Суперстан: Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)

#121 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Ноябрь 2013 - 14:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения tynara81 (17 Ноябрь 2013 - 14:38) жазган:

Конулго жакын ыр экен. Талантын ташкындап, калемин курчуй берсин.

Чоон рахмат. :)
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Ноябрь 2013 - 15:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения baku24 (17 Ноябрь 2013 - 14:42) жазган:

чыгармачылык ийигилик ырлаарыныз таасирдуу экен. анан бул никтен эки адам киресиздерби жогорууда Жоодар деген да ыр жазган экен же мен туура эмес тушунуп алдымбы?

Рахмат чон, бар болунуз!

Жоок, сиз туура эмес тушунупсуз :), бул ник меники эле, жакшылап байкасаныз 'Жоодар' озунун ниги менен жазган (Lumia-800)... ;)
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Ноябрь 2013 - 18:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Марал, мерген баяны...

Ээн талаада жалгыз осту маралым,
Эркелетчу энеси жок "каралдым! "
Жашоо учун курошуп кундур-тундур,
Ортосунда жашоочу эле бир аралдын.

Турмуштун сыноосунан нетээр эле,
Кээде туруп оз жанынан кечээр эле.
Сагынып корбосо да энекесин,
Тинтип, издеп аралды кетээр эле.

Чыкты бир кун алдынан албууттанып,
Ач илбирс тиштерин жаркылдатып.
Туюму элендетип, "кач берекем!"
Эне уну тээ алыстан угулгансып. ..

***
Эрте менен эрте туруп тоону коздой,
Жоноду мерген тиги кырды беттей.
"Бугун нени атып алаар экенмин'-" деп,
Кыдырып, издеп журот кунгой-тескей.

***
Жарышып шамал менен бараткандай,
Жандын эми шириндигин айтчы кандай!
Жерге тийсе, бир тийбей туяктары,
Чуркап барат акылынан адашкандай!

Жалт карады "мына жетет, азыр жетет!"
Оз ажалы коз алдына турмоктолот.
Ошондо да ойлоп жатты "Жаратканым
кыйноо учун жараткандай мени демек"...

Эмне болду? Кандай болду? Тушунбоду,
Караса илбирс жок албууттанган.
Азыркы элес кудум эле тушундойбу?
Корсо мерген илбирсти атып салган.

***
Ошол кундон мерген журду козун салып,
"Онтойу келсе эле алам атып."
Качандыр жолугаарын элестетип,
Маралдан кооз терисин кызгангансып. ..

Адамдан откон жырткыч жок чынында,
Жаным кейийт жазып жатып бул ырымда.
Жашоого бир ирээт умут салып,
Кайра тартып алабы акырында?


Адамдарга ишенди чын дилинен,
Кайдан билсин ойлогон оюн ичтен.
Ажалым адам деп билсе эгер,
Жатыркап качаар эле бул сезимден...

***
Турду эле суу боюнда тамшана,
Муздак суунун жыргалына кумарлана.
Бейтааныш жыт чыйрыктырды денесин,
Ажал улам келаткансыйт жакын ага...

"Кач берекем!" жагымдуу ун баягыдай,
Тартып алды суудан башын аландата.
"Кач берекем!" безеленип жаткансыды,
Бул турушу маралды аягыдай.

Корду эми адамды мылтык менен,
"Качууга кеч!" алышты ою менен.
Жоодураган коздорун жумуп туруп,
Бакырды ый аралаш уну менен:
"Оо Жараткан, эрте мени алып кетчи,
Чарчадым жаным учун курошуудон!
Корушойун энем менен ошол жактан,
Чарчадым ажал менен тирешуудон! "...

***
Марал уну чучукту зыркыраткан,
Селт эттирди мергенди мээлеп жаткан.
Асманга ок чыгарды кучу менен,
Бунусу акыркы ирээт атып жаткан.

"Болду-деди- токтот болду сапарынды,
Мергенчилик кылып бирди аядынбы?-
Озун-озу урушуп картан мерген-
Адамдардан чыгарба катарынды! "

***
Мына сага капыс келген акыйкаттык
ишенбеймин! Маралга тартып бакыт.
Экинчи ирээт кутулду ажалынан,
Баса албай ордунда турат катып...

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 17 Ноябрь 2013 - 18:37

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Lumia-800   17 Ноябрь 2013 - 19:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Айтчы эми кечиктимби дагыда?
Аярым деп журсом деле багына.
Айыкпаган оору болбо сураныч...
Ай откорбой журом сени сагына.

Ичтен сызам айта албай сырымды,
Ирет менен жазып кээде ырымды.
Илебине тоёоор бекем берекем?
Иргеп созду,айтчы мага сынынды.

Жамалына суктанамын дайыма
Жаз гулундой койбойт мени жайыма.
Жаным десем каршысынбы билбедим...
Жакпай турсам айт коёюн жайына!

Арданбаймын акыйкатка жанашып
Алаксытат тандар мага карашып.
Алгым келбей моюн сунуп тагдырга
Аркун журом сени андан талашып.

Максатыма жетем деген тилек бар
Мактанбайын создорумдо илеп бар!
Мээримине суусап турган а бирок,
Менде дагы суйо алчуу журок бар.

Асман менен жер болбосун ортобуз
Айтчы озу,биз эмнеден коркобуз?!
Айлуу тунго кете алсак кол кармап,
Анда кимдин омуруно жолтообуз... ?

Лирикага атын жазып олтурам
Лилиядай кооздоп барак толтурам.
Лика деген ысымына сап курап,
Лакап учун жанды акын болтурам....





Ыр жазуудан жадай элексинби ыя.))))))
Бул ырда бир табышмак бар,тушунгону тушунуп алаар...
ЖООДАР.





Билдирүүнү түзөткөн: Lumia-800: 17 Ноябрь 2013 - 19:04

Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   17 Ноябрь 2013 - 23:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Сен жана Мен.

Коро албай элесмнди кыйналдым мен,
Же корунуп койбой мени кыйнадын сен.
Журогумдун барын ээлеп алдын окшойт,
Суйлошсом бактылуумун озун менен.

Негедир куса болом озуно мен,
Ишенбейсин аны билем бир озун сен.
Оюмдан эч эле кетпей койдун,
Конулум да, журогум да сени менен!

Суусай берем негедир озуно мен,
Суусунумду кандырып койсончу сен.
Бери карап бир жылмайып кулуп койчу,
Суусунум канып калсын ошо менен...

Коп нерсени кыялданам негедир мен,
Кол кармашып журсом деймин сени менен.
Бирок да аткарылбас ал кыялым,
Себеби менден алыс журосун сен...

Корушпогон сынары кун-ай менен,
Бирикпеген сынары жер-асман менен.
Жолукпаган сынары батыш-чыгыш,
Жолугамбы качандыр озуно мен.?
Билген болсон мунун баары Сен жана Мен!
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 00:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Сен учун.

Укмуштай кооз жаштыкта,
Жашоонун шаны сен болсон.
Ажарына арбалткан,
Конулдун гулу мен болом.

Коз жоосун алган сулуулукту,
Чачкан бир жалгыз озунсун.
Жалган ушул жашоодо сени,
Бактылуу кылаар озуммун

Кун отсо канча-канчалап,
Журокту койбо бырчалап.
Не деп айтаар элесин,
"Суйомун! " десем кайталап?
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

***

Ушул экен тагдырым,
Озгортууго болбогон.
Куш экенсин сен болсо,
Такыр башка конбогон!

Сезимсинби ташбоор келген,
Журок менен ойногон?
Тамырымда жугуруп,
Каным менен бойлогон.

Элесинди суу менен,
Жуусам дагы кетпеген!
Канткенимде жок болосун,
Жадымдан эч очпогон?

Бактылуу бол башка менен,
Боло алсан бактылуу.
Кандай жансын тушунбодум,
Сезимимди сезбеген?...
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 00:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Кайда шашат?

Жаштык кезим суудай агып шашат кайда?
Менден алыс алыстап качат кайда?
Мендеги махабатты тартып алып,
Бактылуу коз ирмемдер калат кайда?

Оо ал кундор отсо оттор, кайра келбес!
Ошондогу азап кундор эстен кетпес!
Унутаарсын кундор отсо мени дагы,
Менин кулкум журогундо кала бербес...

А бирок мен унутпасмын коздорунду,
Сага арнаган сезимимди, создорумду.
Кайгы, азап кундорумду унутсам да,
Жаным сенин унутпасмын коздорунду. ..
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 00:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Бироо айтат, а мен жаздым баракка.

"Буулугуп, бугум чыкпай кыйналамын,
Бир соз чыкпайт оозумдан буйдаламын.
Кандай жолдо калдым билбейм, тушунбоймун,
Мен эмнеге шордуу болуп жаралганмын?

Эмне кылдым? Кандай жолду баштадым?
Башым катып, кандай кадам таштадым?
Кечир эне кечире алсан сен эгер,
Кечир эне умутунду акталбадым. ..

Суйуктуум деп ойлочумун аны мен,
Кооз кундорду откоргонбуз аны менен.
Аттин арман кайда калды ал кундорум?
Кечир эне! Намысымдан айрылдым мен...

Алданыпмын анын ширин создоруно,
Арбалыпмын кулмундогон коздоруно.
Сезбептирмин анын арам кир ойлорун,
Энчилепмин ал адамды мен озумо.

Жанылдым кечир эне турмушумдан,
Тайкы бастым ээн талаа бурулуштан.
Эмне кылдым?Айткылачы эмне кылам?"-
кандай жырткыч ал адам кызды бузган?!

Бир кыз айтат мен баракка жазайын,
Кайрат кыл деп "жакшы" созум айтайын.
Оксуп, оксуп ыйлап жатат байкуш кыз,
Аз да болсо кайгы мунун басайын...

Бироонун кундолугун окуп калып жазылган ыр саптары.

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 18 Ноябрь 2013 - 00:29

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 00:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Аргасызмын.

Асман ачык. Сырлар толо тун ичинде,
Менде да бар катылуу сыр ичимде.
Карангы бир да жандык козго илинбейт,
Мыйзамы табияттын оз кучундо.

Мен сени кое берем, аргасызмын,
Сенсиз бирок жалгызмын, бактысызмын.
Арман калат коодондо тоодой болуп,
Катылып теренинде журогумдун.

Мен сени кое берем аргасыздан,
Айтчы деги жанылдым кайсы кыштан?
Журогумдо сен жашайсын туболукко,
Бакытынды издебечи башка кыздан!

Азыр жолдо баратам шамал курдаш,
Ошол жакын, жакыныраак мага сырдаш.
Унутууга чыдасам да азыр эми,
Эстесем да женилирээк мага ыйлаш...
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 00:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Сойкуга.

Тун. Карангы кочодо жалгыз чырак,
Караан турат илберинки нары ыраак.
Журоктун ушун ала кийингени,
Жонумдагы жыртык чапан артыгыраак.

Турдум бир топ ары жакта аны байкап,
Откон эле тун оокумдап бир топ убак.
Бир машине жандай келип токтоду да,
Ичинен киши чыкты чачы бубак.

Тигил кыз сойку окшойт кебетеси,
Ачылса машиненин терезеси.
Жалжандай жакын келип туруп калды,
Шумдугун кур капырай, бул эмнеси?!

Бузулду заман деген ушул белем,
Чачтан жулкуп туртуп ийди тигил эрен.
Консон да арам акча, даяр ашка,
Башка жолун тандасан кантээр элен?

Жеттим да колдон алдым тигил кызды,
Байкасам конулу жок колум кысты.
Супсулуу, чачы узун ушул кыздын,
Бул тагдырга кабылганы аянычтуу.

Не жетпейт айтчы мага чын сырынды?
Тепсетип корунгонго намысынды.
Жер кезип, айлансан да дубанага,
Кагылайын таштачы бул кылыгынды!

Жашоо деген ушул менен чектелбестир,
Бул кылганын озуно да эп келбестир.
Мага окшоп кайыр сура андан коро,
Артка кайтуу азыр деле кеч эместир...

P.S.
Ачылган байчечек,
Тытылган кополок.
Оз коркун жоготту бейм,
Уча албай коколоп...
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 01:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Билсен эгер.

Билсен эгер сен булбул,
Мен байчечек болсомчу.
Кубулжуп сайрап чынардын,
Бутагына консончу.

Билсен эгер мен балык,
Торуна сенин кармалып,
Чыга албай калсам ошондо,
Бир озуно байланып.

Билсен эгер сен жылдыз,
Мен ай болуп асманда.
Кубо болуп эки жаштын,
Бактысына жалганда.

Билсен эгер мен чынар,
А сен суумсун алдымда.
Балык болуп сузуп журсом,
Ошол суунун алдында.
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   Lumia-800   18 Ноябрь 2013 - 01:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Ыр жазуудан тажай элексинби деп тамашалашып эле койдум. Конулго алыштын кереги жок. Ырым жоопсуз калат деп ойлободум эле...
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 12:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Lumia-800 (17 Ноябрь 2013 - 19:01) жазган:

Айтчы эми кечиктимби дагыда?
Аярым деп журсом деле багына.
Айыкпаган оору болбо сураныч...
Ай откорбой журом сени сагына.

Ичтен сызам айта албай сырымды,
Ирет менен жазып кээде ырымды.
Илебине тоёоор бекем берекем?
Иргеп созду,айтчы мага сынынды.

Жамалына суктанамын дайыма
Жаз гулундой койбойт мени жайыма.
Жаным десем каршысынбы билбедим...
Жакпай турсам айт коёюн жайына!

Арданбаймын акыйкатка жанашып
Алаксытат тандар мага карашып.
Алгым келбей моюн сунуп тагдырга
Аркун журом сени андан талашып.

Максатыма жетем деген тилек бар
Мактанбайын создорумдо илеп бар!
Мээримине суусап турган а бирок,
Менде дагы суйо алчуу журок бар.

Асман менен жер болбосун ортобуз
Айтчы озу,биз эмнеден коркобуз?!
Айлуу тунго кете алсак кол кармап,
Анда кимдин омуруно жолтообуз... ?

Лирикага атын жазып олтурам
Лилиядай кооздоп барак толтурам.
Лика деген ысымына сап курап,
Лакап учун жанды акын болтурам....
ЖООДАР.



Талантыңызга таазим.
Бийик жерге (талантыңызды) илип коюп, сыймыктанып карап эле отура бере тургандай да өзү).Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 11 Сентябрь 2014 - 16:18

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   dinajanka   18 Ноябрь 2013 - 12:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Просмотр сообщения Sweet-Lika (18 Ноябрь 2013 - 12:26) жазган:

Айтып буткус создорун махабаттын,
Шуру кылып моюнума тагып жаттын.
Ишенбестей тур корсоттум, а бирок,
Мумкун сенсин чыныгы махабатым!

Жолдор узак бара турган чын суйууго,
Билем мына баратамын ошол жолдо.
Ашыгасын мен жонундо коп билууго,
Кеттик анда сен дагы мени колдо.

Ооба, билем тушунбойсун коп созумду,
Тартынып ала качам коп озумду.
Билмексенге салып коюп, уйгу-туйгу
ойлор менен кыйнаганмын коп озумду.

Шашылбачы дагы да убакыт коп,
Шаштырбачы желкемен улам суйроп.
Кыймылымдан озуно бара жаткан,
Шаштырбачы шамал болуп улам уйлоп...

"Сен" дегеним учун кечирип коюнуз...



Керемет жооп болуптурго ээ..
Талантыныздарга Баракелди... :):)
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 13:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Армандуу дагы бир махабат...(

Жазында жаны чыккан талдай элен,
Жузумдой ширин, таттуу балдай элен.
Махабаттын баш айланткан жолдору коп,
Кечиктин... Бирок кайда шашмак элен?..

Махабатын кымбатка тураарын бил,
Жылдарын айтып коет бул же тигил.
Санаага батып алып болушунча,
Умутун очуп барат урул-бурул.

СЕЗИМге айта албай чын сырынды,
Кат кылып жазып коюп бар ырынды.
Сандыкка каткан бойдон кете бердин,
ТАГДЫР бул тамашанбы же чынынбы?

Жаштык деп элес албай басып кеттин,
Жаздым деп тагдырындан ашып кеттин.
Таба албай оз ордунду бул дуйнодо,
Кызарып чыгарында батып кеттин!..

***
Жыйнагыча аркы-терки ойлорунду,
Бакытынды кое берип койбодунбу!
Жашоонун ачуу, таттуу амалдарын,
Сыздайсын айтып алып тойгонунду. ..

Ээлик кылып Сезимди сенден башка
ала качып, чакырды тойго, ашка.
"Барам" дедин ооз учунан жалын буркуп,
Сыздайсын ыйлабаган ушул жашка.

"Кечиктим! Бир кун мына кечиктим...
Жан кейитип неге сага кезиктим?
Ооз таптап айтаарымда тартып кеткен,
Бул чыныгы тамашасы тируулуктун.

Жетимдигим билдирбестен женип келгем,
Ачуу жанды сый менен эзип келгем.
Тегиз жерге жетээримден умут кылып,
Таштактуу жолдорду мен кезип келгем...

Бутту мына... Баары бутту чарчадым!
Бир омурго мендик кылып ала албадым.
Кагып коет мага окшогон жетимди деп,
Сезимиме ак суйуумду айта албадым...

Кош бол эркем кетейин энекеме,
Тагдырга болду эми эркелебе.
Эстей жургун анда-санда. Билсен сени
суйуп откон жан бар эле бул дуйнодо..."

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 11 Сентябрь 2014 - 16:18

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   18 Ноябрь 2013 - 23:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Турмуш жана Мен.

Сен мени бороон болуп чапкын келди,
Ажылдаган жаман иттей капкын келди.
Сур булут кундун бетин торогондой,
Сен мени булут сымал жапкын келди.

Сен мени толкунуна каткын келди,
Базарда тайлак сымал саткын келди.
Баш бербейм терен ишен бул созумо,
Бугун тундоп озундон качкым келди.

А мен сага моюн сунбай осо бердим,
Кайып сымал жолундан ото бердим.
Бут тосуп канча аракет кылсан дагы,
Кыбырап оз жолумда кете бердим.

Чагылгандай чарт-чурт эткен кылыгына,
Чыдаар элем турса дагы конул сына!
Кайын болуп сууну бойлой азыр оскон,
Карачы чыгып турам мен сыныма.

Келди бугун шамал болуп учургун,
Неге мынча буулугуп сен кутурдун!
Эрте мага, бир аз жашай турайын,
Коптон бери келет менден кутулгун...

Бир туруп жыландай чаккын келет,
Албарстыдай устумдон баскын келет.
Бир туруп мээрим тогуп энекемче,
Мени аяп канатына каткын келет!

Кээ кундору жамгырдай жаагым келет,
Кусалыкты кокуроктон саагым келет.
Бут тоспо деп суранып кургур жаным,
Турмушумдун конулун алгым келет...

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Ноябрь 2013 - 00:11

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   Vazir   19 Ноябрь 2013 - 01:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Просмотр сообщения Sweet-Lika (18 Ноябрь 2013 - 11:52) жазган:

Турмуш жана Мен.

Сен мени бороон болуп чапкын келди,
Ажылдаган жаман иттей капкын келди.
Сур булут кундун бетин торогондой,
Сен мени булут сымал жапкын келди.

Сен мени толкунуна каткын келди,
Базарда тайлак сымал саткын келди.
Баш бербейм терен ишен бул созумо,
Бугун тундоп озундон качкым келди.

А мен сага моюн сунбай осо бердим,
Кайып сымал жолундан ото бердим.
Бут тосуп канча аракет кылсан дагы,
Кыбырап оз жолумда кете бердим.

Чагылгандай чарт-чурт эткен кылыгына,
Чыдаар элем турса дагы конул сына!
Кайын болуп сууну бойлой азыр оскон,
Карачы чыгып турам мен сыныма.

Келди бугун шамал болуп учургун,
Неге мынча буулугуп сен кутурдун!
Эрте мага, бир аз жашай турайын,
Коптон бери келет менден кутулгун...

Бир туруп жыландай чаккын келет,
Албарстыдай устумдон баскын келет.
Бир туруп мээрим тогуп энекемче,
Мени аяп канатына каткын келет!

Кээ кундору жамгырдай жаагым келет,
Кусалыкты кокуроктон саагым келет.
Бут тоспо деп суранып кургур жаным,
Турмушумдун конулун алгым келет...


ой азамат эн сонун жазылыптыр , менда окшопосо да окшотуруп койоун ))).: а сен мени фудтбол сыяктуу тепкин келди а мен топ сыятуу качкым келди .
сен шамал сыяктуу учургун келди а мен жамгырдай токум келди , сен казыктай какын келди мен жолорунуп тетири баскым келди .

Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 19 Ноябрь 2013 - 02:04

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   19 Ноябрь 2013 - 02:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Убакыт.

Кун менен Тун тыным албай жарышып,
Ары бери туртуп мени кагышып.
Бир калыпта жуптай окшош кундорум,
Жайбаракат отот ойго салышып.

Эркелеп энекеме, эркелетип
Синдимди колдон алып, жетелетип.
Ушул кунго шугур кылып Жаратканга,
Жашап келем бакыт нурун себелетип.

"Укта!" деп кыйнабаныз эжекем!
Уйкум качты ыр жазайын берекем.
Отуп кетсем элесимди унутасыз,
Эч болбосо ырым калсын колоком...

Кучум жетпейт убакытка женилемин,
Отуп жаткан кундорумдо эзилемин.
Кыска болсо эгер чында омурум,
Сезбей отомбу суйуунун эч илебин?

Куйкум созун убакыттын которалбайм!
Унум бийик чыгарып жотолалбайм.
Ак конулдук женип кетет баары бир,
"Таарындым" деп адатымча когоралбайм. ..

Барган сайын убакытын тездигин,
Атайылап корсоткондой "сезгинин! "
Кээде мени козго сайып, мыскылдап,
"Алын жетсе артымдан кууп жеткинин! "

Чагылгандай ылдамдыкта убакыт,
Кетип барат ар бир саатын чубатып.
Анан бир кун алып кетет омурду,
Сокку уруп, накаутка кулатып!...

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 19 Ноябрь 2013 - 02:31

В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   Sweet-Lika   19 Ноябрь 2013 - 02:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 10 685
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2025 00:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:HOME. LOVE. FAMILY.

Просмотр сообщения Vazir (19 Ноябрь 2013 - 01:54) жазган:

ой азамат эн сонун жазылыптыр , менда окшопосо да окшотуруп койоун ))).: а сен мени фудтбол сыяктуу тепкин келди а мен топ сыятуу качкым келди .
сен шамал сыяктуу учургун келди а мен жамгырдай токум келди , сен казыктай какын келди мен жолорунуп тетири баскым келди .


Хе-хе! Рахмат! Бар болунуз!
Кичине "специйлерин" кошумчалап коеюн:

Футболдой сен мени тепкин келди,
Топ болуп жеткирбей качкым келди.
Казык кылып жылдырбай каккын келди,
А мен сага тетири баскым келди!
Мына сага идея!))))))
В каждой шутке есть доля правды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (35 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 14:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: