Суперстан: "Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Цыган кыз" сүйүү тууралуу чыгарма. Райханга азап тартуулаган сүйүү.

#361 Пользователь офлайн   uran001   25 Ноябрь 2013 - 12:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3
  • Катталган: 05 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Ноя 2017 23:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Египет

Ne Xan menen Aliya birge jatpait beken?Kyzyk ekengo alardyn suiuusu.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#362 Пользователь офлайн   zina29   25 Ноябрь 2013 - 13:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

Калганын качан жазасыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#363 Пользователь офлайн   bai.kymbat   25 Ноябрь 2013 - 13:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

кандай гана кызыктуу чыгарма! эми кызыгына келди окшойт. Бар болунуз Нуржамал Жийдебаева Сүрөтколунузга дарт тийбесин
келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#364 Пользователь офлайн   Ханбийке   25 Ноябрь 2013 - 17:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Ишимдин баарын таштап салып окудум чиркин.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#365 Пользователь офлайн   Maxabat81   25 Ноябрь 2013 - 20:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 40
  • Катталган: 12 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Июн 2014 01:31
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош шаары

Чыдамым калбай баратат не болоор экен деп иииий
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#366 Пользователь офлайн   Агата Кристи   26 Ноябрь 2013 - 09:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Ал эми анын жоготкон бакыты Алия бул учурда Абиштин таекесинин үйүндө жашырынып жаткан. Кайдан жайдан көктөн түшкөнсүп пайда болгон Алиянын келишине аялы экөө тең айтып бүткүс кубанычта эле.
-Ай, сен десе... дагы деле ойногуң келип жатабы?
Аттын жалын кичинекей колдору менен сылай сүйлөшүп жаткан Алияны алыстан байкап турган таеке жакын басып келди.
- Ат токуп берейинби, кызым?
- -Жок таеке, мен жөн эле сүйлөшүп жатам.
Кыздын канчалык көңүлдүү көрүнөйүн десе да көзүнүнү түпкүрүндө тынчсыздануу купуч кайгы турганын сезген таеке акырын сөзгө тартты.
- Алия, сенин келген жагдайыңды мен сурабадым, сен өзүң ачылбадың. Ошентсе да балам, көкүрөгүңдү дүпөйүл кылган бир нерсе турганын байкап турам. Ылайык көрсөң айт, көрбөсөң кыстабайм деле...
Алия ийнинен тына үшкүрүп алды.
-Азырынча менден эч нерсе сурабаңызчы, Кийин баарын айтып берем. Болгон өтүнүчүм менин бул жерде экенимди жан адам билбеши керек. Жок, таеке мен сизге ишенбегенден эмес. Сизди аягандан өзүм тууралуу эч нерсе айтпай жатам. Кийин баарын түшүнөсүз...
Таяке үн катпай атканадан чыгып кетти. Жалгыз калган Алия аттын мойнуна кучактап көз жашын төгүп жиберди.Окуранган ат “эмне ыйлайсың?” дегендей кыздын жибек чачын уйпалап жиберди.
-Кантип ыйлабайм? Алдым да артым да караңгы. Баламды сактап клам деп өз атасынан ажыратып жатам . Караңгыда карайлап жалгыз шоола издесем аным краңгы түнгө айланды. Аткан таңым, чыккан күнүм деген нерсе түн болуп чыкты. Айтчы, эми кандай кылмакчымын? Кайда барам? Жолум да оюм да тарыды.
Аттын жалына жүзүн каткан кыз көпкө ыйлады. Мунун баарын сыртта иш менен алек болуп жүргөн таеке угуп турган эле.
-Кемпир, Алия келгенден бери канча өттү. Сага чечилип бир сырын айттыбы?
Түн ичинде аялы менен сырдашкан ашыр таеке бирөөдөн корунгандай акырын шыбырады.
-Жок, эч нерсе айтпады. Бирок шекшиген жагым кыздын боюнда бар окшоду.
-Мен ошону байкап... Чагымда күйөөсү менен келише албай , үйүнөн чыга берген окшойт. Же байкуш кыз бир шумпайга алданып калды бекен?

247-инфо
Өздөрүнчө күбүрөшкөн кемпир-чал эч тыянак чыгара алышпай убара. Куду өз кызына ичи ачышкандай кейип жүрдү таяке. Ушундай күндөрдүн биринде кайып каскагынан болуп, Абиш телефон чалып калды.
- Таяке, кандайсыз?
- Абишсиңби? Оо, мурдуңду урайын, эмне кабарың чыкпай кетти? Таежеңең экөөбүз күтө берип чачыбыз агара турган болду. Эжемдер кандай? Жакшы жатышабы?
- Жакшы эле. Жумуштан кол бошобойт, таяке.
Абиш чындап эле таякесине көптөн бери барбаганын эстеп, кыжаалаттанып турду. Алия менен өткөн күндөрдү эстебеске тырышып, таякесине барбай жүрүп, көп убакыт өтүп кеткен экен.
- Барам, таяке, колум бошосо эле барам.
- Абиш, балким, мен туура эмес кылып жаткандырмын. Бирок, сага айтпай койгонго да болчудай эмес.
- Эмне болду, таяке?
- Алия... Алия бул жакта...
Абиштин деми буула түштү.
- Бул жакта дегениңиз кандай?
- Менин үйүмдө. Фермада. Бирок, Кудай жалгагыр, эч кимге ооз ача көрбө. Байкашыма караганда, өтө опурталдуу ишке кириптер болгон окшойт. “Эч кимге айтпаңыз” деп жалдыраган. Бирок, ичим түтпөй, сага айтууга туура келди.
- Болуптур, таяке.
Мынчалык өмүрүндө кубанган эместир Абиш. Куду жок жерден алтын таап алгандай маңдайы жарыла кубанды. “Бар экен да… Оо, Кудай, бар экен го. Мен үмүтүмдү үзүп койбодум беле”. Ошол замат жолго чыкты. Ооба, канча убакыт өтсө да, Алия анын жадынан түк чыкпаган экен. Биринчи жолу сапарга чыккан жаш баладай өрөпкүп кетип бара жатты.
Суунун шарын тиктеп ойлуу отурду Алия. “Ушунчалык чарчадым. Жалгыздыктан, жашоомдогу башаламандыктан, жоготуулардан тажадым. Баарынан да жанымдан артык көргөн адамдарым мени азапка салышты. Алгач апам таштап кетти. Анан атам... Атүгүл баарынан кечип, жүрөгүм менен сүйгөн Хандан көңүлүм калды. Мен үчүн жашоонун кажети барбы? Ким үчүн жашайм? Эмне үчүн? Балким, азыр эле боюмду сууга таштап... Баарын бүтүрсөмбү? Ошондо жүрөгүм тынч алып калаар беле?!” Чын эле шаркыраган сууга боюн таштап, өзүн да өңгөнү да тынчыткысы келип, бул дүйнөдө жок болгонуна да, бар болгонуна да кайыл болуп турду.
- Алия!
Теңселип турган Алияга бул кыйкырык алыстан угулду. “Ким бул? Ким чакырып жатат?” Акыл-эсин жыйгыча артынан келген карылуу кол кучактай бери тарта берди.
- Алия!
Кылчая берген кыз Абишке боюн таштап, буркурап ыйлап жиберди.
- Абиш, сен келдиңби?
- Ооба, берекем, мен келдим! Эми баары жакшы болот. Эми жанымдан чыгарбайм. Кичинекейим менин!
Күбүрөгөн Абиш ааламдагы бардык жакшы сөздүн баарын арнап сабылып жатты. “Кичинекейим. ..” Алия көзүн жумуп жиберди. Бул сөздү Хан айтчу. Так ушул учурда анын тааныш үнүн уккансып жүрөгү дирилдеп кетти.
ххх
Түн. Кургак бутактарды улам отко таштап коюп сүйлөшүп отурушту.
- Ошентип, жүрөгүмдүн буйругун угам деп жалынга түштүм. Баарына чыдайт элем. Бирок...
Алия алда немеден коркондой үнү буула түштү.
- Анткени... ант... менин боюмда болуп калды.
Абиш куду бирөө камчы менен чаап жибергендей дирт дей түштү. Алияга жалт карап алды. Кыздын апакай жүзүн жаш жууп турган эле.
- Ал менин боюмдан алдырышымды талап кылды. Баарына чыдасам да, бул талабына көнө албайт болчумун. Ошентип, качып чыктым.
- Акмак! Жырткыч десе...
Абиш жаны кашая жер муштап алды.
- Эми кайда бараарымды билбейм.Туш тарабым туңгуюк сезилет. Кээ күндөрү жанымдан аша кечип кетким келет. Бирок, жаңыдан жашоого келе турган наристемди кыя албайм. Менин тушоом да, капканым да ушул болуп турат.
Алдында мүңкүрөп отурган кызды карап туруп жүрөгү тызылдап кетти. Абиш кыздын жанына жакындай жүзүндөгү жашты акырын сүрттү.
- Ыйлабачы... сен ыйласаң менин жаным кыйналат.
Жигиттин өрттөнгөн көз карашын байкаган кыз селдее түштү. Эбак байкап, бирок көңүлүнө жуутпай жүргөн сыр азыр ачыла тургандай коркуп кетти.
-Абиш, айтпа, эч нерсе деп айтпа...
-Кечирип кой мени...
Айласыз колун тарта шалдайып отуруп калды. От акырындап өчүп бара жатканын байкаган кыз Абишти жубатмакка акырын үн катты.
-От өчүп бара жатат.
- От... от дейсиңби? Азыр...
Карбаластаган Абиш жүрөгүнүн түрсүлүн баса албай жатты. Мүмкүн азыр убакыт келген болуп жүрбсүн. Эбактан бери жүрөгүн жаралап туюк жарадай кыйнап жүргөн дартты айтууга бүгүн убакыт жеткендир... Ооба, дал бүгүн...
Абиш бардык кайратын жыйып кызды тике карады.
-Алия, менин жүрөгүмдөгү оту эч нерсе менен өчүрө алчудай эмесмин. Өмүрүмдө жолуккан аялзаты да аз эмес. Бирок жүрөгүмө, дилиме шайкеш келеер бир адамды издеген элем. Анан сен келдиң. Эч нерседен кпарым жок жүргөн учурда жашоомдо сен пайда болдуң. Ойлоп көрсөм. мен сендеги отту биринчи жолу байкап ошо отко байланып калган экемин. Бирок сен али наристе болчусуң. Эч нерсени сезбедиң. Мен сага сездиргим да келчү эмес. Жаштыгыңды аяп, аруу жандүйнөңдү өзүмө да ыраа көрбөй жүргөнүмдө. .. тиги адам сени өзүнө арбап алды. Багбан гүл тигип, көз жоосун алар ошо жыпар жытты искеринде бирөө гүлүн үзүп кеткендей эле сени жоготуп алдым. Бул да менин чечкинсиздигимен эле. Өзүмдү кандай гана күнөөлөдүм. Кандай гана көз жашымды төкпөдүм. Сен ал адамга кеткенден кийин деле үмүтүмдү үзө албай жүрдүм. Мына күнү бүгүнкүгө чейин...
-Токтот!
Капысынан кыйкырып жиберди. Алия. Көзүнүн жашы чарасына толуп азыр мөлт төгүлүп кетчүдөй болуп жатты.
- Жанымды кыйнабачы Абиш...
- Ал кез сен үчүн оор күндөр болчу. Атаңдан капысына айрылып, жаныңа жакын адамыңды издедиң. Мен сени эч күнөөлөбөйм.
-Абиш, токтот! Болду, эч нерсе деп айтпа...
Ордунан шарт турган Алия үйдү көздөй басты.
Армандуу тигилген Абиш кыздын аркасынан тигилип кала берди.

248-инфо
Турмуш адамды сынайт. Айрымдар ал сынакка туруштук бере алса, айрымдары турмушка жыгылып берет. Бирок Алия турмуштан жеңилүүнү каалаган жок. Жалындап сүйүп, ал сүйүүнүн асылынан да азабын көп көрсө да майтарылган жок. Ким билет бул балким өзүнүн рухунун бийиктигиненби же Абиштин тунук сүйүүсүнөн өзүнө болгон ишениминенби айтуу кыйын эле.
Шар суунун тиктеп отурган Алиянын артынан келген Абиш жанында отурду.
-Алия, мен ...-мукактана түштү.
Кыз көзүн көтөрө берип жалооруй тигилген жигиттин көздөрүнө кабылды.
-Мен көп ойлондум. Качанкыга чейин бул жакта жашырынат элең. Хандан сени куткаруунун бир гана жолу бар. Эгерде ал жолго түшпөсөң оор болуп калышы мүмкүн.
Кыз ийиндерин дирилдете үшкүрүп алды.
-Андан кутулучу жол жок окшойт. Ал мени баары бир таап алабы деп корком. Өзүм үчүн коркон жокмун. Менин коркконум балам...
-Алия, бирден бир жол экөөбүз үйлөнүп алышыбыз керек.
-Э-эм-не дедиң?
-Ушундан башка жол жок, Алия.
- Бул жол сага оор болуп каларын ойлодуңбу?
- Ойлодум. Баарына баш байладым Алияш. Анткени мен мындан ары сени колумдан чыгара албайм.
- А балачы?
- Сенин балаң менин балам.
Кыздын башы шылк дей түштү. “Ушундай да адам болобу? Сеники кандай жүрөк эле кургурум. Канча көңүлүңдү калтырдым. А сен болбой эле жандалбастап жүрөгүмдүн дарбазасын каккылап келесиң?Эмнеге антесиң?Мен ага татыктуу эмесмин, Абиш.”
Ошол күнү ошол саатта экөөнүн тагдыры чечилди. Кыздын макулдугун алган Абиш машинасын учуртуп айдап шаарга көңүлдүү кетти. Ал эми кыздын көңүлүндөгү дүпөйүл коркунуч мурункудан да күч алганын эч ким сезген жок.
Ххх
Шаардагы эки топтун ортосунда чыр чыгып кеткени, ал тургай кан түгүүлөр болгону тууралуу кабар Хандын кулагына тез эле жетти. Ордунан атып турган ал ошо замат окуя болуп өткөн жерге жетип келди. Кансыраган эки жигити оор , бири ошо жерден жан таслим болгон экен.
-Ким бул?
-Жору.
-Чыр эмнеден чыкты.
-Шеф, биздин “доляга” өздөрү баш салып алышты. Эбактан келе жаткан шартты бузуп өздөрүн чоң сезгенине улам биздин жигиттер...
-Тумар кайда?
-Ал сиздин тапшырмаңыз боюнча кеткен.
“Ооба, ал болгондо мындай чаржайыттык жол бербейт эле. Өзүм күнөөлүмүн. Бул жак минтип жатканда Алиянын изин чал деп өзүм жибергем. Хм, Жору да менин абалымды билгендиктен ушундай учурда артымдан кол салып жатат. Демек, менден өзүн күчтүү сезгени. ”
Өз жинине өзү уугуп турду. Жигиттер да кабагы түйлүлүп, өзүн жектеп артын салып турушканын сезе койду. Чындыгында эле кийинки кездери өзү иштен четтеп жалгыз гана алиянын азабы менен болуп калгандыктан кол алдындагылар анын көз жаздымынан кала түшкөн болчу. Мурункудай темир тартип болбой минтип башкалар алардын тамагын тартып алганга өтүштү. Билинбеген менен жигиттери ушуга нааразы болуп турган.
Хан муну да сезди. Эч кимисин тике карабай ордунан турду да өкүм үн менен буйрук бере салып, машинасына отурду.
-Кайда айдайын?
-Түз.
Айдоочусу эч нерсени түшүнгөн жок. Корконуна кайрылып сөз айтпай түз кете берди. Ошо боюнча шаардан чыгып кетишти. Ээн жерге келгенде айдоочусуна “күтүп тур” деп ээк каккан Хан кайдадыр бет келди басып кетти. Дуңдуйган далысы гана көрүнүп алыстап бара жатты. Жалгыз болууну эңсеп, көкүрөгүн түтөткөн кайгысы жанын кыйнап бара жатканын ким сезмек. “Эмнеге мындай болуп калды? Адегенде уулум, анан Алия... Ким менин жүрөгүмө жакын болсо ошолор мени таштап кетишти.” Топурак чеңгелдеп жүзтөмөндөп жыгылды. Көкүрөгү бошоп ыйлагысы келип жатканын туйду. Бирок ыйлай алган жок. Ошондо баягы еврей абышканы айтканы эстеди. Азыр бүжүрөгн ошо чал жанында отургандай үнү кулагына угулуп кетти. “Жылдызың асманга оболоп, бийлигиң менен көп адамды баш ийдиресиң. Тигине, көп адамдан бийик турганың көрүнүп жатат. Бирок, жаңыңда башыңды жөлөп, жан тартар эч кимиң жок. Эгерде бир адамды кезиктирбесең, турмушуң өзүң каалагандай бейпил өтөт. Жолуңда турган ошол кыз сенин кырсыгың болот. Балдарың да да, жарың да ал адамдай жакын боло албайт. Башың булутка жетейин дегенде, жолуңдан адаштырган ал адамдын тузагына илинбесең анда көп жашайсың"
Аттиң, айтканы дал келет деген ушу белем. Чын эле өзүнүн бардык күч кубатын, темирдей бекем эркин багындырып туруп көз боочудай жоголгон Алия эмеспи... Азыр колуна тийсе тытып жеп жиберчүдөй болуп турду.
-Баары бир табам сени. Баары бир мени менен болосуң. Уктуңбу? Сен меникисиң!
Ээн талааны жаңырта бакырып- бакырып алды. Бирок андан да көкүрөгү жеңилдеген жок.
Бул учурда Жору Ханга экинчи соккуну камдап жаткан эле. Көзүнөн кек күйгөн баягы жигит анын жанында отурду.
-Ушинтип эң жакын адамдарын акырындап жогото берсек өзүнө өзү алсырайт. Анан капканга түшүп берет. Кана дагы кайсы талуу тамыры калды. Ошону көздөш керек.
-Бир досу бар. Майып.
-Анан?
-Аны биртууганындай көрөт. Ар дайым кызын кезеңде ошол адам менен акылдашарын билем. Хандын дагы бир талуу тамыры ошо адам болуш керек.
-Майып дечи... аны табууга болобу?
-Болот.
- Анда аны өз колуңа ал.
Тиги үн катпай чыгып кетти. Артына жеңиштүү жылмайган Жору кытмыр көз карашын байкаган жок.
Ооба, бул адам Жоруга табылгыс кенч болду. Айткан сөзүнө туруп, ар дайым тапшырманы так , таза аткарганы менен айырмаланган бул жигит чын эле ишенимдүү жигиттеринин бирине айланды. Андан да кылган кызматына эч нерсе сурабаганы жоруга майдай жагып турду. Тигинин көкүрөгүндөгү кек күйүп, көп убакытка чейин өзүнүн айтканына чыкпасын сезип ичинен кубанып турду.

249-инфо
Абиш Алиянын тойго макулдугун алаганын менен апасын көндүрүү оңойго турган жок. Жалгыз уулуну минтип ойдо жок жерден, болгондо да Алияга үйлөнгөнү жатканын көңүлүндө жактырбай турду.
-Апаке...
- Бул кыз менен болгон мамилең жакшылыкка алып барбайт. Апаңдын тилин алып койчу... Уулум, менин жүрөгүм сезип турат.
-А менин жүрөгүм ал кызсыз жашай албайм деп жатсачы...
Апасы айласыз башын чайкап отуруп калды. Эбактан бери уулуну абалын байкап жүрсө да бул кыз деп ойлогон эмес. Анын үстүнө Алияны таштанды кыз деп эсептечү. Апасы башка бирөөнү ээрчип кеткени тууралуу да укканы бар. Ал тургай алияны кайдагы бир кримнал менен байланышы бар адам менен жашап жүргөнү дла кулагы чалган. Айтор бардык жагына уулуна тең көрбөй, көңүлүндө жактырбай турду.
-Уулум, сен кааласаң андан сулуусуна андан жакшысына үйлөнөсүң. Тиги Гүланда эжекеңдиндин кызы эмнеге көңүлүңө жакпайт. Балким ошону...
-Апа, мен Алиядан башка адам ды жактыра алсам эбак эле үйлөнмөкмүн. Алтыным апа, түшүнүп койчу...
Абиш апасына жалооруй карады.
-Өх, болуптур... Таякең да ортого түшүп”балдарга тоскоол болбо” деп какшап калды. Бирок айтты айпады дээрсиң. Бул кыз менен түбөлүктүү жашап кетерине көзүм жетпейт.
Ушинтип капаланган апасы майлыгын ийнине иле ашканасына кирип кетти.
-Баары жакшы болот апа, көрөсүң го...
Артына жеңиштүү жылмайды Абиш.
Ошентип тойго кызуу камылга көрүлүп баштады. Күн өткөн сайын ошол күнгө жетпей калчудай өпкөсү көөп жүрдү бул күндөрү жигиттин. Жуманын аягына чейин эптеп чыдайт да, Алияны көздөй шашып жөнөйт.
-Алия!
Колуна чака көтөрүп кетип бара жаткан кыз тааныш үндү угуп артына жалт карады.
-Абиш, келип калдыңбы?
-Келдим.
Маңдайына жумшак искеген Абиш кыздын мөлтүр көздөрүнө тигиле берди. Бул көз карашта сүйгөнүнө берилгендик, ишеним бар эле.
-Аз калды, буюрса эми биротоло бирге болобуз. Мен жана сен...
Кыз кысыла түштү. Эрксизден бөрсөйүп чыгып турган ичин карап алды.
-Биз жалгыз эмес экенибиз эсиңден чыгып кеттиби?
-Жок, жок... мен...
Эмне деп айтарын билбей, шашып кызарып кеткен Абишти аяп карап алды кыз.
-Абиш, сага балким өтө оор болоор. Али да кеч эмес. Мен сенин убалыңа калгым келбейт. Өз азабымды өзүм тартып...
-Жок, жок... антип ойлобо. Эсиңде болсун мен сенин балаңды өз баламдай көрөм. Мындан ары эч качан бул тууралуу сүйлөшпөйлү. Эсиңде болсун мындан ары биз бир үйбүлөбүз. Эч ким эч качан бизди ажырата албайт.
Абиштин жалындуу сөздөрүнөн, ишениминен Алияны жаралуу жүрөгү айыга баштады. Купкуу өңүнө кан жүгүрүп, жашоо кумары кайрадан ойгонду.
Аял Алияны жактырбай тигилип турду. Алгач бул сөз крашата ичиркене түшсө да башын бийик көтөрүп аялды маңкая тике карады кыз. ”Боюнда бар экен да, боюнда бар экен.” деп ичинен. “Ооба, мен ушундаймын” дегендей караш.Ичнен тына киртийип турган апасына Абиш жадырай жылмайды.
-Апа, бул Алия.
-Көрүп турам. Келгиле...
Босогодо турган кызды дагы бир жактырбай чолуп өттү да конок үйгө баштады.
-Абышка, конок келди.
Карбаластап ордунан тура калган атасы уулу менен Алияны мээримдүү тиктеп калды.
-Келгиле балдарым, кана өйдө өткүлө. Кызым, бул жакка...
Ошентип колукту менен таанышуу кечеси өз нугунда өтүп жатты. Абиштин карындаштары Алиянын көркүнө көзү тойбой карап жатышты. Бир гана апасынын чытылган кабагы жазылган жок, жанагы биринчи кирген боюнча алиягы жүз буруп да карабады. Жүрөгүндөгү дүйпөйүл бир нерсени сезгендей боло берди. Акыры кеченин аягында балсын акырын чакырып алды.
-Абиш, уулум келсең сөз бар.
-Азыр апке,
Жадырай кирип келген баласын апасыны капалуу кабагын көрүр босогодо туруп калды.
- Тигиниңдин курсактагысына канча ай болду?
Абиш эмне дээрин билбей туруп калды да акырын үн катты.
- Бил-билбейм. ..
- Бул бала сеники эмес!
Башына кимдир бирөө уруп жибергендей селт дей түштү жигит.
- Апаке...
- Сезип турам, сеники эмес. Балам, сен турмушту түшүнбөй жатасың.Башканын баласын өзүмдүкү деп...
- Ал менин балам!
Абиштин эмелеки жайнап турган өңү сустая апасына муздак карады. Апасы калтырай кетенчиктей берди. Эч качан мынчалык муздак караган эмес эле уулу.
-Ал менин балам!
Ушу сөздү дагы бар жолу салмактап айтып туруп артына бурула берди.
-Курган балам ай,
Көзүнө жаш каканактай берген энеси башын чайкап алып артка чегине берди. Кандайдыр бир ички туюм менен жалгыз уулуна коркунуч жакындап келе жатканын сезген эне жаны жай албай тыпырай берди.
Кыз ойлуу. Кулагына Абиштин апасыны сөздөрү жаңырып жатты.
-Ал сенин балаң эмес. Сезип турам, сеники эмес!
Ага жооп болгон Абиштин үнү...
“Бул күнөөмдү ким кечире алат? Эмне кылып жатам?Бирөөнүн баласын бирөөгө бала кылып... Арты кандай болоор экен? Бирок мындан башка айлам да жок. Абиш туура айтат. Хандан баламды сактап калуунун бирден бир жолу ушу гана. Оо шумдук, өз атасынан баламды качырдым. Башка айлам барбы?Ушунун айынан Абиштин жашоосуна кара көлөкө түшүрүп алсам өзүмдү эч качан кечирбесмин. ” Кыздын жан дүйнөсүн кыйнаган бул суроолорго таптакыр жооп таба албай жатты.
-Алия, кайдасың?
Жанына жете келген Абишти мойнуна асыла калды.
-Эмне болду?
-Эч нерсе.
Жигиттин басмырт үнү жан дүйнөсүнө бейпилдик бере алды. Ушу бейпилдиктен таптакыр ажырагысы келбей жигиттин кучагында көзүн жуумп тура берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#367 Пользователь офлайн   Aitunuk   26 Ноябрь 2013 - 19:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 808
  • Катталган: 11 Август 13
  • Соңку аракети: 11 Май 2020 00:36
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aijan (24 Ноябрь 2013 - 17:38) жазган:

Бирок оз жанрында мыкты.

Кайсы жанрдын мыктысы? "Мелодрама" деп мен биринчи эмес, экинчи маанисинде айтып жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#368 Пользователь офлайн   KUMU89   27 Ноябрь 2013 - 03:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 173
  • Катталган: 25 Апрель 12
  • Соңку аракети: Кечээ, 12:17
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош, Узген.

Baktyluu boluwsa jakwy bolmok.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#369 Пользователь офлайн   Агата Кристи   27 Ноябрь 2013 - 11:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Досум, анчалык өзүңдү таштаба. Мен билген белгилүү Хан кайда? Эсиңдеби, экөөбүз от менен чокту аралап жүргөн күндөрүбүз. Ошондо бейпил күнгө качан жетебиз дечү элек.
Хан майыптардын коляскасында отурган досун кыжалаттан карап койду.
-Туш-тушуман душмандарым башын көтөрүп калышты. Ха, Хандын кабыргасы кайрылып турган учурдан пайдаланып калгылары бар. Бирок андай болбойт.
Куду капканга бутун чаптырган арстанга окшоп буулугуп турган хандын далыга таптай берди досу. Албетте досу үчүн башкысы ал эмес экенин сезип турат. Жүрөгүн каптаган бороондун себеби башка эмеспи.
-Сүйгөнүңдөн кабар барбы?
Суроосу хандын ооруп турган жерине тиерин билсе да суроаганга аргасыз эле.
-Чекеңди тырыштырбай эле гой. Мен сени жакшы билем. Алдагы башыңды эмне кыйнап жатканын билбесем Махмуд болбой калбаймынбы.
- Кабар жок, азырынча. Бирок табам. Жер сезип дербиш болуп кетсем да табам. Аман болсо эле...
- Тапканың менен сен билген адамды тапай калсаңчы.
-Ал эмне дегениң?
- Ал сенден качып кеткенинин себеби бар ээ. Демек сени менен мындан ары жашагысы келген жок. Балким сезими да өчтү. Аны кайрып алганың менен...
-Токтот!
Жаалы көзүнө чыга түшкөн Хан столду бир муштап ордуна тура калды.
-Анын сезими эч качан өчпөйт. Биолдиңби эч качан өчпөйт деп жатам. Ал мени сүйөт. Мага баарын таштап өзү келгенин айттым эле го саг. Мен аны азгырган эмесмин. Ал мага өзү келген. Түшүндүңбү? Ха, кайдан түшүнөт элең. Эчен жылдан бери алдагы арабаңдан түшпөсөң, же аял затына жакындабасаң кайдан түшүнөсүң...
кыйкырып жатып досунун таңкалыштуу көз крашын байкап уялып кетти. Ошо замат өзүнүн чектен ашып кеткенин сезе койду. Экөө тең үн катпай көпкө отурушту. Акырын көз жиберген хан досунун башы шылкыйып отуруп калганы байкады. Ичи түтпөй кетти. Жанына басып келди да күнөөлүү күңк этти.
-Кечирип кой, мен антип айтайын деген эмесмин.
-Эч нерсе эмес.
Далысына койгон колун алып таштап дулдуйган досун армандуу крап турду да терс бурулду.
-Болуптур, жакшы кал.
Биринчи жолу достор биринин жүзүнө бири карабай таарынычтуу узашты. Бул алардын акыркы жолку кезигүүсү экенин экөө тең туйган жок.
Телефондун чыр эткен үнүнөн чочуп ойгонгон Хан оурдуна тура калды.
-Шеф, жаман кабар...
-Эмне болду?
-Махмутту... досуңуз киши колду болду. Кайтарган итти да аман калбаптыр.
Телфон колуна түшүп бара жатты. Креслосуна шалдая отурду. Жүрөгүн калтыраткан жоготуу бүт денесин ээлеп бара жатканын сезип турду. Ким мынча кастарын тигип калды? Бардык жакын адамдарына ажыратып? Байкуш досунун эмне күнөөсү бар эле?
Өзөгүн өртөгөн өкүнүч жалбыртап жатты. Ошо эле учурда жаалы кайнап кимди болсо тытып жиберчүдөй өз бөлмөсүндө каршы терши баса берди.
Ооба, түн ичинде кимдир бирөө иттин атып, үйгө кирген экен. Киши өлтүрүүчүнү дүйнө кызыктырбаганы билинип турат. Эч нерсе албаптыр. Болгону Хан экөө Афганистанда чогуу түшкөн сүрөттү жерде бырпкыранып жаткан экен.
Сүрөттү абайлап колуна алган Хан каңырыгы түтөп турду. Досунун кабак астынан мээримдүү карап турган көз карашы аны күнөөлөп тургандай сезилди.
- Шеф, туугандарына кабар берелиби?
-Жок, эч кимдин кереги жок. Өзүбүз гана болобуз. Баса эч кимиң өлүккө жакындабагыла. Мен өзүм майрам сууга алам. Анан мен чакырганда ган молдону алып келесиңер.
Адатынча өкүм үн каткан Хандын буйругуна эчким үн каткан жок. Бардык сыйы менен акыркы сапарга узатып жаткан хан ошол күндөрү досуну жанына чыкпады. “Кечир мени досум. Жалгыз ган сен түшүнчүсүң мени. Сендей адам эч качан табылбас. Ал түгүл кан кечкен жерде жүргөндө да мени сактайм деп жатып майып болгонсуң. А мен аны унутуп сени майыптыгыңды кордодум. Кечир мени... ”
Ушу учурда Хандын көз алдына тээ алыста калган элес тартыла калды. Ооба, ал мындан бир нече жыл илгери болгон окуя эле.
Кайып учкан октордон көз ачылбайт. Гимнастеркасы канга жуулган Махмуд жарадар Ханды сүйрөп келе жатты.
-Ташта, мени эмне кыласың. Жаныңды сакта...-дейт онтогон Хан.
-Таштабайм. Мына, аз калды.
-Кереги жок, досум мен саг ыразымын жаныңды куткар Махмуд...
Тиштенип сүйрөп келе жаткан учурда жакын эле жерден бир нерсе күрс этип Хандын денесин калкалай жыгылган Махмуд онтоп алды.
Карс-курс... көз ачылбаган кымкутта Ханэсин жогтуп бара жаткан эле.
Ошентип өз денеси менен калкалап калган Махмуддун белине ылдый оор нерсе басып калып өмүр бою майыптыктан жабыр тартты.
Ошондон баштап бир тууганындай ыйык көрүп келген адамы болчу. Эми минтип андан да ажырап отурат. Жүрөгү кансырап ушуларды эстеди Хан.
“Ким болсо да эми эч качан аянбайм. Болду жетишет. Канат бутагымдан айырган бул адам ким экенин билсем болду. “ Муштумдары түйүлгөн Хан ичине ант берип жатты.
Атайы бирөө аны карап туруп, мыскылдап күлп жаткндай сезим муунтуп жатты.
Досунун табыттынан көзүн албай жатса да кимдир бирөөнүн көз крашын далысы менен сезгендей боло берди.Ким? Артына шак крап өзүнүн ган беш алты ишенимдүү адамы турганы көрдү. Балким ушулардын колуна келди бекен?. Кимиси? Кана ким? Баарын тикчие тиктеп турду. Жок, эч кимиси шектүү көрүнгөн жок. Башын бурбай туруп акырын буйрук берди.
-Бул жерде чоочун бирөө жокпу, байкагылачы. ..
-Жок, баары эле өзүбүздүкү.
Баары бир эле жүрөгү опколжуп тынч ала албай жатты. Душман өзү билген адамдан чыкканын сезип турду. Бирок качандыр бир кезде өзү үчүн түрмөгө жатып, баласына , аялына апасына айрылган көздөй жигитинин колдуна келип жатканы оюна да келген жок. Бейит башында кепкасын жүзүнө баса кийип обочодо байкап турган ал жигитти эмнегедир эч ким элес албады. “Мына, бир тамырың соолуттум. Мүңкүрөп турган учуруңду өз көзүм менен көрүп моокумум канды. Эми баарын таштайм. Силердин кан жыттанган чөйрөңөрдөн алыс кетем. Болгону сенден өч алуу үчүн Жоруга иштегем. Эми анын да мага кереги жок. “
Жигиттин жүзүндө мыскыл жылмаю ойноп турду.
251-инфо
Жымжырт. Хан кийинки кездери дал ушунудай кулак мурун кескен жымжыртыкты каалачу болду. Эч кимге көрүнгүсү келбейт. Азыр да бөлмөнүн жарыгын жандыргысы келбей краңгылыкта отурду. жалгыздык жанын кыйнап жатты. “Кызык, эмне мынча жалгызсырадым. Мурун деле жалгыз элем го. Кайра ошол жалгыздыгымдан кумар алып, өзүмдү алдуу күчтүү сезчү элем. Анан эмне болду? Эмнеге азыр мурункудай жашоонун кызыгын кумарын сезе албай турам?” Эмнеге? Алия! Бардыгына ошол күнөөлүү... Балким мен күнөөлүүдүрмүн. Издөөнү токтотуум керекпи? Жок! Анда жашоом токтоп калбайбы?” көз алдына анын элеси тартыла калды. Бир караганда эле каргаттай каректерине арбалган. Эч кимде жок кумарлуу, ошо эле маалда өтүкр көз караш анын багындырып. .. Көрсө ошо көздөр тагдырынын капканы тура. Эми жанына жай бербей ээрчип алды. Кантип кутулууну билбейт.
Ордунан туруп аркы терки басып жаткан Хандын телефону чырылдай берди.
-Алло...
-Шеф, табылды!
Колдору калтырай түшкөн Хан тактап сурады.
-Алиябы?
-Ооба, кайда экенин учугун таптым.
-Кайда? Айт, азыр барам.
-Шеф, азыр бара тураган жерде эмес. Бул чаташкан окуя экен. Мен азыр сизге өзүм барып түшүндүрөм.
-Болуптур...
Телефон шак коюлду. Эси эндирей түшкөн Хан түшү же өңү экенин билбей креслосуна барып отура кетти.
-Чынбы? ОоТеңир, сен бар экенсиң го. Демек аман-эсен экен да. А мен келесоо...
Кубанганынан оюна келген нерселерди күбүрөй берди. өмүрүндө эч качан мындай кубанган эместир.Көзүнөн жаш чайып эмне кылаарын билбей аркы терки басып жатты. Биринчи жолу ал бирөөгө керек экенин, ага бирөө керек экенин сезди.Жапан карышкырдай жортуп жүргөн, так ошондой аяганды боор толгоону билбеген жаны биринчи жолу бир адамга бекем байланганын сезди.
-Эми эч качан колдон чыгарбайм. Ал меники! эч кимге бербейм. көзүмө эле көрүнсө...
Кимдир бирөөнүн алдында ант берип жаткандай ушуларды кайталап жатты. Бир аз убакыттан кийин эшик шарт ачылып Тумар аттуу жигитти кирип келди.
-Кел, отур...
-Шеф...
Мукактанган Тумар кыжаалат болгондой. мурун мындайы жок эле. ар дайым болор ишти ток этер жерин гана сүйлөчү. Жамандыкты жүрөгү сезген Хан креслосуна учуп турду.
-Айта бер!
-...
-Аманбы?
-Аман, бирок үч күндөн кийин тою болмокчу.
-Эмне-е?
Хандын аяк астынан жер көчүп бара жаткандай көзү тунарып бара жатты.Каар, ачуу, өкүнүч, бардыгы чогулуп келип агызып бара жаткандай алдастап кетти.
-Сен муну так билдиңби?Балким. .. балким жалган болуп жрүбөсүн ыя?
-Ишеничтүү адамдан уктум.
-Ким ал? Мага бут тозгон, менин бактымды талашкан ким экен?
-Адвокат. Фирманын оң колу болгон Абиш.
Хан шалдая терезеге бурулду.
-Сен кете бер. Керек болгондо өзүм чакыртам.
Эшик шак жабылды. Хан терезеге максатсыз тигилип турду. Кантип эле ушундай болсун? Кече эле баары башкача эмес беле? эмнеге баары өчөшкөнсүп, ийгилик андан качып жамандык эле тозуп калды? Кайда кечеги даңазалуу хан? Бир секелектин бут алдында тебеленип... Ичнен чыйралган Хан бар күчү менен муштумун түйө берди.
-Жок! Мени ара жолдо калтырып кете албайсың. мен баары бир сени кое бербейм. Өлсөм да сени өлтүрсөм да да кое бербейм.
Туюктан жол тапкандай кадымкидей кайратына келе түштү. Ошо замат мындан ары эмне кылаары тууралуу ойлой баштады. Кантсе да Алиянын табылганы Хандын жашоо кумарын кайрадан ойготту.
Эртеси эле күнү Абиштин аркасына жигиттерин салды. Эч нерседен капары жок абишти ой келди сүрөткө тартып дароо хандын колуна берип жатышты.
-Демек, той үч күндөн кийин болот дечи...
-Үч күндөн кийин.
-Убакыт тар. Ошондой болсо да тойду токтотуу керек.
-Кантип?
-Алгач Алия менен жолугушум керек.
-Мүмкүн эмес.
-Эмнеге?
-Аны бир гана күнгө ата-энесинин үйүнө алып келди. Кайтарган адамдар бар. Артынан аңдыганыбыз менен бизден куйрук үзүп кетишти. Демек профессонал жигиттерди жалдаган.
-Эмне бизде андай адамдар жокпу?
Хандын ачуусу келип араң өзүн кармап турду.Азыр оюна койсо бардыгын кырып салаар эле. Карышкан жаагы араң жазылып зирк этти.
-Эч нерсени билбейм. Мени ага жолуктурасың.
-Жарайт.
Күнү-түнү аркасына жүрүп араң дегенде Алиянын изине түшүштү. “Изине түштүк “деген кабар келгенде Хандын жүрөгү бир солк этип алды. Ордуна учуп турду.
-Кайда?
-Тоо арасында Абиштин таякеси жашайт экен. Азыр ошол жакта жашырынып жатат.Эртең жолго чыксак болот.
-Жок, бүгүн чыгабыз. Азыр...
Ордунан учуп турган Хан ошо замат эшикке бет алды. Жигиттери артына дарбып ээрчиди. Куду уюлгуган бороон сыяктуу алды артына карабай кетип бара жатышты. Алды жакта эмне күтүп турат эч ким билбейт эле.

Сентябрь
252-инфо
Күздүн таш боор шамалы учурган жалбырактай Алияны тагдыр бороону ушу тоо койнундагы мээримдүү адамдардын арасына алып келгенине көп болду. Алардын ак пейилден жасаган мамилеси кыздын тоңуп калган жүрөгүн жибитип, келечекке үмүтүү карап калган кези болчу. Бирок бул бейкапар жашоо көпкө созулган жок. Уюлгуган кра чаңды артынан чубалтып эки –үч машинаны көргөн таяке ордунан ыргып турду.

-Кантет кутурган иттей болуп... Булар кимдер?
Үрөйү учуп кеткен ал дароо үйдү көздөй жөнөдү. Эшиктен энтиге кирип келген таекесинин кебетесин көргөн алия ордунан тура калды.
-Эмне болду таяке?
-Кызым, тээ төмөндө уюлгуган көп машина көрдүм. Абиш эмес...
Алиянын өңү купкуу боло түштү. “Ошо! Таап алган экен.”
-Коркпо балам, мен турам го жаныңда. Мен ал кутурган немени сенин7 жаныңа да жолотпойм. Азыр...
Энтеңдеп аркы үйгө кирген таяке аңулоого колдонуп жүргөн мылтыгын алып чыга калды.
-Мен ал итти ит аткандай атып салам. Келип эле көрсүн.
-Таяке...
-Кайдагыны баштадың катыгүн! Ташта мылтыкты! Эмне кылып көзүмдү кашайткан турасың?
Чырылдап аялы колуна жабыша калды.
-Тур дейм бул жакка...
-Мен сени кое бербейм.
Экөөнү алмак салмак караган Алия бул учурда эшикке бет алып калган эле.
-Кызым, чыкчу болбо!
Алия акырын башын чайкады да шарт чыгып кетти.
Чакан салынган үйдөн көзүн албай жай басып келе жаткан Хан артынан самсып келе жаткан жигиттерине “туруп тургула” дегендей кол жаңсады да өзү үйдөн көзүн албай жакындай берди.
-Кожоюн, балким...
-Машинада болгула.
Мына, аз калды. Жүрөгү түрсүл согуп, чекесинен тер чыпылдай түшкөнүн сезди. Аңгыча эшик шарт ачылып алдында жүрөгүнгө жакын адам пайда болду.
-Алия!
Көздөрү чагылды. Жүрөктөр түрсүл какты. Ушу көз ирмемде баары токтоп калгандай сезилди. А түгүл тентек жел да экөөнүн абалын байкоо үчүн токтоп калгандай. Алдындагы жөнөкөй чыт көйнөкчөн, шыңга бойлуу кыз ушунчалык жүрөгүнө тааныш эле. Ушу жапайы жерде жашап турганына карабай , үстүндөгү бейтааныш кийимдерге карабай, көздөрүндөгү жатыркоого карабай дилине тааныш, жүрөгүнө жакын анын адамы болчу.
Көмөкөйү кта түшүп эки колун жая берди.
-Алияш, мен... мен келдим...
-...
-Мен сени алып кеткени келдим.
Кыз бирөөкамчы менен тартып жибергендей ийиндери дирт эте түштү.
-Бекер эле келипсиң!
-Ал эмне дегениң?Жок, жок... антип айтпа. Бизде эми баары жакшы болот. Мен баарына түшүндүм. Сени өтө кыйнап жиберген экем. Эми баары жакшы болот.
Хан кызды көздй акрыны кадам таштады.
-Жолобо мага!
Кыздын денеси титирей артка кетенчиктей берди. Хандын жайылган колу шалдырай түштү.
-Алияш! Бул мен, Ханмын! Сенин Ханың! Эмнеге менден качып...
Кыз ызалуу жылмайып алды.
-Жок, сен эч качан меники болгон эмессиң. Ойлонуп көрсөм мен да сеники болгон эмес окшоймун. Мен келесоо өзүм эле укмуштуудай жомок түзүп сени башкы каарман кылып алган экем. Бирок жомок кээде кайгылуу кээде бактылуу бүтөт эмеспи. Эми экөөбүздүн жомогубуз да бүттү. Акыры аягы бүтүүгө тийиш болчу. Буга эч ким күнөөлүү эмес.
-Эмне деп жатасың? Сени эмне кылып салышкан?
-Эч ким эч нерсе кылган жок мени. Жөн гана көзүм ачылды. Сүйүү көзүмдү
тунартып эч нерсени көргөзбөй койгон экен.
Хандын алдына жер көчүп турду. Эч нерсени уккусу келген жок. Түшүнгүсү да келбеди. Акылына эч нерсе чүргөлбөй, ачуусу алкымын муунтуп жатты. Кандай кылса да кыздын тонгон жүрөгүн жибите албасын ойлогонунда каны башына тээп чыкты. Жаны чыга бакырып жиберди.
-Жок! Баары бир сен меникисиң. Алия, Алияшым. Сен эч нерсени түшүнбөй жатасың. Мен сага жакшы болсун деп... Мен корктум, сени жогортуп аламбы деп корктум. Менин уулумду өлтүрүп кетишкен соң... Жанымды күйгүзүп кеткен бул кырсыктан кийин коркуп калдым. Алар сени бир нерсе кылып койсо өзүмдү эч качан кечире албайт болчумун. Ансыз да өз күнөөмдүн оордугуна басып жүрө албай калгам. Уулумдан ажыраганым аз келгенсип сенден ажырасам... Алар эч кимди аяшпайт.
- А мен алардан эмес, сенден корком, Хан. Ажалдан да башкадан да эмес. сенин ташбоорлугуңан, сенин мыкаачылыгыңан корком.
-Алия!
Кыз Ханга тике крады.
-Аялың ким колдуу болгонун...
-Ия?
-Мен баарын билем.
Хандын башы шылк дей түштү. Көпкө үн ката албай туруп калды. Акыры башын көтөрбөй күңгүрөнө кетти.
-Ал өзү күнөөлүү болчу. Менин башымды аттап , жигиттеримдин биринен кош бойлуу болуп калган экен. Анысы аз келгенсип аны менен качканга аракет кылып... Уулум каза болгондон киийн мени анын өлүмүнө күнөөлөп туруп алды. Канча жолу сүйлөшкөнгө аракет кылсам да болбоду. Анан...
анан башка айлам бар беле? Ал мен тууралуу көп нерсе билчү. Аял деген алсыз келет. Акыры душмандарым ага да жетип болгон нерсени билип алышмак.
-Болду! Сүйлөбө...
-Алия!
-А менчи? Мен дагы сен тууралуу көп нерсе билип алгам. Демек мени да өз колуң менен...
-Жок, жок сени кантип кыяйын. Мен сенсиз жашай албайм.
Кыз онтоп алды. Аялы тууралуу уккан менен жүрөгүнү түпкүрүндө эч качан ишенген эмес. Чындыктын даамы мынча ачуу болорунда билбеген эле. Эми минтип өз оозунан укканда ого бетер жаны сыздап жатты. Ханды телмире тиктеп турду да шарт бурулуп артын карабай качып жөнөдү. Өз тагдырынан , жүрөгүн жалындаткан сүйүүдөн, эч нерсеге карабай дагы да жүрөгү тартып турган ушу коркунучтуу адамдан кутулуу үчүн алды артын карабай качып бара жатты. Акыры бир кайыңдын түбүнө келди да кучактап буркурап ыйлап жиберди.

253-инфо
-Алияш!
Кайыңды кучактай өпкө кага солуктаган кыздын далысына акырын кол жиберди Хан. Кыз артына жалт карады.
-Кет, суранам. Мени жайыма кой.
-Кете албайм. Сенден кете алсам бул жакка келбейт элем го...
- Кечигип калдың. Эртең менин тоюм. Эгерде мени бактымды кааласаң жайыма кой. Кааласаң тизелеп суранайын. Суранам сенден, жайыма кой.
Кыз жаштуу көздөрү жалынычтуу эле. Хандын көзүнө кан толуп чыкты.
-Сен меникисиң!
“Меники! Бул аял меники” деп жатты Хандын түрсүл каккан жүрөгү. Андан башка эч нерсени уккусу келген жок. Акылына да эч нерсе чүргөлбөдү. Ал эми кыз Хандан көзүн албай жалынып жалбара берди
-Тойго эл чакырылып калды. Артка кайтууга жол жок. Кечигип калдың. Эми жайыма кой. Суранам сенден, бизди жайыбызга кой. Акыркы суранычым ушу болсун. Тийбе ага! Кулуң болоюн жайыбызга кой. -Бакырып алган Хан тизелеп ыйлап жаткан кызда итерип жиберип ачуу бакырып алды.
-Аа-а-а! Болдучу, мынча эмне кыйнайсың мени Кудай! Акыркы аларың ушу беле? Ал, алгын!
Анан артын карабай туруп селдее түшкөн кызга акырын үн катты.
-Тур! Тургун да көзүмө көрүнбөй кетип кал.
-...
Ушуну эле күтүп тургансып шашып ордунан турган кыз көз жашын сүртүп колундагы шакекти колуна чыгарды да Ханга сунду.
-Мага эми кереги жок. –деди да шарт бурулуп жөнөп калды.
Артынан армандуу тигилип турган Хан чөк түшө жыгылды. “Эмнеге? Кантип?Кантип ушуга жеттик?” Жүрөгүнүн ар бир соккону ушу суроону берип жаткандай болду. Көпкө ошо калыбында жатты. Дүпүлдөгөн дабыштврды тыңшап жигиттери издеп жүргөнүн сезди.
Ордунан туруп илкий басып жөнөдү.
Ххх
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#370 Пользователь офлайн   Агата Кристи   27 Ноябрь 2013 - 11:17

#371 Пользователь офлайн   dinajanka   27 Ноябрь 2013 - 11:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Бул жагы азмаз тушунуксуз болуп кеттиго.. Хандын аялы качан олду, жазылбаптырго. ..
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#372 Пользователь офлайн   razana_kg   27 Ноябрь 2013 - 14:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 09 Август 12
  • Соңку аракети: 05 Апр 2018 13:25
  • Жынысы:Аялзаты

мага дагы ушул жери тушунуксуз болуп калды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#373 Пользователь офлайн   Joldoshbekova.a   27 Ноябрь 2013 - 15:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 151
  • Катталган: 07 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 31 Мар 2014 19:17
  • Жынысы:Белгисиз

Мага даа....
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#374 Пользователь офлайн   VIK   27 Ноябрь 2013 - 17:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 607
  • Катталган: 30 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 26 Янв 2022 10:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Торт тоонун ортосу...:-)

Хан качан аялын өлтүргөн?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#375 Пользователь офлайн   zina29   27 Ноябрь 2013 - 17:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 306
  • Катталган: 04 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 13 Май 2019 08:50
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек

анан да текст кайталанып жазылып калганбы?

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#376 Пользователь офлайн   Агата Кристи   27 Ноябрь 2013 - 18:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 69
  • Катталган: 14 Март 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2021 11:13

Бейпил түн. Жылдыздарды карап отурган алия ичиркене түшүп силкинип алды. Эки тизесин кучактап отуруп оттун бүлбүлдөгөн шооласын тиктеп турду. Тынымсыз шуулдаган шамал да бир калыпта. Кызды ой термеп жатты.
“Хм, мына эртең баары бүтөт. Баш аламан жашоомдун бороону арта калат.Абиш экөөбүз жаңы турмуш баштайбыз. Баары жакшы болот. Жашоомдун калганы бактылуу өтөт. Бала төрөлгөн соң Абиштин атына жаздырып алабыз. Эми мени эч ким ак жолдон чыгара албайт. Жашоомдуне бурганактуу мезгилинин барактарын жаап , жаңы барагын ачам.
Хан, экөөбүздүн сүйүүбүз бизге азап гана алып келди. Көрсө адам жалаң сүйү менен жашай албайт тура. Мындан ары сенсиз жашаганга, сени ойлобой жашаганга туура келет. Ооба, сени ойлобой сенсиз жашоо мага оор болот. Бирок мен көтөрө алам. Мен күчтүүмүн. Мен сенин кезектеги курмандыгың болгум келбейт. Көрөсүң, мен сени унутам. Унутууга тийшмин.”
Эрксизден көздөрүнөн жаш куюлуп берди. Ушинтип коштошуп жатты ал өз сүйүүсү менен. Жүрөгүндөгү жалын бирде көтөрүлүп, бирде солгундап куду алдындагы өчүп бара жаткан оттой бүлбүлдөп жатты.
Ошентип бурганактуу түн өтүп жаркырган таң атты. Бул кереметүү таң Абиштин таңы эле. Жүзүнөн күлкү ойноп ойгонсо да төшөгүндө жата берди. Сыртта опур топур болуп боло турган тойго кам көрүлүп жаткан эле. Бир кезде апасы бөлмөсүнө кирип адатынча уулунун төшөгүнө отура калды.
-Үйлөнчү жигит да ушундай убакытка чейин уктайбы? Тур уулум, турагой.
-Азыр апаке,
Ордунан ыргып турган Абиш ордунан тура калып апасын кучактай тегеретип жиберди.
- Ой, ой, кантесиң түшүр мени.
- Ха-ха-ха... Коркуп кетиңизби?
Шаттуу күлгөн Абиш апасын жерге коюп саамайына жыттап алды. Негедир экөө тең буулугуп көмөкөйүндө турган ойду айта албай, кучакташып турду.
-Бүгүн сен үчүн өзгөчө күн уулум. Бактылуу болушуңду каалайм.
-Рахмат апа, сиз бекер эле кабатыр болуп жатасыз. Алия менен көнүшүп алгандан кийин аны кызыңыздай көрүп каласыз. Ал... баса мен жумушка бир тийип өтүшүм керек. Анан таякемдикине. ..
-Таякеңдер эртең менен эле келишкен.
- А Алиячы?
-Алия өз үйүндө. Сени өз үйүндө күтөм деп айтыптыр.
-Анда мен жөнөдүм.
-Балам, анча щашпачы...
Жүрөгү бир нерседен кооптоногон апа уулун жанына чыгаргысы келбей күйплөктөй берди.
-Апа, анын эч кимиси жок эмеспи. Мен анын жанында болушум керек.
сен кабатыр болбо тез эле келип калабыз.
Ушинтип шашкалактаган жигит жууна салып эшикке бет алды.
Чын эле ушу күнү асман так Абиштин көңүлүндөй кирсиз, булутсуз эле. Асманга бир көз жиберип алып машинасына отура тез жөнөп кетти.
-Артынанбы?
-Артынан.
Далдоодо турган машинадагы лар артына түшкөнүн абиш байкаган жок артына куйрук үзбөй келе жаткан машина андан эч калбай келе жатты.
Өзүн күзгүдөн тиктеген Алия муңайым күлүмсүрөп алды. Апакай көйнөк шыңга боюна куп жарашып , колуктунун көркүнгө көрк кошуп турду. Бурула берген кыз босогодо өзүн жадырай тигилип турган абишти көрүп уялып кетти.
-Кирбейсиңби, качан келдиң?
-Азыр, ой жанараак...
Бырс күлүп жиберди кыз.Жакын келип колуктунун бетине жапкан үлпүнчөгүн өйдө көтөрдү Абиш. Балбылдаган капкара каректерге чөгүп бара жаткандай сезди өзүн.
-Бүгүнкү күндү кандай күттүм эле мен. Мына эми күткөн күнүм да келди. Алия, көрөсүң го биз бактылуу болобуз.
Аптыга сүйлөгөн Абиштин муңайым жылмайып карап акырын улутунду кыз.
-Эмне болду?
-Колуктуну ак көйнөк менен көрбөйт. Жаман болот дешет. Каап сенин кирип келериңди билбей калбадымбы. ..
-Койчу, мен сени ушундай нерселерге ишенет деп ойлогон эмесмин. Кымбаттуу колукту, бизди күтүп калышты.
- Абиш, азыр саат тогуз гана болду. Таякем тойго саат төрткө чакырылганын айтты. Мени ошондо так ушу үйдөн алып кет. Атам ар дайым мени ак көйнөк менен ушу үйдөн узашымды каалачу. Мен дагы ошону каалайм.

254-инфо
-Болуптур ханышам. Сиздин бир ооз сөзүңүз...
Колуктусунун жүзүнөнө аста өөп алган Абиш босогого чейин барып кайра артына кайрылды.
-Алияшым менин!
Буулуга ушуну шыбырап, көзүнөнө бакыт чачыраган жигит колуктуну үзүлө тиктеди.
-Анча эмне тиктедиң?
-Сенин ушу кебетеңди карегиме чөгөрүп алгым келип... Өмүр бою ушу элесиңди жадымда калса экен дейм.
-Жинди десе...
Аттиң, ушу мүнөттөр алардын бактысынын акыркы үзүмү экенин эч ким байкабады.
Убакыт тез өтүп жатты. Колукту даярданып алып күтүп отурганына көп болсо да абиштен кабар болбоду. Бир кезде таякеси энтиге жетип келди.
-Ай, кызым, эл чогулуп күтүп калды ал эми силер дагы деле жоксуңар. Той болчу адам да ушундай болобу?
-Таяке, Абиш кана?
- Абиш кана? Мен сенден сурайын деп жатпайымбы?
-Ал келем деген.
Эмне дээрин билбей селдейген кызды аяп башын чайкап алды таяке.
-Балким азыр келип калгандыр. Жүрү, мени менен кызым.
Ой боюна койбой жетелеп чыгып кеткен таякенин жетегинде кетип бара жатты.
Келишсе чын эле эл чогулуп кыз күйөөнү эле күтүп калышкан экен. Алиянын апакай көйнөгүнө, татына жүзүнө суктана карашкан тойго келген эл дуулдашып жатышты. Мына, Абиштин жакшы санаалаш достору, туугандары баары келишти. Аз убакыттан кийин салтанат башталат. Дуулдаган жаштардын куттуктоосунан кыздын башы айланып турду. Бирок, негедир жүрөгүндөгү дүрбөлөңдөн кутула албай жатты. Көзү менен Абиштин караанын издей берди. Абиштен кабар жок.
– Колукту, күйөө кайда?
– Келет, азыр келип калат.
Буулуккан үнүн араң баскан кыздын эшиктен көзү өтүп жатты. Канча убакыт өтсө да, ал келген жок. Тойго келген элдин деми сууп, бир жамандыкты сезгендей бирин-бири кооптуу карап алышты. Апасы көкүрөгүн басып жыгылды. Бир туугандары өңдөн кетип, тойго келген эл шаабайы сууп бир –бирден тарай башташты. Акыры жакын туугандары гана калды.
– Бул эмнеси?
– Ал кайда кетиши мүмкүн?
– Кой, тургула, жабылып издейли...
Ушинтишкен эл бир-бирден эшикке агылып, Абишти издегени кетишти. Кыздар иреңи купкуу болгон Алияны жоошутуу менен алек.
– Келет эми, келип калат.
– Оо, Кудай, тынччылык болсо экен...
Көзүнөн жашы буурчактаган колукту эч нерсеге түшүнбөй жатты. Бир канча убакыттан кийин эшиктен кирип келген таяке энтиге босогого жөлөнүп, эмне дээрин билбей туруп калды.
– Эмне болду? Абиш кайда экен?
– Тилиңди жутуп алдыңбы?
Эл чурулдап жиберишти.
– Абишти... Абиш...
Босогого жөлөнгөн таяке башын кучактап боздоп жиберди.
-Эмне болду?
-Ал жок эми... Абишимди... Абишти... аны өлтүрүп кетишиптир. Мыкаачылар. .. Жексурлар...
– Эмне-е?
– Таш оозуңа!..
Апасы эстен танып жыгылды. Алияга чурулдаган элдин үндөрү да угулбай, өзү кайдадыр бир жакка учуп бара жаткандай тура берди. Бир кезде гана ачуу кабар мээсине жеткендей тунарган көзү ачыла берди.
– Жо-ок! Ишенбейм! Кантип?
-Оо кулунчагым, не деген күнгө туш болдуң? Кайда Абишим? Алып келгилечи...
Каргылданган атасы калтылдаган боюн түзөй албай боздоп жатты. Алия ушунун баары н түшүндө көрүп жаткансып, денеси муз болуп тура берди. “Түшүм болуш керек бул? Түшүм эле болуш керек. Кантип эле ушундай болсун?” Бирок ачуу чындыктан адам баласы кайда качып кутулмак.
Ошо каргашалуу күнүн балжа –булжасы чыгып, таанылгыс болуп өзгөргөн Абиштин сөөгүн таап келишти. Бир өмүр токтоду. Кайгынын капкалуу дарбазасы ачуу арманды, азаптуу жоготууну бир үйбүлөнүн башына сала берди.
Шордуу Алия… эми талпынып жетем деген бактысына дагы айрылды. Жашоодогу тиренген аскасы кулап, дагы жалгыздыктын азабын тартуу анын энчисине басылса керек. Ооба, эртеси эле тойго кийчү ак көйнөк аза көйнөгүнө алмашып, колукту аталбай туруп жесир аталарын кандан билди.
Котолоп аза күтүп турган элдин арасында улам эстен танып кетип жаткан Абиштин апасын, боздогон атасын, чырылдаган карындкаштырын көрүп эрдин кесе тиштей берди. Кунары кетип наары өчкөн жүзүнөн тынымсыз жаштар кулап жатты. Нары жакта турган эки аял өздөрүнчө күбүрөшө кетти.
- Карасаң, бир үн чыгарып койбой…
- Байкуш жигит, эмнеге ушу кара жолтой немеге туш болуп…
- Ушунун нун кесепетинен баары. Мурунку эри кулиган-рекет неме деп уккам. Аны менен никесиз жашап оту күйүшпөй анан чырактиай баланын убалынан коркпой өзүнө тартып алып өлтүрүп тынбадыбы.
- Кой эми, акырын…
Күбүр шыбырлар бардык элдин оозунда. Мунун баарын угуп турган алия эки кулагын колу менен басып бакырып бакырып алгысы, бул дүйнөдөн безип жоголгусу келип жатты. Бирок ал аны да муну да кылган жок. Эрдин кесе тиштеп тура берди. “Ооба, мен күнөөлүмүн. Баарына мен. Бир гана менин күнөөм. Өмүрүмдө бактыма талпынып, эми жетейин деп келе жатканда эле кимдир бирөөнүнү каргашалуу колу келип тартып кетет. Ошондой бактысыз болуп калганыма мен күнөөлүмүн. Кандай десеңер да жарашат. “деп ойлоп жатты. Өңү кубарып жыгылып кете жаздап араң турган кыздын абалын эч ким ойлогон жок.
-Кызым, эмне болду?
Каалгып бара жаткан Алияны кармай калган таякеси аяй үн катты.
-Эч нерсе, азыр... көзүм тунарып…
-Эс алсаңчы, кызым. Өзүңдү анча кыйнаба…
-Сөөктү жерге жашырмайынча мен эч кайда кетпейм.
Кыздын айтканына кайпасына көзү жеттиби таяке башын чайкай ары басты.
255-инфо
Кыз алсыз онтоп алды. Көзүн ачканга алды келбей акырын ыйлап жатты.
-Баланы сактай албай калдык.
Врачтын басыңкы үнү азыр да кулагына жаңыргансып кетти. Бүттү! Баары бүттү... Жада калса сактайм деген наристесин да сактай албады. Абиш да жок. Бул дүйнөдө эми жапжалгыз калды. Абиштин азасынан кийин оор абалда ооруканага жеткирилген. Башына түшкөн кайгынын оордугун көтөрө албай минтип баласы да боюнан түшүп калганын айтышты. Эсине келип- келбей, кайра өзүн жоготуп чабалактаган кыздын абалын карап боору ооруган таяке чыдай албай терс бурулуп кетип жатты.
-Алда шордуу кызым ай,
-Абиш! Абиш кайдасың! Мени таштабачы... .
Жандалбастап жөөлүгөн кыздын абалы чын эле боор ооругандай эле. Араң дегенде бир жумада көзүн ачты. Кыз көзүн ачканда жанында таяке отурган эле.
-Абалың кандай?Бизди аябай коркутуң го...
Чапчаң бир ай дегенде Алия ордунан турду. Аман калгана сүйүнгөн да күйүнгөн да жок. Көкүрөгүндө тек гана кыжыр, каар, жек көрүү, кек гана калды. Бул нерседен эч качан кутула албасын да сезип турду. Өзүн мүңкүрөтүп жыккан адамдан өч алып, анан гана көксөөсү сууп, көкүрөгү бөксөрбөсө жаны жай албасын туюп турду. Кыз эмнени ойлоп, эмне деген ойдун туткунунда жүргөнүн бир ган таякеси билди.
-Кызым, анчалык өзүңдү жектебе. Оюңда эмне турат билип турам. Бирок андай кадамдан алыс болгонуң эле жакшы. Бул кутураган иттерге эч кимдин алы жетпейт.
-Менин алым жетет. –деди кыз тиштене.
-Ошону менен Абишти кай тирилте албайсың. Өз жаныңдызүң куйкалай бергенден эч нерсе чыкпайт кызым. Тилимди ала. Андан көрө башка жакка орун которуп кет.
-Ошондо Абиштин арбагы мага ыраазы болобу таяке? -деди кыз акырын гана. -Ким колдуу болгонун баарыбыз ачык эле билип туруп, анан тымпыйып кала бербебизби? Бул иш менин айымдан болду. Демек, өзүм акырына чыгаруум керек.Бул менин абиштин алдындагы милдетим.
-Деги эмне кылмакчысың?
-Билбейм.
Кыз терс бурула берди.
-Таяке, мен ансыз да сиздердикинде көп жүрүп калдым. Эми мага уруксат кылыңыз. Мен сизге кандай рахмат айтсам да жарашат. Өз атамдай мамиле кылдыңыз. Эми кетишим керек.
-Кайда барасың?Же бир жакындарың болбосо...
-Кабатыр болбоңуз. Менин дагы далай бүтпөгөн иштерим бар. Атамдын фирмасы кароосуз калды. Эми Абиш да жок. Өзүм колго алышым керек. Анан ал иштеримди жайгарып коюп...
-Кзым, жыландын куйругун баспасаңчы. Ал адам өтө коркунучтуу адам экен.
-Жок, мен эми эч нерседен коркпойм.
-Алия...
-Жок, артка кайта албайм, суранбаңыз менден.
Ошентип Алия кайрадан катаал жолго бет алды. Чаң уюлгуган жолдо кол булгалап калган таякенин карааны алыстап барып көрүнбөй калды.
Кыз мурунку нур чачкан көздөрүндө эми кек гана күйүп бара жатканын эч ким байкаган жок. Бейит башына келген кыз бир тутам гүлүн койду да бүк түшө отура кетти. Үстүндөгү азанын белгиси болгон кара күйнөк кийген бул кызды бейит башынан күндө көргөнгө болоор эле. Иреңи купкуу болуп, жүзүндө кусалык... айтып бүткүс оор азап турган. Бир гана капкара каректери адатынча күйүп жатып кыздагы тирүүлүктөн кабар берип тургандай.
-Абиш, Абишим менин... Кудай сен берген жылуулуктан да алакчылап койду. Менин жашоомдо мээрим берген бир гана адам сен элең. Эмнге мени таштап кеттиң? Мени ойлогон жоксуңбу? Сенсиз бул жашоодо жапжалгыз каларымды эмнеге ойлогон жоксуң? Менин жүрөгүмдө эч жылуулук калбады. Жанымды деле кыйып коер элем. Бир гана сени куруткан акмактар жер жүзүндө басып жүргөндө мен аларды жөн кое албайм. Сенин өлүмүң үчүн жооп беришет. Ошол үчүн гана жашап жүргөндөймүн. Эптеп эле бир илинчек таап анан аларды жер үстүнөн жексен кылгандан кийин өзүңдүн жаныңа барам. Аларды да мендей жалгыз калтыргандан кийин көксөөм сууйт. Аз калды. Кичине чыда...
Оозун күбүрөтө ушуларды тажабай айта берет. Күндө келгенде айтаар дубасы, убадасы да ушу.
Ххх
-Кабар алдыңбы?
-Алдым. Азыр шаарда, атасынын үйүндө. Фирмасы менен алек болуп жүрөт.
-Жанында бирөөр бар бекен?
-Жок, жалгыз.
Хан ойлуу отуруп калды. Абиш менен Алиянын тоюн бузгандан кийин өзүнөн өзү көксөсү сууп, жаны жай алып мурунку хан болуп калган эле. Ошол боюнча Алиянын аркасынан да түшкөн жок. Болгону жигиттери не сыртына акмалатып койгону болбосо.
“кайда барат дейсиң? Ызасы , кайгысы тараганда эле кечирет. Ага чейин барып, көзүнө көрүнүп убара болуунун кажети жок. Ал баары бир мени сүйөт. Андыктан убакыттын өтүшү менен мага кайрылып келет” деп ойлоп жан дүйнөсү тынч алып калган. Эми кайрадан өз үнүнү бүтпөгөн иштери менен алаксып...
Ушу учурда эшиктен энтиге кирип келген Тумарды карап калды.
-Сага эмне болду анча?
-Шеф, жигиттер табышыптыр. Баарын алдыртан былгыткан адамды табышыптыр.
-Кимди? Жайынча түшүндүрчү. ..
Тумар бет маңдай келди да түшүндүрө баштады.
-Билесизби, баягы жылдары кесилип кеткен жигитти? Кайрат беле? Камчы беле?
-Камчы.
-Ошо жигитиңиз түрмөдн келгени жорунун жигиттери менен байланышып жүргөн. Акыры ошол баарын кылыптыр. Уулуңузду да досуңузду да өлтүргөн ошо экен.
Хан селт эте түштү. Көз алдына кек күйгөн көз караш тартыла калды.
-Сен анык билдиңби?
-Ооба. Ишенимдүү адамдар айтышты.
-Азыр кайда экен?
-Мурун Жоруда иштечү экен. Азыр болсо андан да кетиптир. Анын кайда экенин эч ким билбейт.
-Эмнеге Жорудан кетиптир.
-Анда иштөөнү каалабаптыр. ”Мен Хандан өч алуу үчүн гана иштегем. Эми өз алдымча кетем” деп мындан бир нече ай мурун кетип калган экен.Жору да биздин балдар да изин таба албай жатышат.
Хан муштумун түйө отуруп калды. Душманды алыстан издебе деген ушу. Тумардан мурун эң ишенимдүү деп эсептеген жигиттинин мындай кылаары үч уктаса түшүнө кирген эмес.
Октябрь
256-инфо
Жигит дал өзүндөй көздөрүнөн кек күйгөн кыздын түрүн көрүп аны кандай шамал айдап келгенин түшүнүп турду.
- Отур-деди суз гана.
Кыз айлана тегерегин бир айланта карап алды. Тунжураган жымжырттыктан башка эч нерсени көргөн жок. Акырын жүйүртө басып отурду.
-Эмнеге келдиң?
-Сиздин жардамыңыз керек мага. Хандан өч алуу үчүн...
Жигит көзүн жүлжүйтө кызды карап алды да каткырып кое берди.
-Мен сени таанып турам. Хандын жандан артык көргөн бийкечи эмес белең. Кандаң шайтан азгырып сенин көңүлүңдү оорутуп койду?
Алия кыжырлана жалт тиктеди.
-Таба кылбаңыз. Мындай тагдырды мен башыма сурап алган жок элем. Мен сизден жардам сурап келдим. Каалаган акчаңызды айтыңыз.
Эмеле мыскылдуу күлүп турган жигиттин жүзү томсоро калды.
-Мени акчага киши өлтүрөт деп кимден уктуң?
-Демек сиз дагы андан коркот экенсиз да... Айланасындагы алсыз адамдардын көзүн тазалаш оңой , ал эми Хандын өзүнө катылуу кыйын эмеспи ээ...
-Токтот!
Жаалдана бакырып алган жигит ордунан ыргып турду. Колдорун силкип жиберип аркы-терки баса сүйлөй берди.

257-инфо
-Сен секелек, канымды кайнатпа. Мен Хандын өзүнө аң уулаган эмесмин. Мен Хандын көзүн тазаласам, ал жакындарын жоготуу кандай оор болорун түшүнбөй калмак. Мен аны тирүүнүн тозогунда кыйнагым келген. Максатыма ашыгы менен жеттим. Эми эч кандай аласа бересем жок. Мен үчүн эми турмуштун кара барагы жабылды. Жөн гана жай турмуш өткөргүм келет. Сен келип тынч жаткан турмушума бүлүк салба...
Кыз эрдин кесе тиштеди.
-Эгерде сиз жакындарыңызды жоготуп күйүп жансаңыз, мени жакшы түшүнөсүз. Мен дагы эң жакын адамымды жоготум. Ал... ал адам мага ага да, ата да, жан жолдош да бардыгы болчу. Эми ал жок.
-Анан мага келдиң...
-Көкүрөгүм күйүп жанып жанымды коерго жер таппай жүрөм. Жекке эле Абиш үчүн эмес, өзүм үчүн, жан өрттөгөн сүйүүм үчүн, жарык дүйнөнү көрбөй учуп кеткен наристем үчүн өч алууга милдеттүмүн. Суранам сизден, жардам бериңиз...
-Ошондо эле көксөөң канып дүйнө жарык көрүнө калат деп ойлоп жатасыңбы?
-Ал жер бетинде жашап жүргөндө баары бир мага күн жок.

-Жок, жардам бере албайм. Мен ансыз да күнөөсүз адамдардын канына забын болуптурмун.
-Бул акыркы сөзүңүзбү?
-Акыркы сөзүм.
Кыз ордунан турду да шарт эшикти көздөй басты. Жигит аны карап турду да колдоне алды.
-Болуптур, жардам берем. Бирок ал ишти өзүң гана жашайсың.
Үйүнө кирип кичинекей түйүнчөк алып чыкты да кыздын алаканына салды.
-Мына, аз убакытта эле душманың алсырап жаны жай алат. Ушуну байкатпай ичкен тамагына салып бер.
Кыз айласыз түйүнчөктү колуна алды.

Ххх
Арадан көп күндөр өттү. Бирок канчалык аракет кылса да Алиянын кектүү жүрөгү эс ала албады.
Караңгы түндү жамынган кыз жарык күйүп турган бөлмөдөн көзүн албай турду. Хан да адатынча түн жарымында иштеп жаткан экен. Кобур –собурлар, тыйылып тынчтык өкүм сүрдү. Кыз жашынган жеринен чыкты да акрын үйдү айлана басты. Дикилдеп жанына жете келген дөбөт Алияны тааный коюп, “кайда жүрдүң?” деп эркелегендей куйругун шыйпаңдата калды.
-Чүш...
Эриндери дирилдеген кыз абайлай үйгө кирди. Мына өз бөлмөсү, ушу жерде кандай гана махабатту күндөр өттү. Кандай бактылуу көз ирмемдер... Бирок ошо бакыттын артында кайгынын кермек даамы бар экенин кайдан билди. Кыз көз кычыган келе калган жаштарты күчтөп токтотту. Жок, артка кайтууга жол жок. Ушу учурда кимдир бирөө крап турганын бүткүл денеси менен туя салды. Артына крабай туруп ким экенин түшүндү.
-Мен сенин келериңди күтүп жүргөм.
-...
-Баары бир өзүмө кайрылып келет деп ойлогом.
Караңгылык каптаган бөлмөнүн ичи жарк эте түштү. Кыз бөлмөнү айланта карап алды. Мына сага, дубалдын бооруна чегилип тартылган өзүнүн сүрөттөрү жылмая тигилип турган эле. Ал эми текчелерде , портреттери, жөнөкөй сүрөттөр бөлмөдө жайнап, өзүнчө эле сүрөт галереясы кылып койгон экен. . Ар кандай маанайдагы, ар түркүн сүрөттөр азыр жабылып келип кол салчудай болуп кыздын көзү уяла түштү. Хандын бир калыпта сүйлөй берди.
- Сен кеткени бул бөлмөгө эч кимди башбактырган жокмун. Куса болгондо гана өзүм кирип, кийимдериңди жыттап сүрөттөрүң менен алек боло берчүмүн. Ошондо гана сагынычым жазылып...
- Токтот! Унчукпа...
Кыз бүрүшө түшүп бакырып жиберди. Хан үн каткан жок. Анын көздөрүндөгү чексиз кусалык, мээрим толуп турган эле.
-Мен сени күтүп жүрдүм.
-Унчукпа дедим... жакындаба,
Тиштери шакылдай түштү кыздын.
-Мен сени баары бир аны менен бирге болтурбайт болчумун. Сен аны өзүң деле түшүнсөң керек.
-Ал менин жалгыз жакын адамым болчу.
-Жок, сен мени гана сүйчүсүң. Өзүңдү өзүң алдап күйөөгө тиймей болдуң. Канча аракет кылсам да артка кайтпасыңды сезгенден кийин тигинин көзүн тазалоого туура келди.
-Жок, жок болду айтпа...
Кыз көз жашын төгө бакырып алды. Хан чагылгандай учуп жетип кызды бооруна кысты.
-Мен билгем , келериңди билгем ардагым.
Кызыдын мойнуна апакай жүзүнөн өпкүлөп жатты. Бирок кучагындагы адамдын сезими ал үчүн эбак эле тоңуп калганын байкаган жок.
Аз убакыт өткөн соң экөө алсыз шамдын жарыгында сүйлөшүп отурушту. Оо, Хандын далайдан берки айтылбаган сырлары ачылып, көздөрү бакытка толуп турду.
-Кичинекейим менин. Сен менин тагдырыма жазылган адам экениңди бир көргөндө эле билгем.
-Кызык, мен дагы...
-Мен сени сүйгөндөй эч кимди сүйгөн эмесмин...
-Сен кызып калдың, Хан.
-Жок, мен махабатка масмын, жаным...

-Мен бүгүн сенин кучагыңда тиги дүйнөгө кетсем да бактылуумун. Кандай гана күттүм сени, Алия...
Кыз көз жашын акырын жутту да калтыраган колун бокалга суна берди.Мына, мезгил жетти! Качантан бери жүрөгүндө жүргөн кектен ьошонууга бүгүн убакыт келди. Эми артка чегине албайт. Чөнтөгүндөгү баягы жигит берген түйүнчөктү ачты да, андан чымчым алып Хандын бокалына сээп жибергенге үлгүрдү.
-Хан...
-Табышмактуум менин, келчи мага!
Кучагын жая берген Хан Алияга умтулду.
-Мына, бокалың...
-Рахмат!
Хан бокалды колуна алып кыздын көзүнө тике карады. Көздөр ыйлап, көздөр кечирим сурап, көздөр кек көксөп турду. Аттиң, бирок...
Хан кыздан көзүн албай туруп бокалдагы винону шак тартып жиберди. Кыз көзүн чылк жуумп, өксүп жиберди.
-Оо Кудай, эмне кылдым? Эмне кылп жибердим?
Таң агарып атканда Хандын жансыз муздак жүзүнөн акыркы жолу өпкөн кыз эшикке бет алды.Ушунтип аяктады бул окуя. Бирин-бири –чексиз сүйгөн эки адамдын чиеленишкен тагдырына кара чекит коюлду. Мындан ары эмне болмокчу. Тагдыр бороону кызды дагы кайда учурат болду экен...
Ххх
Арадан көп убакыт өттү. Кыздын столунун үстүндөгү телеграмма кече келген экен. “Алия, бизди тозуп ал. Апаң. Али.” Терезени телмире тигилген кыз негедир бул жолугууну өзү да күтүп жүргөнүн түшүндү. Эми атасынын, Абиштин бейитене акыркы жолу барып, андан соң аза кийимин чечүү керек экенин сезип турду.
-Болду, аза кийимден, көз жаштан чарчадым. –деди өзүнө өзү.
Эртеси бейит башына келген кыз колундагы күлдөстелерди коюп, жатып кимдир бирөө атасыны гүл коюп кеткенин байкады. Артына жалт карап нары жакта турган аялды бакады. Ким бул? Көзүн бардап ачып алып, алдында турган аялды көрдү.
-Кимсиз?Сиз кайдан келдиңиз?
-Мен... Мен апаңмын!Райханмын!
-Апа?!
Кыз күбүрөй берди. Эриндери ушу кымбат сөздү канчадан бери айтуунун көксөп жүргөнү жалган беле? Эми бул адамдан жакын эч ким калбады го... Балким бардык бактысыздыгын кайрымжысы ушу болуп жүрбөсүн...
Кыздын жаралуу жүрөгү энесинин мээримдүү кучагына талпына берди. Атыла барып апасына кучагына бой таштады.
-Апаке, апаке...-деп жатты куду кичине кезиндегидей апасынын төшүн сүзгүлөп.
-Кызым менин!
Райхндын бул көз жашы бакыттын көз жашы болчу. Кучакташкан экөө ыйлап да күлүп да аларды тозо чыккан Алишер менен Диязга бет алышты...
(Аягы)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#377 Пользователь офлайн   Kenzhe_007   27 Ноябрь 2013 - 21:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 96
  • Катталган: 04 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 05 Мар 2021 11:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:АКШ

Рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#378 Пользователь офлайн   dinajanka   27 Ноябрь 2013 - 21:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Ммм укунучтууу жана суйунучтууу. .
Рахмат Кристи эжеке...
Бар болунуз ар дайым...

Билдирүүнү түзөткөн: dinajanka: 27 Ноябрь 2013 - 21:40

Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#379 Пользователь офлайн   sparkle   27 Ноябрь 2013 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 175
  • Катталган: 24 Март 12
  • Соңку аракети: 26 Сен 2020 21:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

rahmat bir dem menen okup chyktym
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#380 Пользователь офлайн   Beka_89_kg   28 Ноябрь 2013 - 07:32

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 04 Май 13
  • Соңку аракети: 02 Июл 2015 23:41

Агата Кристи эже абдан чмон рахмат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (22 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 05:37

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: