Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2881 24 Декабрь 2013 - 23:00
Иштеп журсом тиякта
Байпагымды беришбей
Кок бору тартып бул жакта..
Таш баран алды уйду деп
Калаба салган турбайбы
Окуп турган коноктор
Ойлоп алып журбосун
Эртен саарлап уйумо
Келип алып журбосун
Катаган сенин пайпагын
Дартка дабаа экен деп
Берип тур деп бир кунго
Келишип алып журбосун
УШУНЧА БОЛДУ АЙТАЙЫН
БАЙПАГЫМДЫН АЛ ЖАЙЫН
РАЗМЕР СОРОК ПОСЛЕДНЫЙ
АРАМАТТУУ ЖЫТЫ ЖОК
БИРОК УЧУ АЙРЫЛГАН
АЗЫРЫНЧА ТАК ЧТО
БАЙПАТЫ СУРАБАЙ КОЕ ТУР
Андан коро кычышпай
Кызыл тилди кычытпай
Сый урмат деген бар чакта
Кыйынсынып катыбай
Лом жуткансып тик турбай
Башка бир тема ачалы
Баштагыла бироонор
Кандай тема болсо да
Баштаса мына баштайм деп
Алиги жака кыйшыйбай
Коргондун оозун ачырбай
Кызыктуу кылып баштайлы
Табылбай калса туугандар
Эки экиден урушпай
Болунушуп жарылбай
Кызыктуу кылып теманы
Анда эмесе баштайлыыыыыыыы иииииңңңңңңүүүүүүүүүүүү
#2882 25 Декабрь 2013 - 12:22
Катаган билбей жүрүптүр
Кирип, билип алган соң -
Билегин бийик түрүптүр
Анан,
“Флудга кирип тантыбай,
Айтышка кирем байма-бай”
- деп убада бериптир
“Байпакты” бир аз эзиптир.
"Жыпар жыттуу" байпактан
Жадаган го кайран жан
“Кызыктуу тема ачылса” –
Катышат калбай Катаган
Катагандан бул сөзү -
Адилет, туура сезилет
“Байпактан” көрө “Жаңы жыл”
Акынга илхом, дем берет
Анда эмесе акындар,
Асыл сөзгө жакындар
Байпакты мындай койолу
Жаңы жылды тосолу!
Форумда жүргөн досторду
Көтөртүп туруп “тостторду”
Азыноолак ыр менен -
Куттуктап бир аз койолу!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Декабрь 2013 - 13:13
#2883 25 Декабрь 2013 - 18:45
Каафырлардын майрамы
Жаны-жылдын пайдасы,
Ичип алып шомпандан
Ашып тушот Ван Дам дан
Тарсылдакты атып,
Бир кызыка батып
Лалаң аканин сарайын
Орттоп салып жаш балдар
Кетип калат качып!
Дагы кандай пайдасы бар экенин Жаны-жылды анан жазамго

#2884 25 Декабрь 2013 - 21:56
Майрамга болбойт койгон чек
Каапырлар тоссо Жаңы жыл
Кыргыздар кантет, ким чечет?
Андан көрө талашпай
Оң, тескери карашпай
Куттуктайлы эл-журтту
Жаңы жыл менен байма-бай
Суйкайган Луи бийкечке
Сүйүү, бакыт каалаймын
Келе жаткан Жаңы жыл -
Сиз үчүн,
“Күлүк ат” болсун ар дайым!
Колючка айым сиз дагы
Аман-эсен болуңуз
Эмки жылы айтышта -
Аяз кыз бизге болуңуз.
Карындашым Минюша
Баш багат кээде айтышка
Жаңы жылда буйруса -
Жасайбыз сизге “прописка”

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 25 Декабрь 2013 - 22:01
#2885 25 Декабрь 2013 - 22:15
Жазып кетейин оюмду!
Мусулмандар тоспойт деп
Кызуу талкуу жараткан
Темага баш багыныз
Оюнузду жазыныз.
Оң тескери карашпайм
Эч кимден соз талашпайм
Эл-журтумду унутпайм
Жаны-жылды кутуп отурбайм
Ар бир аткан таңы куттуктайм!
Аяз-ата Аяз кыздан
Сурабаймын эч нерсе
Тилеп келем эл-журтума
Тынччылыкты Кудайдан.
#2886 25 Декабрь 2013 - 22:39
Төкмөлөрдүн төркүнү.
Жоготуп эле жаткандай
Айылым сулуу көркүнү.
Таркалыптыр топ жүргөн
Акындардын үркүнү.
Кайрылып келээр айланып
Сагынганда бир күнү.
Кызытаарбыз ошондо
Ырдалып ырдын түркүмү...
Чымындар чындап жоголуп,
Ордуна чиркей оңолуп.
Кырылып калган сыңары.
Ызылдаган үнү жоголуп.
Суукпу билбейм кычыкта
Эскирген жипке оролуп.
Чиркейлер учуп ар жакта
Чымындын жолу торолуп.
Шиңгили чыгып эсинен
Койгонсуп тоону томоруп.
Кана анда баарыңар,
Жашыңар жана карыңар
Келгиле мында жол алып
Чымын-чиркейи барыңар.
Чакырайын жалпылап
Чакыруумду алыңар.
Комуздарды күүлөтүп
Айылга обон салыңар.
Кеткендер нары-бериге
Кете албай калыңар.
Тирилик деп жүрсөңөр
Аман болсун жаныңар.
Кантсеңер да кааларым
Адал болсун тапкан наныңар!
Аман болсун ар дайым
Сак-саламат алты саныңар.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#2887 26 Декабрь 2013 - 09:45
Jeka (25 Декабрь 2013 - 21:56) жазган:
Сүйүү, бакыт каалаймын
Келе жаткан Жаңы жыл -
Сиз үчүн,
“Күлүк ат” болсун ар дайым!
Айтышка кош келиңиз агатайым,
Сөз тандап жазганыңыз жагат дайым,
Сөзүңүздү, өзүңүздү көрүп алып,
Көкөлөп , оболоду маанайларым,
Мага арналган тилегиңиз орундалып,
Жанымда ээрчип жүрсүн бак-таалайым,
Ардактап, сыйлашып биз жүрөлүчү,
Кемтигин эч сездирбей бул жалгандын.
Жылкы жыл сиз үчүн да,
Береке жылы болсун,
Корооңузга кишенеген,
Малдардын кылы толсун,
Үйүңүзгө тынчтык орноп,
Ийгилик кушу консун,
Азырынча токтотойун,
Жазгандарым ушул болсун))..
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 26 Декабрь 2013 - 09:46
#2888 26 Декабрь 2013 - 10:02
Кайтпас келип калганбы,
Чымындарды издептир,
Кое берип тайганды,
Чиркейлерди жаман деп,
Ага торун жайганбы
Чакырыптыр айылды,
Тосолу деп майрамды,
Белин байлап келиптир,
Курууга көпкө сайранды,
Акындардын жоктугун,
Айтыптыр төгүп арманды.
Келди деп угуп айылга,
Билүүгө анык жалганды,
Алыстан келдим атайын,
Көтөрүп алып жармамды,
Кайда жүрдүң жоголуп,
Алты саның аманбы,
Ушинтип кээде кирип тур,
Айтып ысык саламды.
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 26 Декабрь 2013 - 10:03
#2889 26 Декабрь 2013 - 11:41
Ааламда жарым сен элең
Бир ирет жоктоп койбодуң
Айт жаным кимден кем элем?
Сагынып жүргөн мен элем
Ойногон мында сен элең.
Кызганттың неге мынчалык?
Айт эми кимге теңелем.
Тирилик деген тирилик,
Моюнум сунуп ага жеңилем.
Сен арнап сүйүүң башкага,
Жүргөндө жерге эңилем.
Толуп турган жан дүйнөм
Оюлуп дароо кемилем.
Кайтпаган мүнөз болсом да,
Өзүмө алсыз сезилем.
Сыртымда күлүп турсам да,
Ичимден жаман эзилем.
Айт мага баарын түшүндүр,
Жашырбай-нетпей тезинен.
Кимдерге айттың арманың?
Мен ошол кеткен кезимен.
Бул айылда түбөлүк,
Бир бүтүнүм дегенмин.
Айрылбас болуп жашайм деп,
Убадамды бергенмин.
Канча кез чалып комузум,
Бир өзүң үчүн ыр тергенмин.
Үйлүү-жайлуу болдум деп
Көкүрөк канча кергенмин.
Анткени сени каралдым
Эң сулуу деп билгенмин.
Артыңдан жүрүп акыры,
Араңдан зорго илгенмин.
Илгенде да аябай
Жүрөктү кыйнап тилгенмин.
Ишенип мына алыстан
Бир өзүң үчүн келгенмин.
Келсем бир жоктоп койбопсуң,
Мени жоголду деп ойлопсуң.
Ырдашып мында жыргашып
Бегимай болуп ойнопсуң.
Эри жок,эркин келиндей,
Алтыным абдан тойлопсуң.
Сезимдериң. ойгонуп,
Кыялдарды бойлопсуң.
Бойлоп эле жөн калбай
Сүйүү деп жаман сойлопсуң.
Аман болгун каралдым,
Чүрөгү элең маралдын.
Күтүүгө жетпес чыдамың,
Эмнеге мындай жаралдың?
Кападар болбо ырыма,
Көтөргөн мында чырыма,
Эч нерсе келбей оюма,
Бир ошол ойго бара алдым.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#2890 26 Декабрь 2013 - 13:07
Lui (26 Декабрь 2013 - 09:45) жазган:
Сөз тандап жазганыңыз жагат дайым,
Сөзүңүздү, өзүңүздү көрүп алып,
Көкөлөп , оболоду маанайларым,
Мага арналган тилегиңиз орундалып,
Жанымда ээрчип жүрсүн бак-таалайым,
Ардактап, сыйлашып биз жүрөлүчү,
Кемтигин эч сездирбей бул жалгандын.
Жылкы жыл сиз үчүн да,
Береке жылы болсун,
Корооңузга кишенеген,
Малдардын кылы толсун,
Үйүңүзгө тынчтык орноп,
Ийгилик кушу консун,
Азырынча токтотойун,
Жазгандарым ушул болсун))..
“Агатай” деп айтканыңыз мага дайым
Жылуу сезим тартуулайт уккан сайын
Жаңы жылдык каалоолор кабыл болуп
Тилегибиз ишке ашсын, Луи айым.
Көптөн бери угалбай үнүңүздү
Куса боло түшүпмүн, күлдүңүзбү?
Сиздин жазган саптарды окуп алып
Көргүм келди сыр каткан жүзүңүздү
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 26 Декабрь 2013 - 13:08
#2891 26 Декабрь 2013 - 14:15
kaitpas (26 Декабрь 2013 - 11:41) жазган:
Ааламда жарым сен элең
Бир ирет жоктоп койбодуң
Айт жаным кимден кем элем?
Сагынып жүргөн мен элем
Ойногон мында сен элең.
Кызганттың неге мынчалык?
Айт эми кимге теңелем.
Тирилик деген тирилик,
Моюнум сунуп ага жеңилем.
Сен арнап сүйүүң башкага,
Жүргөндө жерге эңилем.
Толуп турган жан дүйнөм
Оюлуп дароо кемилем.
Кайтпаган мүнөз болсом да,
Өзүмө алсыз сезилем.
Сыртымда күлүп турсам да,
Ичимден жаман эзилем.
Айт мага баарын түшүндүр,
Жашырбай-нетпей тезинен.
Кимдерге айттың арманың?
Мен ошол кеткен кезимен.
Бул айылда түбөлүк,
Бир бүтүнүм дегенмин.
Айрылбас болуп жашайм деп,
Убадамды бергенмин.
Канча кез чалып комузум,
Бир өзүң үчүн ыр тергенмин.
Үйлүү-жайлуу болдум деп
Көкүрөк канча кергенмин.
Анткени сени каралдым
Эң сулуу деп билгенмин.
Артыңдан жүрүп акыры,
Араңдан зорго илгенмин.
Илгенде да аябай
Жүрөктү кыйнап тилгенмин.
Ишенип мына алыстан
Бир өзүң үчүн келгенмин.
Келсем бир жоктоп койбопсуң,
Мени жоголду деп ойлопсуң.
Ырдашып мында жыргашып
Бегимай болуп ойнопсуң.
Эри жок,эркин келиндей,
Алтыным абдан тойлопсуң.
Сезимдериң. ойгонуп,
Кыялдарды бойлопсуң.
Бойлоп эле жөн калбай
Сүйүү деп жаман сойлопсуң.
Аман болгун каралдым,
Чүрөгү элең маралдын.
Күтүүгө жетпес чыдамың,
Эмнеге мындай жаралдың?
Кападар болбо ырыма,
Көтөргөн мында чырыма,
Эч нерсе келбей оюма,
Бир ошол ойго бара алдым.
Ден-соолукта бололу
Жакшылык журсун жанаша
Жамандык болсун алыста
Кайтпас келип калыптыр
Салам айтып айылга
Комузун алып колуна
Узун ырдан таштаптыр
Коркутуп бирде назданып
Люлюма менин таарыныптыр
Кутпой койдун деп салыптыр
Болбосо Луи кызыбыз
Арманын айтып сагынып
Айылды мунга бологон
Жека агай кубаттап
Кайгысын тен болушкон
Жоголуп озун жыл бою
Жай алдын кайсы оруштон?
Жети кадам чыгып уйундон
Бойдокчулук дединби
Унуттунбу уйунду...
Люлюну жыгып куноого
Кайтпайсын кызды согуштон
Кутпойсун мени неге деп
Уялчы сыйды тогуштон!
Билдирүүнү түзөткөн: miniusha: 26 Декабрь 2013 - 14:25
#2893 26 Декабрь 2013 - 17:01
Түшүнбөйсүз ай неге?
Окшоптурсуз болушкан,
Беттен алар кайнеге.
Арманымды бир төксөм,
Оозум тосуп кой дебе.
Айтайын кайда жүргөнүм,
Канчалык азап көргөнүм.
Тирилик үчүн барганмын,
Өлкөсүнө өзгөнүн.
Айылга никте кире албай,
Паролумду жакшы биле албай,
Кой десе деле тил албай,
Кыйналып өмүр сүргөнүм.
Ошондо деле гость болуп,
Люлюңуз байкап sos болуп.
Жүргөнмүн без ник кире албай,
Фейзбук менен дос болуп.
Бүгүн бир илхам козголуп,
Ырларым чыкты ооздолуп,
Луи деп жүргөн жубайым
ЛЮЛЮ деп калыптыр кооздолуп.
Анан мен карап тура албай,
Ырдадым да боздонуп.
Кыскасы эже ушундай,
Жүрбөңүз анан түшүнбөй.
Дардыны төксө Жекага,
Ойлодум эмне үчүндөй...
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#2894 26 Декабрь 2013 - 17:48
Бул не деген сөздөрүң,
Колун кармап Луи кыз,
Кетти депсиң өзгөнүн,
"Конок" болуп киргенде,
Карады кайда көздөрүң,
Акыйкат жолун мен издеп,
Көрсөтүүнү көздөдүм.
Сен кеткен соң жоголуп,
Түнт болдум, соолуп өзгөрдүм,
Күн-түнү менен жаш төктүм,
Боюна барып өзөндүн,
Аманбы, барбы деги деп,
Издеттим жатты, өздөрдү,
Бир сени тандап алдымле,
Каратып канча көздөрдү,
Таң калып бүтпөй турамын,
Кайталап окуп сөздөрүң.
Чынында сыйлайм танбаймын,
Жека деген абамды,
Сырдашып, ак жол көргөзгөн,
Алтындай болгон агамды,
Сүйдүрүп бизди коюпсуң,
Ой чечишкен адамды,
Кокуйлап калба капыстан,
Абайлап ташта кадамды,
Сүйүүнү даңктап ырдаган,
Ал эмне күнөө, жаманбы,
Жоголуп кетпей Кайтпасжан,
Билдирип кой да кабарды,
Жети катмар болсо да.
Көргөзүп тур да караанды,
Сагынганың чын болсо,
Бат-баттан айтып саламды,
Сүйгөндөр өрт болчу эле,
Бир аттап жети ааламды.
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 26 Декабрь 2013 - 17:49
#2895 26 Декабрь 2013 - 18:11
Ашыга кирип жолуктум,
эсенсинби форумчум
энтендеп кирип жолуктум
айланып отуп алыстай
айтышты такыр карабай
темселеп башка темада
тегеле муну карабай
коз жаздымга калдырып
жургон экем капырай
тилинен чан чыккандар
тирмийе карап уксанар
чакылдатып баскычты
шакылдайт экен колунар
жер жузун толук кыдырган
дегеле учкул экен ойунар
окуп чыгып тан бердим
талантка бай сонундар
бирине бирин соз бербей
дегеле тирелише койдунар
илхомбайды жетелеп
чакыртпай кирип кошулдум
Эми кагылайындар мен жонундо туз эле болсун ойунар
Чиймелеп эптеп эки соз
жазганча мен кетейин
таланттуга мактоо кеп
таштаганча кетейин
чечендердин онорун
мактаганча кетейин
ийгилик каалоо теманы
баштаганча кетейин
окшошпой турса жазганым
бетиме айта салгыла
келген жакка кетейин
сынынарга бир толсом
мен кайрылып келейин
тантырай берет экен
Дөө шаадай болгон Жекажан
Бирок пропискага тургузбай койсо кантемииииин эээээй
#2896 26 Декабрь 2013 - 20:11
Доо шаадай болгон Жекажан
Пропискага тургузбай койсо кантемин.
#2897 27 Декабрь 2013 - 09:07
Көп ачууга алдырба
Луи менен мамилең -
Улана берсин дайыма!
Жогор жакты окусам -
Көп нерсени жазыпсын
Бегимай болуп кетти деп
Луиге,
таарынып бир аз жатыпсын
Айтып коюш - менден парз
Ой кетпесин, түрдүү “грязь”
Кыз жандоочу курактан –
Эбак өткөм, азыр “князь”
Ошондуктан, кайталайм -
Кыздарды мен жандабайм
Ой чечишип, сырдашкан –
“Сүйүү” эмес – сыйламай!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 27 Декабрь 2013 - 09:11
#2898 27 Декабрь 2013 - 10:00
mega777 (26 Декабрь 2013 - 18:11) жазган:
окшошпой турса жазганым
бетиме айта салгыла
келген жакка кетейин
сынынарга бир толсом
мен кайрылып келейин
тантырай берет экен
Дөө шаадай болгон Жекажан
Бирок пропискага тургузбай койсо кантемииииин эээээй
Сопсонун эле окшошуп
Саптарың турат тогошуп
Бетиңе айта салайын –
Каттайбыз сени топтошуп
Келген жакка кетпегин
Акын төрдү жээктегин
Буйруса,
Сыныбызга толосун
Прописка болосун!
Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 27 Декабрь 2013 - 10:30
#2899 27 Декабрь 2013 - 10:31
Jeka (27 Декабрь 2013 - 10:00) жазган:
Саптарың турат тогошуп
Бетиңе айта салайын –
Каттайбыз сени топтошуп
Келген жакка кетпегин
Акын төрдүү жээктегин
Буйруса,
Сыныбызга толосун
Прописка болосун!
Акын торду берели
Майлап берсе майрамда
Прописка кылып эжеси
Тошокту салып калындап
Жанынызда отурсун
Комузду алып сиз коштоп
Ыр маек кылып иели
Тыпылдап чуркап коноктоп
Кайтпас журсо эшикте
Луи ысык чай сунуп
А мен болсо кубаттап )))
#2900 27 Декабрь 2013 - 11:41
Дагы бир майрам тосолу,
Прописка деп шылтоолоп,
Эжени акындарга кошолу,
Аяз ата чакырып,
Ырларды биз созолу,
Шаңдуу болуп айылым,
Бир ордунан козголду,
Айтышканга кызыккан,
Көрөсүң моюн созгонду,
Жел менен кошо жарыша,
Шамалдай учуп озгонду,
Кээси жүрөт кыжылдап,
Уурттап -татып бозону....
Билдирүүнү түзөткөн: Lui: 27 Декабрь 2013 - 11:42