Илимдүүлөргө суроо
#561 03 Январь 2014 - 03:11
#562 03 Январь 2014 - 11:30
#563 03 Январь 2014 - 11:41
Acia (03 Январь 2014 - 02:47) жазган:
азыркы мезгилде халал деген термин реклама катары эле болуп калган. Ошондуктан халал этикеткасы менен чыгып жаткан колбасаларды жебейбиз, бир гана Муфтияттын халал деген цертификаты бар колбасный цехтердин колбасаларын жесениз болот же озунуз деле адалданып союлган малдын этинен колбаса жасап жесениз болот. Кайсыл кафенин же колбаса жасалган цехтердин ж.б. шариятка шайкеш келген цехтердин тизмесин ajyke.ru сайтынан таба аласыз.
Билдирүүнү түзөткөн: teltaeb: 03 Январь 2014 - 11:44
#564 03 Январь 2014 - 11:47
#565 08 Январь 2014 - 01:58


Менде мындай суроо, куранды жатка озу билбесе, дасторкон башында барактан же интернеттен текстин окуп койсо болобу?
#566 08 Январь 2014 - 04:36
incognito1 (08 Январь 2014 - 01:58) жазган:


Менде мындай суроо, куранды жатка озу билбесе, дасторкон башында барактан же интернеттен текстин окуп койсо болобу?
Menin tushunugum boiuncha,, tamaktangandan son, Kuran okup bata kylyp koiuunu aityp jatasyzby?
Je kandai..
#567 08 Январь 2014 - 04:40
musulmanin (08 Январь 2014 - 04:36) жазган:
Je kandai..
ооба, уйдо эркек киши жок болуп калганда, озум инеттен окуп коем. Тушумо каза болгон жакындарым кирип калса. А мындай куран окутсак, молдо чакыртабыз.
Анан дагы, ошондой эле инеттен мр3 форматта окулганды коюп угуп бата кылып койсо деле болобу?
Билдирүүнү түзөткөн: incognito1: 08 Январь 2014 - 04:42
#568 08 Январь 2014 - 05:48
Allaxym talabinizdi kuchtuu kylsyn! ilimdi alyp ele koiuu farz emes! Sekund saiyn ilim talab kyluu farz!..
#569 08 Январь 2014 - 13:03
incognito1 (08 Январь 2014 - 01:58) жазган:


Менде мындай суроо, куранды жатка озу билбесе, дасторкон башында барактан же интернеттен текстин окуп койсо болобу?
Курандан суроолорду окууда маанисин тушунуп окуу керек,кыргызча тушундурмосу м.н болот го.
Мен тушунгонум боюнча,козу откон адамга Куран окуу жонундо сурап жатасыз.Куранды озунуз окуп,эгер жаттай элек болсонуз китептен карап,анан дуа тилейсиз.Себеби, Куран окугандан кийинки дуа кабыл болот,ин шаа Аллах.Бирок, ушул Курандын СООБУН багыштайм деп айтуу туура эмес,сооп аны окуган адамга берилет,ал эми козу откон адамга жон гана дуа кылуу керек.
Копту билгиниз келгени жакшы экен,Куранды маанисин тушунуп окууга аракеттениниз. Себеби,бизге жашоого корсотмо катары Аллах Таала жиберген эмеспи.Куранды бир гана козу откон адамга окубастан,жакшылыкта да окуу керек.
#570 08 Январь 2014 - 13:04
incognito1 (08 Январь 2014 - 01:58) жазган:


Менде мындай суроо, куранды жатка озу билбесе, дасторкон башында барактан же интернеттен текстин окуп койсо болобу?
Курандан суроолорду окууда маанисин тушунуп окуу керек,кыргызча тушундурмосу м.н болот го.
Мен тушунгонум боюнча,козу откон адамга Куран окуу жонундо сурап жатасыз.Куранды озунуз окуп,эгер жаттай элек болсонуз китептен карап,анан дуа тилейсиз.Себеби, Куран окугандан кийинки дуа кабыл болот,ин шаа Аллах.Бирок, ушул Курандын СООБУН багыштайм деп айтуу туура эмес,сооп аны окуган адамга берилет,ал эми козу откон адамга жон гана дуа кылуу керек.
Копту билгиниз келгени жакшы экен,Куранды маанисин тушунуп окууга аракеттениниз. Себеби,бизге жашоого корсотмо катары Аллах Таала жиберген эмеспи.Куранды бир гана козу откон адамга окубастан,жакшылыкта да окуу керек.
#571 08 Январь 2014 - 16:53
#572 08 Январь 2014 - 17:35
Билдирүүнү түзөткөн: Shekerbek: 08 Январь 2014 - 17:37
#573 09 Январь 2014 - 11:16
Эмесе мындай кылалы билгендер жооп беришсин билбегендер тилин тишине кыпчышсын, калп эле урдура бербей.
#574 09 Январь 2014 - 11:22
incognito1 (08 Январь 2014 - 01:58) жазган:


Менде мындай суроо, куранды жатка озу билбесе, дасторкон башында барактан же интернеттен текстин окуп койсо болобу?
Болот. Курандын маанисин тушунуп окуган озунчо сооп, тушунбой окуган озунчо сооп.
Билдирүүнү түзөткөн: teltaeb: 09 Январь 2014 - 11:27
#575 09 Январь 2014 - 11:25
#576 09 Январь 2014 - 12:48
#577 10 Январь 2014 - 01:47
#578 10 Январь 2014 - 01:52
Мусулманчылыгыбыз акырындап озунун жолун таап, коомубуздун татыктуу осуп-онугуусуно салымын кошуп жатат. Жарандарыбыздын динге болгон табигый умтулуусу, алардын изденуулоруно, анын жыйынтыгында, кээ бир учурларда пикир келишпестиктерге алып келуудо. Албетте бул табигый жараян экендиги талашсыз. Арийне талаштан тактык жаралат эмеспи...
Мына ушул конул чалгыткан маселелердин бири Куран окуп, анын сообун маркумдарга багыштоо, белек кылуу, хадия этуу туурасында болмокчу. Маселе талаштуу болуусу, албетте маселени так эмес тушунуудон келип чыгат. Маркумдарга Куран окуу, маркумдарга Куран окутуу, Хатмы тушуруу сыяктуу айтылып келген тушунуктор да бир тартипке келуусунун келкели келип тургансыйт.
Маркумдарга Куран окутуу дегенде маркумдар окулган Куран аяттарын угуп, андан жандары сеп алат деген тушунук талаштуу маселе экендиги анык. Себеби маркумдардын угуусу, уккан кундо да андан соопко эгедер болуусу Куран аяттарына, хадистерге туура келбеген тушунук. Себеби, бул учурда маркум, маркумдардын ааламына кошулгандан кийин да амал аткарууну улантып жатат. Ал маркум болгондон кийин да амал кылууга мумкунчулук таап жатат.
Ал эми тируулор тарабынан маркумдарга сооптор белек кылынганда, анын жетуусу туурасында талаш болуусу мумкун эмес, аят жана хадис менен коштолгон кереметтуу тушунук.
"Салафийлик" жамаатка таандык деп эсептелген пикир катары айтылып жаткандыктан, ушул жамааттын имамдарынын китептеринен алардын пикирлерин берууну туура коруп турам. Кайсы бир маселе шииттерге таандык болсо алардын китептеринен, мааликийлерге таандык болсо анда алардын китептеринен келтируу ынсаптуулук эмеспи. Озум ханафий мазхабын кармангандыктан, макаламдын акырында ханафийлердин китептеринен да мисал келтирууну унутта калтыргым келбеди, анда эмесе кеп оролуна отсок.
Шейхуль Ислам Ахмад бин Таймиянын "Мажмууьул фатаавасынын" 24-том, 324-бетинде мындай айтылат: "Суралды: Маркум ээлери Куран кыраат кылса сообу жетеби? Тасбих, тахмид, тахлил жана такбир айтса, булардын соопторун маркумга багыштаса сообу жетеби же жетпейби? Жооп берди: Маркум ээлеринин Куран кыраат кылуусу, тасбихтери, такбирлери, жана башка бардык Аллах Тааланы зикир кылгандары –эгер соопторун маркумга хадия этишсе – анын сооптору жетет. Валлооху аьлам".
Тушундурмо: Шейхуль Исламдын фатвасынан корунуп тургандай, Куран кыраат кылып, же "субхааналаах" деп тасбих айтып, "алхамдулиллаах" деп тахмид айтып, "лаа илааха иллаллоох.." деп тахлил айтып, "Аллааху акбар" деп такбир айтып, же андан башка зикирлер аркылуу Аллах Тааланы эстеп зикир кылса, мына ошолордун баарынын сообун багыштаган болсо, маркумга анын сообу жетет. Бул жерде Куранды кыраат кылганды маркум учун эмес, тируу адам озу учун окуп, пайда болгон соопторду маркумдарга багыштоо темасында кеп журуп жатат. Шейхуль Исламдын бул маселедеги пикири айдан ачык билинип турат. Акыйкат кайсы тарапта болсо да, ошол акыйкатты карманууга далалаты белгилуу болгон бул аалымдын ыктыяры, маселедеги берген таржихи (туура деп табуусу) деп тушунсок болот.
Мына ушул эле китептин 323-бетинде мындай айтылат: "Суралды: Бир адам жетимиш мин мертебе тахлил (лаа илааха иллааллооху) деп айтып маркумга анын сообун багыштаса, маркум тозоктон кутулат деген хадис "сахих хадиспи" же кандай? Эгер бир адам жетимиш мин ирет "тахлил" айтып маркумга сообун багыштаса жетеби же жетпейби? Жооп берди: Эгер инсан жетимиш мин ирет, же андан коп, же андан аз "тахлил" айтып, анын сообун маркумга багыштаса, Аллах Таала анын сообунун пайдасын маркумга тийгизет. Ал эми бул маанидеги "сахих хадис" да, "сахих эмес хадис" да жок. Валлооху аьлам".
Тушундурмо: Бул маселе да бизде талаш болуп келе жаткан маселелерден. "Талил таш" же "Далил таш" деп да айтылат. Мындан уч-торт жыл илгери "талил таш" айтуунун бидьат эмес экендиги, суннот деп ишеним кылбастан туруп, жон гана айтып, сообун багыштаса боло тургандыгын ханафий аалымы Ибн Аабидин айткандыгын далилдеп фатва чыгарганым бар эле. Ошол эле биздин фатвабыздын маанисинин дал озун Шейхуль Ислам баяндап олтурат. Ал убакта Ибн Таймиянын ушундай фатвасы бар экендиги оюма келбептир. Ал эле эмес Ибн Таймия болбойт деп айтса керек деген пикирде болчумун. А бирок акыйкат, илим издеген адамдар учун жалгыз эле болот турбайбы?
Ал эми ушул эле китептин 299-бетинде мындай деп айтылат: " Суралды: Маркумга багыштоо учун "хатмы Куран" кылынат, ижаарага окуган каарылар да бар. Ушулардын окугандыгынын сообу маркумга жетеби? Же жетпейби?... . Жооп берди: Маркумдарга сообун багыштоо учун каарыларды ижаарага алган шариатта жок нерсе. Бир да аалым жакшы коргон эмес. Себеби, Аллах Таала учун гана окулган Курандын сообу тийет. Ал эми Аллахтын ыраазылыгы учун окуп бересин деп айтып, ижаарага каарыларды алып окуткан болсо - каарылар оздору маркум учун окуганын белек кылбаса – Аллах Таалага ибаадат кылгандыгына ижаарага алынгандыгы себептуу анын сообу жетпейт. А бирок Куран окуган адамга, маркумдун ээси маркум учун садака берсе, же каарыдан башка адамга деле берсе, бардык мусулмандардын пикиринде, ал сооптон маркум пайдаланат. Ошондой эле сооп умут кылып (ихтисаб ниетинде) Куран окуп, анын сообун маркумга багыштаса, маркумга пайдасы тиет. Валооху аьлам."
Тушундурмо: Бул маселе да чала молдолор арасында талаш туудуруп келет. Арак куюлган ботолконун капкагын жыттап мас болгондой эле, илим жазылган китептин мукабасын аран зорго окуп, ошону менен илимдуу болуп калгандай сезгендер ар нерсени бир айтып адамдардын башын оорутуп келет. Эч бир молдо мен билгенден, Куран окуганымдын акысы эле бергиле деп айтпайт. Убактысын кетирип келип, конул айткандыгы учун, эн улук зикир болгон Куран окуп сообун чын ыкластан маркумга багыштагандыгынын урматына ал адамга садака иретинде бир аз ырыскы ыроолошсо анын эмнеси жаман. Кыргызда сыйга сый, сыр аякка бал дейт эмеспи. Ал эми Куран окуганга ижаара акы деп алуунун арам экендиги баарыбызга маалым.
Ибн Таймиянын бул китеби Абдурахман бин Мухаммад бин Каасим аль Ьаасимий ан Наждий аль Ханбалий жана анын уулу Мухаммад тарабынан чогултулуп, тартипке салынып, басмага даярдалган. Эки Харам мечитинин кызматчысы Сауд Араб падышалыгынын королу Малик Фахд бин Абдульазиз Ааль Суьуудтун буйругу менен Эки Харам мечитинин башкы башкармалыгы тарабынан басылып, Ислам ааламына бекер вакф катары таркатылган 37 томдук эмгек. Каалоочулар китептин туп нускасын менден корсо болот.
Ушул эле Ибн Таймиянын эн жакын шакирти катары таанылган Ибнул Коййим бул маселеде озунун пикирин томондогудой билдирет: "Ал эми, чын ыкластан, ижаарасы жок, Куран окуп, анын сообун маркумдарга багыштоо туурасында айта турган болсок, ажылыктын, орозонун сообун багыштаганда жеткендей эле, мунун да сообу жетет. А бирок кээ бирлер айтуусу мумкун: Пайгамбарыбыз алайхис салам орозонун, ажылыктын, садаканын сообу жетээрлиги туурасында айткан. Ал эми Куран окуп сообун багыштаса жетет деп айткан эмес ко? Сообу жете турган болсо Пайгамбарыбыз алайхис салам айткан болоор эле? Ага жооп томонкудой берилет: Пайгамбарыбыз алайхис салам бул маселелерди озу баштап айткан эмес. Суроолорго жооп катары айтылган. Бироосу келип отуп кеткен маркумга ажылыктын сообун багыштаса болобу (?) деп сураган, ага уруксат берген. Экинчиси келип орозонун сообу жетеби (?) дегенде, ага да уруксат берген. Учунчусу келип садаканын сообу жетеби (?) деп сураганда, анын сообунун жетээрлигин баяндаган. Булардан башканы тыйган эмес. Ниет кылып эс нерсени жебей койгон орзонун сообу жетет да, зикир менен кыраат кылгандын сообу жетпей калабы? Айырмасы эмнеде? Маселенин ток этер жери, сыры – сооптор ошол сооптун пайда болусууна себепкер болгон амалды кылган адамдын менчиги. Кимге кааласа, сообун багыштайт, Кудай Таалам ал соопту жеткизет. Мына ушул берекелуу иштен Куран окугандын сообун эмне себептен чыгарып коюу керек болот? Эмне себептен мусулман бир тууганына сообун багыштаса жетпей калуу керек? Бул илгертеден эле аалымдар инкар (каршылык) корсотпой амал кылып келе жаткан нерсе эмеспи!" .
Бул маселе Шамсуддин Абу Абдулла Мухаммад бин Абу Бакр Аз Зурьий Димашкий, Ибну Коййим ал Жавзийя деген ат менен белгилуу болгон аалымдын "Руух" деген китебинин 345-бетинде айтылган. Китеп Юсуф Алий Бадавий тарабынан кызмат кылынып, жарыкка Ибн Касиир басмаканасынан 2002-жылы жарык коргон. Бешинчи басылышы. Китептин каалоочулар менден корсо болот.
Азыркы кунго чейин Сауд Аравиясында урук-тукуму диний бийликтин бучкагын чоюп келе жаткан, китептери колдон тушпостон окулган Шейхуль Ислам Мухаммад бин Абдулвахааб озунун "Ахкааму таманнийил маути" китебинин 75-бетинде мына бул эки риваятты келтирет:
Саьд Занжааний Абу Хурайрадан марфууь риваятта мындай дейт: "Ким мурзолорго кирип, ошол жерде Фатиха суроосун, Ыхлас суроосун, "Алхаакумут такаасур" суроосун окуса, андан сон "Оо Кудай Таалам, Сенин созундон окуган ушул аяттардын сообун ушул кабырда жаткан бардык мусулман эркектер менен мусулман аялдар учун багыштадым" деп айтса, мына ошол окулган аяттар Алах Тааланын алдында шапаатчы болушат".
Абдулазизз (Саахибул Халлааль) озунун санады менен Азирети Анастан марфуь риваятта мындай дейт: "Ким мурзолорго кирип, Ясиин суроосун окуса, Кудай Таалам ошол жерде жаткандарга женилдик берет, окуган адамга болсо ошол жерде жаткандардын санынча жакшылык соопторду жазат!"
Тушундурмо: Мухаммад бин Абдулваххаб адатта китептеринде аят-хадистерди келтируу менен гана чектелет. Мисали "Таухид" китебинде да ушундай эле корунуш кайталанат. Айтайын дегени келтирген риваяттар анын пикиринде далил келтиргенге жарагандыгы учун, жок эле дегенде "Хасан лигойрихи" даражасына жетип, амал кылууга жарактуу экендигине ишаарат берет. Эгер далил келтирууго жарабаса китебине келтирбес эле. Андан сырткары "фазааилил аьмаал" маселелеринде далил болууга ылайыктуу хадистер бул темада ого эле коп. Шейхуль Исламдын бул китеби Сауд Аравиянын азыркы таптагы эн чон аалымдары эсептелген Шейх Абдурахман бин Мухаммад Садхан менен Шейх Абдулла бин Абдурахман Жибриндер тарабынан кызмат корсотулуп, Мекке шаарындагы "Имдаадия" басма уйундо жарык коргон. Жогорудагы эки шейх тен Саудия уламалар кенешинин мучолору болушкан. Китепти каалоочулар менден корушсо болот.
Ханафий аалымы Шейхуль Ислам Бурхаануддин Маргиинааний "Хидааясында, " Шейх Шамсуддин Абул Аббаас Саружий Ханафийдин "Нафахаатус насамаат.." китебинде, Бадруддин Айний Ханафийдин "Шархул Канзында" , Хаатиматул мухаккикиин Ибн Аабидин Ханафийдин "Раддул мухтаарында" , "Фатаава хиндия" аттуу ханафийлердин сыймыгы болгон улкон фатва китепте, Мулла Алий Каары Ханафийдин "Лубабка" берген шархында шексиз-кумонсуз, тируулор тарабынан аткарылып, сооптору маркумдарга жиберилсе жетет деп айтып, алардын катарына Куран окуп анын сообун багыштаганды кошушкан.
Мааликий аалымы Ибн Рушд, Ибну Хилал Мааликий "Наваазилинде" , Имам Караафий Мааликий, Шейх Ибнул Хааж Мааликий "Мадхалында" , Шейх Абу Хайд Фаасий Мааликий, Аллаама Абдулхак Ашбиилий Мааликий "Аакиба" китебинде "Окулуп, сообу багышталган Курани Каримден маркумдар пайдаланат" деп айтып кетишкен.
Шаафеьий аалымы Аллаама Шарбииний "Сираажул мунииринде" , Ибну Солаах Мааликий, Шейх Абуль Маьаалий Алий бин Аби Суьудд Сувейдий Мааликий "Акдус самиин" китебинде "Кырааттан жана башкадан пайда болгон менчигиндеги соопторунан маркумдарга белеке берген болсо, бул башка бироо учун садака бергенге тете..." деп айтышкан.
Ханбалий аалымы Ибн Таймиянын, анын шакиртинин создорун жогоруда келтирдик. Белгилуу Ханбалий эмгек "Умданын шархы Уддада" Курандын сообу жетээрлиги туурасында "Ижмааь" бар экендигин баса белгиленген. Ханбалий аалымы Имам Абдулла бин Мухаммад бин Хумейд атайын ушул теманы камтыган "Хукмул кираа,ати лил амваат. Хал ясилу саваабухаа илейхим" деген китепчени жазып калтырып, маркумдарга Куран окуп сообун багыштагандын пазилеттуулугун зерикпей баяндап чыккан. Шейх акыркы кылымда Сауд Арависынын эн жогорку каазылык кызматын аркалаган (жогорку сот). Уулу Шейх Саалих бин Хумейд азыр да Харам мечитинин имамы. Мен Меккеде окуп жургон мезгилде бул адам Сауд Аравиянын парламентинин торагасы болуп турган учурунда мага компьютер белекке берген. Компьютер азыр да уйумдо сакталуу турат. Бул кишинин уулу Шейх Мухаммад Умм ал Куро университетинин окутуучусу. Илимий байланыштарыбыз болгон. Ал эми китеп болсо, белгилуу ханафий аалымы Абдулхафиз Малик Абдулхак Маккий тарабынан кызмат кылынып жарык коргон. Каалоочулар менден корсо болот.
Мына ушул эле китептин акырында далил катары он бир хадисти келтирет, толук "тахриижи" менен. Гезит бети чектелуу болгондуктан алардын баарын келтируу кыйынга тураарын баарыбыз билебиз. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт демекчи далил болбосо бул аалымдар бекер жеринен суйлобойт. Андан сырткары да бир нече китептер ушул теманын озун кенен кесири чагылдырып берген. Каалоочулар издеп таап окуса болот.
Акырында айтаарым. Урматтуу мусулман бир тууганым. Сен экообузду бир кыбыла, бир Куран, бир Пайгамбар, бир Шариат бириктирип турат. Олсок мазарыбыз бир, тируу болсок базарыбыз бир. Эмне учун фыкыхый-фарьий маселедеги болоор-болбос талаш маселени эл арасына алып чыгуу керек болот? Талаш маселени болоор-болбос дегеним, чындыгында эле мына ошондой болоор-болбос. Маани бере турганчалык олуттуу деле талаш эмес. Анын устуно коптогон сахаабалар алар комулгон учурда Куран окуп туруууну осуят кылып калтыргандыгын баарыбыз билебиз. Мисалы Абдулла бин Умар – белгилуу сахааба – жерге берилген убакта Бакара суроосунун башы менен этегин окуп турууну осуят кылгандыгын Ибн Таймия фатаавасында (24\317)зикир кылат. Андыктан эл арасында, журт ичинде фитна чыгарууга эч кандай орун жок. Кала берсе момундардын арасында фитна-жанжал чыгаруу адам олтургондон да чонураак куноо экендиги Куранда ачык айтылат эмеспи. Бакара суроосунун 191-аятында "Фитна –адам олтургондон да жаманыраак! ".
Сени урматтап, Кудай Тааламдан оомат, ийгилик тилеп изги каалоолорум менен бир тууганын
Чубак ажы.
Билдирүүнү түзөткөн: guard: 10 Январь 2014 - 01:53
#579 10 Январь 2014 - 02:38
Shekerbek (08 Январь 2014 - 17:35) жазган:
Egerde banktyn ozunun tovary bolup any rasroshkaga berse riba bolboit, al emi tofar bashka firmanyky bolup, klient al firmadan tovar tandagandan kiyin bank al firmaga akchasyn nalichka berip tovardy alganga ozunun ustogun koshup rasroshkaga berse riba bolot.
#580 12 Январь 2014 - 04:57
Билдирүүнү түзөткөн: ular89: 12 Январь 2014 - 05:03