А так-матак, Сатыбалдиев деле кыйын экен, эй!
2010-жылдын 7-апрелинен бери толтура себептер бар болчу, бул кишини кызматтан кетирүүгө. Бирок чыгына албай жүрүштүбү, убакыт-сааты бүгүнкүгө туш келиптир да. Анан, мамлекеттик кызмат ар бир чиновникке эле кадыр-барк алып келбейт. Андыктан Мелис Мырзакматовдун мэр эле боло туруп, мамлекеттик кызматкер катары жоготконунан тапканы көп болду деп ойлойм. Албетте, өзү кооз кылып айтмак, бул жагын... "Чоң жоготуу - Июнь окуясы", же "Аксакалдар менен байбичелерди кызыл шапкечендер түрткүлөп жатканын көрүп жүрөгүм эзилип кетти" деген сыяктуучу...
Анан өкмөттүн аргументине келсек, шайлоо процессине карата дегени. Мындай да, Мырзакматовдун и.о. деген статус менен иштеп жатканына бир жылга чукулдап калды, анан президенти "Ош жана Бишкек шаарларынын макамы тууралуу" мыйзам долбооруна кол кое элек болсо, кайдагы шайлоо, туурабы? Бул кишини эртерээк кызматтан алыштыбы, демек пландар бышылып-жетилди, менимче аны кайрадан мэр кылып шайлабоо үчүн болгон аракеттер жумшалат. Эгерде чоң митингдер болуп, коомчулук Мелис Мырзакматов тарапка оосо, анда Бишкектен эле бир кызматты таап беришет болсо керек. Муратбековду алып келип коюшкандай. .. Чынында, ошол эле Жантөрө Сатыбалдиевге ыңгайсыздык жаратса керек, Нарын менен Ошко барганда, ишенбегендей түр көрсөткөнү элдин...
Кайра эле, Мырзакматовго келсек, аяк-башын жыйнап алсын. Өзү деле кызматтан алынуусун үч жылдан бери күтүп жатса да, бүгүнкүсүн аш кыла албай отурат го дейм...

Супер-Инфо
super.kg
видео


















