Экинчи балам да кесерово менен төрөлүп, жарык дүйнөдө кыркы
чыкканга чейин эле жашады. Бир түн гана ысытмалады.
Денеси от менен
жалын болуп күйүп, көздөрү жумулбай чирене чалкалап, чыңырып ыйлап
жатты. Таңга маал дарманы түгөндүбү же бой түзөгөнбү, үнү чыкпай
мемирей баштаганда өзүмдүн да көздөрүм илинип кетиптир. Бирөө безге
сайгандай чочуп ойгонсом кызымдын жылуу деми кайтып, муздап бараткан экен… Эки өлүмдүн тең күйүтүн тарткан жалгыз өзүм болдум. Баарынан да аз
күн жашаса да балапан жытын искеп, эмчегимди эмизип, энелик
мээримим түшүп калган экинчи баламдын кайгысы оор эле. Анын кенедей
денеси көкүрөгүмдү гана жылытпастан,
жалгыздыктан муздай тоӊгон
жүрөгүмдү да эритип салган экен. Жанымды коер жер таппай
кыйналганда Назардан жубатуу издедим. Айрыкча кирпигим кагылбаган уйкусуз оор түндөрдө ага ыкталып, эркектин мээримин сезгим келет.
Дээринен тоң эрим менин ага мамилем өзгөргөнүн өзүнчө жоруп:
«Ушундай катын болуп жүрсөң… Эр сыйлаган эшикте калбайт» – деп
пейил күтүп керсейип калат. Көңүлдү гана эмес төшөктү да жылыта
албаган түндөрү аялдык сезимимди басмырлаган таш денеден
бошонорум менен тескери карап жатып: «О кудай, кечир мени?! Мага жубайлык бакыт буюрбасаң да перзент берчи?! Өмүрүн кошо берчи?!
Жалгыз жанымды аячы?», – деп каңырыгым түтөп кетет. Үчүнчү жолу боюма бүткөндөн баштап катуу-ирик ишке жарабай калдым.
Боюмду көтөрө албай араң эле кыбырап жүрөм. Мунум кайненеме да, күйөөмө да жакпады. «Көтү батып калды да, ашка
жүк, башка жүк, сетирейген сетердин», – деп угулар-угулбас күбүрөнүп,
кара жаак кемпир эки көзү менен жеп ийчүдөй акырая тиктейт. Картошка
эгип, чаба келгенде эле жалакайланып үйгө көп токтобой, иштин баарын
мени менен Азимге түртө салган Назар эми өзүнө күч келгенде ырайы
бузулду. Тез-тез жинденип, кайнагамдын балдарын кууруп, сөгүнгөнү күчөп баратат. «Эй ашкебилер, качанга чейин силерди багам!
Жегениңерди актап жегиле! «Нан» дегенди билесиңер, иштегенди
билбейсиңерби!
?» деп бечара балдардын ансайын жылдызын өчүрөт. Бул
сөздүн бир учу мага да ыргытылганын туюп турам. Баламды этияттап,
аны жаныма көп жуутпай калганым ансайын кошул-ташыл болду. Ачуусун
кантип чыгарарын билбей жүргөн экен. Акыры бир күн жарылды. Биринчи чабык башталганда ичим чоноюп, ылдый эңкейип кетмен чапмак
турсун, олтуруп-турушум кыйындап жүргөн. Ошентсе да кечке талаада
баш көтөрүшпөй иштешкен Азим менен Кадырга эш болоюн деп алардын
жанынан кетпейм. Кадыр дагы эле кичинелик кылып отоо чөбүн отоп
бергенден башка колунан иш келе элек. Чоңу жалгыз кетмен чабат.
Алакандары кабаарып, берч болуп катып калыптыр. Балакатка жете элек баланын чоң кетмендин шилтеми менен кошо жыгылчудай болуп
ыргалган кебетесин көрүп аяйм. Көздөрү кусалуу болсо да ушул
тагдырына көнүп үндөбөйт. Турмушта кагылып, согулган чоң адамдан
бетер баары-жокту ичине ката билип, өтө эле токтоо, түнт. Аны аяй карап
туруп: – Ази-им! – деп чакырдым, үнүм жашыңкы чыкканына өзүм кайра уялып
кеттим. Экөө тең мени карап калышканда кол булгап «Бери келгиле!» –
дедим. «Кош бойлуу экенсиң, шимип жүрсөң көңүлүң ачылат», деп Сурма
эне эч кимге көргөзбөй эрте менен алып келип берген курут,
шириндиктерден аларга деп бир уучтан ала чыккам. Экөөнө тең бөлүп
колдоруна карматып, «эс алганча жеп алгыла» деп олтургуздум.
Чарчап калышкан бадар баштарын шылкыйтыша үн-сөзсүз адегенде момпосуйду,
анан курутту жеп түгөтүштү. Артынан атала ичишип. кайра ишке
түшүшөрдө жакындап келип калган Назарды көрдүк.
Жат терезеде өскөн менин гүлдөрүм Зинакан ПАСАҢОВА
#21 09 December 2013 - 01:07
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#22 09 December 2013 - 01:08
Эй ашкебилер, түшкө чейин кылганыңар ушулбу? Мойнуңарды жулуп
алайынбы! – деп ызырынып Азимге кол шилтээринде мен кармап калдым. – Тур нары! Сен өзүңдү бил! Жалкоо!... Алкаш! Назардын көздөрү чакчая түштү. Ызырынып келип сол бетиме шапалак
урганын бир билем. Жерге учуп түшүпмүн. Буту менен тепкилеп,
муштуму менен башы– көзүмө карабай салып киргенде боюмдагы балага
тийбесе экен деп жандалбастап. ичимди кош колдоп кучактап бүрүшүп
жатып бердим. – Тийбе жеңеме, тийбе! – деп чырылдап үстүмө түшө калган Азимди
ыргыта тепти. Азим кайра тура калып ый аралаш сөгүнүп, Назарга дагы
асылды. Озондоп ыйлаган Кадыр эки колуна таш көтөрүп алыптыр.
Биздин ызы-чуубузду уккан аталаш кайнагам чуркап келип ажыратпаса
эмне болот элек билбейм. Артынан кемпири Сурма эне келди. – Э падариңа наалат! Кош кат аялга кол көтөргөн, айбан! Баланын
кусуруна калып калба ушинтип жүрүп! Э атаңдын көрү! – деп ачуусун
токтото албаган кайнагама кошулуп кемпири бирде мага үйрүлүп
чаңымды күбүп, бирде өпкөлөп ыйлаган балдарды кучактап сооротуп,
ары басып кеткен Назарды жер-жеберине жеткире тилдеп кейинип жаты.
Чаңга аралашып жаткан мени Азим менен Кадыр жөлөмөлөп турузганча: «Ыйлаба, жеңе ыйлабаңызчы…» деп жалоорушса өздөрүнүн жүзүн
жууган жаш токтобой он талаа болуп агат. Дене боюм тепкиден жанчылып калган экен, сынган жерим болбосо да
көп күн төшөктөн тура албай жаттым. Чоң муштумдан запкы көрөр алсыз
аял болуп калганыма өкүнүп-өксүдүм. Же мени коргой турган төркүнүм
жок, кимге датымды айтаар элем. Өзүнө кара күчү жетпей турган
коргоосуз жанды басмырлап, каалашынча кордоодон моокумун кандырган
айбан чалыш эркекти биротоло жек көрүп, дитим карарды. Бирок, чынжырга байлангансып ушул азаптуу гөр турмуштан чыгып кетер жолду
табалбай карайлай бердим. Мен баш көтөргөнчө Назар да коркок-билиш болгонбу, же абийири
ойгондубу камкорсуп калыптыр. Оозунан эч деле жылуу сөз чыкпайт,
бирок, жүзү күнөлүүдөй жазганып, көп сүйлөбөсө да жанымда көбүрөөк
олтурчу болду. Армияда жүргөнүндө телефон кызматын үйрөнгөн экен.
Айылдагы эски-уску радиотелеаппараттарын чогултуп оңдоп, же
кураштырып бир нерсе жасамыш этет. Баары чайга олтурганда өзүнүн оозу ашка тийбей жүрүп «ич» – деп кесесин мага жылдырат. Бир жолу
таң үрүл-бүрүлдө төшөктөн туруп баратып үстүмө өзүнүн тонун жаап,
кумтулап жатканын туйдум. Ошондо жанымды ооруткан кычкачтай катуу
колдору жагымдуу сезиле түштү. Аялдын жүрөгү өтө ийилчек болот экен.
Ачуу ызам таркай элек болсо да кайрадан ага ийигип бараткансыйм. Үчүнчү жолу операцияга кирерде оюма нелер келип, нелер кетпеди. Айы-
күнүм жеткенде төрөт үйүнө алдын ала жаткырып карап турушкан
догдурлар толгоом келе электе эле «кесерово» жасаш керектигин бир күн
мурун айтышкан.

#23 09 December 2013 - 01:12
Ошол түндү кирпик ирмебей өткөрүп, таң заардан жүрөктү опкоолжуткан
санаа менен операцияга даярдана баштадым. Буюмдарымды жыйнап
коюп, душка түшүп жуунуп, санитар аял берген ак бөз көйнөктү киеримде
муунум бошоп кетти. «Ыйлаба, күчүңдү кетиресиң», – деп акушер– хирург
эркек улам соороткон сайын көз жашым токтосочу… Эч кимге айтпаган
жүрөк дартым, арман күйүтүм, кабыл болбогон тилектерим, жалгыздыгым, «балам аман бекен» деген коркунучум ыйыма чыгып, нукту
жырып кеткен ташкындай болуп ага берди… Кийин айтышат, операция
убагында да, андан кийин уктап жатканымда да көздөрүмдөн тынымсыз
жаш агып туруптур. Боюмдан алышкан балам уул экен. Ага да Кудай ченелүү эле өмүр
бериптир. Тубаса жүрөк дарты менен төрөлгөн балам көзгө көрүнүп,
талпынып калганда жок болду. «Мени да кошо көмгүлө!» деп ботодой
боздоп сөөгүн бербей талаштым. Колумдан жулуп кетишип, алпарып
көөмп коюшту. Түнү баары укташканда акырын эшикке чыктым да,
темселеп гөрүстөндү көздөй жөнөдүм. Наристе бойдон көз жумушкан үч перзентим жаткан бейиттен башка жакта мага күн жок эле. Ай жарыгында
издеп жүрүп дөмпөйгөн дөбөчөлөрдүн арасынан уулумдун топурагы
кургай элек кол башындай мүрзөсүн таптым. Бакырган бойдон үстүнө
жыгылып, колдорум менен чапчылап ачып кирдим. Канча убакыт өттү
билбейм, акыры кабырдын оозун ачып, баламдын сөөгүн сууруп чыктым.
Анайыным, өзүм чүргөгөндөй болуп ак сурпка оролуп мемиреп жатат. Карын чачы карарып көзүнө түшүп, жүзү сүттөй аппак, сүзүлө жабылган
кирпиктери камыштай болуп тикеленип турат. Уулумдун бешенесинен
өпсөм таштай катуу, муздак экен. Чочуп кетип «чымындай жаны жаннатка
учуп кеткен тура» деген элдир-селдир түшүнүк акыл-эсимди араласа да
ага ынангым келген жок. Баламды алдыма алып алдейлеп олтурам.
Көкүрөгүм сүткө толуп дирилдеп агып, уулума айтып үлүрө албай калган бардык жалынычымды, эркелетип,элжиреген мээримимди, балапан
жытына тойбой калган кусалыгымды төгүп-төгүп жалбарып буркурап
ыйлап да олтурам. Менин бул кайгымдан үшү кеткендей асманда Ай гана калтырап
тикирейип карап турду. Жылдыздар жүзүн жаап-жашырып ала
качышкандай алыстан көрүнүп-көрүнүшпөйт. Ээн, эски мүрзөлөрдү
жаңыртып, кайгымды айтаарга башка эч кимди таппай «Апа-а!» деп
айкырыкты салып, өзүм көрө элек апамды жардамга чакырып, ботодой
боздоп жаттым. Менин кайда кеткенимди туюп калышканбы, аталаш кайнагам аты менен
чаап келиптир. Гөрүстөнгө атчан эле күү менен кирип барып, мени
тебелетчүдөй болуп омуроолоп камчылап ийди. Кайыштан жылан боор кылып өрүлгөн камчынын уусун тоотуп да койгон
жокмун. «Балама тийбесин» деп калкалап ала качтым. Кайнагам анан
аттан ыргып түштү да, маңдайыма чөгөлөп: «Олдо, айланайын, ая! Очор-бачар эле боло турган түрүң бар эле!
Кудайга кай жагыңдан жаздың экен? Ушинтип жалгыз перзентиңди да
атаа кылбай койсо, кантели!.. Мастан кайненеңдин каары тийди го, тийди
го!», – деп муун-жүүнү зыркырап жашыды. Анан колумдагы баламды
тонуна ороп көтөрүп, мени жетелеп, мүдүрүлүп, жыылып-тыгылып
олтуруп айылга жеттик. Уулумду жууп, кепиндеп кайра көмүштү. Бул жолу олтурган ордумдан
козголбой, нес болуп катып турдум. Жүрөгүм какпай токтоп калгансыды. Ошол күнү Назардын кайда жүргөнүн билбейм, кечээги бойдон үйгө
жатаар убак келди. Түз мен жаткан бөлмөгө кирип, чыракты жагып, азга
карап турду. Башымды көтөргөн жокмун. Тирүү менен өлүктүн ортосунда
карайлап, жашоодон аша кечип тургам. Ал менден корккондой, акырын
теңселе басып келип, жүзүмө үңүлүп: «Гаухар, Гаухар».. деп үн салды.
«Бур» эткен арактын ачуу жыты думуктуруп, көздөрүмдү ачышка аргасыз кылды. Ал экөөбүз тиктешип калдык. Менин чын эле тирүү экениме
ишенбегенсип, шишиген кабагы менен сестейе караганы тумандап
көрүндү. Анан өңү– башы бырышып эмшеңдеп мени баса жыгылды. Кечээтен бери көздөрүмдөн жаш чыкпай калган эле. Жүрөгүм гана
ачыштырып күйүп жаткан. Күйөөмдүн ыйы мени бошотту. Кургаган
каректеримден кайрадан көз жаш булак болуп акты. Жарык дүйнөгө
келбей жатышып чарчап калышкан периште балдарыбызды жоктоп,
азабына чыдабаган арман-күйүтүбүздү ыйга чыгардык. Үстүбүзгө жан
адам кирген жок. Анын жүзүнөн салаалап аккан ачуу көз жаштын даамын эриндеримден сезип жатып: «Эми эч качан Назар менен урушпайм,
урушпайм…» – деп ичимден кайталай бердим.

#24 15 December 2013 - 16:15
Быйыл жаӊырган балык жылын эл-журт кооптонуп тосту. Жыл санакты аяктаган балык жылын айылдыктар “Улуу жыл” деп тергешип, оор өтөрүн болжолдошот.
Бул жашообуз түгөнгүс коркунуч менен коштолот тура. Калыӊ элдин корккону: согуш кыргыны, жер титирөө, сел, бей ажал өлүм, айыккыс оору, мал-жанга келүүчү жут сыяктуу кырсыктар экен. Жеке пенденин да өзүнө жараша жүрөкзаадасы көп. . Балдарымдан айрылгандан кийин ичим көӊдөй болуп, мен да караӊгы түндөй коркунуч ээлеп алган. Андан качандыр арылышыма көзүм жетпейт. Уулумду жерге бергенден кийин таӊдын атканы, күн батканы баары бир болуп тирүүнүн өлүгү болуп жүрөм. Өткөн күнүӊдөн тажап, алдыдан эми жакшылык күтпөй жашоодон өткөн тозок жок.
Көз жашым кургабай жүргөндө Сурма эне Назар экөөбүздү үйүнө чакырды. Кайнагам төрдө комузун кыӊгыратып олтуруптур. Чон апам дасторконун жайып белендеп койгон экен. Бизге сыйлуу меймандан бетер камылга көрүптүр. Мени кыймылдатпай дасторкон четине олтургузуп койду, Улам алдыма бир оокатты жылдырып, “же! ич!” деп өнтөлөгөн мээримине күйүттөн таштай түйүлгөн жүрөгүм бошоп баратат. Ушул үйдө гана өзүмдү адам сезип, жан кире түшөт. Куттуу жана мээримдүү үйдө дагы узагыраак олтургум келет.
Көп сүйлөбөгөн кайнагам комузун узакка күүлөдү. Демейде момун, жупуну көрүнүүчү карыянын бул жолу төрдүн ажарын ачкан салабаттуу жана куттуу сөөлөтүн биринчи жолу байкадым. Чон апам бекеринен өмүр бою ага аялдык ыкласын берип, тереӊ сезимин арнабаптыр. Кайнагам ушундай сыйга арзыса керек да. Бул чындыкка бүгүн көзүм ачылды. Жаштайынан сүйүшүп кол кармашкан жубайын “уул төрөбөйсүӊ” деп карыгыча кинелебей, аялдык бакыт тартуулай билген эркектердин мыктысы экен. Турмушта сүйүүдөн курулган ушундай ырыскылуу үй-бүлө да бар тура. Мындай ойлордон сезимим бир аз болсо да жарый түшкөнсүдү.
Кайнагам издеген күүсүн таптыбы, оӊдонуп олтуруп, тебетейин башынан алып кемпирине узатты. Анын ичинен кийген ак топусун түздөп, ичинен алда-кимге кайрылгандай эриндерин кыбырата дитин күүгө койду, Комуздун кылдарын бириндетип шашылбай терип, салмактуу черте баштады. Чакан бөлмө бара-бара ыргактары муӊдуу кайрыктарга толду. Бир туруп нөшөрдөй шар төгүлүп, шамалдай озондогон, бир туруп жүрөктүн бир тамырын солкулдатып сызгырылткан обондун сыйкырына арбалдык. Айрыкча, мен жаралуу жүрөгүмдү төшөп уктум. Муштумдай көөдөнүмө сыйып, көптөн бери жол издеп, сыртка чыга албай жүргөн бардык арманым, кейишим, кабыл болбогон үмүт-тилектерим, кунарсыз жаштыгым, эӊсеген сүйүүм, перзенттеримдин күйүтү козголуп, толкуп чыкты. Мен аларды күчтөп басып, түпкүргө көөмп, анан ошонун баарын жалгыз көтөрүп, турмуштун таштак жолунда каржалып жөө келатканымды ойлондум. Дагы канчага чейин ушул жүктү көтөрөм? Алдыда дагы кандай сыноолор күтүп турат? Балдарымдан ажырагандан кийин бул тирүүлүктөн кайгы-муӊ менен эле өтүп кетемби? Алардан башка менин сүйөөрүм да, бул дүйнөдө илинээрим да жок эле. Анда күн көрүштүн кажети не?!
Мени жөө тумандай каптаган бул суроолор менен кошо көз жашым да дарыя болуп акты. Ыйлап жатканымды жашыргым да келген жок. Сууланган жүзүмдү башыма салынган жоолугумдун учу менен аарчып коюп ичтен дымып эзилип ыйладым. Эч ким үндөбөдү. Кайнагамдын черткен күү мени менен кошо онтоду, сыздады, демин ичине алып улутунду,тагдырга кектенди, аны жеӊүүгө өжөрлөндү. Бир күүнүн аягына чыгып, улам башкасын улап чертсе да баарынын кайрыктары муӊдуулугу жагынан окшош экен. Бул күүлөр күйүттүү жүрөктөн жаралса керек. Боору бүтүн адам аларга минтип жан киргизип черте алмак эмес. Кайнагам менен Сурма эне эмне үчүн мага жакын экенин эми түшүндүм. Алар бул дүйнөнүн улуу кайгысын ар– намыстуулук менен көтөрүп жүрүшкөн адамдар. Башка салганды солк этпей көтөрүп, турмуш бороонуна аска-зоолордой кебелбес сабыр күтө билген адам гана улуу. Аздыр-көптүр берген өмүрдү ысык-суугуна түтүп, наалыбай, майдаланбай, бирөөгө колдон келген жакшылыгыӊды аябай, жакындарыӊды сүйүп, ошодон жан дүйнөӊө канааттануу таап жашай билүү – бул эрдик. Тирүүлүктүн азабын тарткан бир гана мен эмес, мага чейин да кайгылар болгон, менден кийин да тыйылып калбайт. Жашоо улана берет.
Көз жашым какшыганча ыйлап, көөдөнүм бошоду. Боюма кайрат кириптир. Кайнагам бул күүлөрдү атайылап мен үчүн черткенин түшүнүп, ыраазы болуп турдум. Сөз жетпеген жерге күү жетет экен.
“Рахмат сиздерге. Биз кайталы!”, – деп уруксат сурай чон апамды эркелей тиктедим. Сурма эне көӊүлүмдүн ачылганына сүйүнүп кеткенсиди. “Айланайын, каалаганда келип тур үйгө?!” – деп жолго чейин узата чыгып, жалбарып жатты.
***
Эл-журт кооптонгон Балык жылы баштала электе эле кыш чилдеси жылдагыдан эрте түшүп, отун-суусу тартыш үй-бүлөлөрдү жүдөтүп ийди. Электр жарыгы апталап өчүп, кыштын суук жана узак түндөрүндө айыл караӊгылыкка тумчугат. Эзели тоӊбогон арыктын үстүн калыӊ муз каптап, балта-теше менен чапкылап оюп, араӊ суу алабыз. Кар күндө боройлоп жаайт. Райондун борбору менен туташтыруучу жолду күрткү басып калса тазалай турган техника жок. Автоунаалар каттай алышпай, жол да жабылды. Дүкөнчүлөрдүн күнү тууп, азык-оокаттын баасын асмандатып ийишти. Эртенки күнү ачка калыштан корккон адамдар кымбаттыгына карабай таламай кылып сатып алып жатышат..
Бул кыйынчылыктардын башталышы гана болгон экен. Көп өтпөй айылды сасык тумоо каптады. Жаш-карыны, бала-чаканы бирдей төшөккө жыкты. Ысытмасы оӊойлук менен кайтпаган, дары-уколду тоготпогон күчтүү тумоо экен. Чет өлкөдөн келген грипп имиш. Бир топ кары, ымыркай балдар ооруну жеӊе албай өтүп кетишти. “Баланчанын баласы чарчап калыптыр” деген кабарды уксам жүрөгүмө бычак болуп сайылат. Перзентин жоготкон эне-атанын кайгысын кошо көтөрөм. Биздин үй-бүлөдө да бир Назардан башкабыз ооруп айыктык. Айрыкча кайненемдин башка кеселдери да кошул-ташыл болуп көпкө чейин төшөктөн баш көтөрө алган жок.
Эрте түшкөн кыштын чыгышы да кыйын болду. Февраль аяктап баратса да тез-тез зампарлап кар жаайт. Эшик алдына кар дөбөчөлөр тоодой болуп үйүлгөн. Айылдагылардын тынчы кеткени мал үчүн камдаган жем-чөптөрүнүн түгөнүп баратканы. Кыш жылдагы маалынан бир ай эрте түшүп, мал колду карап калганына көп болду. Эл тоюттан кыйналса Назардын күнү тууду. Караганыбыз бир уй, эки кой болгондуктан чөп кеӊири эле. Жайкысын үлүш жерибизден чаап-жыйнап алган чөптүн чети оюла элек. Тамарканын үстүндө дөбөчө болуп жыйылып турат. Ага көз арткандар көбөйдү. Күн өткөн сайын чөптүн баасы төрт-беш эсе ашып, мал болсо тескерисинче арзандай берди. Бир уйду бир араба чөпкө алмашкандар бар. Мурда Назарды теӊине албаган алдуу-күчтүүлөр эми чөбүн арзаныраак сатып алуу үчүн ага акыл салымыш болушуп, сөзгө ийитип, бозого чакырышып, шынаарлап калышты. Соодасы кызыган сайын Назар да пейил күттү. Мага тургай кайненеме акыл салбай опурулуп сүйлөп, манчыркаганы таӊ калаарлык. Адам башкалар көзүн карай турган бийликке ээ болсо укмуш өзгөрүп кетерин күйөөмдөн көрдүм. Ага ушул үстөмдүгү майдай жагып, чөнтөгүнөн акча үзүлбөй, “Назар палван” деп кошаматтангандарга курсант. Убактылуу болсо да өзүн өтө кадырлуу жана бардар сезип бир көтөрүлүп алды байкуш күйөөм. Ушуну ойлоп аны аяп да, ичимден күлүп да жүрөм.
Бирок, анын ооматы кайтаар күн да алыс эмес экен. Тоюттан өтө кыйналган эл бир күнү айыл өкмөтүнүн кеӊсесин басып кирди. Айыл өкмөт башчы качып араӊ кутулуптур. Кеӊсени өрттөп ийчүдөй каарданган адамдар милицияны да тоотпой, эки күн басып жатып алышат. Качан райондун акими жоон топ башка жетекчилер менен келип алар менен жолукканда гана ийге келишет. “Бийлик деген барбы өзү! Бизге жем-чөп керек! Малды кырып алсак кантип оокат кылабыз! Элди бага албаган бийликтин не кереги бар! Ыӊкылапты мына биз баштайбыз! ” – дешип талапты катуу коюшат. Аким Чүйдөн тез арада тоют ташып келебиз деп убада бериптир. Бир жумага жетип-жетпей эле КамАЗ машинелер убай-чубай айылга чөп ташый башташты. Баасы чайкоочулардыкына караганда бир топ арзан экен. Пулу барлар нак акчага, колунда жоктор күзгүгө карыздап алышып, көнүлдөрү тына түштү. “Жазга чыгып кетээрбиз ушу менен” дегендер Назарга жолобой калышты.
Улуу жылдын кышынын каары да оӊойлук менен кайткыдай эмес. Күндүн көзүн тиктеп, ачылып кетсе экен деп тилеген элдин айласын курутуп эки күндүн биринде борошо уруп, кар жаайт. Март айынын башында бир жума бою күнү-түнү тынбай жааган суу кар кыштакка кайрадан калбаа алып келди. Бир-эки мал сарайдын үстү оор карды көтөрө албай түшүп калгандан кийин айылдагылар үйлөрүнүн, тамдарынын чатырын жапа тырмак күрөп башташты. Үйүндө эркеги жоктор башкаларды акчага жалдап күрөтүшкө аргасыз. Жалган ооматынан кол жууп, куйкасы курушуп жүргөн күйөөмдүн күнү кайрадан тууду. Өзүнө окшогон дагы 2-3 сомодой эркектер менен бир топ түзүп алып, ар кимдин үйүнүн үстүн, короосун күрөп акча тапканга кыныкты. Алардын кызматына мукурап, кезмет күткөндөр ого көп.
Сурма эненин эскирип калган үйүнүн чатыры да оор карга майышып араӊ турат. “Чон апамдардыкын күрөп берчи?” – деп Назарга күнүгө айтам. Кулагына илбей, “ана-мына” деп тил эмизет. Абасынан акы алгандан тартынып, бекерге да иш кылып бергиси келбей жатканына жаным кашаят. Ушундай да кара өзгөй болобу. Кайнагам да күнүгө: “Назар палван! Кол бошоюн дедиби?” – деп кулак какты кылып коет. “Бүгүн кичине иш калды. Ошону бүтүрсөм эле сиздикин күрөйм”, – деп жалган убада бергенге маш экен күйөөм. Менин эле чый-пыйым чыгат уялып.
Көп күндөрдөн бери жүрөгүм түпөйүл, уйкум тынч эмес, түшүм да бузулду. Дайыма чалды-куйду жана опур-топур окуялардын арасында жүрөм. Айланамда мен тааныбаган жат адамдар болот, же ниети бузук жин-шайтанга окшогондор илээшип алышат. Ойгонгондон кийин да дүрбөлөӊдүү сезимден кутула албайм. Түндө түшүмдө айылдын күн батыш каптал жагындагы бийик тоонун жылгасынан сел кетиптир. Ажыдардай атырылган киргилт суу таштарды, дарактарды агызып, жолуна туш болгондун баарын жалмап жутуп келатат. Айылдын четиндеги биздин үйгө жетишке аз калды. Жүрөгүм алкымыма капталып, качайын десем бутум тушалуудай кадамым шилтенбейт. Негедир, жанымда эч ким жок, өзүм жалгыз экенмин. Балдарымдан ажырагандан кийин өлүм мага коркунучтуу болбой, кайра бул жашоодогу бардык азабымдан кутулуу үчүн өз эрким менен жан кыюуга эчак даяр элем. Анда неге коркунучтан үшүм кетип, ажалдын чеӊгелинен кутулууга жандалбастаганыма өзүм да айраӊ-таӊмын. Бирок, турган ордума байлап койгондой жылалбай койдум. Коркконумдан көздөрүмдү бекем жуумп алып, оозума келме келет.
Чамынган улуу сел чарбагыбыздын четине жетип токтоду. Аман калганыбызга сүйүнүүгө үлгүргөн жокмун. Оор мүшкүл бизден кыя өтпөптүр, Сурма эненин үйүн сел алыптыр. Мен дайыма короого чыкканда көзүм түшө берчү ыманы ысык тамдын орду-түбү менен жок. Чон апам менен кайнагам да көрүнбөйт. Алардан чындап эле айрылып калган турбайбызбы деп башымды ташка уруп жатам.
Ушул маалда күйөөмдүн катуу түрткүлөгөнүнөн ойгондум. “Ой, эмне болду шолоктоп? Жөн жатчы?!” деп булдуруктаган бойдон ары карай оодарылып кетти. Мен кара терге чөмүлүп калыпмын. Азыркы көргөндөрүм түш экенине ишенүү кыйын эле. Түндүн кайсыл маалы болгонун да билбейм. Акырын туруп сыртка чыктым. Кар токтобоптур. Балбалактап жаап жатат. Карга көмүлгөн айыл тынч. Ызгаар сууктан соолуга түшсөм да жүрөгүмдүн опкоолжуганы басылган жок. Түшүмдө сел келген жакты тиктедим. Сурма эненин үйүн ортодогу тамаркасы бийик салынган малкана далдаалап турчу. «Тынч бекен?» деген күдүк ой менен тамды айлана басып барып карап, дал болуп туруп калдым. Анан ачуу кыйкырдым. Чон апамдын үйү кыйрап жатат. Көргөн көзүмө ишенбей, мүмкүн, караӊгыда ошондой көрүнүп жатпасын деген үмүткө алданып чуркап жөнөдүм. Кадамым арбыбай, эки жүз метрлик жерге жетиш ушунчалык кыйын болду. О Кудай, бул эмне таш боордугуӊ?! . Чындап эле шиферленген чатыры көмкөрүлүп үйдү басып калыптыр. Дубалы жарым-жартылай бузулган. Кыйраган үй караӊгыда мүрзөдөй түрү
суук жана жымжырт болуп турат.
– Чон апа!? Чон апа!?, – деп тамды айлана Сурма менен эне менен кайнагамды издеп да жүрөм, бакырып ыйлап да жүрөм.
Менин үнүмдү угушкан коӊшулар бирин-сериндеп чогула башташты. Адегенде баары абдаарып калышты. Аялдар “кокуйлап” ыйлап жүрүшөт. Аксакалдар “Үнүӊөрдү баскыла!” деп бизди ачуулана тыйышса да боздогонум ток тогон жок. Алаӊдап шаша басып Назар да келди. Аны көргөндө өзүмдү кармана албадым. “Сен өлтүрдүӊ! Сен кылдыӊ! Тамын күрөп бербей... Тапкан акчаӊ башыӊда калсын! Кана, чоӊ апам!? Кана, абам!?”, – деп тытмалап асыла кеттим. Ал молодой болуп селейип турду. Ушул маалда алым жетсе аны өлтүрүүдөн да кайра тартпас элем. Бетин аймап, колум жеткен жерин муштагылап, жакасына асылып, башым менен сүзгүлөп жаттым. Чучугуна жеткидей сөздөр менен каргап-шилеп да жаттым. Тажаалданган мага эч ким даай алган жок. Назар да кол кайырбады. Өзүн жоготуп койгондой селейип катып турат.
– Ой, кандай келинсиӊ! ? Жаман жорукту баштаба! Мүмкүн, алар тирүүдүр. Тез ачыш керек!, – деп коӊшубуз Кадыр аба бакылдады эле, аял-эркек, бала-чака эми гана эстерине келишкендей ураган үйгө жабылышты. Кимдир-бирөөлөр күрөк таап келе коюшту. Маалабыздаги бирин-экин алдуу-күчтүү эркектер кулап түшкөн шиферлерди, устундарды четинен чыгарышып, үйдү ача башташты. Мен да үзүлбөс үмүтүм менен колума тийген топуракпы, жыгачпы чапчыгылап жандалбастадым. Шүйкүнү суук караӊгы түндө канча убакыт өттү билбейм. Мага эч качан тан сүрүлүп атпоочудай заманам куурулат. Кар аралаш тонгон топуракты, жыгач-ташты кармаган колдорум какшап сыздаганын да элес албадым. Чон апам менен кайнагамды таӊ сүргөндө гана табышты. Алардын кыймылсыз денелерин топурактан сууруп көтөрүп чыгышканда турган ордумда эсимди жоготуп жыгылып түшүпмүн.
Мен экөөнү акыркы сапарга өз кызындай кызмат кылып узата албай калганыма ушул күнгө чейин армандуумун. Сөөктү биздин үйдөн узатышты. Эсим оогон мени башка үйгө алып кетишип жаткырышып коюшуптур. Бир топко күнгө чейин тилден калып, колум-буттарым кыймылга келбей сулк жаттым. Кийин уктум, айылдын эли шейит кеткендердин зыйнатына тикесинен тик турушуптур. Жол ачыла элек болгондуктан өздөрүнүн кызы Зирек тажыяга жетип келе албаптыр. Уруубуздун эркектери Назар баш болуп өкүрүшүп, кыздары даӊазалашып кошок кошушуп, экөөнүн уулу жоктугу деле билинбей калышты дешет. Аларды арман кылбаган адам болбоптур. Демейде пенде өлгөндөн кийин артында айтыла жүрчү жакшы сөздөрдөн тышкары күйүп-бышып жоктошуптур.
Менин ич дартым ичимде болуп өзөгүм өрттөнөт. Назар өз маалында кар күрөп бергенде ушул жамандык болмок эмес. Күйүтүмө кошул-ташыл күйөөмдүн күнөөсүн кошо көтөрүп азап чектим. Ал экөөбүз сүйлөшпөйбүз. Жүрөгүмдө тоӊгон жек көрүүм эрий элек. Көрөйүн деген көзүм жок болсо да, ич күптүмдү айта албай жүрөм. Эсим ооп жыгылгандан бери жарым жан болуп, эшикке өзүм кирип-чыга албай калганмын. Тилим да күрмөөгө келбейт. Өлүмдү тилегенден башка бул жарыкчылыкта эми эч нерсем калган жок Азабымдан биротоло кутулуп, жаным жай алуучу күн келсе экен деп эки көзүм төрт. Үйдүн бир бурчунда салынган төшөктө соолуп жатам. Кайненемдин пейили бир аз жумшарып, мага мурдагыдай заарын чачпай, кээде өз колу менен оокат жасап берет. Кайнагамдын балдары да чоӊоюшуп, кол арага жарап калган. Айрыкча кызы Кенже жароокер жана элпектиги жанда жок. Үй ишинен колу бошосо эле жанымдан жылбай эрмек болот. Балалыгы эне-атасыз өткөн өксүк баланын көӊүлүн мен да көтөргүм келет. Баарынан кызыгы, кайнагамдын балдарын жасаган мамилем чон апамдыкына окшошуп кетээрин байкайм. Чон апам көз алдымдан кетпей, кеӊ пейил боорукердигин жана аялдык асыл сапаттарын эстейм. Сурма эне мага адам катары чоӊ өрнөк калтырган экен. Бирок, анын жашына жетпей минтип көр оозуна барып калдым.
Батага келгендердин аягы үзүлгөндөн кийин мени райондук ооруканага алпарышты. “Инсультка чалдыгыптыр. Кеч алып келип калыпсынар. Эми бутуна турушу күмөн”, – дептир мени караган догдур Назарга. Бул жашоодогу азабым бүтөөр да күн аз калган окшойт. Жай келгиче ооруканада эки жолу жатсам да жылыш жок, өз алдымча баса албайм, тилим жакшы күрмөлбөйт.
– Догдур айта берет, табыпка салам, Жүрөгүӊ түшүп эле калса керек, – Кайненем мурдагыдай эмес жумшарып камкор. Айылда ошондой тамыр кармап табыптык кылуучу кемпир бар эле. Ал менин тамырымды көпкө чейин кармап туруп, анан:
– Сенин дартыӊ катуу чочугандан. Учукташ керек. Шыбаасын берсе бутуна туруп кетесин, – деп ишендире айтты.
Табып кемпир мени үйүнө алып кетти. Шар аккан суунун боюнда жашайт экен. Күн баткандан кийин 7 чакага алып койгон сууну бир топко дубалап, анан мени суунун боюна алпарып чечиндирди. Адегенде майда көзчөлүү тор аркылуу денеме аз-аздан суу чачты. Ичиркегеним басаӊдаган кийин калган чакалардагы сууну төбөмөн ылдый куюп жиберди. Башымдан ылдый шар төгүлгөн муздак суу денемдеги гана турмак жан-дүйнөмдөгү бардык кеселимди кошо жууп кеткендей өзүмдү жепжеӊил сезе түштүм. Андан кийин жылуу кийиндирип, төшөккө жаткырып койду. Бир аздан кийин сөөгүм кызып, бүткүл боюмду тер басты. Көп ай-күндөрдөн бери биринчи жолу жаным жай алып көшүлүп уктап кетипмин. Эртеси эрте менен күн чыга электе дагы 7 чака сууга чөмүлдүм. Табып кемпир ушинтип эрте менен жана кечинде жети кун бою учуктады. Эки күн өткөндөн кийин бирөөгө жөлөтүп-таятпай, өз алдымча басып калдым.
– Эми үйүӊо бар берсен болот. Бирок он беш күн суук ичесин. Жалаӊ кордо ич, ага көк алманы кесип кошуп кайнат. Ага чыдабасан сабиз менен жаса, – деди табып кемпир.
Табып кемпирдин учуктаганы эм болдубу бутума туруп кеттим. Бирок ичим көндөй, жашоого дем бере турган бардык нерседен айрылдым. Сүлдөрүм эле жүрөт. Эрким биротоло сынып, өмүр сүрүүгө кызыкчылыгым калган жок. Бак-таалайдан эчак үмүтүм үзүлгөн. Ажал келбегенден кийин аргасыз кыбырап жүрөм. Ошентип жайдын, анан күздүн кунарсыз узун күндөрү да өтүп, кайрадан кыш босогого жакындап келатты.
Ошондон көп узабай Назар Чоңалайдагы аскер бөлүгүнө байланыш кызматына чакырылды. Өзү дагы үйгө батпай жүргөндө жер алмашып, ишке алаксышын мен да оң көрдүм. Адегенде ал үй-жай таап жайланышып алгыча мен айылда тура турайын дегем. Бирок, кайра «бирге кетели» деп чечтик. Бул жерде кайненем күн көргөзгүдөй эмес. Мурдагы жектегенине эми «жатыны жаман да. Операция менен үчтөн ашык төрөй албайт экен, сен эми ушул катынды деп туяксыз өтө белең» деген күбүр-шыбырын кулагым чалып жүрдү. Ошол сөздөрүнөн тажадыбы, Назар: «Сени айылга калтырбайм. Аскер бөлүгүндө жатакана берет экен, ошондо жашай беребиз», – деп оолугуп калыптыр.
Адегенде жаныма караан кылып Кенжени кошо алып кетейин дегем. Кайра айныдым. Бир туугандар ажырашпай чогуу жүрсүнчү дедим. Анын үстүнө ата-энеси да кышка калбай келебиз дешип кабар айттырышыптыр. Күн өтпөй жол карашып, элөөрүп жүрүшөт. Кенже ээрчип ыйлабасын деп ал уктап жатканда таңзаардап жолго чыкмак болгонбуз. Бирок, балдардын баары менден мурун туруп алышыптыр. Аларды кучактап коштошуп жатып ичим сыйрылып ыйлап жиберипмин. Билинбей жүрүп эле боорубуз биригип калган экен. Кенже мени туткактап кое бербей боздоп, Кадыр менен Азим да көз жаштарын жашыруун сүртүнүшөт. Кайненем биздин ээнбаштанып кетип жатканыбызга жүзүн үйрүп, «жакшы баргыла» дегенге да жараган жок. Бир таӊылчак жүгүбүздү машинеге салып, өзүм олтурарда айылды кыялбай кылчактап тиктедим. Ушул бийик тоолор курчаган айылда жаштыгым менен кошо башымдан эӊ бир оор кыйынчылыктар өттү. Турмуштан эрте кагылып-согулдум. Эи алдыда кандай тагдыр күтүп турат, мага белгисиз. Тобокелдикке салгандан башка кандай аргам бар. Кош бол, бир үзүм өмүрүм калган айыл! Кошкула, ушул жерде түбөлүккө жай алган перзенттерим, чоӊ апам…

#25 15 December 2013 - 16:16
Чоңалайда чатырчасы жок курулган, тышы ылай шыбак бойдон акталбаган тамдардын биринде жашап жаттык. Кеӊ өрөөндө тынбай шамал жүрүп тургандыктан үйлөр жапыз, көбүнчө чатыры жок курулат экен. Жашаган үйүбүздүн жер түспөлдөнгөн ылай шыбак дубалдары менин маанайымды ансайын чөктүргөнсүйт.
Жаз келсе аппапакай кылып актап, сырдап салбасам деп ойлоп калам. Айылдын ың-жыңсыз жай турмушунда алаксый турганым да жок. Кышкы тоонун ак кар, көк муз уюган аска-зоолоруна,
мелтиреген аппак түздүктөргө,
ылай шыбак жапыз үйлөргө томсоруп тиктейм да, бул жашоодо мени кубандырып,
көңүлүмдү шат кыла турган эч нерсе калбагандай,
не үчүн өмүм сүрүп жатканыма түшүнбөй оор үшкүрүнөм.
Назар эртели кеч ишинде, аскер бөлүгүндө байланышчы –телефонист болуп иштейт. Жер которуп, өзүнчө жашаганыбыз экөөбүздүн жубайлык турмушубузга өзгөртүү деле киргизген жок. Төшөк жылыбаса кайдагы ынактык. Үйүбүз мүрзөдөй болуп тунжурап турат. Күйөөмдүн жакындайын деген эркектик ыкласы менин азалуу сезимимди кордогондой оор тиет. Жаныма жуутпаган сайын Назардын оройлугу ансайын ашына баштады. Жерди тоң тиштеп, саар-кеч ызгаар суугу бети-колду чымчылап, сөөктөн өткөн тоонун суугунда арыктан сузуп келген шыргалаң сууну кесе-кесе толтура жутуп ички күйүтүм менен ызамды араӊ басам.
Ошол жылы кыш да катуу болду. Октябрдан баштап эле калың кар түштү. Эки күндүн бириндеп тынбай зампарлап жаап жаты. Артынан кар учурган борон– чапкын башталат. Көпөлөктөй болуп каалгып жааган калдыркан канат чоң-чоң кар бүртүкчөлөрүн биринчи жолу ушул жерден көрдүм. Жерге түшсө тоңголок тартып, бири-бирине жабышпай бириндеп турат. Бассаң бут алдыңда кычырайт. Күн кур эмес жүрүп турчу шамал кургак карды тозоңдотуп учуруп, жулунуп-жулкунат.
Тирүүлүктүн көрпендеге ыроологон ырыскылуу күндөрү түгөнбөйт экен. Менин суз турмушума жарыгын тийгизген Евгения деген орус аял менен жаңы жылдык кечеде таанышып калдым. Аскер бөлүгүнүн клубунда өтүүчү жаӊы жыл тосуу кечесине баары үй-бүлөбүз менен келебиз деп сүйлөшүптүр. «Аялыңды ээрчите кел, качанга чейин катып жүрөсүң?» деп Назарга катуу дайындашкан окшойт, ой-боюма койбой «жүр» деп туруп алды.
Клубдун эшигинен кирээрим менен баары мени тиктеп калышты. Аял-эркеги, бала-чака аралашкан бул топто мен гана чоочун окшойм. Бакырайган кой көздөрү шам чырактай нур чачып күйгөн, сулууча жаш аял утурлап басып келип, колумдан алды да: «Саламатсызбы? ! Жаңы жылыңыз кут болсун?! Жакшы келипсиз. Менин атым Женя», – деп жетелеп алып калгандары менен тааныштырып чыкты.
Бул кечте баарынан көп сүйлөшкөнүм жана көңүлүмө жакканы Евгения болду. Экөөбүз бир шаарда чоңоюптурбуз. Орус тилин жакшы билгеним арабызды ансайын жакындатып, балаты майрамы бүткүчө мен андан ажыраган жокмун. Аялдын эрке кыялы, куттуу үй-бүлөнүн баласы экенин анын ыйман-ырыскы нурданткан ажарлуу жүзүнөн, жапакеч шайыр мүнөзүнөн көрүнүп турду. Шаңкылдаган күлкүсү бир уккулуктуу. Күйөөсү да узун бойлуу сымбаттуу полковник экен. Экөө бири-бирине жарашып вальс бийлешкенде жашоодо ушундай бактылуу түгөйлөр болоруна таң калып да, ичим жылып да, түнөргөн көңүлүм кичине жазылгандай болду.
Ошол кечтен кийин да Евгения мени үйүнө тез-тез чакырып, ынактыгыбыз күчөдү. Мен аны жөн гана Женя деп атоочу болдум. Ал Гуля дейт. Өзү балдардын сөөк оорулары боюнча дарыгер экен. Райондук ооруканага каттап иштейт. Күйөөсү Михаил талаа-түзгө кеткенде «келсин» деп тестиер уулун жөнөтөт. Назар полковниктин аялына «жок» дешке аргасы жок. Аппак болуп акталган таза, жыйнактуу бул үйдөгү ар бир буюм сүйкүмдүү көрүнөр эле. Бактылуу жана жакшы адамдар жашаган үй куттуу болоруна ошондо ынандым. Чыныгы үй-бүлөнүн мээримин көрбөй өскөн мага Женянын үйү магниттей тарта берет. Түрлөп даамдуу жасаган оокатын заматта жашылча салаттар менен ашемдей салып, жарык кабагы менен столго койгондо табит ачылып, көңүл көтөрүлө түшөт.Уулу да, күйөөсү да Женяны артыкча жакшы көрүшүп, бири-бирин кубандыруу үчүн жашашкан бул үй-бүлөнүн ынтымагына, күйүмдүүлүүгүнө ичим жылыйт.
Женя экөөбүздүн туулган күндөрүбүз январда удаалаш экен. «Биздин үйдө бирге тосолу», – деп калды. «Таң эртелеп келе бер. Эркектер ишке барышат, биз экөөбүз кечки үлпөткө даярданып коелу» – деген эле. Үйүнө кирерим менен столдун үстүндө турган бир кучак кыпкызыл розалар көз жоосумду алды. Чоңалайда мындай розаларды кышында турмак жайында да табууга мүмкүн эмес. Көргөн көзүмө ишенбей дал болуп тиктедим. Жаңыдан ачылып келаткан чанактарынан баш баккан кочкул кызыл гүл желекчелердин алоо түсү, буркураган атыр жыты, аруу сулуулугу эс-мас кылат. Мен гүлдөргө арбалып, көз алалбай тиктеп, Женя күйөөсү экөө жаныма келишкенин да байкабапмын.
– Туулган күнүң менен, Гуля!, – деди Михаил дал ошондой кыпкызыл розалардын дестесин мага сунуп, Женя болсо кучактап, өпкүлөп куттуктап жүрөт. Күтүүсүз сүйүнүчкө кабылганымдан оозума сөз кирбей буулугуп туруп калыпмын. Кучагым толо түшкөн розанын жыпар жыты, жүзүмдү кытыгылаган баркуттай жумшак желекчелери эч нерсе тең келгис ырахатка бөлөдү.
– Рахмат! Рахмат!.. – дегенден башкага жарабай шыбырай берипмин.
Кышкы розаларды Михаил атайын Ошко барып сатып келгенин кийин Женя айтты. Аялынын туулган күнүнө гүл тартуулаш үчүн күнчүлүк жол жүрүп алып келгени мага сүйүүнүн туу чокусундай сезилди. Женя ошондой бийик сыйга бир эмес миң жолу арзыгыдай аял экенин билсем дагы анын кадырына жете алган эркекке аябай ыраазы болдум. Бийик тоолордун каардуу кышында өзүмдүн туулган күнүмдө белекке алган кызыл розалар жана ошондогу сүйүнүчүм эси-көөнүмдөн алигиче кетпей жүрөт.
Ошондон бери розаларды жан дилим менен сүйөм. Жыл сайын туулган күнүмдө ушул гүлдү бир кучак кылып сатып алып, үйүмө толтура коюп коем. Розалар жүрөгүмдүн кымбат адамдары Женя менен Михаилди эстетет, экөөндөй бактылуу үй-бүлө курсам деген эңсөөмдү ойготот.
***
– Алар азыр кайда? – деп сурадым мен да эки жакшы адамга кушум түшүп.
– Женябы? Россияга көчүп кетишкен. Эки жыл болду. Телефондон сүйлөшүп турабыз. «Келип, Сургутту көрүп кет. Чоңалайдын кышы караандабай да калат бул жердин суугуна», – деп калышат. Дагы кичине бутума туруп алсам, барып келейин деп жүрөм.
Гаухар ошол күндү элестеткендей бактылуу жылмайып алды да, анан кайра сөзүн улады.
***
Женя өзү да гүл өстүргөнгө куштар экен. Карапаларда өстүрүлгөн ар түрдүү гүлдөр терезелердин текчелеринде сервант, шкафтын үстүндө тизилип турат. Аларды тиктесеӊ жашыл бакчаны элестетесиӊ. Кышы узак жана суук өрөөндө Евгения Оштун күнөстүү жазын ушинтип чакыргысы келгендир. Эшикте каарыган аяз, бурганактуу кыш турганда жашыл жалбырактарга Кызыл-тазыл гүлдөр кайра-кайра карагыңды келтирет.
Гүлдөрдүн ичинен бирөөсү айрыкча көңүлүмдү бөлдү. Майда көзчөлөр болуп ачылган пушту гүлдөр наристе баланын ааламга таңыркай тиктеген бажырайган көздөрүнө окшоп кетет. Гүл чанактын ортосунда кыска коюу уруктары каректер сымал кара-күрөң түстө экен. Бир нече көзчөлөр топтошуп десте болуп ачылган. Бул гүл «Анютанын көздөрү» деп аталарын Женядан уктум. Ансайын ага кушум түшүп калды. Менин жүрөгүмдөгү муңду сүрүп чыгара турган наристенин көздөрүнө окшоп сезилчү болду.
«Анютанын көздөрүн» көп тиктегенимди байкап калдыбы, Женя аны мага белекке берди. Гүлдү карапасы менен көкүрөгүмө кысып алып үйгө келатканымда жүрөгүмдө жылуулук ойгонду. Аны баламдай бапестеп карап жүрдүм. Жаңылап гүл ачкан сайын мурда суук сезилген үйүмө жан киргенсип, мага эрмек табылды. Жакшы карагангабы дүркүрөп жетилип, бир карапага батпай тамырлап кетти. Жазга жуук бир нече идишке бөлүп көчүрүп койдум.
Төртүнчү жолу боюма бүткөндө Евгения аябай чебелектеп каршы болсо да төрөп алайын деп көктүккө салдым. Төрт жолу кесерово менен көз жарыш өлүмгө баш байлоо экенин өзүм да түшүнчүмүн. Бирок, же баланы, же ажалды тилегенден башка бул жашоодо кызыкчылыгым жок эле. Назар «өлсөң өл, калсаң кал» дегенсип ичинен тап болуп түнөрөт.
Тез-тез дарманым куруп, илең-салаң кыбырап жүрүп, айы-күнүмө да жеттим. Операцияны райондук ооруканада жасашты. Мени кесерового даярдап жатышканда ак халат кийген Женя да жанымда болду. Жашылданган боорукер көздөрү нымдалышып аяй тиктесе да чыйралта сүйлөп: «Гуля, коркпо! Баары жакшы өтөт! Өзүм катышам. Сен күчүңдү жыйна! Балаңды өзүм багышам. Кудай буюрса өмүрү узун болот», – деп жатты.
Мени жуундуруп, тазалашып, аппак көйнөк кийгизишип, башымды ак жоолук менен бууп байлашкандан кийин операция столуна чыгаарымда «Сени кудай колдосун! Кудай жар болсун» деп чокунуп, маңдайыман өптү. Ак халатчан эки аял колу буттарымды керип байлап жатышканда терезеден көрүнүп турган теректердин учтарын, булутсуз көпкөк асманды кусадар тиктеп, мүмкүн, акыркы жолу көрүп жаткандырмын деп ойлодум. Чымчыктардын чырлыйттаган үндөрү да «кош» айтышкандай муңдуу угулат. Колдоруна мээлей кийишип күтүп турушкан хирургдардын өңдөрүн тирүүлүктүн акыркы жышааны сымал көздөрүм тойбой алмак-салмак тиктейм. Жок, мен өлүшкө акым жок. Баламды жетим калтырып, кимге таштап кетем?! Ал экөөбүз тең аман болуп, бул жашоонун бак-таалайын да көрүшүбүз керек деп тиштендим.
Наркоздон ойгонуп, эсиме келгенде эң биринчи эле тирүү экениме ишенбей кеттим. Анан баламды сурадым. «Кыздуу болдуң…» дешти. «Балам аманбы?» деп кайра-кайра сурай берипмин. Женя өзү көтөрүп келип көрсөттү. Балапан түктүү наристемдин ымыркай жүзү мага жашоонун шооласындай сезилди. Бул шоола өчсө эми мага өмүр сүрүүнүн кереги жок эле.
Кыз төрөлгөнүн уккандан бери Назардын дайыны жок. Биринчи күнү кабагы бүркөө гана менин ал-абалымды ооз учунан сурамыш болуп, жат адамдан бетер терс бурулуп басып кеткен. Эртеси Ошко иш сапарга кетип калыптыр. Эч кимим жогун билгизбей Женя каттап турду. үйгө да өзү чыгарып келди. Асыл курбум балага керектүү буюмдардын баарын сатып алып камдап коюптур. Менин көңүлүмдү көтөрүш үчүн биздин жапыз бөлмөбүздү шаңга бөлөп, үстөлгө өзү жасаган пирогун. салаттарын жайнатып, күйөөсүн да чакырып, «кызыңды жууйбуз!» деп шарактап жатышты. «Мира» болсун дешип балага ат да коюп беришти.
Мен жаңы төрөлгөн кызыма акыркы үмүтүм менен жармаштым. Маңдайы жылдыздай жарык болпойгон сүйкүмдүү бала болду. Чүрпөлөрүмдү ажалга жулдуруп жүрүп коркуп калган жаным көздөрүм ирмелсе эле бир балээ болчудай күнү-түнү колумдан түшүрбөйм. Назардын гана ага мээри түшкөн жок. «Уул болсо минтмек эместир» деп ойлойм да, күйөөмдүн бул каалоосун эми орундата албасыма өзүмдү күнөөлүү сезип кетем. Эркек баласыз өтөмбү деп көңүлү бузулуп жүргөнбү? Ошко барганында айлына да кайрылып, үйдө бир күн түнөп келиптир. Кайненем эбирей берип бул ойду башына биротоло орнотуп койгондур…
Төрөгөндөн кийин өзүм да көпкө чейин тыңып кете албай, күйөөмө да көңүл бура албай калдым. Ушул күндөрү кайра мен анын жардамына зар элем. Жаш бала багуунун түйшүгүн жалгыз тартканга кээ күндөрү көздөрүм караңгылашып, жыгылып түшчүдөй болуп чарчайм. Назар бул абалымды туйган жок. Күндөн-күнгө салкын тартып баратат. Кээде кызым экөөбүз оокат-ашсыз да калабыз. Сүт сатып алганга акча бербей койгон күндөр тез-тез кайталана баштады. Миранын ыйлаган үнүн укса: «Өчүр доошун!» – деп зиркилдеп кетет. Анысына көңүлүм ооруса да үндөбөйм. Баламды аман-эсен чоңойтуп алгандан башканын бары түккө тургус сезилет.
Мира үч айлык болгондон баштап Женя кулагыма кумдай куя баштады. «Гуля, Мирочканын сол жамбашы тубаса чыкма экен, убагында дарылабаса кийин чолок болуп калат. Канчалык эрте гипске салынса, ошончолук тез түзөлүп кетет. Айдай кызыңды майып кылып албайлы…». Адегенде анын сөздөрүнө көп деле маани бербепмин. Кызымдын өмүрүн эле тилеп жүрсөм буту эмне болуп калыптыр да этибар албадым. Женя күнүгө айтып жүрүп, акыры ынандырды. Курбума адам катары гана эмес, жакшы адис экенине да аябай ишенчүмүн. «Бекеринен мынчалык безилдебесе керек. Гипске салса салсын, аз-маз кыйналарбыз. Оңолуп кетсе болду да» деп макулдугумду бердим. Евгения өзү жасамак болду. Негедир ошол күнү ооруканага «Күйөөң кошо келсин» деп дайындады. Женя айтты десем Назар биз менен бирге барды.
Мираны операция столуна жаткырып, аспаптарын, гипстин кошулмасын даярдап алгандан кийин Евгения мага: «Гуля, сен эшикке чыга тур. Назар кармап берет», – деди. Кызыма боор толгоп кыйылсам да, бир чети көзүм көрбөсүнчү деп сыртка жөнөдүм. Дарбазанын алдында турам. Бир убакта кызым «чыр-р» эте ыйлап жиберди. Чыдабай кирип бардым. О шорум! Шорум дагы эле түгөнө элек экен. Баламдын ууздай татына толмоч буттарын талтайтып эки жакка керип таштап, согончогунан жамбашына чейин гипске катырып жатыптыр. Кызым эмне болуп кеткенин түшүнбөй бар күчү менен буттарын тарткылап, кыймылдата албаганда бакырып ыйлап жатат. Оор гипс барган сайын калыңдап, сулкуйган кишенге айланды. Бешикке да бөлөбөй, же катуу таңып чүргөбөй бош коюп баккангабы буттары татынакай толмоч болуп, тынымсыз туйлап, түнкүсүн жамынчысын да тепкилеп ачып салчу. Эми алар эки жакка түп-түз болуп керилип, оор жана муздак гипстин ичинде кыймылсыз катырылып турарына ичим күйүп мен да чыдабай ыйлап жибердим. Евгениянын колдору калтырап, чекесинен тер чыга түштү. Ыйыма ачуусу келип «эшикке чык» деп кубалайбы деп коркком. Урушканга дарманы да жеткен жок. Ишин бүткөндөн кийин да мени тиктей албай тескери бурулуп алып колдорун узакка жууду, үнү да чыкпады. Назар кызымды булкуп көтөрүп жолго түштү. «Эмне үчүн күйөөңдү ээрчите кел» дегенин эми түшүндүм. Мага демөөр болсун деген тура. Атасынын колунда кызым ыйлап, анын артында мен ыйлап жолдо келатабыз. Ушул бейкүнөө наристени кыйнагандан көрө бардык дартын мага бербейби, Кудай деп сыздайм…
Гаухар үнү буулуп, кардыга түштү. Ошол күндөрдүн кайгысы көңүлүнөн кете элек экен. Өзүн-өзү басыш үчүн оор үшкүрүнүп алды да баштыгынан уйпаланып калган эски көк дептерди алып чыкты.
– «Күйгөн катын кошокчу» дегендей жаш экенимде көп тарткан азабым мени жазуучу кылды, эже… Күндөлүк жазышты Женя үйрөттү. «Эч кимге айта албасаң кагазга түшүрүп кой, жеңилдеп каласың. Ичиңе сала берсен оору болот», деген эле. Көзү ачыктай аял экен. Күндөлүк менин жан сырымды жашырбаган сыркечиме айланды. Муну окусаңыз? – деп «№1» деп чоң жазылган дептердин биринчи бетин ачып, колума карматты.
***
“Дароот-Коргон. Шаршемби, сентябрь.
Олдо, кагылайын кызым ай! Бул күндү мен эч качан унута албасам керек. Бүгүн сени кайрадан экинчи жолу төрөгөндөй болдум. Жок, бул азабыңды тарткандан көрө төртүнчү жолу кесерово болуп төрөш алда-канча жеңил болгон экен. Операциядан кийинки алгачкы сааттарда жан чыдагыс оорудан ыйлаган эмесмин. Ичимдин кесилген жарааты айыга электе өзүңдү көтөрүп, өйдө-ылдый кылып кыйналганда ыйлабапмын. Кээ бир күндөрү жашашка күчүм калбай калгансып, шайым ооп, көздөрүм тунарып кетчү. Анда да көзүмдөн жаш чыккан эмес. Жанымды уучтап алып тиштене сени багып жаттым. Анткени бошошууга акым жок эле. Жашоого жаңыдан келип, эмчек сурагандан башка камы жок наристемдин ден-соолугу, өмүрү мага байланып турса белимди бекем буугамын.
Ошол азаптуу күндөр эч качан бүтпөстөй сезилсе да күн өткөн сайын сен да чоңое баштагансың. Өзүңдү колумдан түшүрбөй көтөрүп эле жүрүп: “Ой, Мирочкам чоңоюп калыптыр! ” деп таң кала берчүмүн. Сен ыйлаганда жумшак болот деп куш жаздыкка жаткырып алып, алдейлеп сооротчумун. Бара-бара ошол жаздыкка батпай буту-колдоруң суналып чыгып калчу болгон. Мойнуңду токтотуп, башыңды көтөрүп, жалаяктан чыгып, шым кие баштагансың. Мен да кубатыма кирип, өзүңдү кыйналбай бакканга жарап калдым. Үч айлыктан өткөндөн кийин ыйлактыгың азайып, түнкүсүн тынч укташка көндүң. Менин да көп күндөрдөн бери көңүлүм тына баштаганы ушул эле. Бирок уйку көрбөгөн оор түндөрдөн кутулдум деп сүйүнгөнүм эрте болгон экен. Бүгүн сенин периштеникиндей ууз буттарыӊдын гипске кыймылсыз болуп катырылганын көрүү бардык кыйналганымдан ашып түштү.
Бул кайгымы сөз менен жазуу мүмкүн эмес. Үйгө ыйлап-сыктап келгенибизден кийин атаң сени үндөбөй колума карматты да чыгып кетти. Ошол бойдон түнү да келбеди. Сен адегенде буттарыӊды бошотом дегендей булккулап, анан жанын кыйналгандай чыңырып-сыздадың. Көздөрүң менден өтүп, жардам сурагандай жалынычтуу тиктеп, жашың мөндүрдөй төгүлүп турду. Заматта эле бетиң чүңүрөйүп, арыктай түштүң. Күлбөй да калдың. Ошол түнү экөөбүз тең уктаган жокпуз. Тынымсыз кыңкыстаган өзүңдү сыздаган жүрөгүмдүн тушуна бекем кысып көтөрүп жүрүп таң атырдым. Жер жарыганда чарчадыңбы, кирпиктериң катып, уйкуга кирдиң. Түнү бою кирпик какпасам да Мира уктап жатканда сүт алып келип алайын деп шашып калдым.
Көчөнүн башында жашаган аялдан сүт алып турчумун. Жоолугумду чала-була салынып, көлөшчөн эле эшикке чуркап чыктым. Эрте мененки салкын аба кеӊгиреген башымды бир аз сергиткендей болду. Сүт берчү аялдын үйүнө жакындай береримде капыстан Назардын караанын көрүп калдым. Ал жаңы түшкөн бир кабат жатаканадан чыгып келатыптыр. Бул үйдө Чоңалайга эки жактан келип иштеп жаткандар жашашчу. Адегенде күйөөм эмне үчүн жатаканадан чыкканына таң кала түштүм. Кечээ келбей калганда күзөттө турса керек деп ойлогом. Ал мени көрмөксөнгө салып чоң жолго бурулуп кетти. “Назар, Назар!” деп артынан кыйкырып ээрчий бастым. Жүрөгүмдү кайгы алсыраткан оор түндөн кийин карайлап турганымда ал көзүмдөн учканы ай! Назар бурулуп караган жок. Токтобой кеткен анын артынан тиктеген бойдон эмне кыларымды билбей бир пас турдум. Анан ал кимдин үйүнөн чыкканын билгим келди. Көздөрүм гүл өстүргөн терезеге урунду. Менин үйүмдөгүдөй эки карападагы «анютанын көздөрүн» көргөндө көӊүлүмө күдүк ой келди. Назардын мындан бир-эки ай мурун “начальниктин кабинетине гүл алып келгиле деди» деп ушул карапаларды кеткенин эстедим. Гүлдөр турган бөлмөнү тушмалдап барып, эшигин черткиледим. Кыска кыркылган чачтары иретсиз уйпаланган, көкүрөгү ачык кооз халат кийген жаш келиндин магдыраган жүзү мени көргөндө суу сепкендей жазгана түштү. Анан ооз ача электигимде эле:
– Күйөөң жок үйдө! – деп ийди шашып.
– Мен күйөөмө эмес, гүлдөрүмө келдим, – дедим.
– Аларды мага Назар туулган күнүмдө белек кылган.
– Меники ал гүлдөр! Мен өстүргөм! ...
Келин арасат ойдо тиктеп калды. Анан эки карападагы гүлдү көтөрүп чыкты да, колума да бербей жерге тарс коюп, эшигин катуу жаап алды. Гүлдөрдү бекем кучактап алып үйгө жөнөгөнүмдө буттарымдын алы кетип, зорго эле шилтенип жатты. Эримден эч деле жакшылык күтпөй калганыма көп болгон. Бирок, өз канынан жаралган баласынын жаны кыйналып турган бул түнү ушундай караөзгөйлүккө дити барганы жаныма катуу батты. Жүзүмдү күйгүзүп шорголоп аккан көз жашым эриндеримден сарыгып, шор даамданат. Жат терезеде өсүп жүдөй түшкөн гүлдөрүмдү боорума кысып алып, шамалда кайыккан камгактай ыргалып, бул дүйнөдөн безип кетким келип, темселеп келаттым.
Назар ошол боюнча кайрылып үйгө келген жок. Баткенге которулуп кеткенин кийин уктум. Бул жөнүндө кийим-кечегин алып келүүгө жөнөткөн досу айтты. Ал кабарга эми кайгырган деле жокмун. Мен аны менен көңүлүмдө алда-качан эле коштошкон элем. Женя кийин айтат, Михаил менин талабымды талашып, аны менен эркекче сүйлөшкөн имиш.
– Мындай күйөөнүн барынан жогу. Ал сенин теңиң эмес эле. Бирок, бирге жашап турганыңарда унчуккан эмесмин. Баягы келин менен байланышып алганына көп болгон. Миша канча жолу чакырып алып урушту, ажырата албай койдук. Бирок, түшүнбөйм, кетээринде анысын деле таштап кетти дешет.
– Ал эч кимди сүйгөн эмес, сүйө да албаса керек.
Бул ой биринчи жолу дилиме келди. Көп жылдардан бери Назардан издеп, бирок таппай, турмушумдун тузун кемитип келген чындыкка эми көзүм ачыла түштү. Менин канча жылга созулган азабымдын өзөгү ушунда экен. Аялды түгүл өз баласын сүйө албаган эркек эч кимди бактылуу кыла алмак эмес.
– Гуля, сүйүүсүз турмуш бул – чоң бактысыздык. Ага окшогон кемпайга өзүңдү кор кылбай азыртан ажырашып кеткениң бир чети жакшы болду. Али жашсың... Өзүң арзыган жана өзүңдү арзыган адамды сөзсүз изде…

#26 15 December 2013 - 16:17
Эми Чоӊалайда жүрө турган илинчэгим деле калган жок. Бирок, кызымдын буттарынан гипс алынганча кетпей турайын деп чечтим. Анын үстүнө башка жакта бизди күтүп, же чакырып жаткан деле ким бар. Ошентип, балам экөөбүз ээн үйдө жат жердин дагы бир кышын кыштоого калдык.
Чоңалайдын октябрь айында башталган каардуу кышы узакка созулат. Быйыл кар жылдагыдан башкача оор түштү дешти.
Эки күндүн биринде зампарлап жаай берип, жапыс үйлөрдүн төбөлөрү гана дөмпөйүп көрүнгөндөй кылып көөмп салды.
Кардын оордугун көтөрө албаган дарактардын шактары жерге тийгиче ийилип, жоон бутактар да айрылып сынып жатат. Күн ачык күндөрү ууздай аппак кардын бети бриллианттын күкүмдөрү чачылып жаткандай жылтылдап көз уялтат. Кир чалбаган ак кардын мындай сулуулугу, абанын тазалыгы бийик тоолордо гана болсо керек. Бирок күн тийип турса деле каарыган аяздын суугу сөөктөн өтөт. Сансыз ийнелер ачык калган бети-колуңду чымылдатып сайгылагандай үшүйсүң. Карды тозоңдото сапырган бороону да бат-бат болуп турат. Алай-дүлөй түшүп, борошологон шамал айрыкча түнкүсүн эшик-тереземди тытмалап, улуп-уңшуп, үрөйдү учурчу болду. Мындай түндөрү жалгыздыктан жана коркунучтан үшүм кетип, Мирочкамды боорума кыскан бойдон уктабай таң атырам. Жашоо да эшиктен бурганактуу караңгылыктай ырайымсыз туюлат.
Шамал учурган кар күрткүсү бир жолу түнкүсүн үйүмдүн дарбазасын тиреп салыптыр. Эртеден-кечке эшикке чыга албай олтурдум. Иштен кийин кабар алайын деп келип калган Женя коңшуларды чакырып, эки кишилеп күрөп жатып зорго ачышты. Ошондон кийин Михаил бурганак болгон күндөрү жоокерлерден жөнөтүп, ал-абалымды суратып турчу болду. Назардын эки айлык эмгек акысын да мага бергизген. Ошону себелеп күн көрүп жаттым. “Кой” десем болбой Женя да тынбай майда-чүйдө ташыйт. “Суукта убара болбо” деп баламдын буттарын да үйгө келип көрөт. “Жакшы бүтүп жатат” деген сөздөрүнө канат байлап калам.
Бул кайрымдуу адамдар мага бир боорумдан бетер жакшылык кылышты, аларга кудайдан кайтсын деп үч маал тилейм.
***
“Декабрь. Жекшемби. Дароот-Коргон.
Мирочкам, күн сайын чоңоюп жатасын. Жөрмөлөй турган, каз-каз тура турган маалың да келди. Ошого аракет жасап, бирок гипске катырылган буттарың кыймылдабаганда, ызаланып ыйлап жиберчү болдуң. Бүгүн экөөбүз ойгонгондон кийин да төшөктөн турбай көпкө жаттык. Жанымда олтургансың. Анан мени таянып, кыйналып жатып, өйдө болдуң. Кайра коркуп кеткенсип отура калдың. Кайра турдуң, кайра жыгылдың. Кантээр экен деп үндөбөй карап жатам. Ушинтип кеминде жыйырмадай жолу туруп, жыгылдың. Каз-каз туруш эмне экенин билип калыпсың. Буга өзүң аябай сүйүндүң. Сенин бул далбасыңды көрүп эзилип кеттим. Буттарыӊда гипс болбосо балалыктын доорун күлүп-жайнап сүрөр элең да. Өзүм өксүк өскөнүмдүн эсесин чыгарып, сени эч нерседен кем кылбай, көз жашыңды көрбөй чоңойтсом дегем…
Гипстин алынышына дагы эки ай убакыт бар дейт Женя. Ага чейин күн өтпөөчүдөй заманам куурулуп жүрөт. Кызым майып болбой, жамбашы ордуна түшө бекен, сөөгү өсүп кетеби, өз убагында басабы? деген кыжаалат ойлордон чарчап бүттүм. Сен жөрмөлөй албасаң да таканчыктап олтуруп-турасың. Ушул да азырынча экөөбүз үчүн чоң жеңиш. Атаң болсо сенин тарткан азабыңды туюп-сезген да жок. Бала багууга каралашпаса анын түйшүгүн билмек беле...
***
“Март. Ишемби. Дарооткоргон.
Кыш жарымынан оогондо Женя келип гипсти алды. Калыңдап кабатталган гипсти чоң аттиш менен экөөлөп зорго кыркып, буттарыңды бошоттук. Ичкерип сөөктөрү буралып, кокочо болгон, сийдик ###### жара болуп кеткен буттарыңды көрүп алып дагы ыйладым. Кантип чыдадың экен бул кыйноого, балам?!
Эртеси рентгенге алпарып түшүрдүк. “Жамбашы жакшы айыгыптыр” дешти. Муну укканда ушунчалык сүйүндүм. Үстүмдөн ныгырып турган оор жүктү алып таштагандай өзүмдү жеп-жеңил сезип, ооруканадан канат бүткөндөй учуп чыктым. Ушул күн Мирочкам жана мен үчүн өзгөчө болушун кааладым эле.. Бир жылдык мээнетимдин, сары оорудай чырмаган сар-санаамдын, кызымдын кыйноо тартканынын акыбети кайткандагы кубанычымды ким менен бөлүшөрүмдү билбедим. Мирочкам түшүнчүдөн бетер аны өпкүлөп, куттуктап, айланып-жалбарып жаттым...»
***
“Март, Жекшемби. Дарооткоргон.
Кызым, күндөлүккө бир гана сен жөнүндө жазып жүрөм. Качандыр бой жеткениңде окусаң энелик ой-сезимимди, бала деген жүрөк талабымды түшүнөр бекенсиң? Мен сага булардын баары жөнүндө айтууга үлгүрөмбү, турмуштун жолун көрсөтөр акыл-сөзүмдү айта аламбы – бир Кудай билет. Ошон үчүн бардык ой-тилегимди азырынча күндөлүккө түшүрүп жүрөм. Чын эле ушунун баары кызым экөөбүздүн башыбыздан өттүбү? деп таӊ калам кээде өзүмдүн жазгандарымды окусам. Адам баласы кыйынчылыкты да, жакшы жаманды да өтүп кеткенден кийин тез эле унутуп коет экенбиз. Ылайым, эми жалаң гана сүйүнүчтүү нерселерди жазсам экен”.
***
Ошентип Мирадан көңүлүм тынчыгандан кийин мындан ары кантип жашоо керектигин ойлоно баштадым. Чоңалайдын мен үчүн түйшүктүү өткөн узак жана каардуу кышы көңүлүмө көк таштай тийиптир. Жаз келишине дагы бир топ убакыт бар. Бул жерде апрель аяктатып, анан кар эрий баштайт. Ош жактагы жаадырап ысык тийген күнөстүү күндүн нурларын, жашыл жазын эңсеп, көзүмдөн учат. Канатым болсо учуп жеткидей болом.
Акыры кыштын да каары кайтып, күн жылымтык тартты. Ноябрдан бери сулк жаткан улуу кар да жаратылыштын өкүмүнө баш ийип, дал-далынан жыртылып, эриген кардын киргилт суулары көлчүктөп, сансыз майда арыкчалар болуп агып, тоонун ала-шалбырт жазы башталды. Бул маалда Ошто өрүктөр гүлдөп, көк чыгып, кыштын изи да калбаса керек. Ушинтип ойлогондо көктөмдүн жылуу мекенине делгирүүм ансайын күчөйт. Көңүлүмдө Чоңалайдан кетүүгө эчак даяр элем, жолго чыгаар гана бир буйрукту күтүп жаткансыдым.
Бул ниетимди Женяга айтпадым. Ал: “Жаш балаң менен кайда барасыӊ? Үй-жайыӊ, ишиң жок, кантип жашайсың?” – деп ынанбасын билип турам. Анын үстүнө күйөөсү экөө “Балаңды кичине торолтуп алсаң, бала бакчага берип коюп иштей бересиң. Өзүбүз иш таап беребиз” деп жүрүшкөн. Жалгыздыктын дүпөйүл санаасы менен өткөргөн оор кыштан кийин бул жерде бир күн да тургум жок. Балалыгым өткөн Ош шаарынын кучагы кайра мага жылуудай, берешендей боор тартып тургансыйт. Интернатта жүргөнүмдө мени өз кызындай көргөн тарбиячы эжем Зинаида Алексеевнаны ойлоп, эш тутам. Такыр айлам түгөнсө ага барам. Талаада калбасмын деген үмүткө жубанам. Текстиль, жибек комбинат деген ишканалар турбайбы, пол жуугуч болуп иштесем да жанымды багып кетермин деп, толгон-токой ой-кыял жолго чакырат.
Акыры бир күн бар болгон көрөн-шеренимди таӊдым да алдыда мени күтүп турган белгисиз тагдырыма тобокел деп бел байлап, сапарга чыктым. Кетээримден алдын жашаган үйүмдүн тышын аппак кылып актап кирдим. Дарооткоргонго келгенден бери каалап жүргөн ишти акыры аткардым. Көңүлүм кыйла тына түштү. Менин эки жылдык өмүрүм, кайгы-кубанычым калган үйдү агартып койгонума сүйүнүч менен коштоштум. Өстүргөн гүлдөрүмдү бала бакчага алып барып бердим. Дарооткоргондон жүк ташыган айылдык шоопурлардын бири менен сүйлөшүп койдум эле. Таңга жуук үйдөн келип алып кетти. Женяга коштошо албай кат жазып калтырдым. Ага ыраазычылыгымды эч бир сөзгө сыйбаса дагы жаздым. “Силердей адамдар бар үчүн бул жашоодон көңүл калбай, жакшылыктан үмүт үзбөй өмүр кечирип, өз бактымды издөө үчүн жөнөдүм.”.
Сарыташка жетерин жетип алып, Ошко кетүүчү машина күтүп көпкө зарыгып калдым. Бул жерден Ош-Эркечтам трассасы өтөт. Кан жол эмеспи. Бирар жарым бош машине келип калса, кабинесине олтуруп алармын деп ойлогом. Ал убакта такси дегендер каттабайт эле. Далдоодо турсам көрбөй өткөрүп жибербейин деп баламды көтөрүп жол боюнда тикемден турам. Жүгүм да жанымда. Сарыташтын айтылуу ызгаар шамалы этек-жеңимди жулмалап, сөөктөн өтүп баратат. Кызыма суук тийгизип албайын деп кабат-кабат орогом. Ал да жол азабын туйгансып, жүзүн көкүрөгүмө катып былк этпей калды.
Эркечтам чек ара порту тараптан кытай товарларын дөбөлөнтө үймө жүктөп, ташбакадай кыбырап жүргөн жк ташуучу машинелер бирин-сериндеп болсо да өтүп жатты. Бирок, баарынын кабинеси бош эмес. Эки– үчтөн жайланышып олтурушкан жүргүнчүлөр“Суукта жаш баласы менен жолго чыгып эмне күч келди экен?” дегенсишип кылчактап тиктеп өтүшөт. Кемпирлердей болуп тумчулана оронгон чоң жоолугум, эски пальтомдон корунуп, жүзүмдү ала качып, бечара абалыма маанайым пас болуп турам. Эртеңки күнүмдүн белгисиздиги желкемден зылдай болуп басканычы. Кара бороон эми кар аралаш жамгырдын майда тамчыларын учуруп борошолой баштады. Мени жалпайта салчудай болуп күү менен ышкырып келип, каршы-терши согуп өтөт. Заманам куурула түштү. Кызымды курутуп албайын деп корктум. Эки көзүм тешилгиче жолдон өтүп, ичимден кудайдан тиленип, бар күчүм менен тиштенип тура бердим.
Жайдак өрөөндү кашкайта бөлгөн таш жолдо жылаандай сойлоп зыпылдап келаткан агыш боз “Волганы” алыстан эле көрдүм. Бирок анын көз уялткан жаңылыгы үмүтүмдү үздү. Мындай кымбат баалуу, аппак машиненин ээси эски кийимчен жаш балалуу жүдөгөн аялды кайдан түшүргүсү келсин деп ойлодум. Же бир чоңдун, же текеберлүү байдын унаасы болсо керек. Караламан элде мындай “Волга” жок эле. Ушундай ойдо кол да көтөргөн жокмун. “ГАЗ – 24” жакындап келгенде рулда олтурган аскер кийимчен салабаттуу эркектен башка эч ким жок экендигин көрсөм да жүзүмдү буруп, тескери карап калдым. Машине менден өтө берип, сүрдүгүп токтоду. Жерге түшүп, арт жакка карай баскан аскер адамы:
– Каякка барасыз? – деп сурады. Мен ал кимге сүйлөп жатат экен деп жан жагымды карадым. Эч ким көрүнбөйт.
– Ошко кетесизби? – деп экинчи жолу үн катканда гана мени тиктеп турганын байкадым.
– Ооба, – дедим таң калып.
– Олтуруңуз, – деп өзү арткы эшикти ачып, орун бошото баштады.
Илгичке илинген бырышы жок аппак көйнөгүн, погону, полковниктик даражанын жылдызчалары басылган аскер кителин ары жылдырып, машиненин бооруна илди да, бут кийим салынган кутучаны, жылуу одеялды бүктөп бир четине койду.
Ушул убакта анын келбети келишкен узун бою, чыкыйында ак аралай баштаган күмүш түстүү кыска чачы көздөрүмө урунду. Эркектин бакубат турпатынан ички кубаттын сүрү чачырап турат экен. Кызматы улук адам экенин көргөнүмдө ансайын жазгана түштүм. Ал буюмдарын жайгаштыргандан кийин боюн түзөп жатып:
– Мына эми кеңири олтуруп алыңыз, – деди жылуу үн менен.
Анан жүгүмдү жерден алып багажына салып койду. Машиненин арткы орундугуна коомай олтурдум. Сырты кандай аппак болсо ичи андан бетер ууз сүткө чайкагандай кооз экен. Агыш манат капталган жумшак орундугуна суу болгон кийимдерим менен булгайм го деп тартынып, корунганымдан бүрүшүп алдым. Мен антип-минтип эсимди жыйгыча машине ордунан жылды.
Сарыташтын ызгаардуу шамалынан, чучукка жеткен кара суугунан кийин “Волганын ичи” уядай жылуу, бейиштин төрүндөй керемет сезилди. Таш жол менен кетпаратпай эле учуп жөнөгөнсүйт. Орундуктары да мамыктай жумшак экен, манат капталган жөлөнгүчүнө башымды койсом куш жаздыкка жаткандай мемиреп баратам. Машиненин алдыңкы айнегине чаба жааган майда тамчылардын шыргалаң муздактыгы сезилбей, туман түшкөн ээн талаалардын, чокуларын булут чүмкөгөн улуу тоолордун каардуу кышы да унутулуп, денеме жан киргендей жылуулук жайылып, бир башкача мээримге балкый түштүм. Кызым да жаны жай алып, эмчегимди эмгендей көшүлүп уйкуга кирди.
Жолду бир топ арыткандан кийин машиненин ээсине көз салдым. Жүзүн бая сүрдөгөнүмдөн тике карай алган эмесмин., азыр кыйгачынан көрүнүп турду. Ак саргыл, каш кирпиги суйдаң. Рулду кармаган колдору аппак, манжалары узун сыйда экен. Эркектин да ушундай сулуу, жумшак колдору болот экен деп таң калып коем. Мындай колдордун ээсинин да жүрөгү өзгөчө жумшак, мээрбан болсо керек.
Эркек мага кайрылып тиктей албаса да кез-кез үн катып сөзгө тартат. Менин ким экендигимди, кайда барарымды бир да жолу сураган жок. Өзүм да кыябы келбегендиктен айтпадым. Чоңалайдын эл-жери жөнүндө уккан-билгенибизди сүйлөп коебуз. Көбүнчө ал кеп салды. Өзү чоңалайлык болорун, айылда жашаган апасынан кабар алып келатканын, бала-чакасы Ошто турарын билдим. “Машине кызматтыкы. Жүргүнчү алышка болбойт. Бирок, балалуу аялды көргөнүмдө таштап өтө албайм”, – деди. Эмне үчүн мен кол көтөрбөсөм деле токтотуп салып алганын эми түшүндүм. Бул адамгерчилигине ыраазычылыгым менен кошо аярлуу бир сезим капыстан ойгонду. Эркек адамга көз салып, анын ар бир кыймылына назарым түшүп, доошунун жагымдуулугу, орундуу сөздөрү жүрөгүмдү сары майдай жымыратып жылыткан сезимге биринчи жолу туш болдум.
Желдей сызгна жумшак машинеде туман каптаган ашууну кантип ашканыбызды, карт күрткүлөрдү салаңдаган жар түбүн бойлоп, капчыгайдан өткөнүбүздү байкабай магдыраган сезимге термелем. Кары кете элек бийик ашуудан түшкөндөн кийин жолдон бурулуп, дарыянын жээгине токтодук. Кууш капчыгайда кысылып, тереңи көрүнбөй, күкүктөп аккан тоо суусу кең жылгага чыкканда өзөнгө кошулуп, мелмилдеп тынчый түшүптүр. Куюлушуп агып бараткан агымы ташка урунуп серпилсе күн нуруна чагылышып, күмүштөй жаркырайт. Өзөндүн кайберен изи түшпөгөн ээн жээгинде чычырканак, ит мурун, долононун сейрек бадалдары өскөн. Тал күчүктөп бөртө баштаган сабактарынан көктөмдүн ууз илеби келет. Өткөн жылдагы күздүн чириндилерин түртө кылтыйып, баш баккан жан серек көк майса жашыл жабыр болуп, жерди каптай баштаган экен. Машине дарыя бойлой барып токтогуча сагынган жаздын ар бир белгиси мага жаңылык көрүнүп көздөрүм тойбой өрөпкүп тиктедим.
– Бутту жазып алалычы, – деди полковник мага бурула карап. Анан колумда уктап калган Мираны көрүп, өңү жылый түштү. – Уктап жатабы? Жылуурак жаап алыңыз, айнектерди ачып койсом шамалдап калбасын.
Машиненин алдыңкы айнектеринен каптап кирген таза жана салкын абадан көкүрөк толо дем алып, узак жолдо талыкшыганым жазыла түштү. Полковник чылымдын бир даанасын кармап сыртка чыкты. Кызымдын уйкусун бузбайын деп ордумдан козголгонум жок. Бизден көп деле узабай айдарым жел аргыга жүзүн ырахаттана тосуп турган сапарлашыма алдыртан көз салдым. Аскердик катаалдыгы менен мээримдүүлүк таң калаарлык айкалышкан сом темирдей келишимдүү турпаты кайра-кайра карагыңды келтирет. Ал жай чылым соргончо жымжырт турган дүйнөгө куштарлангандай бирде аппак түсү көздү уялтып, кар-мөңгү уюп, жаткан тоолордун чокуларына, булутсуз көкмөк асманга чалкалай тиктесе, бирде тоо бооруна жармаша өсүп келаткан арчалардын жаш көчөттөрүнө кумарлуу көз салып, жашылдана баштаган талаалардан алда-нени тыңшагансып мемиреп тунжурайт.
Мындай жайбаракат мүнөттөр анын турмушунда өтө кем болсо керек деп аяй ойлодум. Бул оюмду коштогонсуп, табигат да мээримин чача кеңирсип жан дүйнөнү бөпөлөгөн берешендиги артып, эрээркегендей түрү бар. Сарыташтын бурганактаган жааны ашуудан бери өтпөптүр. Кылайга булут жок тунук көк асмандан жазгы күн таптуу нур төгүп, көөп турган жерден буу көтөрүлүп, аба таптаза. Бажырайып гүлдөгөн чаңкай сары түс каакымдар жерге жылдыздарды чачып таштагандай көздү арбайт. Талаада ойкуп-кайкып учуп, бадалдарга коргологон куштардын сайраган добуштары да көңүлдүү.
“Өлбөгөн жанга жаз ушинтип келет тура” деп улутунуп алдым. Кечээги түнөргөн көңүлүмдөгү сар-санааны жууп-чайган ушул жыргалдуу сезим менин тарамыштай түйүлгөн муун-жүүнүмдү бошотуп ийгенсиди. Ушул саам өзүмдү да аябай аяп турдум. Жетимдик менен жалгыздыктын мусаапыр тагдырына кыңк этпей баш ийип, маңдайымдан сылаар жакын адамым жок, наристемди боорума кысып алып белгисиз сапарга бел байладым. Бираар сааттын ичинле эле ичинде мени айкөлдүгү, ички кудурет-күчү менен багындырып алагн ушул полковниктей эркек эмне үчүн мага буюрбады экен? Же ага окшош агам болсочу, атаганат! Ой тобоо көөдөнүмдө тыпырап туйлаган жүрөгүм кантет! Көп жылдардан бери анын бар-жоктугу билинбей дымып калган эле.
Полковник чылымын чегип болгондон кийин суу жээгине барып, бети-колун чайыды. Ар бир кыймылы аярлуу, калбаат. Табигаттын кереметин сезип-туюп, ырахаттана алар да эркектер да болот экен ээ деп таң калып коем. Бул касиети менен көз алдымда ансайын бийиктеп баратат. Суу жээгинен келгенден кийин ордуна жайланышып олтуруп, жол баштыктын оозун чече:
– Эми кичине өзөк жалгап алып, жолго чыгалы, – деди.
– Багаждагы түйүнчөктө нан-пан бар эле, – деп күймөнө түштүм.
Дагы эле ойгоно элек кызым колумда жаткан.
– Тек эле коюнуз. Мынабу экөөбүзгө түгүл он адамга жетер ...
Ортого салфетка жайып, тандырга бышкан патир нан, боорсок, куурулган эт койду. Минералдык суу менен чөйчөктөрү да даяр экен. Чарабзалы менен этти туурап жатып:
– Карыган апам бар айылда. Кичүү үкөм менен жашайт. Энеге өмүр бою бала бойдон калат экенби. “Коюнуз” десем болбой колунда барын баштык толтуруп салып берет жарыктык.
“Ушундай уулу бар кандай бактылуу эне!” деп чын дилимден суктанып алдым. Сапарлашым апасы жөнүндө сүйлөгөндө өңүндө жылуу жылмаюу турду:
– Атабыз кичине кезибизде өлүп калып, апам беш баланы жалгыз багып чоңойтту. Баарыбызды окутту. Биздин үйдө төрт юрист барбыз.
Полковник сөз арасында “алыңыз, жеңиз” деп тартынганымды билип, улам боорсоктон, эттен колума карматып коет. Минтип эч ким оозума тамак тутуп жедирбеген жаным ансайын эрээркедим. Анын сулуу, шадылуу колдорунан мээримдин илеби кошо келгенсийт. Нан да, эт да өмүрүмдө жеп көрбөгөнүмдөй өтө даамдуу сезилди.
Мен жөнүндө эч нерсе сурабаса да жупуну кебетеме көз кыйыгын салып карашында эле абалымды түшүнүп койгондур. Өзүм болсо эмне дээр элем. Ага жан дилим менен муң-кайгымды айтып, бошонуп алгым келсе да ичимден тындым. Ансыз деле бечара кебетемден корунуп турам. Жакшылыгын аябаган адамдан дагы кайыр тилегенсип даттанар жөнүм барбы…
Жолго кайра чыкканда кийин түш оой Ошко жакындадык. Дарактар жалбырак жайып, өрүктөр гүлүп төгүп калыптыр. Агат салынган тилке-тилке талааларда иш башталган. Бирок жол бою жаздын көркүнө, жаадыраган жылуу нуруна өрөпкүгөн кубанычымдан эч нерсе калган жок. Оштун көгүлтүр туманга оронгон караанынын фонунда көөкөрдөй койкойгон Сулайман тоосу улам дааналап көрүнүп, жол кыскарган сайын аябай тынчым кете баштады. Чөнтөгүмдө аз гана акчамды ичимден кайра-кайра санап, жол киреге канча сом берээримди билбей кыжаалат болдум. Жүк ташуучу машинелерге түшсөм жол акысы мага дайын эле. Бирок, мынабу “Волганын” киреси эки эсе кымбат турса керек. Акчам жетпей калып уят болбосом экен деп коркконум андан бетер. “Бул аз” – деп нааразы болсо жети өмүрүм жерге кирет го. Шаарга киргенибизде адам да, машине да кымгуут кең көчөлөр көңүлүмдү бөлө албады. Уят менен кыжаалатчылыктан кичинекей жүрөгүм тыбырайт.
Автобекетке жакындаганыбызда “Каерге түшөсүз” деди сапарлашым. Мен базардын аялдамасын айттым. Күн мурун түзгөн болжолум боюнча чоң базардын ичиндеги “Кербен сарайга” токтоп, жашай турган жай тапкыча бир-эки күн турайын дегем. Бул арзан мейманкананы күйөөм менен базарлап келгенде көргөм. Аялдамага жеткенибизде эркек жеңилдегендей сүйлөдү:
“Мына эми аман-эсен жетип алдык. Коштошолу... ” Мен баштыгымды чукулап акча издеп жатканымды көрүп, калбаат сүрү менен тыя кетти: “Кой түшө бер! Мен акча албайм!”. Үнү өкүнүчтүү угулду. Машинесин жүргүзгөндө мени кайрылып карабады. Өзүм бул күтүүсүз окуядан эсимди жыя албай, рахмат айтууга да үлгүрбөдүм. Ак “Волга” дароо эле машинелердин агымына кошулуп, бир көрүнүп, бир көрүнбөй алыстап баратканын селейип тиктеп турдум. Ал көрүнбөй калгыча умсуна тиктеп, көз алдымда калган эсеп санын кайра-кайра жаттай бердим. Эмнеге бул санды эстеп калгым келди экен? Же качандыр жакшы күндө жолугушуп калаарбыз деген үмүтүм бүлбүлдөп жандыбы? Машинеде келатканымда бир башкача тынч алып мемирей түшкөн жан дүйнөм полковник менен кошо кеткендей кыйылып турам. Эңсеген шаарымдын уу-дуу шарында эс-учумду жыя албай эндиреп, аялдамада көпкө олтургандан кийин бир колума баламды көтөрүп, бир колум менен жүгүмдү сүйрөп, базарды көздөй бет алдым.
Биринчи бөлүктүн аягы
2004-2005-жылдар, Ош шаары
© Зинакан Пасаңова, 2012

#27 15 December 2013 - 16:21
P.S. Зинакан (19-08-2013)Конул бурганыныздар учун рахмат! Бул чыгарманын прототиви бар, бирок анын
турмушунан кээ бир гана эпизоддорду алгамын. Повесттин 2-болугундо да
чагылдырылат анын турмушу. Бирок. негизинен жалпыланган образ.
автор (20-08-2012) Повесттин 2-болугун жазып бутуп калдым. Толук бутсом
окурмандарга ушул сайт аркылуу сунуш кылам.
Автор,

#28 16 December 2013 - 00:47

Рахмат, азаматсыз эже!
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#32 26 December 2013 - 02:35
Сени да ийген тура турмуш заары,
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
Бакыттын,азаптын да болот маалы.
Сыртынан сыр бербеген менен канча,
Бир арман менен жашайт жандын баары...
#39 19 January 2014 - 00:12
Зинакан Пасаңова: «Колумда калемим барында өзүмдү кудуреттүү да, бай да сезем»
Чейрек кылымдан ашуун колунан калемин түшүрбөй, поэзия жана проза жанрында бирдей мээнеттенип келаткан жазуучу Зинакан Пасаңова жакында китеп окурмандарына «Академик Текенов» аттуу жаңы китебин тартуулады.
Автордун бул эмгеги даректүү баян жанрында жазылган алгачкы калем сыноосу болду. Бул эмгектин жаралуу таржымалы, дегеле автордун чыгармачылык айдыңындагы акыркы жаңылыктар тууралуу кепке тарттык. Китепте кыргыз окумуштууларынын алгачкы муунунун өкүлү жана Кыргызстандын Түштүгүндө илимди өнүктүрүүгө зор салым кошкон академик Жапар Текеновдун өмүр таржымалын,
илимий жана жетекчилик ишмердүүлүгүн көркөм электен өткөрүү менен чебер сүрөттөп жазган. Жакында Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепканада аталган китептин таанытымы болуп, ага катышкан китеп окурмандары,
чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана илимпоздор автордун чыгармачылыгына жана жаңы эмгегине байланыштуу бир топ жылуу пикирлерин айтышты. Бет ачарга жазуучунун каарманы академик Ж.Текенов да катышып, автор менен каармандын дарегине багытталган кызыктуу ой-пикирлер,
окуучулук көз караштар кеченин ажарын ачты.З.Пасаңова буга чейин «Аял сыры», «Жамгыр тоодон башталат», «Кут түшкөн түндөр», «Беш жыл», «Сыркеч жамгыр» аттуу прозалык жана поэтикалык жыйнактары жарыкка чыккан.
- Зинакан айым, «Академик Текенов» аттуу китебиңиз даректүү баян жанрында жазылган тушоо кесүүңүз экен. Буга чейин проза жана ыр жазып, такшалып калдыңыз эле. Көркөм чыгармага караганда бул жанрдын өзгөчөлүгүн сездиңизби?
- Албетте, ар бир жанрдын өзүнө таандык өзгөчөлүгү, ошого жараша кыйынчылыгы да, сонурката турган жаңылыгы да болот экен. Мен колума калем кармагандан тартып эле ыр менен прозаны бирдей жазып, эки жанрда өз жолумду таап калган элем десем аша чаппасам керек. Ал эми даректүү баян жазуу көркөм чыгармага караганда оңой-олтоңдой сезилген. Даяр маалыматтарды нары-бери шилтей коём да деп ойлогонумду жашыргым келбейт. Ошондуктан Жапар Текеновичтин 75 жылдыгына карата китеп жазуу жөнүндө ал 20 жылга жакын жетектеп келаткан Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн жамаатынын өтүнүчүнө макул болгонмун. Жаза келгенде гана кыйынчылыгы да, жоопкерчилиги да билинип жүрөт. Анткени каарманым белгилүү физик-окумуштуу, анын үстүнө илим тармагынын бараандуу жетекчилеринин бири болгондуктан, бул илимий чөйрөдөн караманча алыс калемгер — мага кыйла тер төгүүгө туура келди. Окумуштуунун ички дүйнөсүн, илимпоз катары калыптануусун чагылдырууда далай илимий эмгектерди окуп чыгууга туура келди. Анын үстүнө так илимдин адамы ар бир маалыматка так мамиле кылат экен. Кээде, көркөм ой жүгүртүүгө алдырып, кичине көркөмдөйүн десең Жапар Текеновичке аша чаап кеткенимдей сезилет. Бул китепти жазуу үстүндө гана даректүү баян адабияттагы эң оор жанр экенин билдим. Эми бул багытта дагы чыгарма жазууга оңойлук менен бел байлай албасам керек деп ойлойм.
- Сиз бул чыгармаңызда «укканга санат, учканга канат» болгон өрнөктүү өмүр жөнүндө жаздыңыз. Академиктин жашоосу, илимий ишмердүүлүгү жаштарга тарбия боло алат деп ынанасызбы?
- Албетте, агайдын тагдырын жана илимий жолун изилдеп чыккандан кийин азыркы жаштар турмак, андан мурдагы муундун өкүлү болгон мен деле чоң сабак алдым десем болот. Жапар Текенович жана анын инилери Шамшы, Жолболду — үчөө Улуу Ата мекендик согушта гүлгүндөй жигит кезинде курман болгон атасынан бала чагында ажырашып, жетимчиликтин шору менен корун аябай тартышса да адам болуунун жолунан тайышпаган эмгекчил, максатгөй сапаттары менен чоң даражаларга жетишкен. Алардын бактысы — каада-нарктуу, санжыралуу жана ынтымактуу «чоң үйдө» чоңоюшкандыгында. Чоң ата-эне жашаган үй «чоң үй» деп ардакталып аталып, алардын балдары жана урпактары үчүн ыйык жана куттуу борбор болуп келген. «Чоң үйдүн» тарбиясы — адал эмгек, даанышмандык, биримдик — Текеновдордун атадан балага калуучу баа жеткис мурасы болгон. Ал эми илим жолун Жапар Текенович таза жана чыныгы изденүүчүлүк менен басып өткөнү да жаштарга өрнөк болбой койбойт. Агай — кыргыз илимпоздорунун алгачкы мууну. Анын илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү өлкөбүздө илим-билим кантип өнүгө баштаганын күзгүдөй чагылдырып турат. Ж.Текенов илимдин доктору, академик сыяктуу илимий даражаларга, Мамлекеттик сыйлыктарга жана жетекчилик кызматтарга өз карандай эмгеги, жөндөмү жана максатка умтулуучулук менен жетишкендиктен, шакирттерди тарбиялоодо да өмүр бою чынчыл жана таза мамилени туу тутуп келатканын баса белгилегим келет.
- Жакынкы аралыкта окурмандар сизден дагы кандай чыгарма күтөт?
- Окурмандардын ушул күтүүсү мени ар убак камчылап тынчтык бербей, чоң милдет тагып тургансыйт. Учурда мындан үч жыл мурун биринчи бөлүгү жарык көргөн «Жат терезеде өскөн менин гүлдөрүм» аттуу повестимдин экинчи бөлүгүн жарым-жартылай жазып койдум. Аны жазып бүткөндө эки бөлүгүн бириктирип басмадан чыгарсам деген оюм бар. «Повестиңиздин уландысын качан окуйбуз» деген суроо-өтүнүчтөрдөн улам өзүм да аябай шашылып жатам.
- Бул чыгармаңыз өз убагында окурмандар арасында бир топ кызыгуу жаратканы не себептен деп ойлойсуз?
- «Жат терезеде өскөн менин гүлдөрүм» заманбап темада жазылган. Жапайы рынок мамилелери көптөгөн адамдардын, айрыкча карапайым аялдардын жан дүйнөсүн жана сезимдерин кыйратып өткөн кыяндай эле болду. Бул доорлордун тогошуусунда ким кандай өзүн сактап калды, ким туруштук бере албады? Жашоонун оош-кыйыштарында адамдык касиетти сактап калуу бардыгынан оор күрөш. Китептин башкы каарманы болгон жөнөкөй аялдын тагдырын көпчүлүк окурмандар жүрөгүнө жакын кабыл алышканы да ушундан деп ойлойм. Анткени, азыркы учурда бардыгыбыз туңгуюктан жол издеп, өзүбүздү табууга муктажбыз.
- Учурдагы кыргыз адабиятынын абалы оор болуп турган чакта региондогу акын-жазуучулар кантти экен?
- Чыныгы калемгер турмушка шылтабайт, кандай гана кыйынчылык болбосун жазуусун токтотпойт. Ал — жүрөгүн буулуктурган ой-сезимдерин, турмуштук байкоосун башкалар менен бөлүшүү бактысына ээ. Жаза билүү жана өз окурмандарыңды табуу чексиз бакыт. Жазуучунун чыгармасы адамдардын жашоого болгон көз карашына таасир эте алышы менен баалуу. Мен бул жолдон эч кайткым келбейт. Колумда калемим барында өзүмдү кудуреттүү да, бай да сезем. Ал эми облусубуздагы жалпы акын-жазуучулардын чыгармачылык тагдыры жөнүндө бир беткей «жакшы», же «жаман» деп айтуу кыйын. Иштегени иштеп, китептерин чыгарып жатат. Региондук адабияттын бир гана жалпы «минусу» бар, ал — республикалык аренага чыгууга жол жоктугу. Оштогу чыгаан калемгерлерибиздин аттары дале болсо борбор калаабыздын адабият чөйрөсүндө аталбайт. Аларды эч ким таанышпайт деле. Азыркы учурда «Күчтүү регион — күчтүү өлкө» деген мамлекеттик саясат тушунда Кыргызстандын Жазуучулар союзу облустарга кичине көз кырын салып коюшса жакшы болмок. Баарыдан мурда борбор тараптан моралдык колдоого муктаж экенибизди жашыргым келбейт.
Назгүл Бостонбаева, «Zaman-Кыргызстан» , 11.07.2009-ж.
#40 19 January 2014 - 19:17
айтунук маектин аягында 2009ж деп турат менимче уландысы чыккандыр. 2болум кимде болсо илип койюнуздарчы,
сураныч!
Турмуш- бул чоон мектеп!

Супер-Инфо
super.kg
видео