Ассалому алейкум!
Кутман калкым аманбы?
Сайрагүл деген форумчу
Ноокенден айтат саламды.
Өзүм эки ооз кара сөздү,
Тууралап жакшы жаза албайм.
Ошентсе да акындардын бөлүмүнө
Кирмейинче кете албайм.
Октябрь айынын аягында,
Жека мырза жана Луи айымдын
Айтышына күбө болгонмун.
Ар сабын окуп калтырбай,
Жакшы таасир алганмын.
Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#2902 28 December 2013 - 17:04
Таланттыңыздарга балли деп
Башым ийип таазим этемин.
Жаңы-Жылда куттуктап
Ден соолук, бакыт каалап кетемин.
Калкыма каалоо.
Келе жаткан жылыбыз,
Жаңылыкка бай болсун.
Жергебизге кут конуп,
Ар бир үйдө той болсун.
Тоолорго кар көп түшүп,
Жайында суу көп болсун.
Дыйкандын эмгеги акталып,
Күзүндө эгин мол болсун.
Оорулуулар айыгып,
Ден соолугу чыңалсын.
Тентектик ката кылгандар,
Ушул жылы оңолсун.
Баласыздар балалуу,
Ушул жылы болушсун.
Үйү жоктор конуштуу ,
Ушул жылы болушсун.
Иштери жүрүшпөгөндүн
Иттери быйыл чөп жесин.
Ушунун баарын албетте,
Тилеймин Алла Тааладан
Кабыл алып кой калкым
Сайрагүлдүн атынан.
Башым ийип таазим этемин.
Жаңы-Жылда куттуктап
Ден соолук, бакыт каалап кетемин.
Калкыма каалоо.
Келе жаткан жылыбыз,
Жаңылыкка бай болсун.
Жергебизге кут конуп,
Ар бир үйдө той болсун.
Тоолорго кар көп түшүп,
Жайында суу көп болсун.
Дыйкандын эмгеги акталып,
Күзүндө эгин мол болсун.
Оорулуулар айыгып,
Ден соолугу чыңалсын.
Тентектик ката кылгандар,
Ушул жылы оңолсун.
Баласыздар балалуу,
Ушул жылы болушсун.
Үйү жоктор конуштуу ,
Ушул жылы болушсун.
Иштери жүрүшпөгөндүн
Иттери быйыл чөп жесин.
Ушунун баарын албетте,
Тилеймин Алла Тааладан
Кабыл алып кой калкым
Сайрагүлдүн атынан.
#2903 30 December 2013 - 17:10
кучак тосо жаркылдап
жакшы кабыл алдынар
пейилинер кендигин
билдирип дагы салдынар
пропискага тургузуп
чогуу тосуп калдынар
карап туруп суктанам
аранарда баары бар
акылман терен бир сырдуу
Жека аба дагы бар
созду таап суйлогон
минуш сулуу айым бар
кыз адебин сактаган
Луи бийкеч сулуу бар
Айтканынан кайтпаган
Мырза муноз Кайтпас бар
конулдорду которгон
шайыр муноз адамдар
Чынында турам кубанып
Кызыкту экен аранар
силердей сыпаа адамдан
дагы бешоо болгондо ушу онолмок точно замандар))
#2904 30 December 2013 - 18:05
Жаны жыл келди жаш балбан
Кайраттанган шаттанган
Деген ырды кайталап
Кирип калдым айлыма
Жаны жылда элиме
Каалоо айтып кетейин
Жылкы жылы ийгилик
Алып келсин элиме
Ден-соолук болуп ар кимде
Нанга толсун дасторкон
Аман эсен чогулуп
Жылкы жылын тосуп алалы!
Кайраттанган шаттанган
Деген ырды кайталап
Кирип калдым айлыма
Жаны жылда элиме
Каалоо айтып кетейин
Жылкы жылы ийгилик
Алып келсин элиме
Ден-соолук болуп ар кимде
Нанга толсун дасторкон
Аман эсен чогулуп
Жылкы жылын тосуп алалы!
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#2905 31 December 2013 - 00:05
Ассаллоому алейкууум
Баарынарга чоон салам.
Баш коз болуп кызарган
Админ акимдерге чооон салам
Жаны жылды куттуктап
Жазып жаткан жадабай
Акындар силерге да чон салам
Кирип келген кишенеп
Жылкы жылы турбайбы
Арпа жемден даярдап
Кирип келген жылкыны
Жакшылап тосуп алайлы
Арак парака тойгузуп
Жаны келген бул жылды
Бир кунго кошуп майрамдап
Алкаш кылып албайлы
Жакшылап тосуп бул жылды
Митинк пикет кылбастан
Болоор болбос нерсеге
Баш которуп чыкпастан
Тынчыраак тосуп бул жылды
Келеерки ушул убака
Эсен соо жетип алалы
Баарынарга чоон салам.
Баш коз болуп кызарган
Админ акимдерге чооон салам
Жаны жылды куттуктап
Жазып жаткан жадабай
Акындар силерге да чон салам
Кирип келген кишенеп
Жылкы жылы турбайбы
Арпа жемден даярдап
Кирип келген жылкыны
Жакшылап тосуп алайлы
Арак парака тойгузуп
Жаны келген бул жылды
Бир кунго кошуп майрамдап
Алкаш кылып албайлы
Жакшылап тосуп бул жылды
Митинк пикет кылбастан
Болоор болбос нерсеге
Баш которуп чыкпастан
Тынчыраак тосуп бул жылды
Келеерки ушул убака
Эсен соо жетип алалы
БЫЙЫЛ СОЗССУЗ УЙЛОНОМ.
#2906 01 January 2014 - 11:23
Таң эртеден сайраган,
Тынбай жаагы талбаган.
Токтогулдай ыр ырдап,
Төгүп чери канбаган.
Төккмө акындар аманбы?
Көбүңө айтам саламды,
Кирип келген жыл үчүн,
Кыргыз эдин сыры үчүн.
Күүлөп комуз алганы,
Үндүү добуш салганы.
Кара кылды как жарып,
Ырдагандар кайда бу?
Ырдасаң көңүл жайнаган,
Ыр кенчи менен байлаган.
Ырдаса моокум кандырып,
Ырахатка арбаган,
Айылдаштар кайда анан?
Анда эмесе келиңиз,
Айылда ырдап бериңиз.
Алакандай кыргызга,
Аз да болсо жылышка ,
Каалоо айтып кетиңиз.
Тынбай жаагы талбаган.
Токтогулдай ыр ырдап,
Төгүп чери канбаган.
Төккмө акындар аманбы?
Көбүңө айтам саламды,
Кирип келген жыл үчүн,
Кыргыз эдин сыры үчүн.
Күүлөп комуз алганы,
Үндүү добуш салганы.
Кара кылды как жарып,
Ырдагандар кайда бу?
Ырдасаң көңүл жайнаган,
Ыр кенчи менен байлаган.
Ырдаса моокум кандырып,
Ырахатка арбаган,
Айылдаштар кайда анан?
Анда эмесе келиңиз,
Айылда ырдап бериңиз.
Алакандай кыргызга,
Аз да болсо жылышка ,
Каалоо айтып кетиңиз.
#2907 01 January 2014 - 23:59
Алек Айтам саламды
Форумчулар аманбы
Сулуу айтам саламды
Суперчилер аманбы
Чындап айтам саламды
Чоң акелер аманбы
Кыйнап айтам саламды
Кыз-Келиндер аманбы
Жыргап айтам саламды
Жаштар баары аманбы?
Ущунча сыйлап баарыңды
Салам айтсам жаманбы?
Форумчулар аманбы
Сулуу айтам саламды
Суперчилер аманбы
Чындап айтам саламды
Чоң акелер аманбы
Кыйнап айтам саламды
Кыз-Келиндер аманбы
Жыргап айтам саламды
Жаштар баары аманбы?
Ущунча сыйлап баарыңды
Салам айтсам жаманбы?
#2908 14 January 2014 - 09:07
Сайрагул эже келиптир,
Ноокенден салам бериптир,
Акындар айылы бардыгын,
Тээ октябрда эле сезиптир..
Жаңы жылга каалоо деп,
Создордун коозун териптир,
А бирок өзү жоголуп,
Кайдадыр "сиңип" кетиптир...
Андан соң келип Мега айым,
Коноктоп, берип сүт чайын,
Суктанып бизге өтуптур,
Тизмектеп акын бүт барын,
Арнап да бизге жазганкен,
Создөрү күйүп от жалын...
Кол чаптым Минюш эжеге,
Келиптир ал да кечеге,
Жаңырган жылды куттуктап,
Ырларын айтып чечиле,
Ден-соолук арнап кетиптир,
Жалпы журтка, элине,
Капа кылбай илели,
500 сомду белине...
Чооң саламын акимге,
Катаган мырза жазыптыр,
Жаңы жылга арналган,
Кептерин терең казыптыр,
Ичпегиле дегенкен,
Арак деген азыкты,
Жолдон алыс ыргыт дейт,
Пикет деген "казыкты" ,
Ыйманды берсин Кудайым,
Турмушта болбой азыткы...
Аргымак керип арышын,
Жоктоптур акын баарысын,
Келүүсүн талап кылыптыр,
Айылдын жашын, карысын,
Каалаган экен ал дагы,
Айылдын гулдөп, жанышын.
Саламды бөлүп бөлүккө,
Толтуруп оозун көбүккө,
WwWwWwW дагы келиптир,
Баш багып биздин өрүшкө,
Төр жактан оорун алыңыз,
Кеп козгой, ойдон бөлүшө...
Ноокенден салам бериптир,
Акындар айылы бардыгын,
Тээ октябрда эле сезиптир..
Жаңы жылга каалоо деп,
Создордун коозун териптир,
А бирок өзү жоголуп,
Кайдадыр "сиңип" кетиптир...
Андан соң келип Мега айым,
Коноктоп, берип сүт чайын,
Суктанып бизге өтуптур,
Тизмектеп акын бүт барын,
Арнап да бизге жазганкен,
Создөрү күйүп от жалын...
Кол чаптым Минюш эжеге,
Келиптир ал да кечеге,
Жаңырган жылды куттуктап,
Ырларын айтып чечиле,
Ден-соолук арнап кетиптир,
Жалпы журтка, элине,
Капа кылбай илели,
500 сомду белине...
Чооң саламын акимге,
Катаган мырза жазыптыр,
Жаңы жылга арналган,
Кептерин терең казыптыр,
Ичпегиле дегенкен,
Арак деген азыкты,
Жолдон алыс ыргыт дейт,
Пикет деген "казыкты" ,
Ыйманды берсин Кудайым,
Турмушта болбой азыткы...
Аргымак керип арышын,
Жоктоптур акын баарысын,
Келүүсүн талап кылыптыр,
Айылдын жашын, карысын,
Каалаган экен ал дагы,
Айылдын гулдөп, жанышын.
Саламды бөлүп бөлүккө,
Толтуруп оозун көбүккө,
WwWwWwW дагы келиптир,
Баш багып биздин өрүшкө,
Төр жактан оорун алыңыз,
Кеп козгой, ойдон бөлүшө...
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2909 15 January 2014 - 19:19
Эч кайда сиңип кетпедим
Форумду айланып эле жүрөмүн.
Луи сулуу сенден сурайын
Айтып койчу угайын.
Акындардын айлына
Мага окшогон карапайым
форумчу келсе деле болобу?
Ырлары жарыяланган
Же акындар келиш керекпи?
Форумду айланып эле жүрөмүн.
Луи сулуу сенден сурайын
Айтып койчу угайын.
Акындардын айлына
Мага окшогон карапайым
форумчу келсе деле болобу?
Ырлары жарыяланган
Же акындар келиш керекпи?
#2910 16 January 2014 - 13:27
Форумчу келсе айылга,
Кубанып тосуп алабыз,
Кой союп, куйрук-май тартып,
Дасторкон турлөп салабыз,
Коноктун көрүп биз камын,
Балбылдап оттой жанабыз,
Келиңиз Сайра эжеке,
Дасторконго караңыз,
Апалап жүрсүн дайыма,
Оорубай, эсен балаңыз.
Кубанып тосуп алабыз,
Кой союп, куйрук-май тартып,
Дасторкон турлөп салабыз,
Коноктун көрүп биз камын,
Балбылдап оттой жанабыз,
Келиңиз Сайра эжеке,
Дасторконго караңыз,
Апалап жүрсүн дайыма,
Оорубай, эсен балаңыз.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2911 16 January 2014 - 14:40
Рахмат Луи сага да,
Кабыл алдың жакшына.
Дасторконду түрлөнтүп,
Жаркылдадың татына.
Сүйүнгөнүмдөн эч нерсе,
Тамагымдан өтпөдү.
Колдоруң дарт көрбөсүн,
Бактылуу бол садага.
Кабыл алдың жакшына.
Дасторконду түрлөнтүп,
Жаркылдадың татына.
Сүйүнгөнүмдөн эч нерсе,
Тамагымдан өтпөдү.
Колдоруң дарт көрбөсүн,
Бактылуу бол садага.
#2912 16 January 2014 - 15:46
Кабыл болсун тилегиңиз,
Кучкө толсун билегиңиз,
Жаркылдаган айым экенсиз,
Нурун чачат илебиңиз,
Жездем менен бар болуңуз,
Өөрдө болуп тирегиңиз.
Келиңиздер ырдашалы,
Ай жарыкта сырдашалы,
Ыр түрмөктү алмашалы,
Болуп сымал төкмө Аалы,
Жандандырсак келип калаар,
Кирбей калган элдин баары,
Бир учурда кирчү эле,
Калемпир, мурч тили, балы,
Ал учурда ызылдашып,
Окшошчубуз топко аары,
Эми минтип эскеришип,
Ал кундорум артта калды....((
Кучкө толсун билегиңиз,
Жаркылдаган айым экенсиз,
Нурун чачат илебиңиз,
Жездем менен бар болуңуз,
Өөрдө болуп тирегиңиз.
Келиңиздер ырдашалы,
Ай жарыкта сырдашалы,
Ыр түрмөктү алмашалы,
Болуп сымал төкмө Аалы,
Жандандырсак келип калаар,
Кирбей калган элдин баары,
Бир учурда кирчү эле,
Калемпир, мурч тили, балы,
Ал учурда ызылдашып,
Окшошчубуз топко аары,
Эми минтип эскеришип,
Ал кундорум артта калды....((
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2913 16 January 2014 - 15:54
Келип калдым мен дагы
Саламды айтып айлыма
Айылдан чыккан тааныш ун
Тартып турат дайыма
Келсен шандуу ырдаган
Люлю деген сулуу кыз
Баарыбызды чогултат
Ак дасторконду турлоп
Жайып салат ар дайым
Каалоо тилек ырларын
Ырдашып куйоо бала экоо
Карапайым элмин деп
Озунузду болбонуз
Бат-баттан кирип турунуз
Жакшы экен Сайра жондоонуз
Эже деп сыйлап алабыз
Тордон берип орунду
Мега эже да колдоп
Сыйласа керек эмитен.
Саламды айтып айлыма
Айылдан чыккан тааныш ун
Тартып турат дайыма
Келсен шандуу ырдаган
Люлю деген сулуу кыз
Баарыбызды чогултат
Ак дасторконду турлоп
Жайып салат ар дайым
Каалоо тилек ырларын
Ырдашып куйоо бала экоо
Карапайым элмин деп
Озунузду болбонуз
Бат-баттан кирип турунуз
Жакшы экен Сайра жондоонуз
Эже деп сыйлап алабыз
Тордон берип орунду
Мега эже да колдоп
Сыйласа керек эмитен.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#2914 16 January 2014 - 16:29
Минюш эже келип калды ашыгып,
Жооп жазууга эжелерге шашылып,
Ананасын көтөрө да келиптир,
Дасторконго коемун деп ташынып.
Жооп жазууга эжелерге шашылып,
Ананасын көтөрө да келиптир,
Дасторконго коемун деп ташынып.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2915 16 January 2014 - 17:32
Акырын өтүп баратсам
Айылдан үндөр угулат
Ким экен деп карасам
Ай чырай кыздар үн салат
Жаш уландай шартылдап
Кошулсамбы кыздарга?
Же жигиттер кызганып -
Кабыламбы чырларга?
Айылдан үндөр угулат
Ким экен деп карасам
Ай чырай кыздар үн салат
Жаш уландай шартылдап
Кошулсамбы кыздарга?
Же жигиттер кызганып -
Кабыламбы чырларга?
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2916 16 January 2014 - 17:52
Кирген бойдон жайында,
Жека аба бүгүн келди айылга,
Кыздарды көрүп бул мырза,
Жылмайды уурту жайыла
Келиңиз төргө өтүңүз,
Кыздардын тоюп чайына,
Беш бармактан алыңыз,
Кол сунуп этке, майына.
Кайтпастан чоочуп калганбы,
Калбайын деп каарына,
Шаңдантып мында келиңиз,
Тартуулап ырды баарына.
Жека аба бүгүн келди айылга,
Кыздарды көрүп бул мырза,
Жылмайды уурту жайыла
Келиңиз төргө өтүңүз,
Кыздардын тоюп чайына,
Беш бармактан алыңыз,
Кол сунуп этке, майына.
Кайтпастан чоочуп калганбы,
Калбайын деп каарына,
Шаңдантып мында келиңиз,
Тартуулап ырды баарына.
Ар качан өз парз, милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
#2917 16 January 2014 - 18:29
Салам айтам баарыңа
Улуу, кичүү - жалпыңа
Күлүк ат болуп бул жылы
Кылалы кызмат калкыма
Баратсам өтүп айылдан
Луи кыз чыкты алдымдан
Учурашып, ал деди -
Бешбармак, эт, майынан
Ыраазы болуп Луиге
Ооз тийдим түркүн тамактан
Анан,
“Чакырган жерден калба” деп
“Өзүң басып барба” деп
Төр жакка өттүм, кайран жан.
Улуу, кичүү - жалпыңа
Күлүк ат болуп бул жылы
Кылалы кызмат калкыма
Баратсам өтүп айылдан
Луи кыз чыкты алдымдан
Учурашып, ал деди -
Бешбармак, эт, майынан
Ыраазы болуп Луиге
Ооз тийдим түркүн тамактан
Анан,
“Чакырган жерден калба” деп
“Өзүң басып барба” деп
Төр жакка өттүм, кайран жан.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2918 16 January 2014 - 19:39
Каймактуу кепти кураган,
Жека агайды көрүп жанынан.
Көпкө чейин кызарып
Аябай эле сүрдөдүм,
Кашыгым түшүп колумдан.
Сүрүңүз Арстандыкындай,
Сөздөрдөн терип жакшынакай,
Жумушуңуздан чарчабай,
Жүрөсүзбү Жека агай?
Жека агайды көрүп жанынан.
Көпкө чейин кызарып
Аябай эле сүрдөдүм,
Кашыгым түшүп колумдан.
Сүрүңүз Арстандыкындай,
Сөздөрдөн терип жакшынакай,
Жумушуңуздан чарчабай,
Жүрөсүзбү Жека агай?
#2919 17 January 2014 - 11:46
Акын төргө жаңыдан
Кошулуптур Сайрагүл
Эми чыкпай айылдан -
Каалашыңча ойноп, күл
Мени көрүп сүрдөбө
Бет кызарып, түрдөбө
Анысы аз келгенсип -
Кашыгың түшүп жүдөбө
“Арыстандай сүрдүү” деп
Аздектеп мени жатыпсын
Агаңа айткан жылуу кеп
Мага да, сага - татысын.
Негизи,
Бул айылга жумуштан
Чарчаганда киремин
Чай маалында куралган
Төрт саптардан илемин.
Кошулуптур Сайрагүл
Эми чыкпай айылдан -
Каалашыңча ойноп, күл
Мени көрүп сүрдөбө
Бет кызарып, түрдөбө
Анысы аз келгенсип -
Кашыгың түшүп жүдөбө
“Арыстандай сүрдүү” деп
Аздектеп мени жатыпсын
Агаңа айткан жылуу кеп
Мага да, сага - татысын.
Негизи,
Бул айылга жумуштан
Чарчаганда киремин
Чай маалында куралган
Төрт саптардан илемин.
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#2920 17 January 2014 - 13:46
Ооба агай айылга,
Эми келем дайыма.
Акындар менен ырдашып,
Ишимден бошой калганда.
Окшошпой калса саптарым,
Оңдоп үйрөтүп туруңуз.
Чектен чыгып ырдасам,
Секин купуяма жазыңыз.
Үйрөнчүкмүн агай көрдүңүз,
Ката кылсам кечириңиз.
Эми келем дайыма.
Акындар менен ырдашып,
Ишимден бошой калганда.
Окшошпой калса саптарым,
Оңдоп үйрөтүп туруңуз.
Чектен чыгып ырдасам,
Секин купуяма жазыңыз.
Үйрөнчүкмүн агай көрдүңүз,
Ката кылсам кечириңиз.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















