Кубан каарыган энеси менен чогуу жашачуу. Үй ичинде качан болбосун жымжырттык өкүм сүрүп тураар эле. Ошондон улам дайыма жүдөп кетчүү. Бир күнү Кубан диск саткан дүкөндүн жанынан өтүп баратып байкабай мүдүрүлүп кетти.Эсин жыйып,өйдө тура бергенде,колтугунан жөлөп тургузууга арекеттенип жаткан ажарлуу бийкечке каректери кадала түштү.Кыз ошол жердеги дүкөндө сатуучу болуп иштечүү.
"Кап,сизге эми кантип жардам берсем экен?" -деп кыжаалаттанган кыздан көзүн албай,Кубан бирде толкунданып, бирде эмне дээрин билбей калды.
Эртеси Кубан диск алмакчы болуп баягы дүкөнгө келди да,алчуусун алып жолго түштү.Кызды бир көргөнгө жүрөгү элеп-желеп болгон боз улан үйүнө келип,дискти баштыктан чыгарбай сандыка салып койду.Ушул көрүнүш күн сайын кайталанчуу болду. Ал диск алганы эмес,кызды көргөнү барчуу. Бирок кызга жолугуп,жактырып жүргөнүн негедир ачык айта алган жок.
Акыркы убакта уулунун санааркап жүргөнүн сезген эне кургур баласын чакырып,жөн- жайын сурады эле,баары шардана болду да калды.
Бир күнү уулу энесинин кеңеши боюнча таң азандан дүкөнгө барып,кызга болгон сезимин ачыка чыгарды.Кетип баратып, ичинде
" Сиз менен чогуу отуруп, тамактансак болобу?"- деген жазуусу бар баракты,анын үйүнүн,телефонунун номерин жазып калтырды.
Эки күндөн кийин телефон шыңгырап калды.Үч бүктөлө телефонго жетип,трубканы алган Кубандын энеси дүкөнчү кыздын суроосуна жооп берүүнүн ордуна ботодой боздоп жиберди. Кубандын бир күн мурда каза болгонун кемпирден уккан кыз эсин жоготуп коё жаздады.
Кубандын сөөгүн жерге бергенден кийин шордуу кемпир уулунун бөлмөсүнө баш багып,сандыгын ачты.Сандыктын ичиндеги баштыктарда бир нече дисктер бар экен.Баштыктын бирин ачса ичинде диск менен кошо ,жыты буруксуган бир кат жүрөт.
Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 26 Декабрь 2013 - 01:13