“Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман”
Ар бир улуттун өздөрүнө таандык бир нече мезгилден берикалыптанып келе жаткан жүрүм-турум эрежелери, салт-санаасы,
үрп-адаты бар. Аларэлдик оозеки чыгармаларда,
жомоктордо,
уламыштарда,
макал-лакаптардачагылдырылган.
Бүгүнкү күндө өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодомакал-
лакаптардын мааниси зор.
“Кыргыз элинин энциклопедиясы”,
“Кыргыз рухунун туу чокусу”болуп эсептелген “Манас” эпосунун баасы, салмагы ченемсиз, анткени ал байыркыкыргыз бабаларыбыздын үрп-адатын, турмушун, салт-санаасын,
тилин, дилинсүрөттөгөн түгөнгүс зор казына болуп эсептелет. Бул дастанда эли-жерин коргооидеясы менен бирге адам баласынын турмушунда кездешүүчү түш жорутуу,сүйүнчүлөө,
кудалашуу, ат коюу, үйлөнүү, өлүк узатуу сыяктуу маанилүү окуялардагы камтылган. Ошондой эле азыркы учурда жок болуп кетүү коркунучунда турганэне тилибизди келечек ээлерине үйрөтүүдө элдик оозеки чыгармачылыктынбаалуулуктарын ачууда сузуп алса кемигис деңиз болуп эсептелет. “Манас”дастанында көркөм сөз берметтери менен бирге макалдар дагы кездешет. Алардынарасында “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” деген макалайтылат.
Чоң казаттан алган кесепетинен улам Манас баатыр көз жумат. Манастынордосун талап-тоноп,
олжого туйтунган Көбөштөр Каныкейди аялдыкка алуунукөздөшөт.
Баатырдын жесири алардын оюн четке кагат. Ошондо ачуусу келген Көбөшжеңесине кол салып, жарадар кылат. Каныкей бешиктеги баласын алып, кайын энесиЧыйырды менен Букарга аргасыздан качат. Ошентип өз үйүндө, өз жеринде, хандынордосунда өз жакындарынан кордук көрүп, Каныкей баатырдын туягын сактап калууүчүн төркүнүнө кетет.
Адам баласынын турмушунда ар кандай кырдаалдар,
окуялар,учурлар кездешет. Буга ар бир адамдын жашоо-шарты,
мүнөзү дагы көмөкчү болот.“Турмушуң – эшек араба, туулдуң-калдың балаага”, “Ар кимде бар ар кыял, алкыялды ким тыяр” деген макалдар ушул ойлорду далилдеп тургандай. Азыркы күндөдагы арабызда Жакып, Абыке, Көбөштөргө окшогон адамдарды көрүп жүрөбүз. Алардынөз бир туугандарына,
алардын балдарына жасаган көңүл иренжиткен мамилесине күбөболдук.
Оорудан каза болгон адамдын аялын, балдарын үйүнөн кубалап чыгып, малынтартып алган маркумдун энеси, бир туугандары бүтүндөй айылдын элинин оозуначырды.
”Беш кол тең эмес” демекчи албетте ар бир адам ар түрдүү, бири биринеокшобойт.
Алардын арасында калкып жүргөн “каймактары” да, карын майдычириткендери да жок эместигин жакшынакай билебиз. Байыртан айтылган “Өздөнчыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” деген макал бул ирет дагы өзмаанисин ырастады.
Кыргыз эли байыртадан сөзгө конок берип, маани берип, кулактөшөп,
маектешин сыйлап, барктап келишкен. Чечилбеген маселени, уруш-талашты даакылмандар,
чечендер сөз менен куюлуштуруп сүйлөп, макал-лакаптын касиети, күчүменен чечишкен, элдешип, ынтымакка келишкен. Сөздү баалашкан. Сөз билген акылмандар,
чечендер, элчилер сыйлуу болушкан. Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болдук дешкенжеңилген тарап. Сөз билбегени “сөзгө сынышкан”, мойнуна алышкан. Карапайымкыргыз үй-бүлөсүндө тарбияланып,
айыл жергесинде өскөндүктөн,
мен эне тилдегиар бир сөзгө маани беремин. Атамдын, энемдин оозунан чыккан ар бирмакал-лакаптары,
салмактуу учкул сөздөрү, көркөм сөз берметтери,
айтып берген,окуп берген жомоктору менин көңүлүмө уюп келет. Алар күндөлүк турмуштагымаселелерди чечүүгө, ар кандай кырдаалдан чыгууга жардамын берет. “Энесин көрүпкызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт”, “Жакшы менен жанаш, жамандан адаш”, “Кызгакырк үйдөн тыюу”, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт”, “Жакшы кыз – жакадагы кундуз”,“Кызы бардын назы бар” деген сыяктуу макалдар кызды тазалыкка, адептүүлүккө,
абийирдүүлүккө үйрөтсө, айрым макалдар эмгекке, сабырдуулукка,
улуулардыурматтого,
эне-атаны, туулган жерди кадырлап, барктоого тарбиялайт.
Ал эмимакалдар болуп өткөн окуялар боюнча сабак айтып, кемчиликтерди кайталабоогоүндөйт,
терс сапаттарды сынга алат.
Улутубуз күн санап, ай санап, жылдарды өткөрүп, акырындыкменен “европалашып”,
америкалыктарды туу тутуп, орусташып, өз дилин, тилинунутта калтырып бара жаткандай. Эки миң эвенк улутунан үч эвенк өз тилиндесүйлөгөндөй:
мүмкүн, кыргыз баласы дагы качандыр бир мезгилде өз тилин унутабыдеген кооптуу ой жүрөктү түпөйүл кылат. Салтыбызды,
үрп-адатыбызды,
ырым-жырымыбызды,
макал-лакаптарыбызды билбей, жомоктордо гана окуп, айылдагана угуп калабызбы деп коркосуң. Күн өткөн сайын “күлкүнүчтүү”,
“уруш жедим”, “тууганчик”,
“бөлөшка”, “чатрашка” деген түшүнүксүз сөздөр жаштар арасында көбөйүп баражатат. Ошолор кантип макалды сүйлөп, лакапты чечмелесин?
Ошолор кайдан кыргызатам кийген кийимди кийип, ичкен ашын ичет? Ошол эле сөйкө салуу, куда түшүү,антташуу деген ырым-жырымдарды эртеңки кыргыз баласы жасап, макалды айта алабы?
Сөзүмдүн аягында мен күн өткөн сайын жаңыланып, которулупжаткан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын мыйзамчыларына улуттукидеологиянын ырым-жырым, салт-санаа, үрп-адат сыяктуу жөрөлгөлөрүн аралаштырып,
өсүп келе жаткан келечек ээлерине кыргыздын оозеки көркөм чыгармачылыктарын,
баалуулуктарын таберик, асыл мурас катары пайдалануусуна өбөлгө түзсө дегенсунушумду айтар элем. Ансыз кыргыз баласы кыргыздын касиетин сактай албайтдеген ойдомун. Жашасын кыргыз баалуулуктары!
Айым Талгатбек кызы
Өздөн чыккан жат жаман… макал чечмелоо
#2 01 January 2014 - 02:53
Жаш болсоңуз да, калемиңиз курч журналистсиз.
Ушунуңуздан жазбаңыз!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 01 January 2014 - 15:27
Кыргыз кыргыз тили менен кыргыз,кыргыз макал-лакаптары менен кыргыз,кыргыз ошол урп-адаттары менен кыргыз,кыргыз Манас баатыры менен кыргыз.Бирок ошону тушунгондор азайып бараткансыйт.
..

Супер-Инфо
super.kg
видео









