Анёңхасейо (саламатсыздарбы
), достор!
Өткөн аптада кыялдарымдын бири аткарылып, үч күнгө Кореяга барып келүү шансы жаралып калды. Бөлүшпөсөм,
жарылып кетчүдөймүн.
Билесиңер го, канчалык корей толкунунун крэээйзи фанаты экенимди...)))
Ошоо, анда, кеттик!
Корея сапары: "Гү Жүн Пө? Ли Мин Хо? Ал ким өзү?" Фандар, валидол ичип, анан киргиле...)))
#2 25 November 2013 - 17:13
Жайгашкан отелдин 29-кабатынан көрүнүш. Корейлер өз жерин "таңкы шүүдүрүмдүн өлкөсү" деп коюшат.


Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 25 November 2013 - 17:15
Бүгүнкү Түштүк Корея дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы 20сынын ичине кирет.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#4 25 November 2013 - 17:19
Сеулдун "Иса Өмүркулову"
отурган мэриянын имараты. Айрыкча, таңкы маалда элдин шашып жүргөнү көбүрөөк байкалат экен.


Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#5 25 November 2013 - 17:22
Кыялыныздын аткарылышы менен куттуктайм.
Дагы суротторду кутобуз.
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#6 25 November 2013 - 17:26
Биринчи күнү түнкү саат 12ден өтүп кыска сейилдөөгө жана курсак тойгузууга чыктык. Бирок ачык калганынан бир Макдональдс бар экен...))) Баарынан кызыгы, жан талашып биринчи мен заказ кылдым эле, бешенемде турган гамбургерди көргөзүп. Жей келсем, ачуу экен. Мага ачуу тамак жагат, бирок мени туурап алгандар коланы какшатышты,
байкуштар...


Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#7 25 November 2013 - 17:31
Анан да эрте менен кимди карабайын, колунда кофе көтөрө бара жаткандар. Даана менден бешбетер кофеманьяктар экен! Ага жараша кофейняларды да көп учураттым. Жердештер менен анын биринде отуруп, корей кофесин татып көрдүм. Мактабайм да, жамандабайм да.
Ии, мову, жолдогу чоң-чоң жазууларды эч түшүнө албадым. А бирок, көзү начар көргөндөр үчүн атайын сары жолчолорду бүт жерде жасап чыгышкандыгы көңүл бурду.

Ии, мову, жолдогу чоң-чоң жазууларды эч түшүнө албадым. А бирок, көзү начар көргөндөр үчүн атайын сары жолчолорду бүт жерде жасап чыгышкандыгы көңүл бурду.

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#8 25 November 2013 - 17:37
Кай жакты караба, түрдүү архитектурадагы бийик имараттар, бак-шактар анын жанында лилипуттай.
Корейлер япондор сыяктуу эле илгертен табиятка өзгөчө аяр мамиле жасагандыгы менен таанымал. Андыктан ар кандай формадагы жыгач чакаларда көчөттөрдү,
гүлдөрдү көрдүм. Албетте, Бишкектегидей тосмого асылган петуниялар эмес...)))


Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#9 25 November 2013 - 17:44
Мен бул эстеликти аялдардын теңдигине арналгандай түшүндүм. А сизчи? Ылдыйында жазылган корейчени түшүнбөдүм.


Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#11 25 November 2013 - 17:48
Корей дорамаларынан ушундай жайлардан тамактанганын көрүп алып, кадимкидей табитим ачылып кетчү. Ашканага чейин жетип барып, бир нерсе жеп келмей сайын тура алчу эмесмин. Ошол картина элестеп кетип, чуркап жөнөбөймүнбү.
Анан жакындай бергенде, ушундай бир жагымсыз жыт. Кантип артка кетенчиктей качканымды байкабай калдым. Ошентип эч нерсесинен ооз тийе албадым...(((


Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#13 25 November 2013 - 17:54
Америкалыктардын таасириби, корейлер 1950-жылдарга чейин басымдуусу буддист болгонуна карабастан,
учурда калкынын көп бөлүгү христиан динин тутунушат. Кыскасы, Рождество майрамыбы, биздин Жаңы жылбы, даярдык башталыптыр.
..
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#14 25 November 2013 - 17:55
Ушул айда эле Путин ачып кеткен Пушкиндин эстелиги
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#15 25 November 2013 - 17:59
Бекеринен Кореяда архитекторлор престиждүү саналбайт окшойт. Окшош тургузулгандарын дээрлик учуратуу мүмкүн эмес.


Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#16 25 November 2013 - 18:00
Дагыыы!
Ии баса, корей тилин билбесениз, кантип журдунуз дейм да адашпай...
Эгер мен барсам, эки кундон кийин "Жди меня"дан издеп калышса керек.
Ии баса, корей тилин билбесениз, кантип журдунуз дейм да адашпай...
Эгер мен барсам, эки кундон кийин "Жди меня"дан издеп калышса керек.
В каждой шутке есть доля правды...
#17 25 November 2013 - 18:03
Кыялыныздын аткарылышы менен куттуктайм.
Дагы суротторду кутобуз.
Рахмат! Сүрөттөр менен комментарийлер бош убактыма жараша илинип турат, бүгүнкүнүн дагы уландысы да бар.
Корей тили мага моминтип угулат, пульчоң монжиль эуң ириң гысс буңсоё
Ошондо бул кантип которулат?
Теманызга жазгандарыныз дал келбей калыптырго.
Темама жазгандарым кийинки комментарийлерде дал келет. Сабырдуу боло туруңуз...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#19 25 November 2013 - 18:12
В каждой шутке есть доля правды...
#20 25 November 2013 - 18:20
Ооо, жактыы, дагы кутобуз аненхасейолордон
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.

Супер-Инфо
super.kg
видео











