Келиниздер, жашоо жонундо билгендерибизди ыр же учкул соз катары жазып калтырабыз.
..!
- (2 )
-
- 1
- 2
Жашоо сабактары...
#1 29 November 2013 - 01:33
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 29 November 2013 - 01:36
Жашоо сабактары – адамга түркүк
Жашоо сабактары – адамга багыт
Жашоо сабагы менен адам калыптанат
Жашоо сабагы менен адам уланат.
Жашоо сабактары – адамга багыт
Жашоо сабагы менен адам калыптанат
Жашоо сабагы менен адам уланат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 29 November 2013 - 01:37
Жашоонун кубатын алган адам – бактылуу
Жашоонун сабагын алган адам – акылдуу
Жашоонун белгисин билген адам – олуя.
Жашоонун сабагын алган адам – акылдуу
Жашоонун белгисин билген адам – олуя.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 29 November 2013 - 01:39
Жашоонун негизин кармаган адам – барктуу
Жашоонун азабын тарткан адам – муңдуу
Жашоодо адашкан адам – аянычтуу.
Жашоонун азабын тарткан адам – муңдуу
Жашоодо адашкан адам – аянычтуу.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 29 November 2013 - 01:40
1. Эң биринчиден,
адам өсүш үчүн ал өзүн баалоо керек. Башка
адамдардын чектөөсүнөн чыгып, өзүнүн кубатына, акылына, жөндөмүнө,
ишкердүүлүгүнө ишенип иш баштоосу зарыл. Чектөөлөрдөн чыгыш үчүн
“Мен күчтүүмүн, кубаттуумун, ойлогон оюма жете алам, Кудай мага
жардам берет!” деп көп айтыш керек. Сөз менен көп айта баштаганда ал
адамга кубат берип, көкүрөгүндө ишеним толук отурганга чейин кайталай бериш керек. Чектөө көп болсо бул сөздү көп айтыш керек.
адамдардын чектөөсүнөн чыгып, өзүнүн кубатына, акылына, жөндөмүнө,
ишкердүүлүгүнө ишенип иш баштоосу зарыл. Чектөөлөрдөн чыгыш үчүн
“Мен күчтүүмүн, кубаттуумун, ойлогон оюма жете алам, Кудай мага
жардам берет!” деп көп айтыш керек. Сөз менен көп айта баштаганда ал
адамга кубат берип, көкүрөгүндө ишеним толук отурганга чейин кайталай бериш керек. Чектөө көп болсо бул сөздү көп айтыш керек.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 29 November 2013 - 01:41
2. Тилекти туура коюп, туура тиленип, адам максат коюп, элестетип
жазып коюш керек. Аракет кылмайынча мээнетсиз эч нерсе болбойт.
Энергетикалык мээнет менен физикалык мээнет бирдей болгондо – өсүү
абдан күчтүү болот.
жазып коюш керек. Аракет кылмайынча мээнетсиз эч нерсе болбойт.
Энергетикалык мээнет менен физикалык мээнет бирдей болгондо – өсүү
абдан күчтүү болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 29 November 2013 - 01:42
3. Кыргыздын өндүрүшүнүн бүгүнкүсүнө жана келечегине эмне керек? Ар бир ишкердин “мен эмнени өндүрөм” деген максаты так болушу абзел.
Кыргызга таандык эмне бар: ашар, уруунун ынтымагын, чөйрөнүн
ынтымагын колдонсоңор өсүү күчтүү болот. Бул, кыргыздын канына
сиңген ыкма, жол. Көрө билүү, маданият, тандоо ыкмалары жакшы нукта
болуш керек. Эң негизгиси жетекчинин иштин көзүн тааныган сапаты
чечүүчү мааниге ээ. Ѳсүү жолун окуп-үйрөнүү багытын дүйнөлүк ийгиликтүү тажрыйбадан
алса болот. Алдыга койгон максаттарды жазбай койсоң, кичине болсо да
калпыстык кетип калат. Ал эми жазып койсоң – оюң туура, шурудай
тизилип так болот. Туура нуктан чыкпаш үчүн, “Азгырыктан алыс кыла
көр, адаштыра көрбө” деген тилек, сурануу көп болуш керек. Ишкердүүлүктү ийине жеткире кылуу ар бир адамдын колунан келеби? Сапатка толсо, ар бир адамдын колунан келет. Ишкерлик маданияты,
сапаты бийик, жогору болуш керек. Мисалы: бир ишкер базарга материал
алып кел деп жиберсе, чала жасаган ишкер ал адамды убара кылат.
Маданияты жогору ишкер жиберген адамга: кандай материал алуу керек,
өңү, сапаты, баасы, салмагы деп баарын так айтып жиберет. Бул мыкты
сапаттарга ээ, билими толгон, иштин көзүн таба билген жетекчи болот.

#8 29 November 2013 - 01:43
Изденүүнүн 4 түрү бар: 1. Жан дүйнө изденүүсү 2. Акыл толгоп изденүү 3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү 4. Жол издөө
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 29 November 2013 - 01:44
1. Жан дүйнөнүн изденүүсү – бул өзүнүн ордун табуу, бир нукта
мээнеттенүү, чыгармачылык изденүү. 2. Акыл толгоп изденүү – бул Кудай берген, адам жараткан акылдарды
иликтеп, анын тереңине жетип, баасын билип, ошол акылды татып, ошол
акылда болуу же туруу. 3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү – бул, адам толгон, жеткен акыл
кубатын, сезим кубатын, күч кубатын туура пайдалангандын жолун издөө. 4. Жол издөө – бул адамдын акылы менен жеткен, жан дүйнөсү эңсеген
бийиктикке жетиш үчүн жол издөө. Адамдын жашоосундагы
изденүүлөрдүн татаалы – жан дүйнө изденүүсү.
мээнеттенүү, чыгармачылык изденүү. 2. Акыл толгоп изденүү – бул Кудай берген, адам жараткан акылдарды
иликтеп, анын тереңине жетип, баасын билип, ошол акылды татып, ошол
акылда болуу же туруу. 3. Кубат менен мээнеттин изденүүсү – бул, адам толгон, жеткен акыл
кубатын, сезим кубатын, күч кубатын туура пайдалангандын жолун издөө. 4. Жол издөө – бул адамдын акылы менен жеткен, жан дүйнөсү эңсеген
бийиктикке жетиш үчүн жол издөө. Адамдын жашоосундагы
изденүүлөрдүн татаалы – жан дүйнө изденүүсү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#10 29 November 2013 - 14:31
Жашоода сен адамдардын алды болуп жашай десен,эн негизси акылдуу бол.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#11 29 November 2013 - 14:38
"bugundu tamyry kecheginde bolso,sabagy ertenkinde"demekchi jawoo kechegi bugunku ertenki bolup oto beret eken.
#13 30 November 2013 - 00:14
Сезим: Ар бир адамдын өзүнүн баскан изи бар. Кээ бир адамдын баскан изинен
көп адам үлгү алат. Кай бир адамдын изинен топ адам кубат алат. Көп
адамдын баскан изинен көп адам сабак алат. Кээ бир адамдын баскан изи көп адамды иренжитет, топ адамды ыйлатат,
жакындарын сыздатат. Алардын изинен адам багыт таппайт. Издин
ээсинин бакыты жок, убарасы көп, натыйжасы аз. Мындай адамдын
жашоосу жакындарына жүк, алыстарына иренжүү. Адам өзүнүн жашоосун иликтемейинче, адашуусун аныктамайынча убара
андан кетпейт. Сезимин ойготмоюнча тереңдик келбейт, акылды
иликтемейинче өзгөрүү болбойт. Жашоонун салмагы адамдын кыялынан, каалоосунан, максатынан, анан
барып ишинен, кыял-мүнөзүнөн топтолот. Адамга тирек болгон, адамды
өстүргөн, адамга канат байлаткан – бул анын сезими. Сезим менен адам
кыялданат, каалоо каалайт, көңүлү менен иштейт. Эгер сезим алкагы
төмөндөсө, кубаты кетсе – адамдын каалоосу төмөндөйт. Кыялы пастайт,
көңүлү көп нерсеге келбейт. Ошондуктан адамдын көңүлүн оорутуп, сезимин тебелесе, адамдын иш жөндөмдүүлүгү начарлайт. Иш аракети
пастайт, көңүлү толбойт. Бул ыкманы билген адам топ адамдын көңүлүн
көтөргөндү билет. Топ адам менен чоң ишкердүүлүк кыла алат.

#14 30 November 2013 - 00:15
Эмгекчил адам менен күжүрмѳн адамдын айырмасы эмнеде? Эмгекчил адам – такай иштейт. Күжүрмѳн адам талбай иштейт. Эмгекчил адам кѳңүл менен иштейт. Күжүрмѳн адам кубат менен иштейт. Эмгекчил адам сүйүп иштейт. Күжүрмѳн адам жанып иштейт. Эмгекчил адам эмгектин үзүрүн билет. Күжүрмѳн адам эмгекке үзүр
берет. Күжүрмѳн адам – талыкпай, чарчабай, тынбай, кѳп эмгек жасаган адам.
берет. Күжүрмѳн адам – талыкпай, чарчабай, тынбай, кѳп эмгек жасаган адам.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#15 30 November 2013 - 00:16
Сүйлөө адеби Адамдын ой толгоосу, иш кызматы, жүргөн-турганы,
адеби, деңгээли
боюнча элдин алдында ар тараптуу сүйлөө ыкмалары бар: 1. Адамды кубатка толтурчу ыкма 2. Адамды ынандырчу ыкма 3. Адамга багыт берчү ыкма 4. Адамды жоошутуучу ыкма 5. Акыл айтчу ыкма 6. Ой бөлүшчү ыкма (маалымат билдирүү, жеке пикир) Ушул ыкмалардын баарын эске алып, жагдайга жараша адам багыттуу
сөзүн баштайт. Багыттуу сөздү баштаган учурда жагдайга жараша адам
өзүнүн кебин, баяндамасын баштайт. Эң биринчиден, сүйлөгөн адам
өзүнүн турпатына, үнүнө, кыймыл-аракетине көңүл бурганы оң. Ар бир элдин өзүнө тийиштүү ыкмалары, кыймылы, жаңсоолору бар.
Биздин элге тийиштүү ыкмалары, кыймылы – бул сабырдуулук,
токтоолук. Ал эми кыймыл-аракет, жаңсоолор башка элдерге
салыштырмалуу өтө аз. Эгер адамды кубаттап, көңүлүн көтөрүп баяндама курса, ага тийиштүү
жаңсоолор өйдө жакка карайт. Кубатка толтурчу ыкмада баяндама айткан
адамдын үнү кыймылга караганда күчтүү, кубаттуу болуш керек. Кыймыл-
аракет өтө көп эмес, такыр жок эмес, негизги басым үнгө коюлат. Адамды жоошутуп, сабырдуулукка чакырып жаткан кезде жаңсоолор
уланып кетпейт, токтоп калат. Токтоп калган жаңсоолор ылдый түшкөнү
оң (өйдө көтөрүлбөш керек). Эгерде жеке адамга тийиштүү болсо, ал
адамды акырын кармап, анан ылдый көздөй сылап коюу керек. Адамды эргүүгө, бийиктөөгө, толкундоого чакырып турган учурда ары-
бери басып кыймылдуу, жаңсоолор көбүрөөк болгону оң. Акыл айткан, багыт берчү, ынандырчу учурда адамдын кыймылы өтө аз,
үнү терең болуп, жаңсоолору жок болуп, элге, адамга карап, көңүлдү
токтотуп сүйлөө оң. Ой бөлүшчү учурда адамдын эркине жараша каалагандай болот. Тике
карап, көздүн тушунан өйдө караган болбойт; жүзүнөн ылдый да караган
болбойт.

#16 30 November 2013 - 00:30
Пендени алдаса болот, Кудай менен тарыхты
алдай албайсың. ***
Кылган жакшылык-жамандык жети муундан бир
кайрылат. ***
Жакын адамдарыңдын жаңылыштыгын кечире
бил. ***
Бечараны сыйлай жүр, кайрымы өзүңө тиет. ***
Өз катачылыгыңды балаңа кайталатпа. ***
Арманын күүгө сала билгендин жүрөгү бат
сакаят. ***
Бирөөгө кыйынсынганың – өзүңдүн пастыгың. ***
Ак көңүлдү дардес дебе, дилинде арамдык жок
болсо. ***
Бул жарыкчылыкта баарына тобо кыла жүргөн
оң. ***
Чыныгы тарыхты жазыш – бул өтө оор иш,
чындык бардыгына жага бербейт. ***
Эң негизгиси – жандүйнөңдүн оту өчпөсүн, анда
жашооңдун токтогону. ***
Элинин салт-санаасын унутуу ата-бабалардын
каргышына калганга тете. ***
Теңирди асман-жерден издебе, көкүрөк-
көөдөндөн тап. ***
Чачымды бубак аралай баштаганда маркум ата-
энемди көп эстечү болдум. ***
Кур намыс – бул чабалдыктын белгиси. ***
Ар бир адам жамандык менен жакшылыкты өз
пейилинен табат. ***
Жарк этип күйүп, жалп этип өчпө, кумурскадай
из калтыр, ал – түбөлүктүү. ***
Учурунда бардык жакшы нерселерди барктай
бил. ***
Оорунун башаты – бул санаа. ***
Руханий дөөлөтү пас адамдарга сырыңды ачпай
жүр. ***
Колуңдагы бактыңды байкабай чачып алба,
чогулта албай кыйналасың. ***
Оттун жылуулугу табы өчкөндө, суунун
баалуулугу чаңкаганда, жаштын баалуулугу
улгайганда билинет. ***
Ар бир адамдын өз деңгээлине жараша сүйүнүч,
кайгысы болот, бул тагдыр. ***
Жакшы адамдар менен пикир алышсаң,
чаңкаганда тунук булактан моокум
кандыргандай. ***
Ички руханий байлыгың сүйлөгөн сөзүңөн,
кылган аракетиңден байкалат. ***
Турмуштун бороон-чапкынын башыңдан
өткөрбөсөң, жашоонун баркын билбейсиң. ***
Итче ырылдабай, бөрүдөй көк, айткан сөзгө бек
бол. ***
Шумкардын баары кыраан эмес, чогулуштун
баары жыйын эмес, майнап чыкпаса. ***
Өтө боорукерчилик чекеңе аттын такасындай
тийбесин. ***
Бирөөнүн жакшылыгына сугуңду артпай жүр. ***
Кеңешчиси жок жигит түйшүктү көп тартат. ***
Аракет сенден, берекет Теңирден. ***
Бийикке чыгыш өтө оор, түшүш андан да кыйын. ***
Эл менен ойнобо, агымында каласың. ***
Бирөөлөрдүн ички дүйнөсүнө анын каалоосу жок
кирбе. ***
Жасалма акча менен жалган абийирдин
айырмасы жок. ***
Булбулдун сайраганын чаташтырба, кээде
баканын үнү да керемет. ***
Жер асылы кыртышында, адам асылы руханий
дөөлөтүндө.

#17 29 September 2015 - 08:18
Жашоодо эки түрдүү сабак болот.
Биринчи сабак – адамга адам үйрѳткѳн сабак. Бул: тарбия, окуу, сѳз, жашоо (ата-эненин жашоосу, сѳзү, мамилеси, чѳйрѳ, маданият, мурас, таалим, д.у.с.)
Экинчи сабак – адамдын ѳмүрүндѳ чоң таасир берген окуя (сырдуу окуя, ѳлүп-тирилүү окуясы да болушу мүмкүн). Ошондон улам адамдын жашоосу ѳзгѳрѳт (ой-толгоосу, багыты, баасы).
Экинчи түрдѳгү жашоо сабагы ѳтѳ олуттуу негизди камтыйт. Бул олуттуу негиз кѳп учурда адамга түшүнүксүз, аялуу сезим. Мындай учурга кабылганда адамдардын ѳзгѳрүүсү ѳтѳ тез жана кубаттуу болуп, адамдын аң-сезими ѳзгѳчѳ нук менен башкарылат. Ѳзгѳчѳ күч адамга таасир берет, ѳзгѳртѳт, ѳрнѳк сѳз же кыймыл башкарат.

"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#18 29 September 2015 - 08:21
Адамдын кубаты ал зор күчтүн кубатына баш ийет. Ѳзгѳчѳ алкакка бѳлѳнѳт. Ошол кубаттын таасири менен адам ѳзгѳрѳт. Бул кубат жандуу же ээлүү. Ээсине жараша ѳзгѳрүү болот. Мындай таасирге учураган адам ѳтѳ сейрек. Бул таасир кѳпчүлүк учурда адамдын жашоосунда бир эле жолу болот. Ошол таасирдин кубаты адамдын ѳмүрү ѳткѳнчѳ таасир бере алат. Жашоонун ыргагы менен олуттуу окуяга кабылган адам – мѳѳрлүү адам.
Адамда болгон бийиктик
Адамда эки бийиктик бар
Биринчи бийиктик – бул сый: ѳмүргѳ, ѳлүмгѳ, жашоого, жакынга, алыска, тазага, бийикке, кубатка, алсызга, беленге.
Экинчи бийиктик – бул кечиримдүүлүк: адамга, шартка, жагдайга, жаңылганга, алдаганга, уурдаганга ж.б. айтылбаган мүнѳздѳргѳ.
Кечирилбей турган жоруктар:
а) кулчулук: мансапка, бийликке, жаман адатка (мисалы, наркомания ж.б.).
б) абийирсиздик: сойкулук, мыкаачылык.
Сыйдан адам кетип жатат. Сыйда ѳтѳ чоң тереңдик жатат.
Адамда болгон бийиктик
Адамда эки бийиктик бар
Биринчи бийиктик – бул сый: ѳмүргѳ, ѳлүмгѳ, жашоого, жакынга, алыска, тазага, бийикке, кубатка, алсызга, беленге.
Экинчи бийиктик – бул кечиримдүүлүк: адамга, шартка, жагдайга, жаңылганга, алдаганга, уурдаганга ж.б. айтылбаган мүнѳздѳргѳ.
Кечирилбей турган жоруктар:
а) кулчулук: мансапка, бийликке, жаман адатка (мисалы, наркомания ж.б.).
б) абийирсиздик: сойкулук, мыкаачылык.
Сыйдан адам кетип жатат. Сыйда ѳтѳ чоң тереңдик жатат.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#19 29 September 2015 - 08:21
Ѳмүргѳ сый: кээ бирде адамдар ѳмүрдү сыйлабай коёт. Мисалы: бир эле чѳйрѳдѳ жашаган адамдардын арасында бийиктеп кеткен адамдар башканын же карапайым адамдардын жашоосун сыйлабай калат.
Мисалы, Кытайда паспорту жок адамдар адам катарынан чыккан болот. Ѳлсѳ эч кимдин иши жок. Себеби, ал мыйзамсыз деп эсептешет.
Ѳлүмгѳ сый – ѳлгѳн адам кандай адам болсо да ага сый кѳрсѳтүш керек.
Жашоого сый – кээ бир адамдар жашоодо кемирээк болуп калса, аларга менменсинбеш керек.
Тазага сый – асылга сый.
Мисалы: асыл айгырга жѳнѳкѳй бээни кошпош керек. Таза турган нерсени атайылап булгабаш керек.
Бийикке сый – бийик сезимдерге сый. Улуу, сырдуу сезимдерге сый.
Мисалы, Кытайда паспорту жок адамдар адам катарынан чыккан болот. Ѳлсѳ эч кимдин иши жок. Себеби, ал мыйзамсыз деп эсептешет.
Ѳлүмгѳ сый – ѳлгѳн адам кандай адам болсо да ага сый кѳрсѳтүш керек.
Жашоого сый – кээ бир адамдар жашоодо кемирээк болуп калса, аларга менменсинбеш керек.
Тазага сый – асылга сый.
Мисалы: асыл айгырга жѳнѳкѳй бээни кошпош керек. Таза турган нерсени атайылап булгабаш керек.
Бийикке сый – бийик сезимдерге сый. Улуу, сырдуу сезимдерге сый.
"Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот."
#20 29 September 2015 - 08:22
Мисалы: тоонун бийиктигин да сыйлаш керек, кесир кылбаш керек. Эки жаштын сүйүүсүн да сыйлаш керек экен бай-кедей дебей.
Кубатка сый – жеке эле адамдардын кубаты эмес, чоң агын суунун кубаттуулугу сыяктуу нерселерди сыйлоо. Күндүн күркүрѳгѳнү да чоң кубат. Чоң сууну багынтам десең да кѳкүрѳк менен сый болуп, кечирим сурап, анан аны бурса болот.
Алсызга сый – алсызсың деп сыйлабай коюу болбойт (жан-жаныбар, дегеле жашоодогу алсыздарга).
Беленге сый – беленди да баала.
Мунун баарын сезим-акыл менен сыйлоо керек.
Ардактуу жашоонун белгиси
Адамдын ыргагы 3 түргѳ бѳлүнѳт:
1.Нааразылык
2.Шүгүрчүлүк
3.Ыраазычылык
Шүгүрчүлүк келтирген адамдын жашоосу бирде ѳйдѳ, бирде ылдый болот.
Ыраазычылык келтирген адамдын жашоосу тѳмѳндѳн бийиктеп кетет. Ыраазычылык келтирген адамдын тѳмѳндѳ турган жашоосу создукса да аркасынан сѳзсүз түрдѳ бийиктѳѳ, эс алуу, ѳргүү келет.

Супер-Инфо
super.kg
видео