Суперстан: Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жаңылыктар, имиштер сыяктуу. Чын же калп экенин талкуулайбыз.

#101 Пользователь офлайн   kanat4ik   06 Январь 2014 - 13:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Жемкорлукка катышы бар деп айыпталган
парламент депутаты Курманбек Осмоновго
карата тергөө амалдары жүргүзүлө элек. Бул
тууралуу парламент жыйынында башпрокурор
Аида Салянова билдирди. Айтымында, Курманбек Осмоновго карата
кылмыш иши 303-берене, жемкорлук айыбы
менен козголду. «Ал Юстиция министри болуп
турганда жемкорлукка катышты делүүдө. Бирок
биз ал ооруп жаткандыгына байланыштуу тергөө
амалдарын жүргүзө албай атабыз», - деди Аида Салянова. Буга чейин кабарлангандай, Курманбек Осмонов
сыртка дарыланууга чыгып кеткен. Эксперттер
«Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү жөн эле
качып кетти дешүүдө, себеби буга чейин Жогорку
Кеңештеги бул партиянын өкүлү Нурлан
Сулайманов да качып кеткен.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   zhiza   06 Январь 2014 - 14:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Argymak007 (03 Январь 2014 - 12:27) жазган:

Кыргызстанда аткаминерлердин “кара тизмеси” түзүлөт

2014-жылдын февраль айынан баштап Кыргызстанда аткаминерлердин “кара тизмеси” түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар жана туура эмес иштин негизинде жумуштан айдалгандар февраль айынан тарта каттоого алына баштайт. Бул кара тизмеге кирген аткаминерлер белгилүү убакытка чейин мамлекеттик кызматтарга алынбайт.

Бийликте, Атамбаевдин сөзүнө хоп дегендер гана калышы мүмкүнбү?

Эч тушунбойум, "Мамлекеттик кызмат жонундо" деген мыйзам бар го, ошону эле кучуно киргизип койсо болбой беле?
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Абакта отургандар үчүн жылына 2 млрд 441 млн
367,5 миң сом керектелет. Бул тууралуу "ВБ"га
Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын 2013-
жылдын 11 айына катара берген отчётунда
маалым болду. Өткөн жылы алардын керектөөсү үчүн 2 млрд 41
млн 367,5 миң сом сарпталган. "Мамлекеттик жаза өтөө кызматынын чыгымдар
сметасы 2013-жылы 836 млн 392 миң сомду
түзөгөн. Ал эми 2012-жылы 733 млн 665,9 миң
сом болгон", - деп жазылат отчетто.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Алмазбек
Атамбаев "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга
республикалык бюджетин жана 2014-2015-
жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу прзединеттин аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Баткен облусунун Кадамжай районуна
үстүбүздөгү жылы 452 долбоорго 402 млн 0156
миң сомдук инвестиция тартылган. Бул тууралуу
Кадамжай районунун акиминин биринчи орун
басары Жаныбек Ысаков билдирди. Район аймагында жолдор оңдолуп, 52 мектептин
айланасы тосулуп, заманбап спорт аянчалары
курулган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

5-январда Бишкек шаардык кеңешиндеги
КСДП фракциясы шаар башчылыгына өкмөттүн
Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү
Кубанычбек Кулматовдун тарапкерлигин
сунуштады. Фракциянын жыйыны Свердлов
районунун акимиатында болду. Кулматовду саясый чөйрөдө шаар башчылыгына
негизги талапкер катары айтышууда. Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын
мэрин шайлоо 15-январга белгиленген эле.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Орусиянын жараны Бишкектен жөө адамды коюп
кеткен. Бул тууралуу ИИББдин Жол кайгуул
кызматынан басма сөз кызматы билдирди. Милиция кызматкерлеринин айтымында,
Орусиянын мамлекеттик номери тагылган
"Мерседес- 320" үлгүсүндөгү машинаны айдап
бараткан 26 жаштагы киши жолдун четинде
турган жөө адамды коюп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 24 жаштагы тургун
ооруканага жаткырылган.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бишкектеги Некрасов көчөсүндө жайгашкан
кафеден үч каракчы күч менен 112 миң сомду
тартып алышкан. Бул тууралуу ИИББдин басма
сөз кызматы билдирди. Милицияга арыз менен шаардын 39 жаштагы
тургуну кайрылган. Ал 4-январда саат 18-00дөр
чамасында ага үч киши кол салганын айткан. Ленин РИИБдин аймактык инспекторлору изи
сууй электе шаардын 20, 25 жана 30 жаштагы
жарандарын кармашкан.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

"Аламүдүн" соода комплексинин аймагында
жайгашкан мечиттен садага салынчу кутучаны
сындырып 20 миң сомду уурдап ктеишкен. Бул
окуя жаңы жыл түнү болгондугун ИИББдин
басма сөз кызматы билдирди. Свердлов РИИБдин кылмыш иликтөө тобунун
кызматкерлери тарабынан аталган кылмыш
ишине шектүү деп Ысык-Ата районунун 22
жаштагы тургун кармалды.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сүрөтчү кыз Айпери Юсупованын 3-январда
АКШнын Чикага шаарында "Reflection" (чагылуу)
аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Бул
тууралуу "Кабар Ордого" Кыргыз-Америка ассоциациясынын президенти Акылтай Шерматов
билдирди. Шерматовдун айтымында, көргөзмө Чикаго
шаарындыгы Түрк маданий борборунун "Сафран"
салонунда өттү. "Айпери Юсупова Түндүк
Каролина штатындагы Guilford College окуу
жайында окуйт. Ассоциацияга көргөзмө тууралуу
кайрылганда бул идея бизге абдан жаккан. "Reflection" (чагылуу) аттуу көргөзмөгө
абстракция, кубизм жана сюрреализм
жанрларында тартылган сүрөттөр коюлду.
Көргөзмөгө кыргыз, өзбек, түркмөн, түрк жана
америкалык диаспоралардын өкүлдөрү кызыгуу
менен катышып кетишти. Көргөзмөгө коюлган сүрөттөр боюнча "silent auction" (үнсүз аукцион - катышуучулар жаккан сүрөттөрүнө өз баасын
коюп, эң чоң коюлган баага сатылат) өткөзүп, түшкөн каражат Кыргызстандагы балдар үчүн
комикс чыгырууга жумшалат" ,-дейт ал.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бишкекте жол кырсыгынан велосипетчен киши
каза болду. Бул тууралуу ИИББдин жол кайгуул
кызматы билдирди. Тартип сакчыларынын маалыматына ылайык,
"Lexus RX 300" үлгүсүндөгү машинасы Елебесов
жана Февраль көчөсүнүн кесилишинде
велосипетчен кишини коюп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 28 жаштагы киши
окуя болгон жерден каза болгон.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 00:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
маалыматына ылайык, Нарын - Ийри-Суу
жолунда ВАЗ 21-06 үлгүсүндөгү машине 99 метр
бийик жардан учуп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен эки адам каза
болуп, эки киши жаракат алган. Жарат алган
жарандар облустук ооруканага жеткирилген.
Каза болгон жарандардын аты-жөнү такталууда.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 16:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Аббебада
Түштүк Судандагы касташкан тараптардын
ортосунда түз сүйлөшүүлөр башталды. Өкмөттүк күчтөр менен көтөрүлүшчүлөрдүн
ортосунда өткөн жумада болгон сүйлөшүүлөр
үзгүлтүккө учураган эле. Эфиопиянын тышкы
иштер министри Тедрос Адхан тараптар
сүйлөшүүгө даяр эмес болуп чыкты деп
билдирген. Аддис-Аббебадагы жолугушуу Түштүк Суданда
өкмөттүк күчтөр менен мурдакы вице-президент
Риек Мачаранын ортосунда декабрда башталган
куралдуу кагылышты токтотуу максатын көздөйт. Бир эле учурда Түштүк Судандын бийликтери
көтөрүлүш чыгарып жаткандардын дагы бир
лидери Девид Яу Яу менен сүйлөшүп тил
табышканы белгилүү болду. Аталган лидер эки
жыл бою Өкмөткө каршы күрөшүп келди. Яу Яу
көтөрүлүшчүлөрдүн жол башчысы Риека Мачарды колдоп кошулуп кетет деп бийлик
тарап тынчсызданып жаткан болчу.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Сочиде кышкы олимпиадага бир ай калганда буга
чейин болуп көрбөгөндөй коопсуздук чаралары
көрүлө баштады. Президенттин жарлыгы боюнча
атайын уруксаты жок адамдар кирбей турган
жана көзөмөлгө коююлган зоналар түзүлдү.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 16:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Орусия:миграция боюнча жаңы мыйзамдар
кабыл алынды Жаңы жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдык
өзгөрүүлөргө ылайык, жумушка уруксаты жок
жүргөн мигранттар 90 күндөн кийин өлкөдөн
чыгып кетип, кайра токсон күндөн кийин гана
кирүүгө укуктуу болушмакчы.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   kanat4ik   07 Январь 2014 - 16:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 360
  • Катталган: 17 Август 12
  • Соңку аракети: 28 Окт 2016 19:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Португалияда атактуу футболчулардын бири
Эйсебионун өлүмүнө байланыштуу үч күндүк
улуттук аза күтүү жарыяланды. Күйөрмандар
апта соңунда Лиссабондогу үйүндө жүрөгү
кармаган футболчуну эскерип жатышат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   sensei   07 Январь 2014 - 18:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

Кыргызстан 2025- жылы өнүгүп, кой үстүнө торгой уялайт имиш.)
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   zhiza   07 Январь 2014 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 517
  • Катталган: 18 Июнь 11
  • Соңку аракети: 30 Мар 2018 09:18
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения sensei (07 Январь 2014 - 18:02) жазган:

Кыргызстан 2025- жылы өнүгүп, кой үстүнө торгой уялайт имиш.)


Жагымдуу "имиш" экен.
Адамга адам кымбат болуш керек....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   Kg.lady   07 Январь 2014 - 23:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Просмотр сообщения sensei (07 Январь 2014 - 18:02) жазган:

Кыргызстан 2025- жылы өнүгүп, кой үстүнө торгой уялайт имиш.)


Бул имишти кайсы козу ачык айтты

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   sensei   08 Январь 2014 - 02:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Kg.lady (07 Январь 2014 - 23:31) жазган:

Бул имишти кайсы козу ачык айтты


Автору кайсыл 'доңуз' экенин билбейт экем чынында.
И баса, "Америка державасынын күнү бүтөөрдө, кара терилүү адам, эки жолу ажоо болуп шайланат" ,- деген да имиш бар экен.)
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (19 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 00:28

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: