’’Эмне үчүн өзгөрөбүз?”
Демейде адамдар өз түйшүгү,оокаты менен алек болуп, кээде саламга
жарабай, озунуп салам берсең,алик албай, кыялдар өзгөрүп калат. Кимиси
менен уруштум эле, неден жаздымдеп ойлоносуң. Эмнегедир өзгөчө даталарда, шайлоо мезгилинде кайдан-жайданактивисттер пайда болуп, ал-жай сурашып, элпек боло башташат. Чакырсаң келбеген атка минерлер ат тезегин кургатпай катташып,айылдын проблемаларын суракка алып, жаңы көргөнсүйт,
ал түгүл ден соолугуңакабатыр болуп, доктурга жетелешет. Ичиң жылып “Ата-а, ушундай элдин уулдары көпболсо кана?”дейсиң да, өзүңдөн-өзүң ушуга добуш бергиле, жакшы экен деп үгүттөйбаштайсың.
Айылдын жашоочулары көңүлдөрү көтөрүлүп, көчөдөн эле бекерконцерт көрүп, жыргап калышат.Кандидаттардын сөзүн сүйлөп, барак көтөрө чуркап,үй кыдырып берген жүз сомунакомпоюшат.
”Баланча тигинин кишиси экен. Түкүнчө наркынын болельщиги”дешип,
бөлүнүп, депутат менен кошо кетчүдөй, бири-бирин сүйбөй, жоолашат. Эшикке чыгаалбай, үйдө олтурган кемпир-чалдарды жасантып, элечек, калпак кийгизип,аксакал,
сизсиз болбойт деп машинагасалып келип кастарлашат.
Болочок депутатка кудага келгенсип, көчөдөн кийиткийгизип,
асемдешет.
-Ай, баланча кандидат түндө Ташматтыкынабир машине продукты түшүрүптүр дейт.
-Түндө таң аткыча үстүңкү көчөнүншайлоочулары Эшматтыкында конокто болуптур.Тим эле аракты суудай агызыптыр.
-Акматов астыңкы көчөгө баштыктаратыптыр.
-Бизнесмен кандидат ар бир шайлоочуга акча бериптир. Телефондодобушуңдун далили болбосо, ишенбейт экен, сүрөткө тартып көрсөтөт экенсиң.
Кыскасы ,ар түркүн кептер, айла-амалдар айтылат. Шайлоо бүткөндөн кийин,эртеси баягынын бири жок, өзүбүз эле жүрөбүз.Депутат же мэр биз менен калыпкошо жашамак беле? Же ала кетет беле?
-Ой, сен ким элең? Кайсыл айылданкөрдүм эле? Мунун кагазын көрүп койчу?-деген депутат шоферуна карайт.
Баягы таяк таянган абышка, көзү ооруган кемпир,белим деген кишилер бир жумадан кийин тажаганда шаабайы сууп келишет:
-Депутатың кабинеттен чыкпайкойду-
дешет.
-Мени кудай урбадыбы, жөн элетелевизордон ыйлап,уят болупмун. Байкабай ыйлай берипмин, көрсө, мени рекламакылган тура-деп бетин чымчып өкүнгөн кемпирлер болду.
-Ботом, адам деген бат элеөзгөрөт тура, тигил депутат болуп шайлангандан
кийин саламга келбей, оозу оорупкалыптыр.
-Ошону айтса, жолунан тоссом, менимашинесине салбай кетпедиби-дейт бирөө нааразы болуп.
“Бирде жигит төө минет, төөмингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт”дегендей шайланган депутатты коштоп,каалаганын алдырып, добушун милдет кылып, ордун майлашып жүргөн адамдарды эми таппайсың.Кайсыл бир шайлоочулар өз “милдетин”мыкты аткарып, кызматка, үйгө ээ болушат. ”Ушулбиздин бала, элдин уулу”деген уулунун башына кыйынчылык түшкөн учурлар болду.
Калпагын көтөрө чуркап, күлөсүйлөгөндөр,
арча менен аластаган ак элечекчен өз адамдары азыр анын ахывалынсурады бекен? Эл чогулган жерде“саясатчы”болуп,
мынча сом жеп коюптур депсүйлөгөндө таң каласың.
Эмнеүчүн адамдар бат эле өзгөрө калышат? Бир калыпта,адамгерчилик менен жүрсөболбойбу?
Же курсак тойгузуп, пайда көрүүнүн амалыбы? Аргасыздан атактуужазуучу Ч.Айтматовдун ”Канткенде адам уулу адам болот?” деген саптарын ичимденкайталаймын.
АйымТалгатбек кызы
’’Эмне үчүн өзгөрөбүз?” Шайлоо убагындагы адамдардын кулк-мүнөзү
#2 04 December 2013 - 01:06
Азыркы заманда адамдар акча кайсы жактан коп онсо, ошол жака ООП баратышат чындыгында,
бирок беш кол тен эмес, ыйманды бийликтен, байлыктан да жогору койгон ынсаптуу адамдар жок эмес.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!

Супер-Инфо
super.kg
видео








