Автор бул повестте өзүнүн туруктуу темасына – аял тагдырына
кайрылат. Чыгарманын башкы каарманы Гаухарга башына түшкөн
бардык мүшкүлдөрдү жеңип чыгып, бактысы үчүн күрөшүүгө адамдык
ички кудурети жана сүйүүгө муктаж аялдык жана энелик жүрөгү дем
берет.
Жат терезеде өскөн менин гүлдөрүм Зинакан ПАСАҢОВА
#1 05 December 2013 - 01:39
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 05 December 2013 - 01:40
“Аллоо-ху – ахба-р-р!..
.” “Алло-оху...
” Күнүгө мени таңзаарда чакырылган азан ойготот. Жер жарый элек болсо да шаарды уйкудан козгоп, биз жашаган
мааладаги бир нече мечиттердин бийик мунараларынан чыккан
коңгуроодой шаңдуу дооштор аба жарып алыска-алыска жаңырыктайт.
Муазиндердин жел аргыдай коңур, же чучуктай сызгырылган ичке
муңайым үндөрү бирин экинчиси улап, же жарышкандай үн алышып,
тирүүлүктүн дагы бир жаңы башталган улуу күнүн ыйман келтирип, намаз окуу менен тосуп алууга чакырат. Бүгүн да ыргагында бир укмуш керемети бар азанды укканда жан дүйнөм
термеле түштү. Бирок, жылуу төшөк менен таңкы ширин уйкуга илинбей
туруп, даарат алып, багымдат намазын окууга бел байлай элекмин. Же
ал үчүн да убакыт-сааты келиш керек окшойт. Коңшунун дарбазасы кыйчылдап ачылды. Үй ээси Улугбек аке азанчынын
үнү басыла электе адатынча шашып-бушуп мечитке жөнөйт. Андан көп
өтпөй эле жаш келини чаканы калдыратып, пешайванына суу чачып
кирди. Өзүнүкүн бүткөндөн кийин көчө-жолдон баштап биздин үйдүн
дарбазасынын алдынан бери мизилдетип шыпырып коюучу бул келинге
жүрөгүм элжиреп, ичимден ага жакшылыктарды тиледим. Эрте менен туруп сыртка чыкканында суу чаң басыларлык болуп себеленген,
күзгүдөй жаркыраган таза жерди көрүүнүн өзү кандай ырахат. Төшөктөн ушундай жагымдуу сезим менен козголдум. Түнү бою жаап
чыккан нөшөр басылып, жымжырт. Терезеге келип, асманды карасам
үзүм булут жок чанкайып ачык. Жамгырга жуулуп, ыраңына чыккан жазгы
жашыл дүйнөгө, жаш жалбырактардын жытына мас болушкандай үрүл-
бүрүл жарыкта эле куштар шаттанып сайрап жатышты. Бирок, жанымда балдарымдын жоктугун туйганымда көңүлүм чөгө түштү.
Үй-жайы бөлөк атасы алып кеткен сайын күн өтпөй эле ушинтип
жалгызсырап каламын. Уул-кызымды оюнчуктары да эстете берет.
Көмкөрөсүнөн түшүп, тоголонуп жаткан түктүү агыш мамалак, жиби
сүйрөлгөн “Камаз”, чачы сеңселген “Барби”,кайсынысына көзүм урунса
эле жүрөгүм “тыз” эте түшүп жатты. Оюнчуктардын ээси бала экен, аларга жан киргизип ойногон эч ким жок, менден бетер томсорушканы
ансайын кусамды арттырды.

#3 05 December 2013 - 01:41
Эч нерсеге дитим чаппай, жумшак жана баео мамалакты боорума бекем
кысып алып, балдарымды ойлоп олтурдум. Эртең эле алар “апалап”
булбулдай сайрашып, эшиктен энтелеп кирип келишерин ойлосом
эбеденим эзилип, ансайын сагынычым күчөй түшөт. Ошол учурду
элестетип алып-учкан кусадар оюмду бузуп телефон шыңгырады.
Аялдын үнү: – Эже, кандайсыз? Бүгүн үйдө эле болосузбу? Мен да базарга чыкпадым.
Сиз менен сүйлөшөйүн дедим эле. Бош элесизби? Азыр барсам болобу? “Базар” деген сөздөн улам ким телефон чалганын дароо билдим. Чоң
базарда соода кылчу Гаухар аттуу келин менен көптөн бери көңүлүм
ысык болуп жүрөт. Экөөбүз ойдо жок жерден таанышканбыз. Кайсыл бир
күнү май базарды аралап жүрсөм: “Букен эже, менден май алыңыз”, – деп
калды бейтааныш аял. Мени таанып чакыргандан сөзүн кыя албай
жанына басып бардым. “Комоктун” ээси 35 жаштардагы ак саргыл чырымдуу келин экен. Эски таанышымдай жылуу учурашып: “Кандай май
аласыз, эже?” – деп сурады. Катар-катар секичелерге май куюлган кооз
этикеткалуу идиштер ашемдүү коюлган. Мен сатуучу келиндин жарык
маңдайына, карылардыкындай токтоо, эстүү көздөрүнө ишене сүйлөдүм: – Өзүң тандап берчи, сиңдим? – “Алтынай” берейинби, эже? Холестрини жок, жакшы май. Баш ийкешимди эле күтүп тургансып, илбериңки кыймылдап, мөлтүрөгөн
тунук май куюлган бөтөлкөдөн үчтү жаңы пакетке салып жатканын ичим
жылый тиктедим. Соодада да ызааттуу мамилеге тартылат экенсиң.
Мүмкүн, мени тааныганы үчүн ушинтип сыйлап жаткандыр деп да
ойлодум да: – Мурдаштык болосуңбу, сиңдим? – деп сурадым. – Айылымдын менден кийинки чоноюшкан жаштарын көп деле тааныбай
калдым. Өздөрү озунуп учурашса ушинтип сурайм. Келин иймене күлө
бакты: – Жок, эже, мурдаштык эмесмин. Сизди сыртыңыздан тааныйм. Майды колума карматып жатып: – Сиз жазуучу Букен Молдоева эже болсоңуз керек. Китебиңизди окугам.
Телевизордон да көрүп жүрөм. Көп өтөсүз буерден. Акча сунсам: “Жок, эже, сизден албайм!” – деди чын дилинен. Экөөбүз
ошондо канча акыйлашсак да майдын акысын алдырта албай бушайман
жегемин. Кийин да ал келинди көрүп жүрдүм. Базардын ичинде үч жерде
“комогу” бар экен. Улам бирөөнө өзү олтуруп соода кылса,
калгандарында да анын таалимин алгандай элпек, жароокер кыздар
иштешет. Кардарды имере тартып, купулуна толо тейлегенге аябай маш болуп бүтүшкөнүн байкайм.

#4 05 December 2013 - 01:42
Бирок, Гаухардын мамилесинен да, көздөрүнөн да акчага жутунуу
сезилбейт. Анын “комокторуна” киреше өзү эле байма-бай агып келип
жаткансыйт. Бир жолу менин оюмду туйгансып сөз арасында минтип
айтты: “Мен тыйындын артынан кубалаган жөнүм жок, эже. Тапканым
кызым экөөбүзгө кеңири жетет. Ашыкчанын кереги жок. Эмне үчүндүр
базарда олтурсак эле баары ач көз, дүнүйөкор деп ойлошот экен. Андайлар деле көп. Бирок, ачкачылыкты башынан өткөргөн адам азга эле
топук кылып калат окшойт, эже...» Бул кош маанилүү сөзү өзүнө алда-
нени эстеткендей сурмалуу көздөрү жашылданып, жер тиктеп улутунуп
алган. Ошондон кийин: “Сиз менен жай олтуруп сүйлөшсөм дейм...” – деп
көп жолу айтты. Убакыт-сааты бүгүн жеткен экен. Телефондон Гаухарга “Үйгө келе бер”, –
деп коюп мейман камын көрө баштадым. Дем алыш күнүм конок тосуу
менен өтөрүнө ичим ачыша түшсө да, эже-сиңдидей болуп бараткан
келин менен сүйлөшүүнү өзүм да дилимден каалап турдум. Гаухар көп
күттүргөн жок. Алпейим адамдын жоомарттыгы менен баштык толтура
көрөн-шерен көтөрүп алыптыр. Мен да белендеп койгон тамак-ашымды дастарконго коюп, жай сөзгө кирдик. — Букен эже, сиздин “Мен көргөн жаздар” деген китебиңизди кокусунан
окуп калдым, ошондон бери бир сүйлөшсөм деп эңсеп жүрчү элем. Сизди
мага кудай жеткирди окшойт... Китебиңизде өзүңүз жөнүндө жаздыңыз
беле? Окурмандардын ушундай суроосуна көнүп бүттүм. Каармандарым менен
өзүмдү бир кишидей көрүшүп кызыксына беришет. Аларга түшүндүрөм
деш куру убарагерчилик. Ошондуктан, Гаухардын бул баео түшүнүгүн
жокко чыгарбай, туюк гана жылмайып койдум. Сөзү болсо айтып, ичин
бошотуп алсын деп үнсүз күтүп олтурам. Улам бошогон пиалага чай куюп
кулак салдым. – Сар-санааңды жалгыз көтөрүп жүрө берсең ушунчалык оор жүк болот
экен, эже.... Ишенесизби, элге окшоп каткырып күлө албастыгымды
жакында байкадым. Ошондон бери шаңкылдап ачык күлчү адамдарга
суктанып жүрөмүн. Мен төрөлгөндө эле шорго жаралган жан болупмун. Эки жашымда апам
көчөгө таштап кетиптир. Бечел да окшойм, басалбай ыйлап олтурупмун.
Көргөндөр ата-энеси барбы деп иликтешип, эч ким чыкпаганда милицияга
тапшырышыптыр. Бул жөнүндө өзүм чоңойгон балдар үйүнүн
тарбиячысынан уккам.

#5 05 December 2013 - 01:43
Эс тартканымдан баштап бул жөнүндө кайра-кайра сурай берчүмүн.
Карыган тарбиячы менин өмүр башатымдын ушул бир үзүмүндө чоң
маани жаткандай айтып жатканында үнү муңкана калтырап, көздөрүнө
жаш келе түшчү: “Кызыл күрмөңдүн чөнтөгүнөн алакандай кагаз чыкты.
Аты-жөнүң, туулган ай-жылың жазылыптыр. Андан кийинки сөздөр
алигиче көз алдымда турат: “Мен кызымды жаман жолго түшкөнүмдөн таштаган жокмун. Багууга кудуретим жетпей калды. Ким тапса соопчулук
үчүн балдар үйүнө тапшырып коюнуздар, көптөн көп өтүнөм. Жаным
кызым, аман бол! Алым жетсе кийин келип алып кетермин. Алдейлеп ак
сүтүн берген апаңды кечир?!” – деп ал кургур ыйлап олтуруп жазган
окшойт, кээ бир тамгаларына көз жашы тамчылап, сыясы жайылып
кетиптир”. Апамдын бул аманат катын кийин өз көзүм менен көрдүм. Интернатта
жашап жүргөнүмдө “өздүк делом” колума кокусунан тийип калды. Ичинде
ошол кагаз бар экен. Мен аны кайра-кайра окудум. Эне-атага кусадар
өксүк жүрөк тушума басып алып буркурап ыйлап, жытын искедим. Көз
жашыма жууп, сансыз ирет өпкүлөдүм. Менин да качандыр ак сүтүн
эмизип алдейлеген, бешенемден сүйгөн, колуна көтөрүп эркелеткен апам болгондугун күбөлөндүргөн бул кат э н ыйык таберик, баа жеткис кымбат
эстеликтей сезилди. Апамдын катынан ажырагым келбесе да балалык
кылып кайра “өздүк деломо” салып, тапшырып койгонума ушул күнгө
чейин катуу өкүнөм. Бирок, бул кат мени өзгөрттү. Өзүмдү кичине кезимдегидей эч ким
сүйбөгөн, эч кимге кереги жок томолой жетим сезбей калдым.
Жалгыздыктын жүрөк сыздаткан муңун күтүү алмашты. “Алым жетсе
кийин келип алып кетермин” деген сөздөр мага убададай сезилди. Мен
күтүүдөн тажабадым. “А атамчы?! Атам ким болду экен?” деген суроо
кез-кезде бейпайга салчу болду. Ал кандай киши болсо да жаман ойго кыя алчу эмесмин. “Апам экөө ээрчишип келип калышса...” деген
алдамчы кыял мени күнү-түнү жол каратты. Бала үчүн балапан канаты жетиле электе ата-энеден ажыроодон өткөн
азап жок экен, эже. Мага жан берип, жарык дүйнөгө жаратып койгондон
кийин көчөгө таштап кеткен апам менден өтүп азап тарткандыр. Миң
толгонуп, эмчеги зыркырап туруп жазганына караганда жаман деле адам
эмес го. Бир кызын бага албай баш тартууга мажбур болсо мындан башка
ылаажысы калбаса керек. Кайрылып келе албай калса кийин деле жакшы күн көрбөсө керек деп ойлойм. Олдо, апам ай! Кичине кезимде таштанды тагдырымдын, бактысыз
балалыгымдын сай-сөөгүмдү сыздаткан ызалыгы менен кээде сени мен
жек көрсөм көргөндүрмүн. Азыр жүрөгүмдө кылдай кирим жок. Кайра аяп
кетем. «Кайдасың, апа? Тирүү болсоң бир кабарыңды билдирчи? Жердин
жети түбү болсо да издеп барайын!» – деп зарлайм. Азыр табышсак да
кеч эмес. Кызыма кошуп өзүңдү алпештеп бакпас белем... Өксүк өмүрүңүн бардык кейиш-муңун унуткаргызып, көкүрөк жытыңа тойбой
калган арманымды жууп, күнү-түнү дидарыңан көз албай тиктесем,
алаканыма салып бөпөлөсөм, сыйымды көрүп төрүмдө олтурса кандай
бактылуу болор эле дейм. Апамдын өңү-түсүн, кыял жоругун элестете
албасам да энелик ак сүтүнүн даамы оозумда тургандай, көкүрөк
жылуулугу дилиме сиңип калгансып, ой-кыялымда эч бир түңүлө албай койдум, эже. Бул бейоопа дүйнөдө качандыр болсо да ата-энем менен
табыштыра көр деп Кудайдан тилеп жүрөм, эже.

#6 07 December 2013 - 01:35
Гаухардын үнү буулуп, армандуу көз жашы ээ-жаа бербей дирилдеп
агып, сүйлөп да, ыйлап да жатты. Менин да муун-жүүнүм бошоп турса да
сооротпой эркине койдум. Көөдөнүңдө толуп-ташып жүргөн көз жашы
түгөнгүчө ыйлап алсын дедим. Жаңылап чай демдегени ашканага чыгып
кетип, бир топ убакыттан кийин келсем сооронуп калыптыр. – Эже кечирип коюнуз? Апам жөнүндө айтсам, же ойлосом токтоно албай
кетем… Ушундай жашыкмын. – Эч нерсе эмес, Гаухар. Айта бер, сени угайын деп чакырбадымбы.
Апаңды издедиңби кийин? – Апамды таба бекемин деген ой санаамдан кетпей, жүрөгүмдүн бир
четинде турганы турган. Сурамжылап даректеп жүрөм. Өткөн жылы
Россия телеканалынын «Жди меня» программасына да кат жазган элем.
Телевизордон көрсөтүштү. Мага окшогон канчалагандар дарексиз
адамдарын таап алып жатышпайбы. Ошол бакытты мага да буюруп калар
деп ишенип кетем…
агып, сүйлөп да, ыйлап да жатты. Менин да муун-жүүнүм бошоп турса да
сооротпой эркине койдум. Көөдөнүңдө толуп-ташып жүргөн көз жашы
түгөнгүчө ыйлап алсын дедим. Жаңылап чай демдегени ашканага чыгып
кетип, бир топ убакыттан кийин келсем сооронуп калыптыр. – Эже кечирип коюнуз? Апам жөнүндө айтсам, же ойлосом токтоно албай
кетем… Ушундай жашыкмын. – Эч нерсе эмес, Гаухар. Айта бер, сени угайын деп чакырбадымбы.
Апаңды издедиңби кийин? – Апамды таба бекемин деген ой санаамдан кетпей, жүрөгүмдүн бир
четинде турганы турган. Сурамжылап даректеп жүрөм. Өткөн жылы
Россия телеканалынын «Жди меня» программасына да кат жазган элем.
Телевизордон көрсөтүштү. Мага окшогон канчалагандар дарексиз
адамдарын таап алып жатышпайбы. Ошол бакытты мага да буюруп калар
деп ишенип кетем…
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 07 December 2013 - 01:36
Балдар үйүнөн кийин интернатта жүрүп эптеп бой жеттим. 9-классты
бүтүрүп, педагогикалык окуу жайына кирип окуп жаттым. Аны бүтөөр
жылы айылдык мектепке практикага жөнөтүштү. Тоо арасындагы топудай
болгон кыштактын чакан мектебинде бала окутуп калдым. Он жетиге
чыкканча балдар үйү менен интернаттан башка жашоону көрбөгөн мага
туш тарабын бийик тоолор курчаган коктуда беш-ондон болуп чачыраган үйлөр, тезек жыттанган түтүнү, коймаарек мүнөз элет адамдары башка
дүйнөдөй сезилет. Чет жактан келип иштегендер үчүн салынган жатак
үйдө жашайм. Коңшу бөлмөдө дагы бир балалуу-чакалуу мугалим эже
турат. «Өзүң жалгыз казан асмак белең, биз менен эле оокат ич», – деп
келгенимде эле кошуп алышкан. Эженин балдары жаш болгондуктан жар
ылдый кеткен жалгыз аяк жол менен кыялай түшүп барып, сайдагы
дарыядан суу көтөрүп чыгыш менин мойнумда. Көздөрүмө түтүн киргизип
жүрүп очокко от жакканды да үйрөнүп алдым. Айыл турмушунун мен
билбеген дагы аки-чүкүсү көп экен. Бул жерде жолуңдан чыккан кары- жаштын тегиз учурашып өтүү салты жакты. Адегенде мектептен
келатканымда, баратканымда чал кемпирлер: «Арба, кызым, жаңы келген
маалим окшойсуң…» – дешип өздөрү озунуп салам айтышар эле мени
уялдырып. Мындай жакынсыган мамиледен жылый түшчүмүн. Мен окутуп
жаткан 2-класстын окуучулары да «эжекелешип» балалык тунук сезим
менен жакшы көрүшөт. Эрте менен мектепке баратканымда жолумду тосуп чыгышып, кайтаарымда үйгө чейин коштоп келишчү. Аларды өзүм
да таң атып кайра көргөнчө дилгирмин. Бирок, күндүз мектептин иши, окуучуларым менен алек болсом да
кечкисин күүгүм коюулана баштаган сайын жалгызсыраган санаа
кайрадан тумчуктуруп кирет. Асман ачык түндөрү эшикке чыгып,
жакындап түшүп келгендей бадырайган жылдыздарга көзүм талыганча
карап, алыстан туруп сырдашам. Ар бири менден бетер жалгыз, муздак
кол жеткис. Аларда бул жашоонун менин акылым жетпей жүргөн сыры катылып жаткансыйт. Баары татаал, түшүнүксүз. Бул тирүүлүккө эмне
үчүн, ким үчүн келгениңди, кандай өмүр өтөп кетериңди билбейсиң.
Көңүлүмдүн көксөгөнү, издегени эмне экенин өзүм да айталбас элем. Эс
тартканымдан бери белгисиз кусалык менен жашап келатам. Эртеңим
кандай болот, дагы кандай сыноосу бар деп коркунуч менен ойлойм.
Жүрөгүм сезгендей эле ошол айылдын чатыры камыш менен жабылган эски үйлөрүнүн биринде тагдырымдын дагы бир оор жазмышы күтүп
туруптур.

#8 07 December 2013 - 01:37
Мен келгенден бери тооруп жүрүшкөн көпкөлөң жигиттердин бири түн
ичинде сыртка чыккан жеримден бөктөрүп ала качты. Күйөөмдү көшөгөдө
көрдүм. Эркектааналыгына эрдемсип ала-күү болуп алган одурайган кара
жигитти «Назар! Назар палван!» дешип ансайын шердентип көтөрө чалып
сүйлөп жатышты. Тарашадай болуп катиңки кара кемпир боздогон ой-
боюма койбой башыма жоолук салып, бетимден өбөөрдө тиши жок оозунан келген жытка окшуп жибере жаздадым. Мындай каңырсыган жыт
полу жок жерге салынган кара кийизден, ным жыттанган үйдүн
дубалдарынан да келип турансыйт. Коргоору жок жетим кыздын каршылыгын ким тоотот. Ошол түнү чоочун
эркектин денемди мыкчый кармаган катуу колдору менен бети-мойнумду
кырып таштаган өгөөдөй эриндери эркимди кошо сындырды. Биринчи
түнү жүрөгүмдүн үшүн алып кара күчкө салган, ургаачылык
алсыздыгымдан таш боордук жана түркөйлүк менен пайдаланган эркекке
кийин да кучагымды берилип жаза албадым. Бирок, айдаган жакка баскан мал сыяктуу баш ийдим. Бир аптадан кийин педагогикалык окуу жайдагы куратор эже айылдык
участкалык милиционерди ээрчитип үйгө келди. «Зордоп ала качтыбы?
Жашырбай айт?» – дешип мени суракка алышты. Эжекемди көргөндө
эрээркеп ыйлап жиберсем да башымдагы жоолукту сыйрып таштап,
үйдүн босогосун кайрылгыс болуп аттап чыгып кетүүгө кудуретим
жетпеди. Бар күчүмдү ыйга чыгардым. Турмуштун күтүүсүз соккусунан эрким майтарылып калганбы, же жаштык кылдымбы, тилимди бирөө
байлап койгонсуп ооз ачалбадым. А-бу сөзгө келгенче айылдагы
аксакалдар жыйылып кирип келишти. Жалынып-жалбарышып, ар кандай
сөзгө салышып, келгендерди ийге келтиришти. Менден сурап да коюшкан
жок. Же оюмдагыны айтууга өзүм даабай туттугуп, жашым төгүлөт.
Башымдан такыям түшүп, жубан болгон мени жетелеп кете албай, же таштап коюуга да көңүлү чыдабай, арасат ойдо кылчактаган эжекемди
баары сүрөп: «Эки жаштын багы пахтадай ачылсын! Акар-чакар болуп
агарып – көгөрүшсүн! Биз көз салып жүрөбүз. Оомийин!» деп бата кылып
жиберишти. Ошентип тагдырым көпчүлүк бурган арыктын суусуна окшоп
белгисиз нукка түшүп, агым менен аласалып жөнөдү.

#9 07 December 2013 - 01:38
Качан оокат бышырасыз? – Кайнагамдын биздин үйдө жүрүшкөн
балдарынын ушинтип алмак-салмак сурашканы жүрөгүмдү эзип бүттү.
Күнүнө бир маал кайненемдин колунан чыкканды казанга салаарымды
билишсе да ушинтип сурашат. Оокат бышаар маалга чыдамдары жетпей
өзөктөрү үзө тартып турушканын түшүнөм. Мен деле кеберсиген эрдимди
######, улам суу ууртап коюп ач курсакты алдайм. – Тегеле тойбос болушту булар, ата-энеси мага дүнүйө калтыргансып… –
деп күңкүлдөп калат кайненем алардын сөзүн кулагы чалса. Кайра
неберелеринин бозоргон жүздөрүнө боору ачыгандай үшкүрүнүп коет. Чоң уулу мындан үч жыл мурда үйүн күрөөгө коюп банктан насыя акча
алып, үч баласын энесине таштап, аялы экөө Россияга коммерцияга
кетишкен экен. Сооданын көзүн билишбей акчадан кол жууп, үйгө
кайтышка каржы таппай жүрүшкөнүн ар кимден угуп калабыз. Өздөрүнөн
же түзүктөп кабар жок. Үстөк пайызы өсүп кеткенде кредит берген банк
сот аркылуу үйүн алып коюптур. Кайнагамдын, сегиз, он жаштагы эки уулу, беш жаштагы кызы чоң
энелеринин «ырысы жоктор» деп каргап-шилегенин күнүнө нечен жолу
угушуп, мусаапыр болуп жүрүшөт. Алардан бетер ырысы жоктун бири
мен дейм ичимден. Мен сүйбөгөн, же мени сүйбөгөн үй-бүлөдө кунарсыз
жашоо кечирип келатканыма жарым жылдан өттү. Көңүл чаппаган
турмушумда мени алаксыткан кайнагымдын кызы Кенже болду. Балалык кыялдан арыла элек наристе кыз мага эркелеп, ата-энесине кусалыгын
жазат. Бүгүн 6-класста окуган агасы Азимге орус тилден үй тапшырмасын
аткарууга жардам берип жатсам – «Самара» кыргызча эмне болот? – деп сурады. Ата-энеси жүргөн
шаардын атын тумардай кылып жадына катып алган бечара кыз ар бир
жолу айтып калуунун ыгын табат. – «Самара» кыргызча «Самара» эле болот. Аябай чоң, кооз шаар.
Шоколад, печенье, оюнчуктар көп сатылат. Апаңдар келе жатканда сага
да ала келишет. Ошон үчүн акчаны кө-өп таап, силерге белек алыш үчүн
иштеп жүрүшөт. Биздин сөздөрүбүзгө Азим менен Кадыр да кулак түрүшүп, көздөрү
кубанычтан жайнай түшүшөт. Аларды көрүп өзүм деле өмүр бою көрбөгөн
ата-энемди көңүлүмдөн чыгарбай, бир көрсөм деп зар болуп
келатканымды ойлойм.

#10 07 December 2013 - 01:39
Кечке жуук баарыбыз күткөн тамак бышканда чөмүчтү кайненеме
карматам. Ал чоңго чоңдой кылып өзү бөлүштүрүп куят. Жарытылуу деле
оокат эмес. Көбүнчө буудайдын кара унунан эти жок кесме жасап, араң
май жыты бар сууга салып бышырам. Же жалаң пияз менен картошкадан
пиява, дүмбүл менен буудайдын көжөсү. Кээ күндөрү корго көөмп
бышырган дүмбүл менен картошка жеп алабыз. Кезээрип ачка жүргөн бизге кандай оокат болсо деле ширин сезилет. Толо куюлган кесе эң
биринчи Назарга тиет. Баарынан кийин мага келгенде чөмүч казандын
түбүн какырап кырып калат. Анан кайненем нан салынып кулпуланган
үкөктү ачып, ар бирибизге бир сындырымдан жетээрлик нан алып чыгат.
«Ушуга тообо дегиле. Айлап нан көрбөгөндөр толуп жатат» – дейт
кайненем үзүп-булкуп жеп киришкен балдарды карап актангандай. Азим менен Кадыр өздөрүнүн үлүшүн көз-ачып жумгуча түгөтүп коюшуп, менин
колумдагыга үмүткөр тиктеп калышканына туруштук берүү өтө кыйын.
Бир-эки тиштеп зорго үлгүргөн нанымдын калганын экөөнө бөлүп берем.
Назар мунумду жактырбай акырая тиктеп тим болот. – Жаман үйрөттүң буларды. Өзүң эле жей бербейсиңби, – деп кейимиш
этет кайненем. – Шаарда өссөң да илгерки келиндердей экенсиң
бармагына ченеп тамак жеген. Менин кайненеме жаккан жалгыз нерсем ушул болду. Кылган-эткенимден
тынымсыз өөн таап күңкүлдөй бергенине бышы кулак деле болуп бүттүм
окшойт. Жаңыдан келин болгонумда аталаш кайнагамдын кемпири Сурма
эне ээндетип туруп насаат айткан: «Алмадай жаш экенсиң, кызым.
Бешенеңе ушуну жазып коюптур. Кайненеңдин кыялы саал чукул. Жаш
кезинен жесир калып, эки уулун жалгыз бой чонойтом деп жүрүп түгөнүп бүткөн. Эрден эрте ажыраган ургаачы сөз көтөрүмсүз болуп калат. Бир
сөз аздык, эки сөз көптүк кылат. Кагып-силккенине терикпей, үндөбөй эле
кой, кагылайын. Жашсың. Турмушту бардаш кылсаң жеңесиң». Сурма энеге “чоӊ апа” деп имерилип, ылым санап калганымдын дагы бир
себеби бар. Шатырман-шатман түз сүйлөшкөн шайдоот тоолук зайыптарга
окшобой, өзүнө жарашкан ыйбоолуу майиндиги, жумшак назы менен
өзгөчөлөнүп турчу. Мага дайыма жан тарта мамиле кылчу бул мээрбан
кемпир менен жоош-момун чалын айылдыктар "чөлдүк" деп коюшат.

#11 07 December 2013 - 01:40
Алар бул кыштакка мындан он-он беш жыл мурда Ош жактан көчүп
келишиптир. Ата-теги ушул жердик кайнагам жигит кезинде армияга
кеткен боюнча айылга кайтып келбептир. Ош жакта иштеп, үй-жай күтүп,
карыган чагында гана ат айланып казыгын табат болгон экен. Чоӊ апам
аптаптуу Карасуунун кызы. Төрөлүп-өскөн жерибиз бир болгон үчүнбү,
экөөбүздө каны-жаныбызга сиӊип калган жакындык бардай. Аны көргөнүмдө, же сүйлөшсөм жүрөгүмдө кусалык болуп жашап жүргөн чөл
жерине сагынычым жазыла түшкөнсүйт. Карасуунун кеӊирсиген түздүгүн,
көгүш түтүн каптагандай мунарланган закымын, дыйкан талааларынын
жытын, мейкиндиктен не чыкканы, не батканы билинбеген күндүн таптуу
нурун, улуу-кичүүгө "сиз" деп кайрылышчу майин адамдарын, иймениӊки
ургаачыларын эстейм. Жашы жетимиштен ашып калса да кагелес узун боюн жаш келиндердей
буралта басып, мойнуна кош-коштоп бермет, шуру мончокторду тагынып,
эки билегинде күмүш билериктер жаркылдаган ажарлуу, сөөгү таза эне
карылыкка алдыра элек. Капкара бажырайган көздөрү балбылдап, кол
менен кынап жасалгандай татына ээги, куюлуп түшкөн кырдач мурду
дагы эле болсо кайра-кайра карагынды келтирет. "Чоӊ апам жашында укмуш сулуу болсо керек?" деп ойлоном. Карыса да өчпөгөн ушул ажары
менен көзгө көрүмсүз сары чийкил чалына кантип турмушка чыгып калды
экен таӊ калганым андан бетер. Бирок, кепке жок, "кой оозуна чөп
албаган" момун кайнагамды качан болсо тергеп "сиз" деп, алдынан кыя
өтпөй ызааттап турат. Чай куялган пияланы сунса да колун бооруна
алып, өйдө карабай, ийилген бойдон узатып, абышкасынын кирпик кагышынан бери илгиртпей баамдап турганы, жакасына кир жугузбай
сылап-сыйпап караганы абысындарына түгөнгүс ушак-айыӊ болуп келет.
"Чалынан башка кимди ардактайт эле, бир баладан башка туягы
канабаса" , "Экөө жалгыз олтурушуп бири-бирин кашылашып көнүп
калышыптыр" , – деген сөздү экинчиси улап: "Ушул "Сары тиш" акемдин
этегин кармап ээрчип келгенден кийин көзүн карабашка аргасы жок».

#12 07 December 2013 - 01:41
Бир адамдын турмушундагы жакшылык эмне учун кээ бирөөлөрдүн ичин
тызылдатып, көзүнө түшкөн көк таш болорун анда мен түшүнчү эмесмин.
Ушундай жөнү жок сөздөрдү.уккан сайын бул адилетсиздикке жаным
кашайып, мен билген дүйнө эки жээкке бөлүнө түшчү: анын бир жээгинде
чон апам менен кайнагам, ал эми экинчи жээгинде кайненеме окшогон өзү
да бактысыз, башканын да бактысын көрө албаган көр пенделер. Чон апамдын насааты жадымдан чыкпагандыктан, кайненемдин кычык
сөздөрүнө көңүлүм ооруса да каяша кылбастан, айтканын жасашка
аракеттенем. Кышында отунду үнөмдөп, баарыбыз бир бөлмөдө жашап
жаттык. Энем ар кимдин ишин алып, жүн тытып, ийик ийрийт. Эрте менен
бир маал жаккан тезек отундун ылымта табын талаша печкени тегеректеп
олтуруп, ага кошулушуп жүн тытышабыз. Бара-бара ийик ийригенди да үйрөнүп алдым. Ишин кылдыргандардан мынча бер деп соодалашыш
жок. Өздөрү билип эле ийрилген жиптин бир суурумуна 25-30 сом
беришет. Кээде акчанын ордуна бир табак ун, курут, сүзмө алып келишет.
Кайненем ага деле кайыл. «ушул болсо да ырыскы» деп көздөрүнүн
шоросун агызып, үч бүгүлүп, олтуруп жасаган мээнети кайткандан бетер
жарпы жазыла түшөт. Саар-кеч суу алып келгени чакаларды көтөрүп алып, дарыяга
жөнөгөнүмдө гана сыз, караңгы үйдүн демди кыстыктырган абасынан
бошонуп жеңилдене дем алам. Калың түшкөн карга көмүлүп, сүткө
чайыгандай аппак жана таза дүйнө, бубактаган бак-дарактар, тапталган
жолдун бут алдымдан кычыраган тоңгологу, бети-колумду каарыган аяз
ойлорумду жарытып ийгенсийт. Зоока-таштары менен бирин-серин бадалдары гана чыбырала болуп көркүн бузбаса ак мрамордон
тургузулган ак сарайга окшоп Бекзоо тоосу бет алдымдан заңгырайт.
Карга көмүлүп жапыз боло түшкөнсүгөн үйлөрдүн моруларынан
чубалжыган түтүндөр бири-бирине кошулушуп, туманга окшоп каалгып
барып, анан көккө сиңип кетет. Айыл арасында баскан-турган аз. Бул
маалда аяздуу сууктан баары үйгө качышып, кыштын беймарал күнүн очок жанында өткөрүшөт. Эки чаканы дарыянын жээгине коюп, чет жакасын каптаган көк жалтыр
муздун алдынан шулдурап агып жаткан суунун дабышын тыңшаганды
жакшы көрөм. Кышында тоо суусу ансайын көк кашка тунук көрүнүп,
таштан-ташка урунуп, кайнагандай ак көбүктүү шарынан буу көтөрүлөт.
Капаста буулуккан сезимдерим бир аз жаңылана түшкөндөй көңүлүм
сергип, үйгө кайтышка шашпай, чакаларды кайра-кайра чайкап, чөмүч менен бириндетип сузуп толтуруп суу жээгинде көпкө кармалам.
Токтобой агып жаткан дарыянын агымын ээрчий карасам дилимди
дайыма өйүп жүргөн ой келет: «Мени алдыда эмне күтүп турар экен?»
Биротоло ушул турмушка турук алып калышка жүрөгүм ынабайт.
Жетерээме жете электигимди билдирген канаттуу ойлор алда-кайда алып
учат. Өзүм издеген бакытты кайдан издеп, кайсыл жолго түшөөрүмдү билбесем да белгисиз кусалык сүлүк курттай соруп, жанымды жай
алдырбайт.

#13 07 December 2013 - 01:42
Жашоомдун жаңы ой-кырына көнгүчөктү кыш да аяктап, калың кар
түбүнөн эрип бөксөрүп, күн жылымтык тартты. Сууктун мизинин кайтканы
дарыядан суу көтөрүп келатканымда жүзүм менен колдорумду
сайгылаштырып тоңдурбай калганынан байкалат. Тоонун кышы биринчи
айыл ичинен чегинип, анан өр таянарын байкадым. Короодо, бактын
ичинде ала чокул болуп эрип бараткан карды сүйүнө карайм. Айылдын топурак жолдору чалчыктап, ылай белчеден чыгат. Баары бир келаткан
жаз мага жакшылык алып келчүдөй купуя үмүткө делөөрүйм. – Эми үзүкчүлүк маал келет, – деп бушаймандана сүйлөнөт кайненем.
Жыртылган маасысын жамап, көрөңдөнүп олтуруп да ою ордунда эмес.
Шоона сапталган жообалдызды өчөшкөндөй булкуп тартам деп бармагын
тепчип алып кокуйлап берди. Жарыктык, ал да качандыр жазды өрөпкүп
тоскон учуру болду бекен?! Жамаачы салынган көйнөгүнөн бетер өңү
тозуп бараткан кемпирди тиктесем мен да жашоодон түңүлө түшөм. Балпайып балдарынын доорун сүрөр чагында көроокаттын убайымын
тартып, карып болгон ушундай карылыктан кудай сактасын. Күн өткөн
сайын 3-4 кап буудай турган бөлмөгө кирип-чыгып, бир кулагы Россияда
жүрүшкөн уул-келинине түрүлсө, экинчи кулагы Ошто картошканын баасы
канча экендигин тыңшап тынчы кетүүдө. Амал айы аяктап, күн узарып, эрте жаздын сары чубагынын ууз жыты
каптады. Кышы бою ным топтоп, балкылдап көөп турган жерди тээп
кылтыйып баш баккан көктөмдүн көгү тез эле өйдөлөнүп баратат. Оор
кыштан арык-торук чыккан маал талаадан көк кубалап оттоп, ирденип
калды. Бирок, жаз менен кошо айылды аралаган «имиш. имиш» кутубузду
учурат. «Элдин бары ороосун ачаар маал болуп, картошка кыштагыдан
да арзандап кетиптир. Чоңалай менен Ноокаттан жүктөп келишип,
базарды толтуруп салышыптыр», деп келип жатышты Ош, Карасуу жакка
баргандар Ага чейин чөл жактан камАЗ, «ЗИЛ» автоунаалар менен убай-
чубай келишкен алып сатарлар: «Дүңүнөн бизге саткыла кеч боло электе. Быйыл картошка көп, арзанчылык болот. Дагы түшөт баасы», – дешип үй
кыдырышып жүрүштү. Бул сөзгө ишенер-ишенбесин билишпесе да
айылдагылар шашылып калышты. Кээ бири кызыл кулактардын айткан
баасында өткөрүүгө аргасыз болушса, «Булар алдап жатышат» деп моюн
бербей, базарга өздөрү аттанышкандары да жок эмес. Назар да ороону
ачып, урукка делген майда картошкадан башкасын каптарга салып, таң заардан Карасууга жол тартты. Үч күндөн бери көзүбүз жол тарапта болуп Назарды күтөбүз. Ал кечиккен
сайын оюбуз ардемеге кетет. «Пул колго тийгенде ичип алды бекен…»
деп кайненем бир орунга олтура албайт. Бүгүн эрте менен таң жарып
келаткан үрүл-бүрүлдө намазын күндөгүдөн узакка окуганын байкадым.
Жайнамаздын чекесинде бутун куушуруп олтурган тепкедей кемпир
алакан жая күбүрөп-шыбырап, Алладан бала-чакасынын эсендигин, өмүрүнүн узундугун, жамандыктан калкалап, жакшылыктарга туш
кылышын, ырыскыдан өксүтпөсүн, азгырган жин шайтандын жолун
бөгөшүн кайра-кайра тиленип муңканып жатты. Өмүр бою жесирликтин таш-пишин тартып, эки уулун чоңойтом деп жанын
сабаса да мээнети кайтпай, карыган чагында да чекеси жылыбаган куу
турмушка кор болгон карып жаны дагы эле Кудайдын кайрымдуулугуна,
башына тартса этегине жетпеген бейоопа турмушта жетим-жесир, мискин-
карыпка мээр төгөр ырайымына ишенип, бар үмүтүн жеткирем деп алакан
жайып олтурат.

#14 07 December 2013 - 01:44
Өмүр бою жесирликтин таш-пишин тартып, эки уулун чоңойтом деп жанын
сабаса да мээнети кайтпай, карыган чагында да чекеси жылыбаган куу
турмушка кор болгон карып жаны дагы эле Кудайдын кайрымдуулугуна,
башына тартса этегине жетпеген бейоопа турмушта жетим-жесир, мискин-
карыпка мээр төгөр ырайымына ишенип, бар үмүтүн жеткирем деп алакан
жайып олтурат. Мен билген демейдеги тажаал, көржемечил кайненем жок. Момун
пендеге айланып, ичине батпаган арман-күйүтү көз жашына чыгып,
сүйөнөрү бир Жараткан болуп, чын ыкластан табынган үнүндөгү жумшак
кыраат, муңдуулук жанды көшүлтүп алдейлейт. Энемдин узакка созулган
дубасын жууркандын алдынан тыңшап жатып, өзүм жөнүндө ойлодум.
Менин таянар-жөлөнөрүм ким? Капкараңгы туңгуюктан кантип чыгуунун жолун таппай карайлап келатканымда кандайдыр бир улуу күч ушул
жарыгы жок жашоодон, чала тоют кунарсыз турмуштан куткарып
кетишине ишенгим келет. Кайненеме окшоп намазга жыгылып, дуба
кылганды билбесем да менин да Кудайдан башка ишенээрим жок.
Канткенде Көкө Теңирге жол табам? Эгер Ал бар болсо жетимсиреген
үнүмдү угуп, мээримин төгүп аяй бекен?! Терезе туштагы өрүктүн бутактарына түнөгөн парандалар таң менен кошо чукуранышып,
ойгонушуп, адегенде бириндеп, доош салышып, анан жапырт үн алыша
баштаганда төшөктөн суурулуп, сыртка чыктым. Кайненем дарыя жактан
келатыптыр. Мени көрүп: – Бетиңди тез жууп, камыр ачыт. Жети нан берип коелу, – деди. Анын бул
ырымын базарга кеткен баласынан көңүлү тынчыбай санаасы санга
бөлүнүп турганына жорудум. Май токоч бышырып, жакын арада
жашашкан коӊшуларды чакырдык. Алар чай ичишкенче базар жайын сөз
талаша сүйлөп жатышты. Аталаш кайнагамдын кемпири Сурма эненин
уккан кабары бардыгынан жаңы экен. – Бүгүн Табып акемдин уулу келиптир Оштон. Картошка өтпөй жатыптыр.
Чайкоочулар Чоңалайдан машине-машине кылып жүктөп келишип,
базарды толтуруп салышыптыр дейт. Дагы бир алыс жактан поюз менен
да келген имиш. – Быйыл сабиз менен пияз пул экен. Алды 20 сом. Начары 7-10 сомго
чыгыптыр. Өткөн жылы алар арзан болуп, эч ким албай, кабы менен
чиритип төгүшкөн. Ошого быйыл аз эгишип, баасы көтөрүлгөн тура. – Биз болсо картошка эгип көнүп калган экенбиз, Арзан-кымбат болгонуна
карабай жылда эгип жатабыз. – Деги буудай кымбаттай элек бекен? – Кайненем чочулай сурады. Ага
аялдардын ичинен бирөо жооп берди. – Жети сомго чыгыптыр. Дагы кымбаттайт. Буудай бышкыча дагы көп бар. Эми сөз буудайга өттү. – Күзүндө алган буудайыбызды кышы бою эле жеп койдук. Эми чалым
экөөбүздүн пенсиябыз унга зорго жетип жатат. – Каримдин баласы кечээ Оштон апа-атасына эки чыпта ун алып келип
берди. – И-и, оңуп калышкан турбайбы нанды кеңири жешип. Алар да көп
бүлөлүү. Ошол баласы карамдуу чыкты, бечара. Баары ундуу болгон үй-бүлөгө суктанышкандай чайды үндөбөй ууртап
калышты. Аларга чай куйганча эки кап уну бар үй-бүлө бир айга болсо да
бактылуу экенин ойлодум. Кара курсактын камы, ачкадан өлбөгөндөй
тиричилик... Бул араңжан күн өткөрүүдөн башка да жашоонун бөлөк
кыйыры, жыргалы барбы? Назар бир аптадан кийин келди. Зым менен чырмап алган каптарды кире
беришке ыргытып коюп, бутун чечип үйгө киргиче баарыбыз жетине албай
шынаарлап жүрдүк. – Ии, белиң бош окшойт, – деди кайненем ындыны өчүп. Назар түнөргөнү жазылбай, колундагы баштыкты апасына карматты. Аны
шашыла оодарган кайненем балдарга бир уучтан момпосуй, пряник
бергенден кийин: – Калганы күрүч, туз, чай экен, – деп оозун бууп сандыгына салганы
алып жөнөдү. Күйөөм алдына нан менен ысык чай койгондон кийин гана маанайы пас
чолуп-чолуп күңкүлдөп сүйлөп базар жайын айтты. Карасуунун дүн
базарында картошка жыйылып кеткенин, мурда машинеден түшүрө электе
колдон талашчу алып сатарлар эми четинен тандашып, ит арзанга
баалашканына чыдабай өзү олтуруп бир аптада зорго сатып түгөткөнүн
түшүндүк.

#15 07 December 2013 - 01:46
Койнунан бет аарчыга оролгон тутам акчаны апасына алып чыгып
карматты эле кайненем аны санаганча шашты. Эскирген, кирдеген майда
акчаларды титиреген туурук манжалары менен бириндетип санап бүткүчө
баарыбыз демибизди ичибизге алып, көзүбүз өтө тиктеп турдук. Кайненем
аягына чыккандан кийин ишенбегендей кайра башынан түшүп эсептеп
кирди. Өңүнө көлөкө түшүп, бырыштары кат-кат көбөйүп, нуру качып баратат. – Ушул элеби? – деди уулуна эки анжы тиктеп. – Ушул болбогондо калганын катып алды дейсизби?! Ичпей-жебей, бир
байпак албай алып келдим. Көптөн көткөн үмүтүбүз таш капканына зээнибиз кейип, мостоюп калган
бизди көрүп ызалангандай дагы корс этти: «Жарым пулуна болсо да
эптеп сатып келгениме кудайга шүгүр дегиле. Элдер чиритип кабы менен
төгүп жатышат». Анан ачуусун токтото албай кабагы түйүлгөн бойдон
сыртка чыгып кетти. «Эми ичет» деп ойлодум. Сууга барганы чакаларды алып артынан чыксам чын эле шылкыйып
«комоктор» жакка кетпаратат. Башы эңилип, буту-колун жаны жоктой бош
таштап илкип бараткан күйөөмдү карап туруп биринчи жолу аяп кеттим.
Ташты омкорор каруу-күчү бар эркектин ишсиз жүргөнү курусун.
Бекерчиликтин ичтен жемирип жеген санаасына уйпаланып жүдөп жүрөт.
Анын үстүнө өзү курактуу жигиттер айылда аз эле калыптыр. Баары Россия, Казакстан бери дегенде Бишкекте соодада, курулушта, же
тамекиде иштешет экен. Алардын кээ бири айылга айлап-жылдап бир келип калышса, Назарды
издешип, биздин үйгө да тийип өтүшөт. Чет элдик машинелери жаркырап,
кундуз тебетейлерин кайкалатыша кийишкен, дубленка же тери тончон
«коммерсанттар» Меккеден кайтышкандан бетер эрдемсишип, сооданын
не бир шумдук «миң бир түн» жомокторун айтып олтурушса ооз ачылат.
Аялдарынын ар бир салаасында алтын шакек, моюндарынла «трост». Кулактарына да алтынлы кош-коштоп илип алышкан. Дастарконго кара нандан башка эч нерсе кое албаганыма арданып турган
жаным аяштарымдын өйдөсүнгөн текебер көз караштарына тымызын
ызаланам. Билдирбейин дегеним менен аларга теңата болуп мактана
турган эмнем бар. Назардын да жылдызы түшүп, ичинен кичирейип
турганы сезилет. Экөөбүз чакырылбай келишкен досторду көп деле сүйө
бербей, сөздөрүн угушка да куштарлыгыбыз жок. Куру сыпайыгерчилик менен коштомуш болобуз. Алар кеткенден кийин күйөөм да коммерцияга
бара турган болуп оолугуп калат. Антсе энем асман-айга түйүлүп тыя
кетет: «Сен шүк отур! Акеңдин талаада жүргөнү жетет! Мен өлсөм да
топурак сала турган бирөө болсун колумда. Менин пенсиям менен жашап
турарбыз, анан да кудайдын айтканы болор. ..» Мен ойлогондой эле ошол күнү Назар үйгө мас болуп кеч кайтты.
Кайненем эчак жатып алса да аркы-беркини ойлоп, уулунан кам
санагандай, уктай электиги байкалат. Мен чыракты өчүрбөй күйөөмдү
күтүп олтурдум. Биз бирге жашагандан бери көңүлүн алайын дегеним да
ушул. Нике кайып баш кошкондон кийин аяй турганы менмин да деген
ойго багындым. Кесеге куюлган оокатты печкенин табына кармап, дастарконумду
белендеп жайып койгом. Сырттан дабышы угулганда алдынан утурлап,
жылуу жүз менен эшик ачтым. «Кечиктиң го?» – дедим наздана
жылмайып. Үтүрөйүп келаткан Назардын жүзү өзгөрүп алдастай түштү.
Менин бул мамилеме ишенип-ишенбеген тейде үйгө кандай киргенин да
байкаган жок. Колдору өзүнөн өзү сунулуп мага умтулуп баратат. Уулунун келгенин билдиби, ушу тапта кайненем жаткан жеринен
оодарылып, акырын жөтөлүп койду. Назардын төшүнөн түртүп, боюмду
тартып алсам да астейдил илбериңкилик менен алдына оокат коюп,
демдеген чайымды кош колдоп сунуп жароокерлендим. Көңүлү чөгүп
турганда жакын адамыңдын жан тартканынан өтөөр эмне бар. Аны
аяганымдан үйрүлүп түшүп жатканымды Назар да түшүндү. Кызымтал кезинде кимгедир ызырынып сөгүнө берчү адатын бүгүн унуткандай
момурап олтуруп тамагын ичти. Мастыгы аралаш кумарлуу көз караш
менен кайра-кайра тиктеп коет.

#16 07 December 2013 - 01:47
Төшөккө жатканыбыздан кийин Назар мени кучагына ала кулагыма
шыбырады: «Сага атыр алып келдим эле, ме, куюнуп алчы?..» Кичинекей
кооз флакон мупмуздак болуп алаканыма тийгенде көкүрөгүмө басып
өрөпкүй түштүм. Жыттуу атыр кайсыл аялды куштарлантып, эңги-деңги
кылбасын. Анын үстүнө биз үйлөнгөндөн бери мага атап белек бергени да
ушул. Ага ыраазылыгымды мойнуна колдорумду ороп, ысык сүйүшүм менен билдирдим. Бул түн менин эт-жүрөктү элжиреткен назик
сезимимди ойготту. Аялдын делебесин козгош үчүн эң биринчи жүрөгүн
жылытыш керек тура. Кайненем менен балдар жаткан тар бөлмөдө дем
алуудан кысынсак да от-жалын чулгаган денелерибиз кыналышып, үн-
сөзсүз өпкүлөшүп жаттык.
шыбырады: «Сага атыр алып келдим эле, ме, куюнуп алчы?..» Кичинекей
кооз флакон мупмуздак болуп алаканыма тийгенде көкүрөгүмө басып
өрөпкүй түштүм. Жыттуу атыр кайсыл аялды куштарлантып, эңги-деңги
кылбасын. Анын үстүнө биз үйлөнгөндөн бери мага атап белек бергени да
ушул. Ага ыраазылыгымды мойнуна колдорумду ороп, ысык сүйүшүм менен билдирдим. Бул түн менин эт-жүрөктү элжиреткен назик
сезимимди ойготту. Аялдын делебесин козгош үчүн эң биринчи жүрөгүн
жылытыш керек тура. Кайненем менен балдар жаткан тар бөлмөдө дем
алуудан кысынсак да от-жалын чулгаган денелерибиз кыналышып, үн-
сөзсүз өпкүлөшүп жаттык.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#17 07 December 2013 - 01:48
Картошканын уругун апрелди ортолотуп жерге көмдүк эле, май айынын
аягында эле топурак жарып чыгып, бат эле жалбырак жайып түптөлүп
баратат. Өткөн жылы арзанчылык болсо, быйыл баасы кымбаттайт деген
болжол менен үлүш жердин бардыгына картошка эктик. «Голландиялык
сорт экен, кеседей чоң-чоң болот имиш. Күзгү түшүмгө насыяга берип
жатыптыр», – деп Назар бир чыпта алып келген урукту да өзүнчө жерге олтургуздук. «Эгээрин эктик. Эми түшүмү кароодон болот. Кетмен тийген
сайын өсөт» – деп кайненем жан үрөйт. Биринчи чабык башталганда биз
менен кошо талаага барып, «андай чап, мындай чап» деп тескей берип
уулунан да кагуу жеди. Кадыр менен Азим отоо чөптөрдү жулуп беришсе,
Назар экөөбүз түбүн жумшартып жаттык. Жазында ушул жердин баарын күрөк менен басып чыкканыбызда бир
сыйра канталап, анан берч болуп катып калган алакандарым кетмендин
сабына өйкөлүп кайрадан сыздатып ачыштырат. Бул дартымды кимге
айтат элем. Жаман көрүнбөйүн деп тиштене чыдап, баш көтөрбөй кетмен
шилтейм. Ошентсем да Назар оюнубу, же чыныбы: – Иш кылганды билбейт экенсиң, – деп мага тырчыйт. – Карачы, – дейт коңшу үйдүн күрс марс келинин көрсөтүп, – Күйөөсү
төрдө эле жатат кыймылдабай, катын деген ошондой болсо… – Шаардык «ак колго» калып сага эле кыйын иш болгон экен… Дагы эле
кеч эмес. Сиңди-пиңдиси жок бекен, сурап көрбөйсүңбү… Назар какшыгыма териккендей кетменин ыргытып ийип, «комоктор» жакка
басып кетти. Эми ошол бойдон кечке жоголуп, ичип келет. Арак ичине
киргенден кийин ага сөз айтып болбойт. Мен түгүл энеси да кулагын
жапырып, алдап-соолап талаадан кетирип ийиштин амалын кылат. Иш башталганда кайненем сандыкка каткан май курутун алып-чыгып,
ичкен жегенибиз түзүгүрөөк боло баштады. Эзилген курутка сары май,
жупка салып берет ток кармайт деп. Пенсиясы тийген күнү дүкөндөн
күрүч да сатып келип, аш демдеп да жедик. Бирок, эми менин тамакка көөнүм чапай, ачуу кермек даам көкүрөгүмдү
кыжылдатып, кыйналып жүрөм. Жаным жер тартып, көздөрүм
караңгылашат. «Бул эмнеси?» – деп адегенде чочулап, бирок ич дартым
ичимде болуп, эч кимге айткан жокмун. Айтсам деле бапестей турган ким
бар. Бир күнү кечки тамакты бышырып, казанды отко чыгарарым менен
эшикке шашыла чыгып окшуп жатсам кайненем көрүп койду. «Ий, боюӊда барбы?» десе чочуп кетип, дендароо боло түштүм. «Балалуу боломбу?»
Бул кабарга сүйүнөрүмдү билбедим. Перзент төрөп, аны багуу али
кыялыма келелек. Бирок, ошол күндөн тартып ичимдеги баланы ойлой
баштадым. Картошканын экинчи чабыгы чөп бышкан маалга туш келди. Күйөөм
тоодогу үлүш жердин чөбүн оргону Азимди кошо алып кетип, оорчулук
жалгыз өзүмө түштү. Жамгыр өз убагында жаап, маалында суу ичкенгеби,
же голландиялык сорттонбу, сабагы өскүлөң болуп, бутка оролошуп,
чабыш да кыйын экен. Жөөк ала турган да убак болуптур. Кетмендин
сабын кыска кармап, түбүнөн кертип албайын деп, эки бүгүлүп иштеп жатып, жонумдан тер кетип, белим сыздайт. Жалгыз адамдыкы арбыбай,
жарымы да чабыла элек талааны карасам жүрөгүмдүн үшүн алат. Эки-үч
күндөн кийин буттарым шишип, колдорумдун каруусу калбай калыптыр.
Денем да кызып, башым лукулдап ооруп чыкты. Тамандарым ысып-күйүп
сыздаганда галошту чечип алып жылаңайлак жүрдүм. Иштин аягына
кантип чыкканымды билбейм, бирок, эки күн мурда башталган ысытма мени алып жыкты. Акыркы жөөк түгөнгөндө огороддун четине кулап
түшүпмүн. Үйгө көтөрүп келишип, төшөккө жаткырышканда денем
өзүмдүкү болбой абада каалгып, аңга-дөңгө урунуп, будуң-чаңдын
арасында чабалактап бараттым…

#18 07 December 2013 - 01:50
«Күн өтүп кеткен окшойт» деп кайненем улам төбөмө суу чүпүрөк тартып,
карандай кордо ичирип, эки-үч күн жаткандан кийин кайра тириликке
аралаштым. Ичим күндөн-күнгө чоноюп баратат. Жүрөк алдымдагы бала
тез-тез кыймылдап, чирене тээп койгон сайын энелик жылуу сезим боюма
тарайт. Кандай күндө калсам да перзентимди эч качан таштап кетпейм,
бул жарык дүйнөдө аны бактылуу кылуу үчүн бардыгына кайылмын деп чыйралам. Сурма эне көргөн жерден боор толгоп: «Качан жентек жейбиз?
Аман-эсен төрөп алчы?» – деп көңүлүмдү кушбак кылып коет. Андан
башка менин төрөлө турган балам эч кимди кызыктыра элек. Назар
экөөбүз бул жөнүндө сүйлөшкөн да жокпуз. Тун наристем сүймөнчүксүз
болуп жарык дүйнөгө келерине ичимден сыздайм. Август айынын аякташы менен кошо күн да салкындап, күздүн мелүүн
илеби сезиле баштады. Эрте-кеч кадимкидей чыкыроон суук ичиркентет.
Чөбү орулган, эгин жыйналган аңыздар эчак эле саргайып, тоолордун
жылга –жыбыттарынын жашыл майсаны жаңыдан кыярып келатат. Алма-
өрүк, картошка бышкан коңур күздүн бышыкчылыгына жеттик. Картошканы казууну баштар күнү кайненем таң эртелеп май токоч
бышырып, баарыбыз ортого коюп жегенибизден кийин куран окуп, дуба
кылды да: «Эми ишке түшкүлө, бир жума катуу иш болот», – деди. Быйылкы жайда аба-ырайы жакшы болуп тургандыктан картошка
түшүмдүү болуптур. Бир түптөн он-он беш баш чыгып жатты. Адегенде
саргайып куурап калган сабактарын бир сыйра оруп алгандан кийин Назар
экөөлөп каза баштадык. Кадыр менен Азим топурак менен кошо жайнап
калган картошкаларды теришип, талаанын четине үймөк кылып үйүшөт.
Кайненем анын жанында олтуруп алып чоң-кичинесин, таза-чиригин бөлүп, каптарга салып жатат. Кичинекей Кенжеге да иш табылды.
Артыбыздан калбай бутубузга чалышып, жаңы түшүмдөн түрдүү
фигураларды таап, аны ар нерсеге окшоштурат. – Мынабул атам, бул болсо апам, – деп адамдын башына окшош эки
картошканы кечке кучагынан түшүрбөй жүрдү. Анын сөзүнө ишенгенден
бетер Азим менен Кадыр да карындашынан талаша кетишип, ыйлатып
алышты. Кенженин сөзү кусалыктарын козгоду окшойт, ата-энелерин
кечке эстей беришти. Кадыр газетадан калпак жасап кийип алса, үкөсү
«Атамдын калпагына окшош экен» – деп жашылданган көздөрү менен кайра-кайра тиктейт. Анан да үчөөнүн калпак жөнүндө сөздөрү көпкө
чейин басылбады: – Атам калпакты минтип көзүнө түшүрүп кийет эле… – Саарлап мал караганда калпак кийчү… – Түнү суук болгондо да чечпей жатат эле. Бири-биринен сөз талаша эскеришкен сайын үндөрү букка толуп чыгат.
Мен аларды кантип жубатарымды билбей жүрөгүм эзилип турса, Назар
«корс» этип бир тийди: «Эй! Атаң-патанарды урайын силердин! Үндөбөй
тез-тез иштегиле! ». Эркектердин бары эле ушундай таш боор болобу деп
көңүлүм сууп ойлодум. Кечинде кайненем сорттоп салып койгон каптарды ташып, ороого төгүп
жаттык. Жык салынгандарды Назар көтөрөт. Чаканыраактарын Азим
экөөбүз колдошуп алып барабыз. Анын эртеси ичим ооруп, баланын
туйлап кыймылдаганы күчөп калыптыр. Кайненеме айтсам «иштен качып,
арамзалык кылып жатат» дейби деп, дагы кечке кетмен чапканымды
токтотподум. Күн батаарда киндигимдин ылдый жагы кескендей болуп, тызылдатып ачышып, суу кете баштаганда бир нерсе болгонун түшүндүм.
«Кичине козголуп калса керек, үйгө барып кыймылдабай жат», – деп
кайненем үйгө жөнөттү. Үйгө келип да тынч алып жаталбадым. Картошка
казгандар түнү чарчап келерин ойлоп, эшик-эликтеги ишти бүтүрүп,
кыбырап жүрөм. Ичим толгоодой бурап ооруп киргенде суу кетип, анан
кыйлага басыла түшөт. Күндүзү удургуп, туйлаган балам бара-бара тынчып, бар-жоктугу билинбей баратат.

#19 07 December 2013 - 01:50
Ошол түнү уктадымбы уктабадымбы билбейм. Мени менен кошо
баламдын жаны ооруп жатат го деп, алакандарымды ичиме төшөп,
колдорумдан өткөн жылуулук мээримим менен кыйналганын
жеңилдетким келет. Мындайда айсыз караңгы түндүн узактыгы ай.
Шүйкүмү бузулгандай демди кыстыктырып, көңүлгө капсалаң салат. Бир
чети жанымда эч нерсени туйбай коңурукту кош салып уктаган күйөөмө капа болуп, ичимден ансайын сыздайм. Жан күйөөр жалгыз адамым таң
аткыча онтологонума бир жолу да түйшөлгөн жок. Таӊ атканда кайненем менин өң-алеттен кетип турганымды көрсө да,
«бала түшсө, алигиче түшүп калат эле, кетмен чапканыңа күч келип,
ооруксунуп калса керек. Эми кудайга аманат», деп коюп, талаага
жөнөштү. Ичимден суу кеткени токтоп калса да түйүлүп ооруганы
ансайын күчөдү. Кыймылдаарга алым жок төшөктө кечке соолуп жаттым. Картошка казгандар дагы кеч келишти. Аларга зорго чай берип коюп,
кайрадан төшөккө жыгылдым. Эми көөдөнүмө аба жетпей, демим
кыстыгып, көздөрүм капкараңгы. Ысытмам көтөрүлүп, денем от менен
жалын болуп күйөт. Менин түрүмдөн коркуштубу, Сурма энени
чакыртышты. Кексе кемпир көргөндө эле: «Тез догдурга алпаргыла! » –
деп өңү корккондой түктүйө түштү. Түнү кайдагы машине болсун. Айылдагы фельдшерди үйүнөн чакырып келишсе, ал да «райондук
ооруканага алып барыш керек» деп ийне сайып кайра кетти. Эртеси
саарлап мени машинеге көтөрүп салышты. Райондун төрөт үйүндө
догдурлардын карбаластап шашылышканынан «Өз убагында эле алып
келбейсиңерби! » деп күйөөмдү жер-жебирине жеткирип урушканынан,
мени аялуу тиктешкенинен абалым өтө оор экенин сезип турам. «Өлсөм балам менен бирге өлөйүн, тирүү калсам балам менен калайын» деп гана
тиледим. Мени операция столуна жаткырышып, наркоз берерде хирург аял:
«Биринчи балаң беле?» – деп муңайым сурап, «ооба» деп баш
ийкегенимде кабагы бүркөлө түштү. Эмне болгонун ушул аял билсе керек
деп, жүзүнө суроолуу тиктесем «Эми кайраттанып, өзүңдү бек карман», –
деп койду. Өзү да алда-неге кооптуу тейде эриндерин кырча
тиштегилейт.

#20 09 December 2013 - 01:06
Гаухардын сөзү үзүлүп, кайра улоого күч тапкыча үн-сөзсүз олтуруп
калдык. Мен туруп барып терезенин айнектерин ачып жибердим.
Терезенин тушунда конуп олтурган ача куйрук чабалекейдин жубу
анжирдин жалбырактарын шатырата силкинтип учуп кетишти. «Чочутуп
жибердим окшойт» деп өкүнө түштүм. «Чабалекейлер ырыстуу үйдү
уялайт» деп коюшкандыктанбы, ушул кушту жакшы көрөм. Үйгө чейин куушуп кирип келсе да кубалабай тим коебуз. Алардын жеңил канат
кагып, зыпылдап учканын ээрчий тиктеп асманга көзүм түштү. Эрте менен
эле ачык эле, азыр жукалаң боз булуттар жыш чүмкөп алыптыр. Ай
жаӊыргандан бери жаан токтой элек. Айдын пешинен эмес бешинен корк
деген лакап бекер айтылбайт тура. Узак кыштан кийин дене-боюбуз
жазылып ысый элекпиз. Жайдын күйгүзгөн аптабын сагынып жүрөбүз. Бирок, Гаухардын азыр жүрөгү сыздап-күйүп турат деп ойлодум.
Муздаткычта турган балмуздактан тарелкага салып алдына койдум: – Жегин, жүрөгүң муздай түшөт. – Рахмат. Экөөбүз балмуздакты жеп бүтүргөнчө үндөгөн жокпуз. Бошогон
тарелкаларды ашканага алып барып жуугандан кийин кайра жанына келип
олтурдум: – Балаң эмне болгон экен? *** Ичимде 5-6 айлык болуп калган түйүлдүк суу кеткенде эле тумчугуп
өлүп, антип-минтип ооруканага жеткиче ирип бүтүптүр. Өзүм
догдурлардын күчүнөн эле аман калыптырмын. Бирок операциядан тирүү
чыкканыма кийин аябай өкүндүм. Ургаачы адам үчүн төрөт үйүндө тун
баласынан, аны менен кошо энелик алгачкы сезиминен, үмүт-
тилектеринен кошо ажырагандан ачуу бактысыздык болбосо керек… Төрөт үйүнүн жандандыруучу бөлүмүндө кесерово болуп төрөшкөн
аялдар менен 2-3 күн жаттым. Алардын энелик бактысын көрүү мага азап
болду. Жаӊы төрөлгөн ымыркайларды апаларына эмизгени алып
келишкенде ичимден кан өтөт. Өзүм теңдүү эле келиндердин күйөөлөрү
терезенин түбүнөн кетишпей, «айнектен эле бир көрсөтүп койчу?! Мага
окшош бекен?!», – дешип жетине алышпай зарыгып, суранышса туулбай жатып жок болгон чүрпөмдүн кайгысына чыдабай, башымды төшөккө ката
эч кимге угузбай өксүп ыйлайм. Жарык дүйнөгө келер баланы зор
кубаныч менен каалап күткөн үй-бүлөсү барлар кандай бактылуу. А мен
болсо күйүтүмдү бөлүшөр, жан күйөр адамым жок басынам. Он күндөн кийин дарылануум бүтсө да акысын төлөй албай, төрөт үйдө
дагы бир жумача кармалдым. Назар мен баш көтөргөндөн кийин «акча
таап келейин», – деп айылга кеткенден бери дайынсыз. Андан бир күндөн
кийин кайненем менен Сурма эне келип кабар алышкан. Ошодон бери
артымдан издеп келген эч ким жок. Акыры «бир жуманын ичинде келип
төлөп кетем» тил кат жазып, паспортумду кошо таштап, ооруканадан чыктым. Мында бир өксүдүм. Мени үйдө тосуп алып, кубанаар адам
барбы? Бир оюм ушул бойдон айылга барбай эле кой дейт. Бирок, оор
операциядан кийин өзүмө жакшы келе албай зорго басып жүрсөм,
каралашар эч кимим болбосо, кантип күн көрөм. Ошентип, кайрадан
аргасыз үйдү карай тарттым.

Супер-Инфо
super.kg
видео