Саламатчылык,
Mother апа-ооов! Рахмат сизге чооң!
Энеге арнап жазган ырыңызды окуп зымырап кеттим. Өзүмө да көчүрүп жазып алдым. Айтып өткөн кенештериңиз аябай таасирдүү экен, Рахмат!
СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......
#6482 26 December 2013 - 11:30
Саламатсызбы,
Мозер апа! Келе жаткан жаңы жылыңыз менен! Сизге ийгилик,ден соолук, бакыт каалайм! Ар дайым балдарыңыздын маңдайында жаркырап жүрө бериңиз! ( Суроом деле жок экен). Бар болуңуз!
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#6483 26 December 2013 - 17:27
Арбаңыз Эже!
Көп катары эл ичинде аман эсен жүрөсүзбү.Жараштыра жазгандарыңызды окуп отуруп бир ой келди.Эң жоопту кесипти аркалап окуучуларга тарбия берип,уул-кызды татыктуу тарбиялап,жолдошуңуздун кирпигине кир жугузбай,неберелердин башынан сылап көңүлүн алып анан да аялзатынын аты жок жумуштарынан суурулуп чыгып форумдан кадырлуу орун тапканга кантип жетишип жатат болдуңуз экен!Биз Сиздердей боло алаар бекенбиз...Менин атам,апам ушул кесипти аркалаган адамдар.Кичинемде Атам(раматылык)жасабаса да Апам колун безеп кечке көрсөтмө курал жасап отура берчү эле,анан да план жазып,дептер текшерип дегендей.Жакында айылга барсам,райондо ачылган окуу жайды сырттан бүткөн жеңебизде мугалим болуп туруп көрсөтмө куралдын к сы жок экенине күбө болдум.Жалкоолукпу же кайдигерликпи, же азыркы замандын окуучусуна жөнөкөй деле түшүндүрсө болобу деп ойлонуп калдым.Азыркы заман демекчи баарыбыз эле саясатташып кетпедикпи. Тээ Акаевдин мезгилинде эсимде,ата-энемдин арзыбаган айлык акысын да убагында бере албаган заман болгон,Сиз деле билесиз.Маяна акчанын ордуна ар кандай азыктарды же болбосо буюмдарды алып келишчү.Ошондой элдик жакырчылыктан анан чыныгы элдик төңкөрүш келип чыкты эле.Кийин Бакиевдин заманында эмне өзгөрдү, а азыр кандай жылыштар бар болду экен мектептерде деп ойлоном.Албетте заманга кошо жаштардын келечеги ойлондурат. Айтмакчы бая күнү бир теманы окуп отуруп"тообо, азыркы жаштар шумдукдуу" деп айтып алып,кайра эки жагымды карасам эч ким жок экен өзүмдөн өзүм уялып кеттим,чоң энедей болгонума.Кичинемде маркум Таенем бизди карап алып ушинтип кайгырып калчу.Азыр кээде апам курактуулардын да айтканын угуп калам.Сиздер да жашыңыздарда ушундай сөздөрдү уксаңыздар керек,себеби заман өзгөрүп,мезгил алмашып келген,алмашып жатпайбы.
Эч нерсе тең келбеген энелик жүрөгүңүзгө кубат тилейм Эже.Бар болуңуз,аман болуңуз.Арзыбаган маянага бааланган түйшүктүү кесибиңиз менен келечектин фундаментин куйган инсан экенсиз,мээнетиңиз бакыт болуп кайтсын.Жогоруда эч кандай суроо белгисин колдонбой ой толгоо ирээтинде жаздым,жооп бербесеңиз деле макул.

#6484 26 December 2013 - 21:12
[quote name='Barika'
date='26 Декабрь 2013 - 04:06' timestamp='1388009174'
post='1371448'
]
Саламатчылык, Mother апа-ооов! Рахмат сизге чооң!
Энеге арнап жазган ырыңызды окуп зымырап кеттим. Өзүмө да көчүрүп жазып алдым. Айтып өткөн кенештериңиз аябай таасирдүү экен, Рахмат!
[/ quote]
Рахмат,Барика кызым.Айткан кеңештеримин жаштарга пайдасы тийсе,абдан кубанам.Демек, менин айткандарым талаага кетпептир деп.

Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6485 26 December 2013 - 21:26
Саламатсызбы,
Мозер апа! Келе жаткан жаңы жылыңыз менен! Сизге ийгилик,ден соолук, бакыт каалайм! Ар дайым балдарыңыздын маңдайында жаркырап жүрө бериңиз! ( Суроом деле жок экен). Бар болуңуз!
Саламатсыңбы, Салтанат?Өзүңдү да жаңы жылың менен куттуктайм.
Көңүлүң жаздай ачып бүр,
Кайгыдан дайым алыс жүр.
Үзүрүн көрүп эмгектин,
Үлпөттүү күндүн доорун сүр.
Жакшылык күндөн бошобой,
Азабын анын тартып жүр.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6486 26 December 2013 - 22:41
Арбаңыз Эже!
Көп катары эл ичинде аман эсен жүрөсүзбү.Жараштыра жазгандарыңызды окуп отуруп бир ой келди.Эң жоопту кесипти аркалап окуучуларга тарбия берип,уул-кызды татыктуу тарбиялап,жолдошуңуздун кирпигине кир жугузбай,неберелердин башынан сылап көңүлүн алып анан да аялзатынын аты жок жумуштарынан суурулуп чыгып форумдан кадырлуу орун тапканга кантип жетишип жатат болдуңуз экен!Биз Сиздердей боло алаар бекенбиз...Менин атам,апам ушул кесипти аркалаган адамдар.Кичинемде Атам(раматылык)жасабаса да Апам колун безеп кечке көрсөтмө курал жасап отура берчү эле,анан да план жазып,дептер текшерип дегендей.Жакында айылга барсам,райондо ачылган окуу жайды сырттан бүткөн жеңебизде мугалим болуп туруп көрсөтмө куралдын к сы жок экенине күбө болдум.Жалкоолукпу же кайдигерликпи, же азыркы замандын окуучусуна жөнөкөй деле түшүндүрсө болобу деп ойлонуп калдым.Азыркы заман демекчи баарыбыз эле саясатташып кетпедикпи. Тээ Акаевдин мезгилинде эсимде,ата-энемдин арзыбаган айлык акысын да убагында бере албаган заман болгон,Сиз деле билесиз.Маяна акчанын ордуна ар кандай азыктарды же болбосо буюмдарды алып келишчү.Ошондой элдик жакырчылыктан анан чыныгы элдик төңкөрүш келип чыкты эле.Кийин Бакиевдин заманында эмне өзгөрдү, а азыр кандай жылыштар бар болду экен мектептерде деп ойлоном.Албетте заманга кошо жаштардын келечеги ойлондурат. Айтмакчы бая күнү бир теманы окуп отуруп"тообо, азыркы жаштар шумдукдуу" деп айтып алып,кайра эки жагымды карасам эч ким жок экен өзүмдөн өзүм уялып кеттим,чоң энедей болгонума.Кичинемде маркум Таенем бизди карап алып ушинтип кайгырып калчу.Азыр кээде апам курактуулардын да айтканын угуп калам.Сиздер да жашыңыздарда ушундай сөздөрдү уксаңыздар керек,себеби заман өзгөрүп,мезгил алмашып келген,алмашып жатпайбы.
Эч нерсе тең келбеген энелик жүрөгүңүзгө кубат тилейм Эже.Бар болуңуз,аман болуңуз.Арзыбаган маянага бааланган түйшүктүү кесибиңиз менен келечектин фундаментин куйган инсан экенсиз,мээнетиңиз бакыт болуп кайтсын.Жогоруда эч кандай суроо белгисин колдонбой ой толгоо ирээтинде жаздым,жооп бербесеңиз деле макул.
Көп катары эл ичинде аман эсен жүрөсүзбү.Жараштыра жазгандарыңызды окуп отуруп бир ой келди.Эң жоопту кесипти аркалап окуучуларга тарбия берип,уул-кызды татыктуу тарбиялап,жолдошуңуздун кирпигине кир жугузбай,неберелердин башынан сылап көңүлүн алып анан да аялзатынын аты жок жумуштарынан суурулуп чыгып форумдан кадырлуу орун тапканга кантип жетишип жатат болдуңуз экен!Биз Сиздердей боло алаар бекенбиз...Менин атам,апам ушул кесипти аркалаган адамдар.Кичинемде Атам(раматылык)жасабаса да Апам колун безеп кечке көрсөтмө курал жасап отура берчү эле,анан да план жазып,дептер текшерип дегендей.Жакында айылга барсам,райондо ачылган окуу жайды сырттан бүткөн жеңебизде мугалим болуп туруп көрсөтмө куралдын к сы жок экенине күбө болдум.Жалкоолукпу же кайдигерликпи, же азыркы замандын окуучусуна жөнөкөй деле түшүндүрсө болобу деп ойлонуп калдым.Азыркы заман демекчи баарыбыз эле саясатташып кетпедикпи. Тээ Акаевдин мезгилинде эсимде,ата-энемдин арзыбаган айлык акысын да убагында бере албаган заман болгон,Сиз деле билесиз.Маяна акчанын ордуна ар кандай азыктарды же болбосо буюмдарды алып келишчү.Ошондой элдик жакырчылыктан анан чыныгы элдик төңкөрүш келип чыкты эле.Кийин Бакиевдин заманында эмне өзгөрдү, а азыр кандай жылыштар бар болду экен мектептерде деп ойлоном.Албетте заманга кошо жаштардын келечеги ойлондурат. Айтмакчы бая күнү бир теманы окуп отуруп"тообо, азыркы жаштар шумдукдуу" деп айтып алып,кайра эки жагымды карасам эч ким жок экен өзүмдөн өзүм уялып кеттим,чоң энедей болгонума.Кичинемде маркум Таенем бизди карап алып ушинтип кайгырып калчу.Азыр кээде апам курактуулардын да айтканын угуп калам.Сиздер да жашыңыздарда ушундай сөздөрдү уксаңыздар керек,себеби заман өзгөрүп,мезгил алмашып келген,алмашып жатпайбы.
Эч нерсе тең келбеген энелик жүрөгүңүзгө кубат тилейм Эже.Бар болуңуз,аман болуңуз.Арзыбаган маянага бааланган түйшүктүү кесибиңиз менен келечектин фундаментин куйган инсан экенсиз,мээнетиңиз бакыт болуп кайтсын.Жогоруда эч кандай суроо белгисин колдонбой ой толгоо ирээтинде жаздым,жооп бербесеңиз деле макул.
Бар бол,Мега777.Рахмат, тынч,эл ичинде аман-эсен жүрөм.Акыркы күндөрү компьютерге отурганга аз убакыт бөлүп калдым.Анткени айылыбызда мечит бар эле.Ошону бала бакча кылайын деп 1 айдан бери,айыл элинин жардамы менен 10 аялды уюштуруп,ремонт иштерин бүтүрүп,балдарды кабыл алганга даярдап,документин бүтүрүп,мурдагы күнү акимдин бала бакча болуп уюштурулсун деген буйругун алдым.Кудай буйруса жаңы жылдан баштап,балдарды кабыл алып иш баштоонун алдында турабыз.
Ал эми сен айткан үйдүн түйшүгүнөн аз болсо да келин жумшап жеңилдеп калгамын.Мен түйшүгү көп үй-бүлөгө келин болуп келгемин.Жолдошум эң улуусу.4 кайним,2 кайынсиңдим бар эле.Кайненем катаал аял.Балдарын, айрыкча кыздарын аяп,келинди жалдап алган кул сыяктуу мамиле жасачу.Таң заардан туруп,айылыбызда суу проблема эле, ичкенге ,малга суу ташып, уй саап,жампасын жаап,бир күн кир жүүсам бир күн нан жаап,анан мектепке кетчүмүн.Азыр таң калам түшкө чейин ушул жумуштарды аткарганга жетишчүмүн. Сабактан келгенден кийин тамак жасап,баарын жыйыштырып, кайненемдерди жаткырып,анан өз бөлмөмө кетчүмүн.Институтка сырттан окуп калдым.Анда берилген контрольныйларды да озүм жазчумун.Азыркылар даяр эле интернеттен көчүрүп эле тапшырып коюп жатышпайбы. Контрольный жазып,анан мектептеги сабагыма даярданчумун. Сен айткан көрсөтмө куралдарды жасап,кээде сүрөттөрдү да китепке карап өзүм тартчумун. Анан да балдарым жаш.Анын ортосунда аларды карап,күнүгө ушул ар кайталанаар эле.Бул кыштагысы.Ал эми жайында жибек курт бакчубуз,Тамеки экчүбүз.Курт эртерээк болчу.Ага тыт кыйып келип,тынбай тыттын жалбырактарын салып,качан гана курт оронуп уктаганда дем алып калчубуз.А тамекинин түйшүгү анан башталчу.Таң атпай тамеки чапмай,анан үзмөй,иши кылса тамекинин түйшүгү түгөнбөс болор эле.Бирок ошондо да сабакка даярданып,бир да сабакка кечикчү эмесмин.
Азыр деле эртең менен жумушка 8де барсам,ошого чейин нан жаап коюп кетем.Кээ бир жаш мугалимдерге, жаш келиндерге таң калам да нан жаптым эле,же эжеке нан жаап келип алайынчы деп жооп сурап калса.Нан жабуу да проблемабы дей берем да.Кээ бирлери айтып калышат да "эжеке үйүңүздө тирилик кылбасаңыз керек" деп.Аял кандай жумушта,кандай кызматта иштебесин ал --аял, Аял тирилик жасабай кое албайт.Келиним да быйыл эле 5-6 айдан бери келип кызмат кылып жатат.Алар да Россиялап жүрүштү эле төрөп,бул жакта болуп калды.Эмесе өзүм дагы деле келин болчумун.
Ал эми Акаевдин маалында 6 айлап айлык албай иштеп жүрдүк.Ошол кездеги мугалимдердин чыдамдуулугуна таң калам.Союз маалында мугалимдерге отун,көмүр,электр энергиясына акча берчү.Акаев мезгилинде булардын баары жок болду.Анда да байкуш мугалимдер мамлекетибиз эми куралып жатса, илимпоз президенттүү болдук,эми билим берүүгө көңүл бөлөт деп ишенип жүрүшсө Акаев айлыктарын убагында бербей акыйтты.Андан да ата-энелерден ремонтко,окуу китептерине арендага деп акча чогулттуруп мугалимдерди тилемчиге айлантты.Бакиев келгенден кийин айлыктар,пенсиялар убагында берилип калды,Китепке аренда деген жоюлуп,мектептин ремонтуна мамлекеттен акча бөлүнүп,1-4-класстарга чай берилип калды.Бакиевди качып кетти,элди аттырды деп жаман көргөнүбүз менен мектептерге ,мугалимдерге жакшы эле көңүл бөлүп койду.Азыр мугалимдердин айлыгын көбөйттүк деп ооз көптүргөну менен инфиляция да тамактан алып,алган айлыктары эч нерсеге жетпей,мугалимдер дагы деле коомубуздун жарды катмарынын санын толуктап келе жатышат.
Мамлекетибиздеги экономиканын начардыгынан жаштарыбыз акча табабыз деп чет жерлерге кетишти.Окуу жайларды акчанын күчү менен бүтүрүп калышты.Анан сен айткан көрсөтмө куралдын ксын жасабаган мугалимдер келе баштады мектептерге. Азыр акчаң болсо даяр көрсөтмө куралдар сатылат.Каалаган темага заказ берип жасатып алса да болот.Эми жаштардын бардыгы дебейм,арасында аракетчил жаштар да бар,бирок көпчүлүгү жалкоо.Оз предметин да жакшы билишпейт,изденбейт. Азыр жаңы технологиянын жетишкен мезгили эмеспи,Интерактивный доска менен иштесең окуучуларга компьютер аркылуу баарын көрсөтүп сабак өтсөң болот.Ошону да пайдаланганга мойну жар бербеген жаш мугалимдерге не дээриңди да билбейсиң да.45 минутту эптеп өткөрүп үйүн көздөй качып турушат.Азыркы окуучулар кээ бир мугалимдерге караганда көптү билишет,себеби интернет деген бар.А мугалим окуучудан бир тепкич жогору жүрүш керек да.Окуучунун билбегенин үйрөтүшү керек.А биздин окуучуларыбыз тескерисинче кээ бир мугалимдерге үйрөтүп калып жатышпайбы. ..
Биз жаш кезде бизден улуу муундар деле айтчу азыркы жаштар тигиндей мындай деп,бирок биз алардын айткандарын укчубуз.Улуулар эмне десе ошону аткарчубуз да.Азыр айтсаң иши эмне экен дегенден деле кайра тартышпайт. Мен да көп сүйлөп зериктирип жибердим окшойт.Ушундай Мега кызым.Мен мактанбадым, болгонун жаздым.Адам кааласа бардыгына жетишет.
Ар бириңдин ыйман болсун жолдошуң,
Баштарыңа кетпес таалай-бак консун.
Турмушуңда эч нерседен өксүтпөй
Кызыр даарып,Эгем өзү колдосун!
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6487 27 December 2013 - 15:20
Саламатсызбы Махабат эже?
Келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен!Бекем Ден соолук, Үй бүлөлүк бакыт каалайм.Мектебиңизден дагы да болсо көөп эл керегине жараган жаштарды учуруп чыгара беришиңизге тилектешмин.

#6488 27 December 2013 - 15:32
Саламатсызбы?
Суроом жоктугуна байланыштуу, каалоо тилектерден билдире кетсем.
Келе жаткан жаны жыл,сиз учун жакшы,токчулуктун жана молчулуктун, эн эле момолуу жылдардан болушуну жараткандан тилеп кетемин.

#6489 27 December 2013 - 16:47
Саламатсызбы Махабат эже?
Келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен!Бекем Ден соолук, Үй бүлөлүк бакыт каалайм.Мектебиңизден дагы да болсо көөп эл керегине жараган жаштарды учуруп чыгара беришиңизге тилектешмин.
Келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен!Бекем Ден соолук, Үй бүлөлүк бакыт каалайм.Мектебиңизден дагы да болсо көөп эл керегине жараган жаштарды учуруп чыгара беришиңизге тилектешмин.
Саламатчылык, Сайрагүл.Рахмат. Өзүңдүн да жаңы жылың кут болсун.Жаңы жыл сага да ийгилик,жакшылык алып келген жылдардан болсун
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6490 27 December 2013 - 17:24
1. Жашоону кайра жашап отуу сунушу келсе эмнеден баштайт элениз кайра, кайсы чечиминизди озгортот элениз?
2.Жолдошунуз жонундо айта кетсениз?
3. Бала кезиниздеги кыялыныз аткарылдыбы, кандай эле алар?
4. Форумда сиз учун эн кызык тема кайсы?
рахмат, жаны жыл коптогон ийгиликтерди алып келип жузунуздон жылмайуу кетпесин!
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#6491 27 December 2013 - 17:27
Саламатсызбы.
Хандын койнунда калтыраганча, кулдун койнунда кутуруп жат дегенге кандай тушунсо болот?

#6492 27 December 2013 - 23:40
Саламатсызбы?
Суроом жоктугуна байланыштуу, каалоо тилектерден билдире кетсем.
Келе жаткан жаны жыл,сиз учун жакшы,токчулуктун жана молчулуктун, эн эле момолуу жылдардан болушуну жараткандан тилеп кетемин.
Суроом жоктугуна байланыштуу, каалоо тилектерден билдире кетсем.
Келе жаткан жаны жыл,сиз учун жакшы,токчулуктун жана молчулуктун, эн эле момолуу жылдардан болушуну жараткандан тилеп кетемин.
Саламатсыңбы, Askaruli?Каалоо тилектериңе рахмат.Жаңы жыл сага да денсоолук,бакыт, ийгиликтерди жетелей келсин.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6493 28 December 2013 - 00:03
1. Жашоону кайра жашап отуу сунушу келсе эмнеден баштайт элениз кайра, кайсы чечиминизди озгортот элениз?
2.Жолдошунуз жонундо айта кетсениз?
3. Бала кезиниздеги кыялыныз аткарылдыбы, кандай эле алар?
4. Форумда сиз учун эн кызык тема кайсы?
рахмат, жаны жыл коптогон ийгиликтерди алып келип жузунуздон жылмайуу кетпесин!
Жакшы,Муниша? Балдар,неберелер кудайга шүгүр,тынч.
1. Жашоону кайра баштаганга болбойт го.Ошентсе да кайра баштоо мүмкүнчүлүгү болуп калса дагы деле ушинтип баштамакмын. Балким адабият мугалими болмокмун.
2.Жолдошум айылдык ветврач.Менин ушул даражага жетишиме чоң салым кошту.Жумуштан кармалып калсам,жыйналыштан кеч чыгып келсем тамак бышырып коет.Чарбачыл адам,Короого гүлдүн түрлөрүн эгет.Жайында келсеңер бакчабыз өзүнчө эле керемет.Помидор, пияз,болгар калемпири,картошка, капуста,ашкабак, боклажан,укроп, райкан ж.б.эгип,бошой калса эле огороддон чыкпай калат.
3."Жаштын тилегин берет"дегенге мен толук кошулам.Анткени балалык езимде кыялдангандарыма жеттим.Мугалим болом дечүмүн,Озүм каалаган адамга турмушка чыгам ,2 уул,2 кыздуу боломЮдей юерчүмүн.Ушул кыялдарым аткарылды.
4.Форумда ме кызыккан тема Адабият жана поэзия ,анан ушул супер-интервью.
Рахмат,сен үчүн да жаңы жыл жалаң гана жакшылыктын ийгиликтин жылы болсун
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6494 28 December 2013 - 22:17
Саламатсызбы.
Хандын койнунда калтыраганча, кулдун койнунда кутуруп жат дегенге кандай тушунсо болот?
Хандын койнунда калтыраганча, кулдун койнунда кутуруп жат дегенге кандай тушунсо болот?
Саламатсыңбы, Лайма?Сенин сурооңо өзүмүн түшүнүгүмун жетишинче жооп берүүгө аракет кылып көрөйүн.Хандын аялы болуш кыйын.Анткени ал эл көзүндөгү адам.Хандын аялы мындай басыш керек,мындай сүйлөш керек,мындай кийиниш керек деген сыяктуу тыюулар болуп турат.Ал эми кулдун аялы болсоң күйөөңдөн башка эч ким сенин ишиңе кийлигишпейт. Кенен өзүң каалагандай жүрөсүң.
Экинчиси байлыгы бар болгону менен адамдык сапаты болбогон адамдар да бар.Алар башкаларга эмес аялына да нормалдуу мамиле жасабайт.Бардыгы жетишет, 2 этаждуу особнякта жашаса,Бара турган жерине машина менен барат,бирок кенен отура албайт,үйүндө кызматкерлер бар.Иши кылса эч нерседен кеми жок,Бирок күйөөсүнүн жылуу сөзү,нормалдуу маилеси болбосо,бакыттын даамын татпаса,андай байлыктын не кереги бар.Андан көрө жер кепеде жашап,атала ичсе да күйөөсү сыйлап,мээримин төгүп турса балдары апалап маңдайында болсо ошондон өткөн байлык,ошондон өткөн бакыт барбы?Ошондон улам "хан койнунда калтыраганча ,кул койнунда кутуруп жат"деген сөз айтылып калган болуш керек.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6495 31 December 2013 - 12:39
Саламатсызбы Morther эже...
Сизге суроом деле жок, себеби баардык суроолор берилип канаттандырарлуук жооп жазыпсыз...
Сизге калоо тилегимди эле жаза кетсем..
Ден соолукта болунуз, балдарыныздын, неберелериниздин дагы да болсо чеберелериниздин бактысына омурунуз узуун болсун.. Жузунуздон мээримдуу жылмаюнуз кетпесин.. Сизди терен урматтоо менен dinajanka деген бир форумчу...

Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#6496 03 January 2014 - 21:52
Саламатсызбы Morther эже...
Сизге суроом деле жок, себеби баардык суроолор берилип канаттандырарлуук жооп жазыпсыз...
Сизге калоо тилегимди эле жаза кетсем..
Ден соолукта болунуз, балдарыныздын, неберелериниздин дагы да болсо чеберелериниздин бактысына омурунуз узуун болсун.. Жузунуздон мээримдуу жылмаюнуз кетпесин.. Сизди терен урматтоо менен dinajanka деген бир форумчу...
Сизге суроом деле жок, себеби баардык суроолор берилип канаттандырарлуук жооп жазыпсыз...
Сизге калоо тилегимди эле жаза кетсем..
Ден соолукта болунуз, балдарыныздын, неберелериниздин дагы да болсо чеберелериниздин бактысына омурунуз узуун болсун.. Жузунуздон мээримдуу жылмаюнуз кетпесин.. Сизди терен урматтоо менен dinajanka деген бир форумчу...
Саламатчылык, dinajanka.Каалоо- тилектериң үчүн рахмат.Айтканың келсин.
Сенин да ден соолугуң чың ,өмүрлүү,бактылуу бол.Жазгы гүлдөй ачып бүр,
Каткырык менен өмүр сүр.
Ак эмгек кылып элиңе,
Сый-урматты алып жүр.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6497 04 January 2014 - 11:30
Саламатсызбы morther эже.
Сизге үй-бүлөлүк бакыт,ден соолук каалоо менен бирге төмөндөгүчө суроо бергим келди.
Мен көп жерден укканмын ,"Намаз бул Кудайдын ыры,ал эми ырчылар ырдаган ырлар ,деги эле ырлар шайтандын ыры" дешет ушул нерсе чынбы?
Эгер чын болсо анда биздин баскан-турганыбыздын баары күнөөбү?
Анткени биз кудайдын кутту күнүндө ырларды угуп жүрөбүзгө.Жообуңузга алдын ала рахмат.

Эх,
где то золотое время, когда меня хвалили за то, что я поспала и хорошо покушала!!!
#6498 05 January 2014 - 20:59

Саламатсыңбы, Викарус?Каалооң үчүн чоң рахмат.Ал эми сурооңо мындай деп жооп бергим келди.Намаз Кудайдын ыры экени чын,Бирок адам баласынын,айрыкча кыргыздардын жашоосун музыкасыз элестетүү кыйын,Кыргыз туулгандан баштап аллей ыры менен чоңоет,ал тургай өлгөндө да ыр(кошок) менен акыркы сапарга узатабыз.Анан ырчылардын ырын шайтандын ыры деген туура эмес болуп калат го.Музыкасыз жашоону мен элестете албайм.Кыргыз эли ыр жандуу эл.Башка элде жок төкмөчүлүк өнөр бизде бар.Токтогул, Тоголок Молдо,Эстебес, Токтосун,Тууганбай сындуу төкмөлөрүбүздү шайтандын ырчылары десек,Карамолдо, Ниязалыны,Саякбайды шайтандын балдары дейбизби?Комузда кол ойнотуп черткен өнөр кыргыздада гана бар болсо,ушулардын баарын шариятта ушундай айтылыптыр деп жокко чыгарабызбы? Кыргыздар байыркы эл.Ал эми дин кийинчерээк эле келген да.Кыргыздар теңирге сыйынып келишкен.Теңирчиликтин кээ бир ырым-жырымдары сакталып келе жатпайбы,ошондуктан шарияттагы кээ бир айтылган ырым-жырымдар теңирчиликтеги ырымдарга карама-каршы болгон учурлар көп эле кездешет.Көңүлүң кандай кааласа ошону аткар,кудайга жүрөгүңөң берилип ишенип,өзүң адамгерчиликтин чегинен чыкпай жүрсөң ошол туура жол деп ойлойм.Шарияттагы айтылгандардын баарын аткара албайбыз,себеби биздин кан-жаныбызга сиңип калган жазылбаган эреже менен жашап келе жатабыз
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#6499 05 January 2014 - 21:36
Саламатсыңбы,
Викарус?Каалооң үчүн чоң рахмат.Ал эми сурооңо мындай деп жооп бергим келди.Намаз Кудайдын ыры экени чын,Бирок адам баласынын,айрыкча кыргыздардын жашоосун музыкасыз элестетүү кыйын,Кыргыз туулгандан баштап аллей ыры менен чоңоет,ал тургай өлгөндө да ыр(кошок) менен акыркы сапарга узатабыз.Анан ырчылардын ырын шайтандын ыры деген туура эмес болуп калат го.Музыкасыз жашоону мен элестете албайм.Кыргыз эли ыр жандуу эл.Башка элде жок төкмөчүлүк өнөр бизде бар.Токтогул,
Тоголок Молдо,Эстебес,
Токтосун,Тууганбай сындуу төкмөлөрүбүздү шайтандын ырчылары десек,Карамолдо,
Ниязалыны,Саякбайды шайтандын балдары дейбизби?Комузда кол ойнотуп черткен өнөр кыргыздада гана бар болсо,ушулардын баарын шариятта ушундай айтылыптыр деп жокко чыгарабызбы?
Кыргыздар байыркы эл.Ал эми дин кийинчерээк эле келген да.Кыргыздар теңирге сыйынып келишкен.Теңирчиликтин кээ бир ырым-жырымдары сакталып келе жатпайбы,ошондуктан шарияттагы кээ бир айтылган ырым-жырымдар теңирчиликтеги ырымдарга карама-каршы болгон учурлар көп эле кездешет.Көңүлүң кандай кааласа ошону аткар,кудайга жүрөгүңөң берилип ишенип,өзүң адамгерчиликтин чегинен чыкпай жүрсөң ошол туура жол деп ойлойм.Шарияттагы айтылгандардын баарын аткара албайбыз,себеби биздин кан-жаныбызга сиңип калган жазылбаган эреже менен жашап келе жатабыз
Жообуңузду окуп алып кичине болсо да көңүлүм жай алды.Анткени мен ырларсыз жашоому кызыксыздай элестетем. Менда көп ойлончумун бул нерселердин баары күнөө болсо,"Кудай берген талантты улуу инсандарыбыз эмне кылмак " деп.
Эх,
где то золотое время, когда меня хвалили за то, что я поспала и хорошо покушала!!!
#6500 07 January 2014 - 16:17
morther
, кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!
Бул жуманын коногу көпчүлүктүн маанайын көтөргөн билдирүүлөрдүн автору - Mr.katagan! Куш келипсиз!
Алгачкы суроолор:
1. Өз ысымыңыз жана нигиңиздин тарых-таржымалы туралуу эки ооз кеп.
2. Супер сайтка катталган алгачкы күнүңүз.
3. Суперстандагы кызыкка бай күндөрдөн бир элес...
Интервьюңузга ийгилик каалайм!

Супер-Инфо
super.kg
видео