Суперстан: Энесиз калган эмчектеги бала - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Энесиз калган эмчектеги бала Темир тор...

#1 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Ноябрь 2013 - 20:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Жо-ок, жок! Беш жыл деген эмне?! Менин уулум кичинекей. Таенеси да, чоң энеси да жок. Менин эч кимим жок. Ким карап, ким багат?! - деп сот залынын оң жак капталындагы темир тордун ичинде жаш келин жалооруп ыйлап, сүйлөнүп да жатты. Кимдир бирөөнү күтүп, издегендей, кылчак- кылчак эшик тарапты карап коёт. Көксөгөн караан көрүнбөйт. "Сотуң болгон күнү келип калам" деген күйөөсүнүн сөзү кулагына жаңырып турду. Жактоочусу жашы улгайып, чачын ак аралап калган арык чырай, көз айнекчен эркек киши бет аарчысын сунуп: - Ыйлаба, өзүңдү кармачы! Мен биринчи күнү сага - СИЗОго барам. Шаардык сотко кайрылып арыз жазабыз. Үмүтүңдү үзбөй, уулуңду ойлосоң акылсыздыкка алдырбай тынч олтуруп тур,-деп эки колу кишенделип, "конвойлордун" коштоосунда солкулда ыйлап бараткан келинди сооротуп калды. - "Монашка" , сен ыйлаба. Баары жакшы болот. Беш жыл берсе ошончо олтурбайсың. Жакында амнистия, ага илинсең, ары-бери караганча чыгып кетесиң,- деп жатышты өзү менен СИЗОдон чогуу келишкен камактагылар. Алар үйрүлүп түшүп, жылуу сөздөрүн арнашкан сайын жүрөгү тилинип, бырчаланат. Көптө барып басылды. Бир эркек суу берди, бирөөсү алма сунду. Келин болсо өз эркегинин караанына зар болуп турду. Кырк мүнөттө эле кырчындай жаштыгы кыркылып, "бүгүн кайра камерага кайрылып келбейм. Сот залынан бошоп кетем" деген тилеги таш каап, улутунуп олтуруп калганына ишене албай жатты. Айланасындагыларга акырын көз чаптырды. Соту болуп, алчу жылын алгандар калгандарын күтүп отурушат. Тигине, башын төмөн салып, жедеп эскилиги жетип жешилип бүткөн батинкени бутуна сүйрөй, арыктыгынан эки бетинин сөөгү уркуюп, бери чыгып, өзү да, көздөрү да чарчаңкы эркек кирди. Жети жыл алыптыр. Кебетесинен кейигени деле билинбейт. Эми ага баары бирдей. "Биринчи жолкусу эмес окшойт" деп ойлоп койду келин аны карап. Жаштары ашып кетсе 14-15тердеги эки өспүрүм эч нерседен бейкапар, каткырып күлүп, сөздөрү түгөнбөй жатты. Болбосо, жашы жете электердин колониясына үч жылга кесилип келишти. "Чөнтөкчүлүк" менен жан баккан балдар экен. Жаштайынан түрмөнүн тузун татып калышса, келечекте булардан кандай адам калыптанат? ! Жанындагы аялдын соту болуп жаткан окшойт, ал жок. Дембе-дем тамеки тартып, ары-бери басып, ойлонуп жатты эле. "Байкуштун ансыз деле нерви жукарып, калчылдап калыптыр. Азыраак эле жыл беришсе экен" деп чоочун аялга боору ачып турду. Кечки бештерде баарын катарга тизип, түрмөдөгүлөрдү ташыган "автозек" деп аталчу машинага санап киргизишип, кайра артка алып жөнөштү. Ары- бери өткөн троллейбустун үнүн тыңшап, эркиндикти эңсеп күн кечирип, таң атырган камакка кайра барарын ойлогондо… Камерага кирери менен төртөө төрт жактан суроолуу тиктей, келинди карап калышты.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Ноябрь 2013 - 20:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

- Канча алсаң да, кайгырба. Бети-колуңду жууп келип тамактан. Бүгүн түрмөнүн "баландасы" эмес. Мага үйдөн тамак-аш киргизишти, - деди жашыл көйнөкчөн, жашы кырктын кырына келип калган, сулуучумак келин. Араң эле карманып турган окшойт. Бакырып коё берди: - Келбей койбодубу, ал! "Эч коркпо,чыгарып кетем. Эмчектеги балам бар десең, аял кишиге аз жыл берет. Мен камалып кетсем, он жылсыз чыкпайм. Силердин күнүңөр эмне болот?!" деген үчүн ишенгем ага. Алдап кеттиби?! Кантип эле?! Үйлөнгөндөн кийин билдим ал адатын. Бир күнү болбосо, бир күнү колго түшөсүң, койсоңчу, дегенимди укпай койбодубу! - темир керебетке бүк түштү. - Ооруп калгандыр, же дагы?.. Ким билет эмне болгонун? Балким, келип калаар?.. Болдучу эми, эртең башың ооруп калат, - деп далысынан таптай сылай жанында отурду тигил келин. - Ай, сенин эле кайгың болсо да эмне болуптурсуң! Меники сеникинен ашып-ташып айламды таппай отурам. Карыганда капысынан киши өлтүрүп камакта отуруп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Уңулдабай үнүңдү өчүрчү! - деди төрдөгү тордолгон терезени ойлуу тиктеп турган аял. Атайын эле катуу айтты, басылсын деди. Ичинен аяп эле турган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   kanat4ik   14 Ноябрь 2013 - 20:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эки айдан кийин жазган арызы боюнча иши кайра шаардык соттон каралып, беш жылын күчүндө калтырып коюшту. Күйөөсүнө каршы эч нерсе айта алган жок. Нике күбөлүгү жок болгон соң, ортобузда балабыз бар дегени эле болбосо, мыйзам жүзүндө "күйөө деле" болбойт экен. Жактоочусу: "Үйүңө бардым. Уулуңду күйөөң жакшынакай эле багып жатыптыр. Ал жагынан камсанаба. Болгону эле сени үмүткөр кылбай ачык айтайын, аныңдын башка аялы бар, жашашат экен. Менин да сендей кызым бар, аталык кеңешим: жашооңдо бир жаңылып, жаза бастың. Бул сага сабак гана болсун. "Түрмөнү көрүп калган аял менен кантип жашамак элем. Чыгарып алганга акчам да жок" деп койду барсам. Күйөөңдү күтпө. Мындан аркысын өзүң гана таразалап чечээрсиң. Мен болгон аракетимди жасадым. Нааразы болбо. Беш жыл эң төмөнкүсү" деп кош айтышты. Ичинен аябай ыраазы болуп калды. Бир тыйын албай жактап берди, ал тургай эки жолу чай- чамек, таттуу көтөрүнүп келген. Артынан издеп келген эч кимиси болбосо, абакта кыйын эле экенин түшүндү. "Мал уурдаган" деген айып менен келгени үчүн кээ бирөөлөр тамашалай, күлүп жүрүштү. Чүнчүп, жүдөп, баласын эстеген сайын эт жүрөгү эзилип, башын боз дубалга коюп-коюп алгысы келип жан айласын таппай кетет. Алаксыйын деп тигүүчү цехте да иштеди. Күчүн түнкүсүн көз жашынан, күндүзү тамекиден чыгарат. Башында ызаланып, кекенип, жектеп жүрүп көнүп да кетти. Бир кездеги кой көздөрүнөн нур өчүп, кызыл жүзү кубарып, тез эле карый түштү. Мүнөзү да өзгөрдү. Анча-мынча сөздү көтөрө албай урушчаак болуп баратты. Күлкү дегенди унутту. Жалгыз басып, жалгыз туруп, ой-кыялы менен гана жашап калды. Убакыт өтүп, мунапыска илинип үч жылдан кийин бошонуп чыкты. Корунуп, коркуп, элтең-элтең этип эки жагын каранган, үстүндө өңү өчөйүн деп калган көгүш көйнөкчөн келин бир кездеги өзү жашаган үйүнө кеч күүгүмдө жашыруун келди. Көрүп эле тааныды. Көздөрү жайнай түшүп, ууртуна жылмаюу уялай, кучагын жая обдула барып токтоду. Жүрөгү "түрс-түрс" этип, кабынан чыга каччудай кагып жатты. - Апо-ов!- деген бойтойгон төрт жаштагы наристе чоочун келинди этектен кармай эркелеп, эшиктин алдында ойноп жүрүптүр. Көздөрүнөн жаш сызыла, тигиле тиктеп: - Мен кайрылам, качандыр бир убакта… Балакайым менин! - деп жалынып, утур-утур уурдана карап туруп караңгыга карааны сиңип жок болду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Kausara   14 Ноябрь 2013 - 23:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 143
  • Катталган: 23 Март 13
  • Соңку аракети: 16 Авг 2014 19:00
  • Жынысы:Аялзаты

анан? уландысы барбы?
Баарыбыз бактылуу болгонго акылуубуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Maxabat81   15 Ноябрь 2013 - 20:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 12 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Июн 2014 01:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

кана калганы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   baku24   17 Ноябрь 2013 - 17:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 433
  • Катталган: 16 Январь 12
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 10:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

чийки эт жегендей кылбай улантып кой эми
Турмуш- бул чоон мектеп!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Kg.lady   17 Ноябрь 2013 - 23:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

:treaten: Аягы жок темалар кобойуп эле барататда... Кана эми калганы,устокко- босток тема ача бербей, баштаганынарды бутурсонорчу бай болгурлар!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Lumia-800   18 Ноябрь 2013 - 01:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 620
  • Катталган: 30 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Мар 2017 18:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жакшы адамдардын арасында...

Башка тема ачканы кеткен окшойтго....башка болумдон издейлиби ыя сени Канатчик?
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   musulmanin   18 Ноябрь 2013 - 01:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 533
  • Катталган: 29 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 19 Фев 2022 16:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Bul kaidan alat eken e
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   tynara81   18 Ноябрь 2013 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 027
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 07 Авг 2021 07:37
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Москва

Бул чыгарманы дагы бир жерден окудум эле, кайдан экени эсимде жок. Окуя ушул жеринен эле токтогон, аягы ушундай окшойт го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Marks   21 Ноябрь 2013 - 15:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 77
  • Катталган: 19 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2020 22:37

Окуп буткучокту журогум ооруп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   kanat4ik   22 Ноябрь 2013 - 01:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Болсо жазып коймокмун, бутту аягы ушул!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Leo.   29 Ноябрь 2014 - 17:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 628
  • Катталган: 16 Апрель 14
  • Соңку аракети: 20 Май 2018 21:59

Uwintip ele butup kalaby??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Altyn10076   30 Ноябрь 2014 - 14:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 105
  • Катталган: 01 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 16:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:нарын

Ошонтип койуп Бишкекти коздой сапар алды жолду катар козунон жаш куюлуп бараты аны сезкен да жок жанын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   belka   30 Ноябрь 2014 - 18:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

:эреже: :гезит:
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Nariste...12   30 Ноябрь 2014 - 20:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 794
  • Катталган: 01 Июль 14
  • Соңку аракети: 04 Сен 2021 22:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Ушундай чыгармаларды окуусам, озумду кармана албай муунум бошоп, козум жашка айланат. Жакшы чыгарма экен. Кыска нуска дегендей.
Азаматсын Канатчик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   klarisa   04 Май 2017 - 16:55

  • Карапайым
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 100
  • Катталган: 25 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 12 Мар 2025 12:19
  • Жынысы:Аялзаты

Аиий эмгиче жазыбаган. Аягы окшойт? Калганын өзүнлр чечим сыгаргыла деген сыяктуу бүтүрүптүр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Aikosh001   21 Апрель 2020 - 16:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 21
  • Катталган: 14 Апрель 20
  • Соңку аракети: 03 Июл 2021 23:48
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Жашыл калаалуу мекен

Эхх жашоо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   XATSAN125   24 Ноябрь 2020 - 10:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 663
  • Катталган: 27 Ноябрь 18
  • Соңку аракети: 12 Дек 2024 21:23
  • Жынысы:Эркек

Автоооор
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   love_story   26 Ноябрь 2020 - 12:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 262
  • Катталган: 22 Ноябрь 16
  • Соңку аракети: 02 Дек 2023 02:47
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Асманда *)

Темасы эле журокту оорутту.
Бироонун жашоосу бизге тунгуюк экен.
Эжемдин жашоосун сырттан коргон биз тогорогу топ келишкен уй убуло деп ойлогонбуз.
Ар дайым кулуп жайнап, жаркылдап оозунан ширин соз тушпогон эжемдин ардында эки боласы , бири болсо 1 класс , кичинекейи эмчектен сут эмген бойдон кала берди.
Кантип бул дуйно менен кош айтышты? озуно озу кол салып суицид дейин десек артындагы кок ала болгон издер эмнени далилдейт? Асынып олсо жан чыкканга чейин коз чыгып тусу бир абал болмокта... бир сырдуу олум журокту ооруткан.
Экспертиза кылайын десек кичинекей эки баланын кийинки тагдырын ойлоп , журоктон кан аккан бойдон тим калдык...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 03:17

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: