Мумиё айтып кеткендей эле бетке пайдасы зор.
1. Беттеги бырыштар учун:
40-50гр сухой кызыл виного 2 таблетка мумину кошуп порошок кылып , бир кундо дайын болот, тоник катары колдоно бергиле кунуно кечинде, бетти тазалап, май болсо жуубай эле койгула, теринер кургак болсо 10 мин кийин жууп койгула.
2. 2 табл мумиёну ысык сууга эзип бетке шыбаса токисндерди чыгарат, безеткилерге жакшы жардам берет.
Мумиё
#42 02 January 2014 - 17:25
Чоон рахмат, ошо Ош базарынан алдыра турган болдум
Эми дарылык касиеттери жонундо:
1. Бетке маска катары, мумиёну эзип туруп бетке шыбап сулуу болуп , 15 мунотко койобуз. Жууп салабыз, кандын айланышын жакшыртат анан бетти азыктандырат.
2. Беттеги безеткилерге дагы жакшы.
3. Баш жууган шампунга дагы кошуп алса чачтын тушкону токтойт.
Эми дарылык касиеттери жонундо:
1. Бетке маска катары, мумиёну эзип туруп бетке шыбап сулуу болуп , 15 мунотко койобуз. Жууп салабыз, кандын айланышын жакшыртат анан бетти азыктандырат.
2. Беттеги безеткилерге дагы жакшы.
3. Баш жууган шампунга дагы кошуп алса чачтын тушкону токтойт.
а шампуньга канча таблетка кошот? Чачым тушуп жатат
#43 06 January 2014 - 09:46
а шампуньга канча таблетка кошот? Чачым тушуп жатат
4 таблетканы бир аз сууга эзип туруп, же порошок кылып деле кошо берсен болот, мен кошуп койгом азайды го.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#44 06 January 2014 - 20:21
#45 07 January 2014 - 11:18
Автор мимия таптынбы таппасан айт натуралныйыдан таап берем канча кг керек
Тапкам, бирок эзип атканда клиенкалар чыкты да. Мен граммдап эле алат болчум алсам.
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
#48 05 February 2014 - 15:40
Жакшы болбодубу ... Бир кезде орус айым сатып келгенинен 20таблетка алып койдум эле , ошону колдонуп короюнчу.
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#49 07 February 2014 - 14:53
мумия арыктаганга да жардамы тийеби? жана имунитетти которобу?
Арыкташ учун оозду тыйып диетага отура койгула, анан конугуу жасап, кыргызбайский вариант менен мес бир жумада бир жолу эмес кунуно. Мумиё таза болсо жакшы, пайдасы чон анан таблеткалар жуулуп,тазаланып отуруп сапатын жоготуп коет экен.
Жоодурап сага карар бир адам бар
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
Жалбарып журогунду сураган бар
Жамалын жашка толуп турса дагы
Дуйнодо сени суйгон бир адам бар!
#50 09 June 2015 - 17:43
Мумия экзема менен гемморойду жок кылат
Мумия- эң эле өзгөчө жана табышмактуу дарылоочу касиетке ээ каражат. Анткени анын тийгизген таасири, дарылоодогу механизими анчалык деле түшүнүктүү эмес. Бирок, анын дарылоо касиетинин жогору натыйжалуулугу менен Байыркы чыгыш адабияттарында кеңири жазылган.
Мумия- өзүнүн химиялык курамынын пайда болушу абдан татаал жана белгилүу гана дүйнөнүн тоолорунан алынат. Бир нече аталышы бар. Асканын ширеси, тоонун каны, тоо бальзамы сыяктуу аталыштарга ээ. Түрлөрү да көп. Ал адам баланынын организминдеги торчолорду калыбына келтирет, кабылдап кетүүгө, токсиндерге каршы иштейт, мээнин иштешин жөнгө салууда дагы ролу чоң.
Анын курамына 28 химиялык элементтер, 30 кичи элементтер, 10 окси металлы, 6 амино кислота, бир нече витаминдер тобу жана эфир майы кирет. Элдик дарылоо медицинасында ар кандай оорулар үчүн кеңири колдонулуп келет жана натыйжалуулугу менен атактуу.
Мумияны пайдалануу ыкмалары
Азыркы учурда дарыканалардын дээрлик баарынан эле мумияны ыңгайлуу жасалган таблеткаларын тапса болот. Таблеткалардын салмагы0,2 граммды түзөт. Ал эми кабыл алуу өлчөмү бир күндүкү 0,3 грамм. Демек, 3 таблетканы эки күн колдонсоңуз болот. Мумияны күнүнө эки жолу кабыл алуу талапка ылайык. Эртең менен ачкарын, кечинде тамактанаарга 30 мүнөт калганда. Бул көптөгөн оорулардын алдын алат жана дарылайт. Ошондой эле сагыз сыяктуу жана суюк бальзамы да болот.
Күйүккө:
Жогоруда айтылгандай күнүнө эки маал таблеткасын ичип, ал эми күйгөн жерге суюгун сүйкөп колдоносуз. Ал үчүн бинтти бальзам менен нымдап алып күйгөн жериңизди таңып коёсуз.
Гемморойго:
Күнүнө эки маал таблеткасын ичип, дагы бир таблетканы 100 мл ысытылган өсүмдүк май менен аралаштырып мазь жасайсыз дагы көйгөйлүү жериңизге сүйкөйсүз. Уктаар алдында.
Кулактын угушу начарлаганда:
Күнүнө эки маал таблеткасын ичип, кулагыңызга уктаар алдында эки тамчыдан тамызып коёсуз.
Мурун канаганда:
Таблеткасын эки маал ичип, кечинде уктаар алдында мурдуңуздун ар бир тешигине 5 тамчыдан тамчылатыңыз.
Экземада:
Эки маал таблеткасын ичип, көйгөйлүү жерлерди алгач перекись водород менен тазалап, андан кийин жогорудагыдай мазь жасап сүйкөйсүз. Бул ыкманы бир жарым ай тынымсыз жасасаңыз экземадан толугу менен кутуласыз. Ал эми таблеткасын 20 күндөн эки жолу ичесиз. Ортодо 10 күн тыныгуу жасайсыз.
Мумия колдонуудагы сактала турган эрежелер:
Мумияны 40 градустан ашык ысытууга болбойт. Таблеткаларды кабыл алууда канатылып, муздатылган суу ичиңиз. Жарым стакан ичсеңиз да болот. Ар бир курс 10 күнгө ылайыкталган. Натыйжасына карап, ортодон 1 апта тыныгуу жасап кайрадан кайталасаңыз болот. Мумия менен дарыланууда спирт ичимдигине, коюу чайга, кофеге жана башка дары- дармектерди ичүүгө катуу тыюу салынат.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#51 09 June 2015 - 18:18
Мумия чоюлган курсакты калыбына келтирет
Мумия айымдардын ден соолугу жана сулуулугу үчүн кеңири колдонулуп келет. Анын курамындагы табигый бальзамда көптөгөн кичи элементтер организмдин зат алмашуусуна жакшы таасирин тийгизет. Кандын, теринин, сөөктөрдүн клеткаларын бир калыпта сактап турат. Антисептикалык касиети менен ар кандай жараларга, кабылдап, ириңдеп кеткен жерлерге жана грибокко таасир берет. Гинекологиялык ооруларга, стоматитте,
учук жана безекилерге,
экземага, гемморойго каршы да колдонулат.
Жыйынтыгы абдан жакшы көрсөткүчтөрдү берген. Мумиянын ден- соолуукка тийгизген таасирлери тууралуу макаланы кийинчерээк окуй аласыздар. Азыр болсо сулуулук үчүн кандай колдонула тургандыгын билип алыңыздар.
Чоюлган курсактар үчүн
100 мл өлчөмүндөгү денени сыйдамдоочу крем сатып алыңыз. Балдар үчүн арналганын алсаңыз деле жарай берет. Эгер целлюлитиң бар болсо анда, ага каршы крем колдонсоңуз болот. Айнек идишке сатып алган кремдин баарын сыгып саласыз, ага эки грамм мумияны бир чай кашык кайнак сууга ээритип кошосуз. Бир нече тамчы жожобо майын да кошуп койсоңуз болот. Баарын аралаштырып күн сайын кечинде көйгөйлүү жерлериңизге сүйкөп жатасыз. Массаж жасап сүртсөңүз жыйынтыгы тез эле байкалат.
Эртең менен жылуу сууга жуунуп аласыз. Калганын муздаткычка салып сактасаңыз болот. Мындан сырткары мумиянын таблеткаларын да колднсоңуз болот. Ал үчүн 50мл кремге 20 даана мумия таблеткасы кошулат. Мында суу кошпой эле кремге аралаштырып майлап аласыз.
Дагы бир ыкмасы бар. Ал үчүн роза эфир майынан бир аш кашык алып, ага 1 грамм мумия кошосуз. Уктаардын алдында көйгөйлүү жерлериңизге сүртүп жатасыз. Эртең менен гана жуулат. Териңиз бир айга жетпей жакшы абалга келе баштайт.
Жаштыкты узартуу үчүн
Мумия кургак жана өңү өчкөн бет терисине "жан" киргизет. 100 мл өлчөмүндөгү айнек идишке бир даана мумиянын таблеткасын салып, ага кургак кызыл шарап куясыз. Шараптын сапаты жогору болушу шарт. Таблетка жарым сааттын ичинде ээрийт. Андан кийин күн сайын кечинде жана эртең менен таза жуулган бетиңизди кебезди шарапка малып сүртүп турсаңыз болот. Муздаткычта сактайсыз.
Ал эми терини азыктандыруу үчүн 2 грамм мумияны бир чай кашык жылуу сууга аралаштырып, ага 15 пайыздык бир аш кашык сливка, бир чай кашык сүт жана жумуртканын сарысын кошуп аралаштырасыз. Пайда болгон кошулманы бетиңизге сүйкөп, 30 мүнөттөн кийин жууп саласыз. Бул масканы аптасына бир эле жолу колдоносуз.
Безеткилер үчүн
Кан айланууну жакшыртып, терини азыктандырып беттеги жагымсыз безеткиден жоготууга арналган бир нече ыкмалар бар. 1- Жылуу менен мумияны ботко абалына келгиче аралаштырасыз. Аны 20 мүнөткө бетиңизге сүйкөйсүз. Андан кийин жылуу суу менен жуулат. 2- бетке койгон кремиңизге 5 грамм мумияны кошуп аралаштырыңыз. Бетиңиздеги көйгөйлүү жерлерге сыйпап коюңуз. Катуу сүрткөнгө болбойт. 3- айнек идишке балды салып сууга кайнатыңыз, андан кийин ага бир аз мумия кошуп коюңуз. Андан соң жылуу абалында 20 мүнөткө бетиңизге сүйкөп кармайсыз.
Келишимдүү бой- келбет үчүн
Мумия тамак сиңирүү органдарын жакшы таасир бергендиктен, организмдеги зат алмашууну жөнгө салат. Ачка болуу сезиминен кутуласыз. Кан басымыңыз калыбына келе баштайт. Ал үчүн 4 жолу 20 күндөн, ортосунда 5 күндүк тыныгуу менен 0,5 граммдан 1 граммга чейин эртең менен тамакка чейин жана кечинде уктаар алдында ичип жатыңыз. Ашыкча салмактуулуктан арылып, иммунитетиңиз көтөрүлөт.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео











