Теманын аты айтып тургандай эле, ар бир форумчу оюнан чыгарып улап кете беребиз. (Жомок айтышабыз деген темадагыдай).
P.S. Мындай тема көрбөдүм, бар болсо жогорку класстагылар кечирип, жылдырып коёт деген ойдомун) Сериал бар экен, бирок форумчулар аткарып ойношот экен, бул жерде андай эмес(!) Анда сериалыбыздын башы:
Аяна менен Бекзат кичинесинен бирге өсүшкөн, бир мектепке барышкан, эми минтип бир университетте окушат. Аяна биринчи курста окуйт, а Бекзат 3тө. Экөө тең ашкан сулуу, элдин алдындагы жаштар. Экөө тең байдын балдары. Булардын кыз-жигит болуусуна экөөнүн тең ата-энеси каршы, себеби алар бизнестеги душмандар.
Ошентип Алия окууга жаңы эле өтүп, дос күтүп жүргөн кезде, группасында бирге окуган кара каштуу, сымбаттуу бала м.н көздөрү чагыла түштү, бири-бирине жылуу мамиледе. [/b]
Мына ошентип сүйүү үч бурчтугу башталды. Алия кимдин колун кармап, кимди тандайт? Жаштайынан бирге чоңоюп, ага-карындаштай болуп калган Бекзаттыбы же группасындагы кара каштуунубу? Суроолорго жоопту кийинки форумчулардан аласыңар))

Супер-Инфо
super.kg
видео














