Кудалашуу – никелешүү алдында ата-энелердин нике тууралуу макулдашуусу,
убадалашуусу.
Кудалашуу төмөндөгүдөй түрлөрдө жүргүзүлгөн – бел куда, бешик куда, кайчы куда.
Бел куда – төрөлө элек балдарды (боюнда бар кезде) келечекте баш коштуруу үчүн убадалашуу;
Бешик куда – кичинекей, бешиктеги мезгилинде кудалашуусу;
Кайчы куда – кыз алышып, кыз беришүү.
Кудалашуу демилгеси жигиттин ата-энеси, же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине,
же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган. Кудалашуу учурунда кыздын, же жигиттин эрки, каалоосу эсепке алынган эмес.
Калың - үйлөнүү үлпөтүндө колдонулуучу ырым. Калың никелешүүнүн негизги шарты болуп, негизинен малдан турган. Бай үй-бүлөлөр көпчүлүк убакта калың катары жамбы төлөшкөн. Мал менен төлөгөндө тогуздап эсептелген.
Калың төлөөдө коомдогу мүлктүк мамилелер даана байкалган. Себеби, калыңды толук бойдон өз убагында оокаттуу, мал-жандуу, урук-туугандуу үй-бүлөлөр гана төлөй алышкан. Кедей үй-бүлөлөр калыңды көп жылга чейин төлөй алышпагандыктан,
баласы кеч турмуш курган.
Шарт боюнча кудалашууда бычылган калың толугу менен же бөлүк-бөлүк болуп төлөнгөн. Калың төлөнүп бүткөндөн кийин гана үйлөнүү тоюна кам көрүлө башталган. Калың төлөө кыргыздын салттуу турмушунда үй-бүлөнүн эмес, уругуна төлөнгөн. Кийинчерээк мындай көрүнүш өзгөрүүлөргө душар болуп, үй-бүлөнүн өз иши болуп калган.
Сеп - турмушка чыккан кыз өзү менен чогуу ала кетчү кийимдери, эмеректери.
Салттуу үйлөнүү үлпөтүндө кызды узатууда себин кошо берүү эң кыйын шарттардын бири болгон. Сеп калың төлөгөндөн тартып даярдала баштаган.
Негизинен кыз бала эс тарта баштаганда анын энеси себине деп алдын-ала буюмдарын, эмеректерин топтой берген. Калыңдын өлчөмүнө жараша сеп даярдалган.
Иш жүзүнө келгенде сеп калыңдан ашыгыраак болгон.
Септин курамына боз үй, жууркан-төшөк,
жасалгалар,
тиричилик оокаттары, шуру, сөйкө жана башкалар кирген. Септи берүү жүк көргөзүүдөн башталат. Атайы тигилген боз үйдүн ичине кыздын себи коюлат. Күйөө тарап септи көргөндөн кийин кыз узатуу башталат. Сеп кыздын менчиги болуп эсептелип, андагы буюмдар өзү жашаган үйгө коюлган.
Кыргызымдын каада салттары. Ташка тамга баскандай тарыхта калсын. Унутулуп бара жатат. Эсте жүрсүн дайыма.
#41 07 October 2011 - 04:53
Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#42 14 October 2011 - 09:32
Мага эн жаккан сапатыбыз меймандостугубуз.
.....
жана ошондой эле ар намыстуу, тайманбас калкбыз, эмнеси болсо да Манастын урпагыбыз
жана ошондой эле ар намыстуу, тайманбас калкбыз, эмнеси болсо да Манастын урпагыбыз
Жизнь не остановилась,
все вокруг живут, радуются жизни, веселятся, а я не знаю как мне себя вести.
#43 14 October 2011 - 15:08
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#44 14 October 2011 - 16:49
Үйлөнгөндөгү бир салт бар го, ошнун аты кандай? Биринчи түндөн кийин шейшепти илип коюшат. Жакшы жуубай. Анан женелер ар кимден суйүнчү сурайт не деп эле, уулдуу болдук деппи ,ошондой. Анан айрым жерлерде ошол шейшепти алып жаны уйлонгон бала айылды кыдырып жугуруп чыгат дешет, ошол чынбы?
Кудай сактай гоор, шейшеп текшермей деген,кыздын женелерине суюнчу берет деген нерсе бар,ал эми куйооосу шейшепти жамынып алып айыл кыдырат дегенди укпапмын дээги эле.Уят эле нерсе го,жигит башы менен ошентип журсо,мынааа дегенсип.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#45 14 October 2011 - 16:52
АКСАКАЛДАРДЫ УЛУКТОО
Кыргызда аксакалдарды сыйлоо, аларды улук тутуу адаты эң эле кучтуу орун алган. Аксакалдар отурган уйгө жаштар уруксатсыз бир да кире алышпаган. Аксакалдын алдында бир ооз созду да бийлик кылып айта алышкан эмес. Карынын каргышы тийсе шексиз олот деген ишенич болгон. Карыдан бата алса омуру узарып, багы ачылат деген ишенимди бек туткан.«Жамгыр менен жер когорот, бата менен эл көбөйөт» деген макал сөздөр байыртан калган создор болгон. Карылардан бата алуу адаты эң кучтуу орун алган. «Сен сыйласаң карыңды, кудай сыйлайт баарыңды» деген макал сөздөр бар.
«Карысы бар жерде — касиет бар» деген да сөздөр бар.
Кыргызда чечилбей турган чоң кенешти карылар чечип, карыларга ар дайым кайрылып чечтирип келген.
Ашка тойго кылып түшүрүлгөн. Мисалы, бир чоң уруунун ичинде бир канча майда уруулар болуп, алардын эң аксакалы, тойго мурун түшүрүлгөн. Жоого да ошону мурун салышкан.

#46 09 November 2011 - 10:59
Колго суу куюу
Кыргызда үйгө келген коноктун «колуна суу берүү, колуна суу куюу» парыз катары каралган. Колго суу куюунун тарбиясы да үйдө бекем иштелет. Баланы кичинесинен элге жумуш кылуунун башат тарбиясы катары башкалардын колуна суу куйдуруп көндүрөт. Колго суу куюунун да өзүнчө эрежелери бар. Бекем тартиби болот.
Өз үйүндөгүлөрдүн колуна суу куюп бата алуу болгон. Өз үйбүлөсүндөгү бир бүлө кишилерден эң кичүү бала чөөгүн көтөрө алгандай болгондон баштап эле ал үйдүн колго суу куюу милдетин өзүнөн удаалаш улуусунун колунан алат. Үйдөгү чоңураак кишилер (чоң эжеси) чөөгүнгө (кумганга) чабыштырып даярдап койгон сууну чылапчын менен көтөрүп, сүлгүнү (суу жоолукту) моюнга арта салып, эң төрдө отурган үйдүн улуусунан (чоң ата, чоң энесинен же атаэнесинен) баштап колго суу куя баштайт. Ал эми колго суу куюучу элден мурда сууну өз колуна куюп көрүшү, өз колуна ылайык келсе, анан баштан баштап куюу керек. Куюп жаткан суу өтө калыптуу ченемде, үзүпүзүп куюлушу керек. Колго суу куйган бала колго сууну өз эрежеси, аябай ыйбануулук менен куйса атаэненин батасын күнүгө үч маал алып турган.
Бир күндө колго суу куюу жумушу ошол үйдүн балдарынын талашкан жумушу болуп калуусунун себеби да үйдөгү улуукичүүнүн батасын көп алууну максат кылгандан болгон. Ошого бир үйдөгү атаэненин, улуулардын колго суу куйган балдарга өтө астайдилдик менен баланын көөнүн көтөрүлүүсү үчүн, жакшы тилектүү сөздөр менен бата берип, тарбиялап туруусу илгертен аткарылып келет. Бул жөрөлгө балдардын кичи пейил, башка бирөөгө (өзүнөн башка) кызмат кылуу көкүрөгүн ачып келген. Ал эми келген коноктордун колуна суу куюу кыргыздарда бекем эреже менен аткарылган. Анын негизги эрежелери:
1. Суу куя турган чөөгүн таза, бүтүн (агып турбаган), капкагы бек жабылган болушу керек.
2. Суу куюла турган чылапчын түбү бүтүн, өзү таза жуулган болушу.
3. Чөөгүндөгү суу бейман кирген кезде куюлса, жылымык чабыштырылсын.
4. Дасторкон салына элек болушу керек. Мына ушул шарттар даяр болгонун колго суу куюучу бала көңүлүнө туюп болгон соң анан суу куюуну баштайт. Суу куйганда төмөнкү тартипти сактайт.
Дасторкон салынуунун (тамак тартылуунун) алдында колго суу куйганда, тор жактан баштап куят. Суу куйганда чылапчын жерге коюлуп, же жерге тиертийбес көтөрүлүп (сол жак кол менен) турат. Оң колдо чөөгүн сабынан кармалып, бармак менен капкагы этиятта басылып турат. Сууну үзүпүзүп колдун жарымынан көбүрөөк жайылгандай ченемде үч мертеме куюлат. Шар куюп коноктун кийимаягына суу чачыратууга, же тамчылатып куюп, конокту зарыктырып, келбээртип туруп алууга болбойт.
Суу куйган бала (же киши) сөзсүз бүгүлүп туруп, ыйбалуу куюусу, мүрүгө арта салган сүлгүнү (суу жоолукту) башкы кишиге кош колдоп сунушу керек. Дасторконго бата кылынып, дасторкон жыйылган кезде колго суу куюуда ушул эреже боюнча болот. Мында окшобой турганы суу этектен торге карай куюлат, суу мурдагыдан жылуулатылат. Мына ушул талаптар менен колго суу куйса, ар бир конок суу куйган балага айрымайрым бата берген, же кыска ак тилек айткан. Эгерим бул эреже боюнча куйбай калса, колго суу куйган бала коноктон бата алмак тургай «шапат алган» иштер коп болгон. Эл ичинде мындай эки нерсени айтып, бата албай «шапат жеген» жомокту айтышат: бирөө, бала чөөгүндөгү сууну оз колуна куюп корбой (мурда чабыштырып оттун боюна койгон чөөгүндү) барып суу куйганда, ал суу кайнап, ото ысык болуп калган болот. Аны дароо коноктун колуна куюп кол күйгүзүп салган.
Тиги улуу киши баланы жаакка бир шапат уруп, баланын колунан чөөгүндү ала коюп, кайра баланын колунун өзүнө куйганда жаагы тызылдап, колу күйгөн бала эстен кеткис тартипке жыгылган экен. Дагы бирөө, сууну эңкейип куйбай, отурган коноктун оозуна чөөгүндүн чоргосу кезелип калган болот. Анда ал конок балага колун сунбай, оозун ачып берип, уят кылган экен. Теги колго суу куюу тартибинде тартиптен тайгандар бата алмак түгүл, как эле ошол майданда жазасын тартып, элге сабак болорлуу окуяны сүйлөшүп жүргөндөр коп болгон экен.
Колго суу куюу жумушу кыргыздарда эң эле «сооптук» жумуш катары каралган. Анын сообу бата аркылуу тиет деген түшүнүк болгон. Ошого, колго суу куйганга берген бата ото ыкыластуу, берилгендик менен берилип, батанын мураттилегине жетүүсүн качан да болсо соз кубаты менен шыктандырып турууга тийиштүү болгон. Колго суу куйганда, шарт барабал астында, эр конокторго эркек балдар, ургаачыларга кыздар колго суу куюуну адат калыптанган көрүнөт. Андан бөлөк өзүнөн улуу жаштагы кишиге колго суу куйдурган. Сыйлуу коноктор да өзүнөн улуу киши колго суу куям десе, аянып, ыйбаа меен ынабайт. Ошого колго суу куйгузган кишини эстүүлүк менен кичүү кишилерден койгон жон.
Кыргызда үй ээсинин эстүүлүгүн колго суу куйдуруу тартибинен эле конок ичинен акырын баалай турган. Кадыресе мына ошентип, үй ээсинин тарбия көрүү деңгээлин бир гана колго суу куюу өтмөлүгү менен сынап ташташкан.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#47 09 November 2011 - 11:06
Туура айтасыз, баарына кошулам, тактап коё турчу жери, тамак астында колго суу куйганда он жактан баштап куят, тамак желип буткондон кийин сол жактан куюп, он жагы менен чыгып кетет. Дагы, жаш баланын колу суунун ысык суугун жакшы ажырата албайт, кары кишилерге ысыгыраак суу жагат, ошондуктан сууну бир аз ысыгыраак кылса жакшы болот
#48 28 February 2012 - 23:59
Кой союу. Кой союунун улуттук ыкмасы.
КОЙДУ МУЗДОО ЖАНА ТЕРИСИН СЫЙРУУ
Койду сойгонго чейин, уй шартында атайын байланып, же жайлоодо семиртилет. Койду тойлордо, маанилүү окуяларды белгилегенде, конок келгенде; узак жол жүрөөрдө, түлөө өткөрүүдө, күндөлүк ысык тамакка, өлүм-житимде, ашта союшат. Кой соёрдун алдында, аны жип менен жетелеп келип, кыбыланы каратып туруп, кудайга сыйынуу маанисинде, ак мал, өз мал деген таризде атайын бата кылынат. Маселен, ак батада койдун эти арналып союлган конокко, бала- бакырасына жана урук-туугандарына буюруп, алардын ден соолугу чың, болуп, аман жүрүшүп, ырыс-кешиктүү, дасторкондун мол болушун тилеп, жалпы эле калктын аманчылыгын, элибизде жана жерибизде тынчтык болушун каалашат.
Бата кылгандан кийин жипти койдун моюнунан бошотуп, жерге жыгып, төрт бутун бири-бирине кайчылаштырып, жип (моюнунан алынат) менен бекем бууйт. Сол колу менен башын ийе кармап, курч бычак менен мууздайт. Койду мыкты сойгон адамды кыргыздар касапчы деп аташат. “Койду сойсо, касапчы сойсун” деген лакап-кеп бекеринен айтылбагандыгы – чындык. Касапчы койду мууздаганда адегенде күрөө тамырды жана кекиртекти кулактын түбүн туштап кесет (1-сүрөт). Бычактын мизи моюн омурткага чейин жетиши керек. Аккан кан бир аз жерге агып, андан кийин атайын идишке чогултулат. Сызылып чыккан кан токтогондо, моюн омуртканы ажыратып, жүлүндөгөндөн (жүлүндү бычактын учу менен кесет) кийин, моюндун мууздалган жерин, муздак суу менен канын жууп салуу керек. Койдун “жаны” чыккандан кийин, буттарын чечип, термини сыйруу иши башталат.
Кой
Адегенде койдун алдыңкы колундагы шыйрак менен кар жиликтин кошулган тушунун терисин тегеректеп кесет да, бычактын учу менен колдун ич жагындагы терини төштүн учун карай туз жирөө керек (2-сүрөт). Экинчи колдун терисин да ушундай жол менен жиреп, моюндун териси да башты карай тең экиге бөлө кесишет. Андан кийин койдун арткы буттарынын терисин ич жагынан шыйрактан баштап, табарсыкка карай жирөө керек. Курсактын териси киндик аркылуу тең экиге бөлө кесилет. Төш жактагы терини бычак менен кесип сыйрышып, кере тартып, дененин калган жеринен терини муштум менен жиреп сыйрыйт. Төштүн терисин сыйруунун алдында керчөө чыгарып алса да болот, бирок керчөө чыгаруу теринин сорттуулугун кескин төмөндөтөт. Ошондуктан кийинки жылдары керчөө чыгаруу жүргүзүлбөй келе жатат (теринин баасы төмөндөп кетпеши үчүн). Кол менен жирөөдө теринин сыйрылбаган жерлери, же эттин майы териге өтүп жатса, тери бычактын жардамы менен сыйрылып, андан кийин муштум менен жирелет. Терини бычак менен сыйрууну өтө этияттык менен, кеспей жүргүзүү керек. Терини жеңил, кеспей, кемтиксиз таза сыйруу үчүн, койду соёрго чейин ачка, жем-чөп берилбей 10-12 саат кармалышы талап кылынат. Койду ачка кармоодо сууну бере берсе болот. Койду соёрго чейин ачка кармоо эт комбинаттарында да атайын технологиялык көргөзмөнүн талабына ылайык жүргүзүлөт. 2-сүрөт. Койдун терисин сыйруунун схемасы. Терини таза, жеңил сыйруунун дагы бир жолу бар. Андай учурда теринин алдына жел үйлөтүү болуп саналат. Бул ыкма үй шартындагы жасалгалар аркылуу колдонулуп келе жатат. Жел үйлөтүү төмөндөгүдөй жол менен жүргүзүлөт. Кой мууздалгандан кийин, алдыңкы же сан буттарынын терисине насостун жардамы менен жел үйлөтүлөт. Жел үйлөтүү теринин таза сыйрууга гана шарт түзбөстөн, эттин сырткы көрүнүшүн да жакшыртат, ошондуктан бул ыкманы касапчылар кеңири колдонуп келе жатышат (орто семиздиктеги кой эти, семиз койдун этиндей агарып калат). Койдун көөдөнүн жарууну төмөндөгүдөй жүргүзүү керек.
Кой
Адегенде кабыргалардын учу төштөн ажырата кескенден кийин, биринчи боконону, андан кийин беш кара кабырганы жана карчыгаларды ажыратат. Кабыргаларды төштөн ажыраткандан кийин карын менен ичегилерди жарып албас үчүн, бир кол менен ичеги карынды ылдый басып, бычак менен чебердеп карын этин бел омурткаларды карай төштүн кемирчектери аркылуу кесет. Карын этин тегерете кесип, дененин экинчи жактагы кабыргаларын төштөн ажыратып алышат, карын эти теш менен бирге чыгарылат. Ажыратылган төштү бактын бутагына, баканга илип коюу керек. Төштү чыгаргандан кийин, денеден карынды жана ичегилерди ажыратуу жүргүзүлөт. Ал үчүн кызыл өңгөчтү таап, аны кол менен этияттап (үзүп албай) тартып моюндан, кекиртектен үзбөй чыгарып алынат. Кызыл өңгөчтү карындан бир карыш жогору жеринин сырткы катмарын эле бычак менен тегерете кесип, кесилген жерди бир аз чоңойтуп ошол жерин бир же эки жолу түйүп байлап коюшат. Кызыл өңгөчтү түйүүнүн себеби, ичеги-карындагы жем-чеп калдыктары чыгып, этти булгап албаш үчүн жүргүзүлөт. Карындан, ичегиден ич майды толугу менен ажыратып алышат, койдун семиздүүлүгүн ич майдын салмагы аркылуу да аныктоого болот. Андан кийин касапчы карынды ичегиден бөлүү үчүн, жардамчы балага карматып кесет.
Карынды ажыраткандан кийин, ичегилерди чарага бөлүп салышат да, эзилип кетпеш үчүн, муздак суу куюлат. Ичегилерди болсо, жоон ичегинин учун кесип ажыратышат. Табарсыкты жарбай, этияттык менен кесип алуу керек. Денеден ичеги-карынды алып салгандан кийин, бел аркалардын тушунда жыйылган канды (койду жерде, аспай сойгондо) өзүнчө бир идишке чогултулуп куюлат. Андан кийин боордон өт ажыратылат. Муну аткаруу өтө чеберчиликти, тыкандыкты талап кылат. Болбосо өт жарылып кетсе, анын уусу этке сиңип, аны жараксыз кылышы толук мүмкүн. Ошондуктан бычак менен өттүң ичке жагы н боордон ажыраткандан кийин, кол менен тартканда, өт боордон ажырайт. Боордон өттү алып салгандан кийин, өпкөнү, жүрөктү кекиртек менен бирге ылдый тартып, моюндан ажыратышат. Кекиртекти тартуунун алдында, аны тегерегиндеги эттен бошотуу керек. Жүрөктү узунунан бир, эки жолу кесип, андагы канды муздак суу менен жууп тазалайт.
Кекиртектин ортосу тиле кесилип, өпкө, жүрөк, баканга асылып коюлат. Төштүн кемирчеги алынат, Салт боюнча, кемирчекти уйдун, сарайдын төбөсүн кездей ыргытышат. Эгерде төштүн кемирчеги биринчи жолу ыргытканда эле төбөгө чапталып калса, “уйдун ээсинин баласынын тайы күлүк чыгат экен” деген аңыз да айтылат. Башты жана төрт шыйракты териден кесип алып, куйкалап, тазалоого жиберилет. Эгерде баш менен шыйрактар жүндүү келсе, аны кайчы менен кыркып алып, андан кийин таза куйкалап, жылуу же ыкчам суу менен жууйт. Куйкаланган баштын тил жаагы ажыратылып, казанга салууга даярдалат. Койдун териси денеден толук сыйрылып, төштү, ичеги-карыны, өпкө-жүрөгү алынгандан кийин, эт атайын эреже менен жиликтешип бузулат. Ысык-Кел, Нарын аймактарында, Чүй өрөөнүндө койду мууздагандан кийин жерге жаткызып алып, терисин сыйрышат. Республикабыздын түштүгүндө койду көбүнчө асып союшат. Койду асып союуда тери кесилбей, таза сыйрылат. Койдун терисин сыйрыбастан туруп, куйкалап союу да ишке ашырылып келе жатат. Бул ыкма эттин даамдуу жана берекелүү болушун камсыз кылат. Алгач койдун жүнүн текши кыркып алуу керек. Койду куйкалап союу учурунда теринин мууздалган жерин жип же ичке зым менен тигип, мурдагы калыбына келтирип туюктайт. Андан кийин койдун сан жагындагы терисин бир аз тешип, насостун жардамы менен жел үйлө түлөт. Жел үйлөткөндө койдун денеси көөп, куйкалаганга ыңгайлуу болуп калат. Кун ысыкта, айрыкча жай айларында, койду куйкалардан мурун ичеги, карынын алып салуу керек, себеби ичеги карындагы ар кандай бактериялар тез өнүгүп, этке терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан кун ысыкта койдун карынын киндик аркылуу жара кесип, ичеги карынды алып салып, андан кийин теринин жарылган жерин кайрадан бириктирип жип же ичке зым менен тигип коюу керек.
КОЙ ЭТИН ЖИЛИКТЕП-МҮЧӨЛӨӨ
Кой этин жиликтеп-мүчөлөөдө кабыргалардын сынбай ажыратылуусуна, жиликтер белгилүү өлчөмдө эти менен чыгарылышына чоң көңүл бурулат. Кой этин мүчөлөөнүн схемасы 3-сүрөттө көрсөтүлдү. Адегенде ан башкы кабырга-боконо ажыратылат, бул үчүн экинчи кабырганын түбүнөн жогору карай кесебиз, андан кийин беш кабырганы санап, бешинчи менен алтынчы кабырганы жабыштырып турган этти тиле кесебиз. Беш кабырганын түбүн аркадан учтуу бычактын учу менен чукуп-кесип ажыратабыз да, койдун колу менен бирге денеден ажыратылат. Экинчи колду да беш кабырга менен ушундай жол менен ажыратып алабыз. Андан кийин биринчи эки кабырганы сындырбай аркадан ажыратып (эки жагын тең), моюндун этин боконо менен бирге мулжуй ажыратылат. Кара кабыргаларды кол-кол боюнча ажыраткандан кийин, карчыгаларды бел омурткалардан ажыратып алуу керек. Карчыгалар арканын эти менен бирге ажыратылат. Мындан кийин моюн омурткалар (жети даана) жетим аркалардан, ал эми жетим аркалар бел аркалардан ажыратылат. Эки колун, арка, моюнду ажыраткандан кийин, сандар ажыратылат. Сандарды ажыратуу куймулчакты жамбаштардын учтарынан бөлүүдөн башталат. Куймулчактын аки жагын көчүк тешиктен жамбаштын учун карай кесишет. Андан кийин жамбаштардын бири-бирине жабышып турган жери бычактын, колдун күчү менен ажыратылат. Жамбаштардын ажыратылган учтарын бел аркага такал туруп, ылдый басканда жамбаштардын экинчи учтары куймулчактын түбүнөн бошоп калат. Жамбаштардын бошоп калган учтарынын этин бычак менен кессек, эки сан жана куймулчак бөлүнүп чыгат. Эми кол этти, сан этти мүчөлөп, өзүнчө жиликтерге бөлүп алуу керек. Ар бир жилик белгилүү өлчөмдөгү эти менен бирге ажыратылуусуна өзгөчө маани берилет. Жиликтерди тийиштүү эти менен бирге бөлүү атайын эреже менен жүргүзүлөт.
Кой союу3-сүрөт. Кой этин мүчөлөөнүн схемасы:1 – жото жилик; 2 – кашка жилик; 3 – жамбаш; 4 – куймулчак; 5 – бел аркалар(омурткалар); 6 – карчыга; 7 – төш; 8 – кар жилик; 9 – күң жилик; 10 – далы; 11 – кара кабыргалар; 12 – моюн омурткалары; 13 – жетим омурткалар; 14 – баш; 15 – шыйрактар.
Сан эттен биринчи жото жиликти ажыратып алышат. Жото жиликти кашка жилик менен жабышып турган туштан муундап кесип ажыратып, эти кашка жиликти бойлото кесип алынат. Кесүүнү кашка жиликке эт калтыра жүргүзөбүз. Андан кийин кашка жилик эти менен жамбаштан ажыратылат. Жамбаштын эти орто ченинен туура кесип коюлат. Жамбаштын орто чениндеги көрүнгөн тарамышты сууруп салууну унутпоо керек. Экинчи санды да ушундай жол менен жото жиликке, кашка жиликке жана жамбашка ажыратып бөлөбүз. Кол эттен биринчи болуп кар жилик күң жиликтен ажыратылат, андан кийин күң жилик далыдан бөлүнөт. Кар жиликтин этин көбүрөөк чыгарышыбыз керек. Далынын учундагы кемирчек сөөккө жармашкан чеги аркылуу кесилип коюлат. Кой этин туура жиликтеп-мүчөлөө үчүн, чоң тажрыйба талап кылынат. Андыктан билген кишинин көзөмөлдөөсү аркылуу этти; мүчөгө ажыратууну, жиликтөөнү үйрөнүүгө аракет кылып, кой сойгондо этти балталабай мүчөлөсө гана мыкты касапчылыкка үйрөнөт. Кой этин мүчөлөөнүн кыргыз элинде колдонулуп келе жаткан алгылыктуу ыкмасы этти сарамжалдуу пайдаланууга жана мейманга туура тартууга шарт түзөт. Бул ыкманын артыкчылыгы сөөктүн майдаланбай, калдыктардын таптакыр чыкпашы болуп эсептелинет.
Этти балта менен чапканда сөөк да, ат да майдаланып, коромжуга учурайт. Улуттук ыкма менен кой этин жиликтеп-мүчөлөөдө төмөнкү устукандар бөлүнүп алынат: жото жилик, кашка жилик, жамбаш, далы, куймулчак, кар жилик, күң жилик, боконо (биринчи аки кабырга), кара кабырга, карчыга, бел арка, жетим омуртка жана моюн омурткасы. Кой этинен алынган устукандарды санына жараша, таразага тартпай эле экиге, үчкө же төрткө тең бөлүп алса болот. Кой этин улуттук ыкма менен жиликтеп-мүчөлөөнүн артыкчылыгын жана элибиздин конок күтүү өзгөчөлүгүн эске алып, шаарларыбыздын базарларында кыргыз сатып алуучуларынын талабын канааттандыруу үчүн кой этин балталабай эле, устукан-устукан боюнча сатууну уюштуруу зарыл деп эсептейбиз. Устукандардын сатуу наркын болсо, алардын улуулугуна, эттүүлүгүнө жараша чегерсе болот. Иш жүзүндө элибиз керек маалында касапчылардан кой этин атайын суран балта менен чаптырбай алып жүрүшөт. Кой этин жиликтеп, мүчөлөгөндөн кийин, бышырылуучу устукандарды казанга салып (коноктун санына, сыйына жараша), калганын баканга илип сергитүү керек же чарага, жайпак табакка бөлөк-бөлөк жайгаштырып, абага желдеткенден (2-3 сааттан) кийин, туздап, кургатып же ыштап, андан кийин муздаткычка сактаса болот.
Кой союу4-сүрөт. Кол (а) менен санды (б) мүчөлөөнүн схемасы:1 – кар жилик; 2 – кун жилик; 3 – далы; 4 – жото жилик; 5 – кашка жилик; б – жамбаш.
Башты да куйкалап тазалагандан кийин бузуу керек. Куйкалаган соң башты оозу аркылуу кулактын түбүнө карай кесип туруп, жаактарды тил менен бирге бөлүп алабыз, Ысык суу менен жаактын жана тиштин тегерегин таза жууп, баштын учтуу тиштерин чагып коюу керек. Ичегилер таза жуулгандан кийин, атайын өпкө-карын менен бирге өрүлүп, жергем жасалат. Жөргөм жасоо алдында карынды ысык сууга кармап жыдытып тазалоо керек. Жергем ат менен бирге казанда бышырылат. Башты куйкалаганга чейин мууздоосу (кекиртектин учу) алынып, ошо жерге таяк сайылат. Мууздоону болсо отко, чокко көөмп бышырат, Боорду, жүрөктү, ич майды майдалап туурап, чогултуп алынган канды кошуп, туз, мурч салынып бир аз күрүч же ун кошулуп, фарш жасалат. Фаршты койдун жумуруна, мөөнүнө же карынга салып, быжы жасайт. Боорду казанга салып да, бышырып жешет. Боор 20-25 минутанын ичинде бышкандыктан, аны казандан чыгарып алат. Боор менен куйрук майдан куйрук боор жасалат.
ЭТ БЫШЫРУУ
Эт бышырууда устукандардын эти ажырап, эзилип калбай даамдуу даярдалышына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Сорпонун түсүнө, даамына да маани берилет. Этти казанга бышырсак даамдуу болот. Бышкан эттин даамы койдун тукумуна, жеген жем-чөптүн өзгөчөлүктөрүнө жараша болоору белгилүү. Кыргыз элинде этти туура бышырууга чоң көңүл бөлүнүп келген. Айыл-кыштактарда, жайлоолордо ат очокко орнотулган казанда бышырылат. Казанга этти коноктун санына жараша, же жарым койдун этин, же бир койдун этин дээрлик салынган учурлары кеп кездешет. Адегенде казанга муздак суу куюп, сууга эт салынат. Суунун деңгээли (2-3 см) эттен жогору болушу керек, андан кийин гана очокко от жагылат. Эгерде эт ысып калган сууга салынса, бышкандан кийин кызарып, көзгө комсоо көрүнүп калат. Этти бышырууда отту да туура жагуу талап кылынат. Эгерде отту алоолонтуп чоң жагып алсак, анда биринчиден, кайнаган суу ташып, сорпо коромжу болуп калышы мүмкүн, экинчиден, шарактап катуу кайнаганда эт катуу бышып калат. Ошондуктан суу бир кайнагандан кийин отту басаңдатуу керек. Казандагы суу жай кайнаганда эт эзилбей, мыкты бышат.
Казан кайнагандан кийин этке туз салынат. Казан кайнаганда пайда болгон көбүк (чий көбүк) башка идишке кашык же депкир менен алынып салынат же сорпону улам-улам сапырып чий көбүктү таратат. Чий көбүк алынып бүткөндөн кийин кайнаган сорпону тез-тез сапырып туруу керек. Чий көбүк сууга эрип кетүүчү белок жана май пайдалуу заттары, суу кайнаганда эттин белок заттарынын алгачкы молекулярдык түзүлүшү өзгөрүп сорпого өтүп, чий көбүк пайда болот. Ошондуктан чий көбүктү алып салуу, өңгөчө жаңы союлган этти бышыруу, илимий жактан туура эмес, сорпонун түсүн жакшыртуу үчүн гана иш жүзүндө колдонулуп жүрөт. Андыктан сорпону даяр болгондо майда тордон өткөрүп алсак, анын түсү жакшырып калат.
Казандан чий көбүктү алуу, көбүнчө биздин республикабыздын тундук аймактарында колдонулуп келе жатат. Чоң койдун эти казан кайнагандан кийин 2-2,5 сааттан кийин, ал эми козунуку 1-1,5 саатта бышат. Этти казанга салуу иши да өзүнчө жол менен жүргүзүлөт. Казандын түбүнө биринчи моюнду, боконону жана колдун этин салышат. Казан бир саатча кайнагандан кийин этти оодарып коюшубуз керек. Этти оодаруунун негизи себеби, эт эзилбей, устукан ажырабай жана текши бышышы үчүн жүргүзүлөт. Этти оодарганда, сорпонун үстүнкү катмарындагы жиликтерди башка идиштерге салып, андан кийин ишке киришүү эт бышырган адамга бир топ эле ыңгайлуулуктарды түзөт. Эттин бышканын сорпонун даамы аркылуу билсек болот. Шаарда, коммуналдык квартиранын шартында, этти чоң мискейлерге салып, газга бышырат. Газдын жакшы жери – оттун табын өзгөртүп турууга ыңгайлуулугу, бирок мискейде эт текши бышпайт, ошондуктан этти убагы менен оодарып туруу зарыл.
КОЙ ЭТИН УСТУКАНДОО ЖАНА ТАБАК ТАРТУУ
Эт бышкандан кийин, казандан же мискейден атайын депкир, сузгучтун жардамы менен өзүнчө бир табакка же чарага чыгарылат. Этти чыгарууда устукандар эти менен ажырабай чыгарылуусу керек. Устукандарды ар бир табакка бөлүү табак тартуу деп аталат. Ар бир табакка жиликтерди бөлүүнү устукандоо деп эсептесек болот. Табак коноктун санына, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт же беш кишиге бирден табак тартылат. Табак коноктун сыйына жараша жогорку (улуу) табак, ортончу (экинчи) же кичүү табак делип бөлүнөт. Жогорку табак коноктун, куда сөөктүн аксакалдарына, сый конокторго тартылат. Кыргыз элинде этти устукандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт. Жумшак эттүү, майлуу устукандар аксакалдарыбызга, карыларга, сыйлуу конокторго (куда- сөөккө) тартылат. Мисалы, жамбаш, карчыга, кашка жилик, жото жилик улууларга, аксакалдарга гана арналат, Арка, моюн, далы, кар жилик жаштарга тартылат. Эн улуу устукан болуп жамбаш эсептелинет, андан кийинкиге кашка жилик, жото жилик, карчыга тартылат. Ал эми куймулчак аялдардын улууларынын үлүшүнө тиет. Баш улуу устукандарга кирет, кийинки убактарда баш кичүүлөргө тартылып келе жатат.
Ысык-Көл, Нарын аймактарында кар жилик кыздарга тартылбайт (тез карыбасын деген мааниде), күң жилик табакка таптакыр тартылбайт. Карчыга болсо, кабыргаларга бөлүнүп, жетишинче башка устукандар менен бирге тартылат (эгерде устукандар меймандарга жетиштүү болсо). Башты табакка тартканда, бир кулагы кесилип коюлат. Табак тартуудан мурун, уй ээсине ооз тийгизет. Ар бир табакта отургандардын кичүүсү устукандан (эттүүлөрүнөн) этти беш бармак жасоого туураш үчүн кесип алып, устукандарды ар бир кишиге улуулугуна, сыйына, жолуна жараша ыйгаштырат. Табакта отургандардын кичүүсү бөлүнгөн сулп этти майда туурап, беш бармак жасайт. Беш бармак майда тууралган этке кесме (камырды), ысык сорпону (чыкты) кошуп жасалат. Айрым учурда жегиликтүү болсун үчүн, чыкка тууралган пиязды кайнатып кошот.
Эт чыгарылып, табак тартаар маалда коноктордун колдоруна уй ээсинин кичүү баласы же туугандары жылуу суу куюшат. Беш бармак желип бүткөндөн кийин табактар алынып, дасторкон жыйналып, бата кылынгандан кийин, колго ыкчам суу куюлат. Кашка жиликтен томук, жото жиликтен чүкө чыгарылат. Алар мүлжүлүп- тазалангандан кийин оюн ойноого жумшалат. Ар бир устуканды таза мүлжүү керек, жиликтери чагылып, чучуктары желет да, кийин итке берилет, же жерге көмүлүп, отко жагылат. Таза мүлжүнгөн далынын сөөгүнүн көрүнүшүнө жараша келечектеги турмуш да сүрүлөт.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#49 29 February 2012 - 00:14
жакшы темалар экен. Негизи Кыргыз деген кочмон жана мейман достугу менен тархта калган жана ар бир жердин озуно жараша салты бар! жана аны билгим келет каршы болбосонуздар 7-облустун салтын жазыныздарчы!
алдын ала рахмат
#50 13 March 2012 - 16:28
Ким кемпир олду деген салтты билет?Кобунчо бул олкобуздун туштугуно тиешелуу экен
Чтобы добраться до источника, надо плыть против течения.
Станислав Ежи Лец.
#51 18 May 2012 - 18:37
Ким кемпир олду деген салтты билет?Кобунчо бул олкобуздун туштугуно тиешелуу экен
Бул кандай салт экен?Укпапмын
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#52 18 May 2012 - 18:52
Бул кандай салт экен?Укпапмын
бул кобунчосу келин ала качып келгенде колдонулат, келин каршы болуп качканда, уйдогу кемпир жата калат кетсен мени аттап кет деп, аны айылда (дежурный кемпир) деп коюшат.
кандайсынар?
#53 18 May 2012 - 23:42
бул кобунчосу келин ала качып келгенде колдонулат,
келин каршы болуп качканда, уйдогу кемпир жата калат кетсен мени аттап кет деп, аны айылда (дежурный кемпир) деп коюшат.
Аа,рахмат Бека!Мен ырымдын атын биринчи угушум,бирок, кемпирлер жата калгандарын уггуп,көрүп эле жүрөм."Через меня кыйын болсоң өтүп кет" деп.Кээ бир жерде боорсок-нан коёт экен босогого.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#54 19 May 2012 - 00:12
Оа ошону кемпир олду деп коюшат, а нан боорсок жонундо укпапмын, силерде ашлямфу койсо керек э? Тамаша
кандайсынар?
#55 01 November 2013 - 13:24
- «Ар кимдин жүргөн, туулган жери мисир». Туулган аймак адамдын өмүрүндө тендешсиз баалуу керунет. Анткени ошол жерден ыңаалап, жарык дуйного келет. Киндик каны тамат, ошол жерден асан чакырылат. Аты коюлат, сэры май оозантат. Эненин ак сүтүн эмесиң, абасынан дем аласың. Сүйүнчү айттырат, жентек берет. Көрүндүк алат. Бешикке бөлөнөсүң, бешикыры ырдалат. Эмгектейт. Тушооң кесилет, чымындап чуркайсың, бөбөк, тестиер ж.б. жигиттик доор башындан еткон жер, албетте. баарынан кымбат. Суусу да. тоосу да. абасы да, ой-кыры да өзүндүн өскөн кезиңди элестетет. Ошон үчүн туулган жер, тууган эл – дейбиз.
Жарашып келген бир элес, жарашып кайра бир келбес, жамалым жайнап турганда, Жалгыздык мага тен эмес. Арзышып келген бир элес, атайын кайра бир келбес, ажарым арбып турганда, АЛ адам мага тен эмес.
#57 26 November 2013 - 20:03
Кемпир олду деген салт башка. Ала качып келген кызды босогодон чыгарбай жатып алган башка. Озум корбогом бирок угуп аябай тан калгам.Кудалар сый коруп чыгып бара жатканда,кемпир олуду деп кемпир жата калат экен.Анан ал кишини ырымын кылып акча берип тургузуп алат экен.Айтмакчы кыз тарап,уул тараптан ошонтип ырым кылып ондурушот экен
Кыргыз элимдин жакшы салтары коп бирок арасында жагымсыз салтарыбыз да бар.
Кызды кочуруп келип кайтып атканда кызынарга кошок аайтып кеткиле,кантип бир ооз кошок билбейсинер деп турганы жакпайт.Кыз баланы умут менен,бактысын таап бактылуу болсун деген тилек менен кайтып атканда кошок деген аты суук соз журогунду дурулдотот. Ушу нерсеге коно албадым.
Кудага барганында бут кийиминди катып,айланды кетиргени жакпайт.
Жаманчылыкта жылдык деп той сыяктуу сарпай кийгени,алтын тагып ото эле ашыкча болуп баратканы жакпайт.Бул озу жаны кирип бараткан салт го...

#58 26 November 2013 - 21:49
Балалуу болгондон кийин кыргыз калкым баланын кулагына азан айтып ат койулат.Таэнеси бешик жасап авысын ажындарын,колу коншудан,тели ткентуштан ээрчитип небересине бешик жеткирет.Чон койдон бирди алып,Бешигин салып,астына килем салып,себеттерин кампайтып,ойунчуктардан бир себет кылып,небереме сары майдан оозандырам деп,сары май алып,сары майга талкан кошуп,ширин болсун деп шекер сээп жентеке деп даярданып кыз куйосуно барат.Кудалары тозуп алып сый урматын корсотот.Килемди жайып устуно бешикти растап,эки тараптан эки байбиче баланы бешике
#59 28 November 2013 - 07:42
авторго жана активдук катышкандарга чоон рахмат азыр жаштарга аз да болсо салт санааны уйроткон жакшы нерсе мен да коп нерсе билип алдым .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)

Супер-Инфо
super.kg
видео