"Алыбек алына жараша" деген сыяктуу ар кимдин озуно жараша койгойу бар. Мисалы: карапайым элдин койгойу - турмушун жакшыртуу. Студенттин койгойу - учурдагы сынактан созсуз турдо ийгиликтуу отуу. Бийликтегилердин койгойу - кызматта болуп, байлык топтоо, башка олкодон карыз алуу. Кыскасы койгой толтура, баарын айтууга мумкун эмес, бирден эле мисал келтирбесем.
..
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көйгөйлүү маселе... саясат
#41 24 June 2013 - 20:12
Жалдырап жолун тосуп келем сенин,
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
Жанымдын жарымы бол жан эрмегим.
Жаштыгым озунду энсеп отуп барат,
Жалгызым кайдасын сен, издетпегин.
#42 06 July 2013 - 18:42
Коруппция чек ара маселеси.
Это не я плохой, это вы, играя на публику, сильно правильных строите из себя!
#43 30 July 2013 - 09:30
Коруппция чек ара маселеси.
Коррупция деген балакет жети баштуу желмогуздан да жаман.Ал биздин замандагы базар экономикасында балалап кетти.Ага каршы курош жургузулуп, ар кандай мыйзамдар кабыл алынса деле бир формадан экинчи формага айланып,Ак уйдун жетинчи кабатына чейин которулду.Айтор, бул коррупция деген тушунук учурда кыргыз элинин канына синген адаттай таасир калтырат.Ойлоп корсок,бул коркунучтуу оору бизге эсил кайран ЭС - ЭС -ЭР доорунда эле жугуптур.Атеизм менен кошо келген экен.Болбосо, кочмон доордогу кыргыздар Коко Тенирден корккон,бироонун аманатына кыянаттык кылбаган,барга коппой,жокко чокпой,кудайдын берген ырыскысына топук кылган,озунун мумкунчулугуно гана ишенген эл болгон эмеспи.Мисалы, Ормонхан,Балбай, Шабдан,Курманжан сындуу хан,бек,баатырлар элге арак,акча таратып жакшы чыкма болгон эмес да.Аларга кудай ошондой касиет берип,эл баалаган.
Адамга адам кымбат болуш керек....
#44 31 July 2013 - 04:56
Кыргызстанымдагы эң негизги көйгөй - улуттук идеологиянын жоктугу.
Бирибиз Чыгыш, бирибиз Батыштын идеологиясына сугарылып кеттик. Кыргызчылыкка кайтып келмейин өнүгүү жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес. Бирок ишенем, бир убакта биз дагы гүлдөгөн өлкө, жыргал турмуштагы элдердин алдыңкы сабына кирип, дүйнөгө кыргызчылыктын айкөлдүк сапатын таратып, жакшы жашоо тартуулайбыз деп. Буюрса, аз калды. Жаңы муун келатат. Жакынкы 10-15 жылдын ичинде буга да жетишебиз. Андан соң 5 жылдын ичинде Кыргызстанымды гүлдөтөбүз. Азыр алгачкы кадамдар шилтенип, ойлорубуз ишке ашууда.
Бирибиз Чыгыш, бирибиз Батыштын идеологиясына сугарылып кеттик. Кыргызчылыкка кайтып келмейин өнүгүү жөнүндө сөз кылууга мүмкүн эмес. Бирок ишенем, бир убакта биз дагы гүлдөгөн өлкө, жыргал турмуштагы элдердин алдыңкы сабына кирип, дүйнөгө кыргызчылыктын айкөлдүк сапатын таратып, жакшы жашоо тартуулайбыз деп. Буюрса, аз калды. Жаңы муун келатат. Жакынкы 10-15 жылдын ичинде буга да жетишебиз. Андан соң 5 жылдын ичинде Кыргызстанымды гүлдөтөбүз. Азыр алгачкы кадамдар шилтенип, ойлорубуз ишке ашууда.
Беш жылга чейин, жанагындай кылып. Гести орус курат, Газды да орус курат. Курал жаракты да, орус берет. Эми элестетчи Кыргызстан дагы беш жылдан кийин кандай олко болорун? Темир жолду, кытай курат, Кыргыз Кытай жолдору кылып. Кытайлар учун товар ташуу женилдетилет. Кыргыздарга, жол налогу толотулот. Туркия жардам берет, кызык Аларда ашып жаткан акча ашып жаткан техника бар экенби? Ушунун баары барып, кризис кыргызстандын тубуно жетет. А буларды ойлобой, эсептебей эле. Беш жылда онуп осот деген бул туш. Беш жыл коз ачып жумганча отуп кетет.
Ишке ашкан ойлору, кыргызстан четинен сатылууда.
#45 21 August 2013 - 23:34
Бир акыйкат чындык бугун баарыбыз учун анык болуп калды окшойт.Кыргызстанды талкалаш учун эч бир тышкы душмандын кереги жок экен.Озубуз эле кенен жеткидейбиз.
Озубуз эле баарын тарпын чыгарып,байлык десе баарын унутуп,бийлик десе,бирин-бири жеп,бири-бирин саткан жолдон чыгабызбы деги?Эмнеси болсо дагы,манкурттуктан сактай кор!Вот койгой!
#47 04 September 2013 - 18:19
"Аткаруу бийлигинин алсыздыгын эң орчундуу маселе" десем,анда мен жаңылган болбойм. "Эч бир партияда жок,мыкты киши" деген Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон анын командасы эмне иш кыла алышты? Резултат жок. Тайырбек Сарпашев деген аткаминер сүйлөсө Кыргызстан гүлдөп,өнүгүп кетчүдөй сүйлөйт экен.Эх..
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#48 22 November 2013 - 13:48
Кайсы бирин айтайын дегендей эле соз да,биздин эн чон душманыбыз коррупция экени талашсыз да,элдин баары билсе деле койгойлорубузду кайталай кетейин:Торотканадан башталган коррупция маркумду узатуучу жай менен бутсо керек.Торотканаларда торотуу бекер деп бадырайта жазылганы менен иш жузундо такыр башка,бербей эле торойун десен дагы балан учун коркот экенсин эмне болуп кетет деп.Андан кийинки бала-бакчага киргизуу бул озунчо эле бир чоон проблема,мен озум 10 мин менен 1 жыл чуркап журуп киргиздим.Ушу менен жыргадым го десем балекеттиби 1гр.60 бала бар 2 восп.1 нянькасы,воспитательницалар кезектешип иштешет бири эртен менен экинчиси туштон кийин анда да чочулап ойлоносун байкуш 1 киши жетишеби балдарды караганга деп,эптеп эле бала ошол тарбиячыга конуп келе жатканда айлыгынын аздыгына чыдабаган тарбиячыбыз жумуштан кетип калыптыр,кийинкиси келип балдарыбыз ага конгучо кайра журок оорумай.Эми кийинки кадам мектеп болгондуктан мугалимдерибизге деле рахмат ошол айлыкка иштеп жургондоруно анан балдарыбыз кандай билим алып жатканыделе кумон жаратат, анткени коп сабактардан мугалим жетишпей эле алмаша беришет экен.Кийинки тепкич болсо аркандай акча чогултмайлар,
рекет ж.б.у.с.Анысына деле кайылбыз.Балдарыбыздын мектепти бутконуно суйунуп чон окуу жайга тапшыртабыз,
канчалаган расходдорун которуп,диплом алышка деле тыйын коп кетет экен.Дипломун которуп алып жумуш издемей башталат,тапканы табат бир жарыбаган айлыкка таппаганы кетип атат дегендей ал эми жакшы жумуштарда кимдер иштеп атканын менден жакшы билесиздер да.Ушул жерден созумду кыскартууну чечтим,анткени озум да жудоп кеттим жазгандарымды окуп алып неужели жакшы жашоо корбой калабызбы деп.Андан кору жакшы ойлонуп ойумдуу позитивдуу кылайынчы.Кудайга шугур ден-соолугум барда бироолордун керегине жарап!!!
#49 25 November 2013 - 23:02
Кыргызстанда эн чон койгой бул биздин олконун койгойдон чыкпай калганы! Анын ичинде баардыгы бар. Анан дагы кошумча жарандардын кыска ойлонуп митинг,пикетке чыгып бийликтин баркын, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун кетирип атышканы...
Судьба не приговор, судьба творение...
#50 26 November 2013 - 06:19
Кыргызстанда негизги көйгөй бирөө ал-"атасы байлар"!
Атасы байлар көйгөйү үчкө бөлүнөт алар- Атамбай, Текебай, Отунбай!
Калган майда барат көйгөйлөр да бар бирок ал көйгөйлөр "атасы байлар"дың көйгөйү чечилсе эле оп-оңой чечилет...:-)
Атасы байлар көйгөйү үчкө бөлүнөт алар- Атамбай, Текебай, Отунбай!
Калган майда барат көйгөйлөр да бар бирок ал көйгөйлөр "атасы байлар"дың көйгөйү чечилсе эле оп-оңой чечилет...:-)
#52 26 November 2013 - 13:57
кыйынчылыктын баары жаш уй булоолордо,
квартира, айлык аз, жашоо кыйън.
#53 28 November 2013 - 07:45
бизде эн койгойлуу маселе Саясий кризис баары ушуга байланыштуу . Ушул Алмазбек Байкем озу менен кошо баардык балаларды мурдагы азыркы акмактарды ала кетип жакшы эл жер деген Президент келсин . Омин
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#54 04 December 2013 - 14:50
Кээ бир көйгөйлөрдү чечүү баарыбыздын колубуздан келет. Ал өлкөбүздүн тазалыгы. Бишкек шаарындагы таштандылар менин көйгөйүм. Ар бир адам таштандыны урнага салганга, жерде жатканды алып койгонго кудурети жетет болуш керек. Биз студент кезде агайыбыз колуңарга жукпайт деп ишемби кундөрү университеттин тегерегин шыпыртып тазалатып турчу азыркы студенттерде ушундай иштер болуп турабы билбейм. Жакында Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтна барып тегерегинде ушунчалык көп таштанды жатканын көрдүм. Жанында Улуттук консерватория жайгашкан. Ошол жерге жалпы студенттер чыгып тазалашса 1 сааттык эле жумуш, неге мындай иш чаралар көтөрүлбөйт таң калтырат. Мүмкүн ушул форумга студенттери кирип калса ойлонуп уюштуруу иштерин колго алар деп ойлойм. Кантсе да маданият тармагынын инсандары болот эмеспи.
Буйруса,
сиздин көчөңүздө да той болот...
#55 08 December 2013 - 12:18
Коро албастык,ач коздук,коррупционер,
элин ойлобой оз жанын ойлогон бийликтегилерге таандык сапаттар жоюлса эл да онолот беле?..
#58 26 December 2013 - 21:41
Так иштеген, таза татыктуу адамдын жоктугу. Ажобуз эле жакшы иштеп бергенде мынчалык коп койгой жаралбайт эле.
Асыл сапат - бизди таалайга жеткируучу эн негизги курал!
#59 11 February 2014 - 11:52
Мындан жогоруда жазып кеттим эле коррупция биздин койгой деп.Кечоо теледен корсоткон койгой да чон драконго айланыптыр.
Бул шаарыбыздагы сойкулар.,13 жаштагы кыздардан баштап куйоосу бар келиндер,боюнда бар кыздар дагы бар экен, анан 70% деерлик студенттер.
Келечектеги биздин энелерибиз,
булардан кандай наристелер торолот дагы анын аягы эмне менен бутот деген суроо ойлонтпой койбойт экен...
#60 11 February 2014 - 19:25
Оруунун да, койгойдун жаралуу тубу бар. Мына ошол койгойдун да оруунун да ээси адам оздору. Себеби адамдын осуу жолуна берилген озун -озу таануу жолунда эки куч бар, муну биз ак - кара же он, терс кучтор деп тааныйбыз. Ушул эки кучту таанып, ал кучтор менен иштешууну жалпы элибиз билген болсо, анда жогоркудай оруу, койгой, дарт болмок эмес. Ооба, болмок эмес. Баардык койгойдун жаралышынын тубу мына ушул эки кучту тааныбагандыктан.
Албетте кандай эле ушундай болсун деп тангалышынар мумкун. Себеби тушунук буга жете элек, эгер тушунук жетсе анда мунун себебин озунор эле коруп турмаксынар.
Эн биринчи бул тушунукко ээ болуш учун баардык ааламды энергиядан турат деген тушунукко жетуу керек, качан бул тушунукко жеткенде гана мына ошол энергиялар менен иштешуу жолун тушуно баштап, азыркы кыйналуулар болгону сиздер учун оюнчук эле болуп калганын билесинер. Ошондо барып ойубуз кандай болсо жашообуз так ошондой экенине ишенесинер.
Мындай айтканда бул ото оной эледей сезилет, бирок иш жузуно келгенде ойдун озун башкара билуу, ойдун туруктуулугуна анын бекемдигине жетуу кыйын болот. Ал учун бул багытты элдин тушунугу жапырт алып кетсе анда бул аткарылуучу иш. Эл башына келген ажоону Кудай эмнеге шайлайт, аны элди бак деп дайындабайт,
элдин ан - сезимин бийиктет деп дайындайт. Аны тушунбой ажоо адамзатты азгырган азгырыктын жолу менен кетип калат дагы элди кыйнап койот. Же ажообуз же эл озу улуу тушунукко ээ болушу керек. Жогорку койгойдон кутулуу учун эн биринчи тушунук аркылуу " эл конулу ток болгондо гана коздогон максатына жетет" деген маанини терен тушунуп кабыл алуулары керек жана оз ан - сезимдерин бийиктетуусу керек. Бул улуу иште эн негизгиси элдин биримдиги, бирдигинен жаралган ширелген ынтымактын кучу гана баардык орууну, койгойду туп тамыры менен алып таштайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео





















