Бети жоктор го.
- (2 )
-
- 1
- 2
Ylvis тобунун кыргыз кыздарын шылдыңдаганы
#22 23 May 2013 - 10:35
Эч ырларына тушунбодум жаным дан башка бирок машинасына ш.... деп жазып алганы эмнеси?Клибди кыргыз жеринде кыргыздын боз уйундо тартыптыр.Бул эмне кыргыз элинде каратып туруп кыргыз кыздарын соз менен кордогонубу?
Бул эмне деген акмакчылык.
Бизге ушул эле жетпей атты беле..кайда журот чет элден келгендерди козомолдочулор ? Кыргызстан эмне копконунон эмне кылышын билбегендердин ойноп кетчу жери болуп калганбы?Орустар айтмакчы проходной двор болуп калганбы?Ким уруксат берген тартышка?же уруксаты жок эле ар ким кирип алып билген богун жейби?Жети кабата отургандар намыстан кийин туулганбы?Жигитти намыс олтурот ,койонду камыш олтурот деген улуу кыргыз элимдин созу кайда калды?
#23 23 May 2013 - 14:05
"колун мн кылганды моюнун мн тарт"дейт кыргызда,буларды аёосуз жазалоо керек,намысыбызга шек келтиргендиги учун!!!
!!
#24 23 May 2013 - 15:29
"
...Абалкы кыргыз той берсе, Айылдан майрам шаң чыгып.
Жети дубан кыргызга, Жеткирип кабар айтылып.
Жебедей сызган, жел жетпес, Жер чапчып күлүк алкынып.
Кырк жигит чаап көк бөрү, Кызышып атка камчы уруп.
Устукан берип жаштарга, Улуусу нуска калтырып.
Кылкыяк, комуз, чопо чоор, Кылымдын күүсү тартылып.
Таймашса төкмө акындар, Таңдайга тили жанчылып.
Айтыштан жеңген мыктысы, Ал тойго кылган жарчылык.
Ак бата алып той ээси, Айлында болгон барчылык.
Азыр, той берсе чоңдор бапырап, Топ жылкы соёт тапырап.
Чертилген комуз күүсү жок, Чет элден ырчы чакырат.
Чечинген жарым кийимчен, Чет элче ырдап бакырат.
Тилдесе деле бүтүндөй, Тилине көбү түшүнбөй,
«Бали» дейт колдор шатырап.
Ак эмгек менен таппаган, Арам дүйнө чачылат.
«Бөдөнөнүн» сүтү деп, Бөтөлкө далай ачылат.
Аялы душман көрүнүп, Арыстандай атылат.
Үркүтүп сабап балдарын, Үйүнүн кутун качырат.
Биригип достор жүр дешип, Бирин-бири кашылап.
Кыздар бар сауналарда, Кызматын кылган асырап.
Арам акча көп болсо, Азгырык ишке ким барбайт.
Азгырган шайтан кылыгы, Адамды тургай жинди алдайт.
Ал жакта болгон жорукту, Айтууга кызыл тил барбайт...."
Аалы Туткучевдин "Ким эле кыргыз ким болду" аттуу термесинен үзүндү.
Айта кетчү нерсе, чет элдиктер чет тилде сөгүнсө андай деле жаман угулбайт, себеби көбү түшүнө беришбейт да , а мына ошондой эле нерсе сенин эне тилиңде болуп жатканда кулакка жаман угулат экен эээ. Дал ушул сөздөрдү кыргыздын "обиходунда" көп эле укса болот.
Башка комментарийим жок.

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#25 24 May 2013 - 11:07
Баарынан да тиги машинеге ш ...а деп жазып алганы , анысы аз келгенсин , ала таякчасын машинеге ургулап жатканы ... Кыжырды келтирип жатат ....
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#27 25 May 2013 - 15:54
Менин көңүлүмдү бузган жагдай, адамдардын ушундай уятсыз клип тартып, аны коомго алып чыкканы болду. Ал эми анда тартылган жалжаңдап бийлеп жаткан кыргыз кыздары жана мырзалары намысты акчага сатканына өкүнүп жатам. Мындайлар эртеңки күнү мекенин да сатып кетээринде шек жок.
Гуд бай, форумчулар!
!!
#29 31 May 2013 - 02:09
Калп эле кыжырданып,
наалышкандары менен кочодо данкылдатып эле угуп атышатко? Ош базарында деле жанырааат,Аламедин базарында деле жанырат! Жана навайканага барсам,ал жарыктык киши деле окурто коюп алыптыр ушул ырды. Демек...
Женщина - как эхо. Как к ней обратишься,
так она и отзовется.
#30 31 May 2013 - 04:17
Баарыбыз эле сүйлөнүп жатабыз, буларга каршы аракеттер барбы, ким билет , эмне кылып жатышат? Берген интервюсуна 0 баалээни да түшүндүрбөгөн.
Сахнада ырдыганын угуп үстүмдөн кайнак суу куйгандай эле болдум. Чоңдордон үмүтүм жок такыр. Кыргыздын патриоттору өздөрү эле чыгып булар менен эсептешиш керек, мүмкүн болсо бул эки ырчыны атып салыш керек.
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#31 20 December 2013 - 09:24
“Жаным” аттуу клиби менен Кыргызстанда чуу жараткан норвегиялык ырчылардын түлкү жөнүндөгү чыгармасын YouTube “2013-жылдагы эң популярдуу видео” деп тапты
YouTube сайты “Жаным”
аттуу клиби менен Кыргызстанда чуу жараткан норвегиялык ырчылардын “Түлкү кантип сүйлөйт?”
(“What does the fox say”) чыгармасын YouTube “2013-жылдагы эң популярдуу видео” деп тапты. Мындай маалымат жакында интернет айдыңында жарык көрдү.Маалыматка таянсак, үстүбүздөгү жылы YouTube`да аталган чыгарма эң көп кароолорго ээ болгон. 2013-жылдын сентябрь айынын башында жүктөлгөн клип жалпысынан 275 миллион ирет каралган. Клипте ырчылар түлкү кейпин кийип, кызыктай кыймылдарды жасашат.
“Ylvis” дуэти кыргыз журтчулугуна чоочун эмес десек болот. Анткени буга чейин бул дуэт кыргыз-орус тилдеринин аралаштырып “Жаным” аттуу ырды ырдап чыккан. Кийин бул "Жаным" аттуу ырды өз өлкөсүнүн сахнасында ырдап чыгышканда уят сөздөрдү айтышат. Ал гана эмес, сахнага “Шлюха” деген жазуусу бар СССРден чыккан Жигулини ала чыгышканы бар.
“Ylvis” дуэтинин "Жаным" ыры тууралуу "Супер-Инфо" гезити да жазып чыккан. Клипке тартылган кыргыз актёрлорунун клип тууралуу ойлорун бул жактан окуңуз...
#33 20 December 2013 - 10:24
Эме бизде деле ырдашпады беле.Пошол ооняка москва деп ошондой болуптур да а
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
#37 20 December 2013 - 12:57
А байкуш а байкуш, не деген гана сөздөр айтылбады кыргызга. Колдон келбеген соң унчукпай эле калабыз да, өзүбүздүн кыздарды эптей албай жатабыз. Башкаларга тилибиз деле өтпөсө керек бул жүрүштө.
#38 20 December 2013 - 15:20
Биздин" патриот" жигиттерибиз ушуга окшогондорду "тартипкке"
келтирип коюшпайбы
байкуш кыздарды "тарбиялагандан"
коро.
Озу уйдо баатыр жоодо жокпуз да....
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео