Суперстан

»
Кирүү Каттоо Колдонуучулар Blogs Жаңы жарыялар Статусту жаңылоо
« Артка Ыр дүйнө

Нурлан Насип

danilka фотография danilka 18 Сентябрь 2013 - 16:28

Жакшы ырчы, ырлары суперда.
Жооп жазуу

Baktyluumun фотография Baktyluumun 22 Сентябрь 2013 - 11:40

Бардык ырлары жагатта жагат...
Жооп жазуу

KUMU89 фотография KUMU89 25 Сентябрь 2013 - 07:29

Unutalbaim degen yry jagat ayabai.

Жооп жазуу

vikarus фотография vikarus 28 Сентябрь 2013 - 06:17

Түзүк жакшы кээ бир чала була-ырчыларга караганда.
Жооп жазуу

nargiza96 фотография nargiza96 03 Октябрь 2013 - 23:31

Нурландын эртенки консерттине ийгилик, жакшы отсун. Бугун тан атып, мына ушул убакка чейин Нурланды мин кыял радиосунан уктум. Жакшы ырдайт экен жандуу ундо, и диджей болсо да болот экен. Мыкты жигит жонокой дагы элпек, кичипейил. Алга Нурланчик мен сени м"н биргемин. Аллахым ар бир кадамынды колдосун оомин.
Жооп жазуу

Anhel фотография Anhel 20 Октябрь 2013 - 20:49

акыркы клиптери аябай сонун, сапаттуу тартылыптыр.
Азамат, ийгилик

:ханыша:
Жооп жазуу

MEDER_KULETOV фотография MEDER_KULETOV 20 Октябрь 2013 - 21:14

Kele4ektegi Bek Borbiev
Жооп жазуу

Bek.1992kg фотография Bek.1992kg 23 Октябрь 2013 - 02:17

Албетте ырлары абдан сонун булбулдай сайрайтко чиркин,баардык ырлары маанилуу уксан жан эргитет,алга Нурлан Насип оркундоп осо бер коз тийбесин.
Жооп жазуу

aizul9.kg фотография aizul9.kg 27 Октябрь 2013 - 03:29

мага ырлары жагат..баардык ырларын суйуп угамго чиркин.
Жооп жазуу

Rinatik94 фотография Rinatik94 28 Октябрь 2013 - 06:47

Ырлары жагат. "Жаным" дегени жаңы чыгып баштаганда, бул жигиттен бир нерсе чыгат дегем.
Жооп жазуу

Anhel фотография Anhel 01 Ноябрь 2013 - 14:11

нурлан апама аябай жагат :good:

Жооп жазуу

Ханбийке фотография Ханбийке 01 Ноябрь 2013 - 14:30

Нурлан азмат, алга ырларын эн сонун!
Жооп жазуу

Karagulov90 фотография Karagulov90 01 Ноябрь 2013 - 16:13

Жакшы ырдайт бирок убакыт отуп очуп калбаса эле болду.
Жооп жазуу

sezim1111 фотография sezim1111 04 Ноябрь 2013 - 21:30

Нурлан Н. таланттуу, конур ундуу ырчы.
Откон сандын биринде берген интервьюсунда жубайым Малика динадай болсо деген экен.
Жооп жазуу

MEDER_KULETOV фотография MEDER_KULETOV 04 Ноябрь 2013 - 21:59

азыркы жаштардын арасында супер ырчы
Жооп жазуу

kanat4ik фотография kanat4ik 17 Ноябрь 2013 - 00:02

1Үй-бүлөдө баары музыкант Нурлан үй-бүлөсү менен музыкага жакын өскөн. Эжеси Элзада жакшы ырдаса, атасы, карындашы музыкалык аспаптарда жакшы ойношот. Нурзада эжеси гана кичинесинен музыка менен иши болбой өзүнчө чоңойгон. Башкалар ырдап же музыкалык аспапта ойноп жатса, эжеси оюнчук менен ойноп отурчу экен. Үй-бүлөсү кеңешип, ырчылык чөйрөгө Нурланды аралаштырууну туура көрүшкөн. 2 Көңүлүнө жаккан эс алуу Киндик каны тамган Токтогулга баруу, Ал эми шаарда болсо кечкисин сейил бакты аралап, өзү айткандай "сулуу кыздарга суктанып" кыялданып отургандан ырахат алат. 3 Өзүнө жаккан жана жакпаган сапаттары Ачуусу чукул, бир нерсеге жинденип бат эле урушуп, ал тургай балдар менен мушташып кеткен күндөрү көп болгон. Бир нерсеге бат ишенип, алданып калмай жайы бар. Өзүнө жаккан сапаттарына ак көңүлдүгү, боорукерлиги кирет. 4 "Сүйгөн кызына" арналган ыр Көбү Нурлан Насиптин "Унуталбайм" деген ырын жакшы көрөөрү анык. Бул ырдын сөзү, обону мурда эле бар болчу. Нурлан аны ырдап чыгууну чечип, сөздөрүн оңдоп-түзөп, ырдын атын койгон. "Унуталбайм" деген аталыштагы ыр эч кимге арналган эмес, болгону бир гезитке интервью берип жатып тамашалап "сүйгөн кызыма арналган" деп койгондон кийин анын сөзү шамалдай тарап кеткен. 5 Жетпеген сүйүү барктуу болот… Мектепте окуп жүргөн кезинде бир кызга ашык болгон. Кызга жазган каттарын балдардан берип жиберсе көз көрүнөө тытып, бырчалап салганын көрүп айласы кетчү экен. Кийин ал кызга деле жеткен, бирок сүйүү эмес, жөн гана жактыруу сезимдерине арбалып жүргөнүн түшүнгөн. "Ал кызга жетпеген бойдон калсам балким сүйүү деп ойлоп калмак окшойм" дейт Насип. Жетпей калган сүйүү баарынан таза, тунук деген ойдо. Азыр ошол жакшы көргөн кызы менен дос мамиледе. 6 Сүйлөшкөн кызы барбы? Учурда жумуштун көптүгүнөн жеке жашоого убактысы жок. Бирок, көңүлүндөгү бийкечти тапса жумушуна да, жеке жашоосуна да бирдей убакыт таап, көңүл бураарына көзү жетет. Боорукер, дээринде бар, адамдын кабак-кашынан эмне каалап турганын түшүнгөн кыздарды жактырат. 7 Атактуулуктун айласы Башында белгилүү ырчыларды көрүп, "мени да ушинтип элдер таанып, менден да кол тамга алышса" деп кыялданчу. Азыр ал тилеги ишке ашып отурат. Телефон чалып, сүрөткө түшкүсү келген кыздар ырчы жигитке көп чалышат. Атактуу болгон Нурланга жагат, бирок, бир жаман жери коомдук унаага түшкөндө сөөмөйү менен көрсөтө бергени ал үчүн жат көрүнүш экенин жашырбайт. 8 Күйөрмандарга болгон мамиле Жолугушалы деген күйөрмандарынын көңүлүн кыйбай Нурлан көпчүлүк учурда макулдугун берет. Көбүнчө концерттерде жолугуп, кол тамга берип, сүрөттөргө түшүп коёт. Айрымдары менен смс жазышып, телефон чалышып, достук мамилени сактап калганга да үлгүргөн. Талантын сыйлаган күйөрмандарынын көпчүлүгү кыздар. Алардын дээрлик баары "Унуталбайм" деген ырын жакшы көрүшөт. 9 Апасына окшоп Асан кайгы Нурландын сырткы келбети атасыныкына окшош, өзгөчө жини келгенде көзү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп чакчайып кетет. Ал эми мүнөзү апасыныкына көбүрөөк окшошот. Апасынын болоор-болбос нерсеге Асан кайгы тартып, кыжаалат боло бермейи бар. Ушул сапат Нурланда да калыптанган. 10 Көп кол-донгон сөзү Дайыма "Аллах" деген сөздү оозунан түшүрбөйт. Жинденип жатканда "блин" деген сөзгө бай. Интервью берип жатканда "деп кой" деген сөздөрдү көп айтат, бирок өзүнө бул сапаты сезилбейт деле. Достору радиодон же теледен Нурландын сүйлөп жатканын угуп калышса эскертип, "деп кой" деген сөзүңдү азайт деген кеңешин беришет. 11 Атасына жаккан "Кара көз" Дайыр Исмадияров аткарып жүргөн "Кара көз" деген ырдын сөзү да, обону да Нурлан Насипке таандык. Эмнеге ушул ырды өзүң ырдап чыккан жоксуң деген суроону Нурланга көп узатышат. Өзгөчө атасына бул ыр аябай жагат, уюлдук телефонуна көчүрүп да алган. Ал эми Нурландын ою боюнча өзү ырдабаса да ал жараткан чыгарма элдин жүрөгүнөн түнөк тапканына сүйүнөт. Эң негизгиси, кийин Дайыр ушул ырдын авторун унутпай айтып жүрсө болду дейт. 12 "Кыргызча" түзүлгөн келишим Продюсери Канат Кадыржан менен расмий түзүлгөн келишим жок. Азыр "эркекче" кол алышып иштеп жаткан чактары. Нурландын көп түйшүгү Канаттын мойнунда. Азыр ал ырчынын стилисти да болуп жаткан кези. 13 Жылдыз "оорунун" белгилери Маанайы жок, көңүлү чөгүп турган кезде достору чалып калса кыска жооп берип калат. Андай учурда достору тамашалап "жылдыз болуп калдыңбы, бизди тоотпой жатасыңбы" деп тийишип калышат. Андайда теңелип, жагдайды түшүндүрүп отурбастан трубканы койгончо шашат. "Жылдыз оорусуна кабыла элекмин жана кабылбаганга аракет кылам" дейт Нурлан.
Жооп жазуу

Prosto-Anjelina фотография Prosto-Anjelina 24 Ноябрь 2013 - 01:48

Мен бул жылы да Нурландын алышын каалайт элем Суперди.
Жооп жазуу

Rallandovna.kg фотография Rallandovna.kg 06 Декабрь 2013 - 01:49

Нурлан Насип супер ырчы мырза десем жанылышпайм. .. мага Суйуу Балы, Унуталбайм, Менин да суйуум ушундай,жана жандуу ырдаган ырларын жактырам молодец Нуку
Жооп жазуу

Rinatik94 фотография Rinatik94 10 Декабрь 2013 - 07:17

Юра Шатуновдун бир ырын ырдап чыгып окшоштура албаганын эсепке албаганда кыйын ырчы да.
Жооп жазуу

angelo4ka_96 фотография angelo4ka_96 11 Декабрь 2013 - 14:20

Менин да сүйүүм ушундай,
Сенин да сүйүүң ушундай.
Тагдырдын тартуусун,
Белегин тосуп бирге.
Калалы бек кармап,
Бакыттын кушун учурбай. Сүрөт




Мен сагына берем, сагынып келем....


Сонун ырдайт,мага ушул ырлары жагат..Сүрөт
Билдирүүнү түзөткөн: angelo4ka_96: 11 Декабрь 2013 - 14:21
Жооп жазуу


Маалымат-маанайшат порталы 2006-2020 © SUPER.KG

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Төлөмүш Океев, 39/7,
Тел.: +996 312 882 500, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: