Aндааа,бай адамга да валий шарт эмеспи?Озунуз тарыхта,жакын тарыхта же чыгармаларда да окугансыз,байлар учун баары мумкун б.н,даже дин аларды жактаган...Шариаттын кээ бир мыйзамдарына экиленем:
Аяк Эркек тенсиздиги?
Мечит имамына талапкерди тандоодо,жашы,
билими мейли,насылына,
затына да карашат экен?Ушул туурабы?
Ата-эненин уруксатысыз... Нике кыюуга болобу?
#22 03 April 2013 - 12:27
Aндааа,бай адамга да валий шарт эмеспи?Озунуз тарыхта,жакын тарыхта же чыгармаларда да окугансыз,байлар учун баары мумкун б.н,даже дин аларды жактаган...Шариаттын кээ бир мыйзамдарына экиленем:
Аяк Эркек тенсиздиги? Мечит имамына талапкерди тандоодо,жашы, билими мейли,насылына, затына да карашат экен?Ушул туурабы?

Бай адамга эле эмес, акыл эси толук, балагант жашына жеткен эркек адамдын эч бирине валий шарт эмес. Б.а. эркек эч кимдин уруксатысыз эле каалаган ишин кылса болот. Маселе кыз тарапта болуп жатат... Б.а. кыздарга валий сөссүз түрдө керек болот.
Андан сырткары менин жогорудагы сөзүмдө бай адамдар жөнүндө эмес, шах, бек, бийлер жөнундө айттым. Аларды валий дегенимдин себеби алар эл башкарат. Ошондуктан алар элдин валийси деп эсептелет. Албетте дароо эле валийлик кыла алышпайт. Алар валий боло алчуу эч кими (жакын да, алыс да туугандары) жок адамдарга гана валийлик кыла алышат. Бардык адамдарга эмес.
Анан Исламда аял менен эркектин теңсиздиги жок. Экөө бирдей эле. Болгону милдет жана укуктары ар кимисине ар түрдүү берилген. Ал жөнүндө башка темаларда көп эле жолу айтканмын.
Мечиттин имамын тандоодо алгач илими каралат. Эгер ага жете турган илимдүү жок болсо, анда башка эч нерсесине каралбай туруп ошол адам имам болот. Эгер илимде ага тең келе турган башка бирөө бар болсо анда алардын такыбараагы имам болот. Бул нерседе да бирдей болушса жаштары каралат жана жашы улуусу имам болот. Ал нерседе да бирдей болсо, жакшы адеп-ахлактуусу имам болот. Айтоор ушинтип кете берет. Бирок маселе бул жака чейин жетпейт. Башынан эле дароо чечилет. Себеби илим жагынан бирдей болгон эки адамды табуунун өзү кыйын. Сөссүз бирөөсү экинчисинен кыйын болот. Анан насылы, затына каралат дегенди билбейт экемин. Балким эч нерсе калбай калган убакта ушул нерселер да каралаттыр. Бирок баштапкы этапта эмес.
Темадан четтегеним үчүн үзүр. Суроо пайда болгону үчүн жооп берип салайын дедим.
#23 03 April 2013 - 12:56
Тойго чейин суйгн кызына тийбесен жакшы болмок, бирок... Болор иш болуптур, эми Ата - эненерге айтпай нике окутуп алып маселени чечебиз десенер адашасынар.
Нике окуткандан кийин каерде, кантип жашайсынар,
кыздын боюна бутуп калса эмне болот булар жонундо ойлондунарбы?
Тез той кылып, эки жака тен айтып уйлонгуло. Азыр ушундай никеси жок кыз-жигиттер коп окшойт.
#24 03 April 2013 - 14:23
Мындан артык кенештин эми кереги деле жок болуш керек,Кудайга шугур ата-эне тируу турганда ар бир жакшылыкты билдирип туруш керекго.дейм,
Эгер ата-эне жок болгондо айласыз озунду озун билип отугунду торго илсен болмок.Менинда кайсы бир таанышым кокуй суйотелем деп бир кыз менен жашап алган,боюндагысы качангана 7айлык болгондо нике кыйдырып ,салт-санаа менен алып кеткенеле, Кудая тообо кызынын ичи чандайып турса байкабаган энени коруп тан калгам анткени кызы турмушка чыккандан уч айдан кийинеле тороп жатпайбы,Кудаалары неберелуу болдунар суйунчу десе делдейип тан калымышетип коюшат,кыздын ата-энеси,Себеби жумасайын дордойго товар алып кеткени келген сайын кызынан кабар алганы келип туратда анан кызынын челкейген курсагын байкасада байкамаксан болгон коодону сокур ата-энени коруп оозум ошту карады ,Ошентип кызы уул тороду,андан сон кыз тороду,анан куйоосу экоонун ыркы келишпей жаны торолгон 15кундук кызын кайынжуртуна таштадыда,улуу баласын алып торкунуно баса берди,Эми уулу,тайларында чоноюп жатат,15кундук кызы кайын журтунда чоноюп жатат,жакында уч жаш болот,ал эми таш боор энеси орусияда тайрандап журот,,,балдарын таштап коюп.болгону балдарга ичин ачышатекен бир туугандар бирин-бири тааныбай жат адамдай бири туштукто,бири тундукто чоноюп жатышат
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#25 03 April 2013 - 14:29
бироонун жашоосун жарыялайын деген ниетим жок,жонгана турмуштан сабак алгыла дегенеле ой ата-энеден жашырынып жашап журушуп,кокуй биз бирибизди суйобуз деп,анан чыныгы жашоо башталганда бири-бирине чыдабай,анан экоо эки жолду тандап кетсе ортодо балдарга жабыр болотекен
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#27 05 April 2013 - 10:44
Абдан сонун создор менен,кенен тушундуруптур,
баракелде.Эми кеп каармандын тушунгонундо,
тез аранын ичинде жакшынакай той менен уйлонушот деп умуттоном.Тоюнуздун кабарын чыдамсыздык менен кутобуз.
#28 06 April 2013 - 03:58
men eshtemke dey da albaym antke mintsen munday bolup kalywy mumkun owogo aityw kyiyn

#29 08 April 2013 - 00:10
эгер бири бирин каттуу суйсо нике кыйдырып сойко шакек салып койсун кызга,а калганын ата энеси батасын берип элге жарыя кылганда жасай беришсин
#30 08 April 2013 - 00:24
болбойтго
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#31 08 April 2013 - 01:13
болбойт ата энесинин ыраазылыгы жок, бактылуу да болушпайт, практикада коп коргом
Баарыбыз бактылуу болгонго акылуубуз.
#32 08 April 2013 - 14:31
Ата-эненин уруксаты жок болот. Себеп сен кыйдырсан болот. Ал эми неге болбойт, же кыйдырса кандай нерселер болушу мумкун десен болок жооп жазат элем.
#33 08 April 2013 - 14:56
Daud, Эн сонун кенеш бериптирсиз , рахмат.
Миң уккандан , бир көргөн артык !!!
#34 08 April 2013 - 16:22
кенеш озу бир жолу жолунан адашпа деп айтылат ... А егер кенешин дале алып башкасын кылып журоо берсеен анда болбойт ата энени капа кылбастан ачыгын айканын онго дейм менимчее
#35 14 April 2013 - 11:54
ВТуура кенеш айтыпсыз!
Менин башымдан откон окуяга бул иним да туш болуптур. Биздин ата-энебиздин билгени менен кыздын ата-энеси билбесе болбойт экен. Тагдырыбыз окшош инимди туура тушуном. Сага кенешим - Daud мырзанын кенешин колдон.
Шах, Бек, Бийлер өздөрү валий деп эсептелишет.
Анын үстүнө бул жерде сөз баланын ата-энесинин ыраазычылыгы жөнундө эмес, кыздын ата-энесинин (валийлеринин) ыраазычылыгы жөнүндө болуп жатат. Биздин автор өз ата-энесине айтпаса койсун (өтө адепсиздик деп эсептелсе да), бирок кыздын ата-энеси сөссүз билүүлөрү керек. Ансыз болбойт. Кыздын ата-энесине билдирип, нике кыйып алууларына эч кандай тоскоолдук жок.
Мен тандаган мени тандаса экен...
#36 07 June 2013 - 21:20
Жыйынтыктап айтканда никеге туруу, үйлөнүү шариатыбыздабар маселе. Мына ошол никенин мыйзамдары,
шарттары, адептери жана тартиптерибар.
Никенин сүннөттөрүнүн бири жана эң негизгиси никеге туруп жаткан кыздын атасынын же агасынын же башка эркек биртууганынын (валийдин) макулдугунун болуусу.
Ислам укук таануучуларынын (факихтеринин) басымдуу көпчүлүк мектептеринде (мааликий, шаафеиьй, ханбалий) никедеги валийдин (кожоюндун,ээсинин) болуусун шарт катары карашат. Тагыраак айтканда кыздын атасынын же агасынын, же инисинин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз деп эсептелет. Бул никеден кийин жашаган жашоосу ойноштук же зынаа жашоо деп таанылат. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын бул туурасында айткан бир канча хадистеринмисалга тартышат.
Ал эми ханафий мазхабындагы укук таануучуларыбыз никедеги валий маселесин милдеттүү шарт катары эмес, табылуусу сүннөт деп эсептешет. Далил катарында бир канча хадистерди келтиришет. Ханафийлердин алгачкы үлкөндөрүнөн Азирети имам Абу Юсуфтан "Шархул викааяда" (3\65) "валийсиз кыйылган никенин жараксыздыгы" жөнүндө риваяты айтылат Бул талаштуу маселе балагатка жеткен, акыл-эси толгон бийкеч туурасында. Акыл-эси кемирээк болгон, же балагатка толо электерге валийдин милдеттүүлүгүндө жумурай Ислам укукчуларынын арасында кайчы пикирлер жок.
Мына ушул талаш болгон "валий" маселеси теориялык китептерде гана айтылбаса, практикада- амалда бардык аалымдар бир таризде иш жүргүзүп келишкен. Ханафий мазхабындагы кайсыл гана укуктук-фыкыхый эмгекти колго албайлык, валий туурасында кенен-кесири маалыматтарды келтиришет. Кызга ким валий боло алат, анын шарттары, укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери айдан-ачык баяндалат.
Деги эле Пайгамбарыбыз алайхис саламдын учурунда, андан кийинки алтын доорлордо деле бул парз же шарт экен аткаралы, бул сүннөт экен аткарбай коё берели деп айтуу оюна келген эмес. Пайгамбарыбыз алып келген шариатта болгондун баарын кемчиликсиз аткарганга аракеттенишкен.
Ата-энеси мусулманчылыктан кабары жок, же таптакыр эле башка динде болсо, же өзү каалабаган адамга турмушка мажбурлап узатып жаткан болсо кыздын баш тартууга укугу бар, кыз өзү каалаганга гана турмушка чыгат деген түшүнүк калыптанган. А бирок ата-энесине айтпастан туруп жашыруун нике кыйса боло берет деген үч уктаса түштөрүнө кирген эмес.
Сүннөткө амал кылуу бактылуулуктун башаты. Сүннөткө амал кылбай коюу бардык бактысыздыкка карай кеткен жаман жолдун башы. Ата-эне кызын тарбиялап өстүргөн убакта өз колум менен узатсам, той берсем деп аруу тилек кылат.Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багат. Айрыкча кыргыздарда кыздынкырк чачы улуу деп төргө олтургузуу, төркүлөп келгенде жумуш иштетпей конок каадасы менен тосуп алуу бар эмеспи. Күйөө баланы пайгамбарым сыйлаптыр деп тапканынын жакшысын күйөө баланын оозуна кармап турган салтыбыз калппы? Ата-эне уулдуу болсо урматтап, уул той берип, колун адалдап ырымдаганда сүннөт тойберип чоңойтот эмеспи? Келин алсам, небере көрсөм, өзүмө ылайык жерден куда күтсөм дегенде эки көзү төрт болуп, жакшы жердин кыздарына кулак сала жүрөт эмеспи.Эне түшкүрүң келин алганда башына салам деген ак жоолугун белендеп, эртели-кеч Кудайыма жалбарып, ынсаптуусун бере көр деп жалынат эмеспи?
Ата-энесине айтпай нике кыйдырган иничегим, карындашым! Сен да бир күн келип перзенттүү болосуң, агарган уулду, кызарган кызды тарбиялап өстүрөсүң. Анан ал өзүнөн өзү туулуп алгансып, чоңоюп алгансып, өзүн өзү билип өтүгүн төргө илип сага айтпай башка менен үйлөнүп, эрежесиз эрге тийип алган болсо, жаркыраган үмүтүң колуңдан түшүп баркырап сынып, эч кимге айталбай ичиңден кан жутуп, улутунуп олтуруп калаарсың. Үйлөнүү тойдо бата бер десе мукактанып калбайын деп купуя даярдап жүргөн бата-дубаларың үзүлгөн мончоктой чачылып, кыяматың келээри анык.
Мунун баарын жөн жеринен айтып олтурганым жок. Бул сен айтпай кылган иштин ата-энеңе тийгизген терс таасиринин чагылганы гана. Ал эми шариатыбызда көпчүлүк биле бербеген, билсе да аңдай албаган дагы бир маселе бар. Ханафий мазхабындагы аалымдарыбыз никедеги теңдештик маселесин баяндаганучурда, эгерде кыз атасына айтпай өзүнө "тең эмес" адамга турмушкачыкса, атасы ал кыздын никесин бузууга укугу бар деп айтылат. Никедеги теңдештик маселеси никенин шарты катары кабылданат. Теңдештик табылбаган учурда нике да жараксыз болуп калат. Бул Мухтасарда экинчи риваят катары Имам Хасандын (бинЗияд) Азирети Имам Абу Ханийфадан риваят кылып айткан маселеси. Темиртааший өзүнүн"Танвиирул абсаар" китебинде (2\297) "Замандын түрүнө жараша,"теңи эмеске" кыйылган нике жараксыз деп айтууга фатва берилет!" деп айтат. Ошондой эле "Минахул гаффаарда" (коф 308\бе) ушунуколдойт. "Дурр ал Мухтарга" берген хаашиясында (2\27) Тахтаавий дамына ушул маселени тандагандыгына ишаарат кылат. Ошондой эле "Фатх"(3\ 157) ээси да ушул маселени тандап алган. Имам Айний "Хидаяга" берген атахтуу шархы "Бинаяда" да (6\129) "тең эмеске"кыйылган нике жараксыз деп баасын берет.
Тең теңи менен тезек кабы менен дегендей теңдештик маселеси никеде этибарга алынат. Кимге ким тең экендиги туурасында китептерибизде кенен баяндалат. А бирок эреже катары калыптанып калган түшүнүк ушул, кыздын ээси (валий) негизги чечүүчү адам болуп эсептелет. Ал тең эмес деп билген тең эмес болуп табылат. Себеби теңдеш эмес никеден пайда болуучу ызаменен кордук ата-энеге тийээри белгилүү. Теңдештик диндүүлүгүндө, адеп ахлагында, коомдогу абалына жараша да эсепке алынат. Биз канчалык уккубуз келбей кулагыбызды жапканыбыз менен, турмуштун чындыгы ушуну каңкуулайт.
Азыр турмушка айтпай чыгып жаткан кыздар өздөрүнүн теңдерине турмушка чыгып жатабы? Эгер ата-энесине айтса макул боло турган жерге кеттиби? Же жедеп кудайдан жөө качкан бирөөгө турмушка чыктыбы? Бул маселенин бир жагы.
Маселенин экинчи бир жагы азыркы учурда замандаш ханафий аалымдарыбыз берип келе жаткан фатва туураалуу болмокчу. Устазыбыз Хаафизулмазхаб, Шейх Таарек Сардар Алий Ханафий Маккий: "Валийнин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз болуп, жарактуулугу валийнин уруксатына токтоп туруусукажет" дейт. Менимче устазыбыз Имам Мухаммадтын риваяттарын карманган болуу керек, анткени Имам Мухаммадтан бул туурасында эки риваят айтылат:Алгачкысы, "Никенин дурустугу валийдин уруксатына токтоп турат. Валийуруксат бергенге чейин экөөнүн жыныстык мамиледе болуусу арам болот".Экинчи риваят: "Валий уруксат бермейинче никеси баатыл (жок), никеге эсептелбейт" .Маселенин чоо жайын далилдери менен билүү үчүн "Насбур рооя"," Ьилааьус сунан", "Шарх маьаанил аасаар" китептеринекайрылса болот. Андан сырткары Мухаммад Алий Саабууний Ханафий: "Никедевалийдин болуусу никенин алгачкы шарты" катары кабылдайт.
Маселе канчалык оор экендигин баамдай алган болсок, мен максатыма жеттим деп түшүнөмүн. Анткени маселенин талаш экендиги, жеке эле мазхабтар арасында эмес, ханафий мазхабтын ичинде да ар кандай пикирлер айтылгандыгы, ата-энеге айтпай никеге туруунун канчалык коркунучтуу экендигинен кабар берет.
Аалымдар илими менен алпурушуп маселесин айта берсин, абирок "акыйкат жалгыз, акыйкат сан менен саналбайт" деген акыйкатты кай жака алпарабыз. Менин сага болгон агалык осуятым, аалымдар өз ара пикир келишпестик маселеде болсо, сен талаш болбогон жагына ооп кармансаң, амалыңды ошого карап түздөсөң эч убакта жаманболбойсуң.
Элибизде бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөтдеп айтылат эмеспи. Ата-энеңе айтпастан, алардын батасын албастан турган никеңде кандай береке болот дейсиң? Калыңсыз кыз болсо да каадасыз кыз болбойт дегендей, сени урматың менен ата-энеңдин колунан алып кетүүгө жарабаган жигит сымал сени келечекте урматтайт деп ойлойсуңбу? Сени тууп өстүргөн ата-энеңден жашыруун нике кыйдырып алган сенин "сүйүктүүң" ,эртең жашыруун жолго түшүп, сени таштап кетээрин ойлодуңбу? Арманыңды кимге айтасың? Аны кайдан табасың? Сен өзүң күйөөңдүн колундагы аманат жансың.Аманатты уурдап алгандай болгон неме, аманатты сактай алаар бекен? Ай күмөнүм бар... Ар убакта эзелтен үйдүн тешигинен эмес эшигинен кирчү...
Кудайым жакшылыгын ыроолосун деп дуба кылып бир тууганың...
Чубак ажы.

КОЛ ТИЙБЕГЕН КЫЗ КААЛАСАН;
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#37 07 June 2013 - 23:11
Ата-эненин козу тируу кезде сыйлай жургуло.Ата-
эненин батасын алуу менен Аллахты ыраазы кыласынар.Эгер каршы чыкса уйлонбой, ыраазылыгын алып уйлонунуз демекчимин.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.

#39 01 December 2013 - 16:48
Jogoru jakta baike kenen tuwunduruptur, biz okup ele koiolu.
Жан дуйномо булук салып куйуктор,
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.
Жалынынан кулго айланды умуттор.
Азабыма чыдабасан бош койдум,
Акыл калчап башка жанды суйуп кор.

Супер-Инфо
super.kg
видео