СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#6241 25 November 2013 - 20:06
Сиздин билдируулорунуз абдан жагат:менин жүрөгүм:src="
http://www.super.kg/superstan/
public/style_emoticons/
default/50.gif">
Агынан жарылбаганыныз эле жаман экен.оло кызыктым деп койбоймунбу
эмнеси болсода бактлуу болуп журо берин минтип
#6242 25 November 2013 - 21:49
Саламатсызбы эжеке!
Иштериниз, ден-соолук?
1. Маекке кирип алып 1,2.,3 шагдарды убактысы менен аткарып атасызбы?
2. Сизди кимсиз эскисизби деп эле тажата берчим эле, кандай кабыл алчыныз? Анткени маектин, супердин жаргондорунан катыра суйлочуз да.
3. Жездем эмне менен алектенет, канча бала,кыз?
4. Балдарды тарбиялоодо эн кыйыны сиз учун эмне?
5. Кыргызстанга качан келесиз,азыр эмне менен алексиз?
Бактылуу уй-булолордон болунуз!

Саламатчылык Минуша сулуу.
Кудайга шүгүр,рахмат.
1.Э сулуу,маекке кирмек турсун кээде жашап алмай адатым бар
2.Ооба ал убакта сен да көп кирип турчусуң,азыр көрүнбөй калдың го.Эсимде,бир жолу шрифтин өңүн алмаштырып жазып атсам аябай ачууң келген.
3.Жездең чынында бизди элден кем кылбай багуу менен алектенет.Дипломдор сандыкта,Оруссиянын бир шаарында базарда соода жасайбыз.
4.Бала тарбиялоодо мен үчүн эң кыйыны,ойлондурганы татыктуу тарбия бере алаар бекем деген суроо.Чет жерде,бөтөн элде жүрүп өсүп келе жаткан жаманын жакшысын бирдей тез кабыл алган жаш балдарыбызды өз менталитетибиздин негизинде тарбиялоо кыйла эле эмгекти талап кылат.Бала бакчадан,мектептен алып жаткан орусча тарбияларга ошол өз тарбиябызды жуурулуштуруп үйрөткөнгө аракет кылабыз.Жайкы каникулда атайын айылга алып барып эң кеминде 1айдай жүрүп келишет.Буйруса эки тилди да бирдей алып бара жатышат.
5.аманчылык болсо жайкы эс алууда барабыз го.Азыр врачтардын сунуштаган 6 айлык режимин "бекем,койо бербей" кармап алып үйдө отурган мезгилим.Үй тиргилиги,жана кыздарымды мектепке алып барып алып келмей.
Айтканың келсин сулуу
#6243 25 November 2013 - 22:14
Саламатсызбы Mega777 айым кош келипсиз.
1) Кайсы жердин кызы болосуз жана кайсы жылы торолгонсуз?
2)Бул жашоодо жетишкендигиниз жана жоготконунуз?
3)Досунузга 100% ишенесизби?
4) 10 жылдан кийин озунузду кандай элестетес?
азырынча ушу суроолор.

Саламатчылык Мырза.
1.Менин өздүк маалыматымда туулган жылым жазылып турат,ыы ошо...омооой коркпоң
2.Кудайга шүгүр көп эле жетишкендиктер болуптур.Ошолордун эң маанилүүсү мен үчүн турмуштун ысыгына күйүп суугуна тоңуп,ары карап ыйлап бери карап күлүп,кыйынчылык сыноолорго мойун бербей жүрүп тапкан уул-кыздарым. Ушулар биздин жашообузду кооздоп да жашоого кызыктырып да турушат.
Ал эми жоготуудан кудай сактасын.
4.Дегеле өзүмдөн башка жанга 100 пайыз ишене албайм.Досумдун да досу бар дегендей.
5.Жараткан ошону насип этсин.10 жылдан соңбу, бойго жеткен уул кызымдын жакын сырдаш досу,акылман апасы,күйөөмдүн дагы деле сүйүктүү жары анан Суперстандын да кадырлуу форумчуларынын катарын толуктап турсам дейм
#6244 25 November 2013 - 22:15
Саламатсызбы Мега777 эже?
Анда эмесе суроолорумду бере кетейин.
1.Алгач бала кезиңизди эскере кетпейсизби, ал кездеги кызыктуу окуя?
2.Жашоодогу
жетишкендигиңиз?
3.Жашоодогу өкүнүчүңүз барбы?
4.Бул кезге чейин жашоодон эмнени түшүндүңүз жана сиздин бере турган кеңешиңиз.
5.Бала ата-энеден үлгүү алат эмеспи,сизде ата-энеңиздин кайсы сапаттары бар?
6.Жүрөгүңүзгө жаккан ыр саптар барбы?
Алдын ала жоопторуңуз үчүн чоң рахмат!
Ар дайым мыкты форумчулардын катарын толуктап жүрө бериңиз.

Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
#6245 26 November 2013 - 02:09
Ооо бугун супер интервьюда суйкайган сулуу, акылдуу, даанышман суйуктуу эжекем Mega777 келип калыптырго.
.
/>/> Саламатсызбы.
..?
Мумкун болсо суроолорумду айта кетсем болобу..?
/>/>
1) Аты жонунуз, кыскача айтсам озунуз тууралу азмаз маалымат калтырып кетсениз..?
2) Сиздин бул жашоодо туу туткан адамыныз..?
3) Суйуу жана Бакыт сиздин оюнузча..?
4) Кандай адамдарды Ыймандуу деп эсептейсиз. .?
5) Мммм, мени кандай кыз деп элестетесиз же жазгандарымдан мага муноздомо берип корбойсузбу. .?
/>/>
Акыркы суроомо жооп жазбасаз деле боло берет капа эмесмин..
/>/>
Бактылуу болнуз.. Кыздарыныздын уулдарыныздын убайын корунуз эжекем...
/>/>
Ийгилик..

Саламатчылык бийкеч,ашыра мактап жибербединби
Албетте сулуу,ошо "бийлегени" келгемин
1.мм.ушу суроо бир жума "ниудобный" абалга калтырат окшоп калды,
2."Менин Апам улуулардын улуусу,
Менин Апам сулуулардын сулуусу".
Бул жашоомдо менин ыйыгым да,туу туткан бийигим да,обогум да,жологум да таянаар тоом,карманаар бутагым да,адашканда жол корсотоор данышманым, капа болсом башым сылап соороторум да,дегеле Жашоомдун Манызы да Апам менен экен.
3.Суйуунун туру коп:мекенге болгон суйуу,ата-эне менен баланын ортосундагы суйуу,жаратылышты суйуу ж.б.Ал эми аял-эркектин бири бирине болгон ыйык жана жылуу сезими бул да суйуунун бир туру.
Бакыт...башынызга бакыт кушу консун дегендей Бакыт бул куш сымал,бапестеп багып остуруп алсан дайыма сени менен чогуу болот,кесир кылып терс карасан алыстан гана айланып учуп журо берет.Жана да бактылуу болгусу келген адам гана бактылуу деп ойлойм.
4.Аллахтан корккон адам гана ыймандуу болсо керек,ал эми исламдын парздарын аткаруу ошол ыйманды бекемдоо го дейм.
5.Суйлой билген адам уга да билиш керек дейт го,ошо сынары уга билген адамдарды сыйлай билем.Жазган билдируулорун токтоолугуна карап ушул сапат сенде бар экен деп ойлоп калдым.
Жазып койдум :
Рахмат,сенин да бактылуунун бактылуусу болушунду тилеп кетем.
Суроолорго жеткиликтуу жооп бере албасам узур
#6246 26 November 2013 - 03:12
Оо Мега777 эже келип калган го! Арыбаңыз! Суроолорум: 1.Канча тил билесиз? 2.Кайсы өлкөлөрдө болгонсуз же баргыңыз келет? 3.Дүйнөлүк тилдерди атай аласызбы? 4.Саясат жаатында кандайсыз? 4.Сизге жаккан саясатчы ким? 5.Кыргызстандын экономикасы канткенде көтөрүлөт? Рахмат.
Келип калдым Ринатик Мырза
Бар болуңуз.
1.Кыргыз,орус, казак тилдерин,ал эми татар,өзбек тилинде"сайрай" албасам да "сайрагандарды" түшүнөм.
2.Азырынча Казакстан жана Оруссия менен эле чектелип турам.Кыялдарым көп жерлерде учуп жүрөт...
3.Дүйнөлүк тил деп бир же эки эле өлкөдө эмес,дээрлик эле көпчүлүк өлкөлөрдө ар улуттун адамдары пикир алмашуу үчүн колдонулган тил деп түшүндүм.Билишимче жаза кетейин орус,англис, немец,француз, араб,кытай,испан, португалия.. .тилдери
4.Саясатка кызыкпайм
5.Саясатчыларга дагы
6.Качан элибизде биримдик болгондо гана көтөрүлсө керек.Манас атанын осуяттарынын биринде айтылган "Бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарып"иш алпарганда гана.Бул жаатта бир эле өкмөтүбүз эмес элдин да салымы болуш керек деп ойлойм.Себеби ...бир жылы айылга барып калдым.Бир аксакал эле карыябыз аябай кайгырып алыптыр"кокуй жеп кетти,кокуй жутуп кетти"деп. Чынында ким эмнени жеп кеткенин деле жакшы түшүнбөйт экен,ушунчалык саясатташып кетишиптир, көчөдө эки жаат болуп бөлүнүп ойноп жаткан балдар командаларына партиялардын атын койуп алышыптыр.Тообо деп аябай таң калгам.Анан ушунтип "Кудай бизге көсөөнү берип койгон" деп эле улам чукулаша берсек кайсы экономика өнүгөт,кайра төмөндөшү толук мүмкүн эмеспи.Өнүккөн мамлекеттердин биринде карапайым калкынан премьер ким десе тааныбайт экен деп укканым бар.Азыр бизде 5жашар баладан да сурап көрүңүзчү такалбай айтып берет.Мына бизде саясат!
Сизге да рахмат.
#6248 26 November 2013 - 03:49
Саламатсызбы!
Кайсыл айылда чонойдунуз? Бала чактагы суйуунуздун эсте каларлык убактарынан болушо кетбейсби...
Кайсыл айылда чонойдунуз? Бала чактагы суйуунуздун эсте каларлык убактарынан болушо кетбейсби...
Саламатчылык Мырза.
1.Бала чагымдын балдай таттуу эсте калаарлык күндөрү кең алайдын төрүндө,жыты аңкыган арчалуу жайлоонун,ууртасаң тишиңди какшаткан,таштан ташка урунуп аккан суунун бойундагы таенемдин боз үйүндө өткөн .Буйруса Алайлык форумчулар жолугушуу уюштуруп калсак ошол айылга барып келеттирбиз
2.Оой бизде 7-класстан эле жабышты го ал ооруу
жабыштырып, таңып,плюстай берип тим калбастан ар дубалдын бооруна тим эле укмуш
көркөмдөп жазып чыкчу элек го
Суроолоруңуз үчүн рахмат
#6249 26 November 2013 - 06:56
Oi salamatsyzby? Ejeke super interviuga kuw kelipsiz!
Suuro berip keteyin ee.?
1) Baktyluusuzbu?
2) Kattuu okungonspu bir nersege?.
3) Maanaiynyz ayabai jok bolso, emne kylyp kotorgongo araket kylas?.
4) Tagdyrdyn jazganyna tam berespi? Je tam berdinizbi?.
5) Aldyn ala bir nersege jetem dep, plan koiospu.?
Interviunuzga iygilik. Bul duinodo bakyt, jakwy nerseler sizdi daiym jandap jursun. Jakwylyk janynyzdan ketpesin!

Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#6250 26 November 2013 - 07:47
Саламатчылык бийкеч,ашыра мактап жибербединби
/>
Албетте сулуу,ошо "бийлегени" келгемин
/>
1.мм.ушу суроо бир жума "ниудобный" абалга калтырат окшоп калды,
/> капа болбо сулуу жогору жакка жазып кеткем.
2."Менин Апам улуулардын улуусу,
Менин Апам сулуулардын сулуусу".
Бул жашоомдо менин ыйыгым да,туу туткан бийигим да,обогум да,жологум да таянаар тоом,карманаар бутагым да,адашканда жол корсотоор данышманым, капа болсом башым сылап соороторум да,дегеле Жашоомдун Манызы да Апам менен экен.
3.Суйуунун туру коп:мекенге болгон суйуу,ата-эне менен баланын ортосундагы суйуу,жаратылышты суйуу ж.б.Ал эми аял-эркектин бири бирине болгон ыйык жана жылуу сезими бул да суйуунун бир туру.
/> Бул суйуунун аныктамасы чексиз.
Бакыт...башынызга бакыт кушу консун дегендей Бакыт бул куш сымал,бапестеп багып остуруп алсан дайыма сени менен чогуу болот,кесир кылып терс карасан алыстан гана айланып учуп журо берет.Жана да бактылуу болгусу келген адам гана бактылуу деп ойлойм.
4.Аллахтан корккон адам гана ыймандуу болсо керек,ал эми исламдын парздарын аткаруу ошол ыйманды бекемдоо го дейм.
5.Суйлой билген адам уга да билиш керек дейт го,ошо сынары уга билген адамдарды сыйлай билем.Жазган билдируулорун токтоолугуна карап ушул сапат сенде бар экен деп ойлоп калдым.
/>
Жазып койдум :
Рахмат,сенин да бактылуунун бактылуусу болушунду тилеп кетем.
Суроолорго жеткиликтуу жооп бере албасам узур
/>
Албетте сулуу,ошо "бийлегени" келгемин
1.мм.ушу суроо бир жума "ниудобный" абалга калтырат окшоп калды,
2."Менин Апам улуулардын улуусу,
Менин Апам сулуулардын сулуусу".
Бул жашоомдо менин ыйыгым да,туу туткан бийигим да,обогум да,жологум да таянаар тоом,карманаар бутагым да,адашканда жол корсотоор данышманым, капа болсом башым сылап соороторум да,дегеле Жашоомдун Манызы да Апам менен экен.
3.Суйуунун туру коп:мекенге болгон суйуу,ата-эне менен баланын ортосундагы суйуу,жаратылышты суйуу ж.б.Ал эми аял-эркектин бири бирине болгон ыйык жана жылуу сезими бул да суйуунун бир туру.
Бакыт...башынызга бакыт кушу консун дегендей Бакыт бул куш сымал,бапестеп багып остуруп алсан дайыма сени менен чогуу болот,кесир кылып терс карасан алыстан гана айланып учуп журо берет.Жана да бактылуу болгусу келген адам гана бактылуу деп ойлойм.
4.Аллахтан корккон адам гана ыймандуу болсо керек,ал эми исламдын парздарын аткаруу ошол ыйманды бекемдоо го дейм.
5.Суйлой билген адам уга да билиш керек дейт го,ошо сынары уга билген адамдарды сыйлай билем.Жазган билдируулорун токтоолугуна карап ушул сапат сенде бар экен деп ойлоп калдым.
Жазып койдум :
Рахмат,сенин да бактылуунун бактылуусу болушунду тилеп кетем.
Суроолорго жеткиликтуу жооп бере албасам узур
Рахмааааат эжекоов..
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#6251 26 November 2013 - 13:25
Саламатсынбы Айтылуу Алайдан чыкан Курманжан датка энебиздин урпактары?Куш келипсиз супердин торуно.
1).Дайыма кыздарыма бере турган суроом.УУз иштерине кандайсын?Чеберчиликтин кайсы турун рахатануу менен аткара аласын?
2)Казан аяка кандайсын?Кайсы тамакты катырып жасай аласын да кайсыны айлан жок жасайсын?
3)Бул турмушта не гана болбойт ошонтсе да кайненен сени капа кылган кундо да Энени эне катары сыйлап,раазы кылып ак батасын алып ак жуздуу аруузат аял заты боло алам деп озуно убада бере аласынбы?
4)Кызым балалуу болсон бала кандай ширин,жанындан артык коруп,журогун балдарын учун чачырап,балдарын учун жашап,балдарын учун иштеп,балдарын учун бул турмушта курошуп аткандай сезесин туурабы?Сени да ошондой кылып тапкан апанды канча жолу суйунтуп канча жолу бактылуу кылып раазы кылалганынды сара эсепке салып ойлонуп коргонсунбу?
5)Демек эки энени эгиз козудай сыйлап,эки энени раазы кылып ак батасын ала аласынбы?
Уй- булоонор мене дайыма бактылуу болуп,барган жеринен бакт таап,бактылуу, ырыс кешиктуу аруузат келин болушундуу каалап кетем.
Эгер суроом оорураак болсо алдын ала кечирим сурап кетем.

Амансызбы урматтуу Рая Эже.Алгач Сизге кандай сөз менен кайрылаарымды көпкө ойлондум.Апам менен жашташ экенсиз,андыктан "аяш Апа"дегим келип бирок бир аз одонороок болуп калабы дедим.Деги эле Асыл апамдын замандашы,акылман, асылзаада аялзаты,кадырман апа,кайраттуу чоң эне,мээримдүү таене,улуулукка салбай жаштардын арасында толук зерикпей насаатын айтуу менен,Суперстанда жана форумчулардын көөнүндө жакшы элестерди калтырган ИНСАНга ушул мүнөздөмөнү 3 гана тамгага камтып ЭЖЕ деп кайрылууну чечтим.Алайыбыздын атын далайга кетирген айтылуу Курманжан датка энебиз менен сыймыктанбай кое албайбыз.Кушубак кылсын Эже.
1.Ашынган чеберчилик өнөрүм деле жок Эже.Кыз бала үчүн эненин тарбиясы маанилүүрак экен,апамдын жасагандарын көрүп жүрүп эле үйрөнүп алгандарым бар.Эски кийим кечени да зыя кетирбей,майдалап кыркып туруп ар түрдүү курак салып төшөк жасап койчу апам.Жумуштан келгенге чейин бүтүрүп көрсөтүп апамды кубандыруу үчүн тирмийип отуруп тигет элем.Жасап койгонумду көргөндө кадыресе раазы болуп сүйүнгөнү колумун талыганын жууп кетчү.Ал кезде каттама курак,футбол курак,ромбик деп турлөрү бар эле.Анан да шырдамалга жээк бастырып,такай колго шырытчу,бышык болот деп.Колумду жыра сайган ийненин башын азыр деле унута элекмин.Бабап деп койчу эле эгер туура жазган болсом,жибек жипти саптап алып бабаптын калемсаптай болгон ийнеси менен баркутка кооз гүл түшүрүп туштуктун чекесин жасагам.Апамдын ыраазы болуп мактаганынан улам айыл жерине турмушка чыгып,кайненемди да ушундай раазы кылсам деп ичимден кыялданып койчумун.Турмуш кыялдагыдай болбойт экен,тиргиликтин айынан шаарлап кетпедикпи.
Эми азыр ийне бойу иш кылбайм Эже,такай жасай берип жашымда көңүлүмө тийгенби же базарды шылтоологон жалкоолукпу билбейм.Эгер айылга барып башыма келсе албетте үйронгөнүмдү улап кетем деген үмүттөмүн.
2.Казан аяк менен мамилем аябай жакшы Эже.Тамакты түрлөтүп жасаганды жакшы көрөм.Кокус жанагы жалкоолук деген балээ эле жетелеп кетпесе.
3.Туура айтасыз Эже,эч ким эртеңин билбейт.Атаган ак жоолугун башыма салып,ак тилегин айтып.бешенемден өөп кабыл алган Апам(кайын Энем)жоош момун,жакшы аял.Колунда тойдон кийин эң узагы 1 ай эле болупмун." Барган жери жарашса,кара катын ак болот"дегендей, мага жасаган мамилелерин көрүп туруп,баш отум менен кызматын кылып раазычылыгын алып кубанткым келчү.Азыр деле айда жылда бир барабыз,барган сайын "эки буттап эки колдоп"жакшы өнөрлөрүмдү көрсөтүп келгенге тырышам.Телефондон тез тез байланышып турабыз,анан жарым сөзү эле "айланайын, кагылайын,өзүңдү кара,суукта этият бол"деп менин тарабымды алып турат.Анан кантип ал адамга кайдыгер боло алам.
#6252 26 November 2013 - 14:32
Саламатсынбы Айтылуу Алайдан чыкан Курманжан датка энебиздин урпактары?Куш келипсиз супердин торуно.
1).Дайыма кыздарыма бере турган суроом.УУз иштерине кандайсын?Чеберчиликтин кайсы турун рахатануу менен аткара аласын?
2)Казан аяка кандайсын?Кайсы тамакты катырып жасай аласын да кайсыны айлан жок жасайсын?
3)Бул турмушта не гана болбойт ошонтсе да кайненен сени капа кылган кундо да Энени эне катары сыйлап,раазы кылып ак батасын алып ак жуздуу аруузат аял заты боло алам деп озуно убада бере аласынбы?
4)Кызым балалуу болсон бала кандай ширин,жанындан артык коруп,журогун балдарын учун чачырап,балдарын учун жашап,балдарын учун иштеп,балдарын учун бул турмушта курошуп аткандай сезесин туурабы?Сени да ошондой кылып тапкан апанды канча жолу суйунтуп канча жолу бактылуу кылып раазы кылалганынды сара эсепке салып ойлонуп коргонсунбу?
5)Демек эки энени эгиз козудай сыйлап,эки энени раазы кылып ак батасын ала аласынбы?
Уй- булоонор мене дайыма бактылуу болуп,барган жеринен бакт таап,бактылуу, ырыс кешиктуу аруузат келин болушундуу каалап кетем.
Эгер суроом оорураак болсо алдын ала кечирим сурап кетем.
1).Дайыма кыздарыма бере турган суроом.УУз иштерине кандайсын?Чеберчиликтин кайсы турун рахатануу менен аткара аласын?
2)Казан аяка кандайсын?Кайсы тамакты катырып жасай аласын да кайсыны айлан жок жасайсын?
3)Бул турмушта не гана болбойт ошонтсе да кайненен сени капа кылган кундо да Энени эне катары сыйлап,раазы кылып ак батасын алып ак жуздуу аруузат аял заты боло алам деп озуно убада бере аласынбы?
4)Кызым балалуу болсон бала кандай ширин,жанындан артык коруп,журогун балдарын учун чачырап,балдарын учун жашап,балдарын учун иштеп,балдарын учун бул турмушта курошуп аткандай сезесин туурабы?Сени да ошондой кылып тапкан апанды канча жолу суйунтуп канча жолу бактылуу кылып раазы кылалганынды сара эсепке салып ойлонуп коргонсунбу?
5)Демек эки энени эгиз козудай сыйлап,эки энени раазы кылып ак батасын ала аласынбы?
Уй- булоонор мене дайыма бактылуу болуп,барган жеринен бакт таап,бактылуу, ырыс кешиктуу аруузат келин болушундуу каалап кетем.
Эгер суроом оорураак болсо алдын ала кечирим сурап кетем.
4.Жан этиңден жаралып ,жүрөк тушуңдан орун алган наристе жашоонун эң кымбат белеги экен.Балдарыма болгон сүйүүмдү сөз менен айтып жеткире албачудаймын Эже.Күлсө кошо күлүп.кубанса кошо кубанып,сыркоолоп калса акырын көзүмдүн жашын сыгып,кайра жамандыкты баштабайын деп өзүмдү өзүм жемелеп,түнү бойу кирпик какпай чарк айланып жанынан чыкпайм.Так ошондо Апам эске түшөт.Баламдын ордуна өзүмдү,өзүмдүн ордума апамды койуп элестетип алып...Апамды төбөмө көтөрүп алсам да аздык кылчудай сезилет." Чыккан кыз чийден тышкары"дегендей өз тирчилигимен бошобосом да апам көңүлүмдүн төрүндө турат Эже.Көбүнчө аяйм,анча мынча нерселерди ойлонуп кыжаалаттанбасын деп жашырып койом,кийин сөздөн сөз чыгып айтып алсам неге менден жашырасың деп таарынгансып калат.Ойлонбосун дейм,ашыкча ойго салгым келбейт Жашымдан эле аяйм Апамды,башы тез тез ооруй берчү.Оорусу кармаганда жер сүзүп эч нерсе ичпей 2-3күн төшөк тартып жатып калчу.Ошондо кыйналып жатканын көрүп сыртка чыгып апам жаткан айнектин тушуна отуруп алып,сыздап сыздап муңканып кудайдан ошол ооруну мага берип кой деп тилеп ыйлап,эки алаканымды жайып алып кудайдан жалбарып жардам сурап отурчумун,көзүмдүн жашы алаканымдан ылдый билегиме чейин кирип жеңимди да суу кылганын да сезчү эмесмин
5.Колумдан келсе өмүрлөрүнө өмүр улап берет элем Эже.Сыйлап,ызааттап, колумдан келген жакшылыгымды аянбай,жакшы сөздөрүмдү арнаганга дагы аракет кылам.
Рахмат Эже айтканыңыз келсин.Бата менен эл көгөрөт дегендей,жылуу тилектериңиз кабыл болушун тилейм.
Суроолоруңузга жеткиликтүү жооп бере албай калсам кечирим сурайм,Апама айта албай жүргөн сырларымды сизге айтып кыйла жеңилдей түшкөндөй сездим өзүмдү.Сиз да аман болуңуз.
#6253 26 November 2013 - 15:09
Выыыыыый мен куткон суйуктуу эжем келиптир го, саламатсызбы эжеке аман-эсен, оору сыркоодон алыссызбы? Эми суроолорго келсем бир аз кечигип калыптырмын мен бере турган суроолорду берип койушуптур ошентсе да кыстара кетейин.
1.Озунузду сулуумун деп эсептейсизби? (сураганымдын себеби жарты суротунузду коруп сулуу аялзаты экен деп суктандым)
2. Кыргыз адабиятынан кайсы чыгарманы жакшы коросуз?
3. Озунуздун таптакыр калтыра албаган сапатыныз, мунозунуз?
Сизге ийгилик дагы суроолор пайда болсо дагы келем :кош бол:src="http: //www.super.kg/superstan/ public/style_emoticons/ default/40.gif">

Уаайй Бийкешам,салам
Баары кудайга шүгүр,рахмат.
Макул
1.Сулуулук деп негедир ички дүйнөнүн сулуулугун эсептейм,Сырт келбеттин кооздугу менен эле сулуулук чектелбейт го менимче.Дегеним ушунчалык сырты кооз, карап эле отура бере турган,тим эле мөлтүрөгөн адамдардын кээде оозунан ак ит кирип кара ит чыкканы,же калжыңдап бутунда тура албай адам кейпинен кетип калганын көрүп туруп шагым сына түшөт.
Алган кызың айпери,
Ай кызындай болсо да,
Ажаанданып айкырып
айтканынды кылбаса ...сулуулугу не пайда.деп бекеринен айтылбаса
керек.Гамбилиментиңе рахмат
2.Чыңгыздын көптөгөн чыгармаларынан таасирлендим десем да болот.Алыкулдун ар бир сабы жүрөккө жетип турат.
3.
Рахмат Бийкеша,сага да тоодой бакыт тилейм
#6255 26 November 2013 - 15:41
Саламатсызбы мега777 эже? Студенттик күндөрдөгү кызыктуу окуялардан бөлүшө кетиңизчи. Уй-бүлөңүзгө бакыт,жүзүңүздөн жылмаю кетбесин ар дайым!
Саламатчылык Сулуу
Бир жолу группабыз менен "Коңур күз"темасында кече уюштуруп калдык.Көрүүчүлөрүбүз мугалимдер анан каалаган студенттер. Медер аттуу группалаш бала экөөбүз алып бармакпыз,экөөбүз тең ак көйнөк кара жупка, шым кийип чыгышыбыз керек болчу.Анан эски тупилийимди "чанып" апам тамак ашыма деп берген акчамдан эконом кылып атып чогулткан киичине акчама базардан тупилий сатып алдым.Кубанычта чен жок,баарыбыз эл алдына чыгабыз деп толкунданып алганбыз .Сылап сыйпап эч жакка кийбей аяп атып ала келген тупилийимди кие койойун десем эле батпайт.
Рахмат сулуу,сенин да амандыгыңды тилеп кетем
#6256 26 November 2013 - 15:49
Саламатсызбы эжеке! Ден-соолук иштериниз жакшыбы.
Мен сизден эмне деп интервью алышымды да билбей калдым себеби жогорудагы суроолорго жооп жазгандарынызды окуп аябай ыраазы болдум, бир алдын кулсом кээ бир жазган жоопторунузду окуп жатып озумчо болкулдап козумдон жаш агып кеткенин байкабай калдым, Жоопторунуз аябай жеткиликтуу болуптур рахмат эжеке Интервью жумалыгын жакшы откоруп алыныз, эки дуйно бактылуулугун каалайм.

#6257 26 November 2013 - 15:49
#6258 26 November 2013 - 15:50
#6259 26 November 2013 - 15:51
Саламатчылык Сулуу 
Бир жолу группабыз менен "Коңур күз"темасында кече уюштуруп калдык.Көрүүчүлөрүбүз мугалимдер анан каалаган студенттер. Медер аттуу группалаш бала экөөбүз алып бармакпыз,экөөбүз тең ак көйнөк кара жупка, шым кийип чыгышыбыз керек болчу.Анан эски тупилийимди "чанып" апам тамак ашыма деп берген акчамдан эконом кылып атып чогулткан киичине акчама базардан тупилий сатып алдым.Кубанычта чен жок,баарыбыз эл алдына чыгабыз деп толкунданып алганбыз .Сылап сыйпап эч жакка кийбей аяп атып ала келген тупилийимди кие койойун десем эле батпайт.
Таң калып размерин карап койом сатуучу адашып калдыбы деп,ошол озү эле.Көрсө кечке ары бери чуркап жүрүп бутум бир аз томпойуп шишип калган экен да.Кыскасы көзүмдү чылк жуумп тиштенип туруп эптеп бутума каптадым,аңгыча кыйналып атканымды көрүп группалаштар да чогулуп калышты,айрыкча балдардан уялып билдирбейин деген менен эки кадам да баса албай койдум.А ары жакта чогулган эл кол чаап жиберишти,шашып калган Медер тупилийди чечтирип колуна алып ары бери чойгулап кирди,дагы бир бала келип экинчисин чойгулай баштады.
Ошентип эптеп септеп тарткылап кийип алганым менен кече бүткүчө кыл үстүндөле басып жүргөндөй болгомун.Оо кийин көпкө чейин ооруп жүрдү го буттарым.Кыздардын тилине кирип эртеси тупилийди алган жериме алып барсам, башыман ылдый бир челек суу куюп жибергендей кылып эле узатып койгон сатуучу эже
Рахмат сулуу,сенин да амандыгыңды тилеп кетем
Бир жолу группабыз менен "Коңур күз"темасында кече уюштуруп калдык.Көрүүчүлөрүбүз мугалимдер анан каалаган студенттер. Медер аттуу группалаш бала экөөбүз алып бармакпыз,экөөбүз тең ак көйнөк кара жупка, шым кийип чыгышыбыз керек болчу.Анан эски тупилийимди "чанып" апам тамак ашыма деп берген акчамдан эконом кылып атып чогулткан киичине акчама базардан тупилий сатып алдым.Кубанычта чен жок,баарыбыз эл алдына чыгабыз деп толкунданып алганбыз .Сылап сыйпап эч жакка кийбей аяп атып ала келген тупилийимди кие койойун десем эле батпайт.
Рахмат сулуу,сенин да амандыгыңды тилеп кетем
Чооң рахмат эже!
#6260 26 November 2013 - 15:54
Ракмат кызым окуп отуруп журогум тазарды.Эне коргон кыз тон бычат дейт бул соз илгеркиден калган.Энени сыйлап,кайненесин урмат кылган аял заты эч качан кор болбойт.Оркунун оссун кызым.Балдарын да озундой мээрбан чыксын.!!
..
Бир кезде озум дагы олум менен омурдо арбашып,жаным кыйналганы эсиме тушуп козумон жаш чыгып кетти.Козум отуп кетсе апакем кантет ,карып калган чагында куйутко тушуп калабы деп санаам санга,ойум онго тушуп ,бир корууго зар болуп,ичимен зил отуп оперецияга кирдим эле...Менин башыман ошондой кундор да отту эле...
Эми коргон азабындын акыркысы ошо болсун! Омурун узун болуп,балдарын менен алганын менен аман эсен оз элинерге келип,коптун колдун катарында бактылуу болуп ,балдарындын урмат сыйын кор.Сага берген энелик ак батам деп бил.

Супер-Инфо
super.kg
видео