27-ноябрда Жогорку Кеңеш “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациялады.
Өкмөт бул келишим күчүнө кириши менен Кыргызстанда газ арзандап, үзгүлтүксүз бериле баштаарын билдирүүдө.
Келишимге кескин каршы чыккандар аз болду
“Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу боюнча келишимге Кыргызстан менен Орусиянын өкмөтү быйыл 26-июлда Москвада жетишкен. Бул келишимге ылайык, “Кыргызгаз” толук мүлкү, активдери жана карыздары менен “Газпромго” бир долларга өткөрүлүп берилет. "Кыргызгаздын"
карыздары болсо 50 млн. долларга жакын экени маалымдалды.
Келишимди ратификациялоону 27-ноябрда парламент карады. Буга чейин фракция жана комитеттердеги талкууларда келишим боюнча карама-каршы пикирлер айтылган. Маселен, оппозициялык “Ата-Журт” жана “Республика” фракциялары келишимге каршы чыгышса, КСДП жана “Ар-намыс” колдоого алган. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы бир жактуу чечим кабыл алган эмес.
Келишимге каршы чыккан “Ата-Журт” фракциясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков бир долларга “Кыргызгазды” ага сатууну сунуштап чыккан.
27-ноябрдагы парламенттеги талкууда келишимге кескин каршы чыккан депутаттар аз болду. Алардын бири депутат Равшан Жээнбеков болду:
- Инфраструктура чын эле 40 млн. доллар элеби? Мүмкүн 200-300 млн. доллар инфраструктурабыз бар. Биз болгон дапдаяр бизнести, түтүктөрдү,
үймө-үй жеткире турган инфраструктураны башка өлкөгө 1 долларга өткөрүп берип отурабыз. Бул бизге окшогон бийлик үчүн, өкмөт үчүн шерменделик.
Стратегиялык багытта бизди силер, бүгүнкү күндөгү өкмөт башка өлкөгө кул кылып өткөрүп берип жатасыңар.
Равшан Жээнбеков бул чечим үчүн азыркы бийлик келечекте жооп берип каларын да эскертти.
Келишимдеги кемчиликтерге депутаттар Исмаил Исаков, Бөдөш Мамырова, Өмүрбек Абдырахманов,
Улукбек Кочкоров да тынчсызданууларын билдирди. Алар 25 жылдан кийин “Кыргызгазды” Кыргызстан кайрадан кандай шартта кайтарып алат, Кыргызстандын газ кендеринин тагдыры кандай болот, Орусия газды саясий максатта пайдаланбайбы деген суроолорго жооп издешти.
"Душманды башка жактан издейли"
Бирок стратегиялык өнөктөш деп аталган Орусия менен жетишилген келишимди колдогондор арбын болду. Алардын бири “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Эркин Алымбеков өз пикирин мындайча коргоду:
- Бизди басып алам деген душмандарды башка жактан издейли. 70 жылда басып албаган Орусия Федерациясы менен стратегиялык кызматташтык,
экономикалык,
адамдык, тарыхый, маданий байланыштардын баары турат. Эгерде ушул багытты кармайбыз десек, 20 млрд. рубль же 700 млн. доллардын тегерегинде инвестиция келип жаткандан кийин, өзүбүздүн газыбыз жок болгондуктан кийин, азыр деле Өзбекстандан көз каранды болуп жүрөбүз. Ошондуктан “Газпромдон” душман издебей эле, келишимге колдоо көрсөтүп беришибиз керек.
Келишимди депутаттар Нарынбек Молдобаев, Азамат Арапбаев жана башкалар да колдоп чыкты.
“Кыргызгазды” “Газпромго” бир долларга сатуу боюнча келишимдин негизги шарттарына келе турган болсок, “Газпром” “Кыргызгазды” сатып алгандан кийин 20 млрд. рубль инвестиция салат. Газга бааны Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык коёт жана газ менен калкты үзгүлтүксүз камсыздоону мойнуна алат.
Өкмөт тарабынан парламентте келишимди энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев коргошту.
Жогорку Кеңеш келишимди биринчи окууда 65 добуш менен колдоп берди.
Депутат Азамат Арапбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, келишим экинчи жана үчүнчү окууга жакынкы күндөрү коюлат.
Бул келишим Орусия Думасы тарабынан ратификациялана элек. Ошондуктан келерки жылга Кыргызстанды газ менен камсыздоо милдетин ким мойнуна алат деген суроого так жооп бериле элек. Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев келерки жылы газ менен калкты камсыздоо маселесинин үстүнөн иш жүрүп жатканын билдирди. Azatyk .kg ( мен жеке каршымын анткени бул стратегиялык ишкана болчу , эртен Россия саясий максата колдонот кайра эле озубузго коз карандысыз болуп калабыз биз эмес Европаны ,Украинаны карызга малып газ менен оз кызыкчылыктарына жетип жатат бизди жон эле мурдубузга чудук салат . Газ жок болгондон кийин берип эле салыш керек деген ойлор жаралышы мумкун бирок Бизде Газ бар Баткенде,Жалал Абада нефть бар биз бирого сатпасак дашы озубузго жетишттуу аны Озбекстан сордуруп келе жатат керек болсо жердин арендасы 10 миллион АКШ $ жетиптир . Бул менин жеке пикирим эчкимге танулабайм ар кимде аркандай ой бар, болгону ичим ачышып жатат булар Оздорунун эле эмес келечектин алдын тороп ,урпактарды да коз каранды кылып жатат
- (2 )
-
- 1
- 2
Кыргыз Газ сатылды силердин пикиринер кандай Кыргыз Газ сатылды силердин пикиринер
#1 29 November 2013 - 19:19
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#2 29 November 2013 - 20:08
ушундай эле саткысы келип жатса эртен алар саясий онуто колдонбош учун 50% " золотой акция "калыш керек да Мамлекете бизге 25 жылдан кийин гана 10% ашпаган олчомдо салык толойт экен . эмне учун жеке менчик компаниялар банкрот болбой да ,Кыргыз газ карыз болду анткени Мамлекете доляга олтургандар коп .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#3 29 November 2013 - 20:09
Ар ким билген намазын окуй берсинчи.Анан коробуз эмне болоорун бар болобуз жэ жок болобуз ушу еле
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
#4 29 November 2013 - 20:17
Силер да, урматтуу депутаттар жооп бере турган күн келет ушул кылган ишинерге. Кыргыз мамлекетинин жок болушуна дагы бир кадам шилтедиңер.
#6 29 November 2013 - 21:06
Катаган акеге болсо беш,болбосо он бешко,не десем чын жүрөктөн бары бир десемби мендагы ..бирок окуганда кыңырыгың түтөп ататда,колдон жулуп алып сатып эле атышатко,анан дагы бирдемесин таап 1жылдай эрмектеп сатып кете беришетда эми
25 жылдан кийин азыркы чирик байлар жок да,аларга бары бир,ал убакта чын эле ошол убактагы бийлике кыйын болот окшойт(менин мээме жетиши боюнча)
25 жылдан кийин азыркы чирик байлар жок да,аларга бары бир,ал убакта чын эле ошол убактагы бийлике кыйын болот окшойт(менин мээме жетиши боюнча)
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#7 29 November 2013 - 23:01
Катаган акеге болсо беш,болбосо он бешко,не десем чын жүрөктөн бары бир десемби мендагы ..бирок окуганда кыңырыгың түтөп ататда,колдон жулуп алып сатып эле атышатко,анан дагы бирдемесин таап 1жылдай эрмектеп сатып кете беришетда эми
25 жылдан кийин азыркы чирик байлар жок да,аларга бары бир,ал убакта чын эле ошол убактагы бийлике кыйын болот окшойт(менин мээме жетиши боюнча)
25 жылдан кийин азыркы чирик байлар жок да,аларга бары бир,ал убакта чын эле ошол убактагы бийлике кыйын болот окшойт(менин мээме жетиши боюнча)
Айла жок анан эмне дейин.Койгула сатпагыла ал эртенки биздин келечек дегим келет аны уга койсо жакшы болбойбу озун депутат сезип козун май басып муштумдай болгон мээлери чирип кеткен улуу урматтуу депутаттарыбыз. Дагы суйлошсо тим еле асманды таштап жиберчуудой суйлошот.Жакшы акча берсен уй булосун да сатышат
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
#8 30 November 2013 - 00:20
Кыргызстанды туготуп бутушсо, ыштанын чечип сатышсын.. Ар бир нерсеге жооп берчу убак келет.
Баарыбыз бактылуу болгонго акылуубуз.
#9 30 November 2013 - 16:47
эхх... Мен айткан менен пайда жок,
Кантейин эми?... айлам жоок...
Кантейин эми?... айлам жоок...
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#10 30 November 2013 - 16:55
Satkyla baaryn! Ar kim paidan kozdop churkagyla. Onukturuu jonundo oilonboi ele bular olkonu. Dagy sata turgan ne bar dep izdep juruwso kerek! Kychyk pychyktan baalyy Rossiyaga je Amerikaga jaga turgan ne chyga kalat dep.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
#11 30 November 2013 - 17:14
Ал коздорду карап туруп турунон, озум чочуп оз жанымдан тунулом, чанкап калса уялбастан суу издейт, бечаранын челегинин тубунон! Аларга кызык болот бироолордун мансабы, аларга кызык болот бироолордун тамагы, качан болсо карап турат унуройуп, уйуп жыйып басса дагы канчаны. Корунгонго козун арткан ойонун, билбейт окшойт акыретте ачкоздугу сойорун, иш кылгандай жараштыра озуно, соз суйлосок жараштырып созуно Туулган жердин жарым чымчым турпагын, ыраа кылбас элем анын жеп жутам деп аландаган козуно!
#12 30 November 2013 - 17:30
Атып салса баарын...
Мужчины,
никогда не
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
сражайтесь с женщинами.
И победа, и поражение будут
для вас позором.
#13 30 November 2013 - 19:56
мен Мамлекети карап туруп Атамбаевди Президент патриот эмес эле Россиянын агенти окшойт деп калдым шпиондорго окшоп Путинге бир чокунун атын койдурам деп парламенте канча тополон кылды . Горбачевдон айырмасы жок . " момент истина" : снайпери сатып алып барын атат окшойбуз эгер кармалып калсак эчтеке эмес бир кыргыз кетет бирок акмактардан арылабыз .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#14 30 November 2013 - 20:13
Ушундайларга эч баш ооруткум келбейт. Мамлекетти ойлобоодон эмес,ойлогондон пайда чыкпашынан.
Лев и тигр сильнее волка, но волк не выступает в цирках...
#15 01 December 2013 - 22:21
Seketter Atambaev Putin chokusun bergen sebebin aitaiynby je bilesinerbi??? Jazda salyarka jok eginder aidalbaii kalu korkunuchunda turganda, Putin salyarka benzin berbei koigondo aila jok berbedibi...
#16 01 December 2013 - 22:23
Seketter Atambaev Putin chokusun bergen sebebin aitaiynby je bilesinerbi??? Jazda salyarka jok eginder aidalbaii kalu korkunuchunda turganda, Putin salyarka benzin berbei koigondo aila jok berbedibi...
#17 01 December 2013 - 22:41
Мен каршымын сатылышына!
Азыр чет мамлекетте окуп, терен билим алып жургон кыргыздар жетиштуу эле болуп калды. Газды сатпай озубуз эле башыбызды жакшыраак иштетип эле куруп, озбектердин газына жалдырабай орнотуп алсак болот. Кумтордун айынан да канчалаган алтын олкодон чыгып кетти. Казактар оздору иштетип канча байып, олкону Назарбаев бутка тургузуп койду. Болгон байлыгыбызды озубуз эле башкаларга бекер берип жатабыз. Кийин бармагыбызды тиштеп олтуруп калбасак эле болгону.
Кыргыз качан төшөктө жатып өлчү эле!
#18 01 December 2013 - 22:49
Сат! Сат! Сат! САТ!
Иштете албаса сатат да, биз соодага мыктыбыз
А жок, биринчи жейт: жеп, жеп, жеп, жеп, анан тиши отпогонун сатып, анан алган акчаны (бир доллар беле?) кайра жейт. Акчаны башкаруу, кобойтуу деген нерсе жок- дунунон жемей...
Бул да болсо ошо ишкананын башкаруу системинин алсыздыгы. Жанагы логист, менеджер жыбылардын иштебегендиги, 'шапкесинин' курсактуулугу, а негизгиси, бул МАМЛЕКЕТТИК ОБЪЕКТ, жалпыныкы болгондугу. Оздук бизнес болгондобууу. .. ээси буту куйгон тооктой чуркамак.
Бизде 'жалпыныкы' деген тушунук 'эч кимдики эмес' дегенге барабар. 'Ким билет, бугун тердеп, кургап бутуна тургузсам, эртен жумуштан себепсиз айдап салсачы? Кайра революция болуп, чондор алмашып кетсечи? Кой, кара курсагымды чонойтойун' деген эле жан.

Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#19 01 December 2013 - 22:51
Сагынбек Момбеков ырчынын "сат сат" деген ыры эсиме тушуп жатат туурале жазылса керек
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео