Таасирлүү окуялар Аңгемелер, ой-толгоолор
#141 10 Декабрь 2013 - 16:15
#142 10 Декабрь 2013 - 16:58
Ala-archa (03 Август 2013 - 17:03) жазган:
Жакында үйүмө чакырылбаган бир конок келди.
- Тоскоол болбоймунбу?
- Сен тоскоол болбой турган учур да болмок беле?
- Ырас, менин келгениме эч ким кубанбайт, - деди менин коногум, - бирок айла жок, өзүм эшик чертип: «Убакыт келди! Экөөңдүн бирөөңдү: же сени, же аялыңды алып кетишим керек. Өзүң танда», - деп айтууга туура келет.
- Кулак салчы, өлүм, - дедим мен. Аялы үчүн өз өмүрүн бербеген күйөө болмок беле. Эч ким өлгүсү келбейт дечи, бирок мен аялымды сүйөм, экөөбүздүн бирөөбүздү сөзсүз алып кетишиң керек болсо, анда мени алып кет, аялым өмүргө тое элек, жашоодон кубаныч ала турсун.
- Сен ойлонбой сүйлөп жатасың, - деп каршы чыкты менин коногум, - тандоо оңой эмес. Өлгөн адам үчүн жеңил. Ал жердеги түйшүктөн кутулат. Бүгүн сага убайым жедирген: жашоо үчүн күрөш, кошуналарың менен болгон талаш-тартыштар, карыздар, карылыктан коркуу, кандай болуп кетет деп чогултуп койгон акчаңдын жетер-жетпесин ойлоп сары санаа болуу, жетекчинин көңүлүнө жагуу, коллегаларың менен болгон проблемалар, ушунун баары артта калат. Өлгөн адамга дайыма жакшы. Ал үйүнүн сыртындагы ызылдаган бурганактуу бороонду укпайт, жерди каптаган ташкынды көрбөйт, кайгылуу кабар алып келчү кат да аны капалантпайт, бут кийими бутун кысып оорутпайт, тиши ооруп кыйналбайт, ал толук эс алып бүт түйшүктөрүн унутат.
- Бул сенин оюң, - дедим мен. – Алып кете турган адамдарыңды сооротуу сенин милдетиң эмеспи. Бирок өзүмдү мисалга ала турган болсом, жүрөгүмдө коркунучка караганда үмүтүм күчтүү. Арам оюм жок эле андан мурун кетким келет, анткени мен аны сүйөм, анын жерде дагы жашай турушун каалайм.
Өлүм мени тигиле көпкө карап турду. Бир маалда анын жүзүнөн жакшылыктын жылуу учкуну жылт эте түштү.
- Сен аялыңды сүйөсүң. Мына ошондуктан чечим чыгарардан мурун жакшылап ойлонсоң болмок. Ынтымактуу, бактылуу үй-бүлөсүңөр, отуз жылдан бери чогуу жашап, бири-бириңерге жардам берүүгө даярсыңар. Бардык нерсени тең бөлүшөсүңөр. Ошондуктан көз жумганына караганда, тирүү калган жубайына дайыма оорураак болот. Сен мага ишенбей турасыңбы? Аялыңдын андан аркы жашоосу кандай болорун элестетип көрчү. Анын жүрөгү талкаланган. Ал жашай берет дечи, бирок мурда экөөлөп көтөргөн түйшүктөрүңөрдүн баары эми жалгыз анын мойнуна түшөт. Сен жанында болбогондуктан, анын жашоосу оорлойт. Ал азиз адамдай болуп, ар бир ташка мүдүрүлөт. Анткени сен анын жолунан ташты алып кое албайсың. Анын көз жашын эч ким аарчыбайт. Сейилдеп жүргөндө, ар бир ырды укканда, сени эстеп, анын жүрөгү эзилет. Ал тургай, жалгыз өзү үчүн дасторкон жайганда, сен кармаган кашык да анын жүрөгүн жаралайт. Ал жалгыз калат. Сенин досторуң аны таштап кетишет, анткени алар жалгыз калган түгөйгө кандай мамиле кылууну билишпейт. Ага барбаш үчүн орундуу себептерди издеп, актанышат. Майрам күндөрү бул сөздөрдүн ага кандай катуу тиерин ойлонбой туруп, «Майрамды жакшы тос» - деп, каалоолорун айтышар. Сенин аялың чыкылдаган саатты тиктеп,отургучта жалгыз отурат. Үйгө эч ким: сен да, мурдагыдай сени сурап келип калчу башка бирөө да келбейт. Ал эринин бек кымтып, жалгыз отурат. Сага кыла албаган жакшылыктарын, аял кылып алгандыгың үчүн, жакшы күйөө болгондугуң үчүн сага бир да жолу ыраазычылык билдирбегенин эстейт. Айтылбай калган сүйүү сөздөрү үчүн өкүнөт, көңүлү чөгөт. Ал сени күттүргөн баягы мүнөттөр үчүн ачууланат, анткени азыркы мүнөттөрдү текке кеткен сан жеткис мүнөттөрдөй кабыл алат... Акылынан адашып, ал өзү менен өзү атүгүл үстөл менен, отургуч менен сүйлөшө баштайт,анткени жүрөгүндөгүнү башка кимге төкмөк эле. Ал төшөгүнөн да тургусу келбей калат, анткени аны күткөн, ага муктаж болгон эч ким жок.
- Айтчы, сен чын эле аны ушундай кыйноого салып таштап кеткиң келеби? Мен өлүмдүн колун кармай калып:
- Жок! – деп кыйкырып жибердим. – Ал минтип жашабашы керек. Мен аны өзүмдөн артык сүйөм. Андан көрө, ошондой абалда мен жашайын, аны алып кет. Ал үстүнкү кабатта уктап жатат, ал бүгүн аябай чарчады.Ойготпой, акырын алып кет, Кудайдын даңкына чулганганда гана көзүн ачсын. Ага чейин ойготуп жибербе, болбосо ал мени ойлоп кабатырланат. Өлүм убада бергенин билдире башын ийкеп, тепкич менен өйдө жөнөдү.
- Жок! – деп кыйкырдым мен кайра. – Ага тийбе! Же мени ал! Мындан ары анын үнүн, үйдө нары-бери баскан дыбышын, эртең мененки тамакты даярдап жатып идиштерди калдыратканын укпай кантип чыдайм. Дасторконго жалгыз отуруп, ансыз тамак иче албайм, анын демин укпай төшөктө жалгыз жата албайм. Бул дүйнөдө ал жок болсо, мен кантип кубанмак элем. Бөлмөдөгү ал отурган орундук бош калат, ал илип койгон чапанын кийбейт, эшиктеги жума сайын тазалачу тактайча да тазаланбай калат. Тирүү кезинде үтүктөп койгон көйнөгүм,шымым, сыйынуу үйүндөгү экөөбүз чогуу отурган орундук... Ушунун баарын кантип көтөрөм? Канча нерсени кылбай калганымды ойлой берип, акылымдан адашып каламбы деп корком. Канчалаган жагымдуу сөздөрдү айтпай калдым, канчалаган жакшылыкты кылган жокмун. Аны менен сүйлөшүп отургандын ордуна эмне үчүн газета окуп отуруп алдым экен! Аны эмнеге карап отурбадым экен, ал абдан сулуу эмес беле!Ал мага жакчу, бирок акыркы жылдары бул жөнүндө ага бир да жолу айткан эмесмин!“Жанымда жүргөнүңө ырахмат, мага турмушка чыкканыңа ырахмат, сени биринчи сүйгөндөгүдөй, азыр да сүйө алам, ырахмат!”, - деп, ага эмне үчүн бир да жолу айтпадым экен. Мага өз өмүрүн арнаганы үчүн, мага чыдаганы үчүн, мени дайыма жылуу караган көз карашы үчүн, жүрөгүнүн тереңинен чыккан жылмаюусу үчүн бир да жолу ыраазычылык келтирген жокмун. Өмүр бою эч ойлонбой туруп айткан “менин аялым” деген сөз бардык тилдердеги эң сонун сөз экенин азыр билип жатам. Сен аны алып кетерден мурун, мага дагы үч күн, бир эле жума убакыт берчи. Мен кетирген мүчүлүштүктөрүмдү оңдоп алайын.
Ошондо өлүм тепкичтен түшүп, босогого келди.
- Мен китебимди карасам, үй номерин алмаштырып алыптырмын. Силер менин китебимде бир нече беттен кийин жазылыптырсыңар. .. Айып көрбө, досум. Анан айтар кеңешим: мен экинчи жолу келгенче, убактыңды текке кетирбе. Анткени мен келгенде, отуз жылдын аралыгында кетирген кемчиликтериңди оңдогонго сага үч күн эмес, үч мүнөт да бербейм.
Сонун! Филасофиялык мааниси ото терен.... Ыйлагым келип кетти, эмнеге бир да жолу ыраазычылык билдирип, кобуроок сыйлап койбодум экен козу отуп кеткен жакын адамдарымды...
#143 10 Декабрь 2013 - 17:03
#145 11 Декабрь 2013 - 03:32
#146 12 Декабрь 2013 - 06:34
Мен жомок жазгандай болдум окшойт. Таасирдуу болбой эле.
Билдирүүнү түзөткөн: lo_ove_allaha: 12 Декабрь 2013 - 06:37
#147 12 Декабрь 2013 - 18:15
lo_ove_allaha (12 Декабрь 2013 - 06:34) жазган:
Мен жомок жазгандай болдум окшойт. Таасирдуу болбой эле.
Оа бул жагы жомокко окшоп калган го
#148 13 Декабрь 2013 - 20:14
HADICHA94 (05 Декабрь 2013 - 18:33) жазган:
"Сен эмне кылмаксың?" киносунун сценарийи.
АльхамдулиЛлях!
#149 13 Декабрь 2013 - 22:19
Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 13 Декабрь 2013 - 22:20
АльхамдулиЛлях!
#151 14 Декабрь 2013 - 00:03
Оорулуу адам операцияга киргизип бараткан жаш хирургга кайрылып:
— Аллахым ыраазы болсун! Операция жасоо үчүн чет өлкөдөн келип отурасың. Жакшылыгыңды эч качан унутпаймын!
Оорулуу адам ошол оорукананын башкы врачы эле. Оорусу күчөп, чет өлкөдө гана жасалчу операцияга аны алып барууга мүмкүн эмес болчу. Себеби, өтө тез арада жасалышы керек болуп, бул ишке саналуу гана дасыккан хирургдун колунан келе турган эле. Анын окуучулары, ошондой врачты бир топко чейин издешти. Дал ошол учурда, ким-кайдан экени белгисиз чет өлкөдөн жаш хиррург келип, оорулууну опеоация кылуу үчүн келгенин айтып. Бул иш колунан келээрин тастыктады жана бул ишке тезинен киришти. Жыйынтыгында, адамдын өмүрүн сактап калды....
Оорулуу абышка жаткан жертнде жаш хиррургдун колун коё бербей ага кайрылып жатты:
— Мен төрөтчүмүн. Бир убактарда эненин курсагындагы баланын чолок экенин түшүндүм жана анын жашоого келтирбей эле өлтүрүп салууну ойлодум. Бирок, колумдан келген жок эле...
Абышка бираз ойго батып кайра сөзүн улады: — "Кээде типтирүү наристелерин өлтүрүүнү каалаган энелер да болот. А мен болсо ошол кылган бир гана жакшылыгым үчүн Аллах Таалам сени мага жөнөтсө керек...." деп абышка жашып кетти.
Жаш хиррург абышканын кармап турган колунан акырын гана тартып алды. Бираз артка кетенчиктеди. Шымын бираз өйдө көтөрүп, жасалма буттарды абышкага көрсөттү жана да:
— Ошол сиз куткарган майып мен болчумун....
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#152 14 Декабрь 2013 - 00:10
Vazir (14 Декабрь 2013 - 00:03) жазган:
Оорулуу адам операцияга киргизип бараткан жаш хирургга кайрылып:
— Аллахым ыраазы болсун! Операция жасоо үчүн чет өлкөдөн келип отурасың. Жакшылыгыңды эч качан унутпаймын!
Оорулуу адам ошол оорукананын башкы врачы эле. Оорусу күчөп, чет өлкөдө гана жасалчу операцияга аны алып барууга мүмкүн эмес болчу. Себеби, өтө тез арада жасалышы керек болуп, бул ишке саналуу гана дасыккан хирургдун колунан келе турган эле. Анын окуучулары, ошондой врачты бир топко чейин издешти. Дал ошол учурда, ким-кайдан экени белгисиз чет өлкөдөн жаш хиррург келип, оорулууну опеоация кылуу үчүн келгенин айтып. Бул иш колунан келээрин тастыктады жана бул ишке тезинен киришти. Жыйынтыгында, адамдын өмүрүн сактап калды....
Оорулуу абышка жаткан жертнде жаш хиррургдун колун коё бербей ага кайрылып жатты:
— Мен төрөтчүмүн. Бир убактарда эненин курсагындагы баланын чолок экенин түшүндүм жана анын жашоого келтирбей эле өлтүрүп салууну ойлодум. Бирок, колумдан келген жок эле...
Абышка бираз ойго батып кайра сөзүн улады: — "Кээде типтирүү наристелерин өлтүрүүнү каалаган энелер да болот. А мен болсо ошол кылган бир гана жакшылыгым үчүн Аллах Таалам сени мага жөнөтсө керек...." деп абышка жашып кетти.
Жаш хиррург абышканын кармап турган колунан акырын гана тартып алды. Бираз артка кетенчиктеди. Шымын бираз өйдө көтөрүп, жасалма буттарды абышкага көрсөттү жана да:
— Ошол сиз куткарган майып мен болчумун....
Ммдаа сабак алчу окуя экен
#153 18 Декабрь 2013 - 13:39
HADICHA94 (05 Декабрь 2013 - 18:33) жазган:
Бул Атабаев Талант деген байкенин чыгармасы бар эле го ошонун башка версиясы экен ээ?
#154 19 Декабрь 2013 - 00:38
Окуя мындайча.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) динди Меккеде даават кылып адамдар Исламга кире баштаганда курайштын бутпарастары Ислам алардын ото кирешелуу бизнестерине кедергесин тийгизишин билипби же текеберлик кылыпбы же экоону тен кылыппы, кыскасы Мухаммад(саллаллаху алейхи ва саллам)ды олтурууго машвара (талкуу) кылышат. Суроо пайда болот:
-ким олтурот?
-Мына мен олтуром аны дейт Умар радзиаллоху 'анху, бутпарастар баракелде Хаттабды уулу, Эркееек деген сыяктуу создор менен суроп узатышат.
Олтургону кетип бара жатса кайсы бир киши (аты эсте жок "Абу" деп турайын)анын кылыч кармап кетип баратканын коруп,
-жол болсун Умар кайда жонодун?десе
-Мин жылдык ата бабаларыбыздын динин бузган Мухаммадды олтургону кетип жатам дейт.
Абу озу мусулман боло элек болсо да Мухаммадды(саллаллаху алейхи ва саллам) эн жакшы адам катары билет эле, ошондуктан Меккедеги эн жакшы адам олуп кетуусунон коркуп мындай дейт.
- Эй Хаттабдын уулу сеен бул жакта Мухаммадди(саллаллаху алейхи ва саллам) олтуром деп журосун го, бирок тиякта сенин карындашын качан эле анын динине отуп алган, биринчи карындашыны тыйып ал дейт.
-Сен алдап жатасын деп жинденип карындашынын уйуно барса алар, куйоосу менен Куран окуп жатышкан болот.Эшик тыкылдаганда эле барактарды беките калышканда Умар кирип келе калат да:
-мага кара эй динден кайттынбы нени окуп атат элен?- дейт
-нени окуп жатканыбызды сага айтпайбыз дейт куйоо баласы.
Умар радзиаллоху 'анху кучтуу, копоол киши эле.Куйоо баласын бир нерсе деп кемсинтип аны ура баштаганда карындашы болушат,аны да муштум менен бир урса керек.
#155 19 Декабрь 2013 - 12:23
Nurdoolot94 (19 Декабрь 2013 - 00:38) жазган:

Анан..?
#157 21 Декабрь 2013 - 06:00
Анан карындашы Аллахтан корк эй Умар! Эрим менен мусулман болдук, эми башыбызды алсан да мусулмандыктан кечпейбиз-дейт
Умар радзиаллоху ьанху тан калып!
-Мына ушул создорду абалкы жоош, итааткой Фатима (карындашынын аты) айтып жатабы ушу создорду? Деги бул ишенич, бекемдиктер каяктан пайда болду? Фатима мурду бети канжаланып турса да коркпой агасын каарду коздору менен тик карап турду! Умар радзиаллоху анху калаты боло тушту, кылган ишине бушайман эле.Окуп жаткан кагазынарды корсоткуло деп сурады: алар Хидид суросунун аяттары эле!Оболу эч мындайды окуп, укпаган Умар тактадай болуп катып калды! Окуп болуп мени Алланын элчисинин (саллаллоху алейхи ва саллам) алдына алып баргыла деди!
Мухаммад (саллаллоху алейхи ва саллам) Аркам (радзиаллоху 'анху) деген сахабанын уйундо сахабалары менен сухбат кылып отурган эле.
Умар радзиаллоху 'анху уйго жакындаганда мен мусулман болгону келдим деп бар уну менен кыйкырат эле.Мурда бутпарас болгон кучтуу Умардын мындай келиши сахабаларды сергектендирди. Себеби ага ишенич жок эле, пайгамбарыбызга кол салышы мумкун деп Улуу сахабалардын бири Хамза радзиаллоху !анху кылычын кынынан сууруйун дегенде Мухаммад (саллаллоху алейхи ва саллам) тийбе деген белги берип, Умар радзиаллоху 'анхуга жакынраак кел деп айтты.Келгенде эй Умар Исламга келсен болбойбу деди.
Умар радзиаллоху 'анху буга бейыктыяр АШХАДУАН ЛАА ИЛЛАХА ИЛЛА АЛЛАХ, ВА АШХАДУАННА Мухаммадан расулЛАХ деп айтып жиберди.
Пайгамбарыбыз:
-АЛЛОХУ АКБАР дегенде жандарындагы сахабалар да буга таарирленишип Аллоху акбар, Аллоху акбар деген тасбихтери менен айлананы жаныртышты.
#158 25 Декабрь 2013 - 22:50
Бул аял силердин кайгынарга ортоктош болуп ыйлап жатканы жок
балким акчанарды алыш учун гана окуруп жатат.Бул кабырдагы олуко кыжаалаттык берет.
Мындай ыйлаштык сабырдан кайтарат ал эми Аллах таала сабырга буюрган!
Мындай абал токтоосуздука алып барат ал эми Аллах токтоолука буюрган.
Умар радзиаллоху 'анху дагы мындай деди:
Каза болгон адамды узатып жаткан жерде окуруп, бакырып, наалып,тозготуп, озун озу уруп,чачын жулуп тополон кылып ыйлаган адамдарды жан алган периште коруп айтат дейт:
Неге мынча шоокундук? Неге мынча токтоосуздук?
Аллахка касам ичемин! Биринердин омурунорду кыскартканым жок, биринердин да ырыскынарды алып же биринерге да кыпындай зулумдук кылганым жок жана мага бул иш буйрулган.эгер сиздер Аллахка нааразы болсонуздар анда сиздер каафырсыздар. (уландысы бар)
Билдирүүнү түзөткөн: Nurdoolot94: 25 Декабрь 2013 - 23:07
#159 25 Декабрь 2013 - 23:07
#160 25 Декабрь 2013 - 23:27