Үйүм бар. Бирок тех паспорту жок. Кантип, кимге кайрылып тех. паспорт алам. Тех.паспорт алуу канча сом турат? Участоктун кызыл китеби бар, прораб чийип берген үйдүн планы бар. Мындайча айтканда "кыргызча"
салынган үйгө тех.паспортту кандай алам?
Тех. паспорт.
#2 02 December 2013 - 20:07
Үйүм бар. Бирок тех паспорту жок. Кантип, кимге кайрылып тех. паспорт алам. Тех.паспорт алуу канча сом турат? Участоктун кызыл китеби бар, прораб чийип берген үйдүн планы бар. Мындайча айтканда "кыргызча"
салынган үйгө тех.паспортту кандай алам?
Мурдалары участок алганда кызыл китеп гана берип койчу. азыр пустой участоко да тех паспорт берип калды, сиз да мурдараак алсаныз керек да участогунузду анан уй салсаныз керек, сиз кызыл китебинизди которуп алып кайсыл жерде Мам-каттоого турсаныз (Мс: Бишкекте болсонуз Тынчтык проспектиси 1 же 2 адресинде жайгашкан) ошол жерге барасыз да арыз жазасыз, анан алардын айткан саатында машина менен келип ошол жердин бир кызматкерин алып кетесиз, ал барып сиздин жеринизди турак жайынызды ченеп чийип буткон сон колуна конулдон чыгарып (салттай болуп калган имиш ыраазы кылуу) карматып кайра жумушуна алып келип таштайсыз, 2-3 кундо даяр кылып берет сизге, анан канча акча толоорун эстей албай калдым, 2000 дей кетсе керек эле...
Мусулман идеалдуу эмес-ислам дини идеалдуу, Мусулман үлгү эмес- Мухаммед пайгамбар(САВ) үлгү....
#3 24 December 2013 - 11:42
Үйүм бар. Бирок тех паспорту жок. Кантип, кимге кайрылып тех. паспорт алам. Тех.паспорт алуу канча сом турат? Участоктун кызыл китеби бар, прораб чийип берген үйдүн планы бар. Мындайча айтканда "кыргызча"
салынган үйгө тех.паспортту кандай алам?
Суроого КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Абдылдаева Рита жооп берди:
- Үйүңүзгө техникалык паспорт алыш үчүн арыз менен жергиликтүү каттоо органына кайрыласыз. Техникалык паспорттун баасы үйүңүздүн аянтына байланыштуу болот. Арыз менен кайрылууда өзүңүздүн паспорт жана жериңиздин документтерин ала келесиз (укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документ (кызыл китеп).

Супер-Инфо
super.kg
видео










