Бардык суперчилерди келе жаткан Жаңы жыл менен чын дилден куттуктаймын!
Жаңы жылга Силерге ушул жаңы ырым белек болсун!
Жаңы 2014-жылды күтүү ыры
Кел, Жаңы жыл, алыс жолду арытып,
Кел, Жаңы жыл, тозоң уруп, кар учуп...
Жаш бөбөктү да бир жашка чоңойтуп,
Карыяны да бир жашка карытып...
Шаркыраган дарыядай агып кел,
Шаңга толуп, Адамзатка жагып кел.
Баарыбыздын күткөнүбүз төп келсин,
Бак-таалайды ар бир жанга алып кел:
Ден соолук бер кеселдери оорлорго,
Дүйнө бергин маңдайлары шорлого.
Көкөлөсүн зоболосу бийиктеп,
Кадыр-барк бер карыптарга, корлорго.
Карапайым калк турмушун оңдоорго,
Нысап бергин эл башкарган чоңдорго.
Баарысына Ар-Намысты ала кел,
Бузулгандар түшсүн быйыл оң жолго.
Бороон болсун, бирок кайгы болбосун,
Суук болсун, бирок көңүл тоңбосун.
Жаманчылык жылас болуп элимден,
Жаратканым Кыргызымды колдосун!
Калк ичинде каар учпастан, кар учуп...
Кел, Жаңы жыл, бакыт, кутка маарытып.
Мекенимди Жарык Күнгө жеткир да,
Мейли мени бир жашка сал карытып...
Ата Журтту Алтын Доорго жеткирсең,
Анда мени койсоң мейли карытып...

Жаңы 2014-жылды күтүү ыры
Кел, Жаңы жыл, алыс жолду арытып,
Кел, Жаңы жыл, тозоң уруп, кар учуп...
Жаш бөбөктү да бир жашка чоңойтуп,
Карыяны да бир жашка карытып...
Шаркыраган дарыядай агып кел,
Шаңга толуп, Адамзатка жагып кел.
Баарыбыздын күткөнүбүз төп келсин,
Бак-таалайды ар бир жанга алып кел:
Ден соолук бер кеселдери оорлорго,
Дүйнө бергин маңдайлары шорлого.
Көкөлөсүн зоболосу бийиктеп,
Кадыр-барк бер карыптарга, корлорго.
Карапайым калк турмушун оңдоорго,
Нысап бергин эл башкарган чоңдорго.
Баарысына Ар-Намысты ала кел,
Бузулгандар түшсүн быйыл оң жолго.
Бороон болсун, бирок кайгы болбосун,
Суук болсун, бирок көңүл тоңбосун.
Жаманчылык жылас болуп элимден,
Жаратканым Кыргызымды колдосун!
Калк ичинде каар учпастан, кар учуп...
Кел, Жаңы жыл, бакыт, кутка маарытып.
Мекенимди Жарык Күнгө жеткир да,
Мейли мени бир жашка сал карытып...
Ата Журтту Алтын Доорго жеткирсең,
Анда мени койсоң мейли карытып...
Барс мырза,ырың абдан жакты.Ылайым эле айтканың келсин.Жаңы жыл баарыбызга кут болсун.Жакшылыкты ,ийгиликти,ынтымакты, тынчтыкты ,бейпилчиликти, молчулукту,токчулукту алып келсин.
Ал эми, Барс мырза, сага айтаарым:
Ээрчите бер окуучуңа ачып жол,
Ойго кенен,ар бир сөзгө калыс бол.
Теги супсак уйкаштыкты кубалап,
Калагы жок халтурадан алыс бол!

Супер-Инфо
super.kg
видео




























