсмендер бир жылча ал жерде жашап калышкан. Бирок алар туугандарына он жылдан кийин барышкан экен. Ал эми бул жерден көптөгөн үй-бүлөлөр белгисиз жок болуп кетип турушкан. Мындай себепсиз жок болуп кетип туран көрүнүштөрдү казактар "Барсакельмес"
аралынын болуп келген көрүнүшү катары санашкан. Бул жерге кандайдыр бир сынактарды же болбосо ар кандай илимий изилдөөлөр үчүн барган адамдар эч себеби, изи жок жоголуп турат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#12 16 November 2013 - 23:38
Күндүн бетинде да так бар экен Биз күндө асманда көрүп, бирок жакындан көрө албаган күндү түстүү шакекчелер курчап алгандыгын да байкоого болот. Аны - Калп күн деп атап коюшат. Ал эми күндүн бетине кээде үчүнчү так пайда болуп калат. Дал ушул так боюнча тарыхта бир окуя болуп өткөнү анык: Францияда Напалеон кулагандан кийин күндүн бетинен кудум эле императордун баш кийиминдей үч бурчтук так пайда болгонун көргөн француздарды таң калтырган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#13 16 November 2013 - 23:39
Жер - тирүү жанбы? Жердин тирүү жан экендиги тууралуу мындан 6 миң жыл мурун Гермес Тристмегист жазып келген. Асмандагы бардык нерселер тырышып, жерге келип тургандай сезилип келет. Бул жердин - дем алуусу. Жерден да асманга мындай белгилер берилип турат. Мындай белги болсо - жер демин сыртка чыгаруусу болуп саналат. Көптөгөн убакыттар бою поэтикалык миф катары санап келишкен. Мындан бир канча жыл мурун гана бул көрүнүш эксперименталдык түрдө аныкталган.
Биз жашап жаткан жер планетасы күндүн нурун гана албастан, бүткүл ааламдагы космостун жашоочулары энергиясын да алат. "Торсион"
толкуну тууралуу окумуштуулар айтып келишкен. Окумуштуулар мындай укмуштуу окуяга күбө болушуп, жердин дем алуусун биолокация Институнун операторлору физика-математика илиминин доктору В.Н. Луговенконун жетектөөсүнүн астында тартып алышкан.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#14 16 November 2013 - 23:40
Жер жүзүндөгү эң узун дарактар Жер жүзүндөгү эң узун дарактар азыркы учурда жоголуп бара жатат. Австралиянын токойлорунун бириндеги токойчу 1872-жылы ченегенде "Эукалиптус Регнанс" ("Eucaliptus regnans") дарагы 150 метр узундукта болгон. Учурда Гиннестин рекорд китебине кирген узун дарактардын бийиктиги анчалык деңгээлге жете албай келет. Мисалга алсак: 2004-жылы "Гигант Стратосфера"
дарагынын бийиктиги 112 метр гана болгон.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#15 16 November 2013 - 23:41
Айбанаттар эмне үчүн аз оорушат? Окумуштуулар эмне үчүн көптөгөн жаныбарлар жугуштуу оорулар менен аз оорушаарына мурунтан эле кызыгып келишкен. Маселен, дайыма көргөн бакалар абдан сасык, микробдор толтура көлдө жашашкан менен өздөрүн ыңгайлуу сезбестен, оору-суркоону да билишпейт экен. Ал эми уйлар, чаң менен бактерияларды чөпкө кошуп жуткандыгына карабастан,
ондогон жылдар бою сайгактап жүрүп, семиргенде гана ажалы жетет. Эшекти айта турган болсок, мындан да таң калаарлык. Анткени шалпаң кулак, келесоо бул жаныбар өмүрүндө өтө сейрек ооруп, чыдамдуу, иштерман да келет. Жаныбарлар дүйнөсүндөгү ушу сыяктуу өзгөчөлүктөр окумуштууларды алардын организминде кандайдыр бир инфекциянын пайда болуусун ооздуктаган зат катылганбы деген ойго түртүүдө Бул багыттагы алгачкы изилдөөлөр ийгиликтүү болгон. Алгач баканын терисинде "магаинин антибиотиги"
бар экендиги аныкталан. Кийинчерээк ушундай эле микробдорго туруштук берүүчү зат акуланын терисинен табылган. 1995- жылы уйдун тилинен дагы бир антибиотик табылгандыгын кабарлашкан.
Ал эми жакында адамдын терисинде да ушундай зат бар экендиги аныкталды. Бул антибиотиктер дефензин деп аталган (англис тилинен которгондо"
коргоо"деген сөз). Ал ар бир жан-жаныбарларды кадам сайын кездешүүчү мкробдордон,
дизентериядан,
бактерияларга чейин коргойт. Натыйжада дефензин бардык жугуштуу оорулардан сактай алат. Микробдор бири-бири менен күрөшүүсү эки тараптын согушундай эле, кимиси күчтүүлүк кылса, ошонусу жеңип кетет. Окумуштуулардын аныктамасы боюнча биздин денебизде дефензин көп жана алардын ар бири тигил же бул микробдорго каршы багытталган.
Дефензин табиятта мындан жүз милиондогон жылдар мурун пайда болуп, жан-жаныбарлардын жашоосуна негиз түзгөн. Экинчиси бул иммундук система.эгерде дефензин иммундук система менен күрөшүүдө алсыздык кылса, иммундук система тез эле жоголуп кетет. Байыркы дарыгерлердин медициналык билими болбогону менен жаныбарлардын терисинде коргоочу зат бар экендигин билишкен. Ушул түшүнүктүн негизинде териге жана тилге карап диагноз коюшкан
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#16 17 November 2013 - 00:23
Эң кымбат жаңгак Дүйнөдө эң кымбат жаңгак бул- макадамия жаңгагы. Бул жаңгактын мекени болуп Австралия өлкөсү эсептелинет.
Австралиялыктардын жакшы көргөн тамагына айланган бул жаңгактын негизи,эки гана түрү бар. А бирок ага окшошкон жасалма түрлөрүн Бразилия,Гавайи жана АКШнан тапса болот. Макадамия жаңгак дарагынын узундугу 40 метрге чейин жетип, 100 жылга чейин түшүм бере алат. Бирок аны терип- жыйнаш татаал болгондуктан жылына 40 тонна гана түшүм ала алышат. Өз мекени Австралия өлкөсүндө 1килограммы 30 доллардан жогору.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#17 17 November 2013 - 00:24
Эң кымбат картошка Баалуу картошка десек биз үчүн таңкалыштуу болот болуш керек. Чындыгында дүйнө жүзүндө эң кымбат баалуу картошканын сорту бар экен. Анын аталышы дагы өзгөчө "La Bonnotte". Муну Нурмуатье аралында жашаган элдер өстүрүшөт жана жылына 100 тоннага жакын түшүм алышат. Бир килограмм "La Bonnotteнин" баасы 500 еврону чапчыйт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#18 17 November 2013 - 00:26
Эң кымбат чайдын баштыкчасы "PG" Англияда белгилүү чай чыгарган компаниялардын бири. Компаниянын 75 жылдыгына арнап, эң кымбат чайдын кичинекей баштыкчасын зергерлер чогулуп фантазия менен ойлоп табышкан. Алар баштыкчаны 280 бриллиант ташы менен кооздоп чыгышып компанияга белекке беришет. Анын баасын эсептеп чыгышса 8 миң фунт стерлингге айланган.Компаниянын ээси ал баштыкчаны аукционго коюп, түшкөн акчасын Манчестрдеги балдар үйүнө которгон.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#19 17 November 2013 - 00:27
Эң кымбат десерт Эң кымбат десертти Нью-Йорктун "Serendipity 3"? деген ресторанынан жесе болот. Бул десерт кадимки эле сүттөн жасалат, бирок курамына какаонун 25түрү, алтындан жасалып жегенге болгон шоколаддар жана көптөгөн даам бере турган сливкалар менен даярдалып, адамдын таңдайын тамшантат. Болгондо да алтын идишке куюлуп, алтын кашык менен берилет. Көрүнүшү эле көргөн көздү уялтат. Баасы 25 миң доллар. Эң башкысы, жеп бүткөндөн кийин десерт салынган алтын идишти кошо белек катары ала кетет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#20 17 November 2013 - 00:28
Эң кымбат козукарын Эң кымбат козукарын бул-ак түстөгү "Трюфель"
козукарыны.
Мунун ачык баасын аныктоого мүмкүн эмес. Анткени "Трюфель " жоголуп бара жаткан жемиштердин катарына киргендиктен,
жалаң гана аукцион аркылуу сатылат. 2004-жылы 850 граммдык "Трюфель"
козукарынын 28миң фунт стерлингге бир бай сатып алган. Аны сатып алган киши жеш үчүн эмес, тигип- өстүрүп, көбөйтүү максатында алган. Бирок, ойлогону ишке ашпай, козу-карын бат эле соолуп калган. Ошондой эле 2007-жылы Гонконгдо аукцион болуп 750 граммдык козукарын сатылган. Биринчиден айырмаланып,
муну сатып алган адам үй-бүлөсү жана достору менен тамактанып алышкан. Белгилей кетчү жагдай, аукциондор жашыруун түрдө өтүп турат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео









