Суперстан: "Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. Райханга азап тартуулаган сүйүү.

#341 Пользователь офлайн   Агата Кристи   20 Ноябрь 2013 - 10:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Караңгы түн. Жалгыз караан ай менен сырдашып түн жамынып отурду. Бирде алды жагына максатсыз тигилсе, бирде кимдедир өчү бардай кектүү ызырынат. Хандын элеси көз алдынан бир өчүп бир жанып жатты.
Өзүнө барып болгон ишти укпаса жаны жай алчудай эмес. Жигит ордунан турду да кайдадыр бет алды басып жөнөдү. Хан үчүн түн менен күндүн айырмасы жок экенин беш колундай билет. Азыр барып жолукпаса болчудай эмес. Көкүрөгү ачышып Хандын жашыруун үйүнө кантип жеткенин билбей калды. Бул үйдү ишенимдүү саналуу гана адам билер эле.
Кыз уйкусунан селт ойгонуп кетти. Кимдир бирөөнүн сүйлөшүп жатканын кулагы чала салды. Уйкусунан ойгоно элек жатып Хандын ордун сыйпалады. Жок экен. Хан менен жашаганына бир нече убакыт өтсө да анын түн ичинде иштегенине көнө албай койду. Бүрүшүп эки тизесин кучактап отуруп калды. Канчалык күтсө да келген жок. Айласы кеткенде ордунан туруп Хандын кабинетин көздөй басты. Эшиктен шыкаалай берди. Кимдир бирөө Хан менен сүйлөшүп жаткан экен. Таңгала түштү. Анткени Ханга эч качан кол алдындагылар катуу сүйлөй алышчу эмес. Эрксизден кулак төшөй берди.
-Эмне үчүн убадаңды аткарган жоксуң? Мен сага ишенбедим беле. Сен үчүн канча жыл темир тордун артында отурдум.Кимдин айынан? Ким үчүн? Мен сенин териңди сактап калуу үчүн баарын мойнума алып кете бербедим беле. Бир гана суранычым, карыган апамды аялымды кичинекей баламды бирөөнүн көзүн каратпай асырап ал дегем. Келсем балам да аялым көчөдө калышыптыр. Түшүнүп жатасыңбы сенин айыңдан көчөдө калыптыр. А апам ... апам байкуш менин күйүтүмөн эбак эле өлүп тынганын уккам. Менин жарым өмүрүмдү кыскартканың аз келгенсип аларга да жардам бербепсиң. Көзүңө тике карап жооп берчи...
Кыздын бүткөн бою ичиркене түшүп, артка чегине берди. Бирок биротоло кетип кала албады. Буттарын бирөө тушап койгонсуп тигилерден көзүн айырбай тура берди.Сүйлөп жаткан жигиттин көзүндөгү каар толгон жек көрүү бар эле. Хан үн каткан жок. Кабак алдынан кайдадыр башка жакка тигилип, тигинин күйүп-бышып жаткан сөздөрүн угуп же укпай жатканы билинбейт. Атүгүл "эмне кылып аласың?" дегендей, текебер карап отура берди. Тигил жигит ызалуу бурулду.
- Демек, сен өз билгениңдей гана иш кылат экенсиң го. Кудайдын баласы болсоң да сенден келгенди көрдүм. Эми экөөбүз эки айрылыш жерден кезигебиз.
- Сөзүң бүттүбү?- деди Хан кыска гана.
- Сен бул ишиң үчүн өкүнүп каласың, Хан.
- Жигиттер сени узатып коюшат.
Тигил жигит кекене бир карап алып чыгып кетти. Алия бул учурда боюн жашырып калганга үлгүргөн эле. Тиги жигитти чыгып кетти. Кыздын денеси титиреп чыкты. Алдында өзү билген, өзү сүйгөн Хан эмес, таптакыр муздак башка адам отургандай эле. Бөлмөсүнө кирип да жаны жай албай өз алдынча тырпырай берди. "Качан бүтөт? Бул нерсе качан бүтөт?"
- Эмне "качан бүтөт?" деп эле жатасың?
Артынан чыккан үндөн денеси дүрүлдөп кетти. Бурулбай туруп Хандын көз карашы желкесинен өтүп турганын сезди.
- Жөн эле, өзүмчө...
- Кана, мени карачы?!
Хан кыздын ээгинен тартып өзүн көздөй карата берди. Капкара мөлтүр көздөр өзүнө суроолуу тигилип турган эле. Кыздын көздөрүнөн коркунучту окуду.
– Чыныңды айтчы, бир нерсе болдубу?
– Сен неге убадаңды аткарган жоксуң?
- Кайсы убадамды?
- Тигил жигитке берген... Жок дегенде үйбүлөсүнө каралашып койсоң болот эле го.
- Сен аны кайдан уктуң? Деги эле мага мындай суроо бергенге, менин ишиме кийлигишкенге укук бердим беле сага?
- Мен... мен...
- Дагы бир жолу эскертем, сен менин ишиме кийлигишчү болбо мындан ары.
Хан жини келе эшикке бет алды. Кыз керебетке жүзтөмөндөп түштү. "Чын эле мен киммин буга? Утурумдук көңүл ачуучу оюнчукмунбу? Жок, жок, андай болушу мүмкүн эмес. Мен аны кандай сүйсөм, ал дагы мени ошондай сүйөт". Кыз ушул сөздөрдү кайталай берди. Демине дем кошчудай ушул ишеничтен айрылса эле аалам аңтарылып кетчүдөй.Заңгыраган чоң үйдө эмне кылаарын билбей басып жүргөн Алия эшикке багыт алды.Алдын тозо берген эңгезердей жигит акырын гана эскертти.
- Кожоюндун уруксатысыз бул үйдөн эч кимге чыкканга болбойт.
Томсоргон жигиттин үрөйүнөн жийиркенгендей Алия тез жүзүн буруп кетти. Деги ушу тажатып бүттү. Ар дайым жанында, чарбакка чыкса да, үйгө кирсе да көлөкөдөй аңдыйт да турат. Хан менен болгон учурда гана ушул адамдын коркунучтуу көздөрүнөн кутула алат. Башка учурда кызды кайтарганы кайтарган. Ал тургай кийинки кездерде түшүндө да ушунун көзү ээрчип алчу болду. Кыз көкүрөгүн кере үшкүрүп алды. Өзүнөн-өзү кыйналып бүттү. Эркин өскөн жаны Хандын темирдей бекем тартибинен, анын жигиттеринин кайтаруусунан тажады. Көкүрөгү эркиндикти самачу болду.Акыры бир күнү жанагы жигиттин көзүн жазгырып кетти.
Абиш кирип келип, терезеде ары карап турган тааныш караанды көзү чалды. Алия! Чын эле өзүбү же көзүнө көрүнүп жатабы? Аттап-буттап жетип барып ийинден ала өзүнө каратты. Жигиттин көзү жайнап кетти. Ушул учурда гана кусага батып жүргөнүн, жашоосунда ушул жан өзүнө абадай, суудай керек экенин сезе койду.
- Сенби? Алия…
- Мен! Мен келдим, Абиш.
- Кандайсың? Иштер кандай?
- Жакшы.
- Өңүңдөн азып кетиптирсиң го...
Алия муңайым гана күлүмсүрөп койду.
- Мени койчу, өзүңдө эмне жаңылык? Иштер кандай?
- Сенин жогуң абдан билинип жатат, Алия. Кээде сенин кабинетиңе кирип жөн гана отуруп калам. Ал жакта сенин жытың калгандай.
– Абиш...
Кыз андан аркы айтылчу сөздөн коркуп кеткендей жигиттин сөзүн бөлүп жиберди. Абиш унчукпай калды. Кантсин, жүрөгү ушул сөздөрдү айткысы келип жатса. Бирок, өзүн тез колго алып, башка сөзгө өттү.
- Сен эч нерседен кабатыр болбо. Фирма мурункудай эле сенин наамыңда. Эч кимге сенин кеткениң тууралуу айткан жокмун.
- Мен ал тууралуу деле ойлобоптурмун.
Кыз шалдырай отуруп калды. Колунан жаштыгын түшүрүп алып, мүңкүрөп отуруп калган адамга окшоп кетти. Абиш чөгөлөй калды.
- Алия, кийин баары өз жайына келет. Ишенип койчу мага... -
Кыз эрдин тиштене берди.Көзү жашылдана түштү. Үстүндөгү жүктүн оордугунан ийиндери майышып тургандай шалдырады. .
-Абиш, кыйналып кеттим мен...
-Айтчы , канткенде мен сага жардам бере алам?
Алия бурула берип Абиштин көкүрөгүнө бой таштады. Ыйлап жиберди. Канчадан берки жыйылган бугун ушуну менен чыгарчудай көпкө буулугуп ыйлады. Көптөн кийин гана энтиге муңканып токтоду.
-Кел, суу ич.
-Рахмат. Эс алып калдым. Абиш, кандай гана жакшы адамсың. Сенин жаныңдан гана өзүмдү эркин сезем. Болбосо капаска камалган чымчыктай болуп, жаным кыйналып... Мына сенин жаныңа келдим эле кичине эс алып калдым.
Кыз муңайым күлүмсүрөдү. Абиштин ичи тызылдап кетти. "Алия, ай Алиям ай, менин жанымдан өмүр бою чыкпасыңды кандай гана каалайт элем." Жигиттин күйгөн көздөрү тек ушуларды ичинен айтып турду. Сыртынан токтоо үн катты.
– Баары жакшы болот. Алия, турмушта бардык нерсе болот. Баарына даяр болушуң керек. Сендей күчтүү адамдар баарын жеңе алат. Мен сенин майтарылбасыңа ишенем. Билесиңби, сенде эч кимде жок бир касиет бар. Аны эч ким жеңе албайт.
" Абиш, андай адам бар. Ал мени жеңди. Анын көз карашынын алдында, ар дайым алсыз экенимди билген болсоң." деп жатты кыздын көздөрү.Ордунан туруп кетүүгө камынды.
-Кетесиңби?
-Кетейин Абиш,
-Макул, өзүңдү сакта...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#342 Пользователь офлайн   Gupa   20 Ноябрь 2013 - 11:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 087
  • Катталган: 10 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Дек 2021 14:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:БИШКЕК - Ош

Кызыктуу сериал көрүп жатсаңыздар, ортосунан улам-улам эле жарнама бере берсе сериалдын да кызыгы кетет. Кийинки окурмандарга ыңгайсыздык жаратпай, теманы булгай бербей, сын-пикирлериңиздер болсо атайын темаларга (же бул жакка) жазыңыздар. Чыгарманын көлөмү чоң болгондуктан, автор убактысына карап аракет кылып жатат. Туура түшүнүңүздөр. Сураныч...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#343 Пользователь офлайн   Агата Кристи   21 Ноябрь 2013 - 10:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Эркелете караган көздөр анын артынан көпкө узата карап турду.
- Аман бол, жарыгым!-деди жигиттин калтыраган эриндери эшик жабылган соң.
Бул учурда Алиянын жок экенин билинип калып кыйсыпыр түшүп жатышкан.
- Кайда ал? Кантип колуңардан чыгардыңар?
Жаалдана бакырган Хан жигиттерин жеп жиберчүдөй карады. Азыр эркинде болсо баарын кырып таштачудай. Үн каткандан коркуп туруп беришти. Ооба, күнөөлөрү өздөрүндө эле. Анткени бул жолу эки жигитке Алиянын артынан көзөмөлдөө буюрулган. Ал эми эң ишенимдүү Тумар деген адамын башка иштер менен жиберген. Минтип "алдыраарда жаздыраар " деп эки жигит карап туруп эле Алия кантип чыгып кеткенин билбей калды. Эми минтип күнөөлү болуп шефинин алдында турат.
-Тез, тезирээк мага Алияны таап келгиле. Эки саат болуптур анын кеткенине.
-Ошондон бери издеп...
Жигиттеринин бири ооз ачайын деп бара жатып Хандын каардуу көз карашын көрүп жаагы жап болду.
-Макул.
Чыга жөнөштү. Хан ачуусун токтото албай титирей берди.
"Кайда ал? Кайда кеткен? Бул кыз мени курута турган болду. Тиги жакта Жорунун жигиттери жортуп жүрөт. Менин аялуу жеримди кармай албай жатышат. Ошонун баарын кантип ага түшүндүрөм? Кантип? Эселек десе..." Каары жүзүнөн төгүлүп, эмне кылаар айласын тапай жатты. Бир отура калып, бир тура калып, тамеки үстүнөнө тамеки тартып жанын койгонго жер таба албай турду. Ооба, каары менен баарын коркуткан Хандын жүрөгүн аптыктырган коркунуч да сүйүү эле. Алиянын ушу боюнча көрбөй калуу коркунучу жанын кыйнап, бир чети буйругу эч качан аткарылбай калбаган жини кычап турду.
Караңгы түндө жалгыз караан кетип бара жатты.Тагдыры менен таймашчудай бет алды жагын тикчие карап келе жаткан бул Алия эле. Хандын жоктугунан, жана өзүнөн көзүн албаган Тумардан кутулганынан пайдаланып, уурданып чыгып Абишке жолугуп анан үйүнө барган. Ээн турган үйүнө отура албай кайрадан атасынын көрүстөнүнө барган эле. Мына, ушинтип кайрадан Хандын үйүнө бет алды. "Кайда барам? Хансыз жашоого болобу? Аны көрбөй кантип жашай алам? Антейин десем өзүм кыйналып баратам? Деги ал бул тууралуу билер бекен? Мен баарына кечип ушу кадамга барганымды билээр бекен?" Ушу ойлор терметип бара жатты.
Хан эшиктен кирген Алияны көрүп деми буула түштү.
Бир эсе сүйүнсө, бир эсе кызганыч жанын кыйнап, кантип утурлап чыга калганын билбей калды.
-Кайда жүрөсүң?
Ханды көрүп кучагын жая умтула берген кыз томсоруп токтоду.Шарт бурула берип өз бөлмөсүнө басты.
-Жооп бер деп жатам! Кайда жүрөсүң?
Кыздын колдон ал берген Хан анын көзүндөгү кашкөй каршылыкты көрүп токтоло түштү.
-Кыйкырба мага! Мен сенин алдыңдагы жигитериң эмесмин.
Тиги карап турган жигиттерге да назар салып койбостон колун булка бошотуп алган кыз өз бөлмөсүнө адымдады.
Эч ким эч качан Ханга каршылык кылып, минтип эл алдында шагын сындырган эмес эле. Болгондо да өз кол алдында иштеген адамдардын алдында... Ачуусу башына тээп чыккан Хан Алиянын бөлмөсүнө жулкуна кирди да колдон алды.
-Мени карачы, эмне дедиң?
-Мен сенин күңүң эмесмин. Кайда барсам, эмне кылсам өзүм билем.
-Ошондой дечи...
-Ошондой.
Кыз башын бийик көтөрүп, коркпосто тайманбай тигилди.
-Мына сага ! Мына!
Ар дайым өзүн кармай билген Хан бул жолу кармана албады. Жаактан ары кызды тартып жиберди. Мындайды күтпөгөн кыз учуп түштү.Көзүнө от чагыла берген Алия алгач эмне болуп кеткенин түшүнбөй турду.
-Бул эмнең ыя?
Кыз эрдин арчый берди. Канап кеткен экен.
-Бул эмнең?
-Мындан ары мени укпай турган болсоң ушундай болот. Эки кулагыңды тең ачып туруп түйүп ал, Бул үйдө бир гана мен буйрук кылам. Калгандар угушат. Эгер ал шартты бузгандарга. ..
Оо Кудай, бул эмнеси? Кече эле алаканына салып бөпөлөп турган адам минтип тез аранын ичинде эле жырткычка айланып кеткенин түшүнө албай турду жалгыз калган кыз. керебетине эптеп жетип сунала түштү. Негедир ыйлай албады. Көкүрөгүндө тек гана ыза кайнап, ал ыза көкүрөгүндөгү жылуу сезимдин баарын өчүрүп бара жатканын туйду.
-Жок, мындай болбош керек эле. Кантип? Эмнеге?Мындан ары эмне болот? ушинтип эле тез сүйүүбүз өчүп калабы?
"Кетем" деди оюнда." Ха, баарына көзүн жуумп ээрчип кетпедим беле? Эми кайда барам?" деди кайра өз оюна каршы чыгып. Күбүрөгөн кыз сансыз суроолоруна жооп таба албай куду канаты жулунган чымчыктай алсыз жата берди.
Ушундай абалга туш болду Алия. Жүрөгүндөгү жалындаган сүйүү аны кое бербей, ал эми акыл туюму, Хандын ташбоорлугу, мыкаачылыгы, өзүн да өзгөнү да аябаган катуулугу менен келише албай жан дүйнөсү кыйнала берди. Куду күндөн күнгө өңү өчүп келе жаткан гүлгө окшоп соолуп бара жатты. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#344 Пользователь офлайн   bai.kymbat   21 Ноябрь 2013 - 11:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

CАламатсызбы Нуржамал Жийдебаева? Мен сизге бир суроо бергим келип турат, бул суроо мага эле эмес, окурмандардын баарына кызык болуш керек. ЭМНЕГЕ??? ЧЫГАРМАНЫ АЗДАН ЭЛЕ ЖАЗЫП АТАСЫЗ?, бая кундору убактым болбой турат куто тургула дединиз унчукпай куттук, бул жума кобууроок жазабы десек мында деле аз. Соз аягында айтарым ушунча окурмандарды сыйласаныз, бир убакыт таап толук чыгарманы жазып койот деп ишенемин! Антпесе чыгарманын кызыгын кетирип аласыз ......
келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#345 Пользователь офлайн   Агата Кристи   21 Ноябрь 2013 - 13:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Мен мурунку архивтен тактап айтканда гезиттен таап чыгып кайра басып аткандыктан убактыма жараша азыраак болуп калып атат.Муну тушунуу менен кабыл аласыздар деп ойлойм, убактым азыр такыр тартыш болуп жатса да бир кундо бир аз болсо да тергенге аракет кылып атам..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#346 Пользователь офлайн   Negr   21 Ноябрь 2013 - 13:03

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 309
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Янв 2014 03:22
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Африка

Ejege menda e4 tuwunbodum. Arxivde daiyar turgan 4ygarmany ko4urup bul jaka ilip koiuw kyiynby?Maximum 15 min ubakyt ketet go.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#347 Пользователь офлайн   zina29   21 Ноябрь 2013 - 13:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Да кообуроктон жазсаныз болмок чын эле чыгарманын кызыгы кетип калат экен,


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#348 Пользователь офлайн   sanzhar83   21 Ноябрь 2013 - 15:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 227
  • Катталган: 09 Май 13
  • Соңку аракети: 12 Фев 2019 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва

мен дагы силерге кошулам чыгарманын кызыгы кетип баратат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#349 Пользователь офлайн   Argymak007   21 Ноябрь 2013 - 16:32

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 791
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Мар 2014 16:33
  • Жынысы:Эркек

Окурмандар, күтткүңөр келбесе, бул теманы унута тургула дейт әлем азырынча. Әгерде кызыктуу чыгарма окуйм десеңер.

Чыгарманын аягы деген жазууну окугандан кийин, баш әтек окуп койгула.
Азырынча бүткөн чыгармадан бирди таап окуп тургула, автор да тынчыраак жазып бүтүрүп алсын. Болбосо окугуңар келбесе, токтот деп айтып койгула да, кызыгы кетип жатат дей бербей.

Кызыгы кеткен чыгарманы окуганда әмне пайда.?

Билдирүүнү түзөткөн: Argymak007: 21 Ноябрь 2013 - 16:35

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#350 Пользователь офлайн   Агата Кристи   21 Ноябрь 2013 - 18:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Мен жакшылап тушундурдум эле.Менде даяр ворд вариянтым жок, улам таап, гезиттен терип жатам.Бирок эч ким кулак салгысы жок, заман озгоруп кеткенби болбосо тушунуктуу эле жаздым эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#351 Пользователь офлайн   mega777   21 Ноябрь 2013 - 18:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Просмотр сообщения Агата Кристи (21 Ноябрь 2013 - 18:20) жазган:

Мен жакшылап тушундурдум эле.Менде даяр ворд вариянтым жок, улам таап, гезиттен терип жатам.Бирок эч ким кулак салгысы жок, заман озгоруп кеткенби болбосо тушунуктуу эле жаздым эле.


Саламатсызбы урматтуу автор.Сөздүн мааниси суйлөй билген адамга жараша болот го деп ойлойм,дегеним Сиздин чыгармаңыздын биринчи бөлүгүн ээрикпей күнү-түнү жазып,айрым окурмандарга чыгарманын бетин ачып,сүйүндүруп сүрдүктүрүп кызыктырган Клара айым болду. Бөлүп бөлүп бир аз күттүрүп жазса да уландысын күтүп саргарып отуруп окучубуз,анан ушуну жазган авторго рахмат деп раазычылык билдирип.Албетте китептен көчүрүп жазганы талашсыз.Сизде даяр вариянты жок болсо анда баштабай турбапсыз толуктаганга чейин.Окурмандардын талабы же сын-пикири жазуучу үчүн зыяны деле болбосо керек деп ойлойм.Сиз эмес мен сүйүнүп отурам ушундай кызыктуу,адамдардын окугусу келген чыгарма жазганыңыз үчүн.Эжеке бул форумда ар ким оз ойун айтууга толук акысы бар,заманды заман кылган адам эмеспи.Сизге ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#352 Пользователь офлайн   bai.kymbat   21 Ноябрь 2013 - 20:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

Просмотр сообщения mega777 (21 Ноябрь 2013 - 18:44) жазган:

Саламатсызбы урматтуу автор.Сөздүн мааниси суйлөй билген адамга жараша болот го деп ойлойм,дегеним Сиздин чыгармаңыздын биринчи бөлүгүн ээрикпей күнү-түнү жазып,айрым окурмандарга чыгарманын бетин ачып,сүйүндүруп сүрдүктүрүп кызыктырган Клара айым болду. Бөлүп бөлүп бир аз күттүрүп жазса да уландысын күтүп саргарып отуруп окучубуз,анан ушуну жазган авторго рахмат деп раазычылык билдирип.Албетте китептен көчүрүп жазганы талашсыз.Сизде даяр вариянты жок болсо анда баштабай турбапсыз толуктаганга чейин.Окурмандардын талабы же сын-пикири жазуучу үчүн зыяны деле болбосо керек деп ойлойм.Сиз эмес мен сүйүнүп отурам ушундай кызыктуу,адамдардын окугусу келген чыгарма жазганыңыз үчүн.Эжеке бул форумда ар ким оз ойун айтууга толук акысы бар,заманды заман кылган адам эмеспи.Сизге ийгилик.


сизге толук кошулам
келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#353 Пользователь офлайн   VIK   21 Ноябрь 2013 - 20:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 30 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Янв 2022 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Торт тоонун ортосу...:-)

Эми күндө кирип сериал көрүп чыга беребиз да. "Тагдыр оюнуна" окшоп бир жума күтбөй.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#354 Пользователь офлайн   Lusi   21 Ноябрь 2013 - 21:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 73
  • Катталган: 07 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 31 Дек 2020 20:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

bai.kymbat мен сизге толугу м-н кошулам,бул деген окурмандарды сыйлабастык болуп калабы деп ойлоп жатам мен дагы,себеби биз окурмандар кечке зарыгып кутобуз,анан эле 2 мин окуп коюп дагы кечке кутмой баштадынызбы кичине окурмандардын конулу толгудай кылып жазсаныз абдан ыраазы болмокпуз тушунуу м-н кабыл алат д-н ойдомун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#355 Пользователь офлайн   Ханбийке   22 Ноябрь 2013 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения mega777 (21 Ноябрь 2013 - 18:44) жазган:

Саламатсызбы урматтуу автор.Сөздүн мааниси суйлөй билген адамга жараша болот го деп ойлойм,дегеним Сиздин чыгармаңыздын биринчи бөлүгүн ээрикпей күнү-түнү жазып,айрым окурмандарга чыгарманын бетин ачып,сүйүндүруп сүрдүктүрүп кызыктырган Клара айым болду. Бөлүп бөлүп бир аз күттүрүп жазса да уландысын күтүп саргарып отуруп окучубуз,анан ушуну жазган авторго рахмат деп раазычылык билдирип.Албетте китептен көчүрүп жазганы талашсыз.Сизде даяр вариянты жок болсо анда баштабай турбапсыз толуктаганга чейин.Окурмандардын талабы же сын-пикири жазуучу үчүн зыяны деле болбосо керек деп ойлойм.Сиз эмес мен сүйүнүп отурам ушундай кызыктуу,адамдардын окугусу келген чыгарма жазганыңыз үчүн.Эжеке бул форумда ар ким оз ойун айтууга толук акысы бар,заманды заман кылган адам эмеспи.Сизге ийгилик.

Мега эжекем туура айтат :достор:
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#356 Пользователь офлайн   Агата Кристи   22 Ноябрь 2013 - 09:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Алиядагы мындай өзгөрүүнү иштери менен алаксыган Хан байкабады. Алия анын жүрөгүндөгү дымып жаткан отту тутантканы менен, ал көнүп калган жашоосун өзгөртө албайт болчу. Ар дайым жеңип көнгөн жаны Алиянын сүйүүсүн сүйүү катары кабыл алган жок. Кезектеги жеңишим деп эсептеди. Бул жашоо канчага чейин созулат эле ким билет, бир окуя болбогондо. ..
– Алия, бүгүн кечкиге даяр болуп тур. Бир маанилүү жерге барабыз. -деди Хан.
-Мен барбайм!
“Буга эмне болду?” дегендей кашын серпкен Хан кыздын өңүнө абайлай карады. Көздөрү алайып, купкуу болуп кеткен экен. Жүрөгү “тыз” дей түштү. Жанына барып аяр гана ээгинен көтөрдү. Кыздын жалындаган көздөрүнүн оту өчкөн. Суз гана тигиле берди.
-Сага эмне болгон? Эмнеге ушундай абалга жеттиң?
-...
-Сен ушуга даяр болушуң керек эле. Менин жашоом чытырман токойдой экенин сага башынан эле айтпадым беле. Мени менен жашоо өтө оор.
– Кое бер, мени...
Хан дирт эте түштү. Алиянын муздак үнү аны куду катуу уйкудан ойготуп жибергендей болду.
-Кайда?
-Билбейм. Бирок мен кыйналып кеттим. Думугуп күндөн күнгө аба жетпей бара жатат. Айтчы, менин жашоом түрмөдөгүдөн эмне айырмасы бар? Кайда барсам ээрчип жүрүшөт. Кайда барсам... Мен кыйналып кеттим. Менин ордум сенин жаныңда эмес көрүнөт.
-Жок, сенин ордуң менин жанымда. Сен али жашсың. А бул жашоодо эмне деген гана нерсе бар.Кичинекейим, билсең мен сени ошо таш боор, алдамчы жапайы дүйнөдөн коргоп отурам. Алия куду жинди болгон немедей каткыра жиберди
-Ушинтиппи?Ха- ха-ха...Кызык, сен мени коргоп ээ... Сен мени... Ой, боорум ай,
– Болду, эсиңе кел.
Каткырып жаткан кыз күлкүсүн шак токтото калып Ханга заардуу карады.
-Эсимде элемин, Хан. Эсимди эч качан жоготкон эмесмин. Бирок сен дагы мындан ары угуп тур. Мен сага мындан ары оюнчук боло албайм. Сен каалаганда татына кийинип, элдин алдында жасалма жылмая албайм. Силердин ыпылас чөйрөңөрдөн тажадым. Мен дагы адаммын! Өзүмдүн жашоого болгон талабым бар. Мен барбайм.
-Барасың!
Кызыдын көзүнө тиктеп туруп жайма жай гана ушуну айткан Хан чыгып кетип аздан соң кайра кирди. Алия эч кандай даярдыгы жок эле отурган экен. Чачтары таралбаган боюнча керебетинде үңкүйүп отуруптур.
-Эмне даярданган жоксуң?
-Мен барбайм!
-Барасың!
Өкүм үндөн кыз селт эте башын көтөрө берди. Көздөрүнөн каар чачыраган ал айтканына кайтпачудай.
Хан Алиянын кийимдери турган текчеге жетти да, бардыгын керебетке алып ыргытты.
-Бол, тез кийин... Жок, мен өзүм тандайм. Мына бул көгүлтүр көйнөк жакшы жарашат сага. Кайда шакектериң, иймектериң?
Хан кутучадагы көз жоосун алган шакек иймектерди карап, өзүнө жаккан эң кымбат сөйкө шуруну таап кызга сунду.
– Мына буларды тагынасың...
Кыз унчукпай карап турду да сунган көйнөктү, шакектерди алып тетири жакка ыргытты.
– Барбайм!
Бир саамга жалын чачыраган көздөргө багына түштү Хан.Мына ушу көз карашка бир көргөндө багынган эле. Өзүнүкүндөй күчтүү духту, өзүнүкүндөй майтарылбас эркти ушу адамдан гана тапкан. Эрдин кесе тиштеп, Алияны бир аяп, бир жини келип турду.
-Бүгүн барышың керек, Алия. Бул мен үчүн маанилүү нерсе...
-Болуптур, бүгүн барайын. Эми эртеңчи? Эртең эмне кылам?
Кыз мүңкүрөп отура кетти. Жакындай берген Ханды кучактап буркурап ыйлап жиберди. Жүрөгүндөгү жалынды кайда алып барарын билбей, кайрымсыз махабатына ыйлап жатты.
ххх
Эмнени ойлонуп жатасың?Билсек болобу?
Ийнине колун коюп шыңк күлгөн кыз Абишке жылмайып турду. Сыпайы күлүп сылык сүйлөгөн жагит аны эбактан бери ойлонтуп жүргөн. Кыздын көзүндөгү жылуу сезимди окуса да куду эч нерсени билбегендей бейкапар Абиш. Кээде туруп мынчалык тоң моюндугуна жини келип кетеер эле.
-Өзүмчө эле...
-Демек, ойлондурган адам бар экен да.
-Ошондой десе да болот.
-Атын билүүгө болоор бекен?
-Кажети жок.
Абиш кыздын колун ийнине акырын алды да сыпайы жылмая нары басты.
-Акмак!
Ызалана түшкөн кыз көзүнө жаш толо Абиштин арткасынан карап турду. Эч нерсе болбогондой элдин шарына аралашкан Абиштин оюнда өзүнүн Алиясы гана бар болчу. Абиш канчалык кечеге көңүл бурайын деген менен көңүлү коңултуктап, өзүнөн өзү кусалана берди. Шаңдуу кече да, көз жоосун алган кыздар да анын көңүлүн өзүнө бура алган жок. Кимдир бирөөнү күтүп жаткансып, эшиктен көзүн албай тымызын азап жеп жатты. Бир кезде эши шарт ачылып, эки жагында эки жигит коштогон кар тору бою узун адам кирип келди. Абиш аны дароо тааныды. "Бул кайдан жүрөт?" деп таң калганча артынан көптөн күткөн караанды көрүп жүрөгү дикилдей түштү. Алия! Ооба, бул узун көгүлтүр көйнөк кийип, чачы төбөсүнө жарашыктуу түйүлгөн, периштедей сулуу бийкеч анын Алиясы болчу. Абиш жүткүнө берди. Бирок Алиянын муздай жүзү аны эрксиз токтотту. Эч көзүн көтөрбөй, эч кимге баам салып тиктебей жай гана каалгый өтүп бара жаткан Алияны карап жаны кейип кетти. Кечеги эркин куштай кыз кайда? Ойноктоп жашоого, сүйүүгө тойбой турган, жашоого болгон кумары көзүнөн төгүлгөн Алия тез эле ушундай муздак жанга айланганбы?
-Алия! деди көмөкөйү катып.
Куду анын шыбырын уга койгонсуп жанатан бери көзүн көтөрбөй турган кыз жай гана айланасындагы адамдарды карап алды.Көптүн арасынан Абиш так өзүн издеп жаткандай сезилип кетти."Мен мындамын! " деп жатты жүрөгү дикилдеп.Бир кезде көзү көзүнө туштуша түштү. Алия да Абишти эми даана көрдү. Алгач селт чочуй берип анан жүзүндө кандайдыр бир жылуулук каптап өткөнсүдү. Жанатан бери суз отурган кыздагы бул өзгөрүүнү Хан да байкады.
-Сага эмне болду?
-Эч нерсе, демим кысылып кетти. Балконго чыгайын дедим эле.
Шашылып кеткен кыздын жүзү толкуп кетти. Орунан туруп жөнөгөн кыз Абиштин жанынан өтө берип "эч кимге билгизбе" дегендей эрдин тиштеп өттү. Анын артынан узата караган Хан жигитеринин бирине "артынан байка" дегендей ишарат берди. Артынан чыга берген Абиш Алиянын көрүп энтиге түштү.
-Сен кайдан?
-Хан менен келдим. Мен дагы сенин бул жерге келет деп ойлобогом. Аны койчу, жумуштагылар кандай?
-Болуп атат.
Алиянын муздак дүйнөсүнө кимдир бирөө жылуу нур чачкандай жеңилдей берди. Ушу учурда гана ал эркиндикти, өзүнүн мурунку жашоосун ушунчалык сагынганын сезди. Кылактаган бейкапар кези, куш канатындай сергилең көңүлү арта калганын дагы бир жолу байкады. Көңүлү сыздай түштү. Ошо дүйнөсында Абиш бар эле, атасы бар эле. Эми Хандын катуу чеңгелинде жалгыз өзү...
– Кана, дагы сүйлөчү...
– Мен...
Ушу учурда артынан билгизбей келип калган Ханжын жигиттерининен бири Алияны чыканактан алып, аста сүйлөндү.
- Сизге бул жерге туруу болбойт. Шамалдап каласыз...
- Сен кимсиң? Тарт колуңду...
Абиш чыдай албай умтула берди эле Алия акырын ортого түшө калды.
-Абиш, суранам киришпе. Мен өзүм...
-Алия, кантип? Сени бул туткун кылып алганбы?
х-Мен өзүм... өз эрким менен туткун болгом.
Эрди титирей түшкөн кыз тиги жигиттин алдына түшүп басып кетти. Эрксизден Хандын буйругуна көнө берди. Көнбөгөндөй айласы да жок эле...
хх
"Мен аны куткарып алышым керек. Азырак эле ал капаска турса ал өлүп калышы мүмкүн. Ал эркин жаралган адам." Уулунун бөлмөсүнө кирген апа Абиштин минтип уйкусурап сүйлөп жатканын көрүп жанына отура калды. Эненин жүрөгүнө кооп түшө калды. Кийинки кездерде Абиш өзү менен өзү болуп бара жатканын байкаган. Карындаштары менен ата -энеси менен да мурункудай сүйлөшүп отурууну унутту. Апасы Абиш менен эртең сүйлөшөм деп чечти. Эртең менен эрте туруп кадимкисинче жумушуна жөнөгөн жаткан Абишти апасы токтотуп калды.
-Балам, мага кичине убакыт бөлө аласыңбы?
-Эмне болду апа?
Абиш апасынын муңайым жүзүнө суроолуу карады.
– Мен көптөн бери сенин өзгөргөнүңдү байкап жүрөм. Билем балам, баарыбыздын башыбыздан өткөн жаштык деген сезим дегн. Бирок эч качан башын жоготпош керек. Ишенип кой, убакыт баарын дарылайт. Мен ким үчүн азап тартып жүргөнүңдү билбесем да, ал сезимиң жоопсуз экенин билем. Сенин кыйналганыңды сезип мен да жанымды коерго жер таппай жүрөм.
Абиш башын чулгуй берди.
-Апа, эгерде ал сезимди жеңгенге күчүм жетсе эбак унутмакмын. Мейли сүйүүм жүрөгүмдө кала берсин дегем. Бирок анын кыйналганын көрүп эч чыдай албайм.
-Балам, убайымдын түбү убайымга алып барат. Сен андан башка дүйнөнү унутуп койдуң. Сенин бардык күчүңдү, алтындай убактыңды алып жатат. Сенин курагыңдагылар небак үйбүлө күтүп калышты. А сен андан башканы ойлобойсуң. Мени билбейт дейсиңби?
Абиш апасына жооп берген жок. Кабак алдынан муңайым тигилди да үн катпастан эшикке бет алды. Апасынын кейиштүү көз карашын далысы менен сезип бара жатты.
ххх
-Качанкыга чейин сен Хандын көлөкөсү болуп жүрө берет элең?
-Анда эмне кылуум керек?
– Кет, кетип кал. Бул кең дүйнөдө сендик орун табылаар. Баары бир сен бул адам менен жашай албайсың.
-А сүйүүмчү?
-Сүйүү утурумдук сезим бүгүн бар да эртең жок. Ошон үчүн бүтүндөй бир өмүрүңдү кор кылмаксыңбы?
-Жок! Кантип эле ушундай болсун...
Алия өз кулагын өзү баса кыйкырып алды. Канчадан бери жан дүйнөсүндө ушундай кармаш болуп келе жатат. Баарынан өзү менен өзү күрөшкөн жаман экен. Жашоосунда мынчалык кыйноо тартып көрбөгөн. Бир кезде ордунан туруп терезеге барды. Айлана жашыл, укмуштуудай көрктүү эле. Жомоктогудай бул жерде бактылуу болом деп ойлогон эле. Аял болуп бактылуу эне болом деп ойлогон. Сүйүктүүсүнө өзүнө окшогон өткүр уул, сулуу кыз төрөп берем деген эле. Баары минтип куру кыял гана болуп кала берерин эч ойлогон эмес. Андан да Хандын башка аялдан балдары бар экенин ал учурда билбеген эле. Алия көзүн жуумп ошол күндү элестетип кирди. Хандын кабинетине өзү жокто эч ким кирчү эмес. Бир күнү зериккенинен баш баккан Алия Хандын столуна барды. Баш аламан чачылган кагаздарды көңүлкош аңтарып жатып колуна бир сүрөт илине түштү. Сүрөттө бири беш жашар бири жети жашар уул балдар өзүнө тигилип турган эле. Жүрөгү "зырп" дей түштү. Анткени сүрөттөгү балдар Хандын көчүрмөсү эле. "Кантип эле бул Хандын балдары болсун? Анда болбосо ага эмнеге ушунчалык окшош?" Капысынан келген ойлордон деми кысылып кетти. Ошо күнү кечинде эле ага баары белгилүү болгон.
- Маанайың пас го... -деп эркелете үн каткан Хан.
-Сен мага өткөн өмүрүң тууралуу айтпайм деп айткансың. Биздин турмушубузга анын кереги жок дегенсиң. Мен сенден ал тууралуу такып сураган жок элем.Эми мен сенден бир нерсе сурайын чындыкты айта аласыңбы?
- Кайсы чындыкты?
– Бул чындыкты!
Алия столдун алдында катылган сүрөттү Хандын алдына жая берди.
-Булар кимдер...
Алгач Алиянын колундагы уулдарынын сүрөтүн көрүп алып чочуп кетти. Анан өзүнүн ички дүйнөсүнө, каткан сырына асылып жаткан Алияга кыжыры келе түштү.
-Кайдан алдың?
-Хан, бул сенин ... уулдарыңбы?
Кыздын өзүнөн тигилген көздөрү чындыкты талап кылып турган эле. Эми чындыкты айтпаса болчудай эмес.Оор үшкүрө сүрөттү колуна алды.
-Ооба, бул менин уулдарым.
-Алар кайда? Эмне үчүн менден баарын жашырдың? Кантип ушунча нерсени менден жашырдың?
Кыйкырып ордунан тура калган Алияны өкүм үн токттоту.
-Отур, мен сага баарын айтып берем. Сен биринчи менден сурадың беле? Менин үйбүлөм бар экенин билгенсиң, бирок алар тууралуу сен сураган эмессиң. Ошон үчүн мен дагы айтуунун туура көрбөгөм. Анын үстүнө менин балдарым бар экенин саналуу гана адам билет. Алар менден, менин чөйрөмдөн алыс болуш үчүн эч кимге билгизгим келбейт.
-Мен билишим керек болчу. -деди кыз көшөрө.
-Туура билишиң керек болчу. Бирок билгенде деле сенин сезимиң мага өзгөрүлөт беле?
-Баары бир билишим керек эле да. Эмнеге менден жашырдың?
-Убагы келгенде айтам деп жүргөм. Анын үстүнө бул сен үчүн маанилүү деле нерсе эмес.
Алия башын чайкай берди. Тагдырын тапшырып отурган бул адам, таптакыр өзүөн чоочундай сезилди. Кантип балдары бар экенин элден жашырууга болот? Ата болуп же алардын маңдайында отурбаса... Ал эми мындан төрөлгөн өзүнүн балдарын кандай тагдыр күтүп турат? Акылынан ушу нерселерди чуурутуп өткөн Алия ошондо бир көңүлү сууган эле. Азыр ошол кечти эстегенде да ичиркенип алды. Бирок ошол эки кичине балага өзүнчө эле мээрими түшүп, аяп алган. Ушу учурда артынан кимдир бирөө карап турганын сезди. Артына кылчая өзүнө тигилип турган 30-35 жаштардагы аялды көрдү. Аял жалтак карап алды.
-Сизге мүмкүнбү?
-Кимдир бирөөдөн корккондой кысылып чыккан үнү тааныштай туюлуп кетти.
-Сиз мени тааныбайсыз. Телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз.
Алия эми гана эстеди. мындан эки -үч күн мурун дал ушу үн кезигүүнүн сунуш кылып чалган эле. Бир жерден жолугууну макулдашкан менен барган эмес. анткени хандын артынан ээрчитип койгон жигиттеринин көзүн жазгыра албай койгон.
-Ооба, мындан үч күн мурун сүйцлөшкөн элек. Бирок...
-Мен түшүнөм эмнеге келе албай калганыңызды. Ошон үчүн өзүм келдим.
-Менде кандай ишиңиз бар?
-Ишим деле жок сиңдим. Экөөбүздү бир гана иш байланыштырып турат. Мен Хандын мурдагы аялымын.
-Ошондойбу?
Экөө бирин-бири тиктеше калды. Таңкалыштуусу экөөндө тең жек көрү же күнүчүлүк жок эле. Тек гана бирин бирин аягандай карап турушту.
-Менден эмне керек сизге?
-Мен билем, хан сени өзгөчө жакшы көрөт. Ал мага кылган мамиленин бирин дагы сага кылган жок. Сенин таасириң ага өтө күчтүү экенин дагы билем. Ошон үчүн сенден суранайын дегем.
-Эмне тууралуу...
-Хандан менин башымды бошотуп, сага үйлөнүүсүн талап кыл...
Алия бирөө жаакка чапкандай селдее түштү. Бул эмне дегени? Мындай өтүнүч угам деп ойлобогон жаны аялды таңкала тиктеп турду. Аны сезген аял жанталаша шыбырап жатты.
- Суранам, ушундай кыл. Сенин өтүнүчүңдү ал четке какпасын билем.
Алия эмне деп айтаарын билбей туруп калды. Аңгыча артынан кимдир бирөөнүн шарпасы угула калганынан "селт" чочуган аял шашып кетти.
- Мени бул жактан эч ким көрбөшү керек. Жакшылап ойлон. Мен сага дагы жолугам.
Ушинтип тез сүйлөгөн аял кандай күтүүсүз пайда болсо, ошондой көздөн кайым болду. Бул Хандын аялы Гуля эле. Кезинде жалгыз гана өзүнүн карьерасы үчүн үйлөнгөндүктөнбү, аялына эч кандай жакындык сезим болгон эмес. Аялына күйөөсү катары эмес, жөн гана кожоюну катары мамиле кылаар эле. Кичинесинен бирөөнүн күчтүү колдоруна таянып жашап көнгөн Гуля Хандын бул эрежесине баш бурбай көнүп берген. Бирок, кийинки кездерде Хандын таптакыр аны менен иши болбой калганы аялдык намысын козгогон. Уулдары чоңоюп өз алдынча боло баштагандан тартып бул жашоодо өзүнүн да адамдык орду бар экенин сезе баштаган. Өз турмушунун, өз тагдырынын камы түшүп, аялдын көңүлүн бурганак кылып баштады. Бирок, Ханга ачык бир нерсе деп айтуудан корко турган. Алтургай өз башына азат суроого да батына албады. Ошентип, куулук менен бул катуу чеңгелден кутулууну пландап Алияга келген. Шалдая түшкөн Алия чарбакты айланып көпкө басып жүрдү. Аялдын келип-кетиши аны дагы бир бушайман ойго салып койду.
ххх
Хандын аялынын келгени анын кулагына бат эле жетти.
- Силер жаңылып калган жоксуңарбы? - деп эки кайталап сурады. Жигиттери экөө тең так эле Хандын аялы экенин тастыкташты. Мындайды башкадан күтсө да аялынан күтпөгөн Хан ордунан атып турду. Кабинетинде аркы-терки баса баштады. "Кызык, бул кайдан билет? Алияга жолугуп эмнени айтты экен? Дегеле эмне үчүн ал менин жашоомо кийлигишет? Мунун артында эмне бар? Экөө эмне деп сүйлөштү? Эмне кылсам? Алардын жолукканын укканымды эч кимге билгизбей эле арты кандай болот байкасамбы? " Алгачкы таңкалуусу эми кыжырга айланды. Кайрадан акыл токтотуп, бул окуянын акырын күтмөй болду. Ошол күнү дароо эле аялынын үйүнө жөнөдү. Эшикти ача берген Гуля алдында өзүн сынай тиктеп турган күйөөсүн көрдү.
- Кандайсың?
Хандын үнү кекээрлүү чыкты. Башына кимдир бирөө суу куюп жибергендей бул каардуу көз караштын алдында титиреп туруп берди аял.
- Балдар кайда?
- Ойноп жүрүшөт.
Экөөнүн ортосундагы сөз ушуну менен түгөнгөндөй унчукпай калышты. Хандын көзү аялынын тулку-боюна түштү. Негедир денеси толуп, башкача болуп калганын туйду. Буга эмне болгон? Көзүн ала качканы кандай? Ички туюму менен аялында бир чоң өзгөрүү болгонун туйду. Бирок, канчалык аракет кылса дагы илинчек таба алган жок. Ушул учурда балдары топурап кирип келди. Алгач атасын тааныбагандай элтее тиктеп туруп калышты.
- Ата?!
- Атаке...
Биринен-бири өтүп чуркап келишип атасына бой ташташты. Балдарын бооруна кыскан Хан экөөнү өөп алды. Эч кимге ийикпеген жаны ушул эки кичине балага ийип кетээр эле. Биринчи жолу жүрөгүнүн түпкүрүндө уят, аёо деген нерсе ойгоно калды.
- Кана, ким атасы менен сейилдеп келгиси келет?
- Мен...
- Жок, мен...
Чурулдашкан балдарын ээрчитип чыгып кеткен Ханды артынан караган аялы жеңилдене үшкүрүп алды. Канчалык көңүлүнөн чыгарып салганга аракет кылса да, Хан аялынын бул жоругун унута алган жок. Ал эми Алиядан да сөз чыкпады. Ушундай күндөрдүн биринде Алиянын телефонунан кайрадан баягы аял пайда болуп, жардам сурады. Алия эч нерсе деп убада берген жок. Ал өзү ой толкунунда калкып жүргөн эле.
- Эмнеге маанайың пас?- деди Хан адатынча телмирип терезени карап отурган Алияга карап. Ал эч нерсе укпагандай отура берди.
- Мен сенин мурункудай жаркырап күлгөнүңдү, тамаша сөздөрүңдү сагындым. Кийинки кездерде мени менен сүйлөшкүң да келбей калды. Экөөбүздүн ортобузда бир дубал пайда болгондой. Эмнеге антесиң? Мен сен үчүн баарын кылып жатамын го...
Алия аны тиктеп турду. Анын көздөрү " жок, мен сени мурункудан да күчтүү сүйөм, бирок, сен аны түшүнбөйсүң" деп айтып жаткан эле.
- Айтчы, мени менен мурункудай сүйлөшчү?!
- Менин бир өтүнүчүм бар. Эгерде ошону аткарсаң...
- Эмне десең баарын аткарам.
Хан ушул мүнөттөрдө чын эле баарына даяр болуп турду. Эптеп эле экөөнүн ортосундагы тоңуп турган музду эритсе болду.
– Мен сени менен расмий никеде жашагым келет.
- Эмне дедиң?
- Хан, мен сенин аялың, толук кандуу аялың болгум келет. Мен сенин жаман күндөрүңө да, жакшы күндөрүңө да ортоктош болгум келет. Мен сага бала төрөп бергим келет. Мен мындан ары минтип жашай албайм.
Хандын кабагы бүркөлө түштү. Башканы күтсө да, мындай өтүнүч кылат деп күтпөгөн эле. Капысынан бутунан капканга чалынып алгандай кыжырлана түштү.
- Эмне жетпейт сага? Ансыз да ханышадай алып жүрөм го...
- Артымдан кайтартып койгонуңбу? Же үй түрмөгө камап койгонуңбу? Алтын, акакка бөлөп салганыңбы? Хан, мага анын кереги жок. Мен ар дайым сени менен болгум келет. Мен жөнөкөй эле адамдык бакытты каалайм.
- Сенин оюңча адамдык бакыт деген эмне? Мен сага үйлөнсөм эле бакытка кулагыңа чейин батып калам деп ойлоп жатасыңбы? Ансыз деле мен сенин жаныңдан чыкпайм го. Ар дайым ушундай болот.
Чөгөлөй калып кыздын саамай чачынан сыламай болду. Алия анын колун кагып кетенчиктей берди.
- Алия, бул эмнең?
- Менин талабым орундалмайынча мага колуңду тийгизем деп ойлобо...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#357 Пользователь офлайн   aizul9.kg   24 Ноябрь 2013 - 00:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 516
  • Катталган: 07 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 22 Май 2016 09:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бакыт уйу (дом счастье).

жакшы чыгарма экен мага жакты.авторго ийгилик жана да жакшы чыгармаларды кутом.
Если Я кому то не понравлюсь_ вот не верите --ПеРеЖиВу))))))). ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#358 Пользователь офлайн   Aitunuk   24 Ноябрь 2013 - 15:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Эч бир адабий жүк көтөрбөгөн мелодрама.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#359 Пользователь офлайн   aijan   24 Ноябрь 2013 - 17:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10 994
  • Катталган: 18 Май 07
  • Соңку аракети: 29 Мар 2021 22:03
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Aitunuk (24 Ноябрь 2013 - 15:51) жазган:

Эч бир адабий жүк көтөрбөгөн мелодрама.

Бирок оз жанрында мыкты.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#360 Пользователь офлайн   Агата Кристи   25 Ноябрь 2013 - 10:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Караңгы түн. Элдин бардыгы кызуу уйкуда жаткан бул түндө бир гана адам уйкусуз басып жүрдү. Көзүнөн кек күйгөн бул адам Хандын сөөк өчтү душманы болчу. Мындан бир канча мезлил мурун Хандын кол алдында иштеген. ал түгүл эң ишенимдүү жигиттеринин бирине айланган. Чын дилинен берилген бул жигитти хан да кезегинде катуу баалачу эле. Жигит дагы Ханга атасына ишенгендей ишенчү. Анын беткабы сыйрылганча ошо ишеним менен жашаган эле. Анан... бир каргашалуу күнү ишенген адамы душманына айланды. “Мен анын булганч иштери үчүн беш жыл түрмөдө жаттым. Ошол жылдары мага жардам берүү үчүн бир жолу кыймылдап койгон жок. Мен го мен... Ал эми ага ишенип таштап кеткен аялым балама бир жардам берип койбогонучу. .. Балам оор абалда жатканда жардам сурап бараган аялымды эшиктен чыгарып... Анан да апам... ал байкуш мени күтүп жүрүп көз жумган экен. Жок, жок мен эми минтип калтыра албайм. Мен андан өч алам. Менин тамырымды кандай кыркса мен дагы анын тамырын соолутам. Ошондо гана жакындарынан айрылуу кандай экенин сезет.” Жигиттин ойлору ушундай кымкут болуп акылын тумандатып жатты. Эчен айлар бою ойлонгон планы эми ишке ашкан турат. “Ооба мен жалгызмын. Аныкындай жайнаган жанжөкөрүм жок. ошентсе да анын талуу жерин таап алдым. Жанындай жакшы көргөн периси менен балдары анын талуу жери. Ошолор аркылуу гана өч ала алам” Түн бейкутугун жоготкон жигит биринчи балдары аркылуу өч алууну чечти.
Кабинетине кирип келген жигиттин өңүү купкуу эле.
-Шеф, биз...
Үрөйү учкан жигит аптыгып сүйлөй албай босогого сүйөнө берди. Ордунан учуп турган Хан көзүнөн жалын чачырай түштү.
-Эмне болду?
- Улуу уулуңуз... мектептен чыккан боюнча...
-Эмне деп келжиреп жатасың? Жанында белең?
- Жанында эле тургам. Балдар менен чыгып келе жаткан. Анан көз ирмемде эле таппай калдым.
Хан жаалдана муштуму түйүлүп бакырып алды.
-Акмак, мен көзүңдү алба деп айтпадым беле. Бар, бардыгына кабар бер. Эмне болсо да издеп тапкыла. Тап...
Жигит тез чыгып кетти. жүрөк тушун мыкчый үрпөйгөн Хан туруп калды. Көзү краңгылап столуна арң жетти. “Бул ким ия? Жолума айгак болгон ким? Кимдин жолуна туура чыгып койдум? Жорунун жигиттериби? Жок, алар минтип ачык каршы чыга албайт эле. Анда ким? “ Башы чыңала түштү. Акыры ушундай бир кырсык болорун сезип жүргөн. Ошон үчүн үйбүлөсүнүн артынан да алиянын артынан да топ тобу менен жансакчы коюп карыш бастырбай кайтартканы да ошондон эле. Бул калпыс жолдо булганыч турмушунда балдарына кесири тийцбесин деп атайы оолак кармаганы да ошондон эле. Ал түгүл балдарын да кайнатасынын ысымына жаздырган. Бирок шибегени капка ката албагандай эле анын балдары бар экени крим чөйрөгө эбак белгилүү болгон.
“Оо Кудай, эгерде менин күнөөм үчүн тозокко азыр алып кетем демең да даярмын. бирок аларга бирөөнүнү колун тийгизе көрбө. Кудай, пендем десең балдарымды сакта” Отура калып күбүрөп кирди. Креслосуна шалак этип отуруп калды.
Бала кумга синген суудай жоголду. Ансайын жаагы карышкан Хан бардык байланышын, бардык күч кайратын жыйып издетти. Бирок бала табылган жок. Жоголгонуна он күн өткөн соң баланын сөөгүн Хандын босогосуна таштап кетишкени дайын болду. “Бала табылды” деген кабарды угаары менен жөнөгөн эле Хан. Жигиттери томсоро жол бошото беришти. Эч кимге мизбакпай үйгө кирген Хан кичинекей табытты көрүп куду бирөө муздак суу чачып жибергендей чыйрыгып кетти. Ак кепинге орлгон баланы өзүнүн керебетине жаткырып коюшкан экен.
-Аа-аа!
Адам аттуунун жүрөгүн селт эттирген ачуу кыйкырыктан баары селейди. Тизелеп жыгылган Хан баласынан көзүн албай, боюн токтото албай калтылдап турду. Ордунан тура албай мөгдөгөн Ханга эч ким жакын келе алган жок. Эч ким кайрат айтып колтугунан сүйөгөн жок. Азыр жаралуу арстандай болуп турган Хан мурункудан эки эсе коркунучтуу эле. Жаны ачып турган аялы ган батына алды. Эшикти шарт ачып кирип келген аялыңүХанга бакырып жатты.
-Акмак, жырткыч! Сен баарына күнөөлүсүң! Кан ичкич, өз балаңдын канын ичип... Эми менин канымды ич, аяба мени да... Оо Кудай эгер бар болсоң...
Хандын кайгыдан тумандаган көзүнө аялы да, башкасы да көрүнгөн жок. Тек гана керебеттеги кичинекей наристесинен көз айрыбай отура берди.
Жамгыр жаап жатты. Кичинекей табытты жерге жашырып бүткөн соң хан бейиттин жанында жалгыз калды.
-Шеф...
-Жалгыз калгым келип турат. Кете бергиле. Үйдү жакшы кайтарууга алгыла.
Демейдегисиндей эле өкүм үн менен буйрук берди. Жигиттери сөз кайтара албай артка кайтышты.Жалгыз калган хан көпкө отурду. Көз алдында “аталап” чыга калган уулу... Ар дайым жадырап атасынын келгенине жетине албай кубанып турчу. Эми ошо уулу жок. Анын өлүмүнө өзү күнөөлү. Канча кайтарса да канча коргоосо да канынан чыккан уулун жоготуп алды.” Эмнеге? Кайсыга? Андан көрө менден алса болбойт беле өчүн? Бул бейкүнөө наристеде эмне кеп? Уулумдун өз жолу, өз тагдыры бар эле да. Менин күнөөлөрүм үчүн жооп бергени туурабы?”
Куюндай куюлушкан ойлор алсыратып бара жатты. Ыйлай алган жок. Деги эле уулуну уккандан бери көзүнөнө бир тамчы жаш чыкпады. Бир сезде кичинекей бейиттин жанында турган адам мөгдөп жыгылды. Алыста байкап турган жансакчылары жүгүрүп келгенде Хан эсин жоготуп койгон эле.
-Кожоюн бүгүн келе албасын айтып телефон чалды.
-Болуптур.
Алия Ханды көрбөгөнүнө көп болгонун ойлоду. Акыркы жолу экөөнүнү кагылышынан кийин кайдадыр кеткенин уккан. Удургуп чуркап жүргөн жигиттерине да сурагысы келген эмес. Кандайдыр бир каргашалуу окуя болгонун сезгени менен ага эч ким эч нерсе деп айткан эмес.
242-инфо
Толук бир жума болгондо гана Ханды көрдү. Жаагы эти шылынып мурдагыдан арыктап кеткен экен. Хандагы бул өзгөрүүнү байкаса да өз таарынычы күчтүүлүк кылган кыз жанына барып эмне болгонун сураган жок. Ушу учурда Ханга Алиянын мээрими өтө керек болуп турган эле. Жанына барып эрдинен өпмөк болгон Хандан кыз денесин жыйрып кетенчиктей берди. Муну күтпөгөн Хан селдее түштү. Аргнасыз артка кетенчиктей берди.
-Кандайсың?
-Өтө жакшы.
-Мага таарынып жүрөсүңбү?
-Жок. Тек менин талабымды орундатмайынча мага колуңду тийгизбе.
-Алия, азыр ажырашуу тууралуу сөз козгогонго боло турган учур эмес.Убактым да жок. Түшүнсөң...
Алия үн катпай ошол замат бөлмөдөн чыга жөнөдү.
-Алия!
Кыз кылчайып карап койгон жок. Хан эрдин тиштене отуруп калды. Ушул күндөн баштап Алия менен Хандын ортосунда оңолгус жарака кетти. Экөө тең бири-бирине таарынып, бири-бирин өз эркине көндүрөбүз деп ойлошту. Бирок, ошону менен жүрөктөрүндөгү жалынды экөө тең өчүрүп алаарын билбей жатышты. “Кайда барат дейсиң. баары бир эркиме көнөт" Ушуларды ойлогон Хан өзүнө ишенимдүү эле. Бирок канча күн өтсө да Алия кабагын ачып күлбөдү. Мурунку мүнөзүнүн бири жок, жансыз сөлөкөткө айланып бара жатты. Канчалык байкамаксан болгону менен Хан унчукпай кое албады. Адатынча кашыгын көңүлсүз оодарып отурган Алияны карап акырын үн катты.
-Эмне тамак ичпейсиң? Минтип мени коркутам деп жатып ооруп каласың.
Кыз башын көтөрүп карап койгон жок. Телмирип бир чекитти тиктегенинен жазбай отура берди.
-Кичине баланыкындай жорпугуңду качан токтосуң?
-...
-Айтчы деги эмне кылайын...
Хандын үнү басмырт да мээримдүү да эле. Кыз акырын башын көтөрдү. Ошо замат көз алдынан баары учуп, башы айланып бара жатканын байкады.
-Башым, башым айланып бара жатат.
Үзүл -кесил ушуларды сүйлөгөн кыз деми буула түштү.
-Алия, жаным, көзүңдү ач. Эмне болуп кетти?
Хан кыздын шалактаган денесин бооруна кысып бакырып жиберди.
Мынчалык өмүрүндө шапаган чыгар Хан. Тим эле кутургандай жолду жол дебей машинасын айдап бара жатты. Арткы орундукта купкуу болуп жаткан кызды тиктеп алып жүрөгү оозуна тыгылат. “Тез... тезирээк жеткиришим керек ооруканага”
Алия бир нече убакыттан кийин эсине келди. Көзүн ачып кайда жатканын түшүнбөй турду.Обдула берип жанында ак халат жамынып отурган Ханды көрдү.
-Сенби?
-Алияш, сага азыр турганга болбойт.
-Мен кайдамын? Эмне үчүн бул жерде отурасың...
-Ооруканадабыз. Сен өзүңдү жаман сезип...
Хан кызды керебетине кайра жаткырып эки жагын кымтылап койду. Эсине келип келбеген боюнча кыз кайрадан көзүн жумду. Канча күндөн бери тынчын алган ойлор кайдадыр учуп, каалгып бара жатканын сезди.Ошо бейпилдиктен эч айрылгысы келбей “ойгонбосом экен, эч качан ойгонбой калсам гана” деп ойлогонго үлгүрдү. Уктап бара жатып ушу ойлор акыл туюмунда жылт этип өттү. Эшиктен кирип келген врач Ханга кубанычтуу крады.
-Доктор...
-Коркпоңуз, коркунучу эч нерсе деле жок. Болгону... болгону тамак ичпегенден анан нерф системасы катуу жабыркаган. Ал эми башкы себеби аялыңыздын боюнда бар.
-Эмне-е?
Хан кыйкырып жиберди.
-Аялыңыз кош бойлуу дедим.
-Бул маалымат такпы?
-Ооба.
Муштумун бекем түйгөн Хан кимгедир жини келгендей терезеге бурулуп кетти. “Жок, мен эми дагы бир күнөөсүз жанды бул жашоого алып келгенге акым жок. Дагы бир жоготууну жүрөгүм көтөрө албайт. Андан көрө...” Өлгөн уулунун кичине кези көз алдына тартыла калды. Мына, колун жайып өзүнө карай кадам шилтеп келе жатат... Көзүн атасынан албай , бажырая күлүп келе жатат... Жетип бооруна кысканча... бир нерсеге буту тийип чалына түшкөндөй болду.
-Жок!
Ошо замат уулунун кичинекей табыты көз алдына тартыла калып бетин басып бакырып жиберди. Аттиң, турмуштун бир тепкичин да баса элек эмес беле... Эми гана жашоосуна кадам таштаганда жайрап калбадыбы... Баарына да ошол уулуна жакын эле. Жашоосунда эми андай жакындыкты да жоготууну да каалабайт. Хан ошол түндү уктабай өткөрдү. Өткөнү, келечеги, сүйүүсү баары көз алдынан тасмадай калкып өтүп жатты.
-Сиз бул жерден кеткен жоксузбу?
Башан шарт көтөргөн Хан ага таңгала тигилип турган докторду көрдү.
-Азыр оорулуунун абала нормага түштү. Анчалык деле коркунучтуу эмес.
Хан кабагын бүркөп алды.
-Эч нерсе эмес, мен уйкусуз түндөргө көнүп калгам. Баса, мен сизден бир нерсе сурайын дедим эле.
-Эмне тууралуу?
-Бул анан биринчи баласы. Бирок азыр биз балалуу болбой турушубуз керек. Алдырып салса анын ден –соолугуна зыян болбойбу?
- Боюнан алдырган албетте эненин ден соолугуна зыяндуу. анын үстүнө биринчи баласы болсо...
-Эгерде сапатуу жасатса, профессанал врач жасаса...
Врач өкүнүчтүү башын чайкады.
- Кандай жасатса да аборт баары бир эненин ден соолугуна зыяндуу. Бирок аборттон кийин төрөп алгандар да болот. Алдын ала эмне деп айта алмак элек. Бардыгы өзүңөрдүн колуңарда...
Жоготуудан жүрөгү кансырап турган Хан өз чечимин туура деп ойлоду. Болгону Алияга муну туура түшүндүрүү керек. Хан үчүн баарынан оор маселе ушу эле. Уйкудан жакшы ойгоно албай жатып Алия өзүнө тигилип турган көздөрдү сезди. Көзүн ачып өзүн тиктеп отурган Ханды көрдү.
-Сен үйгө кеткен жоксуңбу?
-Жок, түнү менен бул жерде болдум.










243-инфо
Кыз күлүмсүрөп алды. Ортодо эч нерсе болбогондой, таарынуу, түшүнбөстүк, көңүл калуу болбогондой көңүлү ыраазы болуп кетти. Ханга колун суна берди.
- Жанымдан кетпечи, ар дайым чогуу бололучу.
Адамдар бири-бирине керек экенин өз мезгилинде сезе беришпейт окшобойбу. Алия ооруканда жаткан күндөрү Хан таптакыр чыккан жок. Алиянын абалы күндөн күнгө жакшырып аз күндүн ичнде үйгө чыгарып барышкандан кийин кардан экөөнүн ортосунда дубал пайда болду. Хан Алиянын жанында отургандан атайлап эле качкандай сыртын сала берди. Оозу туюк жарадай ар ким өз көңүлү, өз кайгысы менен алек эле. Ошол күндөрдүн биринде Алия кокусунан кош бойлуу экенин билип калды. Тамак ичип отурушкан эле. Кокусунан көңүлү айнып кеткен Алия эшикке жүгүрдү. Отура калып кусуп жиберди.
-Бул эмнеси ыя?
Өз алдынча күбүрөгөн жаш кыз көзүн көтөрө берди. Эңилип турган Хан көзүн ала качты. “Кызык, кийинки кездери көзүн ала качып кетчү болду. Менден бир нерсени жашырып жатат. Эмнени жашырып жатат болду экен? Бул балким менин оорум тууралуу болуп жүрбөсүн.” деген ой орной калды кыздын көөдөнүнө. Кыжалат сезим тынчын ала берди. Бөлмөдө нары бери басып жүргөн Алияга Хан акрын үн катты.
-Алия, сага азыр эс алуу керек. Балким жатып эс аларсың.
Кыз кадамын токтото коюп Ханга тике карады.
-Сен менден бир нерсе жашырып жатасың. Мен балким белгисиз ооруга кабылгандырмын. Эгерде андай болсо...
- Андай эмес.
Хан дагы көзүн ала качты.
-Анда эмнеге менин алдымда күнөөң бардай көзүңдү ала качып жатасың? Эмнеге кадам сайын кускум келип жатканын көрсөң да көрмөксөнгө саласың? Врачка барайын десем да улуксат бербедиң.Же сага менин ден соолугум баары бирби?
Хан оор үшкүрүп алды.Бир чети өзүнүн алсыздыгына өзү жини келип аны оройлук менен жапкысы келгендей супсак жооп берди.
-Менин азыр сага көңүл бөлүүгө убактым жок.
-Демек сага баары бир экен да...
-Алия, ишим чачтан көп. Мени курулай эзе бербечи...
-Ушундай дечи...
Кыз алдында турган Хан экенинине ишенбегендей телмирип турду. Кимдир бирөөнүн суук колу кечеги эле камкор, мээримдүү адамды кайрадан мерез адамга айлантып койгондой. Көзүнө жаш толуп ызасы кайнап чыкты. Жаштыгын сулуулугун, бактысын баарын алып коюп муздай безирейип отургнына эч чыдабай эч түтпөй кетти. Ошо замат алдында отурган Хандын столуна жетип баарын жерге кулатып баштады.
-Мына сага! Мына сага! Сага баары бир экен да...
-Алия, болду! Эсиңе келчи...
Куду жаралуу жырткычтай көзүнөн каар төгүлгөн кыз эми Ханга чап сала берди.
-Акмак!
-Алия, өзүңдү токтот! Сенин... сен кош бойлуусуң!
Бакырып кыйкырып көзүнө көрүнгөн нерсени ыргытып жаткан кыз эндирей токтоду.
-Эмне дедиң?
-...
-Менин боюмда бар дедиңби?
Хан аргасыз ырас дегендей башын ийкеди.
-Эмне үчүн мага эрте эле айткан жоксуң? Эмнеге жашырдың? Мен... мен келесоо болсо таптакыр башкача ойлоп жүрбөдүмбү?
Хан кубанычтын шамы жарк дей түшкөн кыздын жүзүн карап туруп акырын башын чайкады.
-Жок, Алия... бизге балалуу болууга болбойт.
Ххх
“Мына, куду мендей болуп жүрөгүң кансырап жаттабы? Сооп болот.Мен кегимди алдым. Эми түшүнөсүң бул жашоодо жалгыз калган кандай жаман экенин”
Жигит ызалуу күбүрөп кетип бара жатты. Көз алдына мөгдөп отурган Хан тартылды. Ызалуу күлүмсүрөгөн ал куду жеңиши колго тийгендей кетип бара жатты. Бул дагы аз ага... Дагы көп нерседен айрылтып боортоктотот. Ушу ойлорго берилип келе жаткан жигит Жоруга келе жаткан эле. Башынан эле Жору менен Хан бирине бири тиш кайрып жүргөнүн билчү. Эми анын кызматы Жоруга керек экенин да билет. Анын жардамы менен Хандын белин биротоло мертинтүүнү эңсеп келе жатты. Аны алдынан тозуп алышкан топ жигиттерге сузсүйлөдү.
-Кожоюнга алып баргыла мени...
Туюк сүйлөгөн жигит эч кимдин бетине караган жок.
-Кел, баатыр... Сени күтүп жатканбыз. Эркиндикке чыгышың менен...
Кытмыр күлгөн бул адам Эркинди таманынан башына чейин сынай тигилди. Кезегинде хандын эң ишенимдүү жансакчыларынан болгон бул жигиттин кирип келиши ал үчүн кубанычтуу эле.
-Келдик...
-Келгениңди уктук. Сага канча жолу киши жиберсем да эч теңиңе албай койдуң эле. Эми өзүң издеп келгениңе жол болсун. Же кожоюнуңдан көңүл калганда гана издейсиңби биздей адамдарды...
-Ишенимге ишеним менен жооп бербеген адамдарды анан кандай кылуу керек?
-Дурус, дурус жигит. Кайратыңа келип калыпсың.
-Өзүңөр билесиңер. Мен хан үчүн түрмөнүн сасыган абасына канча чыдадым. Ага да кайыл элем. Бул жакта калган үй-бүлөмдү карандай талаага калтырганына жаным күйдү.
Жигиттин жаак эттери түйүлө көзүнөн кек күйүп турганын көрүп ого бетер чырагына май тамызып койду.
-Жакшылыкты билбеген экен да...
-Тиги жактан чыккандан кийин өзүм бардым. “Бул эмнең? Менин үйбүлөмдү эмнеге карабай талаага таштадың. Заман бул болсо. Биз ушинтип убадалаштык беле?” десем жакшыраак жооп узатууга жарабады. Теңине албай калган экен. Бирок мен анын теңирин таанытам. Тамырын соолутам...












244-инфо
Энтиккен жигит Жорунун алдында бардык сырын жашырбай айтып берип отурду. Ал түгүл Хандын баласы өзү колдуу болгонун да жашырган жок.
Сыртынан жонунан сылаган Жору ичинен табасы канып жатканын эч ким байкабады. Хандын эң ишенимдүү адамы колуцнда турганда эми ага катылуу өтө коркунучту сезилбей калды. Болгону өтө сактык менен иштөө керек.
Шаардагы жакшы мекемелердин баарын тартып алып , өзүн ач бөрүдөй жойлотуп койгон Хандын алдыртан кыйратуунун планын ойлоп жатты. Капсалаңдуу каргаша ошентип жакындап келе жатты. Баласынан кийин күйүтүү болуп жүргөн Хан айланасын туман каптап келе жатканын сезген жок.
Ххх
Кыз уккан кулагына ишенбей катып калды. Бул эмне деп жатат? Эмне үчүн балалуу болууга болбойт?
Көмөкөйү катып эриндери дирилдей түштү.
-Сен... сен эмне дедиң? Мен жаңылыш уктум окшойт ээ...
Үнсүздүк...
-Хан, эмне үчүн?
-Кечирип кой мени...
-Эмне үчүн биз балалуу болгонго болбойт? Эмне үчүн?
Кыз жандалбастап “эмне үчүн?” дей берди. Хан жооп бере албады. Тек гана анын үмүтүү көздөргө урунуп көзүн ала кача берди. Аттиң ай, баарын айтып бере алса кана. Жүрөгүн сыздаткан уулунун өлүмүн, өзүн эле эмес жакын адамдарын да кадам сайын коркунуч күтүп турганын, деги эле өзүнүн жашоосу чытырман токойдон да коркунучтуу экенин баарын, баарын түшүндүрсө кана... Ошону түшүнө алаар беле.
-Сен билесиңби... Сен... менин уулум... Мен аны... -деп мукактанып бара жатып кайра башын чулгуй берди.- Жок, кереги жок. Эми менин жүрөгүм андай жоготууну көтөрө албайт. Мага баланын кереги жок .
-Эмне деп жатасың?
-Аборт жасатуу керек.
-Эмне-е?
Оо Кудай, бул эмне деп жатат? Өз денинен чыккан баланы аборт жасат дегени кандай?
-Жок, сөзүңдү кайра ал. Суранам сенден...
-Мен тажрыйбалуу врачка сүйлөшүп койгом. Убакыт өтө электе алдырт.
Ушуларды айткан Хан эшикке бет алды. Өксүгөн кыз боортоктой жерге жыгылды.
Ооба, уулун жоготуп боору сыздап турган Хан азыр мурункудан да ташбоор, мурункуданда катаал, болуп чыга келди. Дегеле жүрөгүндө жылуу сезим калбагандай бардык адамдарга, ааламга муздак көз караш менен карачу болду. Эртеден кечке бүтпөгөн иштери менен алек. Кечинде болсо өз кабинетинен чыкпай таңатканча бекинип отуруп алчу болду. Мунун баарын башкага жооруган Алия ага болгон сүйүүсү өчүп бара жатат түшүндү. Тез эле Хандын көңүл борборунан сүрүлүп калганга ызаланды. Намыстанды. Ошентип качандыр бир кезде ыйык махабаттын бешигинде бөлөнгөн экөө өздөрү да байкабай эки жээкке бет алышты.
Ххх
Түн. Жалгыз бөлмөсүндө отурган кыз ордунан акырын турду. Сыртка кулак төшөп биртке отурду. Ордунан туруп келип күзгүгө келип өзүн тиктеп калды. Күзгүдөн бейтааныш кыз карап турган эле. Бул өңү купкуу, көзү муңайым тартып сумсая тиктеген кыз мурунку Алияга эч окшобой турду. Жаагын сылай берип өзүнөн өзү “ушунча өзгөрдүңбү? “деп сурагандай болду. Мына, жүрөгүнүн жалынына туруштук бере лабй хан менен качып кеткенден бери бир жылдан ашкан экен. Канча убакыт өткөнү менен экөөнүн мамилеси эч өзгөргөн жок. Жок дегенде расмий никеге турушкан жок. Кана ошондогу үмүт тилектер, убадалар? Жамгырга жуулган жалбырактын чаңындай жуулуп кетти бейм. Эми ал ким? Хандын же аялы эмес, же ойношу эмес... “ Эгерде бир жылуу сезим калган болсо боюмдагы баланы алдырт деп айтпайт эле. Эми эмне кылуу керек? Анын айтканына көнүү, баш ийүү гана калдыбы мага?” Ошо замат өз оюна өзү каршы чыкты. “Жок, мен баш ийе албайм. Өз тагдырымды тобокелге салсам да баламды бул жерден куткарып кетүүм керек” Ушу ой кереои менен туюктан жол тапкандай сүйүнүп кетти. Ошо замат качуунун планын ойлой баштады. Жер кезип кайыр сурап кетсе да бул жерден кетүү керек. Кыз оюн дагы бир жолу бекемдеп алды. Кетүү керек... Тезинен...
Ххх
-Эмне көңүлсүзсүң досум?
Майыптардын коляскасында отурган отуздар чамасындагы жигит менен алды жагын сүрдүү тиктеген Хан чакан кафеде тамактанып отурушту.Күңүрт жарыкта отурган менен досунун маанайы пас экенин сезген ал Ханга акырын суроо узатты.
-Эх, досум... эмнесин айтасың. Кийинки кездери үйбүлөмөн да, өзүмөн да, качып кайдадыр кетип калгым келчү болду. Сени чакырганым да ошондон. Досу Ханды аяп карап алды. Экөө тээ мектептеги кездерине бери дос эле. Ал тургай афган согушуна да чогуу барып өлүм менен өмүрдүн баркын билишкен. Ал жактан минтип өзү майып болуп келип, ач ажал өмүрүн жулуп кетеринде Хандын жардамы менен аман калган. Айта берсе экөөнү бириктирген окуялар өтө көп болчу. Ошондон уламбы булар бир туугандан да жакын эле. Көңүлү бир нерсеге толбой турганда, же акыл кеңеш керек болгондо ар дайым Хан ушу досуна кайрылчу.
-Ал тургай сулууңдан да качкың келип калдыбы?
Хан өзүн өзү мыскылдагандай жылмайып алды.
-Андан качкым келбейт. Бирок башкы маселе да ошондо болуп турат.
-Эмне болуп кетти?
- Ага жолукканы өзүмө өзүм окшобой калдым. Мени байлап арбап алгандай. Бассам да турсам да оюмда турганы турган. Кээде иштен да да алагдыланып. .. кыскасы байлоодогу кулундаймын.
-Ошого капасыңбы?
- Билбейм, бирок көңүлүм бир жерде эмес. Андан эмне каалайм, өзүмдөн эмне каалайм түшүнө албай буй боло берем. Анан да алнын талаптары акылга сыйбагандай болуп жатпайбы?
-Эмне талап койду сен аткара албагандай.
-Үйлөнөлү дейт.
- Туура талап койгон. Эмне качанкыга чейин ойношуң болуп жүрө берет эле.
Хан ойлуу отуруп калды.
-Мен ага үйлөнө албайм.
-Эмне үчүн?
-Мен кандай күн болсо да аялымды таштабаганга убада бергем. Өлүп бара жаткан адамга убада бергем. Түшүнөсүңбү, өмүрүмдө ыйык деп эсептеген адамыма, апама убада бергем. Аны бузууга таптакыр болбойт.
Досу ойлуу отуруп калды.
-Эмне ойлончу иш бекен?
-Анда кыздын убалына калбай эле койсоң болмок.
-Эмне-е?
Ачуулуу зирк эткен Хан досуна суук карады.
245-инфо
-Ал кыздын убалы кимге дейм?
Бул сөз Хандын таалу жерине тийди. Биринчи жолу досу Ханга каршы пикир айтышы эле. Көңүл жубатат деп келген адамы минтип турганына жини келген Хан ошо замат ордунан ыргып турду. Коштошконго да келбестен кете берди.
-Хан, мен антип айтайын деген эмесмин. Токтоо, токтосоң...
Артына кайрылбай жигиттери менен чыгып кеткен досунун артынан армандуу карап кала берди.
“Кетүү керек, тезинен... мындан ары чыдоого мүмкүн эмес.” Ушу сөздөрдү ичинен кайталаган Алия эми чындап бел байлады. Бирок артынан ээрчиген көздөрдөн кутулуу оңой болбосун да сезип турду.
-Врач менен эртеңкиге сүйлөшүп койдум... –деди бир күнү Хан.
Туюк сүйлөгөн менен Хандын абортко деп жатканы түшүнүктүү эле.
-Хан, суранам...
- Эртеңкиге барышың керек.
Супсак сүйлөгөн Хандн артка кайтпасын сезип ичи муздай түштү.
-Болуптур...
Кыздын бир аз дирилдеген үнүнөн Хан күткөн каяша сезилген жок.
Ортодогу оор тынчтык өкүм сүрдү. Хандын аяй караган көздөрү армандуу эле.
-Алия, азыр ага желмогуздай көрүнүп жатам. Бирок качандыр бир кезде сен мага түшүнөсүң. Түшүнүшүң керек. Бкл жеке эле менин кзыкчылыгым үчүн эмес.
-Анда эмне үчүн? Айтчы эмне үчүн мени баламдан ажыраткан жатасың. Бул сенин да балаң го... Эмнеге?
-Менин балам бар. Мага кереги жок баланын...
Хан ушу сөздөрдү айтты да терс бурулду. Ийиндери дирилдеп ичтен онтоп жатты. “Балам! Ушу сөз жүрөгүндө от болуп күйүп жанып жатканын эч ким билбейт ээ. Билбейт... Билүүгө да тийиш эмес! “
Хандын минтип кыстоосу Алиянын көптөн берки ойлоп жүргөн планын ишке ашырганга түрткү болду. Түн ичинде түйшөлгөн кыз эл аягы басаңдап калган кезде акырын турду. Жарыкты күйгүзбөстөн даярдап койгон кийимдерин алды да бутунун учу менен басып жөнөдү. Эшиктин туткасын кармап азга ойлонуп калды да хан уктоочу бөлмөсүнө акырын башбакты.
Уктап жаткан экен. Кыз көз айырбай тура берди. “Кантейин, жанымдан артык көрчү элем. Сендеги ташбоорлукту ысык сүйүүм менен эритип адам деп ойлогом. Бирок табиятынан таш жүрөк эрибейт тура. Канча күтүп үмүт кылган сайын жырткычка айланып бара жатканыңды жүрөгүмдү оорутту. Мына, кетип бара жатам. Анткени сенин балаңды сактап калууга тийишмин. Сенин сүйүүңдү сактап кала албадым. Жок дегенде балабызды сактап калышым керек. Билем сен мени кечирбейсиң. ” Көзүнөн жаштары тамчылап жатты. Акыркы жолу жүзүнөн өөп алгысы келди. Бирок уйкуда жатса да эрктүү жүз аны былк эттирбей кармап турду. Көз жашы төгүлгөн кыз акырын эшикти жаап чыгып кетти.
Алар ушинтип ажырашты. Экөө тең сүйүүнү каалап, биринен-бири ошо сезимди таап, бирок баркына жете алышпады. Аргасыз ажырашты. . Кыздын ичиндеги бороонду сезгендей ошо күнү күн күркүрөп чагылган чартылдап жатты. Тез эле караңгылык кыздын караанын өз кучагына кетти.
Хан уйкудан көзүн ача албай жатты. Түшүндө кимдир бирөө аяп крап алыстап бара жаткандай. Ошо караанга жетпей алдастап жатып ойгонуп кетти. Күн күркүрөп жамгыр жаап жаткан экен. Негедир көкүрөгү дүпөйүл боло берди. Эртең менен врачка бара турган машина даяр болсо да Алия бөлмөсүнөн чыккан жок. Чакырганы кирген жигит алаңдап кайра келди.
-Шеф, ал жок бөлмөсүндө. ..
- Эмне-е?
Жаалы көзүнөн учкан Хан ошо замат бөлмөгө атылды.Жок! Качыптыр! Мээсине чагылгандай кпатаган ушу ойдон денеси муздап кетти.
-Тапкыла! Тез, жерге кирсе артына жерге кирип асманга учса асмандан тапкыла. Болбосо...
Зирк эткен Хан жигиттерин кетирген соң, шалдырап отуруп калды. Бөлмөнү аңтара карады. Эч нерсени албаптыр. Мына, көз жоосун алган иймек сөйкөлөр, алтындар баары турат.
-Кайда кетти? Эмнеге кетти?
Эриндери эпке келбей күбүрөй берди. Кандайдыр бир ички туюм менен колундагы бакыт кушу уча качканын тээ көкүрөгүгү түпкүрүндө сезип жатты. Бирок ага акылы моюн бербей үмүт үзө албай жатты.
-Мен баары бир табам!
Кимдир бирөөнүнү алдында убада бергендей ушу сөздү кайра кайра кайталай берди.
Ххх
Кан жолдо алсыраган кыз жедеп чарчаганда отура калды. Жалаң жөө качып келе жатып деле жолдун бир тобун арбытып койду. Жолдон чыккан машинелерге да кол тозгон жок. Анткени жолдо Хандын жигиттери тозуп турганын сезди. Көздөгөн багыты алыс болсо да эрдин бекем тиштеп келе берди. Алиянын бирден бир кишиси баягы Абиш экөө фермасына барып ат минишчү Абиштин таекесинде эле. Ичинде кири жок ал аам алияны өз кзындай жакшы көрүп калган. Анын үстүндө башка чукак болгондуктан шам шаркыт эч ким алардын фермасына баршчу эмес. Аялы да өзү да алияны кантына калкалап алышаары турган кеп. Эптеп изин сууткуча ошол жерде жашап турганы оң. Андан кийин да иштин ыңгайы менен бир нерсе болор. Ушундай ойлорго берилген Алия катуу келе жаткан машинаны байкабай калган экен. Сигналдан чочуп кетип четке чыга качты.
Машина сүрдүгө токтоп калды.
-Кайда барасың сулуу кыз?
Кабинадан башын чыгарган бейтааныш адамды чочуй карап калды.
-Кайда барасың? Жеткирип коеюн.
-Алыс деле эмес. Ашыр байке дегендин фермасын издеп жүрдүм эле.
-Аа, мен ал байкени тааныйм. Ар дайым кымыз жеткирип келет. Отур жеткирип коем.
Кыз коркуп турганын сезип кошумчалап койду.
-Түш, түшө бер. Эмнеден коркуп жатасың? Жеткирем деп айтым го сага...
Тигинин жүзүн крап негедир ишене түштү. Акырын басып келип машинага түштү. Өзү да чарчап калган экен Алия. Жумшак отургучка отуруп оор үшкүрүп алды.
-Алардыкына эч ким келчү эмес эле. Сен эмнеси болосуң?
-Алыскы туугандарынан. ..
-Аа, анда жөнү бар.
Бейкапар кобураган тиги киши Алиянын жүзүн сынай карап алды. “Мөлтүрөгөн сулуу кыз экен. Кабагы кирдеп турганына караганда бир нерсе болсо керек. Кызык, киймине карасаң ак кол ак сөөк немедей.
246-инфо
Кайсы азапты тартып жөө келе жатты экен?Балким ата-энесине таарынып үйүнөн чыккан бир эрке немедир...”
Кыз түптүз талааларды тоолорду суктана карап кетип бара жатты. Канчадан бери эңсеген эркиндиги эми колго тийгендей энтиге кубанып бара жатты. Алдындагы жол аны кайда алып бара жатканын да ойлогонго чамасы келбей Алия чекесине колун таянган боюнча үргүлөп кетти.
Бул учурда Хан шаарды астын-үстүн түшүрүп Алияны издетип жаткан. Алгач эле Абишке жетти бул кабар. “Алия жок!” дегенди уккан жигит чок басып алгандай секирди.
-Акмак! Ал ушуну кылмак. Түбүнө жетмек...
Муштумдары түйүлүп, жаны чыга бакырып алды.
-Ал капаста көпкө жашай албайт болчу. Ал андай адам эмес. Тиги акмак ошону түшүнгөн жок. Балким аны өзү өлтүрүп ,жигин билгизбей салып калп эле издетип аткандыр ия?
- Кантип эле ошентсин?
-Ай, сиз ал кандай канкор экенин билбейсиз Касым байке.
Ийнин куушурган Касым байкеси чыгып кетти. Шалдыраган Абиш кандай деп ойлорун билбей турду.
Ушундай болду. Алия куду ийнедей эле жоголуп кетти. Эки жерде пкө боору эңшерилген эки эркек эмне кылаарын билбей жатышты. Алия капысынан жоголгондон бери Хан болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Дээрлик тамак ичпей калды. Түн баласы уктай албайт. Жигиттерин каарып “Издегиде, тапкыла” деп эле турат.
Баарынан оору кайда болсо да Алиянын элеси ээрчип алчу болду. Сагынып куса болгонуна жинди болуп кете жаздап жатты. Ушу учурда гана Алия жашоосунда жалгыз адамы экенин туйду. Жалгыз гана ошо адамды чындап сүйгөнүн түшүндү. Кечигип түшүндү. Ансайын каары кайнап өзүнө өзү кол салчудай болуп кетет.Ушундай күндөрдүн биринде ага белгисиз бирөөдөн кабар келди. “ Жакындарынан айрылуу кандай жаман. Көңүл айтабыз. Жакын досторуң... “
-Ким бул? Ким берди муну?
Калтыраган колдору менен баракты мыкчыган Хан жаны чыга бакырып алды.
-Белгисиз бирөө машинага чаптап кетишиптир.
Жигиттеринен бул жоопту уккан Хан онтоп алды. “Жору! Баш көтөрүп калган экен. Бирок анын артында бирөө болбогондо мындай кыла албайт эле. Ким ал? “
Баарына коркунучтуу нерсе көмүскөдөгү душман деп эсептечү Хан эми ар бир кадамын санап таштап калды. Уулунун өлүмү менен Алиянын жоголушунүн байланышы бар деп ойлоп турду. Бул табышмактын жандырмагын таба албай көпкө түйшөлгөн Хан акыры Жоруга жөнөмөй болду.
Жолугуу шаардагы эс алуучу жайлардын биринде өттү. Теше тиктеген Хандын муздак көздөрүнөн жалтана түшкөн жору ички толгонуусун билдирбегенге аракет кылып жатты.
-Кана, сүйлө…
-Чакырган адам өзү сүйлөйт да…
-Экөөбүздүн ортобуздагы келишпестиктер артта калды деп ойлогон элем.Бирок кийинки кездери жигиттериң кайрадан жыландын башын кылтыйтып калышчу болду. “территория” талашы эбак бүтпөдү беле.
-Жок, менин жигиттерим сага эч нерсе кылышкан жок. Өзүңдөн чыккан адамдардан кылмышкерди издей бер.
Жорунун жүзүн карап туруп ойго чөгүп кетти Хан. “Бул мага ачык каршы чыкканга чын эле кайраты да акылы да жетпейт. Демек мындан башка…”
-Болуптур, сөздү кыскарталы. Менин аялым тууралуу эмне билесиң?
-Ха-ха-ха, аялындын кабарын кайдан билем. Андан олутту суроо кылсаң1 болмок экен. Таба кыла кЖорудан жийиркенгендей жүзүн буруп кетти. Жини келип, жаак эттери түйүлө түшсө да үн каткан жок. Келген максаты ишке ашпай Алиянын дайынын билбей кайрадан баягы күйгүлтүкө түшө баштады. Эч нерсе менен алаксый албай , жинди немедей кыйналат. Көз алдынан элеси кетпейт. Өмүрүндө көп нерсени көргөн Хан мынчалык азапты башынан өткөрө элек эле. Бирок кандай болсо да Алиядан үмүтү үзүлбөй жатты.
Ххх
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 22:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: