(Менин да качантан бери ойлоп жүргөн максаттарымдын бири бул жерде козголуп өтүптүр, http://www.super. kg/...showtopic=72589 Ушу күндөрү жеке жашоомдогу көйгөйлөр менен болуп... кайра ал максатымды улантууну чечтим. Окуп көрүңүз, балким сиз да көңүлү жарым балдарды кубанта аларсыз.
Биз студенттер өзүбүз демилге көтөрүп, колубуздан келишинче "балдар үйүнө" жардам бергени жатабыз... Жаңы жылга жакын балдар үйүнө барып, кичинекей концерттик программа менен (институтубуздун таланттуу балдар-кыздары, тамашоучулары дегендей) балдардын маанайын бир аз болсо да көтөрүп келүү планда бар. Моралдык жактан колдоо көрсөтүү менен бирге материалдык жактан да колдоо көрсөтсөк дейбиз. Ал үчүн колунда бар кайрымдуу инсандардын жардамы керек болуп жатат. Ар түрдүү акцияларды өткөрүп, түшкөн каражаттарды балдар үйүнө берсек, бир аз болсо да атуулдук, адамдык милдетибизди аткарган болот белек дегенбиз...
Бул идеаны көтөрүп отуруп, колдогон активдүү стүденттер менен алгач балдар үйү менен таанышып келүүнү чечтик да, балдар үйүнө бардык...
Бир кичинекей кыз дарбазаны ачып, мектепке жөнөп бара жатыптыр. Келиңиздер деп аябай жылуу тосуп алганы адамды аябай кубандырды, андан каерден кириш керек экенин, аны-муну сурап, мектепке жакшы барып келишин айтып узатып койдук да, сапарыбызды андан ары уладык. Балдардын баары "ассалом алейкум" деп тааныш адамдарындай кабыл алышып, сүйүнүшүп тосуп алганын көрүп аябай кубанат экенсин киши. Алар менен бир аз баарлашып, директору менен маектешели деп алдына кирдик. Ал да кубануу менен тосуп алып, бизди кызыктырган суроолорго жооп берди. Силерден көптү деле үмүттөнбөйбүз, ушунчалык келип кабар алганыңардын өзү эле бизге чоң кубаныч деп сүйүнүп калды ал агай дагы... Ошентип, балдар үйү жөнүндө маалыматка ээ болуп чыксак... дагы бир топ окуучулар мектепке жөнөп жатыптыр. Алар менен маектешкиң эле келет, ушунчалык зар да сүйлөшкөнгө, өзүнүн бир тууганындай баары сүйүнүп эле бизди курчап алып турушту. Кыскасы, мээримге зар экенин алар менен сүйлөшкөндө сезет экенсин да, аларды аяп кетет экенсин киши. Биз дагы келебиз деп убаданы берип коштошо келе бердик...
Көөдөндү бул наристелерде не күнөө деген суроо ээлеп...(((
Кычыраган кыш да башталып жатат... Биздин оюбузга ар бирине бирден баш кийимби, же шарфбы, кол каппы алып берүү келди. Анткени биз барган күнү аябай суук болчу, ошондо жука кийимчен, жемпирчен окууга бара жаткан балдарды көрүп, курткачан, тумакты баса кийген, кол каптарды таккан биз биякта аябай эле уялып кеттик...
Ошо түшүндүңүздөр да э, ушул биздин келчегибиз болгон наристелерибиздин бир керек-жарагына деп акча чогултуп, демөөрчү болсок кандай дейсиздер?! Баардыккаалоочу кайрымдуу инсандар бул сунуштучетке какпайт деп ойлойм, о.э. бир күндүк иш акыңыздарды жаш жеткинчектердин жакшы жашоосуна, билим алуусуна, көңүлүн көтөрүлүшүнө жумшагысы келгендер ушул сунушту колдоп берүүңүздөрдү суранам. Албетте "ачкадан өлүп баратат", "сууктан кыйналып жатат", "жаман" дебейбиз, мамлекет да аракет кылып багып жатат экен, биздин жардамды деле күтүп отурушкан жок, ошентсе да ашыкча да эмес. Биз деле бир аз аракеткылып көрсөк кандай дейсиздер, мамлекеттен кутуп олтура бербей… Алыбек алына жараша дегендей «каалоочулардан» 100, 200, 500, 1000сомдон деле топтоп келечегибиз болгон балдарды бир аз болсо да кубантып, жашоого үмүт берип койсок кандайдейсиздер… көп түкүрсө көл болот!!! Ой-пикир, сунуштарыңыздарды күтөбүз урматтуу замандаштар! !!

Супер-Инфо
super.kg
видео