Суперстан: Таасирлүү окуялар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор

#141 Пользователь офлайн   HADICHA94   10 Декабрь 2013 - 16:15

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 01 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 22 Янв 2018 13:35

Бир куну Аллахтын буйругу менен эки периште жерге тушуп киши кейпинде Аллахтын пенделерин сынаганы уйлорду кыдырышат экен. Анан тун кирип калганда бир байдын уйуно келишет. Бай жини келип жарым тундо булар эмне деген самтыраган немелер сарайга жаткыр дейт экен аялына. Аялы тамактарын катып, кыйкырынып бир карандай чайын аран берип жаман тошогун берип сарайга жаткыла деп уйуно кирип кетет. Периштелер эптеп кир сарайга аран кирип жаталы десе сарайында тешикти корот. Анан улуу периште тешикти бутоп коет. Эртеси кетип дагы кыдырып журуп тун кирип ,бир кедей кембагал аялы менен жашаган уйго келишет. Алар коерго ашы жок. Уйундогу жалгыз тоогун союп коноктоп уйундо бир эле болмо болгон учун тошогу жогунан оздору жаткан ордуна экоону жаткырып озлору сарайга жатышат. Эртеси ойгонсо эле жалгыз уйу олуп, ыйлап жаткан киши менен аялды коруп, кичине периште улуу периштеден сурайт сиз эмне учун байлар бизге жаман мамиле кылсада сарайынын тешигин жамап койдунарда, эмне учун бизди болгон жакшысын берип сыйлаган кедейлердин уйун олтуруп салдынар деп сурайт. Анда улуу периште ээ сен коргон нерселер ойлогонундай эмес. Байдын сарайынын тубундо алтын бар экен аны мен бутоп салдым. Кедейдин тошогундо жатсам жан алгыч периште келиптир, куйоосунун жанын алганы ,мен анын уйунун жанын ала тур дегем деп жооп бериптир.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#142 Пользователь офлайн   youngyoung   10 Декабрь 2013 - 16:58

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 74
  • Катталган: 30 Август 11
  • Соңку аракети: 10 Июн 2017 12:08
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Ala-archa (03 Август 2013 - 17:03) жазган:

Чакырылбаган конок (түшүнгөн адам түшүнөт)

Жакында үйүмө чакырылбаган бир конок келди.
- Тоскоол болбоймунбу?
- Сен тоскоол болбой турган учур да болмок беле?
- Ырас, менин келгениме эч ким кубанбайт, - деди менин коногум, - бирок айла жок, өзүм эшик чертип: «Убакыт келди! Экөөңдүн бирөөңдү: же сени, же аялыңды алып кетишим керек. Өзүң танда», - деп айтууга туура келет.
- Кулак салчы, өлүм, - дедим мен. Аялы үчүн өз өмүрүн бербеген күйөө болмок беле. Эч ким өлгүсү келбейт дечи, бирок мен аялымды сүйөм, экөөбүздүн бирөөбүздү сөзсүз алып кетишиң керек болсо, анда мени алып кет, аялым өмүргө тое элек, жашоодон кубаныч ала турсун.
- Сен ойлонбой сүйлөп жатасың, - деп каршы чыкты менин коногум, - тандоо оңой эмес. Өлгөн адам үчүн жеңил. Ал жердеги түйшүктөн кутулат. Бүгүн сага убайым жедирген: жашоо үчүн күрөш, кошуналарың менен болгон талаш-тартыштар, карыздар, карылыктан коркуу, кандай болуп кетет деп чогултуп койгон акчаңдын жетер-жетпесин ойлоп сары санаа болуу, жетекчинин көңүлүнө жагуу, коллегаларың менен болгон проблемалар, ушунун баары артта калат. Өлгөн адамга дайыма жакшы. Ал үйүнүн сыртындагы ызылдаган бурганактуу бороонду укпайт, жерди каптаган ташкынды көрбөйт, кайгылуу кабар алып келчү кат да аны капалантпайт, бут кийими бутун кысып оорутпайт, тиши ооруп кыйналбайт, ал толук эс алып бүт түйшүктөрүн унутат.
- Бул сенин оюң, - дедим мен. – Алып кете турган адамдарыңды сооротуу сенин милдетиң эмеспи. Бирок өзүмдү мисалга ала турган болсом, жүрөгүмдө коркунучка караганда үмүтүм күчтүү. Арам оюм жок эле андан мурун кетким келет, анткени мен аны сүйөм, анын жерде дагы жашай турушун каалайм.
Өлүм мени тигиле көпкө карап турду. Бир маалда анын жүзүнөн жакшылыктын жылуу учкуну жылт эте түштү.
- Сен аялыңды сүйөсүң. Мына ошондуктан чечим чыгарардан мурун жакшылап ойлонсоң болмок. Ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөсүңөр, отуз жылдан бери чогуу жашап, бири-бириңерге жардам берүүгө даярсыңар. Бардык нерсени тең бөлүшөсүңөр. Ошондуктан көз жумганына караганда, тирүү калган жубайына дайыма оорураак болот. Сен мага ишенбей турасыңбы? Аялыңдын андан аркы жашоосу кандай болорун элестетип көрчү. Анын жүрөгү талкаланган. Ал жашай берет дечи, бирок мурда экөөлөп көтөргөн түйшүктөрүңөрдүн баары эми жалгыз анын мойнуна түшөт. Сен жанында болбогондуктан, анын жашоосу оорлойт. Ал азиз адамдай болуп, ар бир ташка мүдүрүлөт. Анткени сен анын жолунан ташты алып кое албайсың. Анын көз жашын эч ким аарчыбайт. Сейилдеп жүргөндө, ар бир ырды укканда, сени эстеп, анын жүрөгү эзилет. Ал тургай, жалгыз өзү үчүн дасторкон жайганда, сен кармаган кашык да анын жүрөгүн жаралайт. Ал жалгыз калат. Сенин досторуң аны таштап кетишет, анткени алар жалгыз калган түгөйгө кандай мамиле кылууну билишпейт. Ага барбаш үчүн орундуу себептерди издеп, актанышат. Майрам күндөрү бул сөздөрдүн ага кандай катуу тиерин ойлонбой туруп, «Майрамды жакшы тос» - деп, каалоолорун айтышар. Сенин аялың чыкылдаган саатты тиктеп,отургучта жалгыз отурат. Үйгө эч ким: сен да, мурдагыдай сени сурап келип калчу башка бирөө да келбейт. Ал эринин бек кымтып, жалгыз отурат. Сага кыла албаган жакшылыктарын, аял кылып алгандыгың үчүн, жакшы күйөө болгондугуң үчүн сага бир да жолу ыраазычылык билдирбегенин эстейт. Айтылбай калган сүйүү сөздөрү үчүн өкүнөт, көңүлү чөгөт. Ал сени күттүргөн баягы мүнөттөр үчүн ачууланат, анткени азыркы мүнөттөрдү текке кеткен сан жеткис мүнөттөрдөй кабыл алат... Акылынан адашып, ал өзү менен өзү атүгүл үстөл менен, отургуч менен сүйлөшө баштайт,анткени жүрөгүндөгүнү башка кимге төкмөк эле. Ал төшөгүнөн да тургусу келбей калат, анткени аны күткөн, ага муктаж болгон эч ким жок.
- Айтчы, сен чын эле аны ушундай кыйноого салып таштап кеткиң келеби? Мен өлүмдүн колун кармай калып:
- Жок! – деп кыйкырып жибердим. – Ал минтип жашабашы керек. Мен аны өзүмдөн артык сүйөм. Андан көрө, ошондой абалда мен жашайын, аны алып кет. Ал үстүнкү кабатта уктап жатат, ал бүгүн аябай чарчады.Ойготпой, акырын алып кет, Кудайдын даңкына чулганганда гана көзүн ачсын. Ага чейин ойготуп жибербе, болбосо ал мени ойлоп кабатырланат. Өлүм убада бергенин билдире башын ийкеп, тепкич менен өйдө жөнөдү.
- Жок! – деп кыйкырдым мен кайра. – Ага тийбе! Же мени ал! Мындан ары анын үнүн, үйдө нары-бери баскан дыбышын, эртең мененки тамакты даярдап жатып идиштерди калдыратканын укпай кантип чыдайм. Дасторконго жалгыз отуруп, ансыз тамак иче албайм, анын демин укпай төшөктө жалгыз жата албайм. Бул дүйнөдө ал жок болсо, мен кантип кубанмак элем. Бөлмөдөгү ал отурган орундук бош калат, ал илип койгон чапанын кийбейт, эшиктеги жума сайын тазалачу тактайча да тазаланбай калат. Тирүү кезинде үтүктөп койгон көйнөгүм,шымым, сыйынуу үйүндөгү экөөбүз чогуу отурган орундук... Ушунун баарын кантип көтөрөм? Канча нерсени кылбай калганымды ойлой берип, акылымдан адашып каламбы деп корком. Канчалаган жагымдуу сөздөрдү айтпай калдым, канчалаган жакшылыкты кылган жокмун. Аны менен сүйлөшүп отургандын ордуна эмне үчүн газета окуп отуруп алдым экен! Аны эмнеге карап отурбадым экен, ал абдан сулуу эмес беле!Ал мага жакчу, бирок акыркы жылдары бул жөнүндө ага бир да жолу айткан эмесмин!“Жанымда жүргөнүңө ырахмат, мага турмушка чыкканыңа ырахмат, сени биринчи сүйгөндөгүдөй, азыр да сүйө алам, ырахмат!”, - деп, ага эмне үчүн бир да жолу айтпадым экен. Мага өз өмүрүн арнаганы үчүн, мага чыдаганы үчүн, мени дайыма жылуу караган көз карашы үчүн, жүрөгүнүн тереңинен чыккан жылмаюусу үчүн бир да жолу ыраазычылык келтирген жокмун. Өмүр бою эч ойлонбой туруп айткан “менин аялым” деген сөз бардык тилдердеги эң сонун сөз экенин азыр билип жатам. Сен аны алып кетерден мурун, мага дагы үч күн, бир эле жума убакыт берчи. Мен кетирген мүчүлүштүктөрүмдү оңдоп алайын.
Ошондо өлүм тепкичтен түшүп, босогого келди.
- Мен китебимди карасам, үй номерин алмаштырып алыптырмын. Силер менин китебимде бир нече беттен кийин жазылыптырсыңар. .. Айып көрбө, досум. Анан айтар кеңешим: мен экинчи жолу келгенче, убактыңды текке кетирбе. Анткени мен келгенде, отуз жылдын аралыгында кетирген кемчиликтериңди оңдогонго сага үч күн эмес, үч мүнөт да бербейм.

Сонун! Филасофиялык мааниси ото терен.... Ыйлагым келип кетти, эмнеге бир да жолу ыраазычылык билдирип, кобуроок сыйлап койбодум экен козу отуп кеткен жакын адамдарымды...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#143 Пользователь офлайн   dinajanka   10 Декабрь 2013 - 17:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Мааш Аллах...
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#144 Пользователь офлайн   lazygirl   10 Декабрь 2013 - 18:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 313
  • Катталган: 13 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 07 Фев 2022 14:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Көңүлдүн көчөлөрү...

Аябай таасирдүү го баары.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#145 Пользователь офлайн   toretto94   11 Декабрь 2013 - 03:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 08 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 29 Сен 2015 21:08
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения youngyoung (10 Декабрь 2013 - 16:58) жазган:

Сонун! Филасофиялык мааниси ото терен.... Ыйлагым келип кетти, эмнеге бир да жолу ыраазычылык билдирип, кобуроок сыйлап койбодум экен козу отуп кеткен жакын адамдарымды. ..
СүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт СүрөтСүрөтСүрөтСүрөтСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#146 Пользователь офлайн   lo_ove_allaha   12 Декабрь 2013 - 06:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 199
  • Катталган: 08 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 13 Фев 2022 00:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан г. Бишкек

Бир кедей киши отун терип аран жашап, жургон болот. Анан кемпири акча таап кел дейт. Токойду аралап, кайгылуу отун терип, журсо периште гилемде учуп жургон болот. Анан периштеден жардам сурайт. Периште кедейга акча берип учуп кетет. Кедей суйунуп суудан отуп кетип жатканда акчасы тушуп кетет. Уйуно барса кемпири урушуп кайра жонотот. Анан дагы периштени коротда, дагы акча беруусун сурайт. Периште акча берип дагы кетет. Кедей суйунуп, кемпирим урушпайт эми деп баратка карга колунан алып кетип калат. Кайгылуу дагы уйуно барса кемпир акча таап келсен уйго киресин дейт экен. Кедей кайра эле жонойт. Периштени коро калып иштин жон жайын тушундурот. Периште ачка беретда жок болуп кетет. Анан кедей эми койнума катып алып барам деп, уйуно барса кемпир жок. Уйуно койуп кемпир деп кыйкырып эшике чыгып кетсе кошнасы алып кетип калат. Анан кемпири келип караса жок. Кедейди урушатда кайра эле жонотот. Кедей эми периштеден сурасам уят. Балык кармайын деп, балык алып уйуно келетда. Кемпирге берип отун алам деп дарактын устуно чыкса баягы карга алып, кеткен алтын турат. Кемпир алтын табылды деп кыйкырса кошнасы уга калып билип, калды окшойт деп алып келип берет. Ошентип 2 алтын тен табылып балыкто сойсо сууга тушуп кеткен алтыны балыктын ичинен чыгат. Ошентип бактылуу бай жашап калышат.

Мен жомок жазгандай болдум окшойт. Таасирдуу болбой эле.

Билдирүүнү түзөткөн: lo_ove_allaha: 12 Декабрь 2013 - 06:37

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#147 Пользователь офлайн   Nura.1012   12 Декабрь 2013 - 18:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 313
  • Катталган: 25 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Июн 2023 23:47
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения lo_ove_allaha (12 Декабрь 2013 - 06:34) жазган:

Бир кедей киши отун терип аран жашап, жургон болот. Анан кемпири акча таап кел дейт. Токойду аралап, кайгылуу отун терип, журсо периште гилемде учуп жургон болот. Анан периштеден жардам сурайт. Периште кедейга акча берип учуп кетет. Кедей суйунуп суудан отуп кетип жатканда акчасы тушуп кетет. Уйуно барса кемпири урушуп кайра жонотот. Анан дагы периштени коротда, дагы акча беруусун сурайт. Периште акча берип дагы кетет. Кедей суйунуп, кемпирим урушпайт эми деп баратка карга колунан алып кетип калат. Кайгылуу дагы уйуно барса кемпир акча таап келсен уйго киресин дейт экен. Кедей кайра эле жонойт. Периштени коро калып иштин жон жайын тушундурот. Периште ачка беретда жок болуп кетет. Анан кедей эми койнума катып алып барам деп, уйуно барса кемпир жок. Уйуно койуп кемпир деп кыйкырып эшике чыгып кетсе кошнасы алып кетип калат. Анан кемпири келип караса жок. Кедейди урушатда кайра эле жонотот. Кедей эми периштеден сурасам уят. Балык кармайын деп, балык алып уйуно келетда. Кемпирге берип отун алам деп дарактын устуно чыкса баягы карга алып, кеткен алтын турат. Кемпир алтын табылды деп кыйкырса кошнасы уга калып билип, калды окшойт деп алып келип берет. Ошентип 2 алтын тен табылып балыкто сойсо сууга тушуп кеткен алтыны балыктын ичинен чыгат. Ошентип бактылуу бай жашап калышат.

Мен жомок жазгандай болдум окшойт. Таасирдуу болбой эле.

Оа бул жагы жомокко окшоп калган го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#148 Пользователь офлайн   lucky_star   13 Декабрь 2013 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения HADICHA94 (05 Декабрь 2013 - 18:33) жазган:

Эки дос окуусун бутурушот. Бириси алыска озунун айылына кетет. Экинчиси шаарда иш таап, иштеп калат. Бир канча ай откондон кийин шаардык досу, айылга тиги досуна коноко барат. Ал жерде кокусунан сулуу бир кызды коруп калып, анын ким экенин сурайт. Досу анын коншусунун кызы экенин айтат. Бирок шаардык досунун тиги кызды жактырып калганын байкап, экоону тааныштырат. Кийинчереек эки жаш баш кошушат. Арадан бир канча жыл отот. Айылдагы досунун иштеринде проблемалар чыгып, эмне кылышын билбей, акырында шаардагы досуна барууну чечет. Шаардагы килейген фирманы коруп, досунун абалы абдан жакшы экенин байкайт. Туура эле досунун кабинетине кирууго аракет кылат, бирок секретары уруксат бербейт. Атын айтат, озун тааныштырат, эн жакын досу экенин айтат...бирок кабинетке кирууго уруксат беришпейт. Тиги досу болсо аны тааныбайм деп коёт. Эмне кылаарын билбей, башы ман болуп отуруп калат. Эн жакын досунун мындай кылаарын куткон эмес болчу... Кайра уйуно кайтайын деп жолго чыгат. Бир аз баскандан кийин жолдо карыган бир абышканы корот. Мунун аябай капа болгонун коруп " эмне болду балам,абдан капасын, балким жардамым тийип калаар " -деп суйлошконго аракет кылат. Тиги болсо жооп бербейт. Бирок абышка акыры тигини суйлоттурот, экоо таанышышат. Болгон окуянын баарын айтып берет. Анан абышка " Мен абдан бай кишимин, бирок карып калдым, байлыктын коп деле мааниси калбай калды, кааласан сага бираз жардам берейин " дейт. Тиги канчалык болбойт десе да болбой коп суммада акчалай жардам берет. Ошентип кайрадан иштерин ондоп кетет. Арадан бир канча жыл отот. Бир куну шаарда бир жолугушууда, эки дос бири бирин коруп калышат. Канчалык бири биринен качканга аракет кылышса да шарттар экоону бир жерге алып келет. Акырында суйлошо башташат. Бир жолу мен сага келдим эле, жардамын керек болчу, эмнеге мени кабыл албадын ?... Ошол куну жолдо бир абышканы кордун беле ?.. Ооба коргом, сен аны кайдан билесин ?- Билем. Ал убакта сенин проблемаларын болгонун да билем. Бирок сага акчалай жардам берсем, Менин жанымда дайыма баш ийип, менден тартынып журоорунду каалаган жокмун. Анткени сен менин эн жакын досумсун.Сенин менин астыма кирип акча сурашынды каалабадым, сени суратбай берейин деген болчум Ошон учун тиги абышканы жоноттум, ал менин атам болчу. Акчаны да мен берген элем.. - Хмммм, ошол убактагы сен жактырып,мен силерди тааныштырган кыз, азыркы аялын.....мен ото суйгон,мен энсеп,мен суйуп жургон кыз болчу...

"Сен эмне кылмаксың?" киносунун сценарийи.

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#149 Пользователь офлайн   lucky_star   13 Декабрь 2013 - 22:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 230
  • Катталган: 05 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
  • Жынысы:Аялзаты

bаары абдан таасирдүү, турмушта чоң пайдасы тие турган икаялар экен, баарыңыздарга чоң рахмат!!

Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 13 Декабрь 2013 - 22:20

АльхамдулиЛлях!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#150 Пользователь офлайн   rufiya   13 Декабрь 2013 - 22:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 17 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Окт 2014 22:17

ооба жакында эле кордум ушул кинону. Аябай маанилуу кино
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#151 Пользователь офлайн   Vazir   14 Декабрь 2013 - 00:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

ЖАКШЫЛЫГЫҢАР СӨЗСҮЗ КАЙТАТ...

Оорулуу адам операцияга киргизип бараткан жаш хирургга кайрылып:
— Аллахым ыраазы болсун! Операция жасоо үчүн чет өлкөдөн келип отурасың. Жакшылыгыңды эч качан унутпаймын!
Оорулуу адам ошол оорукананын башкы врачы эле. Оорусу күчөп, чет өлкөдө гана жасалчу операцияга аны алып барууга мүмкүн эмес болчу. Себеби, өтө тез арада жасалышы керек болуп, бул ишке саналуу гана дасыккан хирургдун колунан келе турган эле. Анын окуучулары, ошондой врачты бир топко чейин издешти. Дал ошол учурда, ким-кайдан экени белгисиз чет өлкөдөн жаш хиррург келип, оорулууну опеоация кылуу үчүн келгенин айтып. Бул иш колунан келээрин тастыктады жана бул ишке тезинен киришти. Жыйынтыгында, адамдын өмүрүн сактап калды....
Оорулуу абышка жаткан жертнде жаш хиррургдун колун коё бербей ага кайрылып жатты:
— Мен төрөтчүмүн. Бир убактарда эненин курсагындагы баланын чолок экенин түшүндүм жана анын жашоого келтирбей эле өлтүрүп салууну ойлодум. Бирок, колумдан келген жок эле...

Абышка бираз ойго батып кайра сөзүн улады: — "Кээде типтирүү наристелерин өлтүрүүнү каалаган энелер да болот. А мен болсо ошол кылган бир гана жакшылыгым үчүн Аллах Таалам сени мага жөнөтсө керек...." деп абышка жашып кетти.
Жаш хиррург абышканын кармап турган колунан акырын гана тартып алды. Бираз артка кетенчиктеди. Шымын бираз өйдө көтөрүп, жасалма буттарды абышкага көрсөттү жана да:
— Ошол сиз куткарган майып мен болчумун....
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!

forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#152 Пользователь офлайн   Nura.1012   14 Декабрь 2013 - 00:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 313
  • Катталган: 25 Ноябрь 12
  • Соңку аракети: 21 Июн 2023 23:47
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Vazir (14 Декабрь 2013 - 00:03) жазган:

ЖАКШЫЛЫГЫҢАР СӨЗСҮЗ КАЙТАТ...

Оорулуу адам операцияга киргизип бараткан жаш хирургга кайрылып:
— Аллахым ыраазы болсун! Операция жасоо үчүн чет өлкөдөн келип отурасың. Жакшылыгыңды эч качан унутпаймын!
Оорулуу адам ошол оорукананын башкы врачы эле. Оорусу күчөп, чет өлкөдө гана жасалчу операцияга аны алып барууга мүмкүн эмес болчу. Себеби, өтө тез арада жасалышы керек болуп, бул ишке саналуу гана дасыккан хирургдун колунан келе турган эле. Анын окуучулары, ошондой врачты бир топко чейин издешти. Дал ошол учурда, ким-кайдан экени белгисиз чет өлкөдөн жаш хиррург келип, оорулууну опеоация кылуу үчүн келгенин айтып. Бул иш колунан келээрин тастыктады жана бул ишке тезинен киришти. Жыйынтыгында, адамдын өмүрүн сактап калды....
Оорулуу абышка жаткан жертнде жаш хиррургдун колун коё бербей ага кайрылып жатты:
— Мен төрөтчүмүн. Бир убактарда эненин курсагындагы баланын чолок экенин түшүндүм жана анын жашоого келтирбей эле өлтүрүп салууну ойлодум. Бирок, колумдан келген жок эле...

Абышка бираз ойго батып кайра сөзүн улады: — "Кээде типтирүү наристелерин өлтүрүүнү каалаган энелер да болот. А мен болсо ошол кылган бир гана жакшылыгым үчүн Аллах Таалам сени мага жөнөтсө керек...." деп абышка жашып кетти.
Жаш хиррург абышканын кармап турган колунан акырын гана тартып алды. Бираз артка кетенчиктеди. Шымын бираз өйдө көтөрүп, жасалма буттарды абышкага көрсөттү жана да:
— Ошол сиз куткарган майып мен болчумун....

Ммдаа сабак алчу окуя экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#153 Пользователь офлайн   moke   18 Декабрь 2013 - 13:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 132
  • Катталган: 29 Апрель 13
  • Соңку аракети: 04 Июл 2018 07:36
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения HADICHA94 (05 Декабрь 2013 - 18:33) жазган:

Эки дос окуусун бутурушот. Бириси алыска озунун айылына кетет. Экинчиси шаарда иш таап, иштеп калат. Бир канча ай откондон кийин шаардык досу, айылга тиги досуна коноко барат. Ал жерде кокусунан сулуу бир кызды коруп калып, анын ким экенин сурайт. Досу анын коншусунун кызы экенин айтат. Бирок шаардык досунун тиги кызды жактырып калганын байкап, экоону тааныштырат. Кийинчереек эки жаш баш кошушат. Арадан бир канча жыл отот. Айылдагы досунун иштеринде проблемалар чыгып, эмне кылышын билбей, акырында шаардагы досуна барууну чечет. Шаардагы килейген фирманы коруп, досунун абалы абдан жакшы экенин байкайт. Туура эле досунун кабинетине кирууго аракет кылат, бирок секретары уруксат бербейт. Атын айтат, озун тааныштырат, эн жакын досу экенин айтат...бирок кабинетке кирууго уруксат беришпейт. Тиги досу болсо аны тааныбайм деп коёт. Эмне кылаарын билбей, башы ман болуп отуруп калат. Эн жакын досунун мындай кылаарын куткон эмес болчу... Кайра уйуно кайтайын деп жолго чыгат. Бир аз баскандан кийин жолдо карыган бир абышканы корот. Мунун аябай капа болгонун коруп " эмне болду балам,абдан капасын, балким жардамым тийип калаар " -деп суйлошконго аракет кылат. Тиги болсо жооп бербейт. Бирок абышка акыры тигини суйлоттурот, экоо таанышышат. Болгон окуянын баарын айтып берет. Анан абышка " Мен абдан бай кишимин, бирок карып калдым, байлыктын коп деле мааниси калбай калды, кааласан сага бираз жардам берейин " дейт. Тиги канчалык болбойт десе да болбой коп суммада акчалай жардам берет. Ошентип кайрадан иштерин ондоп кетет. Арадан бир канча жыл отот. Бир куну шаарда бир жолугушууда, эки дос бири бирин коруп калышат. Канчалык бири биринен качканга аракет кылышса да шарттар экоону бир жерге алып келет. Акырында суйлошо башташат. Бир жолу мен сага келдим эле, жардамын керек болчу, эмнеге мени кабыл албадын ?... Ошол куну жолдо бир абышканы кордун беле ?.. Ооба коргом, сен аны кайдан билесин ?- Билем. Ал убакта сенин проблемаларын болгонун да билем. Бирок сага акчалай жардам берсем, Менин жанымда дайыма баш ийип, менден тартынып журоорунду каалаган жокмун. Анткени сен менин эн жакын досумсун.Сенин менин астыма кирип акча сурашынды каалабадым, сени суратбай берейин деген болчум Ошон учун тиги абышканы жоноттум, ал менин атам болчу. Акчаны да мен берген элем.. - Хмммм, ошол убактагы сен жактырып,мен силерди тааныштырган кыз, азыркы аялын.....мен ото суйгон,мен энсеп,мен суйуп жургон кыз болчу...

Бул Атабаев Талант деген байкенин чыгармасы бар эле го ошонун башка версиясы экен ээ?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#154 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   19 Декабрь 2013 - 00:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Мен Умар радзиаллоху 'анхунун Ислам кабыл алганына ото катуу таасирлендим!
Окуя мындайча.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) динди Меккеде даават кылып адамдар Исламга кире баштаганда курайштын бутпарастары Ислам алардын ото кирешелуу бизнестерине кедергесин тийгизишин билипби же текеберлик кылыпбы же экоону тен кылыппы, кыскасы Мухаммад(саллаллаху алейхи ва саллам)ды олтурууго машвара (талкуу) кылышат. Суроо пайда болот:
-ким олтурот?
-Мына мен олтуром аны дейт Умар радзиаллоху 'анху, бутпарастар баракелде Хаттабды уулу, Эркееек деген сыяктуу создор менен суроп узатышат.
Олтургону кетип бара жатса кайсы бир киши (аты эсте жок "Абу" деп турайын)анын кылыч кармап кетип баратканын коруп,
-жол болсун Умар кайда жонодун?десе
-Мин жылдык ата бабаларыбыздын динин бузган Мухаммадды олтургону кетип жатам дейт.
Абу озу мусулман боло элек болсо да Мухаммадды(саллаллаху алейхи ва саллам) эн жакшы адам катары билет эле, ошондуктан Меккедеги эн жакшы адам олуп кетуусунон коркуп мындай дейт.
- Эй Хаттабдын уулу сеен бул жакта Мухаммадди(саллаллаху алейхи ва саллам) олтуром деп журосун го, бирок тиякта сенин карындашын качан эле анын динине отуп алган, биринчи карындашыны тыйып ал дейт.
-Сен алдап жатасын деп жинденип карындашынын уйуно барса алар, куйоосу менен Куран окуп жатышкан болот.Эшик тыкылдаганда эле барактарды беките калышканда Умар кирип келе калат да:
-мага кара эй динден кайттынбы нени окуп атат элен?- дейт
-нени окуп жатканыбызды сага айтпайбыз дейт куйоо баласы.
Умар радзиаллоху 'анху кучтуу, копоол киши эле.Куйоо баласын бир нерсе деп кемсинтип аны ура баштаганда карындашы болушат,аны да муштум менен бир урса керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#155 Пользователь офлайн   dinajanka   19 Декабрь 2013 - 12:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Просмотр сообщения Nurdoolot94 (19 Декабрь 2013 - 00:38) жазган:

Анан..?
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#156 Пользователь офлайн   murgab2013   20 Декабрь 2013 - 09:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 14 Июль 13
  • Соңку аракети: 10 Июн 2014 14:18

калганын качан окусак болот кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#157 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   21 Декабрь 2013 - 06:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Реклама болду эле )
Анан карындашы Аллахтан корк эй Умар! Эрим менен мусулман болдук, эми башыбызды алсан да мусулмандыктан кечпейбиз-дейт
Умар радзиаллоху ьанху тан калып!
-Мына ушул создорду абалкы жоош, итааткой Фатима (карындашынын аты) айтып жатабы ушу создорду? Деги бул ишенич, бекемдиктер каяктан пайда болду? Фатима мурду бети канжаланып турса да коркпой агасын каарду коздору менен тик карап турду! Умар радзиаллоху анху калаты боло тушту, кылган ишине бушайман эле.Окуп жаткан кагазынарды корсоткуло деп сурады: алар Хидид суросунун аяттары эле!Оболу эч мындайды окуп, укпаган Умар тактадай болуп катып калды! Окуп болуп мени Алланын элчисинин (саллаллоху алейхи ва саллам) алдына алып баргыла деди!
Мухаммад (саллаллоху алейхи ва саллам) Аркам (радзиаллоху 'анху) деген сахабанын уйундо сахабалары менен сухбат кылып отурган эле.
Умар радзиаллоху 'анху уйго жакындаганда мен мусулман болгону келдим деп бар уну менен кыйкырат эле.Мурда бутпарас болгон кучтуу Умардын мындай келиши сахабаларды сергектендирди. Себеби ага ишенич жок эле, пайгамбарыбызга кол салышы мумкун деп Улуу сахабалардын бири Хамза радзиаллоху !анху кылычын кынынан сууруйун дегенде Мухаммад (саллаллоху алейхи ва саллам) тийбе деген белги берип, Умар радзиаллоху 'анхуга жакынраак кел деп айтты.Келгенде эй Умар Исламга келсен болбойбу деди.
Умар радзиаллоху 'анху буга бейыктыяр АШХАДУАН ЛАА ИЛЛАХА ИЛЛА АЛЛАХ, ВА АШХАДУАННА Мухаммадан расулЛАХ деп айтып жиберди.
Пайгамбарыбыз:
-АЛЛОХУ АКБАР дегенде жандарындагы сахабалар да буга таарирленишип Аллоху акбар, Аллоху акбар деген тасбихтери менен айлананы жаныртышты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#158 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   25 Декабрь 2013 - 22:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Умар радзиаллоху 'анхунун халифтик башкаруучук маалында болгон окуя:Момундардын башчысы бир холдо окургон аялдын унун укту! Ал аялдарды аралап отуп барып, жанында шериги да бар эле, жанагы окуруп бакырып ыйлап аткан аялды урду.Жабынуусу да тушуп кетти. Ургула муну деди!
Бул аял силердин кайгынарга ортоктош болуп ыйлап жатканы жок
балким акчанарды алыш учун гана окуруп жатат.Бул кабырдагы олуко кыжаалаттык берет.
Мындай ыйлаштык сабырдан кайтарат ал эми Аллах таала сабырга буюрган!
Мындай абал токтоосуздука алып барат ал эми Аллах токтоолука буюрган.
Умар радзиаллоху 'анху дагы мындай деди:
Каза болгон адамды узатып жаткан жерде окуруп, бакырып, наалып,тозготуп, озун озу уруп,чачын жулуп тополон кылып ыйлаган адамдарды жан алган периште коруп айтат дейт:
Неге мынча шоокундук? Неге мынча токтоосуздук?
Аллахка касам ичемин! Биринердин омурунорду кыскартканым жок, биринердин да ырыскынарды алып же биринерге да кыпындай зулумдук кылганым жок жана мага бул иш буйрулган.эгер сиздер Аллахка нааразы болсонуздар анда сиздер каафырсыздар. (уландысы бар)

Билдирүүнү түзөткөн: Nurdoolot94: 25 Декабрь 2013 - 23:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#159 Пользователь офлайн   dinajanka   25 Декабрь 2013 - 23:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 932
  • Катталган: 23 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2020 12:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ал менин кыялымдагы ЖОМОК.

Мааш Аллах, журокко кана барып конду...
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#160 Пользователь офлайн   Nurdoolot94   25 Декабрь 2013 - 23:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 877
  • Катталган: 02 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2023 13:28

Кээ бир риваяттарда : эгер кимдир бироо, аялбы же эркекби ал жогуруда айтылгандай тозгутуп, карганып шиленип, чачын жулуп, окуруп бакырса анда найза кармап алып Аллахты жанжалга чакырып согушам дегендей корунуш суроттолгон! АузубилЛах! !! Аллах бизди мындайдан озу асырасын!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (59 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 03:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: