К.
Бакиев Минскиден 2 млн долларга үй сатып алып, көчүп барды
Экс-президент Аскар Акаев Москванын четине туруктуу отурукташып алган болсо, андан кийинки качкан ажо Курманбек Бакиев жакында Минскинин четиндеги борбордук аэропортко жакын жердеги ВИП-шаарчадан 1 млн 700 миң долларга бардык шарты бар заманбап үй сатып алып, үй-бүлөсү менен көчүп барыптыр жана Курманбек Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алды.
Кыргызстанда 35 райондун акимдери дайындалды
Премьер-
министр Өмүрбек Бабанов акимдерди дайындоо боюнча буйрукка кол коюп, бүгүн, 9-февралда шайланган акимдердин ар бирине салтанаттуу түрдө тапшырды.
Акимдердин тизмеси:
Баткен облусу:
Баткен району – Сейитмурат Калыков
Лейлек району – Тилеберди Арипов
Жалал-Абад облусу:
Сузак району – Нурболот Мирзахмедов
Ноокен району – Абдырахман Осмонов
Аксы району – Медет Айдаралиев
Ала-Бука району – Атантай Рыскулов
Чаткал району – Таласбай уулу Акматбек
Токтогул району – Усенкул Шабданов
Ысык-
Көл облусу
Жети-Өгүз району – Жаныбек Дүйшөмбиев
Ак-Суу району – Жолдошбек Байсеитов
Тоң району – Бакыт Рыспаев
Түп району – Меркибек Кыштобаев
Нарын обласу
Кочкор району – Жылдызбек Шералиев
Жумгал району – Адылгазы Исагулов
Ак-Талаа району – Сейтек Кулубаев
Ош облусу
Өзгөн району – Аттокур Тажибаев
Кара-Кулжа району – Каныбек Алиязов
Ноокат району – Замирбек Аскаров
Араван району – Шамиль Артыков
Алай району – Таалай Сарыбашов
Чоң Алай району – Абдилазиз Аширалиев
Кара-Суу району – Тилекбек Матраимов
Чүй облусу
Кемин району – Умар Изабаей
Чүй району – Сталбек Идрисов
Панфилов району – Бактыбек Райымкулов
Сокулук району – Мукаш Осмонкулов
Москва району – Замир Урманбетов
Ысык-Ата району – Бактыбек Кудайбергенов
Аламүдүн району – Марс Саккараев
Жайыл району – Таалайбек Субанбеков
Талас облусу
Манас району – Эдил Кузебаев
Кара-Буура району – Анарбек Осмоналиев
Бакай-Ата району – Урматбек Тынысов
Талас району – Байрак Сейдибалиев
Саясат КҮНДӨЛҮГҮ... Жаңылыктар жазылат!
#62 13 August 2012 - 18:09
Бүгүн,
13-августта өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жыйындар өтүп жатат. «Ата-Менкендин» лидери Ө.Текебаевдин айтымында, бардык фракциялардын өкүлдөрү өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча доомат койгон. «Ата-Мекендин» жыйында депутат Ж.Сапарбаев өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси боюнча атайын даярдалган видео тасманы көрсөтүп, Ө.Бабановго карата бир катар дооматтар бар экендигин билдирди.
Буга чейин “Ата Мекендин” депутаттары өкмөттү кетирүү демилгеси менен чыгып, 45тен ашуун депутаттын колу топтолгонун айтышкан. Депутат Ж.Сапарбаев берген маектеринде өкмөттү 28-августка чейин, кендерди аукционго коюп сатууга жол бербей кетирүү керектигин билдирген.
Булактар маалымдагандай, Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча расмий эмес штаб түзүлүптүр.
Бул штабда «Ата Мекен» фракциясынын толук курамы, «Ар-Намыс» фракциясынын депутаттарынын жарымы, КСДП фракциясынын депутаттарынын жарымы кирген, ошондой эле «Республика» менен «Ата Журт» фракциясынын активдүү депутаттары да бар. Бүгүн саат 11:00 «Ата Мекен» фракциясынын, 15:00 «Ар-Намыс» фракциясынын, 18:00 КСДПнын саясий кеңешинин отурумдары өтмөк. Чогулуштун негизги себеби болуп өкмөттү отставкага кетирүү саналат.
Штаб менен өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү жашыруун кызматташууда, алар Оторбаев, Аалы Карашев жана Темир Сариев, деген маалыматтар бар.
«Ата-Мекен» менен «Ар-Намыс» өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтуу боюнча бир добуштан чечим чыгарышты.
P. S . «Ар-Намысчылар»: Ө.Бабанов Орусияга, Кореяга популисттик иш сапарлар менен барып, өкмөттү ойлонбогон идеялары менен башкарып жатат, десе, «Ата-Мекенчилер»: Ө.Бабанов коррупциялык схемалар менен тейлөө көрсөткөндүгү үчүн Түркиялык ишкерден кымбат баалуу аргымакты белекке алган дешүүдө. Бирок бул тууралуу, өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров жалган факты деп билдирип жатат.
Кыскасы, Өмүрбек Бабанов же ары, же бери оочудай болуп турат, кыйын абалын түшүнгөн Бабанов кыргызстандыктарга, алардын ичинен өзгөчө жаштарга кайрылуу да жасап жиберди.Эми калганын убакыт көрсөтөт деп туралык, башкысы Кыргыз жеринде тынччылык болсун...

«
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз»
#63 07 September 2012 - 20:51
Достор эми Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги
эмес, жөн гана Экономика министрлиги
болду.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#64 02 October 2012 - 12:29
Койлор олуп ,ветеринария тармагы ээлеп жатат го бул жумалыкты!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#65 28 November 2013 - 01:09
Кыргыз Республикасынын каржы министиринин орун басары Мирлан Байгончоков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча коммитетинин отурумунда бюджетти кармап туруу үчүн Евробиримдик Кыргызстанга 30 миллион евро бөлүп берээрин билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттын 50 пайызы грант, 50 пайызы насыя түрүндө берилет. Ал акча мамлекеттин өнүгүүсүнө жумшалмакчы.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#66 28 November 2013 - 01:11
отчет берген салык төлөөчүлөрдүн саны 302 миңди же салык каттоосунда турган жалпы мекемелердин 64,5%ын түзөт.
Быйылкы жылдын 10 айында салык каттоосунан өтпөгөн 13,3 миң жана салык төлөмү жана декларация тууралуу отчет бербеген субъектилер аныкталган.
Мындан тышкары 2 жыл бою салык отчетун бербеген жана бюджетке карызы жок 2770 субъектилер мажбурлоо жолу менен жабылган.
Быйылкы жылдын 10 айында салык каттоосунан өтпөгөн 13,3 миң жана салык төлөмү жана декларация тууралуу отчет бербеген субъектилер аныкталган.
Мындан тышкары 2 жыл бою салык отчетун бербеген жана бюджетке карызы жок 2770 субъектилер мажбурлоо жолу менен жабылган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#67 28 November 2013 - 01:12
"Агропродкорпорация"
ишканасы 4 млн сомду дайынсыз жок кылгандыгын айыл чарба министр Чынгысбек Узакбаев билдирди. Анын айтымында, аталган ишканага 2008-жылы 800 млн сом бөлүнгөн. Тилекке каршы, берилген 400 млн сом кайсыл иштерге жумшалгандыгынын дайыны жок."2008-жылы ишкана жаңыдан негизделгенде аларга 800 млн сом бөлүп, анын 400 млн сому берилген. Бирок, ал каражатты сыйкырчылык кылып, жок кылып жиберишкен - дейт Узакбаев. Бул жемкорлукка ЖК депутаттары да нааразы.Мамлекеттик казынада акча каражаты жетишпей жатса, бул ишкана каалаганын кылат. Ошол үчүн "Агропродкорпорацияны"
жоюп салуудан өтөөрү жок дешет эл өкүлдөрү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#68 28 November 2013 - 01:13
Эсеп палатасынын эки кызматкерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети пара алып жаткан жеринен кармады. Мекеменин аудитору И.Ж. жана инспектору А.К. жумуш бөлмөсүндө 35 миң сом жана 700 доллар алып жаткан учурунда кармалганын атайын кызматтан маалымдашкан.
Кармалгандар кимден же кайсыл мекемеден пара алып жатканы айтыла элек. Эки кызматкерге тең кылмыш иши козголуп, 20-декабрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#69 28 November 2013 - 01:14
Кыргызстанда 2013-жылы 9 ай ичинде социалдык төлөмдөргө 4,5 миллиард сом сарпталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каржылоо мамлекеттик жөлөк пул, ай сайын берилүүчү социалдык төлөмдөр, жеңилдиктердин ордуна акчалай жардамдар, өмүрүнүн аягына чейин берилүү жана кош бойлуулук учурундагы стипендияга багытталган. Мындан сырткары 9-май Жеңиш күнүнө карата социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө сарпталган.
Каржылоо мамлекеттик жөлөк пул, ай сайын берилүүчү социалдык төлөмдөр, жеңилдиктердин ордуна акчалай жардамдар, өмүрүнүн аягына чейин берилүү жана кош бойлуулук учурундагы стипендияга багытталган. Мындан сырткары 9-май Жеңиш күнүнө карата социалдык жактан колдоо көрсөтүүгө сарпталган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#70 28 November 2013 - 01:16
Үстүбүздөгү жылдын январь – октябрь айларына карата республикалык бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелерге коммуналдык кызматтарга 1 млрд. 110,3 млн. сом бөлүндү. Анын ичинен, 431 млн. сом электр энергиясына,
164,3 млн. сом жылуулук энергиясына,
23,4 млн. сом жаратылыш газына, калган каражаттар байланыш, суу жана башка коммуналдык кызматтарга жумшалган. Ошондой эле, республикалык бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелерге көмүр сатып алууга 106.7 млн. сом бөлүндү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#71 28 November 2013 - 01:17
КР Башкы прокуратурасы тарабынан Ош облустук ИИББнин кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу,
кыйноо, пара талап кылуу жана алуу, ошондой эле адамдын өз өмүрүн кыйышына жеткирген фактылар боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Башкы прокуратурага бир тууган Тешебаевдер Көк-Жаңгак шаарында М.Тешебаевди Оштогу аэропортто 4,5 млн доллар уурдалган куралдуу кол салууга шектүү катары кармап, кыйноого алгандыгы үчүн арыз менен кайрылышкан. Милиция кызматкерлери шектүү адамдан күнөөсүн моюнга алган көрсөтмө алуу үчүн уруп-сабап, М.Тешебаевди кылмыш жоопкерчилигине тартпоону убада кылып, андан 5000 АКШ доллары суммасында пара алышкан.
Денесине келтирилген оор жаракаттан улам М.Тешебаев кыйноого чыдай албай өзүн-өзү асып өмүрүн кыйган.
Учурда Ош облустук ИИББнин кызматкерлерине карата прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши иликтенүүдө.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Башкы прокуратурага бир тууган Тешебаевдер Көк-Жаңгак шаарында М.Тешебаевди Оштогу аэропортто 4,5 млн доллар уурдалган куралдуу кол салууга шектүү катары кармап, кыйноого алгандыгы үчүн арыз менен кайрылышкан. Милиция кызматкерлери шектүү адамдан күнөөсүн моюнга алган көрсөтмө алуу үчүн уруп-сабап, М.Тешебаевди кылмыш жоопкерчилигине тартпоону убада кылып, андан 5000 АКШ доллары суммасында пара алышкан.
Денесине келтирилген оор жаракаттан улам М.Тешебаев кыйноого чыдай албай өзүн-өзү асып өмүрүн кыйган.
Учурда Ош облустук ИИББнин кызматкерлерине карата прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши иликтенүүдө.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#72 28 November 2013 - 01:18
Бийликти катуу сынга алган адамды бийлик жаман көрөт. Ошондуктан,
булар мага да кылмыш ишин козгоп камап коюшу мүмкүн. Мага карата Кумтөр келишими боюнча айып тагууга аракет кылышты. Кол коюуга менин тиешем жок экенине көздөрү жеткенден кийин тынчып калышты. Эгерде менин күнөөм болсо баса калганга даяр болушчу, - дейт Р.Жээнбеков.
Ошондой эле ал “Ысык-Көлдүн жээгинен пансионаттарды болбогон акчага менчиктештирип алган» деген күнөө коюлууда. «Туура, менчиктештирилгени чын. Бирок, бул Жогорку Кеңештин уруксаты жана атайын жазылган программасынын негизинде гана өкмөт менчиктештирүүгө берген деген пикирди карманат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#73 28 November 2013 - 01:19
Борбор калаадан бир жарым жаштагы кызды катуу ур токмокко алган аял колго түштү. Бишкек ШИИБ билдирүүсүнө караганда, наристе учурда кома абалда №3-балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Өспүрүм баш сөөгүнөн жараат алган, денесине да оор залака келтирилген.
Аны сабаган аял 35 жаштагы Гүлмира Д. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги белгилүү болду. Ал тууганынын баласын карап берип, акча тапкандыгын айткан. Акыркы ирет кыздын ата-энеси ага 2 миң сом пул төлөбөй койгондуктан,
Гүлмида Д. бул үчүн кичине кыздан өч алган. Учурда бул аял ШИИБдин убактылуу кармоо жайына жеткирилип,
күнөөсүн мойнуна алды. Ага карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#74 28 November 2013 - 01:20
26-ноябрь күнү саат 17-30дар чамаларында Жалал-Абад ШИИБнүн «Курманбек» шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын капитаны 28.11.1983 жылы туулган Жумабаев Каржаады Абдиллажанович
Сузак районунун Таш-Булак айыл округуна караштуу Арал айылынын Иригатор көчөсүндө жайгашкан суу түтүгү орнотулган жерден өзүнө бекитилген кызматтык Нива-2121 номери МВД 161 Д автоунаасынын алдыңкы айдоочу орунтугунда оң колунда кармаган табелдик ок атуучу «Макаров» тапанчасы бар, башында бир жолу атылган октон жаракаты бар жансыз денеси табылган.
Иликтеп териштирген учурда маркум милициянын капитаны Жумабаев Каржаады өзүн атаардан мурун келинчеги 03.07.1986 жылы туулган Адылова Чолпон Адыловнаны бир жолу ок атуучу курал менен оң көкүрөгунүн үстү жагына бир жолу атып ок тийип, алган жаракаттан азыркы убакта ооруканага жеткирилип жардам көрсөтүлүүдө.
Милициянын капитаны Жумабаев Каржаады буга чейин келинчеги менен чырдашып бир канча жолу ажырашып,кайра жарашып үй-бүлөлүк чыр- чатактар болуп келгени аныкталууда.
Азыркы убакта соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жана тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

#75 28 November 2013 - 01:21
Келдибековдун Ош шаарындагы тарапташтары президентке кайрылуусун жолдоду Коррупцияга шектелип камалган депутат Ахматбек Келдибековдун Ош шаарындагы тарапташтары жергиликтүү элдин атынан өлкө президентине кайрылуу жолдогонун билдиришти.
Анда Алмазбек Атамбев коррупцияга каршы иштерди өзүнөн жана партиялаштарынан баштаса жакшы болоору айтылат. "Сиздин айланаңызда иштеп жаткан партиялаш болуп жүргөн коррупционерлерге эмнеге кылмыш ишин козгобой жатасыз? Кыргызстандын 100 миллионеринин ичинен 1–орунда турган экс - премьер-министр Өмүрбек Бабанов, 3- орундагы өзүңүз, Алмазбек Шаршенович,
8- орундагы Чыныбай Турсунбеков,
10-орундагы Акылбек Жапаров, 14-орундагы Иса Өмүркулов жана 17-орундагы Темир Сариевге окшогон башка дагы чиновниктерден өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, ушунча байлыкты кайдан топтогонун эмнеге сурабайсыз?
"-деп суроо салат кайрылууну жолдогондор
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#76 28 November 2013 - 01:22
Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган 1400 адамдын 700ү ачкачылык жарыялагандыгын аталган мекеменин жетекчиси Марс Жусупбеков тастыктоодо.
Айтымында, абактагылар Ысык-Ата районундагы №50 тергөө абагында камакта отурган (Лимонти) кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулаймановду бул жака которуу талабын коюп жатышат. Көрсө, ал абактагы айрым камераларды ачык коюуга уруксат алып берүүгө убада кылган экен. Бул талап мыйзамсыз, ал аткарылбайт,
- дейт Жусупбеков.
Түрмө жетекчисинин айтымында, акция тууралуу абактын жетекчилигине алдына ала маалымдалган эмес. Эске салсак СИЗОдогулар ачкачылыкты бүгүн башташты. Айрым булактар ачкачылыкка чыккандар А. Келдибековдун азаттыгын сурап жатышканын айтышууда
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#77 28 November 2013 - 01:23
23 жаштагы кыз «Бета Сторес» соода түйүнүнөн чөнтөкчүлүк кылып кармалды. ИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал кыз "Бета Сторес" соода борборунан 40 жаштагы тургундун чөнтөгүнөн 200 доллар жана 2 миң сом, паспорт жана банк карточкаларын уурдаган. Биринчи Май райондук ИИБдин кылмыш иликтөө тобунун ыкчам аракети менен изи сууй электе 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#78 28 November 2013 - 01:24
Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыковдун айтымында, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусунан он адам 2013-жылдын август айында ажылык сапарга жөө чыгып кетишкен бойдон дайынсыз. Ажыга барып келгендерден сурасам, алар да “көргөн жокпуз”,- деген жообун беришүүдө. Азырынча ажылыкка аттангандардын туугандары эч бир расмий органдарга кайрылыша элек», Ошентсе да сураштырууну токтото элекпиз дейт Сагындыков.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#79 28 November 2013 - 01:26
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жайант Н.Хобрадени дипломатиялык миссия мөөнөтү башталгандыгына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушууда Төрага Индия менен кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп санала турганын белгиледи.
А.Жээнбеков парламенттер аралык байланыш эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди бекемдөөдө орчундуу мааниге ээ болорун айтты. Ошондой эле, ал кыргыз тарап парламентаризмди өркүндөтүү жаатында тажрыйба алмашууга, парламенттер аралык алакаларды арттырууга, парламенттер аралык байланыш механизмдерин иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди. «Индия 19949-жылдан бери парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча чоң тажрыйба топтоду. Ушундан улам, мындан үч жыл мурун парламенттик башкаруу таризин тандап алган Кыргызстан үчүн Индиянын иш-тажрыйбасы өтө маанилүү», - дейт ал.
Жолугушуу жүрүшүндө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Төрага өз мейманынын көңүлүн соода- экономикалык, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык кызматташтыкты арттыруу зарылдыгына бурду. Ошону менен бирге, саламаттыкты сактоо, туризм, айыл чарба, кайра иштетүү, кадрларды даярдоо, технопарктарды түзүү тармактары да артыкчылыктуу багыттар катары аталды.
Ал эми элчи Н.Хобрадени эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого багытталган чаралардын ишке ашуусуна баардык аракетин жумшай турганын билдирди. «Индия эки тараптуу мамилелердин алкагында гана эмес, эл аралык деңгээлде да кызматташтыкты жандандырууга жана аны андан ары өөрчүтүүгө кызыкдар», - дейт ал.
Андан сырткары, жолугушууда Төрага А.Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик делегациясынын Индияда жакында өтө турган иш сапарынын маселелери да талкууланды

#80 28 November 2013 - 01:34
А.Атамбаевге Акматбек Келдибековдун апасы Сонунбүбү
Кадырбаевадан Ачык кат Сиз, жалпы эл тарабынан шайланган Президентсиз. Мен бүгүн сизге баламдын тагдырынын айланасында акыйкат издеп кайрылып отурам. Элдин жана эненин үнүн угат деген ишенимдемин. Сизди да мендей болгон эне жарыкка алып келген. Сиз премьер-министр болуп иштеп жүргөнүңүздө бир сөзүңүздө “Апам дайыма айтчу эле. Жакшы болсоң- көпүрө бол”- деп айтканыңызды өз кулагым менен уктум эле. Мен да ошол апаңыздын сөзүн сизге бүгүн кайталап, өзүңүзгө кайрылып отурам. Сиз азыр элдин тынчтыгы, өлкөнүн тынчтыгы үчүн көпүрө болуп, акыйкатты туу тутушуңуз керек. Мына ошондо гана элдин ишенимине ээ болосуз. Жети баланы тарбиялап, ак эмгегим менен эрезеге жеткирдим. Уулум Акматбек эгер күнөөлүү болсо, мыйзам алдында, элинин алдында жооп бергенден эч качпайт. Мен аны элин-жерин сүйдүрүп, мекенчил кылып, эл керегине жарасын деп тарбиялап өстүргөм. Бирок, ага бүгүнкү күндө кыргыз элинин чыккынчысындай, өтө оор кылмыш жасаган кылмышкердей мамиле жасап жатканы эне катары жүрөгүмдү оорутуп турат. Анын коопсуздугуна коркунуч туудурчу жагдайлар бар экени коомчулукта айтылып жатат. Мына ошондуктан, баламдын коопсуздугун сактоо үчүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына бошотуп берүүңүздү суранам! Уулум жоопкерчиликтен качпастан, тергөө иштерине жолтоо болбойт. Сиздин да башыңызга учурунда бийлик дагы дал ушундай куугунтугун көрсөткөн. Сиз менин баламдын тагдырын жакшы түшүнүп турасыз. Эл деген эч кимге баш ийбеген сел. Ошондуктан, адилеттүү чечим кабыл алып берүүңүзду суранам! Энелердин көз жашын жерге төкпөңүз!

Супер-Инфо
super.kg
видео