Жээнбеков: «А. Акаевди айга-күнгө теңеген фильмдин
тартылышына Т. Кулмурзаев көмөк берген» Мындай пикирин депутат Р. Жээнбеков бүгүнкү парламенттин жыйынында
Т. Кулмурзаевге суроо берип жатып айтты. Тургунбек мырза сиз А. Акаевдин убагында Кыргызгазда иштегенсиз.
Азыркы учурда да иштеп жатасыз. Бүгүнкү күндө Кыргызгаздын абалы оор болгондуктан,
аны Газпром ААКка берели деп жатабыз. Кыргызгаздын ушул кыйын абалга кириптер болушуна сиз, «менин да кайсыл бир деңгээлде күнөөм бар» деп эсептейсизби (?) деген суроону койду. Т. Кулмурзаев А. Акаевдер менен иштеше албай кеткендигин айтты эле Р. Жээнбеков «иштеше албай
кетпей эле, А. Акаев тууралуу тартылган киного Т. Кулмурзаев Кыргызгаздын эсебинен спонсорлук кылган. Ал маалыматтарды видеосу менен жакында таап берем. » деди Жээнбеков.
Саясат КҮНДӨЛҮГҮ... Жаңылыктар жазылат!
#81 28 November 2013 - 01:37
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#82 28 November 2013 - 01:46
Саясый аңчылык ЖоКедеги "Ата журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековду УКМК шаршемби күнү СИЗОго жапкан соң, Алайда аны коргоо комитети түзүлүп, боз үйлөр тигилип, Ош - Эркечтам жолун бууйбуз деп талапташтары чыгууда. Акматбек мырза 46 жашта. Саясатчылыкка жолду мамлекеттик кызматтардан салган. Артында калың
эли бар Алайдын эр көкүрөк, намыскөй жигити. Саясатка жаш кезинен аралашкандыктан, позиция, оппозиция болуу эмне экендигин жакшы эле өздөштүргөн. Оң-сол, өйдө-ылдыйда отургандар менен тил табышууну да мыкты билгендиктен бийликтин бийик сереси болгон спикерликке чейин жеткен. Ал камалаар алдында интернет сайттардын бирине атайын билдирүү жасап, өзүнүн ак экендигин, бийлик ага атайылап жалган жалаа жаап жаткандыгын, аны "Кумтөр" , "Кыргызгаз" боюнча акыйкаттыкты туткан позициясы үчүн бийлик сындырып жаткандыгын айткан. Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, А.Келдибековго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303 "коррупция" , 304 "кызматтан кыянат пайдалануу" статьялары боюнча үч кылмыш иши козголгон. Биринчиси, Келдибеков 2003-2004-жылдарда Соцфонддо төрага болуп турганда 21 млн. сомго мамлекетке зыян келтирсе, экинчиси, ал Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси кезинде салык жыйноо үчүн "Бизнес партнер" ОсООсуна мыйзамсыз функцияларды бергени үчүн, ал эми үчүнчүсү Келдибеков ЖК спикери болуп турганда ЖКнын мыйзамсыз атайын өкүлчүлүгүн ачып ага өлкө бюджетинен 10 млн. сом короткон. Андан ары Келдибековго кылмыш иши 2010-жылы эле козголгону, кийин токтолуп, кайра ачылып бир жыл бою терең иш жүргүзгөнүн айтат Башпрокуратура. Албетте, Башпрокуратура бирөөгө кызыгып калса көкүлүнөн сылабайт дечи, бирок бул иш саясат жыттанып турганын баары билип турушат. Акматбек мырзанын өзүнүн айтканы боюнча ал ушу кезге чейин Соцфонд, Салык кызматы сыяктуу гана мамлекеттик кызматтарда иштеп, 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болсо, бийлик алмашкандан кийин "Ата журт" партиясынын лидери катары кайрадан парламент депутаты болуп, андан ары ЖК төрагасы болгонго да жетишкен. Бирок өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, өкмөт чектеген айлыкты гана алып келген адам кантип гектарлаган жерлерди, ондогон кымбат баалуу коттедждерди, нечендеген үй-квартираларды, жөн адам өмүр бою иштесе да жетпей турган кымбат машинелерди жана башка толгон-токой дүнүйө мүлктү кантип жыйнаган?.. Кантип? Кайдан? Келдибеков канчалык актанбасын, аны камоонун негизги себеби ушу жакта экендигин билип эле турса керек. Ооба, ал акыркы кезде "Кумтөр" , "Кыргызгаз" боюнча биртоп кескин сын пикирлерин айтып келаткан. Коомчулуктун кайсы бир бөлүгү анын пикирин колдоп чыккан. Башкы прокуратуранын аны кармаганын коомчулук дароо бийлик заказы катары кабыл алды. Себеби ушуну менен оппозициялык аталган "Ата журт" фракциясынын жетинчи парламент депутаты кармалды. Кармалбаганы качып жүрөт. Албетте, коррупцияга каршы күрөштү дагы күчөтүү керек. Бирок эмнеге башка партиялардан же бийлик партиясы КСДПдан бир да адамдын чекесине чертилбейт? Алардын баары эле апакайбы? КСДП өкүлдөрүнүн кылык-жоруктары ММКда далай ашкере болууда, эмне үчүн аларды бийлик көрмөксөн болот? Демек, коррупцияга каршы күрөш саясый куралга айланган экен да… Келдибековго тоодой айыпты тагып кармашты, эми ошо коюлган айыптарга коомчулук ишене тургандай кылып далилдеп, ишти аягына чейин жеткире алышаар бекен, же саясый соода жүрүп кетип бу да орто жолдон басылабы? Эң чоң суроо
азыр ушу. Андан дагы Келдибековдун камалганын Президент Атамбаев да, өкмөт башчысы Сатыбалдиев да билбей, бирөө Кореяда, экинчиси Россияда болуп калышканын кара. Бул бир кездеги Курманбек Бакиевди эске салат. Дайыма мен билбей калыптырмын деп актанган Бакиевдин оппоненттерди жок кылуу жолуна азыркы бийлик толук түшүп алгандай. Ошол эле учурда бийлик азыртан эле алдына койгон пландарын аткара баштагандай. Биринчиден, Президент Атамбаев өзү небак 1 долларга сатууга макулдугун берген "Кыргызгазды" Россияга өткөрүүнү кечиктирбөөнү көздөсө, экинчиден оппозицияны мындан аркы саясый күрөштөрдө алсыратууну мелжегендей. Ансыз деле парламентте "Ата журттун" А.Келдибеков менен Ж.Жолдошевадан башка көрүнүктүү өкүлү жок эле. "Ата журт" партиясы да Келдибековдун камалышы боюнча кайрылуу жасап, бул саясый куугунтук экенин, буга чейин К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду актаган соттор Курманкул Зулушев менен Медер Сатиевдин да кызматтан бошотулгандыгы бийлик заказы менен болгонун белгилешкен. Буга кошулбаска арга жок. Кечээ түштөн кийин Башпрокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште А.Келдибековду кармоо боюнча түшүндүрмө берди. Аида айым Келдибеков тергөөгө тоскоол кылууга мүмкүндүгү болгондуктан камалгандыгын белгиледи. Келдибековдон башка анын астында же бир кезде чогуу иштеген биртоп адамдарга да айыптары угузулаары, айрымдары качып кеткендиги да айтылды. Ушу тапта Алайда Келдибековду колдоочулар көбөйүп, Ош - Эркечтам жолун жарым-жартылай тосуп да алышты. Келдибековго байланыштуу эл оозундагы жоромолдор Депутатты жазга чейин СИЗОго кармай тургандыктары айтылууда. Себеби аны коркутуп, жазгы элдик толкундоолордун алдын алуу керек имиш. *** Бир жума мурда мыйзамдагы ууру Өмүрзак Мурсалимов - Карышкырдын Москвадан алынып келиши да депутатты камоого байланыштуу алдын ала жасалган дешет. Мунун себеби Карышкыр Азиз Батукаевдин адамы, ал эми А.Келдибековдун ушу тапта СИЗОдо отурган Камчы Көлбаев менен мамилеси бар экендигин эл билет. Укук коргоо органдары 2011-жылы бул тууралуу расмий айтып чыгышып, А.Келдибековдун ЖК төрагалыгынан кетүүсү да негизинен ушуга байланышкан болчу. Карышкыр болсо Келдибеков камалгандан кийин СИЗО, түрмөлөрдөгү абалды теңсалмакта
кармоо үчүн алдырылган имиш.

#84 13 December 2013 - 00:18
«Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кээ
бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда
шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда
шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#85 13 December 2013 - 00:20

#86 13 December 2013 - 00:25
2013-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-
министри Жоомарт Оторбаев Мамлекет башчысын жана кеңешменин катышуучуларын Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын Бажы бирлигине кирүү тууралуу Кыргызстандын “жол картасын” Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тарап менен макулдашпай туруп кабыл алгандыгын маалымдады. “Сунушталган жол картасы Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербейт, кыргыз тараптын эксперттерин катыштырбай туруп толукталып иштелген жана Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстандын Өкмөтү менен расмий түрдө макулдашпай туруп колдоого алган”,- деди Жоомарт Оторбаев. Ошону менен бирге Жоомарт Оторбаев азыркы абалында “ жол картасы” Кыргызстанга таптакыр ылайыгы жок, аны кабыл алууга болбойт, кабыл алынса өлкөдө бир топ социалдык проблемаларды жаратышы ыктымал экендигин белгиледи. Анын сөзү боюнча мындай бүтүмдү ушул маселе боюнча иштеген ведомстволор аралык комиссия чыгарган. Биринчи вице-премьер- министр Президент Алмазбек Атамбаевди Кыргызстан Өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясына жол картасынын өз вариантын жөнөткөндүгү, анда Кыргызстандын кызыкчылыктары жана позициясы толук чагылдырылгандыгы, мына ошол жол картасы Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүү боюнча сүйлөшүү процессинин негизи катары кабыл алынышы керек экендиги тууралуу маалымдады. Экономика министри Темир Сариев кеңешмеде “жол картасынын мазмунуна байланыштуу маселелерден тышкары дагы бир катар проблемалар али ачык боюнча жана макулдашыла элек, ошолорду дагы чечүү зарыл” экендигин белгиледи. Кеңещменин жыйынтыктап жатып Президент Алмазбек Атамбаев улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен, Кыргызстандагы социалдык стабилдүүлүккө залакасын тийгизбегидей шарттарда гана Кыргызстан башка өлкөлөр менен интеграциялык процесстерге катышаарын баса белгилеп, бул багытта Евразия экономикалык комиссиясы менен мындан ары дагы тыгыз иш алып баруу боюнча тапшырма берди.

#87 16 December 2013 - 00:25
12-декабрда президент Алмазбек Атамбаев «Борбордун статусу жөнүндө» жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» КР
мыйзамдарына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамдар КР Жогорку Кенеши тарабынан ушул жылдын 31-октябрында
кабыл алынган.
мыйзамдарына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамдар КР Жогорку Кенеши тарабынан ушул жылдын 31-октябрында
кабыл алынган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#88 16 December 2013 - 00:26
13-декабрда «2014-жылга карата республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжолдоолор жөнүндө» мыйзам
долбоору боюнча парламенттик угууда, «Эгерде адамдар таза суу
ичишпесе, бардык оорулар ошондон пайда болот. Ал эми эл аралык
уюмдардан келген каражатты биз туш келди бирөөгө уурдаттык», деп
билдирди «ата журтчу» депутат Надира Нарматова. Анын сөзүндө, Бүткүл дүйнөүк банк 2-3 жылдан бери миллиондогон
долларларды бөлбөй калган. «Мына Убактылуу өкмөттүн кылган эмгеги,
«Таза суу» долбоору боюнча 10 млн долларды жеп алышты. Азыр силер
эч кимди кармай албайсыңар, а кылмыш иши козголгон деп айтып
жатасыңар. Анын артынан 20 млн долларды ала албай калдык,
ошондуктан таза суу менен камсыз кылуу үчүн, ошондой эле чек араны бекемдөөнү республикалык бюджеттен акырындан каржылай беришибиз
керек. Антпесе биздин башка арыздарыбыз жөн эле калып калат», - деди
депутат.
долбоору боюнча парламенттик угууда, «Эгерде адамдар таза суу
ичишпесе, бардык оорулар ошондон пайда болот. Ал эми эл аралык
уюмдардан келген каражатты биз туш келди бирөөгө уурдаттык», деп
билдирди «ата журтчу» депутат Надира Нарматова. Анын сөзүндө, Бүткүл дүйнөүк банк 2-3 жылдан бери миллиондогон
долларларды бөлбөй калган. «Мына Убактылуу өкмөттүн кылган эмгеги,
«Таза суу» долбоору боюнча 10 млн долларды жеп алышты. Азыр силер
эч кимди кармай албайсыңар, а кылмыш иши козголгон деп айтып
жатасыңар. Анын артынан 20 млн долларды ала албай калдык,
ошондуктан таза суу менен камсыз кылуу үчүн, ошондой эле чек араны бекемдөөнү республикалык бюджеттен акырындан каржылай беришибиз
керек. Антпесе биздин башка арыздарыбыз жөн эле калып калат», - деди
депутат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#89 16 December 2013 - 00:28
КСДП фракциясы өлкөгө келген инвесторлорду колдойт жана алардын КР экономикасынын ар тараптуу өнүгүүсүнө чоң
салымдарын баалайт. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык
аймактын тегерегинде түзүлгөн абалдар жөнүндө маселелерди кароонун
жыйынтыгы боюнча кезектеги жыйындагы КСДП фракциясынын
маалыматында айтылат. «Ошол эле учурда инвесторлор КР мыйзамдарын сыйлап, түзүлгөн
келишимдин алкагында ачык жана так иштеши керек. Пикир
келишпестиктер жаралса, алар КР мыйзамдарына ылайык сот тартибинде
чечилиши зарыл. Бирок, айрым инвесторлор КР мыйзамын бузуп, өз
кызыкчылыктарын башка мамлекеттердин сотунда коргоого аракет
кылышат. Муну түштүк кореялык «ЭЭАны өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия корпорациясы» ЖЧКнын мисалынан көрүүгө болот», - деп айтылат
КСДП маалыматында. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин келген азыркы бийлик КР
кызыкчылыктарын барынан жогорку коёт жана КР мыйзамдарына баш
ийген жана аны сыйлаган инвесторлорду кызматташууга чакырат , деп
корутундулайт фракция.
салымдарын баалайт. Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык
аймактын тегерегинде түзүлгөн абалдар жөнүндө маселелерди кароонун
жыйынтыгы боюнча кезектеги жыйындагы КСДП фракциясынын
маалыматында айтылат. «Ошол эле учурда инвесторлор КР мыйзамдарын сыйлап, түзүлгөн
келишимдин алкагында ачык жана так иштеши керек. Пикир
келишпестиктер жаралса, алар КР мыйзамдарына ылайык сот тартибинде
чечилиши зарыл. Бирок, айрым инвесторлор КР мыйзамын бузуп, өз
кызыкчылыктарын башка мамлекеттердин сотунда коргоого аракет
кылышат. Муну түштүк кореялык «ЭЭАны өнүктүрүү боюнча Борбордук Азия корпорациясы» ЖЧКнын мисалынан көрүүгө болот», - деп айтылат
КСДП маалыматында. 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин келген азыркы бийлик КР
кызыкчылыктарын барынан жогорку коёт жана КР мыйзамдарына баш
ийген жана аны сыйлаган инвесторлорду кызматташууга чакырат , деп
корутундулайт фракция.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#90 16 December 2013 - 00:30
13-декабрда Жогорку Кеңештин «Ата Журт» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2014-жылга республикалык
бюджет боюнча парламенттик угууда, «Мамлекеттик чек ара кызматы
каржыланууга тийиш болгон тизменин башында турат», деди. «Эгерде аны чыңдабасак, анда кимден сактана алабыз? Алар бардыгын
коргоп жатышат. Биринчи кезекке коргоону коюшубуз керек. Чек
араларды делимитациялоо боюнча эч кандай каржылоону көргөн жокмун.
Чек ара кызматында 648 бош орун турат, бул оңой маселе эмес. Бул
жылы чек арачылардын айлык акыларын сөзсүз жогорулатышыбыз
керек», - деди ал. Ошондой эле, депутат, курулуш иштерине чек арачыларды курулуш
батальону катары пайдаланбоо керектигин белгиледи. «Ийнедей ичке
болгон чек арачылар оор усутундарды көтөрөбү же чек араны коргойбу?
Жер-жерлерде курулуш отряддарын түзүп, аларды каржылоону караш
керек», - деди эл өкүлү
бюджет боюнча парламенттик угууда, «Мамлекеттик чек ара кызматы
каржыланууга тийиш болгон тизменин башында турат», деди. «Эгерде аны чыңдабасак, анда кимден сактана алабыз? Алар бардыгын
коргоп жатышат. Биринчи кезекке коргоону коюшубуз керек. Чек
араларды делимитациялоо боюнча эч кандай каржылоону көргөн жокмун.
Чек ара кызматында 648 бош орун турат, бул оңой маселе эмес. Бул
жылы чек арачылардын айлык акыларын сөзсүз жогорулатышыбыз
керек», - деди ал. Ошондой эле, депутат, курулуш иштерине чек арачыларды курулуш
батальону катары пайдаланбоо керектигин белгиледи. «Ийнедей ичке
болгон чек арачылар оор усутундарды көтөрөбү же чек араны коргойбу?
Жер-жерлерде курулуш отряддарын түзүп, аларды каржылоону караш
керек», - деди эл өкүлү
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#91 16 December 2013 - 00:31
13-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2014-жылга карата республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун
парламенттик угууда, өкмөт республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн
ийгиликтүү аткарат, деп депутаттарга убада берди. Анын айтымында, коомчулук колдобосо өкмөт алдыга жылбайт. «Өзгөчө
СССР кулар алдында пенсияга чыккан эмгек ардагерлерине. Бул багытта
иштер жасалууда, бирок бир убакта 23 жылдын көйгөйлөрүн бир жылдын
ичинде чечүүгө жетише алган жокпуз», - деди ал. Социалдык фонддун башчысы Мухамметкалый Абулгазиев, айыл
жерегсиндеги жащоочулардын пенсиясын кайрадан карап чыгуу
керектигин айтты.
парламенттик угууда, өкмөт республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн
ийгиликтүү аткарат, деп депутаттарга убада берди. Анын айтымында, коомчулук колдобосо өкмөт алдыга жылбайт. «Өзгөчө
СССР кулар алдында пенсияга чыккан эмгек ардагерлерине. Бул багытта
иштер жасалууда, бирок бир убакта 23 жылдын көйгөйлөрүн бир жылдын
ичинде чечүүгө жетише алган жокпуз», - деди ал. Социалдык фонддун башчысы Мухамметкалый Абулгазиев, айыл
жерегсиндеги жащоочулардын пенсиясын кайрадан карап чыгуу
керектигин айтты.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#92 16 December 2013 - 00:33
Учурда жакшы менеджмент жок. Бул тууралуу , 13- декабрда «КРнын 2014-жылга карата республикалык бюджети жана
2015-2016-жылдарга карата божомол жөнүндө» мыйзам долбоорун
парламенттик угууда депутат Эсенгул Исаков («Ар-Намыс») айтты. Анын айтымында, эгерде үй-бүлөдө мыкты менеджмент болсо, анда алар
жакшы жашашат, ушундай эле нерсе министрликтерде да бар.
«Каражаттарды бөлүштүрүү боюнча, айрыкча, айлык акыларды көтөрүүдө
штаттарды кыскартабыз. Бир колубуз менен берип, экинчи кол менен
алып салабыз, ушундай бардык жерде болот. Айыл чарбасына миллиард
сом бөлөбүз деп айтып жатабыз, каражат тапканыбыз жакшы, бирок ошол эле учурда акчаларды пайдалануу саясатында алар, фермерлер, бир
жылдын ичинде жер кыртышын пайдаланып бүтпөйт, 2 жылдын ичинде
малдарды өстүрө албайт, 5 жыл берүү керек», - деди ал.
2015-2016-жылдарга карата божомол жөнүндө» мыйзам долбоорун
парламенттик угууда депутат Эсенгул Исаков («Ар-Намыс») айтты. Анын айтымында, эгерде үй-бүлөдө мыкты менеджмент болсо, анда алар
жакшы жашашат, ушундай эле нерсе министрликтерде да бар.
«Каражаттарды бөлүштүрүү боюнча, айрыкча, айлык акыларды көтөрүүдө
штаттарды кыскартабыз. Бир колубуз менен берип, экинчи кол менен
алып салабыз, ушундай бардык жерде болот. Айыл чарбасына миллиард
сом бөлөбүз деп айтып жатабыз, каражат тапканыбыз жакшы, бирок ошол эле учурда акчаларды пайдалануу саясатында алар, фермерлер, бир
жылдын ичинде жер кыртышын пайдаланып бүтпөйт, 2 жылдын ичинде
малдарды өстүрө албайт, 5 жыл берүү керек», - деди ал.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#93 27 June 2014 - 15:46
Орусия Борбор Азиядагы суу пайдаланууга карата позициясын билдирди
Орусия Борбор Азия аймагындагы суу пайдалануу долбоорлору жалпы аймактык кызматташтыкка өбөлгө түзүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу орус тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич билдирди. Ал аймактагы суу талаш маселеси өкөлөр ортосундагы түз диалог жолу менен гана чечилиши керектигин айтты. Өзбекстан Кыргызстанда Камбар-Ата-1 жана Тажикстанда Рогун ГЭСтеринин курулушуна каршылыгын билдирип келатат. Рогун боюнча техника-экономикалык негиздеменин үстүндө...
#94 27 June 2014 - 15:48
Украина,
Грузия, Молдова Евробиримдик менен маанилүү саясый-экономикалык келишимдерге кол коюшту. Бул документтер Украинанын Биримдик менен экономикалык кызматташтыгын чыңдоого, ал эми Грузия жана Молдованын саясый карым-катнашты бекемдөөсүнө өбөлгө түзөт.
27-июнда кол коюлган келишимдер постсоветтик үч өлкөнү Батыш менен жакындатып, Орусиядан оолактатат.
Брюсселдеги салтанатта сүйлөгөн Еврокеңештин төрагасы Херман Ван Ромпей жана Еврокомиссиянын башчысы Жозе Мануэл Баррозу кол коюлган документтер Орусияга багытталбаганын баса белгилешти.
Украинанын мурдакы президенти Виктор Янукович ноябрда Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тартуусу Киевде евромайданчыларды нааразылык акцияларына чыгарып, февралда Януковичти бийликтен кетирүү менен аяктаган.
“Украина Европа кыялы чындыкка айлануу үчүн акыркы айларда мүмкүн болгон кымбат бааны төлөдү”, - деди украин президенти Петро Порошенко.

#95 27 June 2014 - 15:55
Донецкте аскер бөлүгүнө чабуул жасалды...
Бейшембиде Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө орусиячыл жикчилер тарабынан жасалган чабуул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары кабарлашты. Андан бир аз мурдараак гвардиянын басма сөз кызматы бөлүккө кол салынганын, жикчилер күч кызматкерлеринен курал талап кылып, “Донецк элдик республикасынын” тарабына өтүүнү талап кылышканын билдирген эле.
26-июнда президент Петр Порошенко Страсбург шаарында Еврокеңештин ассамблеясында сүйлөп жатып, Москва тынчтык планын колдогон менен жагдайды жайгаруу үчүн жетиштүү аракет көрбөй жатканын сындады:
- Кырдаалдын жөнгө салуу үчүн тынчтык планын колдоону сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтүш керек. Биз реалдуу кадамдарды күтүп жатабыз.
Апта башында орусиячыл жикчилер менен украин бийлиги сүйлөшүү жүргүзүп, 27-июнга чейин ок атууларды токтото туруу макулдашылган эле. Бирок жикчилер андан бери ондогон чабуулдарды жасап, келишим аткарылбай келатат.

#96 27 June 2014 - 16:01
Украинадагы жикчилер арасынан өзбек жигит табылды...
Украинадагы орусиячыл жикчилердин арасында өзбекстандык согушкерлердин бардыгы да ачыкка чыгууда. Катарына чет элдиктерди тартууга кызыкдар экенин жикчилердин өкүлдөрү да четке какпайт.
Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилер Борбор Азия аймагынан чыккандарды урушка даярдыгы барлардын потенциалдуу булагы катары карашарын жаңы далилдер ишара кылууда.
22-июнь күнү «Рейтер» кабар агенттиги Донецк облусунун Сиверск шаарынан тарткан сүрөттө Калашников автоматын көтөргөн жаш жигит өзбекстандык Бактияр деп көргөзүлгөн.

#97 01 July 2014 - 09:55
Рогун ГЭСининкурулушуна экспертизаөткөрүлдү.
Тажикстандын өкмөтү Рогун ГЭСинин курулушуна экспертиза өткөрдү. Ага ылайык, суу сактагыч менен ГЭСти куруу Тажикстандын флора менен фаунасына чоң таасир бербейт, натыйжада курулушту жүргүзө берүү максатка ылайыктуу келет. Бирок, техникалык- экономикалык негиздемелерге ылайык, курулушка тандалып алынган ГЭС, жер титирөөгө туруштук берүүсү кыйын деп жазылган. Рогун ГЭСинин курулуш долбооруна эл аралык баа берүү Дүйнөлүк банк тарабынан ишке ашырылган. Анткени менен ага оң баа берилген күндө да, Дүйнөлүк банк бул долбоорго инвестиция жумшоосу күмөн экенин айрым булактарда айтылып жатат. Белгилей кетсек, Тажикстандагы ГЭСтин курулушу боюнча Өзбекстан каршылыгын билдирип келет. Рогун ГЭСи Өзбекстанда экологиялык кыйроого алып келип, мамлекетти суусуз калтырат деген билдирүүнү тараткан.

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!
#98 01 July 2014 - 09:57
Нигерияда 60 кыз уурдалды.Мындан 2 жарым ай мурда, Нигериядан уурдалган 200 кыз табыла элек. “Боко Харам” исламчыл тобу дагы 60 кыз- келинди уурдап кеткендиги кабарланууда.
Апрель айында Чибок аймагындагы мектептен 200 кыз уурдалгандан бери бул сыяктуу көрүнүштөр башка жактарда дагы уланып келет. Нигериянын түндүк- чыгышындагы бир катар айылдардан дагы жаш кыздар уурдалганы айтылууда. Башка аймактарда дагы коопсуздук чабал болууда. “Боко Харам” исламчыл тобунун аймактардагы кол салуулары талап-тоноп,
кыз- келиндерди барымта менен коштолууда.
Бул топтун колунан канча адам каза таап жатканы тууралуу так маалымат жок.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!
#99 01 July 2014 - 20:09
Неге адамдар озу кобуроок тамак ичип алып ичи ооруса деле Ислам динин кармангандарды куноолой беришет.
Кыздардын уурдалганы албетте жаман иш,бирок,мусулмандар кылган дегенге ишенбейм.

#100 02 July 2014 - 11:16

Мусулмандар эмес мусулман атын жамынган шакалдар!
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!

Супер-Инфо
super.kg
видео